Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго
Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы К. К. Ташиевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Т. Зулушевге
Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынан шайланган Элдик Курултайдын делегаты К. М. Эпеевден
моб.тел: 0706 266 906
КАЙРЫЛУУ
Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө:
Акыркы жылдары Макмалалтын фабрикасынын айланасында болуп жаткан окуялардын анабашында турган, ошол кезде Кыргызалтындын төрагасы жасап кеткен афералык ишине көўүлүңүздөрдү бургум келди.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Макмал комбинаты 1986-жылы ишке берилип, Кыргыз Республикасынын башатында эгемендүүлүктү сактап калууда нар көтөргүс орду бар экени айтпаса да белгилүү. Буга далил, комбинат 1986–1996-жылдары 21,7 тонна алтын өндүргөндүгү тастыктап турат. Кийинки өмүрүн узартуу максатында “Кыргызалтын” ААКнын эсебинен 2007-жылы 2,4 млн АКШ доллары бөлүнүп. жер алдындагы кендерди чалгындоо иштерин жүргүзүү менен 11 штольныйда иштер башталган. Мындан тышкары “Диоретовая” жана “Восточная” зоналарын кошумча чалгындоо иштери үчүн 2,3 млн АКШ доллары каралып, натыйжасында 1-январь 2008-жылы С1, С2, Р1 категориясында алтындын запасы жалпы 33,1 тонна экендигин далилдешкен. (Тиркеме 2 баракта тиркелет.)
Мындан тышкары жыл боюнча алып караганда сактоочу жайга 1986–2011-жылга чейин 6231,98 кг алтын бар экендиги көрсөтүлгөн. (Тиркеме 1 баракта тиркелет.)
Мына ушундай такталган маалыматтарга таянсак, Макмалалтынкен комбинаты 2018- жылы “Жасалма банкротко барышына ким кызыкдар болгон” деген суроо жаралат.
Сөзүм кур болбосу үчүн 2018-жылы А. Алымбеков, орун басары А. Каниметов менен бизде ошол кезде аким болуп турган А. Кожошов болуп, Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушуу өткөрүп жатып “Кыргызалтын ААКмы алтын өндүрүүдө 260,0 млн сом киреше менен чыктык” — деп өз оозу менен айтылган эле. Ал кезде мен ошол айыл өкмөттүн башчысы катары берген; “Кыргызалтын ААКмы киреше менен чыгып жатсаңыздар, эмне үчүн Макмалалтын комбинатын банкротко алып барып жатасыңар” — деген суроомо жооп бере алган эмес.
Жогорудагы мүмкүнчүлүккө ээ Макмалалтын комбинатын жасалма банкротко учуратуу, А. Алымбековдун биринчи кызматтык абалынан пайдалангандыгынын далили катары эсептеймин.
Буга далил катары: 2016-жылы комбинат план боюнча 357 кг алтын өндүрө турган болсо 287 кг-га, ал эми 2017-жылы уратуу болуп кендеги алтындын курамы тоннасына “3 граммдан жогору” — деп көрсөтүлсө да жасалма жол менен азайтылганынан уратылган кенден 244,023 кг, 2018-жылдын 6 ай ичинде уратылган кенден 82,123 кг, жалпы 360 кг алтын белгисиз себептер менен ЗИФтен чыкпай калганын кандай түшүнсөк болот? (Тиркеме 2 баракта тиркелет).
Дагы бир далил, 2018-жылы 8-март күнү алтын уурдоо фактысы менен профсоюздун төрагасы Б. Бектенов жумушчу кызматчылар менен бирдикте, “Уурулукка катыштыгы бар” делип, ошол кездеги комбинаттын директору К. Дыйкановду иштен кетиришсе, А. Алымбеков аны “Кыргызалтын” ААКнын тоо-кен геология бөлүмүнө башчы, андан кийин Солтон-Сарыга директор кылып дайындашы экинчи афералык иши эмеспи?
2018-жылы Кытай Эл Республикасынын инвестору менен салынып, биринчи жолу байытылган алтын концентратын Кыргызстандын аймагында иштетүүн колго алган “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсын өз кызыкчылыгына пайдаланып, райондун бюджетине эле эмес мамлекеттик бюджетке эбегейсиз миллиарддаган акчалардын түшүүсүнө кара ниеттик кылып, 90 000 АКШ долларын жумшап, өрттөгөн А. Алымбековдун үчүнчү афералык ишин текшерүүгө алып берүүңүздөрдү сурайм.
Мындан тышкары 17.12.2018-жылы комбинаттын өмүрүн узартуу шылтоосу менен тендер өткөрүп, натыйжада Кытайлык “Мансон Групп” ЖЧКсын жеңүүчү кылып, 27-март 2019- жылы биргелешип иш алып баруу келишими менен, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсын түзүшүп, уставдык капиталына инвестор тарабынан 75,0 млн АКШ доллары салынары айтылган. Бүл салымдарды жылга бөлгөндө 2019-жылга 15,0 млн доллар, 2020-жылга 20,2 млн доллар, 2021-жылы 40,2 млн доллар салынышы керек эле. Бирок аткарылган жок. Бул А. Алымбековдунтөртүнчү афералык иши эмеспи?
