Мен ушинтип тема койгонумдун да себеби бар экендигин сен өзүң билесиң да, Бакыт!
Экөөбүз баш кошкон 1971-жылдан берки сен жазган гезит, журнал беттерине жарыяланган аңгемелериң, юморлоруң сатиралык аңгемелериң публицистикалык макалаларыңдын баарын бирин калтырбай сактап жүргөнүмдү 1979-жылы – Москвадан Жогорку эки жылдык кинорежиссерлук курсту бүтүп келип, кино чөйрөсүнө аралашкандан баштап, тарткан фильмдердин ийгиликтеринен кийин журналисттерге берген интервьюларың да өтө көп болчу.
“Менин үйдөгү редакторум, секретаршам, архивистикам” деп мага ат коюп алчусуң. Сенин ар бир жазган сөзүң, сүйлөмүң мен үчүн өтө кымбат, бошой калганда чекесинен карап чыгам, кээде өзүмө-өзүм ишенбей “ Капыра-ай… ушуларды жазган Бакыт азыр арабызда жок” деп муңканып кетем. Сен кинодон башка көптөгөн жазмаларыңды таштап кетиптирсиң.
Таланттуу адам башкача болот окшойт, ары-бери басып ойлонуп, анан отура калып кагаз бетине түшүрө койчусуң. Бул жазгандарыңды катып отурбай, мүмкүнчүлүк болгон мезгилде топтоп өзүнчө бир эмгек катары чыгарсамбы деп ойлонуп жүрөм, эл сени жалаң киночу катары гана эмес, жазмакер жагыңды билип калса деп тилек кылам.
Бул жашоодо жетишпей калсам, балдарың, небере-чөбөрөлөрүң да атабыз, чоң атабыз, таятабыз ушундай адам болгон экен деп ойлонушуп аракет кылышаар…
Сенин биздин арабыздан кеткениўе үч жылдын жүзү болуп бара жатыптыр. Кечээ эле жаркылдап катарыбызда жүрбөдүң беле? Дагы деле ишенбей, чубалжыган ойлорду ойлоп, агарып таң атат. Ой күлүк деген сөз чын тура. Ушул убакыт мезгилинде иниң Марат Саруулу менен Асан Айтикеев досуң экөө эки документалдуу фильм тартышып, сенин элесиңе арнашты. Рита карындашың өзүнүн “кинобаян” берүүсүнөн телевидениеден эскерүүсүн уюштурду. Өзүңдүн жакшы көргөн Бекен Назаралиев иниңдин “Жаңы Ордо” гезитине эки жыл катары менен сен жөнүндөгү эскерүүмдү жазып келем.
Июнь айы жакындаган сайын жүрөгүм опкоолжуп, жүүнүм бошоп кетет. Себеби, сен июнь айында түбөлүк жайга кетпедиң беле… Эмне үчүн тирүүчүлүктө адамдардын жакшы касиеттери көп айтылбай, өтүп кеткенден кийин “жакшы адам эле” деп айтабыз. Ушунун философиясына түшүнө албайм. Көрсө “жоголгон бычактын сабы алтын” тура… Жакын адамыңды жоготкондо адам баласы көп нерсеге тушугат экенсиң. “Миң күнгө бергис, бир күн бар” дегендей, ар бир күндүн кымбат экендигин түшүнө баалай билсек бул өзүнчө чоң бакыт тура!
Бакыт, мен сага аздыр-көптүр “отчет” берген сыяктуу болдум окшойт. Кыялымда көп иш пландар бар, анын канчасы иш жүзүнө ашаарын турмуш көрсөтөөр. Сен биздин элесибизде эстелигиңе чегилген жаркыраган сүрөтүңдөгүдөй бойдон каласың, жаркылдагым!!!
Өмүрлүк жубайың Гүлжамал Карагулова