Арстанбаптын токойлорун сактоо – орто азиянын келечегин сактоо

Арстанбаптын токойлорун сактоо – орто азиянын келечегин сактоо

Түштүк Кыргызстандын Өзгөндөн Аксыга чейин созулуп жаткан жаңак-мөмөлүү токойлору дүйнөдөгү башка токойлорго бир да окшошпогон, эң эле сейрек кездешүүчү кооз, уникалдуу, дүйнөнүн башка жактарынан кездешпеген баалуу токойлордон болуп саналат. Бул жаңак токойлору байыркы, Муз доорунан жалгыз гана Кыргызстанда сакталып калган токойлордон. Арстанбаптагы жаңак-мөмөлүү токойлорунда жапайы алма, алмурут, карагат, кайналы, айвансары, долоно, алча жана башка мөмөлүү дарактар өсөт. Токой бийиктеген сайын шилби, ит мурун, аса-муса, карамарт, ыргай жана башка бадал дарактары өсөт. Бирок бүгүнкү күндө ушул токойлордун абалы мурдагы советтик мезгилге салыштырмалуу аянычтуу абалга келип калган. Мындай абалга келүүсүнүн себептери эмне экендигине адамдардын, мамлекеттик деңгээлде маани бербей жаткандыгы көңүлдү өйүтөт.

Жумушсуздуктун айынан адамдардын турмушу жакырланып, отунга болгон муктаждык жана отун-энергетиканын кымбат болуп жатышы, токойду башкарууга жалгыз гана токой кызматкерлеринин катышып жатышынан токойго жана токой байлыктарына болгон басым жылдан жылга күчөп барууда. Жергиликтүү бийликтердин токойду башкарууга катышпагандыгы жана алардын токойду башкарууга катышуу тууралуу иш-чараларды иш-пландарына киргизбегендиктен, токойду башкаруу жеке гана токой чарбаларга тиешелүү деген түшүнүктүн коомчулукта калыптануусуна шарт түздү. Мындай көрүнүш орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги бардыгына түшүнүктүү, бирок жергиликтүү адамдар токойго болгон басымдарын токтотпостон, бул кадамдарга барып жаткандыгы турмуштун чындыгы.

Токойдун тарыхы жөнүндө сөздөрдөн

Жаңак-мөмөлүү токойлор жөнүндө айтып жатканда анын тарыхына бир аз көз салып көрөлү. Бул токойлор тууралуу көптөгөн уламыштар жана тарыхый маалыматтар бар. Бул маалыматтар жана уламыштар биздин токойлордун баалуулугун илгертен эле баалап келишкендигинен кабар берет. Уламыштарга ишенсек, биздин заманга чейинки III кылымда Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) жоокерлери азыркы Хожент шаарына кирип келет да жоокерлери четинен ылаңдап калат. Алардын кыйраткыч согушунан корккон жергиликтүү эл Александрга соога катары жаңак ала барышкан экен. Жаңак жеген жоокерлери дароо айыгышып, ошол жерден Александр өзүнүн жортуулун андан ары улантпастан, артка кайтыптыр. Ошондо ал ар бир жоокерине экиден жаңак ала барып, Грецияга эгүүгө буйрук берген экен. Мына ошентип кыргыз жаңгагы «грек жаңгагы» деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон.

Адамдардын баштарынан кандай гана оор күндөр өткөн жок, ошондо да адамдар токойго азыркы учурдагыдай басым жасашпаган. Мына ошондой мисалдардан бири, Потсдамдагы тынчтык конференциясында экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарып жатып, АКШнын президенти Гарри Трумэн Сталинге күтүүсүз сунуш менен кайрылат: «эгерде Совет өлкөсү Кыргызстандын жаңак токойлорун 50 жылга убактылуу пайдаланууга берсе, АКШ СССРдин карыздарынын кыйла бөлүктөрүн кечип жиберүүгө даяр» деп. Сталин туңгуюкка такалган, себеби ал мындай токойлордун бар экендиги тууралуу билген эмес. Тез аранын ичинде Сталиндин столунда бул токойлор тууралуу толук маалымат пайда болот. Маалымат менен жакындан таанышып чыккандан кийин, “Трумэн мырза, табигат тартуулаган, ата-бабадан калган кооз мындай токой дүйнөнүн эч бир жеринде жок. Бул биздин мамлекеттик байлыгыбыз. Биз Америкага карызыбызды сураган баада төлөп берүүгө даярбыз, бирок бул токойду бербейбиз”, — ​деп жооп берген. Кыргызстандын жаңак токойлорунун баалуулугуна жогору баа берип, аны сактап, коргоп калууга керектүү министрликтерге тапшырма берген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий докладында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бардык мамлекеттердин АКШга карызы 12,4 миллиард доллар болгон. Бул карыз 70 жыл мурда болгон жана ошол кезде аябай чоң сумма эле. Анын беш проценти же 1,1 миллиард доллары СССРдин карызы болуп чыккан.

