Жылдыз Бакашованын илимдеги кызыл кекиртеги

Жылдыз Бакашованын илимдеги кызыл кекиртеги

Сөздү ток этер жеринен баштайын дедим. 2021-жылы 5-августта КУИАда өткөн корреспондент-мүчөлүккө, академиктикке жаңы мүчөлөрдү шайлоодо менин атаандашым, ошол мезгилде өкмөттүк жетекчилик чоң кызматта иштеп, колунда бардыгы турган Ж. Бакашованын адилетсиздик менен шайланып кеткенине нааразы болуп, анын илимдеги орду, салмагы тууралуу «Жаңы ордо» гезитине «Плагиаттык» же «Жылдыз Бакашовага ачык кат» деген макаламды жарыялаган элем. («Жаңы ордо», 24-сентябрь, 2021-жыл).

Андан бери бир топ убакыт өттү. Кызыгы, мен билген плагиаттыктын мен үчүн да күтүүсүз болгон жаңы жагдайлары дагы кийин ачылды. Плагиаттыкка уурулук жагдайлар кошулду, Ж. Бакашованын «илимпоздугу» тууралуу дагы көп нерселер такталып, ашкереленди. Ошондон улам азыр модага айланып, эл арасында белгилүү тарыхый-коомдук өзгөрүүдөн кийин кеңири колдонулуп жүргөн «доконца» терминин колдонуп, мен дагы илимди кол жоолукка айландырып, карьералык кызыкчылыгы үчүн кызыл кекиртектик менен пайдаланып жүргөн Жылдыз Бакашованын илимдеги бейнесин «доконца» ачып коюуну туура таптым. Эмесе сөз башынан болсун.

Ж. Бакашова «Чыңгыз Айтматовдун повесттериндеги метафора жана салыштыруулардын көркөм функциясы» деген темадагы кандидаттык ишин филология илимдеринин доктору, профессор, КУИАнын корреспондент-мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун илимий жетекчилиги менен жазып, коргоп (1992-ж.) илимдеги сапарын баштаган эле. Ошол илимге аттанган алгачкы жолунда эле ээрге кыйшык олтурганын мен жогорудагы макаламда жазгам. Анда да «атабекти атынан чакырбай», бир маанилүү деталды жашырып койгом. Кийин ойлосом, болгон фактыны жашыруу туура эмес экен. Ал Ж. Бакашованын ошол кандитаттык ишинин 62 бети азыркы академик Абдылдажан Акматалиевдин КМУУнун филология факультетин бүтүп жатканда доцент Самак Давлетов агайдын илимий жетекчилиги менен жазган ушул эле темадагы дипломдук ишинен алынгандыгы болчу. Ал кандай шартта, ким тарабынан алынып, кантип Ж. Бакашованын диссертациясына кирип калганын Кудай акы билбейм. Эми мен аны кандайча билип калганым тууралуу айта кетейин.

Ал кезде азыркы Бишкек Мамлекеттик Гуманитардык университети жаңыдан ачылып, мен ошол университетте Кыргыз адабияты кафедрасында кафедра башчысы, Сулайман Кайыпов декан болуп иштеп жатканбыз. Ж. Бакашованын диссертациясына биздин окуу жайды жетектөөчү мекеме катары бекитишкен экен. Жылдыз диссертациясын алып келип калды. Ага чейин эле, ал учурдагы жаш окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты Абдылдажан Акматалиев мага телефон чалып,

Ж. Бакашованын диссертациясынын 62 бети анын дипломдук ишинен алынып киргизилгенин айткан. Анын да илимий жетекчиси А. Садыков болгондуктан, бул натуура ишти айтып чырылдаса да, ага эч бөгөт боло албаганын айтып муңканган.(А. Акматалиев азыр да муну тана албас).

Бул кырдаал боюнча Сулайман Турдуевич экөөбүздүн да башыбыз катты. Диссертацияны бири-бирибизге «ыргытып» жатып, акыры көздү чылк жуумп, жетекчи мекеме катары оң пикир берүүгө аргасыз болдук. Себеби ал мезгилде биз илимге жаңы келген жаш кадр элек, ал эми А. Садыковдун илебине нан бышып, КРнын Илимдер Академиясынын Тил жана Адабият институтунун директору болуп турган кез, ал кишиге каяша айтмак кайда?! Экинчиден, Сулайман Турдуевичти бир кезде кызматка алган экен, менин болсо кандидаттык ишиме биринчи оппонент болуп, Уфага чейин барган адам б. а. экөөбүз тең жакшылыгын көргөнбүз.

