— Азыркы өлкө башчысынын чоң атасы Мусталый басмачы болгонбу? Же “аккан арыктан суу агат” дегенби…
— Анда кеп башынан болсун дегендей, китептин биринчи эле томдугунда китепте белгилегенимдей, азыркы белгилүү инсандардын чоң аталарынын “басмачы” экендигинде… “Башканы коюп, Манасты айт” дегендей, Кыргызстандын эгемен жылдарындагы алтынчы президенти болуп шайланган Садыр Жапаровдун чоң атасы Жапар уулу Мусталый кезинде басмачы болгон экен. Президент өзү деле басмачынын тукуму экендигин жашыра албаса керек.
Жапар уулу Мусталый — 1900-жылы азыркы Түп районундагы Кең-Сууда төрөлүп чоңоёт. Ал бай-манаптын тукуму деп кулакка тартылып, бир канча кордуктарга туш болот. Мусталый уулу Нургожо ажынын “Кыргыздын сыры санжыра” деген автобиографиялык китебинин 77-бетинде “Мусталый биринчи бай-манаптын тукуму катары кысымга алынса, кийин оруска каяша айтып, кол көтөргөнү үчүн “Басмачы Мусталый” аталды” деген жазуулар бар. Мусталый Кең-Суудан Кытайга качып, ошонун таасиринде президент Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы 1933-жылы Кулжа облусундагы Көк-Терек айылында төрөлгөн. Бул аймак бүгүн да Кытайга карайт. Мына ушундай маалыматтардан улам Кыргызстандагы ар бир тектүү адамдардын тукумдары бай-манап, кулак, басмачы деп кордолгонун унутууга болобу?
— Кепти, “басмачынын балдары” дегенден баштадык окшойт. Ошондой эле кыргыз элине башы көрүнгөн Мелис Мырзакматовдун чоң атасы да басмачы экени белгилүү.Укукчу журналист Нышанбек Кочкоровдун чоң атасы Тиллебай да басмачы болгон экен…
— “Кыргыз эл жазуучусу” Бекен Назаралиев 2018-жылы чыккан “Кун” деген китебинде Тиллебай корбашынын образы жана анын тагдыры боюнча кенен жазган. “Кун” повести да дээрлик тарыхый документалдык окуялар менен баяндалып, Тиллебай корбашынын “корбашы” атыгышынын негизги себептерин чагылдырып, анын тагдырын, өтмүшүн ачыктоо менен бирге “кыргыздын душманы кыргыз” экендигин айгинелеп берген. Муну “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” деген китебимдеги тарыхый документтер да далилдейт.
Тиллебай корбашы жөнүндө белгилүү коомдук ишмер жана мамлекеттик ишмер кыргыз тарыхында улуттун жүзү катары өз элине таанылган Бекмамат Осмонов “Эгемен элдин сыймыгы” деген маегинде; “Акман өрөөнү эки гана адам менен сыймыктанат. Алардын бири Мамыр Мерген уулу өмүрүнүн акырына чейин Кокон хандыгынын залимдиги менен күрөшкөн баатыр катары белгилүү болсо, экинчиси Коммунисттик идеологияга каршы турган Айымбет уулу Тиллебай корбашы жана анын уулу Аскар болгон. Булар ошол доордогу эки чоң бийлик режимдерине каршы турган. Бири Кокон хандыгы, экинчиси Коммунисттик бийлик. Мындай режимдер менен чыныгы баатырлар гана кармашкан” деп жердештерин сыймыктануу менен эскерген…
Коммунисттик идеология менен тикелей каршы туруп, өлгүчө өз пикирин бербеген Тиллебай корбашы жана анын уулдары Аскар, Тыныбек жана Кочкор жана алардын тарыхый санжырасы бабалары жөнүндө жазылган китептерде, жашоодо өз айтканынан кайтпаган, өжөр, эли-жерин өз өмүрүнөн жогору көргөн чыныгы кыргыз баатырларынын сыпаттары айтылган. Кыргызда “теги”, “канында бар” деген сөз бар. Кыргыз наркынын илгерки көз карашы менен карай турган болсок белгилүү журналист Нышанбек Кочкоровдун да коомдук ишмердигинин түпкү насили анын ата-бабаларына барып такалары турган иш. Муну “канында бар да” деп коёт кыргыз. Мисалы, Тиллебай корбашы өз заманынын чыгааны болгон болсо, анын тукуму Нышанбек Кочкоров өз заманынын белгилүү инсаны боло алгандыгы менен айырмаланды.
