«Бир өлкөнү жок кылгың келсе анын билимин талкала. Билимсиз өлкөнү куралсыз эле басып алууга болот!»

«Бир өлкөнү жок кылгың келсе анын билимин талкала. Билимсиз өлкөнү куралсыз эле басып алууга болот!»

Режиссер Руслан Акун жараткан «Агай» тасмасынын жарыкка чыгышына Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдык мугалим Гапыр Мадаминовдун мугалимдик кесиби, тагдыры жана Кыргызстан эгемен өлкө болгондон берки коомдогу мугалимдин орду түрткү болгон. Мадаминов Гапыр агай түптөгөн №3 эксперименталдуу мектеп-гимназиясынан күчтүү окуучулар окуп чыгып, алардын көпчүлүгү жогорку билимдүү жана профессор, доцент, илимдин кандидаттары чыккан. Аталган тасма жарыкка чыккандан кийин белгилүү новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго Бишкек шаарындагы Салымбеков университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды жана Билим жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Гапыр Мадеминов, «Билим жана илим министрлигинин» кеңешчиси: «Агай» тасмасы бир мугалимдин эмес, жалпы мугалимдердин тагдыры жана түйшүгү…»

— «Агай» тасмасынын жаралышына менин 25 жылдан ашык эмгегим менен №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясынын түптөлүшү себепчи болгон болсо, гимназиядан билим алган окуучуларым канчалаган окуучуларды окутуп тарбиялап, күчтүү кадрларды чыгарышты. «Агай» тасмасында эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы өлкөдөгү экономикалык каатчылыктар, элдин турмушундагы кыйынчылыктар менен кошо мугалимдин оор түйшүгүн чагылдырып бергендиги үчүн Руслан Акун жана анын жалпы жамаатына, айрыкча, менден бир нече эсе жогору күчтүү болгон мугалимдерге терең ыраазычылыгымды билдирем.

Бул тасма бир эле мугалимдин эмес, жалпы мугалимдердин тагдыры жана түйшүгү… 1990-жылдары Кыргызстандын социалдык, экономикалык жана маданий жактан жана айыл жериндеги турмушу оор болгон. Менин ролумду жогорку деңгээлде аткарып, өткөн доорду чагылдырып берген «Гапыр агай» Бактыяр Шаршенбиев жана жаш актер, актрисалардын ошол кыйынчылыктар менен кошо кыргыз менталитетин чагылдырып бергени өзгөчө баага татыйт. Жаш таланттардын образдарды кынтыксыз ачып беришкени үчүн аталган тасма, азыр кыргыз коомчулугунун колдоосуна татыды. Ошол эле учурда билимге болгон талап мындан ары да өсүп кетишине салым кошту деген ойдомун. Ушул учурдан пайдаланып айта кетейин, Россияда мигрант болуп иштеп жүргөн бир мекендешибиз минтип жазыптыр: «Мен мектептен чарчап, кесибимди таштап коюп Россияга кеткем. «Агай» тасмасын көргөнүмдөн кийин, кайтып барып мугалим болуп окуучуларды окуткум келди» деген пикирин жазды. Мындай пикирлер көп айтылып жатат. Албетте, билимдүү өлкөнүн келечеги кең. «Агай» тасмасын баалаганыңыздар бир эле мени эмес, жалпы мугалимдерди сыйлап, барктаганыңыздар деп түшүнөм. Сиздерге терең ыраазымын.

Султанбай Айжигитов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Баткендик катары сыймыктандым»