Ошондой болсо да үн катпай калбадым. Жылдызды чакырып, маңдайыма олтургузуп алып, «көзүн чукуп», илимге мындай ыпылас жол менен келүүгө болбостугун эскертип айттым. «Ары карап ыйлап, бери карап күлүп» деген сыңары ошентип, Ж. Бакашованын ишине оң пикир бердик. Ал кезде биздин башкача кылууга аргабыз жок эле…

Ошол ошол болду. Кийин т. а. 1998-жылы, кандидаттык ишти коргогондон кийин 6 жыл өтүп-өтпөй эле Ж. Бакашова коңшу Казакстанга барып, докторлук диссертациясын жактап келди деп угуп калдык. Илимий чөйрөдө бул жаңылык боюнча ар кыл күпүл-күпүл сөз болсо да эч кимибиз кызыгып сөз кылбадык. Мен ошол жылдары докторлук диссертациямдын үстүндө иштеп жаткам. Адатта докторлук диссертацияны коргоордон мурун диссертант коргоого алып чыккан темасы боюнча монография жарыялашы керек деген шарт бар. (Бул талап азыр да сакталган). Ж. Бакашованын диссертациясы менин темама жакын болгондуктан (экөөбүздүкү тең Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу), мен ишимде тема боюнча мага чейинки илимдеги адабияттар менен таанышып, алар боюнча маалымат беришим керек эле. Ушундай муктаждыктан улам мен Ж. Бакашованын монографиясын издеп калдым, бирок тилекке каршы ал учурда эч бир китепканадан тапканым жок. Бир жолу Жылдыз БГУга келген экен, өзүнөн сурадым, «макул эже, берейин» деп коюп, ошол бойдон бербеди. Ошол ошол болду. Кийин т. а. 2008-жылдын 22-апрелинде Абдыкадыр Садыков агай мен иштеп жүргөн Кыргыз-Түрк Манас университетине Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чарабызга келип, өзүнүн эмгектери менен кошо Ж. Бакашова экөө авторлошуп жазган «Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (1997) деген китепти Кудай жалгап кол тамгасы менен белекке тапшырып жатпайбы. Ошентип Ж. Бакашованын эмгеги менен таанышууга мага мүмкүнчүлүк 11 жылдан кийин гана түзүлдү. Чынымды айтсам, ал эмгекти жалпысынан барактап койгонум менен ал учурда ага анча деле маани берип караганым жок. Ии, илимий жетекчиси менен биргелешип чыгарган экен деп койдум. Бирок китептин кайсы бөлүмү ким тарабынан жазылганы так көрсөтүлбөгөн экен. 2000-жылдардан баштап, А. Садыков «Кыргыз залкарлары» деген серия менен томдуктарын жарыялады. Ал 9 томдуктун 3-тому (2012) Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналыптыр. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына тийешем бар окумуштуу болгондугумдан агайдын китебин көздөн кечиргем. Бирок чынымды айтсам, Ж. Бакашова экөөбүз академиянын корреспондент-мүчөлүгүнө атаандаш катары ат салышып жатканда Бакашованын илимий эмгектерине кайрадан көңүл бурууга туура келди. Дегеле илимпоз катары анын илим куржунунда эмне бар экенине кызыктым. Болгон эмгектери тууралуу жогоруда жазган “Жаңы Ордо” гезетасына жарыялагам. Менин бул жерде айтаар сөзүмдүн төркүнү башка, ал А. Садыков менен Ж. Бакашовалардын жогорудагы китептеринде кездешкен главалардын аталышындагы жана тексттериндеги сапма-сап окшоштуктардын орун алганы тууралуу. Ырас, агайдын китеби кийин чыккандыктан бир кыйла эле жаңы материалдар киргизилиптир, ошого карабастан эки иштин стили өтө жакын, айрым учурда, көбүнчө глава, параграфтардын теориялык бөлүмдөрүнүн окшош экендиги таң калтырбай койбойт. Эки китептеги коюлган глава, параграфтар бир аз эле айырмачылыктары болбосо, негизи эгиз козудай окшош болуп чыкты. Караңыз:

  1. Ж. Бакашовада (А. Садыков авторлошу) I бөлүм: “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы көркөм шарттуулуктун табыяты (3–25-беттер).
  2. А. Сыдыковдо “көркөм шарттуулук маселеси” эмгектин “Киришүү” бөлүмүндө жайгашкан (6–9-беттер) (эки эмгекте тексттери бир аз гана айырмачылыктар, алымча-кошумчаларды эске албаганда жогоруда көрсөтүлгөн беттер сапма-сап, сөзмө сөз окшош.

Ж. Бакашовада I бөлүмдүн биринчи параграфы “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы символдун ээлеген орду” деп аталса, А. Сыдыковдо I глава “Символдук ыкма жана символ концепциясы” деп аталат. (Экөөнүн киришүү бөлүмдөрү бирдей).

Ж. Бакашованын китебиндеги кийинки бөлүмдөрдүн аталыштары:

  •  2. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы айбанаттар дүйнөсү.
  •  3. Жаратылыш көрүнүштөрү жана буюм-теримдердин символдору.
  •  4. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы пейзаждын көркөмдүк кызматы.

