Эларалык каржы мамилелеринде долларга атаандаш валюта киргизилеби?

Эларалык каржы мамилелеринде долларга атаандаш валюта киргизилеби?

Доллардын эл аралык эсеп-кысап жүргүзүүнүн негизги бирдигине айлангандыгына 80 жылга жакын убакыт болду. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин планетадагы эң чоң экономика АКШныкы болгонуна байланыштуу 1944-жылы эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн валютасы катары доллар тандалып алынган. Ал мезгилден бери дүйнөлүк экономикадагы катыш кескин өзгөрдү.

Ал убакта АКШнын ички дүң жыйымы дүйнөлүк экономиканын жарымын түзсө, азыр бештен бир бөлүгүн түзөт. АКШнын дүйнөлүк экономикадагы үлүшү акырындап дагы азая берет, анткени Кытай, Индия, Бразилия, Мексика сыяктуу гиганттар жаралды. Жакында Кытайдын экономикасы жалпы көлөмү жагынан АКШны басып өтөт, анын артында кезекте Индия турат. 1940-жылдарда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн 90 пайызга жакыны үчүнчү дүйнөдөгүлөр катары эсептелишсе, азыр алардын басымдуу көпчүлүгү эбак динамикалуу өнүгүү жолуна түшүшкөн. Алардын арасынан экономикасынын өсүү темпи жагынан АКШдан эселеп алдыда бараткандары да аз эмес.

Дүйнөлүк экономикадагы катыш өзгөргөндөн кийин анын негизги валютасы да өзгөрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андай аракеттер өткөн кылымдын 60-жылдарынан эле болуп келатат. Алсак, Франциянын ошол убактагы президенти генерал Шарль де Голль экономикасын долларлаштырууга жол бербөө үчүн 1960-жылдардын ортосунда өлкөсүндөгү нак долларлардын баарын жыйнатып, 730 миллиарддан ашык кагаз долларды эки кемеге жүктөтүп АКШга жеткиртип, аларды алтынга алмаштырып салган. Ага чейин АКШнын Борбордук (Резервдик) банкы доллар кайсыл убакта болбосун эквиваленттүү алтын менен бекемделет, каалагандарга долларды АКШ кайсыл убакта болбосун алтынга алмаштырып берет деген принципти карманса, андан кийин ал долларга алтындык кепилдикти алып таштаган.

Генерал Шарль де Голль Европадагы өлкөсүн долларсыз жашоого өткөрүүгө аракеттенген биринчи жана акыркы жетекчи болгон. Андан көп өтпөй АКШнын атайын кызматтары Францияда кутумдуктарды уюштурушуп, массалык нааразылык демонстрацияларынан улам ал отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

1990-жылдардын аягында Ирактын президенти Саддам Хусейн доллардан баш тартып, нефтисин динарга сата баштады эле анын жыйынтыгын да көрдүк.

Чынын айтканда, АКШ азыр дүйнөдөгү мыйзамдаштырылган түрдө жасалма акчаларды чыгарып, аларды дүйнөгө таркатуучу жападан жалгыз өлкө болуп саналат. Анткени, азыр доллардын АКШнын экономикасына да, алтындык резервине да эч кандай байланышы да, тиешеси да жок. Анын экономикасы 22 триллион доллардын тегерегинде болсо, дүйнөдө айланууда жүргөн долларлардын жалпы көлөмү жүздөгөн триллиондорду түзүшү мүмкүн. Башка өлкөлөрдүн экономикасы менен валютасынын ортосунда мындай абал түзүлсө, ошол замат гипер инфляция башталып, экономикасы кыйрамак. Ал эми доллардын курсу, АКШ туш тарапка миллиарддарды чачкандыгына карабастан (маселен, АКШ Ооганстанга 100 миллиард доллардай каражат жумшады, Украинага бергендери да ага жакындап баратат, ички карыздары эле 30 триллион доллардан ашык ж. б.) салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Эмне үчүн?

Экономикалык-каржылык баланс төмөндөгүдөй шарттарда түзүлөт. Орточо алганда ички дүң жыйымдын үчтөн бири — ​бюджет болот. Классикалык вариант боюнча, элдин колундагы айлануудагы акча бюджеттин үчтөн биринин тегерегинде гана болушу керек. Андан ашса инфляцияга жол ачылат. Нормалдуу экономиканын шарттары ушундай. АКШнын экономикасы нормалдуу болгон менен дүйнөдөгү эң башкы акча басып чыгаруучу болгондугуна байланыштуу каржылык системасы нормалдуу эмес. АКШ кагаз долларларды каалаганча басып чыгарып (кагаз табылса эле болду), дүйнөнүн туш тарабына таркатып, өздөрүнө жаккан товарларды тандап ала беришет, долларларды алгандар сүйүнүп-сүрдүгүп биринен экинчисине өткөрүп, эсеп-кысаптарын жүргүзө беришет. Сыртка чыгарылган долларлардын басымдуу көпчүлүгү кайра АКШга кайрылып барбайт. Ошон үчүн аларда инфляция жокко эсе. Бул чындап келгенде бир убакта Европадан баргандар Латын Америкасындагы, Африкадагы аборигендерге жылтырак-жултурактарды, мончокторду, ачкыл-кычкылдарды берип, алардын алтын, күмүштөрүнө алмашкандын эле бир формасы болуп саналат. Алсак, Түштүк Африкадагылар жүздөгөн метрлик тереңдиктеги шахталарга түшүп, өмүрлөрүн тобокелге салып өндүргөн алмаздарын, алтындарын америкалыктар экономикалык, алтындык кепилдиктери жок кагаз акчаларга эле сатып алып кетип жатышат. Бул дүйнө өлкөлөрүн ачыктан ачык эксплуатациялап, башка элдердин кандарын соруу гана болуп саналат.

Азыр эларалык финансылык системада доллардын үстөмдүгүн азайтып, альтернативдүү валюталарды колдонуу боюнча пикирлер, сунуштар айтылууда. Бирок, анын ишке ашуусу өтө кыйын, жакынкы он жылдыктарда ишке ашпайт десе да болот. Анткени, биринчиден, АКШ азырынча дүйнөлүк экономиканын гана эмес, дүйнөлүк саясаттын да флагманы, дүйнөнүн жарымы анын таасиринен чыкпайт. Бул жагынан дүйнөдөгү бир да өлкө аны менен атаандаша албайт. Экинчиден, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгынын валюталык резервдери доллар түрүндө сакталууда. Алсак, Кытайдыкы эле 4 триллион долларга жакын. Бир жагынан аларда доллардан башка валюталар туруктуу ишеним жарата элек, экинчи жагынан дедолларизацияны башташса, ал инфляцияга учурап, резервдери жок калышат. Үчүнчүдөн, дүйнөлүк коомчулуктун аң сезимине доллар эң туруктуу, ишенимдүү валюта катары сиңип, бекемделип калган. Мына ушул факторлордон улам доллардын үстөмдүгүнө каршы кандай кампаниялар башталбасын, алардын жакынкы убактарда ийгиликкке жетишүүсүнө ишенүү кыйын.

Бирок, кокус АКШ ядролук державалардын бири менен кагылыша кетип, аймагына сезилерлик ядролук соккулар урулса, анда дүйнөдөгү долларлар бир күндө эскирген лотереялык билеттерге айланып калышы мүмкүн. Ошондуктан айрым өтө сак өлкөлөр валюталык корлорун акырындап балансташтырып жатышат. Долларга жакынкы убактарда мындан башка коркунуч жок.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share