Мирлан Дүйшөнбаев: «Ата-Бейиттеги мүрзөлөрүн эксгумация кылып, сөөктөрүн кичи мекендерине жөнөтүү керек»

Мирлан Дүйшөнбаев: «Ата-Бейиттеги мүрзөлөрүн эксгумация кылып, сөөктөрүн кичи мекендерине жөнөтүү керек»

Көз карандысыздыктан бери күч менен үч ирет бийлик алмашылды. Эгерде таразадай тактык менен айтсак, 2005-жылы 24-мартта бантиктерди тагына, Лайли-Мажнундардай эки-экиден колтукташа Ала-Тоо аянтына келгендердин ойлорунда күч менен бийликти алмаштыруу деле болгон эмес. Борбордук аянтта, анан Ак үйдүн алдына барып талаптарын айтышып, ураан-чакырыктарын кыйкырышып, анан Президент же анын таасирдүү өкүлдөрүнүн бири чыгып, парламенттик шайлоонун жокко чыгарыларын же мөөнөтсүз Президенттик шайлоо өткөрүлөрүн билдиришсе, “максатыбызга жеттик” дешип сүйүнгөн бойдон тарап кетишмек. Бирок, элдин тосмого жакындаганын укканда эле ажонун тик учак менен качып кеткенин уккандар Ак үйгө кирип барып, айрымдарды сабашып, талашып-тоношуп, бир топ мыйзамсыз иштерди жасашкан. Анын эртеси Медеткан Шеримкулов теледен: “Акаев Кудай ургандай коркок турбайбы. Аны эч ким куубаса деле өзү качып кетти” деп кейиген.

2020-жылдын октябрынын алгачкы декадасындагы бийлик алмашуу да кансыз болду. Парламенттик шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөргө нааразы болгондор митингдерди уюштуруп, кет деп бурчка такап туруп алышты эле, Сооронбай Жээнбеков бир нече күн кыйшалаңдап туруп, акыры бийлигин өткөрүп берди.

Бул эки бийлик алмашуу тең өзүн актаган. Акаевден, анын үй бүлөсүндөгүлөрдөн жадап, айрымдары коркуп да бүткөндөр: ”ушул тойбостордон кутулганыбызга Кудайга шүгүр” деп эркин дем алышса, экономика тез эле өнүгүү жолуна түшүп, бир жылда республиканын бюджети эки эсеге көбөйгөн. Жылына орто эсеп менен 1 миллиард доллардан ашык түз инвестиция келе баштаган. Пенсиялардын: жазында, күзүндө делинип, бир жылда эки жолудан көбөйтүлүшү ошол учурда гана болгон. Бирок, экономика, социалдык чөйрөлөр менен бирге бийликте тууганчылык, кландык көрүнүштөрдүн өнүгө баштаганы да чындык.

Ал эми 2020-жылда бийликтин алмашуусунун натыйжасы эл күткөндөн да жакшы болууда. Кумтөр элге кайтарылды. Экономика ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү. Маяналар, пенсиялар, жөлөк пулдар өсүүдө. Кыргызстан — ​курулуштардын, долбоорлордун өлкөсүнө айланып бара жатат. Буйруса, мындан наркысы азыркыдан да жакшы болот.

Үч күчтүн биригүүсү менен жасалган мамлекеттик төңкөрүш

Бийлик алмашуулардагы күтүлбөгөнү, элди, мамлекетти эң чоң жоготууларга тушуктурганы аз келгенсип, түз жана кыйыр кесепеттери андан да өткөнү — ​2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу төңкөрүш болду. Ал кандай жол менен болбосун К.Бакиевди бийликтен кетирип, анын ордун ээлегиси, өлкөнүн тышкы саясый артыкчылыктарын өзгөрткүсү, ополоң-тополоңдо байлыктардын оңой жерде тургандарын талап-тоноп, калгандарын кайра бөлүштүргүсү келген үч күчтүн аракети менен ишке ашты. Алар: 1) Россиянын атайын кызматтары, 2) Кыргызстандагы криминалдык күчтөр, 3) Алар үчүн торпедалык милдеттерди аткарган Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков сыяктуулар. Бул жагынан алганда ал алдын ала даярдалган мамлекеттик төңкөрүштүн үлгүсү болгон.

