Арстанбап мүрзөсүнө жасаттары коюлган көрүнүктүү көлдүктөр

Арстанбап мүрзөсүнө жасаттары коюлган көрүнүктүү көлдүктөр

Үстүбүздөгү 2015-жылдын башында “Жаңы ордо” гезитинин № 1, № 2-сандарына “Арстанбап мүрзөсү — ​илгери көзү өткөн бүткүл кыргыз элиталарынын ыйык жайы” деген макалам жарыяланган, аны жазууну жогоруда аталган “Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев сунуш кылган болуучу. Ай айланбай мага ушул маселеге байланышкан суроо, өтүнүчтөр келе баштады.

Күндөрдүн биринде Жогорку Кеңештин белгилүү экс депутаты, Манас-түрк университетинин профессору Жанкороз Каниметов келип, Арстанбап алкагында жайгашкан Гөлөгөн айылы жөнүндө, ошол айылдын үстүнөн ийрилип өткөн, ошол айылдыктар суу ичкен Гөлөгөн-Арык туурасында кеп салып калды. Бул мен туулуп-өскөн айыл болуп, анан дагы миң түтүндөн ашык гөлөгөндүктөргө суу жеткирип турган Гөлөгөн-Арыктын (Кээде Чоң-Арык деп да коюшат, андан ылдый (түштүккө) карап жүргөндө Шыдыр-Арык, Жаңы-Арык, анан өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын башында казылган Чоң канал бар.) казылыш тарыхынан айтканы таң калтырды. Ал сөзүн Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян деген айылдан экенин билдирүүдөн баштап, айтылуу Орозбактынын беш мырзасынын кенжеси Токочмырза, анын уулу Көлөгөндүн сөөгү Арстанбапка коюлганын айтып келип, Түндүк кыргыздары калмак жапырыгында Түштүк туугандарына жапырт көчүп барып жашап турган мезгилдерде Токочмырзанын баласы Көлөгөн, азыркыча айтканда, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Гөлөгөн айылында жашаган коткор мундуздары суу ичкен Гөлөгөн арыкты казууга катышканын, кийин Көлгө кайтып келгенден соң, балдарына ошондогу окуяларды дайыма эскерип, “Эсиңерден эч качан чыгарбай, кийинки урпактарыңарга айтып жүргүлө!”- деп керээз калтырганын сыймыктануу менен белгиледи. Мындай керээз сөздү өзүнүн атасы Канимет да ага бир нече жолу эскерткенин эсине сактап жүрүп, түштүктүк адамдар менен аңгемелешкен жерде дайыма Көлөгөн бабасынан калган Гөлөгөн арык (Ж. Каниметов Көлөгөн деп атайт) жөнүндө сурап жүрүп, Жогорку Кеңештин депутаты болгондон кийин бир күндөрдө ошол жактык депутат жолдоштору менен Арстанбапка барып мейман болуп калып, “Ошондо да атамын жомогун айтып бердим.”-деп, анан ошол жолдоштору менен кайра Гөлөгөн жакка барып, Ноонун жанында (Гөлөгөн арыктан чыккан ноолордун бирин айтып атат го) Касым Ысманов, Атагелди Кудайбергенов, Марат Кулмурзаев, Тыныбек Алыкулов болуп отуруп дагы эскеришкенин айтып, анан “Жакында сиз Гөлөгөн жөнүндө ыр жазганыңызды угуп, Көлөгөн арыктын тарыхын сурайын деп келдим.”-деди.

Окумуштуу эмеспи, профессор Жанкороз Каниметов ошол Гөлөгөн арыкты казган мезгил 1600-жылдарга туура келээрин, бугу уруусу Түштүктөн Ысык-Көлгө кайтып келиши 1771-жылы болгондугун Боромбай манап айтканын, айтылуу Бирназар бийдин сөөгүн Арстанбапка апарып көмүү 1810–1820-жылдарга туура келээрин да сөз арасына кошуп кетти. Демек, Манап бийден тараган Дөөлөтбакты, Орозбактынын уруктарынан болгон Токочмырза, анын уулу Көлөгөндүн сөөктөрү Арстанбап мүрзөсүнө XVI кылымдын аягы, XVII кылымдын баш чендеринде коюлган болот экен.