Ушуну менен I бөлүм бүтөт.

Эми А. Сыдыковдун китеби боюнча глава, параграфтардын аталыштарын карайлы:

  •  1. “Жамыйла” повестиндеги обондун символу.
  •  2. Көз символу
  •  3. Жаратылыш көрүнүштөрүнүн символу.
  •  4. Буюм-теримдердин символу.
  •  5. “Кош терек” же “Биринчи мугалимдеги” символдор.
  •  6. Кыз менен жаз, күн менен-түн, ак-каранын символдору.
  •  7. “Үч” цифра-символу.
  •  8. Айбанаттар дүйнөсүнүн символдук мааниси.
  •  9. Пейзаждын символдук кызматы.

Эки китептеги жолуккан окшош параграфтарды кунт коюп окусаңыздар адабияттагы “көчүп жүрүүчү сюжеттер” катары пикир калтырат, иштин духу, мазмунунда көп кайталоолор кездешет ж. б. Ооба, айтылгандар бир четинен акылга сыярлык эле нерсе, анткени илимий жетекчи изилдөөчүнүн ишине “кол тийгизет”– оңдойт, түздөйт, кошумчалайт. Абдыкадыр агайдын ошондуктан Ж. Бакашованын эмгегине экинчи автор катары киргенинин жөнүн ушинтип түшүнүп, ушундайча кабыл алсак да болот. Бирок Ж. Бакашова менен агайдын авторлош китебинин экинчи “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы баяндоочулар жана алардын мүнөз өзгөчөлүгү” деген главасынын параграфтары кантип, кандайча болуп А. Сыдыковдон убагында кандидаттык ишин жазып бүтүп, анан кандайдыр бир себептер менен жактай албай калган Ишен Айтмамбетов деген изденүүчүсүнүн кандидаттык диссертациясынын материалдары болуп кеткени түшүнүксүз жагдай жаратат?!

Кыргызда “житкен окту аткан ок табат” деген бир керемет макал бар. Сыңарындай, Ж. Бакашованын уурулук иши да Академияда 2021-жылы 5-августта өткөн ыплас шайлоодон кийин ачыкка чыгып калып жатпайбы! Кандайча болгонун айтып берейин.

Шайлоо өтүп, калыс өтпөгөн шайлоо боюнча Академиянын жетекчилигине арыз жазып, чындык издеп чырылдап жүргөн кезибиз (тимеле дароо эле чечип жиберчүдөй ишенип алганыбызды айтсаң…). Күндөрдүн биринде мурдагы студенттеримдин бири чалып, “Эже, биздин курстан бир студент сизге жолугат элем деп жатат, убактысын айтсаңыз” деп калды. Көңүл деле бурганым жок. Экинчи, үчүнчү жолу чалып, “Академиядагы шайлоого байланыштуу айтчу сөзү бар экен, жолугушууну абдан каалап жатат” деди тиги ортомчу студентим. Жолугуштук. Көрсө ал менин улуттук университетте тээ илгери окуткан студентим Ишен Айтмамбетов экен. (Буга чейин аны менен эч кабарлашпагам, кайда, эмне кылып жүргөнүн билбейт да элем). Мага айтмакчы болгон Ишендин кабары чындыгында эле оозумду ачырды. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин ал болгонун жашырбай коомчулукка, оболу тиешелүү жетекчиликтерге айтмакчы болду. Ошентсе Ж. Бакашованын маскасы сыйрылып, чырылдаган чындык жеңээр деп ишенди. Маселенин чоо-жайы боюнча И. Айтмамбетовдун ошондогу кайрылуусун толук келтирейин, окуучум! Сизге бардыгы андан түшүнүктүү болот:

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук комитетинин Башчысы К. К. Ташиевге

Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын төрө айымы Б. К. Тыналиевага

 

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Урматтуу Бакыт Карабековна!

Мен, Айтмамбетов Ишен Джакшылыкович, Сиздерге ачык кат аркылуу кайрылуумдун себеби:

2021-жылы 8-августу күнү сапардан келе жатып авторадиодон «Азаттык» берүүсүн угуп калдым. Ал берүүдө адабиятчы-окумуштуу, өз учурунда бизге лекция окуган эжеке, айтматовтаануу илимине алгачкы чыйыр салган Лайли Үкүбаева эже сүйлөп «… жакында эле Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясында адабият тармагы боюнча академиянын корреспондент-мүчөлүгүнө шайлоо болуп, анда шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар одоно бузулуу менен өткөрүлгөндүгү, корреспондент-мүчөлүккө талапкер Жылдыз Бакашова ээлеген кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жөнүндө, добуш берүүчүлөр бир тараптуу мыйзам бузууга баргандыгы тууралуу жай баяндап берди.