— Режиссер Руслан Акундун «Агай» тасмасын көрүп отуруп, Баткендик катары аябай сыймыктандым. Руслан Акун жаш экендигине карабай, режиссер катары Гапыр Мадаминов агайдын бейнесин, айылдагы жөнөкөй турмушту, ошол эле учурда Советтер Союзу ыдырап, Кыргызстан жаңы эгемендик алган жылдардагы кыйынчылык менен өткөргөн ошол мезгилдеги жашоо менен бирге мугалимдердин түйшүгүн жогорку деңгээлде ачып бериптир. Эң башкысы жашоонун оордугу убактылуу, ал эми билим келечектүү экендигин даана, таасын чагылдырып, билим үчүн күрөштү жеткиликтүү ачкан.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, өткөн доордун башкы каармандарынын ролун, бүгүнкү жаш актер, актрисалар жакшы чагылдыруу менен бирге, бүгүнкү мугалимдер менен окуучулардын ортосун ширетип, окуучунун мугалимге болгон сыйын арттырып, мугалимдин баркын бир топ көтөрүп коюшуптур. Ошондуктан аталган тасма Жогорку Кеңеште гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугунда да аншлаг менен көрүлүп жаткандыгынын себеби ушунда экен. Албетте, мактоого да, алкоого да, колдоого да татыктуу. Демек, биздин коом жана коомчулуктун жаш катмары чоң бурулуштун, өзгөрүүнүн алдында турат. Буюрса Кыргызстандын келечеги алдыда.

Ушул жерден бир сунушумду айта кетейин. Гапыр Мадаминов агайдын №3 эксперименталдуу мектеп-гимназиясынын ордуна ошол эле айылга 1200 орундуу мектептин проектисин заманбап шарттары менен түзүп, Билим жана илим министрлиги аркылуу Финансы министрлигине киргизсеңиздер Жогорку Кеңеш биз албетте колдоп беребиз. Мындан тышкары Гапыр агайдын «Энелер мектебинин» программасын да Кыргызстан боюнча жайылтса, келечекте Кыргызстандан билимдүү, келечектүү жаштар өсүп чыгаарына шегим жок.

Руслан Акун, «Агай» тасмасынын режиссеру: «Кыргызстандын эртеңки келечеги, бүгүнкү билимге көз каранды»

— «Агай» тасмасын жаратуумдун башкы максаты коомдогу мугалимдердин орду болду. Мен бул жааттан алып караганда өз максатыма жеттим. Себеби, акыркы учурда мугалим менен окуучунун ортосунда билинген да, билинбеген да кээ бир жагдайлар коомчулукка чыгып кала берсе чоң талкууну жараткан учурлар болуп жатты. Муну менен эмнени айткым келет, Гапыр агай айткандай «Баланын бир канаты ата-эне болсо, экинчи канаты мугалим». Албетте, агайдын бул сөзү айныгыс чындык. Акыркы убакта мугалимге болгон баа төмөндөп кетти. Мугалимдин даражасын көтөрүү бир эле жогорку бийликтин иши эмес, коомчулук, ошол эле учурда биз деле майда-барат эле нерселерден үлгү көрсөтүп, алардын даражасын көтөрүп койсо болорлугун далилдеген тасма жараттык. «Агай» тасмасынын башкы максаты мугалимдин коомдогу орду менен өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн жаштарды билимге үндөө жана Кыргызстандын келечеги бүгүнкү билимге көз каранды.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: «Мугалимдик кесип ардактуу кесип экенин даңазалады»

— Мен да агайдын баласы катары «Агай» тасмасын жүрөгүмө жакын кабыл алдым. «Агай» тасмасынын бет ачары да өзгөчө болду. Атактуу эки Розанын ортосунда отуруп, салтанаттын сыйкырдуу күчүнө азгырылып отурдум. Роза эже Айтматова: «Эки Розанын ортосунда отурасың. Бул да тарых!» — ​деп айткан чукугандай сөзү өзгөчө таасирлентти.

Опера жана балет театрынын залына мынчалык эл батпай, ортосу, четинде эл тике турганын көптөн бери көрө элек болчумун. Салтанат бүткөндөн кийин да эл тарабай көпкө чейин турганы да көзгө өзгөчө көрүндү. 10-сериясы менен сериалдын каарманы Гапыр Мадаминов тууралуу тартылган документалдык тасманы бир дем менен көрүп, кол чабуулар менен коштоп отурдук. Айтматовдун «Биринчи мугалиминен» кийин мындай таасирлүү көркөм тасма тартыла элек болчу.