2009-жылдын октябрында Россиянын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси В. И. Власов элчиликке журналисттерди чогултуп, дипломат түгүл, жөнөкөй мамлекеттик кызматкердин этикасына да ылайык келбей турган саясый билдирүүлөрдү жасаган. Резюмелегенде, анын билдирүүсү төмөндөгүдөй эле: “Кыргызстандын бул бийлиги менен иштешүүгө мүмкүн эмес. Булар АКШнын авиабазасын Кыргызстандан чыгарабыз деп Россиядан 300 миллион доллар алышып, аны аткарбай коюшту. Стратегиялык өнөктөшүн алдаган бийлик көпкө узабайт”. Аны биз өз кулагыбыз менен укканбыз, ошердеги журналисттер “дипломат да ушундай опурталдуу билдирүү жасачы беле” деп таң калышкан.

Кыргызстандын бийлигиндегилер аны, ал гана эмес, Москванын пейили карайып, өчөшө баштаганын билген, бирок эмне үчүн алардын позицияларын жумшартуу же төңкөрүшкө жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрүшпөгөнү түшүнүксүз. Сыягы, күч түзүмдөрү аны адекваттуу кабылдап, ошол деңгээлде мамлекет башчысына жеткиришкен эмес, же Курманбек Бакиевдин көзүн биротоло май басып, эскертүүлөргө көңүл бурбай калган окшойт.

Төңкөрүшчүлөрдө бир полктун куралы болгон

2010-жылы 6-апрелде Таласта нааразы болгондор облустук мамлекеттик администрацияны, Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгын, бөлүмдөрүн талкалап, аларда сакталган 600 даанага жакын ок атуучу куралдарды талап кетишкен. Алардын көпчүлүгү криминалдын өкүлдөрү болгонун таластыктар өздөрү айтышканын, жазышканын журналист Ырысбек Өмүрзаков “7-апрель жана Түштүк коогалаңы” деген китебинде келтирген. Ал убактагы айыл өкмөтүнүн башчысы Койсун Курманалиева деген аял 120 литр бензинди сатып келип, обладминистрациянын, ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн имараттарын өрттөтүүнү уюштурганы үчүн кийин үч жыл Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп жүрдү. Ошол убактагы “временщиктер” делгендердин өздөрү өрттөгүчтөр, мародёрлор болушканы үчүн өз адамын колдоп, көтөрмөлөшкөн.

Таласта таланган ок атуучу куралдар Болот Шерниязовдун уюштуруусунда ошол түнү Бишкекке алынып келинип, аларга “Форумда” сакталгандар, анын жанында ОМОНчулардын машинасынан тартылып алынгандар кошулганда 7-апрель күнү түштө Ала-Тоо аянтына жөнөгөндөрдүн колдорунда автоматтары, пулемёттору, гранатамёттору, гранаталары ж. б. менен бир чакан полктун аскерлерин толук камсыз кыла турган заманбап курал-жарактар болгон.

“Форумда”, жолдо келатканда ачкыл-кычкылдардан, айрымдары психотроптук заттардан да пайдалангандар аянтка кирери менен Ак үйдү аткылап киришкен. Бишкектеги хирургия борборунун башчысы, даңазалуу хирург М. Мамакеев ошонун эртеси эле: “Жарадар болуп бизге келгендерге операция жасаганда наркоздун деле кереги жок болуп калды. Өздөрүнүн наркоздору деле ашыгы менен жетише турган экен” деп айткан. Анан кайдагы элдик революция жөнүндө айтабыз? Кандуу мамлекеттик төңкөрүш, ошол жылы июнь айындагы Түштүктөгү кандуу кагылышуулар үчүн гана эмес, ыймансыз “временщиктер” убагында кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, фактыларды бурмалап, элди алдап жалган маалыматтарды таратышканы, ал аракеттерин азырга чейин улантып келатышканы үчүн да мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек.

Ата-Бейитти ыпластардан тазалоо керек

Өзгөчө кайтаруу режиминдеги №1-обьектиге – Өкмөт үйүнө куралдуу чабуул болсо, кайсыл өлкөдө болбосун атат, 2021-жылы январда АКШнын Ак үйүнө куралсыз кирип барган аялдарды деле атып салышкан. Ал үчүн сакчылардын бирин деле тергөөгө чакырышкан же убактылуу кармашкан эмес. Андай учурларда сакчыларга команда деле талап кылынбайт, тийиштүү мыйзамдарда, өздөрүнүн Уставында жазылгандар жетишет.