Ошончолук көп убакыт өткөндүктөнбү (беш кылымдын аралыгы болуп атпайбы), Ж. Каниметов айткандай, Гөлөгөн арыкты анын чоң бубаларынын бири Көлөгөн каздырганы жөнүндө бизде кабар жок, биз жактагылардын, айрыкча Мамат-устанын айтып бергендери боюнча Гөлөгөн арыкты коткор мундуздары (ал: токтоной, эдилбай, байгозу, карабала, чуурунду деген беш уруктан турат) абык, шыдыр мундуздары менен кошо үч жолу келип казышкан деп айтылат. Ошонун бир жолкусунда Алма-Алыш турган жерди казып атканда жар кулап, бир коткорду басып калып, шыдыр мундуздарга доомат коюлганда, кетип калышкан делет. Дагы башка кабарларда шыдыр аталбайт, күнөөлүү ким экени да аныкталбайт. Гөлөгөн арык казылып бүткөндөн кийин, ошол жерге жайгашкан коткорлор Айымкыштак, Көтөрмө, Кортку, Чаңгыр-Таш, Кара-Суудан келип чогулушканы, Ак-Суу-Келиштеги Байгозу келбей койгондо, токтонойлор керегеге таңып келиптир дегени да бар. (Менин архивимен. Архив № 92, 263–273-бб). Ушул жерде кошумчалай кете турганым — ​коткорлорго молдо керек болуп, Байгозуну эмес, максымдардын атасын байгозулар керегеге таңып жүктөп келишкен дегендей дагы бир вариант айтылат, ушул туура болушу мүмкүн.

Ал эми “гөлөгөн” деген сөз ошол Гөлөгөн деген айылдын токтонойлор турган жеринде Амир Темир Гургендин (Темирландын) аскерлери турган деген төрт бурчтуу (аянты 5 гектардан ашыгыраак болот го) коргондун урандылары бар, анын ортосунда башкаруучулары жайгашкан деген дөбөнү, зынданы деп аталган эки ороону, ал коргондун ичин сүргөндө чыккан сапал куурларды биз да көрүп калдык. Жогорудагы “гурген” деген сөз “гөлөгөн” болуп айтылып калган деген бүтүм бар (даркан жазуучу Төлөгөн Касымбеков атактуу “Сынган кылыч” романында “гурген” сөзүн “көрөгөн” деген мааниде колдонот). Ал коргондун дубалдарынын эң жука деген жери 10–15 метрдей келет, батыш жагында тереңдиги 50–60, туурасынын кең жери 150 метрдей келген, узуну 500 метрден ашык жар да бар. Ошондон улам го, Амир Темирдин коргону дегенге караганда, кийин атыккан Коргон-Жар аты көбүрөөк айтыла баштаган. Ал коргондун чыгыш жагы Үч-Колот деп аталып, мурун өтө терең, болгондо да өтө кең жар болуп, душман кире албасы ачык көрүнүп турат. Түндүк жагы адыр, тоо болуп, Арстанбаптан ары улуу тоолорго кошулуп кеткендиктен, ал жактан душман деги эле келбесе керек. Коргондун түштүк жагында эки эшиги болуп, ортоңкусу чоң, бурчтагысы суу өткүдөй гана кичине болчу, азыр да орду бар.

