Кечээ жакында үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка буга түздөн-түз тиешелүү болушкан бир катар чиновниктер салык планы ашыгы менен аткарылгандыгын айтышып, өтө чоң ишти жасап салышкандай, бул цифраларды учурдагы экономикадагы зор жетишкендик катары баалашып, мактанып калууга да үлгүрүштү…
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 247,6 млрд сомго салык жана камсыздандыруучу взностук төлөмдөрдү чогултушу пландалган. Бул пландык “планка” өткөн 2022-жылга салыштырмалуу 40 млрд сомго жогорулатылган. Булардын ичинен салыктардан түшкөнү 196,1 млрд сомду, ал эми камсыздандыруучу взностук төлөмдөрдөн чогултулганы — 51,5 млрд сомду түзөт. Республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик гранттык инвестицияларды кошуп эсептегенде (!), 2023-жылга карата 322 млрд 766,0 млн сом деп бекитилген. Башкача айтканда, бюджеттин дээрлик 70 процентке жакыны жалаң гана салыктардан куралып калган.
Мындан сырткары, 2023-жылга бекитилген республикалык бюджеттин тартыштыгы, — алдын-ала пландалган көрсөткүчтөр боюнча алып караганда, — 21 млрд 263,2 млн сомду түзгөн. Албетте, бул цифра жыл аягына чейин дагы бир нече эсеге көбөйө тургандыгы дагы эч кандай күмөн туудурбайт.
Демек, учурдагы өкмөт жана аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдердеги (республикалык мекемелерден тартып, алыскы тоолуу айыл өкмөттөрүнө, айыл башчыларына чейин!) өкүлчүлүктөрү өлкөдөгү жалгыз гана “кирешелүү” болуп калган бул салык тармагына өзгөчө басым жасоо менен иштеп жатышкандыгын дагы түшүнүүгө болот. Чындыгында, салык жана мамлекеттик төлөмдөр, мамлекеттик кызматтарга жараша төлөнүүчү ар кандай камсыздандыруучу төлөмдөр бүгүн эле ойлонулуп чыга калышкан жери жок.
Кагаз акчасы адегенде Кытайда жүгүртүлө баштаган чакта эле, салыктын алгачкы түрлөрү дагы кошо киргизиле баштагандыгы маалым. А бирок, мамлекет өз жарандарына кам көрүүнү, тигил же бул тармактардагы муктаждыктарын камсыз кылуу аркылуу гана алына турган салыктар мыйзамченемдүү кабыл алынып, жалпы калк тарабынан түшүнүү менен кабыл алынып, эч кандай нааразычылыктарды жаратпайт.
Тескерисинче, мамлекеттик органдар өздөрүнө тиешелүү болгон функцияларын толук аткара албай калышса, же өз жарандарынын тигил же бул багыттагы суроо-талаптарына өз учурунда жооп берип, бардык зарыл муктаждыктарын өз маалында чечип туруунун ордуна, алардын чөнтөктөрүн гана аңдып калып, эптеп өздөрүнүн жеке аракеттери менен табышкан кирешелеринен мүмкүн болушунча көбүрөөк өөнөп калууга кынык ала баштаса, — мындай ыксыз, адилетсиз мамиле эртедир-кечтир эл нааразычылыгын жаратат.
Цивилизациялуу, өтө өнүккөн мамлекеттерде салыктардын түрлөрү көп жана жарандардын жеке кирешелерине салыштырмалуу кыйла эле жогору экендиги белгилүү. Бул түшүнүктүү жана дал ошондой жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөр камсыз кылынгандыгы үчүн гана алардан ошого жараша салыктар чогултулушу каралган. АКШ, Швейцария ж. б.д.у.с. Европалык мамлекеттердеги жарандар салык төлөмдөрүнө карата эч кандай нааразычылык чыгарышпагандыгы да ушундан улам.
Тагыраак айтканда, бизде бир кездеги өкмөт башчы Турсунбек Чынгышевдин учкул сөзгө айланган аныктамасындагыдай, “Кыргызстанда жалкоолор менен келесоолор гана уурдашпай калышса”, жогорудагы саналган өнүккөн өлкөлөрдө “жалкоолор жана келесоолор” гана начар жашашат. Себеби, жумушсуз жана иштегенди каалабаган жарандар мамлекеттен ай сайын алышкан пособие-жөлөкпулдарына эч “шиковать” этишпесе да, кадыресе жашай алышат.
Муну кечээ жакында эле АКШда жана Европа өлкөлөрүндө социалдык жактан проблемалуу болгон райондордогу калктын арасындагы чакырыктар ырастап турат: “Пособиеге жашоо жадаттыбы? Анда Украинага өз ыктыярың менен согушка барууга жазыл!” — деген реклама-агитациялык плакаттар менен кыдырып жүрүшөт!.. Алардын мындай азгырыктуу чакырыктарга жана тез эле “оңой” байып кетүү мүмкүнчүлүктөрүнө жапырт жазылышканы байкалбайт!
Ал эми Кыргызстанда болсо мыйзамсыз жолдор менен, аргасыздан өз өлкөсүндөгү жакырчылыктан жана жумушсуздуктан качышып, Сирияга жана башка конфликттик региондорго, согушка наемник болуп кетишкендердин канчасы өлдү — алардын так саны эч жерде жок. Учурда ушундай эле абал Украинада да кайталанууда. СНГ аймагынан эң көп өлгөн жарандар Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарына туш келүүдө.