Ошол күнү аянтта жүргөн Токтайым Үмөталиева Ак үйдүн, “Илбирстин” үстүндө отурган таамай аткычтардын бир нечесин аянттагылар тартып алган автоматтары, пулеметтору менен атып салышканын жарыялаган. Кийинчерээк Эмилбек Кыштообаев деген милициялардан автомат тартып алып, анын бир нече магазиндеги патрондору менен күзөттө турушкан таамай аткычтарды атып өлтүргөнүн айтып мактанган, өз колу менен жазылган түшүнүк каты да бар. Посттордо турган таамай аткычтарды (алар мамлекет башчылары барган жерлерде деле винтовкаларын көтөрүп жүрүшөт, постторунда отурушат) атып түшүрө баштаганда да Ак үйдү коргогондор желим октор менен гана жооп кылып турушкан, бир адамдын да алардын огунан өлгөнү баллистикалык, трассалогиялык экспертизаларда далилденген эмес. 7-апрелде Ала-Тоо аянтында 17 адам өлгөнүн экс-Баш прокурор Кубатбек Байболов баш болуп ал окуяларга катышкандардын баары ырасташкан, бирок эки күнгө жетпей өлгөндөрдүн саны 86, жарадарлар 300гө чамалап кеткен. Көрсө, ыймансыз “временшиктер” мурдагы бийликти элге, дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөтүү үчүн ошол күнү, эртеси мародёрлуктан, автокырсыктардан, мушташуулардан өлгөндөрдү чогултуп келип, булардын баарын Бакиевдин айланасындагылар жайлашты деп жарыялап жиберишкен экен. Жолдон бирөөнүн документин таап алышса деле өлгөндөрдүн катарына кошо беришкен экен, алар өлдү дегендердин арасынан тирүүлөрү да чыкты. Алсак, “временшиктер” өлдү деп жарыялашып, мураскоруна 1 миллион сом беришкен Ала-Букалык Маралбек Максымбеков өлбөй эле Россияда иштеп жүргөн экен, кийин “Азат” гезитине интервью да берди.

Өлгөндөрдүн баарын орден-медалдар менен сыйлайлы деп тек-жааттарын териштирип, тактап киришкенде ал жактардан чыккан маалыматтарды көрүп, кайра өздөрү коркуп кетишип, жапканга ашыгышканын “временщиктердин” бири сайрап эле жүрөт. Ошондойлордун бир тобунун денелерин Ата-Бейитке апарып көмүшкөнү Кыргызстандын элинин бетине гана эмес, 30 кылымдык тарыхына да түкүргөндүк болду. Ы.Ємїрзаковдун китебиндеги кээ бир аттары аталган мародерлордун, хроникалык алкаштардын, бомждордун сөөктөрү жаткан жерди биз кайсыл бетибиз менен “Ата-Бейит” деп ооз толтура айтабыз? Алар биздин ата-бабаларыбыздан айланышсын! “Эшегине жараша, тушоосу” дегендей, аларды Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев, Каптагаев сыяктуу шүмшүктөр өздөрүнө ата кылып, жакса сүрөттөрүн да үйлөрүнө илип алышсын! Эл үчүн алар бандиттер, мародёрлор. Алардын Ата-Бейиттеги мүрзөлөрүн эксгумация кылып, сөөктөрүн кичи мекендерине жөнөтүү керек. Убагында Ленин менен катарлаш Мавзолейде жаткан Сталиндин сөөгүн деле ордунан козгошкон болчу

“Временщиктер” сепаратисттерди шыкактап июнь трагедияларын жаратышкан

7-апрелдеги төңкөрүш болбосо, К. Батыровдун сепаратисттери баш көтөрбөйт болчу. Түштүктөгү ошол жылы июндагы этникалык кандуу кагылышуулар болмок эмес, экономикабыз 6 жылга артка кетмек эмес. Банктардагы, дүкөндөрдөгү талоондор, андан кийинки рейдерлик тартып алуулар жөнүндө айтпай эле коёлу. Эң жаманы, мурдатан башында мандеми бар Алмаз Атамбаев бийликке келгенден кийин биротоло айнып, реалдуулукту таптакыр унутуп, өзүн жөөттөрдү Мисирден алып чыккан Муса пайгамбардай сезип, ачкыл-кычкылдардан уруп алганда андан да өтүп, мародёрлоруна мамлекеттин каражаттарын, ресурстарын оңду-солду аябай таркатты. Өлгөндөрдүн мураскорлоруна 1 миллион сомдон, оор жарадарларга андан да көптөн, жүздөн ашыгына батирлерди бердиртти. Андай жеңилдиктерди Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын көбү деле алмак түгүл угушкан эмес. Анан чет өлкөлөргө иш сапарлары менен барганда да “мен революционермин” деп мактанып жүрдү. Мен Кыргызстандын кыйраткычымын десе туура болмок. Ал “кытаймын” деп Ч. Айтматовдун койнуна кирип, жазуучулардын акча-мүлктөрүнүн баарын кагып алган менен түпкү теги Самарканддагы карача деген уруудан (ар жактардан тентип келген, чыныгы тектери белгисиздерди өзбектер ошентип аташат) чыккан неме экен. Ал Кыргызстанга чыныгы карачалыгын көрсөттү, этият болушпаса, мындан кийин да көрсөтүшү мүмкүн.