Ушул Амир Темирдин (Темирландын) коргону (Коргон-Жар) Индияга барып Улуу Моголстанды негиздеген Захиреддин Бабур (Темирландын тукумдарынан, 1483–1530) өзбектер кубалаганда Базар-Коргондун Кең-Кол жайлоосуна келип туруп, анан Гава аркылуу Анжиянга бармак болгондогусу жөнүндө Кыргыз Академиясынын мүчө-корреспонденти Осмонакун Ибраимов “Бабур жана кыргыздар” (“Аалам кыргыздары” журналы, № 7, № 8, 2009-жыл) деген макаласында жазган эле. Ошол өтө маанилүү макаланы окуп олтуруп, Коргондо турган Бабур: “Күн чак түшкө караган маалда Каба тараптан (Макалада Гава деп берилген) Акмат кушчу жана дагы төрт атчан киши көрүндү, бараткан багыты Аксы тарап экени көрүнүп эле турду…”-деп “Бабур-наме” кол китебине жазат” деген жерине келгенде, ошол Бабур турган коргон Амир Темирдин Гөлөгөн айылындагы коргону экенин даана түшүндүм да, “Бабур Базар-Коргондо” (Китепте: “Кол жазмалар жөнүндө сөз”, Б., “Турар”, 2009-ж., 156–166-б.) деген макала жазып, далилдөөгө аракеттер жасагам.

Бугу элинин элиталарынын дагы бир тобунун сөөктөрү Арстанбап мүрзөсүнө коюлганын экс депутат Каниметов Жанкороз мырза атап өттү да, “Момундан карап тактап алыңыз!”- деп, өзү редакциялык кеңештин төр агасы болгон, кириш сөзүн жазган “Боронбай” (автору Эл акыны Эрнис Турсунов. Б., “Акыл” басмасы, 2004-ж.) деген китебин мага таштап кеткен. Эмесе, сөзүбүздү ошол китептен шилтемелер келтирүү менен улайлы. Жогоруда аталган романда Акуулдун төрт баласынын чыгаандары: Адигине менен Тагайдын сөөктөрү Арстанбапка коюлганы бир нече жерде кайталанып айтылат. Ал эми китептин 265-бетинде: “Меккеге, Мединага жетпей каза болгон байманалуу кыргыздар касиеттүү бабаларынын жанына коюуну каалагандыктан, атанын айтканын эки кылбаган ыймандуу балдары сөөктү төөгө, өгүзгө, атка жүктөп, күндөп-түндөп жол жүрүп, Арстанбапка алып барып коюшчу. Мойт-акенин атасы Алдаяр, Сарт-акенин атасы Доскулу, Садыр-акенин атасы Жолболду, Жылкайдардын атасы Бирназар, Кыдыр-акенин бабасы Түлөберди, айтылуу Орозбактынын беш мырзасынын кенжеси Токочмырза, анын уулу Көлөгөн Арстанбап мазарына коюлган.”- деп жазылып, кыргыздар, айрыкча көлдүктөр “акылман”, “ак сакал”, “бий” маанисинде колдонушуп, ызаат менен аңыз кылып айтып жүрүшкөн “акелердин” (мындай термин менен казактар аталарын атаса, түштүк кыргыздар байкелерин айтышат) негизгилеринин ата-бабаларынын сөөктөрү Арстанбап мүрзөсүнө коюлганын тастыктап берет.