Менин окумуштуу Лайли Үкүбаева менен жана Жылдыз Бакашова менен мурда-кийин эч байланышым жок, тууганчылык, куда-сөөк, кыйма-чийме катыштыгым да жок.

Тек гана, мамлекеттин илиминин келечектеги кызыкчылыгы үчүн, акыйкаттык үчүн сиздерге ачык кат менен кайрылууну туура таптым.

Мен 1990-жылы 2-августта Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун “Кыргыз тил” кафедрасында окутуучу болуп иштеп калдым. 1991-жылы 20-декабрда СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин аспирантурасына «СССР элдеринин адабияты» адистиги боюнча кабыл алынгам. Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун «Кыргыз тили» кафедрасынын ал учурдагы башчысы Такиш Молдогазиевдин жана КMУнун окутуучусу Назаркул Ишекеевдин кеңеши менен илимий жетекчим Абдыкадыр Садыковго барууга макулдугумду бергемин. Жетекчим А. Садыков алгач «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы лирика-романтикалык өзгөчөлүктөр» жөнүндө жаз деп тапшырма берген. Иштин теориялык бөлүмү даяр болгондо, тема бир канча жолу өзгөртүлдү. Учурунда керектүү илимий, адабий маалымат булактар жана илимий китептер менен Мелис Эшимканов, Нурдин Жанкараев, Нарынбек Жусупов, Мамат Сабыров, С. Раев ж. б. дос-курсташтарым камсыз кылып жардам берип турушкан. 1994-жылдын 22-декабрында кандидаттык минимумдарды тапшырып күбөлүк алгам. Менин илимий ишимдин толук текстин ошол учурда университеттин Кыргыз филология факультетинин окутуучусу, студенттик шаарчанын директору болуп иштеген курсташ досум Төлөгөн Акматбеков өзү машинкага басып, 1995-жылы илимий иштин биринчи вариантын кышында, 23-февралда агайдын үйүнө алпарып бергенмин.

1996-жылы жазында Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин Адабият теориясы кафедрасында «Ч. Айтматовдун повесттериндеги баяндоо типтери жана алардын өзгөчөлүктөрү» деген темада коргоо алдындагы илимий иш-чара өтүп, илимий иш кеңеште жактырылган. Кутман Биялиев экөөбүз бир күндө чогуу алдын ала коргоодон өттүк, диссертацияларыбыз коргоого сунушталды. Илимий жетекчибиз А. Садыков кеңешмеден кийин, “илимий ишти коргоо июнь айында Казак Республикасында Алматы шаарында уюштурулат, иш-чара үчүн ар бириңер 50 000 (элүү миң) сомдон мага төлөйсүңөр” деп айтты. Бул мен үчүн өтө оор сумма эле. Акча каражатсыз коргоого болбойт эле.

1996-жылы 12-ноябрь айында мен Россия мамлекетинин Якутиядагы Алдан шаарына жумушчу болуп кеттим.

1998-жылы 13-октябрда Кыргызстанга кайтып келип, бизнесте, өндүрүштө иштеп калдым. Ноябрь айында менин үйүмө Төлөгөн Акматбеков менен Мелис Эшимканов келип, Жылдыз Бакашова менен Садыков Абдыкадыр биргелешип чыгарган китебин ала келишип көрсөтүшкөн. Китептин айрым параграфтарындагы качанкы мен өзүм жазган эмгектеги тексттер өзгөртүлбөй көчүрүлгөн экен. (мен жазган 1-түп нуска, 121 бет тиркелет).

Эртеси күнү биз, Т. Акматбеков экөөбүз (Мелис бошобой калды) Университетке барып Назаркул Ишекеев агайга кирип (декан болсо керек эле), жагдайды түшүндүрдүк. Агай окуп, салыштырып аябай нааразы болду. Түш оогондо А. Садыков келди. Биз кирип болгонун айттык. Ал киши ачууланып, сөгүнүп-сагынып, «билген жериңерге баргыла» деп үчөөбүздү кабинеттен кууп чыккан.

Мен алгач да, кийин да бул жөнүндө эч кимге, эч бир жерде ооз ачып сөз кылган жокмун.

Бирок, акыйкаттык үчүн, окумуштуу Л Үкүбаеванын илимий эмгектери менен тааныштыгым бар үчүн, анын Ж. Бакашова менен асман-жердей айырмачылыгын билген адам катары расмий кайрылууга туура келди.

Эгер илимде бирөөнүн жолу болбосо, башка бирөө ал ишти улантып кетсе ал өнүгүүгө карай жол. Ал алкоого гана арзыйт.

Бирок, ошол иш аркылуу ийгиликке жетип, аны жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн же кээ бир инсандарга, же жалпы коомчулук үчүн тескери максатта пайдаланылса кечирилгис кылмыш деп ойлоймун.