Чыныгы баатырлар кызматтык, уставдык милдеттерин аткаргандар

Жыйынтыктап айтканда, Уставдык, кызматтык милдеттерин аткаргандарды соттоп, аларды атып, ондогон адамдарды ачыктан ачык өлтүрүп, каракчылык, мародёрлук кылгандарды, этностор аралык трагедияга себепчи болгондорду сыйлап, баатырларга теңөө — ​акыл-эси ордунда тургандын жасай турган иши эмес. Нагыз кыргыздар жиндеп кеткенде да өз үйлөрүн чапкан эмес, андай ыпластык селсаяктардын иши деп эсептешкен. Бирок, “временщиктер” өздөрүнө кошо бизди да селсаяк катары көрсөтүп келишти эле, кудайга шүгүр, заман оңолуп, азыр чындыкты айтып жатабыз. Мындан ары биз өздөрүнүн кызматтык, Уставдык милдеттерин аткарып жатып каза болгондорду, жабыр тарткандарды чыныгы баатырлар деп жарыялап, бийлик, байлык үчүн кан төгүп, мамлекеттик имараттарды өрттөп, банктарды, дүкөндөрдү тоноп, бир тууган элдерди кайраштырып, андан да көп кандардын төгүлүшүнө себепкер болгондорду мамлекеттик коркунучтуу кылмышкерлер, бандиттер, мародёрлор деп өз аттары менен атообуз зарыл. 7-апрель элдин эмес, ошолордун майрамы.

Чекит коюунун эки жолу…

7-апрелдеги чиеленишкен окуяларга чекит коюп, консенсуска келүүнүн эки гана жолу бар. Биринчиси, 6–7-апрелдеги окуяларда кылмыш жасагандардын, катышкандардын баардыгына, анын ичинде К.Бакиевге жана анын шакирттерине да жалпы элдик мунапыс жарыяланып, өткөн-кеткендердин баары кечирилиши керек. Бул эзелтен колдонулуп келген эң оптималдуу вариант. Алсак, 1993-жылы 3-октябрда Б.Ельцин Парламентти аттырганда 200гө жакын адам өлгөн, Жогорку Советтин спикери Р.Хасбулатов, вице президент А.Руцкой баш болуп андан көбү камалган. Бирок, алардын баарына бир жылга жетпей мунапыс жарыяланып бошотулган.

Экинчиси, баардыгын мыйзам чегинде сыдыргыдан өткөрө кайра текшерип, күнөөлүүлөрдүн баардыгын ким экендиктерине карабастан кармоо жана камоо зарыл. Ал тизме эки мамлекеттик чоң имаратты өрттөөнү уюштурган Койсун Курманалиева менен Ички иштер министрин сабап, курал-жарактарды тартып алууну уюштурган Болот Шерниязов, анын шакирттеринен башталып, автоматчандарды ээрчитип алып, таамай аткычтарды көрсөтүп жүргөн Токтайым Үмөталиева, Ала-Тоо аянтында куралдарды көтөрүп жүргөндөр менен улантылып, ошол жылдагы Түштүктөгү июнь окуяларына себепкер болушкан “временщиктер”, негизсиз сыйлыктарды, акчаларды, батирлерди алгандар менен жыйынтыкталуусу керек. Биздин болжолубузда, анда тергеп тескөө иштерине дагы эң кеминде 400–500 адам тартылат.

Эгерде чыныгы мыйзамдын диктатурасы керек десеңиздер, мындан башка жол жок. Кыргыз коомчулугу ушул эки тандоонун алдында турат.

Share