Ал эми миң уктаса дагы түшүнө кирбеген Кытай инвестору эч кандай чыгашасы жок эле, эски жабдыктарды колдонуп жараксыз деген калдыктардан 35 кг-дан алтын өндүрүп, бүгүнкү күнгө жалпы 533 кг алтын өндүрүлгөнү аныкталган. Өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн 4% акча каражатынын жалпы суммасы 96 млн сомдон ашык Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна которулуп берилгендиги айтылып келет. Бирок бул акча каражаты кандай максатта жумшалып жаткандыгы белгисиз.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Зулушевдин Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушуусунда, жазма түрүндө кайрылуумдун жообуна берилген текшерүүнүн жыйынтыгына макул эместигимди билдирип, кайрадан аудит менен текшерүүгө алууну өтүнүч катары кол тамгамды коюп, Тогуз-Торо райондук прокуратурасына калтыргам. (Тиркеме 5 баракта тиркелет)
Мындан тышкары Кытай инвестору Сю Лин менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөр ортосунда 4-сентябрь 2019-жылы үч тараптуу башкы макулдашууга кол коюлган. (тиркеме 6 баракта тиркелет)
Бирок аталаган компания соц.пакеттин бирин да талапка жооп бере тургандай аткарган эмес. Башкача айтканда соц.пакетте көрсөтүлгөн объектилерди өзүм билемдикке салып, эч кандай уруксаты жок, башкы макулдашуудагы 2020-жылдын 1-сентябрына бүтө турган эт комбинатын, мал союучу жайга айландырып, санитардык зонага салса дагы жергиликтүү бийлик көзөмөлгө албай анын лентасын кескендигинин мыйзамдуулугун текшерип берүүңүздөрдү сураймын.
“Макмал Голд Компани” ЖЧКсы жогорудагы иштери аз келгенсип акыркы күндөрү калдыктарды үймөктөп иштетүү технологиясын киргизүүнү таңуулоо менен аймактын эко системасын эске албастан, элдин каршылыгына карабастан, жергиликтүү бийликти адвокат катары пайдаланып ишке ашырууга далалат кылууда. Эгерде бул технология киргизилсе, дүйнө жүзүндө болуп жаткан акыркы жылдардагы жаратылыш кубулуштарын эске алсак, бизде жер көчкү, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү, нөшөрлөгөн жамгырдан селдин жүрүшү кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат? Эгерде мындай кубулуштар орун алса Тогуз-Торо элине эле эмес, бүткүл Фергана өрөөнүнө коркунч алып келерине шек жок.
Урматтуу Садыр мырза!
Урматтуу Камчыбек мырза!
Урматтуу Курманкул мырза!
Акыркы жылдары мамлекетибизде жүрүп жаткан жакшы иштер менен “Эч ким, эч кимге крыша боло албайт”, “жемкорлукту түп тамыры менен жок кылууну жергиликтүү бийлик башчыларына жакында жетебиз” — деген сөзүңүздөргө таянып, төмөндөгү жосунсуз иштер мыйзам чегинде текшерүүгө алынат деп ишенем.
- “Кыргызалтын” ААКнын мурдагы төрагасы А. Алымбековдун кызматтык абалына текшерүү жүргүзүү менен Макмалалтын комбинатын жасалма банкратко алып баруунун себептерин аныктап, мыйзам чегинде баа берүүңүздөрдү;
- Өрттөлүп кеткен “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКна байланыштуу иштерди мыйзам чегинде кайрадан карап чыгып, мамлекеттик деңгээлде күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карап берүүңүздөрдү;
- “Макмал Голд Компани” ЖЧКнын ишмердүүлүгүн толук текшерүүгө алып, башкы макулдашууда көрсөтүлгөн соц.пакеттердин талапка ылайык аткарылбагандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү;
- Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна жана Казарман коомдук фондусуна “Макмал Голд Компани” ЖЧКнан түшкөн 96 млн сомдун киреше-чыгаша боюнча аудит жүргүзүү менен өзүңүздөрдүн көзөмөлдөрүңүздөргө алып, мыйзам чегинде чара көрүүнүздөрдү сураймын.
Сөзүмдүн акырында Тогуз-Торо районунда болуп жаткан коррупциялык элементтерге тиешеси бар, “Макмал Голд Компани” ЖЧКнан түшкөн акча каражаттарын өз менчигиндей пайдаланып, райондун аймагына инвестор тарабынан салынуучу соц.пакетте көрсөтүлгөн өндүрүштүк ишканалардын салынышына чара көрүүнүн ордуна инвесторду калкалап, райондун элинин кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон төмөндөгү кызматчыларга мыйзам чегинде чара көрүлөт деп ишенем.
Алар:
Тогуз-Торо районунун акими М.К.Карагулов, акимдин биринчи орун басары Тагайбек уулу Дамир жана Министирлер кабинетинин төрагасынын коомдук кенешчиси У. Токтожумаев “ротация, тааныш, куда-сөөк, өкүл бала, коомдук кенешчи колдойт” деген эски түшүнүк менен бири-бирин колдошуп, райондун жашоо шартын артка тартуу менен өздөрү каалагандай иштерди кылууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды Элдик Курултайда чыгып сүйлөөгө мага мүмкүнчүлүк берилсе да, Тагайбек уулу Дамир атайын 24-ноябрда Бишкекке келип, коомдук кенешчи У. Токтожумаев аркылуу бут тосушуп тизмеден алдырып салышкан. Бирок тоскоолдук кылганына карабастан, Жалал-Абад областы боюнча баяндоочу Э. Кожокматов аркылуу Президенттин өз колуна бул маалыматтар тапшырылганын билдирем.
Тиркеме:
- Жалпы 19 баракта тиркелет;
Ишиңиздерге ийгилик каалап, урматтоо менен!
Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынан делегат К. М. Эпеев