Баткенге барган сайын Бекендин “Баткен туткуну” деген чыгармасындагы каармандар менен жолугушууга туура келет.
“Зардалынын ичи түнү менен боевиктер кай жактан кол салат экен деп күтүп отурушту. Мындай учурда кайдагы уйку.
Эртеси “Боевиктерге ким барып, ким сүйлөшүп келет. Кимди жөнөтөбүз” деген сөздөр болду. Ошол жерде тургандардан эч кимиси: “мен барамын”, — деп айта алышкан жок. Акыры намысы чыдабадыбы, Акмурза ордунан туруп:
— Сүйлөшүүгө мен барам, — деди.
Ошол жерде тургандар анын үнү чыккан жакты карашты. Акмурза ортого чыгып:
— Буркан аксакалды кошуп бергиле. Анткени ошол боевиктер анын үйүнө келишип, чай ичип кетишкени маалым. Бири-бирин таанышат, — деп айтты. (Б. Назаралиев, Баткен туткуну, 201-б.)
Бул жолку жолугушуу Буркан аксакалдын 69 жаштагы уулу Кушкеев Жигиталы Бурканович менен болду. Азыркы күндө Кара-Булак айылындагы “Суу пайдалануучулар ассоциациясынын” директору болуп иштейт.
— 1999-жылы “сакалчандар” келгенде окуя кандай болгонун айтып берчи?
— 1999-жылы 2-августта “сакалчандар” күтүлбөгөн жерден кол салышып, Зардалыга басып алган. Атам ошол жакта жайлоодо болчу. Ошондо моджахеддер акча беришип, бир кап шекер алып келсин деп атам Бурканга буйрук беришкен. Атам райондун борборуна келип, райондун чоңдоруна кабар берген, моджахеддер кол салып, Зардалыны басып алган деп айтат. Элдердин качканы качып, калгандарын моджахеддер эч жакка кетпейсиңер деп жолдорун тосуп Зардалыдан эч жакка чыгарбай коюшкан. Бир кап шекер алып келесиң дешип орус рублин берген. Акчасын берип мени ушул жакка жумшашты дейт. Шекер алганы Акмурзаны кошо ээрчитип келген. Экөө келип чоңдорго кабар берип, шекерди алышып кайра Зардалыга кетишкен.
Кабарды уккан райондун акими аскер чогултуп Зардалыга барышат. Моджахеддер акимди анын менен кошо баргандарды колго түшүрүп алышат. Моджахеддер дагы бир генерал менен япондорду барымтага алышат. Ошол жерде Жылуу-Суу деген жер бар, ошол жерде кармап турушат. Кийин моджахеддер 20 кап ун, 20 союш мал алып келесиңер дешет. Канча миң экендигин билбейм, доллар менен алып келесиңер деп салык салышат. Алып келбесеңер айылыңарды басып алабыз, эч кимди сыртка чыгарбайбыз дешет. Колго түшкөндөрдү барымтага кармап, Тажикстан тарапка алып кетебиз дешип шарт коюшат. Ошол Жылуу-Сууга Акмурза, менин атам Буркан, Алдаяр Умарович үчөө барышкан. Атам менен Алдаярды дарыянын жээгине коюшуп, акча фальшивый чыкса атып салабыз дептир Абдулазиз. Акчаны санап бүтүшүп чыныгы акча экендигине көздөрү жеткенден кийин Акмурзаны бошотушуптур. Атамдар “өх” деп үшкүрүшүп, кутулгандарына сүйүнүшөт. Атамды ошол жерде алып калышат. Ошол жерде бир мугалим болуп иштеген Сүйүн деген жигитти да алып калышат. Аларды Тажикстанга алып кетебиз дегенди угуп калышып, төмөнгө качып түшүшөт. Ошол Сүйүн деген жигит, аны менен кошо кармалган жигит азыр да бар. Атам бул дүйнөдөн 2020-жылы өтүп кетти.
— Өткөн жылы тажиктер кол салганда канттиңер?
— 22 жаштагы уулум тажиктердин колунан курман болду. Аты Дөөлөт болчу. Бишкектен Скрябин атындагы айыл чарба университетин жаңы эле бүтүп, ветеринар адистиги боюнча иштеп жаткан. Элдин малдарын дарылап, малдарды жасалма куудуруп, малдардын породаларын жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткан. Үйлөнө элек болчу, ошол жылы күздө үйлөнөм деп жатты эле. Тажиктер кол салды дегенди угуп, жаш жигиттер биригип, эл-жерибизди коргойбуз деп ошол согуш болгон жакка кетишиптир. Суу бөлүштүрүүчү Головнойго барышкан. Ош жерде ок тийип курман болуп калды.
Тексти жана фотосу Нурмамат ажы Сапарбаевдики