Арийне, аларды “ЧВК-Вагнер” деп аталган ыяктыярдуу жекече аскердик компаниянын мүчөлөрү катары аташууда. А бирок, аталган түзүмдүн уюштуруучусу жана башчысы Илья Пригожин өзү баш болуп, Россиянын түрмөлөрүн түрө кыдырып, ыктыярдуу жарандарды издешип, аларга амнистияны убадалашып, алып кетип жатышкан жарандардын көбү Кыргызстандыктар менен Тажикстандыктар экендиги кыйыр түрдө болсо да, учурдагы экономикалык абалдан көп нерсени кабардар кыла алат.
Алдын ала түзүлгөн келишимдерге ылайык, ал ыктыярдуу жоокерлер каза болушкан соң, эгерде өз каалоолору менен туулган жерлеринде көмүлүүнү керээз катары калтырышпаса, аларды ошол курман болгон жерлерде эле ызат көрсөтүү менен бирге, жоокердик салттарга ылайык көмүү каралган. Демек, Кыргызстанга сөөктөрү алынып келинип, көмүлгөндөрдөн башка дагы көптөгөн Кыргызстандык жарандар (Ата Мекендик Согуштагы, “братская могилаларда” көмүлүшкөн белгисиз жоокерлер сымал!) курман болушу да мүмкүн.
Кайрадан эле салыктардан чогултулган “кирешелерге” келсек, бир кезде мындай оңой жол менен, эч кандай иштерди жасабай эле, мамлекеттик казынаны толтуруу жолуна түшүп алган Кокон хандыгы XVIII —кылымдын биринчи жарымынан баштап, XIX кылым бою көптөгөн салык түрлөрүн ойлоп тапкан. Шаарда жашашкан калк соода кылууга, дарыядан өтүүгө ж. б.д.у.с. салыктарды төлөшсө, тоолук көчмөн элдер зекеттен сырткары дагы короодогу мал башына, “түтүн” башына салык төлөшкөнү аз келгенсип, өз эмгеги менен жан баккан эл акырында чөп оруп алганы үчүн, тоодон отун алганы үчүн, жайыттарды пайдаланганы үчүн деп, дагы башка көптөгөн салыктарды төлөй башташкан. Анткени, хандыктын аймагындагы жерлердин баары хандын жери деп эсептелген.
Албетте, калкка карата мындай мамиле акырындап жүрүп олтуруп нааразычылык жыйылып, чектен ашып, акыры жарылууга жетип, калк жапырт көтөрүлүшкө чыккан!
Жергиликтүү калктын күчү хан сарайларды салууга, коргонуу чептерин курууга, суу каналдарын казууга, жолдорду салууга бекер пайдаланылып турган. Качкын президент Аскар Акаевдин тушунда ашар ыкмасы кеңири кулач жайып, эч кандай генплансыз мектептен жана башка имараттар курулуп келгендиги маалым. Ошол кездеги бюджеттик каражаттарды жана четтен тынымсыз агып келип жаткан гранттарды, кредиттерди натыйжалуу пайдалануу ойлонулмак турсун, аларды тоноп-уурдап, жок кылуу ыкмалары калыптанган.
Акылбек Жапаров министрлер кабинетине алгач жетекчиликке келгенде бюджетти адегенде 400 миллиард сомго, андан соң бир аздан кийин 600–700 миллиард сомго чейин көбөйтүүгө болот деп опурулуп, албан убадаларды бергени эриксизден эске түшөт. Албетте, бул оңой ыкма менен кетип, элдин эсебинен акча чогултуп, ар кандай жаңы салыктардын түрлөрүн ойлоп чыгара беришсе, жогорудагы цифралар “реалдуу” эле “жетишкендиктей” сезилери анык.
Дүйнөлүк Банктын маалыматына караганда, 1991-жылы Кыргызстанда Ички Дүң продукция ар бир жаран башына бөлгөндө $576 АКШ долларына барабар болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч $1276 долларга жетиптир. Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасына ылайык, “2040-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук стратегияда”, 2026-жылы жогорудагы көрсөткүч $1,5 миң долларга жетиши белгиленген.
Коңшулаш Казакстанда Ички Дүң продукция 2023-жылда ар бир жаран башына бөлгөндө 13,2 миң доллар, ал эми 2027-жылга карата 18,3 миң долларга жетиши пландалган. Бул көрсөткүч Өзбекистанда 2021-жылы 24,91 млн сумга (же $2 255 долларга) барабар. 35 миллион калкы бар Өзбекистан жана 19 миллион калкы бар Казакстан менен 7 миллион калкы бар Кыргызстандын ар бир жаран башына бөлүнгөн мамлекеттик байлыгын санай келсек, өлкөбүз өнүгүүнүн кандай деңгээлинде бара жатканы өзүнөн өзү эле ачык көрүнүп калат.
Ошондуктан, өкмөт башчы жана мамлекет жетекчилеринин учурдагы азыноолак жетишкендиктер менен мактанышканы — объективдүү карай келгенде, алардын өздөрүн гана оңтойсуз абалга калтырары шексиз.
Ишенбек МУРТАЗАЕВ