Сиздер салыштырып, салмактап, терең иликтеп расмий калыс пикириңиздерди билдиресиздер деп терең ишенемин.

 

Сиздерди терең урматтоо менен  Айтмамбетов И.

 21.10.2021

(Автордун колу коюлган)

 

P. S. Ишенге окшогон абийирин сатпаган, принципалдуу студенттеримдин болгонуна да шүгүр!

 

Бул кайрылууну Ишен экөөбүз УАКтын төрайымы Б. К. Тыналиевага айтылган фактыны тастыктоочу фактылык материалдар менен алып барып бердик. Б. Тыналиева аларды көңүлкош барактады да, «эми бул иштин мөөнөтү өтүп кетиптир, билбейм» деп үн катты. Плагиаттык, уурулук качан болсо да жоголуп кетпей турган нерселер, «кагазга түшкөндү балталап жоготуу мүмкүн эмес» деген сөз бар го. Анын үстүнө Ж. Бакашова профессорлук наамды УАКтан жаңы эле алып, Академиялык шайлоого «үлгүрүп» калган. Ошол бойдон Б. Тыналиевадан И. Айтмамбетовдун кайрылуусуна эки ооз сөз менен да жооп берилбеди. Ал эми К. Ташиевден орустар айтмакчы, «тем паче» ың-жыңсыз, дегеле кабар-атар болбоду. «Кайран, эсил кайран СССР» дедик ошондо. Бул тариздеги маалымат түшсө, чын-төгүнүн тез да, жеринде текшерип кайрылуучуга тиешелүү жообун бермек. Эч бир арыз, кайрылуу, өтүнүч жоопсуз калганы (оң, терс болсо да) кимдин эсинде бар?

Бул кайрылуудан жооп келбегени менен ошол учурда бийлик чапчып, көзү алачакмактанып олтурган Ж. Бакашованын «колу» Ишенге жетип, эзелки иштерин каздырып, «кысчу жериңди кыс» дегенге чейин жеткиришти го, чиркин! Эми бул башка кеп, бийликтин жүзүн булгагандардын иши…

Азыр менде И. Айтмамбетовдун кандидаттык диссертациясынын бир копиясы турат. Ал кадимки жазуучу машинкада басылган, бардыгы 121 бет. Титулдук бети А. Сыдыков агайдын кол тамгасы менен жазылган. Барактарында агайдын калем менен оңдогон жерлери да жүрөт, демек, бул диссертациялык иш И. Айтмамбетовго таандык оригинал иш экени эч кимге күмөн туудурбайт. Анын үстүнө Ишендин кандидаттык диссертациясынын («Лирико-романтическое изображение в повестях Ч. Айтматова» специальность 10.01.02. Литература народов СССР), илимий жетекчисин (проф. А. Садыков) бекиткен университеттин токтомунун көчүрмөсү да (15 сентября, 1992 г.) өзүндө сакталуу турат, ал тургай аспирантураны 3 жыл окуп, 20.12.1994-жылы бүткөндүгү тууралуу приказы да колунда. Эми сөздөн ишке өтөлү, тагыраак айтканда, уурулук маселесине.

Ж. Бакашова менен А. Садыковдун авторлош китебинин 2-бөлүмү «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы баяндоочулар жана алардын мүнөз өзгөчөлүктөрү» деп аталып, ал бөлүм «Өнөр алды кызыл тил» деп айтат кыргыздар»» деп башталат. (93-б.)

И. Айтмамбетовдун диссертациясында бул иштин «Киришүү» деп аталган бөлүмүндө орун алып, кудум жогоркудай макал менен башталат. (1-бет) Бакашовадагы 93–97, диссертациядагы 1–5-беттер сөзмө-сөз кездешет. Андан ары Ж. Бакашованын китебинде § 1 деп, «Автордук баян» деген тема коюлган. И. Айтмамбетовдо да «Автордук баян» бар, бирок Ж. Бакашованын ишинде бул биринчи параграф болсо, Ишендин диссертациясында акыркы параграф экен. Эми салыштыралы: Ж. Бакашованын китебинде бул § «Мындай баянды адабият теориясында монолог-баяндоого окшоштурат,» деп башталат. (98-бет) Ишенде да кудум өзү (100-бет), Ж. Бакашова (100–111-беттер); § 2 «Лирикалык баян» деген аталышта (108-беттен). Ишенде да § 1 «Лирикалык баян» деп берилген (46-беттен.)