Арстанбап жергеси илгери атам замандарда ыйык жайлардан болчу. Бул жерге 1917-жылдарга чейин Түштүк- Түндүк кыргыздарынын атактуу адамдарынын сөөктөрїн атайын ат арытып, жол карытып, Арстанбаптын мазарына коюшчу экен. Азыркыча айтканда ошол учурдагы азыркыдай Ала-Арча көрүстөнүнө. Кыргыздын белгилүү жана атактуу тарыхчылары Осмоналы Сыдыков менен Белек Солтоноев өздөру жазган тарыхый китептеринде жазып кетишкен. Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” деген чыгармасында: “Кыргыз кээ бир атактуу кишилери өлсө, болжолу 1820–1825-жылдар чамасына жете арка кыргыздарынан болсо да, аны алып барып Анжийан шаарындагы Арстанбапка коюп турган, — ​деп жазса, Осмоналы Сыдыков “Тарых кыргыз Шадмания” аттуу белгилүү китебинин “Тагайдын балдары” деген бөлүмүндө: “Маматкулдан: Болот, Темир. Болоттон: Тайырбек, Сүрөкө, Айдаке, Эсенкул, Салыбек. Айдаке, Сүрөкө балдары –“Беш күрөң” аталды. Ошон үчүн атасы Болот кымызды көп ичип, уктап атып өлүп калган. Болоттун сөөгүн Кетмен-Төбөдөн жүктөп келип Анжийандагы Арстанбапка койгон. “Күрөң болуп уктап калды” деп күрөң атаган”– дейт. (Омор Сооронов, “Мундуздар” 47-бет, Бишкек, 2002-жыл).

Жаңак токоюн изилдөө иштери

Жаңак токойлорун изилдөө иштери он тогузунчу кылымда, падышалык Россия Орто Азия аймагын багындыргандан баштап, жаңак мөмөлүү токойлорго көңүлүн бурат. Токойлорду сактоо, коргоо жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында Токой Департаментин уюштурган. 1894–1897-жылдардын аралыгында бул департамент токойлордун жайгашуу географиясын изилдеп чыккан. Илимий изилдөө иштеринде окумуштуулар токойлордун картайып кеткендигин, токойдун табигый калыптануусу жеткиликтүү болбогондугун, токойго малдын ыксыз жайылышынын тийгизген терс таасирин, токойду сактоо зарылдыгын белгилешкен. Ошол учурда жаңак мөмөлүү токойлордун жалпы аянты бир жарым миллион гектарга жакын болчу. (Чичикин Ю. Н. Единственные в мире. Изд. Кыргызстан. 1974 г.) Ал эми бүгүнкү күндө бул токойлордун аянты 632 500 гектар аянтты түзөт же 900 миң гектар аянтка кыскарып кеткен. Анын ичинен таза жаңак токоюнун аянты 34200 гана гектар.

1897-жылдын 2-июнундагы “Токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана токой иштери жөнүндө” жобону камтыган Туркестан крайы боюнча мыйзамдар топтомунда крайдагы тоолуу токойлорду сактоо жөнүндө кам көрүүгө өтө чоң маани берилген. Ошол кездеги Туркестандын Мамлекеттик токой чарбасынын негизги милдети тоолуу токойлордун биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоо болгон. Бул мыйзамдарда тоолордогу токой аянттарынын азайышы жана токойлордун суюлуп кетиши жана токойдун сарамжалсыз пайдаланылышы орду толгус жоготууларга алып келери белгиленген.

Токой аянттарын айдоо катары пайдалануу жапайы өсүмдүктөрдүн жоголушуна алып келүү менен токойдогу генетикалык табигый түрдүүлүктүн бузулушун пайда кылат. Ошондуктан, аны сактап калуу боюнча илимий иштер жүргөн.

Жаңак мөмөлүү токойлорго алгачкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн академик А. Ф. Мидендорф 1878-жылы Туркстан крайына жасаган саякаты тууралуу өзүнүн 1882-жылы жарык көргөн “Фергана өрөөнү жөнүндө очерктер” аттуу китебинде жергиликтүү калктын токойлорду аёосуз жок кылгандыгын жазып кеткен. Ю. Н. Чичикин “Дүйнөдөгү жападан-жалгыз” аттуу китебинде Фергана өрөөнүнүн жаңак уюлдары, революцияга чейинки убактарда дүйнөлүк базарларда анын бир килограммы бир килограмм күмүштүн баасында сатылгандыгы тууралуу жазат.

1885-жылга чейин жаңак уюлдарын даярдоо жүргүзүлгөн эмес. Уюлдардын биринчи партиялары 1885-жылы даярдалып, салмагы 20 пуд (1 пуд — ​16 кг) келген уюлдар чет өлкөлүк базарга, Марселге чейин жеткирилип, ал жерден ар бир пуду 70 рублден сатылган. Ошол эле убакта Марселде Персияда даярдалган жаңак уюлдарынын ар бир пуду 20 рублдан сатылган. Мына ушул соодадан кийин Фергана өрөөнүнөн келген уюлдарга Англиядан, Франциядан жана Америкадан заказдар түшө баштаган.