Бул «Агай» тасмасы миңдеген адамдардын аң-сезимин аңтар-теңтер кылгандай болду. Мугалимдин кадыр-баркын асманга көтөрүп салды. Көркөм тасманын күчү өзгөчө экенин даана сездирди. Мугалимдик кесип ардактуу кесип экенин даңазалады. Өмүр бою мугалим болуп эмгектенген атам менен апама сыймыктанып отурдум. Ушундай керемет кинону жараткандарга, өзгөчө элеттик мугалим Гапыр агайга жана анын жамаатына терең таазим кылам!

Бактыяр Шаршембиев, актер: «Гапыр агайды көчүрүп алуу мүмкүн эмес…»

— Ушул тасманын жарыкка чыгышы менен биздин мугалимдердин кадыр-баркы көтөрүлдү деп ачык айта алам. Мугалимдерден ошол эле учурда окуучулардан да жакшы пикирлер келип жатат. Бир бала жазды: «Мугалимиме кылган буга чейинки мамилем туура эмес болгон экендигин, ушул сериалды көргөндөн кийин түшүндүм. Өзүмдү ыңгайсыз да сезип жүрөм» деп жазды. Мугалимдер өзгөчө ыраазы болуп жатышат.

Башында мага Гапыр агайдын ролу сунуш болгондо, агайдын ролу аябай жоопкерчиликтүү болду. Биринчиси анчейин окшош эмес экенбиз. Экинчиси агайды «көчүрүп алууга» мүмкүн эмес экендигин түшүндүм. Аны канча көчүрүп алууга аракет кылсаң да, окшоштура албайсың. Агайдын ички жан дүйнөсү башка. Сценарийди окуганда эле агайдын мүнөзүнө шайкеш жазылганын билдим. Ошентсе да образын ачып бергенге аракет кылдым. Канчалык деңгээлде ачып бере алдым аны, көрөрман баа берээр.

Кубат Чекиров, журналист: «Гапыр агай жөнүндөгү фильм – эски менен жаңынын күрөшү»

— «Агай» тасмасынан мен эки чоң негизги маанини көрүп турам. Биринчиси бул, эски менен жаңынын күрөшү. Билим берүүдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул ошол авторитардык системада калыптанган, авторитардык буйрукчул, орой системанын дагы деле болсо билим берүүдөгү реформаларга абдан тоскоол болуп жаткандыгында. Бул бюрократия, өзгөчө чоңдор барып текшерип, анан кийин алар өң тааныштык кылып же коррупциялык кылып ушуга окшогон нерселердин баарына Гапыр Мадеминов агай сыяктуу кишилер жалгыз күрөшүп атып ийгиликке жеткени бул өзүнчө бир феномен. Болбосо, азыркы күнгө чейин деле мына ушундай нерселер уланып жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик органдардын жетекчилери барып чоң болуп эле текшерип анан аларды куугунтуктабай, тескерисинче кандай же кайсы жагынан жардам бере алам деп ушундай суроолор менен барышат. Ошон үчүн бул жерде эски менен жаңынын күрөшү жөнүндөгү фильм деп айтсак болот. Экинчиси, бул ошол мугалимдердин 30 жылдан берки эгемендик тарыхыбызда мугалимдердин кадыр-баркынын аябай төмөндөп кеткен учуру. Ошону сезип, азыркы министр Каныбек Иманалиев Президентке кирип чыккандан кийин мугалимдерге жана жеңүүчүлөргө миллиондоп сыйлык берели, «Кыргыз эл баатыры» деген наамды ыйгаралы деген маселени дагы коюп жаткандыгынын себеби да ушунда. Мына отуз жылдан бери канчалаган эмгектин ишмерлери «Баатыр» деген наам алып жатат, бирок, ошолорду окутуп, тарбиялап өстүргөн бир дагы мугалимге «Баатыр» деген наам бериле элек. Ушул өксүктү, өкүнүчтү толуктай турган аракеттер эми гана араң башталды. Гапыр Мадеминов агай жөнүндө тартылган фильм чоң маселенин ордунан козгогондо коомдук кызыкчылыкты, активдүүлүктү жогорулатканга чоң өбөлгө болот деп ишенем.

Турдайым Кожомбердиева

Share