Салыштыралы: Ж. Бакашовада «Джамиля» — ​самая прекрасная история в мире о любви» — ​деп француз жазуучусу Луи Арагон белгилесе… деп башталат. Ишенде «Джамиля» — ​самая прекрасная история в мире о любви» (Луи Арагон) — ​деп башталат. Анан И. Айтмамбетовдо бир аз башкача уланат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Н. Тихонов, А. Салиев, А. Ауэзов, З. Кедрина, И. Нонешвили айткан прикирлеринен цитаталар берилет. Ж. Бакашовада ушул эле цитаталар бир аз орун тартиби алмаштырылып берилген экен. Андан аркысы баштагыдай эле «коёндой окшош» кетет. «Келтирилген мисалдардагы көңүл бура турган учур — ​повесттин лирикалуулугу» деп уланат: Бакашовада (108–126-беттер). Диссертацияда (46–61-беттер);

Эми Бакашованын кийинки параграфтары тууралуу сөз болсун. Китептин § 3. «Сыр ачуу баяны» деп аталып, ал «Эл алдында жүрөгүн сууруп, тартуу кылган сыры» («Биринчи мугалимдеги» Алтынайдын сөзү) деген эпиграф коюу менен башталат. Ишен Айтмамбетовдо кудум өзү, ал дагы иштин 3-параграфы экен. Эми окуйлу: Ж. Бакашовада бул параграф 127-беттен башталып, 147-беттен бүтөт. Ишендин диссертациясында 67–78-беттер. Опокшош!

Андан кийинки § 4 Ж. Бакашовада «Муңбаян» («Саманчынын жолу» повестинин тоналдык ыргагы) деп берилген. Ишендин диссертациясында кудум ушул аталышта, § 3 деп берилет.

Ж. Бакашовада аталган § 137-беттен башталып 147-де бүтөт. Ишендин диссертациясында 78–89-беттер. Экөө буру-терүүсү жок окшош.

Кийинки бөлүм Ж. Бакашовада § 5 «Монолог баян» деген аталышта 148–156-беттер. Бул аталыш И. Айтмамбетовдо да бар, ал 89–99-беттерден орун алган. Буларда деле баягы картина. Эки иш сапма-сап, сөзмө-сөз окшош.

Орустарда «наконец» деп койот го. Акыры И. Айтмамбетовдон Ж. Бакашованын китебинде бир айырма чыкты. Ал § 6. «Кош бирдиктүү сыр чечишүү баяны» деген параграф 157–169-бет. Бул параграф диссертацияда жок.

Эми эки иштин «Корутунду» бөлүмдөрүн салыштыралы. Ж. Бакашовада 170–172-бет. Ишендин диссертациясында 112–115-беттер.

Эки иштин корутундуларынын 1–2-абзацтары окшош. 3-абзацтын аягында бир аз гана айрымачылык бар. Диссертацияда «Мына ошентип, романтика менен лирика тектеш, эки бир тууган сымал түшүнүктөр. Ишибиздин «теориялык аспект» деп аталган биринчи бөлүмүндө мына ошол лиро-романтиканын теги-жайы териштирилди» (113-б.) десе Ж. Бакашовада мындайча берилген «Мына ошентип, романтика менен лирика тектеш, лирикалык баянга арналып, ага мисал катарында «Жамийла» повести анализге алынды.» делет да, диссертациянын корутундусунун бешинчи абзацы диссетрациядагы текст менен кайра уланат.

Диссертациядагы И. Айтмамбетовдун 113-беттеги «Диссретациянын 2-главасы негизги бөлүм. Мында баяндоонун түрлөрү жана алардын бири-биринен болгон айырмачылыктары жана жакындыктары тууралуу сөз жүрөт. Адегенде бир аз теориялык тезис берилип, андан кийин ал конкреттүү чыгармаларды талдоо менен чечмеленет» деген абзацын Ж. Бакашова алып салган экен.

Кийинки абзацтар Ишенде «Экинчи, үчүнчү параграфта» деп берилсе, Ж. Бакашовада «дагы бир темабыз» деген сөздөр менен алмаштырылып берилгени эле болбосо, негизинен эки иштин корутундусу 99% окшош.

Диссертациянын 116–121-беттеринде (акырында) «Пайдалынылган адабияттардын тизмеси» берилген.

Ошентип, Ж. Бакашова менен А. Садыков авторлошуп жазган китеп менен изденүүчү (кандидаттык илимий даража алуу үчүн) И. Айтмамбетовдун диссертациясындагы окшоштуктарды карап чыгып, Сиздерге, урматтуу окурмандар, айтарым «сакалдуу киши жоого түшөрбү» дегендей, бул маселе чоң жоопкерчиликтүү маселе болгондуктан жана ал тууралуу сөз козгоп жаткандан кийин каталык кетирип уят болбоюн деп мен эки ишти сөзмө-сөз текшерип чыккандыгымды баса белгилемекчимин. Калыстык үчүн эки иштеги кездешкен айрымачылык катары айрым бир абзацтын Ж. Бакашовада жылып кеткен учурлары болгондугун да айта кетейин. Анан дагы негедир Ж. Бакашовада Ч. Айтматовдун китептеринен алынган цитаталардын беттерин көрсөтүүдө айрыма бар экен (ошол эле цитаталар).