1886-жылы Фергана облусунун губернатору Өзгөнгө караган токойлорду пландуу кесүүгө буйрук берип, андан жергиликтүү казынага ар бир кыйылган жаңак дарагынан 5 рублдан төлөөнү милдеттендирген. Кесүүгө уруксат берилген 100 жаңак дарагынын ар бирине номер коюлган. Эгерде жаңак уюлун кескенден кийин ошол дарак куурап калса, токойду кыйган адам казынага ар бир куураган дарак үчүн 2 рублдан төлөөгө милдеттүү болгон. Мамлекет токойлордун сакталышына жана корголушуна баа берип, ошол эле кезде токойду сактоо жана коргоо үчүн казынага киреше түшүп турган.

Революциядан кийинки жылдарда башка илимий экспедициялар жаңак-мөмөлүү токойлордун баа жеткистиги тууралуу изилдеп чыгышкан. Мына ошол изилдөөлөрдө окумуштуулар жаңак-мөмөлүү токойлордун Фергана өрөөнүн жана Арал деңизин суу менен камсыз кылууда зор роль ойной турганын белгилешкен. Бирок экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жыгач жана отун даярдоо зарылдыгы жогорку деңгээлге жетип, жыл сайын 25 миң чарчы метр жаңак-мөмөлүү токойлордон жыгач даярдалып, кыркылып турган.

1944-жылы окумуштуулар тобу атайын экспедиция жүргүзүшүп, жаңак-мөмөлүү токойлорго өзгөчө статус берүү зарылдыгы тууралуу жогорку инстацияларга кайрылышкан. Ошол кездеги СССРдин өкмөтү бул кайрылуунун негизинде 1945-жылы апрелде өзгөчө режимде чарба жүргүзүүчү Түштүк Кыргызстан жаңак-мөмөлүү корукту (заказник) түзүү боюнча токтом кабыл алган. Бул токтомдо негизинен токойдо мал жаюуга, чөп орокко жана токой жемиштерин жыйноого чек койгон. Бирок бул чаралар эч качан толугу менен аткарылган эмес.

Чынында бул токойлордун азыркы кездеги зарылдыгы жана сапаты өзгөчө. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча жаңак-мөмөлүү токойлордо 130дан ашык түрдүү дарактар жана бадалдар, дары-чөптөр өсөт. Алар: жаңактын, жапайы алчалардын, жапайы алмалардын, алмуруттардын, кара өрүктүн, арчалардын, бөрү карагаттын, долонолордун, мистелердин жана башка да көптөгөн дарактардын ар түрдүү породалары.

Токойлордун бардыгы тоолордо жайгашып, жер кыртышын сактоодо, сууларды жөндөп турууда, биотүрдүүлүктү камсыз кылуу менен селден сактоодо да негизги ролду ойнойт. Өзгөчө, токойлор жантайыңкы боорлордо жайгашкандыктан алар жаан-чачындарды өздөрүнө сиңирип алып, сууну акырындык менен сайларга берип, кыртышты суу эрозияларынан жана суу каптоодон сактап турат.

Токойдун сууну сактоодогу ролу эбегейсиз. 1949-жылы Шульц өзүнүн формуласында суунун запастарынын алты пайызын мөңгүлөр берсе, 94 пайызын токойлор бере тургандыгын эсептеп чыккан. Ошондуктан да токойлорду сактоо, коргоо жана калыбына келтирүү бул Кыргыз Республикасынын ар бир атуулунун жооптуу милдети болуп саналат. Токойду асыроо, өнүктүрүү, коргоо, бир сөз менен айтканда башкаруу керек.

Жаңак токоюнун баалуулугу эмнеде?

Жаңак токойлорунун баа жеткистиги бир нече аспектиде көрүнөт. Мисалы, экологиялык аспектте: токойду коргоо жана сактоо, өрөөндөрдү суу менен бир калыпта камсыздоо, жер кыртыштарын эрозиялык бузулуулардан сактоо, биотүрдүүлүктү сактоо жана жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү, абаны кислород менен камсыздоо дал мына ушул токойлордун үлүшү.

Экономикалык аспектиде болсо, жергиликтүү калктын токой байлыктарын туруктуу пайдалануу менен турмуш-тиричилигин өткөрүүсү жана оңдоосу, отун, чөп чабык, мөмө-жемиш, дары чөптөр, мергенчилик, курулуш материалдары, токой аянттарын ижарага берүү, жакырчылыкты кыскартуу жана башкалар бар.

