Россиянын кирген-чыккан товарларды көзөмөлдөп туруучу “Россельхознадзор” деген органы 9-апрелде Кыргызстандын “Тойбосс” компаниясы экспорттогон колбасалардын курамында чочко эти, соя бар деп жарыялады. Аны компаниядагылар адал азык-түлүк катары Россияга орозого байланышкан иш-чараларда көбүрөөк сатылабы деген үмүттө экспорттошкон. ЕврАзЭс боюнча шериктештин андай кылганы, элестүү айтканда, “Тойбоссту”, белгилүү деңгээлде Кыргызстанды да киндиктен ылдый тепкендей эле болду. Анткени, аны уккан мусулмандардын бири да эми “Тойбосстун” азык-түлүктөрүн албайт, компаниянын аброй-имиджине аябагандай чоң доо кетти, каржылык жактан да зыян тартты.
Эгерде чындап эле “Тойбосстун” колбасаларынан шектүү элементтер табылса, аны дароо бүткүл дүйнөгө жарыялап жибербестен конфиденциалдуу эскертип, чек арадан кайрып жиберишсе деле болмок. Бирок, Россиялык өнөктөштөрүбүз антишпеди, адегенде эле өчтөрү бардай компаниянын имиджине ачык сокку урушту. Андан улам “Россельходнадзор” Россиянын ичиндеги айрым өндүрүшчүлөргө атаандаштык жаратпашы үчүн “Тойбоссту” бутка тебишти окшойт деген ойлор жаралды.
Ачыгын айтканда, Кыргызстандагы колбаса чыгарган компаниялардын “адал” деген продукцияларына чочко этин кошуулары мүмкүн эмес. Антишсе, биринчиден, өз продукцияларын сырттагыларга түгүл, ичтегилерге да сата албай калышат. Биз исламдын таасири аябагандай күчтүү аймактабыз. Экинчиден, чочко бизде массалык түрдө багылбайт, анын эти бизде койдун, уйдун, жылкынын этинен кыйла кымбат. Уйдун этинен жасалган колбасаларга чочко этин кошуу жөн эле экономикалык жактан пайдасыз. Товардын баасын кымбаттатып жиберет. Мындай шартта кандай башынан айныган колбаса жасагыч чочко этин кошот?
Ага караганда “Тойбосстогулар” Россиянын кеңирсиген базарларына чыгуу үчүн чочко эттеринен деп атайын колбасаларды жасашып, аларына эт таба албай калышканда уйдун, топоздун эттеринен кошуп жиберүүлөрү мүмкүн. Бирок, андай азыктардын “Адал” деген бренд менен чыгарылган продукцияларга эч кандай тиешеси жок. Ал эми ”Россельхознадзордогулар” “Тойбосс” “адал” деген бренд менен экспорттогондордон чочко эти, соя табылды деп жатпайбы!
“Тойбосстун” жетекчилери аны моюндарына алышпады, танышты. Жогоруда айтылгандарга таянып биз да аларга кошулабыз. Нормалдуу бир да адам кымбатты арзанга кошуп, аны арзандай көрсөткүсү келбейт. “Тойбоссто” иштегендер азырынча нормалдуу эле иштеп жүрүшөт.
Андан мурдараакта Кыргызстандан экспорттолгон бир нече фура балыктарды кайтарып, алардын сырткы көрүнүштөрү талапка жооп бербейт дешкен. Россиянын саздарындагы көлмөлөргө салыштырганда экологиялык жактан бир нече эсе таза агын сууларда өстүрүлгөн Кыргызстандын балыктарынан кынтык табуу таң калтырарлык көрүнүш. Азыр өзөн суулардын, каналдардын бойлорунда жашагандар балык өстүрүүнү кеңири колдонушууда. Көпчүлүгү жылына 5–6 центнерден 2–3 тоннага чейин өндүрүп, жергиликтүү базарларга эле чыгарышса, сырт жактарга ондогон, жүздөгөн тонналарды экспорттоочулар да болууда. Бизде балыктардын экологиялык жактан таза, базарларда жакшы кабылданган түрлөрүн өстүрүп, сырт жактарга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң. Андай демилгелерди мамлекет ар тараптан колдоосу гана зарыл. Тынч океандан, АКШдан келген килкаларга салыштырганда тоо суусуна өстүрүлгөн форелдер, чабактар жүз эсе пайдалуу. Бирок, мындай аракеттерибиз өздөрүн “балык державасы” катары эсептегендерге жакпай жатат.
Россиянын жетекчилеринин кучунаштары кармаганда, өнөктөштөрү экспорттогон азык-түлүктөргө асыла баштамай адаттары бар. Грузия менен кагылышканда, алардын мандариндери сапатсыз деп табылган. Молдавандар моюн толгосо, винолорун өткөрбөй коюшат. Түркия менен тиреше түшкөндө помидорлору менен бадыраңдарын импорттоону токтоткон. Белоруссиянын жетекчилиги кыйшалаңдаса, алардын сүт, каймак, сырларынан сөзсүз бир нерсе табылат. Бирок, Кыргызстандын жетекчилиги Россиянын жетекчилеринин кучунаштарын карматкыдай эч нерсе деле жасай элек. Же булар ооруну болтурганга жол бербөө дегендей, Кыргызстан өтө эле өзүн эркин сезип кетпеши үчүн тымызын эскерткен профилактикалык эле чараларбы?
Эмнеси болсо да “мындай тууганым турганда, душмандын деле кереги жок” дегендей, “мындай шериктеш турганда…” дегендей абалга жетпесек болду.
Тынчтыкбек Бешкемпиров