Дагы бир байкаганым, И. Айтмамбетовдун диссертациясынын беттеринен илимий жетекчиси А. Садыковдун кол жазма менен иштеги грамматикалык, стилдик алашемдиктерди, адабияттарга берилген шилтемелерди оңдогон учурлары бадырайып көрүнүп турат.

Эми бул маселеге башка бир өңүттөн кароого аракет кылалы.

Ж. Бакашова «Художественное мастерство Чингиза Айтматова» деген темада 10–01–03- Литература народов Казакстана и нового зарубежья деген шифрде Казакстандын Илимдер Академиясында доктордук диссертациясын жактаган (1998-ж.) (орус тилинде). Диссертация орус тилинде даярдалып, төмөндөгүдөй структурада түзүлгөн экен. Орус тилинде болгондуктан, кандай болсо, ошондой берейин.

 

Введение.

  1. Художественная условность в произведениях Ч. Айтматова

1.1. Природа и сущность художественной условности.

1.2. Название произведений — ​одно из проявлений условности.

1.3. Роль символа в произведениях Ч. Айтматова.

1.4. Мир животных в произведениях Ч. Айтматова.

1.5. Явления природы и символы вещей.

1.6. Художественная роль пейзажа в произведениях Ч. Айтматова.

  1. Повествовательные особенности произведений Ч. Айтматова.

2.1. Авторское повествование.

2.2. Лирическое повествование.

2.3. Повествование — ​исповедь.

2.4. Повествование — ​скорбь.

2.5. Повествование монолог.

2.6. Повествование исповедь – примыкание.

  1. Стилистические особенности произведений Ч. Айтматова.

3.1. Мастерство Ч. Айтматова в выборе темы и тематического доминанта его творчества.

3.2. Интонационно-ритмическое созвучие — ​одно из проявлений языкового мастерства Ч. Айтматова.

3.3. Мастерство использования Айтматовым национального языка.

3.4. Стилистические особенности русского и кыргызского текстов в произведениях Ч. Айтматова.

  1. Изобразительно-выразительные средства художественного слова в прозе Ч. Айтматова (сравнение и метафора).

4.1. Сравнение.

4.2. Образно-выразительные (стилистические) особенности сравнения.

4.3. Художественно-языковые формы и способы образования сравнений в произведениях Ч. Айтматова.

4.4. Метафора.

4.5. Происхождение метафоры.

Заключение

Список использованной литературы (252-б.)

Кызыктан кызыктар көп. Бардыгына токтолуп олтурбастан, бир гана учурга токтолоюн. Ж. Бакашова менен А. Садыковдун китебинин экинчи бөлүмү “ Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы баяндоочулар жана алардын мүнөз өзгөчөлүгү” деп аталып, ал 93–96-беттерде орун алган. Ушул текст И. Айтмамбетовдун диссертациясында “Киришүү” бөлүмүн 1–5 бетинде турат. Алар коендой окшош! Бир айырмасы Ишендин киришүүсүнүн уландысы да бар экен 14-бетке чейин. Бирок эмнегедир Ж. Бакашова аны кыскартып пайдаланган. Анан ушул эле текст А. Садыковдун жогоруда аталган жеке автордук китебинде “Баяндоочу каарман” деген бөлүмүнүн алгы сөзүндө бадырайып турат. (348–351-беттер). Агайдын алгы сөзүндө бир гана айырма бар, анда акырына “Эмгек бир главадан, бир нече параграфтан турат. Аягында корутунду чыгарылат” деген кичинекей абзац кошулуптур.

Кызык кырдаал. Кыргыздардагы Маанаке деген аңкоо тууралуу бир ылакап эске түшөт. “Мен го Маанаке, Маанакемин дейин десем сакалым канаке, Маанаке эмесмин дейин десем кызыл өгүзүм мынаке” деген. Айтайын дегеним, жогорудагы текст кимдики!? Окшош тексттин биринчи ээси ким болгон деги? Айтор жогорудагы илимий иштердеги окшоштуктар көп суроо жаратат. А. Садыковдун автордук китеби менен Ж. Бакашованын докторлук диссертациясынын структурасындагы, мазмундарындагы үндөштүктөр дагы бир маселе… Эгер эле УАК кызыкдар болсо, өзүнчө эксперттик комиссия түзүп текшертип көрөр… Кандай болгон күндө да илим жаатындагы бир олуттуу маселе ортого оркоюп чыгып калды. Ал изденүүчү И. Айтмамбетов менен Ж. Бакашованын эң аз дегенде эле бир главасынын бүтүндөй окшош чыгышы чындык! (Биз аны атайын кара тамгалар менен бөлүп көрсөттүк).

