Быйылкы орозонун ортолоп калган чеги табийгаттын мээримдүү жылуу күндөрүнө туш келди. Өлкөдөгү көптөн берки катуу каршылаштыкта өкүм сүрүп келген коомдук-саясий аба-ырайы дагы, жаздын алгачкы айындагыдай дароо эле жылып кетпесе да, аз-аздап болсо дагы, дал ушул өңүттө өрчүп бара жатканы байкала баштады…
Кечээ эле мына айдан бери СИЗОдо, тергөөдө жатышкан канча саясатчылардын жана коомдук активисттердин айрымдары үй камагына бошотулуп чыгышты. Адегенде, Конституциялык соттун мурдагы соту Клара Сооронкулова чыкса, анын артынан экс-элчи Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, коомдук-жарандык активисттер Улукбек Маматаев, Таалайбек Мадаминов жана Чыңгыз Капаровдор үй камактарына чыгарылышты.
Албетте, аталган саясатчылар үй камагына чыгарылышы менен кошо эле, аларга укук коргоо органдары тарабынан коюлган айыптоолор дагы дароо жокко чыгып калат, же жумшарып, өзгөрүп кетет дегенди билдирбейт. Себеби, тергөө процесси мурдагы калыбында эле жана мыйзам чегинде улана берери шексиз. Бар болгону — эми алар үй шартында жана өз ден-соолуктарына кам көрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү гана алышты.
Жогоруда аталган айыпталуучулардын жаш курактарын жана азыркы учурдагы ден-соолуктарынын абалын эске ала турган болсок, мамлекеттик органдар тарабынан жасалган бул кадам кыйла эле гумандуу жана колдоого аларлык демилге болгонун танууга болбос. Ошол эле учурда, “Мыйзам ырайымсыз, бирок — бул мыйзам!” — деген байыркы Римдиктердин учкул сөзүн дагы эстен чыгарбоо керектир!..
Кечээ жакында эле генералдык прокурор Курманбек Зулушев өзүнүн парламент алдындагы бир жылдык отчетун берди. Депутаттардын биринин жогоруда аталган кылмыш иши боюнча суроосуна жооп берип жатып, ал өтө маанилүү бир толуктоо жана түзөтүү киргизди. Аталган кылмыш иши ачылгандан бери эле, бул иш боюнча кылтакка илингендер жана суралып жаткандар баары тең “Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча” делип, такыр туура эмес аталыш калыптанып калгандыгын, а чындыгында, мыйзамдык так аныктамалардын тили менен айтканда, аталган айыпталуучуларга “мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети” боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.
Демек, жетишерлик оор айыптоолор коюлуп, ошого байланыштуу жарым жылдан ашуун убакыттан бери тиешелүү деңгээлдеги иликтөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы анык десек болчудай. Укук коргоо тарабынан узакка созулган териштирүүлөрдүн бардык этаптарында, дээрлик бардык айыпталуучулар тарабынан кылмыш ишин ачык эле саясий айдыңга которуу аракеттери тынымсыз жасалып келе жаткандыгы белгилүү.
Башкача айтканда, мыйзамды коргогон органдар тарабынан коюлган айыптоолорду далилдөө үчүн бардык аракеттер жасалып жатса, экинчи жагынан — алардын оппоненттери жана айыпталуучулар өздөрүнө тагылган кинелерди четке кагышып, алар өздөрүнүн саясий көз караштары жана өз ойлорун ачык билдиришкени үчүн куугунтукка алынып жатышканын айтышууда. Кыскасы, бул табигый процесс. Же, жөнөкөйлөтүп айтканда, “Кууган дагы Кудай дейт, качкан дагы Кудай дейт” — демекчи, азыркы кезде эки тарап тең өз чындыктарын далилдөөгө жанталпастык менен умтулушууда. Анткени, “икс” сааты улам жакындагандан жакындоодо…
Аларга каршы ачылган кылмыш ишине мындай ашкере саясий өңүт берүүгө болгон аракеттер айрыкча дасыккан жана популист саясатчылардын (маселен, Равшан Жээнбеков сыяктуу) билдирүүлөрүнөн ачык көрүнүүдө. Анын СИЗОдон жазып, жарыялап жаткан ар бир билдирүүсүндө дал ушундай саясий боек сүртүүгө болгон далалаттар жана да оппозициячыл декларативдик чакырыктар камтылып турат. Ал тургай, азыркы оппозициянын таанымал өкүлдөрүнүн бирине айланган жана ашынган популист саясатчы Равшан Жээнбеков кээде ачык эле агрессивдүү формага өтүп, “эң мыкты коргонуу — бул чабуул!” — деген тактиканы колдонуу аркылуу, тескерисинче, укук коргоо органдарынын өздөрүнө өтө оор айыптоолорду тагууга чейин барууда.
Маселен, анын кечээ жакында эле соцтармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго жасаган Кайрылуусун эле карап көрөлүкчү. Анда ал азыркы кезде Кыргызстанда тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор карапайым калктын канын ичип жатышканын жазган. Равшан Жээнбековдун айтымында, кесипкөйлүктүн жетишсиздиги, паракорчулук бул тармактарда эбак эле чектен ашып кеткен.
