Борбордук азиядагы суу таңсыктыгын – тамчылатып сугарууну киргизүү гана чечет

Борбордук азиядагы суу таңсыктыгын – тамчылатып сугарууну киргизүү гана чечет

Жакында Өзбекстандын калкы 36 миллиондон ашты. Жакынкы жылдардын ичинде Казакстандын калкынын саны 22 миллионго жетет, Тажикстандын калкы 15 миллионго, Кыргызстан менен Түркмөнстандыкы 10 миллионго жакындайт. Ал эми калган республикаларды таза суу менен камсыз кылуучу Кыргызстандагы, Тажикстандагы мөңгүлөрдүн аянттары жылдан жылга азаюуда же өткөн кылымдын 60–70-жылдарына салыштырганда 30–35 пайызга азайды. Анткени, дүйнө жүзүндөгү орточо климат акырындап жогорулап, Борбордук Азия гана эмес, жалпы планета ысып баратат. Акыркы чейрек кылымда жайдын ысык болуусу тез-тез кайталана баштады. Абсолюттук рекорд өткөн жылы болду.

Мындай шартта Ооганстандын талибандардан түзүлгөн өкмөтүнүн Аму дарыясынын суусунун жарымын алуу үчүн өзүнчө чоң дарыядай болгон Кош-Тепе каналын тездетилген шартта куруп жатканы Борбордук Азия республикаларын, биринчи кезекте Өзбекстанды, Түркмөнстанды, Казакстанды тынчсыздандыра баштады. Ошондуктан єзбек бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычын єтє тездик менен алууга жандалбастык менен аракет кылышты. Анткени, аталган канал курулуп бүтсө, ал жакка көлөмү секундуна 650 кубометрлик суу бурулуп кетет. Салыштыруу үчүн айтсак, Нарын дарыясынын орточо агымынын көлөмү секундуна 760 кубометр. Мөңгүлөр тегиз эрий баштаганда секундуна 2800 кубометрге чейин чыкса, кышында 450 кубометрге чейин төмөндөп кетет. Анда жогоруда аталган республикалардын элинин, айыл чарбасынын абалы кандай болот?

Ачыгын айтсак, аябагандай эле оор болот. Андай абалды биротоло жакшыртууга мүмкүн эмес, бирок жеңилдетсе болобу? Эгерде жогоруда аталган республикалар айыл чарбаларын реструктуризациялап, сууну эң үнөмдүү пайдалануучу технологияларды киргизишсе, суунун таңсыктыгы болбой деле калышы мүмкүн.

Азыр Өзбекстандын каналдарындагы, арыктарындагы суулардын 20–25, Түркмөнстан бургандардын жарымы талаалардагы өсүмдүктөргө жетпестен кыртышка, кумга сиңип эле жок болууда. Бир мисал. Суу эң көп бурулган Кара-Кум каналы, аты айтып тургандай, ал кумдуу талааларды аралап өтөт. Көпчүлүк бөлүгүнүн түбү бетондолбогондуктан, бетондолгон жерлери эскирип, жыртылып, тешилип бүткөндүктөн каналдын айланаларынын көп жерлери бир нече чакырымдарга созулган шор саздарга айланып, туздуу көлдөр да пайда болгон. Арыктарды айтпай эле коёлу, Өзбекстандын Чоң Фергана, Чоң Наманган каналдарынын түптөрү, капталдары да бетондолгон эмес. Эгерде араб өлкөлөрүндөгүдөй тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилсе, Өзбекстан менен Казакстанда айыл чарбасына сууну керектөө автоматтык түрдө 20–30, Түркмөнстанда 40–50 пайызга азаймак. Бул биринчиси.

Экинчиси, Өзбекстанда пахта аянттары азайтылган менен шалы аянттары эселеп көбөйтүлүүдө. Ал эми шалы пахтага салыштырганда сууну 100 эсе көп талап кылат. Эгерде чындап суу таңсыктыгы опурталдуу чекке жакындай берсе, аталган республикалар айыл чарба тармактарын реструктуризациялап, сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдү эгүүнү азайтууга аргасыз болушат.