Социалдык аспектиден караганда, эс алуу, туризм, жумуш орундары менен камсыз кылуу, токойду башкаруунун укуктук-нормативдик базаларын жакшыртуу, биргелешкен токой башкаруунун жолдорун иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу жана башкалар өзгөчө маанилүү.

Чынында бул токойлордун азыркы кездеги зарылдыгы жана сапаты өзгөчө. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча жаңак-мөмөлүү токойлордо 130дан ашык түрдүү дарактар жана бадалдар, дары-чөптөр өсөт. Алар: жаңактын, жапайы алчалардын, жапайы алмалардын, алмуруттардын, кара өрүктүн, арчалардын, бөрү карагаттын, долонолордун, мистелердин жана башка да көптөгөн бактардын ар түрдүү породалары. Бул ченемсиз байлык эмей эмне?

Совет мезгилинде токой чарбасын өнүктүрүүгө бюджеттен акча каралып, токойчулардын статусу жогору болгондуктан токойду башкаруу жер-жерлердеги токой чарбалары аркылуу жүргүзүлгөн. Бардык план-көрсөтмөлөр жогору жакта иштелип чыгылып, анын аткарылуусу төмөн жакка түшүрүлгөн. Токойчулар бул пландарды талкуулоого, өз ой-пикирлерин кошууга катыша алышкан эмес.

Бул система 1992-жылдарга чейин жакшы абалда келген менен эгемендүүлүктүн жылдарында токой чарбаларды мамлекет тарабынан каржылоо кыйындай баштап, токой чарбаларынын абалы оорлошкон. Адамдардын арасында жумушсуздук күч алып, жашоо үчүн адамдар токой байлыктарына басым жасай баштады. Токой байлыктарын каалагандай жыйнашып, базарларда каалагандай сатууга өтүштү. Ошентип, жеке кызыкчылыктарын жогору коюу жана пайда көрүүчүлүк аң-сезим күчөп, башка бардык баалуулуктар четке кагылды. Токойдон алганды билип, бирок токойго эч пайда келтирбестиктин өзү токойдун сөз жок кыйрай башташына алып келди.

Буга кошумча адамдардын турмуш-тиричилигинин начарлашы же жакырчылыктын айынан элдин көмүр, газ, отун сатып алууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу, токойду коргоого, сактоого жана өстүрүүгө жалпы элдин тартылбагандыгы, токой зонасында калктын санынын өсүшү, токой аянттарында турак-жайлардын уруксатсыз курулуп жатышы, токой мыйзамдарынын аткарылбай жаткандыгы, токой зыянкечтеринин көбөйүшү, токойду сарамжалсыз пайдалануу, көзөмөлсүз мал жаюу, өлкөдөгү саясий туруксуздук токойлордун мыйзамсыз, мыкаачылык менен кыйылып жатышына түрткү болууда.

Жаңак-мөмө токойлорунун арасында жашаган адам саны өсүүдө. Арстанбаптын чоң шаркыратмасына чейин токойлордун ичтерине үйлөр салынып, токойдун ичинде килейген айылдар пайда болду. Бул жерде токойго үй салууга болбойт деген мыйзамдар иштебей калууда. Жер маселесин чечүүдө мамлекеттик деңгээлде саясат жүргүзүү зарыл болуп турат. Жаңак-мөмөлүү токойлордо жана токойлорго жакын жерлерде азыр эки жүз миңден ашык адам жашап, токой байлыктарынан түз же кыйыр пайдаланышууда. Алар турмуш-тириликтерин өткөрүү үчүн токой байлыктарын терип, базарга сатып турушат.

Отунду да сатып алышпай эле токойдон пайдаланып келишет. Анын аркасында токойго болгон басым улам күчөөдө. Арстанбап айыл өкмөтүндө 3600 үй-бүлө же 20 миңден ашык, Могол айыл өкмөтүндө 3000 түтүн же 16 миң адам жашайт. Ар бир үй-бүлө жылына орто эсепте 20 кубометрден отун керектейт. Ошондо Арстанбапта жылына 72 миң кубометр, Моголдо 60 миң кубометр отун даярдалат. Анан да ал жердегилер отундарды өздөрү үчүн гана пайдаланбастан, күнүмдүк турмушун өткөрүү үчүн базарларда сатып келишкен. Базар-Коргон кыштагындагы жана Жалал-Абад шаарындагы базарларда токойлордон кыйылып келип сатылып жаткан отундарды көрүп, токойго канчалык зыян келтирилип жатканын даана билсе болот.

Токойго адамдардан башка да токой зыянкечтери, малак курту, шире мителери өтө чоң зыяндарды алып келүүдө. Токойду химиялык жол менен дарылоо бир жагынан экологияга чоң зыян алып келсе, экинчи тараптан анын байлыктарын сыртка сатууга тоскоол болуп, чет элдик кардарларды жоготуп алуу коркунучун туудурат. Ал эми биологиялык жол менен дарылоого көп каражат жана шарттар талап кылынат. Азыркы кезде андай шарттар жокко эсе.

