Кино – бул өзүнчө “кыйноо” дегендей эле, чын эле кино тартуунун өзүнүн азабы бар экенин киночунун жубайы болуп көп түшүнүп калдым. Бакыт көзү өткөнчө кино жаатында жүрдү да. Жогоруда “Бороондуу бекет” фильми жөнүндө сөз болуп калгандыктан ошол тууралуу айтып берүүнү чечтим. 1990–91-жылдары союз тарап ар бир республика өз-өзүнчө кетпедиби. Экономикабыз төмөн түшүп, завод-фабрикалар, көзгө көрүнгөн өнөр жайларыбыз эбин тапкан бир ууч чоңдорубуздун колуна түштү. Бийик тоодон “күп” этип эле олчойгон таш кулап басып калгандай эле болдук. Элибиз нанга жете албай калган күндөр да кездешип жатса, каяктагы маданият, каяктагы кино тартуу, бүт эле ыдырап кетти.
Кинодо иштегендердин бир топтору жашоонун айынан башка кесипке өтүп, үй-бүлөнү баккандын камын көрө башташты. Буюрганын көрөбүз деп Бакыт “кино” деп көгөрүп жүрдү. Кандайдыр бир жолдорду издеп демөөрчүлөрдү таап Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” (башында муну Геннадий Базаров тарткан болчу) кайталанып калбасын үчүн Бакыттын тарткан вариантында башкача жолдор, ойлор киргизилди. Удаа эле ошол жылдарда “Бетме-бет” фильми өз ордун таап, жогорку ийгиликке ээ болду. Көп убакыт өтпөй эле Чыңгыз Айтматовдун “Бороондуу бекет” (“Кылымга тете бир күн”) романы боюнча фильм тартам деп оолуга баштады. Анда мен чочулап: – Бакыт, бул өтө оор чыгарма. Өзүнчө чоң классика, философияны тартыш өтө кыйын жана жооптуу – десем, “Ооба, туура айтасың. Бирок, сценарий даяр. Чыңгыз Төрөкуловичке айтсам “Демөөрчү таба аласыңбы? Азыр заман минтип кыйын болуп турса, кантээр экенсиң? Тартам деп калыптырсың, баатыр. Өз күчүңдү сынап көр” деп уруксат бериптир (Таякем Бакытты “баатыр” деп эркелетип айтчу). Көрсө сценарийин энемдин бир тууган иниси кинорежиссер Марат Саруулу жогорку деңгээлде жазыптыр. Мен ушул эскерүүнү жазып жатканда 9-мартта кайним Марат бул дүйнөдөн өтүп кетти, ыйманы саламат болсун, ал өзүнчө тема, айла жок.
Адегенде Казакстандык “Катарсис” кинокомпаниясы каржылап баштаган. Фильм тартылып ортолоп калган мезгилде бул компания да кризиске учурап каржылай албай токтоп калды. Анда мен чыркырап: – Бакыт, айтпадым беле, эми кантебиз? Чыңгыз таекемдин астында уят болобуз го. Кое турсаң болмок, – дедим. Өзү да ары-бери басып сар-санаага түштү. Улам башын мыкчып коет. Аны көрүп боорум ооруйт. Арал деңизи, Сары-Өзөк тараптан тартылып жаткан, үч баласын алып кетип алар да фильмде роль ойноп жатышкан. Кышында аралдын катуу суугунда титиреп жүрүштү. Бирок, Бакыт чөккөн жок, далбастап баштап алган ишин аягына чыгайын деп демөөрчү издеп жүрдү. Кудайдын да боору оорудубу ошол жылдары бизнесмен Садыр Курманкожоев жездебизге жолугуп, жагдайыбызды түшүндүрүп айтса: – Кой Бакыт кейибе, ааламга атагы чыккан агабыздын чыгармасы боюнча фильм баштап коюптурсуң. Башында эле мени менен кеңешсең болмок. Ишти уят болбой аягына чыгалы, – деп демөөрчү болуп берди.
Бакыт жок болсо да, ушул гезит аркылуу Садыр Курманкожоев жездебизге дагы бир жолу миң мертебе рахмат айтам.
