Транспорт министрлиги Кыргызстандын карызын кантип көбөйтүүдө?

Транспорт министрлиги Кыргызстандын карызын кантип көбөйтүүдө?

Айрым эларалык каржылык институттардын, донор фондулардын Кыргызстанга кредит, грант бергенде “консультациялык кызматтар үчүн” деген шылтоолор менен бергендеринин бир бөлүгүн кайра алып коюшары мурдатан келаткан практика. Депутат Адахан Мадумаров жакында парламентте ошондой көрүнүштүн бири жөнүндө маселе көтөрдү. Маселенин чоо-жайы төмөндөгүдөй.

Бир нече жылдардан бери ирети менен ишке ашырылып келаткан Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 104 чакырымынан 197 чакырымына чейинки участкасын реабилитациялоого ОПЕКтин эларалык өнүгүү Фонду жеңилдетилген мөөнөттөн кийинки 1,25 пайыздык үстөк менен 15 миллион доллар, Сауд Арабиясынын фонду Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 1,5 пайыздык үстөк менен 30 миллион доллар бөлүптүр. Андан мурда парламент 50 миллион долларлык макулдашууну жактырган экен. Мына ошол бөлүнгөндөрдүн 15 миллион 700 миң доллары консультациялык иштер жана сметага киргизилбеген чыгымдар үчүн каралыптыр.

Тилекке каршы, парламенттеги талкууда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев да, Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү Тилек Эсенбеков да кеңешчилер кай жактардан келерин, алардын саны канча экенин айта алышпады. Алар, албетте, ал маалыматтарды негизинен билишет, бир аял: “баары эле мага акыл айтышат, өлүгүңдү көрөйүндөр, мен биринчи жолу эрге тийгени жаткансып” деп айткандай, алар андай кредиттерди биринчи жолу көрүп жатышкан жок, бирок биринчиден, Адахан Мадумаровдун андан бетер ачуусун келтирбес үчүн, экинчиден, ал маалыматтарды айтып жиберишсе, “кеңешчилерге” жаман көрүнүшүп, колуштукка бериле тургандардан куру калышарын ойлоп, билмексен болуп коюшту окшойт. Бирок, мында рационалдуу акыл-эске, логикага ылайык келбеген, тынчсыздандырарлык нерселер бар экени чындык.

Биздин байкообузда, окугандарыбызга, билгендерибизге ылайык, эларалык каржылык институттар, фондулар, уюмдар ж. б.өздөрүнө керектүү кадрларды, чындап баалагандарын эч качан сырт жактарга жөнөтүшпөйт, чыгарышпайт. Кандай жетекчи керектүү кызматкерин алыска жиберсин. Билишибизче, алар өздөрү баалабагандарды, негизинен кутула албай жүргөндөрүн “эми ушундан каалаганыңча алып, анан андан ары кете берсең каршы болбойт элек” деген ишарат менен жөнөтүшөт. Же сиздер Арабиянын кумдуу түздөрүндө кар түгүл жаан көрбөй чоңоюп өскөндөр же Европадан келгендер ак кар көк муздуу тоолордун арасына кантип жол салууну Кыргызстандын же Тажикстандын адистеринен жакшы билет деп ойлойсуздарбы? Албетте, жок. Алар бул жерге келип, кагаздарды, жолдорду карамыш болушуп, анан сауналарга барып, алдын ала каралбаган чыгымдарга каралгандардан министрликтегилердин тийиштүүлөрүнө ыроолоп коюшса, алар донорлорго: “кеңешчи кылып жибергендериңердин баштары алтын экен. Булар тыйтайган көздөрүбүздү тим эле паровоздун фарындай кылып ачып ташташты. Биз буга чейин жол курууну деле билбеген экенбиз, ушулардан үйрөндүк. Мындай кеңешчилерден дагы көбүрөөк жибергиле” деп жазып жиберишет. Ошентип кашык да май, чөмүч да май, келгендер да ыраазы, аларды көргөндөрдүн кубанычтарын жеткире айтканга да мүмкүн эмес, бул жакта туруп алып алар үчүн биз деле кубана берейли десек, “Кыргызстан деген бечаранын мойнуна өзүнөн өзү эле 1 миллиард сомдон ашык каражат карызга илинип калып жатпайбы. Ал сумма быйыл күздө пенсияларга кошулганы жаткан 8 пайыздын жалпы суммасынан да көптүк кылат. Аны транспорт министрлигиндегилер эмес, жалпы эл төлөйт.

Кредиттерди алууда консультациялык, техникалык кеңеш дегендерден баш тартуунун зарылдыгы Аскар Акаевдин убагында эле көтөрүлгөн. Андайлардын практикалык эч кандай пайдасы жогун бир ирет ал өзү айткан. Бирок, ал токтомок, азаймак түгүл көбөйүп баратканын транспорт жана коммуникация министрлигиндер далилдешүүдө. Анткени, “кеңешчилердин” болушуна кызыкдарлар же ала карганы өз аты менен атаганда коррупциялык механизмдердин сакталуусун каалагандар министрликтерде, ведомстволордо, Өкмөттө дагы деле жетишерлик болуп жатпайбы.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share