Жаңак уюлунун баасы дүйнөлүк базарда кымбат тургандыктан, ал ”жырткычтарга” кабылды. Кыргызстандын жаңак токойлорунан уюлдарды (каптарды) “жырткычтык” менен даярдоонун башталышы 1993–1994-жылдарга туура келет. Ушул жылдары пайданын, кызылдай акчанын жытын сезип калган маңкурттар жеке менчик ишканаларды түзө коюшуп, жаңак токойлоруна көптөгөн зыяндарды алып келишти. Ошол кездеги чет элдик кардарлардан алгачкылардан келген америкалык жана түркиялык бизнесмендер же илгеркилер айтмакчы чайкоочулар жаңак уюлунун ар бир килосуна үч доллардан төлөп, кундактарды башка чет мамлекеттерге үч миң доллардан сатып байышты. Алардын төлөгөн долларынын бир да центи же тыйыны токой чарбанын капчыгына түшпөстөн, өмүрү токой менен токойго тиешеси жок адамдардын чөнтөктөрүнө түшүп, алар токой байлыктарынын эсебинен байып алышты же жогорку кызмат орундарга ээ болушту. Чайкоочуларды колдогондор же “крышалары” бийликтин жогорку органдарында отурушту.

Мына ошонун кесепетинен 150–200 жылдык жаңактар кыйылып, токой суюлуп, токойдун өзүнөн чыккан байлык, кайрадан токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү үчүн пайдаланылган жок.

Жаңакты элибиз илгертеден эле ыйык дарак катары көрүшүп, бала-чакаларына “Жаңакка балта көтөрбөгүлө, мерт болуп каласыңар” деп эскертип келишкен. Жаңактын уюлун мыкаачылык менен кыйышкандардын байып кеткендерин көргөнүм жок. Ошол мыкаачылардын көбүнїн жаңак уюлунан алган пайдаларына машиналарды, турак-жайларды сатып алышканын билем. Бирок жаңактын касиетиби, айтор ошолордун көпчүлүгүнүн тапкандарынын бири экиге айланбастан, алган машиналары менен кырсыктарга учурап майып болуп калгандарын, алган турак-жайларын кайта сатып банкрот болуп калгандарын уккан жайларым бар.

Токойлорду сактап калуу үчүн аргасыздан 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевдин баалуу дарактарды кыюуга мораторий жарыялоо боюнча жарлыгы чыккан. Бирок бул жарлыктан майнап чыктыбы? Чынында жаңак уюлдарын мурдагыдай мыйзамсыз жапырт кыюу сээлдеди, бирок дале уурдоолор болуп жатканы эл арасында айтылып жатат. Демек, терс көрүнүштөрдү мыйзам менен токтотууга караганда элдин жапырт көзөмөлү бул терс иштерди болтурбай коюуга көбүрөөк таасир этмек.

Мамлекетибизде жолго коюлган токой саясаты жана жеткиликтүү жакшы мыйзамдар базасы бар, бирок ошол мыйзамдар кандай аткарылып жатат? Кептин баары ошондо.. Эгемендїїлїктї алган жылдардан бери 1993-жылы биринчи Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, 1994-жылы биринчи Улуттук “Токой” программасы кабыл алынган. 1998-жылы “Республикадагы улуттук жаңы токой саясаты жөнүндө” КР Президентинин жарлыгы чыкты. 1999-жылы «Токой чарбасын 2001–2005 жылдар ичинде өнүктүрүү Концепциясы», ушул эле жылы жаңы Токой Кодекси, 2001-жылы улуттук экинчи “Токой” программасы, 2001-жылы Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү боюнча жобо бекитилип, кабыл алынды. 2004-жылы Токой тармагынын 2025-жылга чейин өнүгүү концепциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Концепциянын уландысы болуп 2004-жылы Улуттук токой программасы (2005–2015-жылдарга) иштелип чыгылды. 2006-жылы КРнын токой секторунун Улуттук иш-аракети (2006–2010-жылдарга), 2007-жылы маанилүү саясий документ катары “Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүнүн Концепциясы жана Стратегиясы,” “Чарбалык иш-чараларды жеке секторго өткөрүп берүүнүн стратегиясы жана экологиялык коопсуздуктун концепциясы” бекитилди. Токойду сактап калууга, өнүктүрүүгө жана токойду башкарууга элди, кызыккан тараптарды тартуу ушул мыйзамдарда жана мамлекеттик документтерде кеңири көрсөтүлгөн.

Калкты жана жамааттарды токойду башкарууга тартууда ижаралык мамилелердин бир нече түрлөрү колдонулууда. Бул ижаралык мамилелерди жөнгө салуу үчүн кабыл алынган мыйзамдар көбүнчө бири-бирин толуктап турбастан, кээде таза эмес адамдардын токой тармагында токой байлыктарын пайдалануусуна коррупцияга мүмкүнчүлүк ачып койгон учурлары да кездешет.