Борбордук Азияда Тажикстан менен Кыргызстан суу ресурстарына бай. Токтогул суу сактагычы баш болгон башка чакан суу сактагычтар сугат мезгилинде төмөндө жайгашкан республикаларды суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн курулган. Биз Токтогул суу сактагычына топтолгондордун 10 пайыздайын, калгандарынын 15–20 пайыздайын гана пайдаланабыз. Ал эми Ала-Букадагы суу сактагычка топтолгондор Кыргызстандын айыл чарбасына пайдаланылбайт деле, баары Өзбекстанга кетет. Ошондуктан ири аянттардагы өз жерлерибизди сууга бастырып, айдоолорубуздан айрылып, ич ара байланышты да татаалдатканы үчүн алардагы суулардын көбүн пайдалангандардан компенсация талап кылганга акыбыз бар.

Электр энергиялары ички керектөөдөн ашыкча өндүрүлгөн мезгилде Өзбекстан менен Казакстан өздөрүндө жетиштүү болсо да Кыргызстан жайында өндүргөн электр энергияларын сатып алып, ошону менен компенсациялашчу. Азыр эч кандай компенсация төлөшпөйт, жайында биздин кызыкчылыктарга ылайык келбегендигине карабастан топтолгон сууларды мүмкүн болушунча көбүрөөк коё берүүнү гана талап кылышат.

Эл аралык нормаларга ылайык, эгерде атайын келишимдерде башкача каралбаса, ар кандай мамлекет өз аймагынан өткөн суунун 40 пайыздан 60 пайызга чейинки көлөмдөгүсүн өзү каалагандай пайдаланганга укуктуу. Андан ашыкча алганга эл аралык укук-ченемдик актылар жол бербейт. Бул өңүттөн алганда, Ооганстандын Кош-Тепе каналы укуктук жактан корголот, суунун башында тургандардын анын жарымын алганга толук укуктары бар. Ал эми биз кошуналарыбызга дарыя-өзөндөрдөгүлөр түгүл, топтогон сууларыбыздын да дээрлик баардыгын берип, альтруисттик, чыныгы боордоштук иштерди жасоодобуз. Кошуналарыбыздын айрымдары аны баалагандын ордуна биз ага милдеткердей эсептеп алышканы да чындык. Үнөмдүү технологияларды киргизүү менен бирге жарык кылуу, жылытуунун көбү күн, шамал энергиясына өткөрүлүп, суу агымдарын жөнгө сала турган (кышында топтоп, жайында коё берип) сыйымдуулугу чоң ГЭСтер көбөйсө да таңсыктык азаят. Өзбекстан ушул жол менен баратат.

Эгерде мурдагы Союзда Л. Брежневдин мезгилинде көтөрүлүп, М. Горбачевдун убагында жабылган Сибирдин сууларынын бир бөлүгүн Казакстан аркылуу казылган канал менен Арал деңизине кошсо, Казакстанда суу маселеси толук чечилмек. Айыл чарбасы дүркүрөп өнүкмөк. Арал да сакталып калмак. Бирок, улутчулдар Түндүк муз океанына кетип, жаз мезгилинде айыл кыштактарын каптап өздөрүн жүдөткөн суу ресурстарынын бир бөлүгүн да кызганышып, ал долбоорду үзгүлтүккө учуратышкан. Анын дүйнөлүк мааниси бар пайдалуу долбоор болгонун Москванын мурдагы мэри Ю. Лужков бир нече жолу кайталаган. Бул маселени Борбордук Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте кайра көтөрүшсө болот. Эгерде ал да колдоо таппаса, анда Арал деңизи мурдагы Союздун суу чарба министри Пулат-Заде айткандай, жакынкы жылдарда “кооз көз жумганы” турат.

Ошентип, Борбордук Азияда суу маселеси оор, бирок азырынча көзөмөлдөн чыга элек. Эгерде аймактагы баардык өлкөлөр биргеликте аракеттенишсе, чыкпайт деп ишенсек болот.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share