— Балким, көпчүлүгүбүздүн аталарыбыз да басмачы болгондур? Документтерди изилдегениңизде тааныш фамилиялар чыкса керек?
— “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” китебиндеги Фергана өрөөнүндөгү Совет кошундарына каршы аракет кылып, куугунтукталган корбашылардын узун тизмеси чыкты.
Алай өрөөнүнөн:
Нурмат миңбашы, Хамракул (Нурмат миңбашынын паңсады), Манас, Хакимбек, Каробай Туксабо, Молдо Шади.
Ош уездинен:
Аскар (Мойдунбектин, негизинен Жолчунун паңсады), Бобожон жүзбашы, Кулдош (Колдош Б.Ж.), Йулбарс (Жолборс Б. Ж.) Дарон (Шермухаммадбектин корбашысы), Пулат (Ахмад палвандын паңсады),
Наманган районунан:
Дадабой лашкарбашы, Ак молдо (Баястандын санаалашы), Шосалим жүзбашы, Туйчи палван, Курбон Али, Тухта Назар, Суюнбек жүзбашы, Бутабек, Усманбек, (Баястандын жүзбашысы), Рахмонбек жүзбашы, Абдурахман молдо, Парпи молдо, Абдукасим, Марал жүзбашы, Ахматбек паңсад жана башкалар…
Албетте, “басмачы” деген ат менен атууга кеткен репрессия курмандыктарынын тизмеси узун…
— Жолдошбек Советбекович, сиздин бул эмгегиңизди окуп отуруп Кыргыз улутунун тамырына балта чабуу идеологиясынын негиздери ишке ашкан экен деген ойго келдим… Тарыхтын тамырын казууга эмне себеп болду жана канча жыл эмгектендиңиз?
— Тарыхтын тамырын казууга себеп, менин тарыхчы болгондугум жана ошол 1920–1950-жылдардагы тарыхыбыздын бир беткей изилденип, бир беткей бааланышы.
“Басмачы”, “кулак” деген күнөө коюлуп репрессияга кабылгандардын так саны жок. Бирок, болжол менен 25000 ден — 50000ге чейин деп айтып келебиз.
Бул сандарды көрүп, Совет бийлиги калктын каймактарын жок кылган экен деген ойго келдим.
Өткөн доор менен азыркы доордогу саясаттын айырмасы чоң. Ал мезгилде авторитардык, тоталитардык система болсо, азыр демократиялык системада жашайбыз. Бирок, адамдардын бири бирин каралоосу, сатуусу, пахта коюусу азыркы мезгилдегидей эле болуптур.
Басмачылардын арасынан өзүнүн элине кыянаттык кылган фактыларды кезиктире алганым жок. Кыргыздын душманы кыргыз болгон. Азыр деле ошондой. Айтмерек менен Чыңгыз Дөөнү салыштыруу өзү туура эмес. Мен болгону Гаип паңсат менен Чыңгыз Дөөнүн кекиртектеринин кесилишинин окшоштуктарын гана слайдда салыштырып көрсөткөм. Атам басмачы болгон экен деп кыжаалат болбостон, тескерисинче сыймыктануу менен кабыл алышууда. Алар басмачы болгон эмес, алар эркиндик, азаттык кыймылынын лидерлери болушкан. Алар эч жерди басып алышкан эмес. Басмачылык кыймылдын айрым бир гана өкүлдөрү тескери аракеттерге барып, аша чаап кетпесе, негизинен алар эч кандай элге карата жаман аракеттерге барышкан эмес.
— Демек, биз билген “Сталиндик репрессиядан” тышкары Совет дооруна чейин жана андан кийин да саясий куугунтук болуп, кыргыз каймактары жок кылынган экен да…
— Ооба, биз билген же коомчулукка кеңири тараган репрессия 1937-жылкы тарых болгон болсо, андан мурдагы жана кийинки репрессиялар көмүскөдө калган. Деген менен бул репрессиялардын документтери архивде “Совершенно Секретно” деп атайын гриф менен сакталып турат.
Турдайым Кожомбердиева