Токой азаюуда, адам көбөйүүдө

Жаңак-мөмө токойлорунун арасында жашаган адам саны өсүүдө. Ушундай токойлорго караган аянттарда азыр жалпысынан бир жарым миллион адам, анын токой тилкесинде гана 60200дөн ашык, бир чакырымдай аралыгында 23700дөн ашык, эки чакырымдай аралыкта 435000ге жакын адам, беш чакырымдай аралыгында 848000ге жакын адам жашап, токой байлыктарынан түз же кыйыр пайдаланышууда. Алар турмуш-тиричилик багытында токой байлыктарын терип, базарга сатышат.

1980-жылдары Үсөн Сыдыков СССРдин мезгилинде, коммунисттик партиянын арааны жүрүп турган мезгилде Базар-Коргон районунун 1-катчысы болуп жогор жактан дайындалып, иштеп калат. Ошол кезде Арстанбап аймагында калктын саны үч миңден бир аз ашыгыраак болот. Азыркы күндө отуз миңден ашат. Ал кезде мыйзамдарды кыйшаюусуз аткаруу адамдардын жүрөгүнө сиңирилип, мыйзамдан чыкпай мыйзам менен жашашкан. Ал кездеги Киров атындагы азыркы Арстанбап-Ата токой чарбасына барып токой менен таанышып, келечекте элдин саны көбөйсө, эл батпай турак-жай курууга жер керектигин, ал эми токойдун ичинде курулуштарды курууга мыйзамдар жол бербей тургандыгын билип, Арстанбаптын калкын Сейдикум совхозуна көчүрүү тууралуу маселени партиялык чогулушта көтөрүп чыгат. 80-жылдары Сейдикум совхозунда арстанбаптыктар үчүн үйлөрдү курушуп, аларды көчүрүп келишет. 1982-жылы Үсөн Сыдыков Кара-Суу районунун 1- катчысы болуп которулуп кеткенден кийин Сейдикумга көчүп келишкен арстанбаптыктар, Сейдикум ысык экен деген шылтоону айтып, кайрадан Арстанбапка көчүп келе беришкен.

Бул маселе кийин жетекчилер тарабынан көтөрүлбөдү жана козголбоду. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүш керек. Токой чарбаны тээ илгертен эле экинчи катардагы маселе катары карап келишет. Совет мамлекетинин учурунда колхоздордун башкармаларын жумуштан алып коюшса, сен чарбада иштеп чарчадың, бар эми токой чарбага директор болуп барып “эс алып кел” дегендей “маданий сүргүнгө” айдашкан. Токой деген айыл чарбасындай эле көптөгөн түйшүктөрү бар, ошол кезде элге кызмат кылган тармак.

Азыркы учурда токой тармагын Айыл чарба министрлигине кошуп койгондугу дагы бийликтегилердин токой боюнча маалыматтарынын жоктугунан кабар берет. Токой десе эле эс ала турган жайды, отуну жоктор отун ала турган жерди ж. б. элестетишет. Токой бул экологиянын жандуу бир бөлүгү. Жараткан бул жаратылышты жаратып жатканда пенделерим эс алсын, пайда көрсүн, ошол кезде жаратылышка кам көрсүн деп жаратканын Ыйык Куранда да, хадистерде да айтып кеткен.

Суу-бул бүткүл ааламдын жаны. Суусуз бир күн жашап көр. Кан катат, суу болбосо бардык тирүү жандар жок болот. Суу келсе какыраган чөлдөр да жашылга айланып, жашоонун ыраңын берет. Мына ошол суулар кайдан келет?! Албетте тоолордон, токойлордон келет. Анда эмне үчүн жашообузга эң маанилүү болгон токойду экинчи орунга койобуз? Адамдар, жатып ичерликке көнүп, оңой нерсеге чуркайбыз. Көптөрүбүз айтабыз, араб мамлекеттери нефтиси бар үчүн бай деп. Биз күндө эле машиналарыбызга бензин куюп жашабайбыз да. Бир күн суу жок болуп калса ошол бензинден кымбат баага сууну сатып ала тургандыгыбыз жөнүндө ойлодук бекен?

Мен бул жерде бир икаяны жаза кетейин. Эки адам чөлдө бара жатышып, эки чанач таап алышат. Бир чаначта толо алтын, биринчи адам алтыны бар чаначты баса калат. Мен эми бардык адамдардан баймын, бардыгы мага баш ийишет, каалаган нерселеримди сатып аламын, — ​деп бакырып сүйүнөт. Экинчи адам алган чаначта толо суусу бар. Экөө жол жүрүп келе жатышат. Алтындуу адам чаңкап кошунасынан суу сурайт. Шериги бир пияла суу бир кокуч алтын дейт. Айласыз тиги киши беркинин айтканына көнөт. Ошентип отуруп чөлдөн чыкканда алтындуу адамдын чаначында бир да алтын калбайт, суусу бар чаначтын ээсинин чаначы алтынга толот. Бул эмнени билдирет? Суу-алтындан да кымбат турарын билдирет.