Эми илимий иштин илимий-теориялык деңгээли деген корголуп жаткан диссертацияларга коюлуучу бир критерий, талап бар. И. Айтмамбетовдун диссертациясы филология илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны изденип алуу үчүн жазылган иш. Ал ушул турушунда кандидаттык иштерге УАК тарабынан коюлуучу талаптарга жооп берер деңгээлде. Ал эми Ж. Бакашованын илимдин доктору деген жогорку илимий даражаны алуу үчүн жазылган монографиясынын II бөлүмүнүн диссертациясынын II главасынын илимий-теориялык деңгээли боюнча эмне дейбиз, т. а. кандидаттык иш докторлук ишке коюлуучу талапка жооп береби (ал дагы бирөөнүн эмгегинен уурдалып жатпайбы? Айтор суроолор көп, жооп жок)?

Акырында айтарым. Кыргызстан – кичинекей мамлекет. Кытайлардан бирөө айтты деп анекдот кылып жүрүшөт го. “Кыргыздар силер бири-бириңерди жүзүнөн тааныйсыңар го” деп таң калышат экен (аз эл экенсиңер дегенсип). Бири-бирибизди жүзүбүздөн тааныбасак да бир чөйрөдө жүргөндөрүбүз, шаар ичи кимдин ким экендигинен аз да болсо кабарыбыз болуп турары чындык. Илим чөйрөсү айрыкча. Ким кандай жол менен илимге келди, кимдин ишин ким жазып берди. Кантип жактады, илимпоздук дарамети канча? Бирок ошого карабай эле кээде “эшиктен эмес илимге тешиктен киргендер” көжөрүп көз майын коротпой эле калың чөнтөктөрү, кандайдыр бир мамилелеринин аркасында ыйык илимге келип, дипломдорду катарлап чөнтөккө салып, анан да ага ыраазы болбой (өз дараметин ойлобой) дегеле чоң дымак күтүп, ай чапчып, коомчулукту “эмне кылып аласыңар? дегендей пейил күткөн шылуундар азыркы күндө коомубузда көбөйгөндөн көбөйүп баратканы өтө опурталдуу. Илимдеги нак ушундай мителик көрүнүш бүгүн илимдин да, илимпозмун дегендин да баркын түшүрүп салды го… Анын классикалык үлгүсү катарында филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү, эч убакта ээрден түшпөгөн, азыркы күндө республикадагы эң мартабалуу зор тарыхый мааниге ээ улуттук Тарых музейинин директору кызматында отурган (Бир кезде директор болуп турганда А. Осмонов атындагы улуттук китепканадагы өтө сейрек, уникалдуу эки китепти: “АПОСТОЛ” (1564), “Острожская БИБЛИЯны” (1581) ың-жыңсыз жоготуп жибергенине карабай) Жылдыз Бакашованын илимдеги жасалма сапарын көрсөтсөк болот. Мейли дейли, Жылдыз илимдеги ийгиликке жетүүнүн кара жолун тандап алып, жаңылышып жүрөт дейли. Ал эми илимди баалап, барктай турган чыныгы илимпоздордун Ж. Бакашованы жандап, керек кезде сүрөөнгө алып, айга-күнгө теңеп жүргөндөрүнө эмне дейбиз?!

“Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет”, “укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба!”, “Минтип жүрсөң бир күнү төшү түктүүгө жолугасың!” деген кыргыз элинин философиялык ой корутундулары дегеле тегин эмес экен. “Шибегени капка ката албаган” сыңары ачуу чындык бир күн болбосо бир күн калкып чыгып калары бышык, турган иш. Ошондуктан алтындай убактымды коротуп, КУАнын академиктери, корреспондент- мүчөлөрү Ж. Бакашованын илимге кошкон чоң “салымын”, “жаңы ачылыштарын” жогору баалашканына күбө болгон соң Ж. Бакашованын эң фундаменталдуу эмгегинин чоо-жайын билген адам катары, анын чыныгы жүзүн ачып берүүнү өзүмдүн атуулдук да, окумуштуулук да парзым деп эсептеп, ушул макаламды жаздым. Коомчулук окуп, өзү таразалап алсын!

P.S. Урматтуу окуучум! Ж. Бакашованын кыргыз адабият таануу илиминдеги зор «ачылыштарынан» кабардар болдуңуздар деп ойлойм. Эми журналистика адистиги боюнча, бир кыскача кыстырма. КМУУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөнү эле болбосо, журналистика боюнча илим жазган жок. Эмгектерин карасак болгону бир гана «Основы этножурналистики. Учебно-методическое пособие. (Бишкек. — 2006) аталышында жупкадай китепчеси бар экен. Анан суроо туулат. Ж. Бакашова кайсы фундаменталдуу эмгектеринин негизинде «Журналистика» адистиги боюнча изденүүчүлөргө илимий жетекчи болууга укук алган?

 

Лайли Үкүбаева, Ф.и.д., профессор, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. КРнын Илим жана Техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси

Share