Равшан Жээнбеков өзүнүн Кайрылуусунда президент Садыр Жапаровдун мындан эки жыл мурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө олтурушкан адамдардын 60–70 проценти эч күнөөлөрү жок деп айткандыгын эске салып, бул чындык экендигин мен өзүм — азыр түрмөдө олтуруп күбө болдум деп, дал ошол эле цифраларды келтирген. Эгерде популист саясатчы өз Кайрылуусунда укук коргоо жана сот органдарын реформа кылууга чакырбай, тек гана жогорудагыдай жалпы декларативдик мүнөздөгү билдирүүлөрү менен чектелип калса — анын Кайрылуусу кезектеги эле дежурный билдирүүлөрдүн бири болуп калмак!..
А бирок, жалпы коомчулуктун эсинен али чыга элек. Апрель “революциясынан” кийин сот системасын толук бойдон жаңылап, эч кимден — президенттен дагы көз карандысыз боло турган кылабыз деген аракеттерден кандай жыйынтыктар чыкты? Он жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан бул процесс оң натыйжаларын бердиби?!
Улам эле бийлик алмашкан сайын “реформа” жасоо керек дей берип, бул оң маанидеги термин сөздүн дагы тамтыгын чыгарып бүтүштү. Андай кооз сөздөргө жамынган бардык аракеттер, эң акыры аягында келип, тек гана ар бир бийликтин жеке өз кызыкчылыктарына умтулуусунун чүмбөтүнө айланып каларына, жалпы коомчулук бир нече ирет ынангандай эле болду.
Ошондуктан, реформа, реорганизация ж. б.д.у.с. сөздөргө улам жамына бербей, же Конституцияга жана тиешелүү мыйзамдарга, мыйзамдык актыларга тигил же бул өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө аракет кыла бербей, учурдагы аракеттеги мыйзамдардын толук кандуу иштешин камсыздоого жетишүү зарыл. Азырынча, бизде мыйзамдарга болгон сый-урматтын жоктугу жана аларга ишенбөөчүлүк көп учурларда алардын иштебей калып жаткандыгынан улам гана болуп жаткандыгы түшүнүктүү.
Коомчулуктун аң-сезиминде “Мыйзам деген — буйлалаган төө. Кайда жетелесең — кете берет!” — деген сыяктуу түшүнүктөр жана ошого жараша мамилелер үстөмдүк кыла башташы — өтө кооптуу симптом болуп саналат. Мунун акыры келип, жарандардын мыйзамдарга болгон ишеничтерин азайтып, мамлекеттик органдарга болгон урматтоо сезимдерин жокко чыгарат.
Мыйзамдык диктатураны дал ошол СИЗОлордон, укук коргоо органдарынын өздөрүнөн талап кылып, дыкаттык менен, так аткарылышына жетишүү керек деген ой да жаралбай койбойт. Дегеле, СИЗОдо жана түрмөдө олтургандардын соцтармактарга каалашынча киришип, телефон-сотка, ж. б. оргтехникаларды пайдаланып жатышкандары мыйзамдуубу?!
…Тээ акаев доорунда, каатчылык калк башын жапырт каптаганда, бир пенсиядагы кемпир айтканы азырга чейин эсимден чыкпайт: түрмөдө жаткандар түрмөнүн тамагы начар деп нааразычылык билдиришиптир! Бул эмне деген уятсыздык, өздөрү кылмыш жасап, жаза мөөнөтүн өтөп жатышса, анан дагы аларды беш бармак менен багыш керек бекен? Эркиндикте жашаган менин пенсиям өп-чап жашаганга араң жетет. А булардын иштебей, жатып алышып, мамлекеттен ушундай нерселерди талап кылышканын карачы!..
Андан бир аз кийинчерээк эле, Учкунбек Ташбаев деген коррупцияга айыпталган чиновник, СИЗОДО мага компьютер беришсе жакшы болмок, мен диссертация жазат элем деп айтканы да абдан таң калтырган. Деги, айрым чиновниктерге кабинет, китепкана ж. б. бардык шарттарды түзүп бергидей — СИЗО жана түрмө алар үчүн санаторий же курорт беле?! Демейде китеп бетин ачпаган, руханий дүйнөдөн эч кабарсыз, жалаң гана материалдык кызыкчылыктарды кууп жашашкан чиновниктер эркиндиктен ажырашкан соң, башкача ойлоно башташканы — жок дегенде бир аз да болсо жетишкендик, духовный бурулуш го?! Ар кандай чектөөлөр жана ыңгайсыздыктар эркиндиктен ажыратуунун негизги атрибуттарынын бири болушу шарт. Дал ошон үчүн, эркиндиктен ажырап калбаш үчүн, эркин, өзү каалагандай, адам катары жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калбаш үчүн — адамдар өздөрү ойлоп табышып, кабыл алышкан мыйзамдарды урматтап, сактап жашоого умтулуштары абзел.
Мамлекет ушундай эң жөнөкөй жана кыйшаюусуз түшүнүктөрдүн ырааттуу сакталышын камсыздай алса гана, өз жарандарынын урматтоосуна жана сыймыктануусуна ээ боло баштайт.
Ишенбек МУРТАЗАЕВ