Фильмди толук тартып бүтүрүшүп, техникалык, үн жаздыруу, музыка, монтаждоо сыяктуу толгон токой иштерди жасап жатышкан мезгилде Чыңгыз таекем чет мамлекеттен отпуска алып келип калыптыр. Аны угушуп киностудияга алып барышып “черновый варинатын” көрсөтүшүптүр. Ал киши көрүп: — Мунун баарын орду-ордуна коюп бүтүрсөңөр, жакшы фильм болоруна көзүм жетип турат, – деп толкунданыптыр. Ошол толкундануу менен Опера балет театрында өтүп жаткан чоң жыйынга катышып, сөз келгенде: “Мен азыр бир жактан толкундануу менен келе жатам. Менин “Кылым карытар бир күн” чыгармамдын негизинде кинорежиссер Бакыт Карагулов “Бороондуу бекет” фильмин тартып бүтүптүр. Мага карап коюңузчу деп “черновый варинатын” көрсөтүшүп, пикириңизди айтыңызчы дешти. Мен эч кандай сын-пикир айтпадым. Буюрса, фильм жакшы болчудай. Экранды карап отурсам, Казангап өлгөндө “Менин Каранарым” лөкүлдөп, бууракандап өкүрүп келе жатат” — дегенде залдагылар ордуларынан турушуп дүркүрөтө кол чабышкан экен. Чынында эле, дүркүрөтө кол чапканга татыктуу фильм чыкты. Таекем Бакытка: — Бакыт, бул фильмди жакшы тартсаң, чет мамлекеттердеги өтүүчү чоң-чоң фестивалдарга катышасың, – деп айтканы туура келди. 1995-жылы Берлинде Эл аралык 46-кино фестивалда “Бороондуу бекет” (“Буранный полустанок”) фильми “Берлиндин алтын камерасы” (“Золотая камера Берлинаре”) сыйлыгын жеңип алды.
Ошондогу президентибиз Аскар Акаевдин куттуктоосун окурмандарга тааныштыра кетейин.
“Бороондуу бекет” фильминин түзүүчүлөрүнө:
“Берлинде өткөн Эл аралык 46-кинофестивалда “Берлинаре алтын камерасы” сыйлыгы кыргыздын “Бороондуу бекет” фильмине ыйгарылгандыгын зор канааттануу менен билдим. Бул фильмдин түзүүчүлөрү Кыргызстандын эл жазуучусу Ч. Айтматовду, коюу режиссер Б. Карагуловду кинодраматург М. Сарулуну продюсер С. Курманкожоевди жана бүткүл коллективди эң сонун жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Б. Бертолучи, Н. Пазолини, Н. Сабо жана башка көрүнүктүү чеберлер татыган байгенин сиздерге ыйгарылышы биздин маданиятыбыз үчүн өзгөчө анын жаңы шарттарга көнүүнүн кыйын кезеңин баштан кечирип жаткан этабында, эбегейсиз зор мааниге ээ болот. Бул биздин элибиздин жаратмандык күчүнүн жана рухий дараметинин үзүлбөстүгүнүн жана түгөнбөстүгүнүн далили болуп эсептелинет. Кыргыз киноматография чеберлеринин биринчи мууну жараткан даңктын күмүш коңгуроосу эл аралык жаңы жаңы таануу менен жаңырды.
Биздин өлкөбүздү жана анын таланттуу элин даңазалоого жөндөмдүү — биздин маданиятыбыз жөнүндөгү ак пейил камкордук же демөөрчүлүк деген жаңы көрүнүш да ыраазычылыкка татыйт.
Биздин мекендештерибиздин мындан аркы ийгиликтерине ишенем!”
Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев
Бакыт, сенин толгон-токой тарткан фильмдериңдин туу чокусунда биз сөз кылган “Бороондуу бекет” фильмиң турат. Ал классикага айланып, кыргыз киносунун алтын фондусуна сакталып калды. Сенин элиңе, кыргыз искусствосуна кылган эмгегиң эч качан унутулбайт деп ойлойм.
Жубайың, Гүлжамал Карагулова