Романчы Э. Турсунов ошондой Көлдүк билермандардын ичинен Бирназар бийге, анын “тонсуз баласы” Жылкыайдарга кеңирээк токтолуп, Бирназардын: “Арбакты сыйласаңар, мени Арстанбаптагы ыйык мазарга алпарып койгула! Ал салт боюнча кыргыздын атактуу адамдары коюла турган жер. Бабабыз Адигине жаткан жай!”- деген, жети баласына айткан керээзинен башталып, сөөгүн балдары төөгө жүктөп жөнөп баратып Көкарттын ашуусуна келгенде кар жаап, бороон жүргөндүктөн, өзүнүн 6- баласы Биялы: “Ашуудан аша албайбыз. Колу-бутубуз тоңуп, үшүккө алдырганча, сөөгүн кайра алып барып, Жети-Өгүзгө коёлу. Алжыган абышканын тилин алып, кайдагыны баштадык?”- дегенде, маркумдун “тонсуз баласы” болгон Жылкайдар агаларына өтөктөгү айылга барып, жылынып, эс алып келүүлөрүнө уруксат берип, атасынын сөөгүн кайтарып калып, бороон басылганда андан ары сөөктү алып жөнөшкөнүн романчы мындай жазат: “Жылкайдар Бирназардын сөөгүн төөгө жүктөп, Арстанбаптагы мазарга жеткирип, Адигине менен Тагай бабаларынын жанына коюп, шайык кожого куран түшүртөт. Жарыктык, учкан куштун тумшугунан түшкөн дан өзү эле өнүп чыккан май кыртыштуу, мөмө-жемиштүү, жаңгак токойлуу жер соорусу Арстанбап кыргыздардын байыркы бабасы Арслан-бабанын арбагы жаткан жер. Алыскы Ат-Башыдан, Алайдан, Өзгөндөн, Таластан, Нарындан, Ысык-Көлдөн, Сары-Өзөн-Чүйдөн байманасы ташыган, колунда бар, абройлуу, кадырлуу адамдар: “Көзүбүз өтүп кетсе, сөөгүбүздү Адигине менен Тагай бабаларыбыз жаткан касиеттүү жерге койгула!” деп, балдарына керез-мурасын калтырышкан. Керээзди аткаруу парз”.

Көркөм чыгармалардан тарыхый чындык катары шилтеме алуу өзүн сыйлаган окумуштуу үчүн ылайыксыз экенин билсем дагы элден угуп, айрым даректүү баяндардан окуп жүргөнүмө жана профессор окумуштуу Ж. Каниметов редакторлогонуна, киришме сөзүндө романдын ичиндегилердин даректүү экенин тастыктай айтканына байланыштуу Эл акыны Эрнис Турсуновдун романына көбүрөөк аялдап атабыз. Анан калса ааламга аты кеткен Арстанбап быякта турсун, анын колтугундагы гөлөгөндүктөр суу ичкен, аны казууга Көлөгөн башында турган токтояндыктар катышкан, менин кичи мекенимдеги Гөлөгөн арыктын маанисин: “Арстанбап өрөөнүндөгү айтылуу Гөлөгөн арык азыр да элге кызмат кылууда. Бул түндүк менен түштүк кыргыздардын бир эл экенине күбө, бабалардан калган Гөлөгөн арык чыныгы ынтымактын, биримдиктин далили жана укум-тукумуна калган чоң мурас…”- деп чыныгы улуу идеяны көтөрүп, кыттай куюлуп, биригип турган кыргызды кырк уруудан турат деп, кыркка бөлүп, ал турсун “түндүк”, “түштүк” деген географиялык түшүнүктү эки мамлекеттей, эки элдей түшүндүрүүгө далалаттангандардын тайкы түшүнүктөрүнө урулган улуу сокку болгону үчүн да бул роман баалуу экенин белгилей кетемин.

“Бөлүнгөндү бөрү жейт” дегендей макал башка элдерде бар болсо да, биздин кыргыздардагыдай ооздон түшпөй, аба жуткандай, тамак ичкендей жыш колдонулбаса керек. Ошого карабастан, Эгемендүүлүктүн туусу колго тийгенде, эркиндикти ээн баштыкка айландырып, бөлүнүүнүн айтып болгустай бийиктигине чыгып, айткан сөзүбүз (макалыбыз) менен аткарып аткан жоругубуз эки башка экени айгине болуп отурат. Ошондой учурда, элди бириктирүү касиетине ээ болгон Арстанбаптай ыйык жерлердин, макалдардай улуу сөздөрдүн маанилерин ар бир кыргыз жүрөктөн өткөрүп, бирдей түшүнүккө жетүүгө умтулуусу — ​кыргыз идеологиясынын өзөгүн түзмөк.

Омор СООРОНОВ, Кыргыз Улуттук университетинин ардактуу профессору, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.

“Жаңы Ордо” гезити, №06 (469), 27-февраль, 2015-жыл

Share