Саясатчылар жана токой

Арстанбаптын токойлорун сактоо боюнча өкмөт 2012-жылы бир жакшы кадамга барды. Арстанбап-Ата токой чарбасынын бир бөлүмү болгон “Дашманды” мамлекеттик жаратылыш коругу деп 2012-жылдын 12-июлунда КР Өкмөтү № 482-токтомун чыгарган. Бул токтомдун мазмуну корук мамлекеттик жаратылышты коргоочу, илимий-изилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Жаңактын генефонду ушул жерде болгондуктан, жаңак ушул жерден дүйнөгө таркаган.

Шайлоо жакындаган сайын депутат болом деген эргулдар токой маселесине кайрылып, “асмандагы айды алып берем” деген убадалар менен элге келишет. Токойлуу жерде жашаган кээ бир токойдон пайданы көп көргөн адамдарга бул жердин корук болгону анча жага бербейт. Алар акчаларын чачып ошол талапкерлердин колтуктарына киришип, кайрадан токой чарбанын карамагына өткөрүп берүү тууралуу эл ичинен көбүнчө ээнооз аялдарды таап, ошолордун ээ-жаа бербес ооздору менен максаттарына жетүүгө аракет кылышат. Мына ошондой жолугушууларда бир талапкер “мени шайласаңар, мен корук эмес, жаратылыш паркын түздүрүп берем деген убадасын берет. Жаратылыш паркы менен коруктун кандай айырмасы бар?

Жаратылыш паркы-бул экологиялык жактан корголуучу жерлер болуп эсептелет жана жергиликтүү бийликтер башкарат. Жергиликтүү бийликтер уруксат берсе жаратылыш байлыктарын пайдаланууга элге шарт түзүлөт. Биздин өлкөдө ар кандай бийлик менен келишип, өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштетсе дегенди билдирет.

Корук — ​коргоого алынган жаратылыш. Жалпы жаратылыш комплексин мурдагы калыбында өзгөртпөй сактоо максатында уюштурулат. Мында чарбалык иштер жүргүзүлбөйт. Адатта, Корук үчүн белгилүү географиялык зонага өтө мүнөздүү жерлер же илимий жактан өтө баалуу табигый объектилер (айбанат жана өсүмдүк түрлөрү, тоо байлыктары ж. б.) бөлүнүп берилет. Анда жаратылышка ар тараптан илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги мыйзам менен корголгон мейкиндик. Адамдар кирип каалаган нерселерин жасоого чек койгон жер.

Токойду сактоо жана экология маселелеринде эң башкысы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө маанилүү. “Жаңак токойлору байыркы юр доорунда келип чыккан токой болуп эсептелет. Муз доорунан кийин жаңак токоюнун сакталган жери Кыргызстан. Табигый жаңак токойлору “Дашман” коругунда гана сакталып калган.

Адамдар Кытайда, Америкада, Грецияда чоң-чоң жаңак токойлору бар экен, жаңактан көптөгөн киреше алышат экен  деген сөздөрдү айтып калышат. Алар адам колу менен жаралган токойлор. Алар киреше пайда алуу үчүн жаратылган токойлор. Ал токойлор биздин токойлордой баалуу эмес. Ал эми Арстанбаптагы жаңак токойлору Жараткан тарабынан адамдарга берилген белек. Бирөө бизге туулган күнүбүзгө бир нерсе белек кылса аны кандай сактайбыз? Өтө этияттык менен көрүнө жерге коюп, паланча белекке берген эле деп мактаныч менен айтабыз. Эмне үчүн Кудай берген белекти кастарлабайбыз?!

Мал токойдун биринчи душманы

Азыркы күндө бардык жерде жумушсуздук бар, айрыкча токойдо жашагандардын арасында. Россияда, башка чет өлкөлөрдө иштеп жаткан балдарынан келген акчаларга базардан малдарды сатып алып, токойлорго агытып жиберишет. Алар бул малдарды “басып жүргөн банктар” деп коюшат. Алардын мындай атагандары да туура, себеби кийинки жылдары бул малдар балалайт, козу, торпок, кулундарды беришет, бир малы экөө болот. Бул идеялары жакшы деңизчи, бирок алар токойду тепсеп, жок кылып жатышпайбы! Мал оозу менен бир чөптү жегени менен, туягы менен тепсеп миңдеген чөптөрдү майкандап жатпайбы! Бул жөнүндө адамдар ойлонуп жатышабы? Жок алар малдын туягын санаган менен экологиялык келечекти санашкан жок да, эгерде келечек муундар жөнүндө ойлошсо башка жолдорду издемек жана тапмак. Азыркы учурда мурдагы калың токойлор сээлдеп, токойдун ичинде кыргыздын улуттук оюну улакты чапса боло турган деңгээлде турат.

Өкмөт токойдо жашагандарга кандай сунуштарды бере алат? Алар адамдар менен келип жолугушуп, аларды кандай көйгөйлөр кыйнап жаткандыгы тууралуу изилдөөлөрдү, сурамжылоолорду жүргүзүп жатышабы? Көйгөйлөр менен жакындан таанышса, көйгөйлөрдү чечүү жеңил болорун билишпейби? Албетте, жергиликтүү бийликтен баштап жогорку бийликке чейин мындай ойлонуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издегендер жок деп кесе айта алам. Себеби, көйгөйлөрдү билишсе өздөрүнүн иш-чараларына киргизмек, көйгөйлөрдү кимдер жаратып жатканын жана ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун ошону жараткандар өздөрү айтып бермек, биргеликте чечмек. Азыркы учурда элибизде жатып ичерлик аң-сезим пайда болду. Бардык көйгөйлөрдү өкмөт чечип бериш керек деген. Эл менен кызматташып, ошол көйгөйлөрдү чечкенге элди тартууга эмне үчүн болбосун.

Токой чарбасындагы кадр бизнеси

Мен токой чарбалардын канча директорлору алмашкан сандарын билбейм, бирок, токой чарбага трактористтен баштап, куруучуга чейин токой эмес, токойдун “Т” тамгасын билбеген адамдардын келип башкаргандарын, директор болуптур деген аты калыш үчүн “шапкесин” берип, кийин ошол берген “шапкесин” толуктап алганча отургандарын көргөнүм бар. Алар директордук абалын сактап калыш үчүн токойду сакташ үчүн эмес, адамдардын арасында бири-бирине чагымчылыктарды уюштуруп, кээде эки улуттун ортолорунда ушактарды таркатып жүргөндөрдү ошол жердеги адамдар айтып калышчу. Арстанбапта үй салууга жер жок. Адамдар өздөрү каалаган жерлерге, токойдун арасына там салып алышууда. Кой деген кожо жок. Кыргыздар айтмакчы “жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” дегендей мыйзамдар аткарылбаган жерлерде ушундай алешемдиктер боло берет тура. Бул кадр саясатын жөнгө коймойунча, мыйзамдуулук иштемейинче токойдун ичи талкаланып бүтмөй болду. Ойлонууга жана аткарууга убакыт келди.

Токойлор жок болсо эмне болот?

Мен бир жолу ютубдан Сахара чөлү бир кезде оазис болгон деген видеону көргөн элем. Мурдагы цивилизациялардын биринде адамдардын жаратылышка тескери мамилесинен улам суу жок болуп, жашыл өрөөн чаңыган өрөөнгө айланып, жайдак жерге шамал кумдарды айдап келип чөл пайда болгон экен деген божомолдуу ойду айтат.

Токойлор да ооруйт, алардын да табыйгаттан берген адамдан тышкары душмандары бар. Мисалга алсак, малак курту, түгөйсүз жибек курту ж. б. Дарактар да адам сыяктуу суук тийүү, рак оорусу менен оорушат. Бул жерде бардыгына токтолуп отурууга гезиттин бети чектелүү.

Ошондуктан малак курту тууралуу кыска сөз кылып кетейин. Малак курту мурда алча, долоно, жапайы алма сыяктуу дарактарды жесе, кийин жаңакка да чабуулга өтө баштады. Бирок бул зыянкечтер токойдун төмөн жагынан жогору бийиктеги дарактарга чейин барып, бийиктеги сууктардан улам жок болуп кетишет. Ага чейин дарактардын көбүн иштен чыгарышып, токойлорду бечара абалга алып келишет жана жок болуп кетүү коркунучуна алып келишет.

Токой жок болсо, булактар байып, суу бербей калышат. Суу жок болсо, токой кургайт. Сайларда суу токтоп, төмөндөгү айдоо аянттарында эгин болбой элди ачарчылык капташы мүмкүн. Түрдүү оорулар чыгат.

Хадисте айтылгандардан бир мисал: Пайгамбарлардын бирөөсү Кудай менен жолукканда «Акыр заман качан болот?»- деп сураган экен. Кудай мындай деп жооп бериптир. — ​Акыр заманды мен кылбайм, менин пенделерим кылат деп. Кудай белекке берген деп эле ысырапкорлук менен токойлорго мамиле жасасак, берилген белекти баалабасак акыры ушундай болушу мүмкүн. Кеч болуп кала электе ойлонуп, Кудай берген белекти сактап калалы.

Бир эле Арстанбаптын токойлорун эмес, жалпы токойлорубузду сактасак, жашыл өрөөндүү Орто Азиябызды сактап калабыз.

 

Тексти жана фото сүрөттөрү

Нурмамат ажы Сапарбаевдики.

Жалал-Абад шаары.

Share