Ош шаарында Улуу Памир кыргыздарынын ханы катары тарыхта белгилүү болгон Рахманкул (хан) Жапаркул уулуна арналган илимий-практикалык конференция өттү. Анын өзгөчөлүгү — Түркиянын Ван аймагында жашаган Рахманкул хандын уулу Мухаммад ариф Кутлу менен небереси Андулмукаддес Кутлунун Кыргызстанга атайын келип, өздөрү да катышканында болду. Конференцияны ТҮРКСОЙ уюму менен Стамбул шаардык мэриясындагы “Кыргыз түрктөрү маданияты жана тилектештиги” ассоциациясы биргеликте уюштурду. Негизи бул иш-чара Түркиянын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана памирдик кыргыздардын бул өлкөнүн Ван аймагына көчүп барышынын 41 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Конференция максатына жетти…
“Инсандын тарыхий ролуна заманбап көз караштар жана Рахманкул хан” деп аталган илимий-практикалык конференция Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Ага Эл аралык түрк маданияты ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлү, профессор Канат Мамбаталиевден сырткары, Рахманкул хандын уулу Мухаммад ариф Кутлу менен небереси Андулмукаддес Кутлу да Түркиядан атайын келип катышты.
Алгач, тарыхий инсандын уулу Мухаммад ариф Кутлу сөз алып, атасы тууралуу буларды эскерди.
“Мен Памирде туулдум. Памирди жакшы көрөт элек. Байлык деген бизде кенен эле. Мен бул байлыгыбыз бизге өмүр бою жетет деп ойлойт элем. Памирде биз кичи Кыргызстан болчубуз. Анткени ал кезде Оогандын аскери жок же соту жок эле. Өзүбүздү өзүбүз башкарат элек, менин атам башкарат болчу. Уруш-талаштын баарын атам чеччү. Ал киши уруучулук деген түшүнүктү жоюп салган”, — деди М. Кутлу.
Тарыхтан белгилүү болгондой, Түркиянын Ван жана Ооганстандын Памир аймагында жашап калышкан кыргыздар алгач орус баскынчыларына каршы чыгып, Кыргызстандын Алай, Чоң-Алай аймактарынан жер оодарып кетишкен. Алар оболу азыркы Тажикстандын Мургаб району аркылуу өтүп, Улуу жана Кичи Памирге барып жайгашып, ал жактагы жергиликтүү кыргыздар менен жуурулушуп кеткен.
Кийин Советтик бийликтин таасири менен Ооганстанга социалисттик түзүлүш таңууланганда, алардын бир даары Рахманкул ханды ээрчип, Пакистандын Гилгит өрөөнүнө өтө качкан. 1980-жылдардан кийин бул топтун кыйла бөлүгү Түркияга ооп барган, каалагандары кайра Ооган Памирине кайтып кетишкен. Түрк Өкмөтү өзүнүн Ван аймагынан атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир деп аталган айылды тургузуп берген. Аларды өмүр бою баштап жүргөн, хан деген статусу бар Рахманкул Жапаркул уулу — 1991-жылы 78 жашында дүйнө салган. Түркиядан “Кутлу” деген фамилия алган Рахманкул хан уулдарына Кыргызстан менен байланышты үзбөөнү насаат калтырган.
Илимий-практикалык конференция учурунда сөз алган Рахманкул хандын небереси Андулмукаддес Кутлу, чоң атасынын адамдык бейнесине токтолду.
“Чоң атам Рахманкул хан тууралуу айтылган сөздөрдөн билесиздер, аны: “Басмачы”, “Эл душманы”, “Советтик революцияга каршы чыккан”, “Бай”, “Мыкаачы”, “Элди тоноп жеп жүргөн каракчы”, — деп көрүштү. А болбосо чоң атам чымынга да зыян келтирбеген адам эле. Шайлообек Дүйшеев агайдын аябай жакшы сөзү бар: “Чытырмандын Кудайы пил эле эмес, Чымындын да жашоого акысы бар”, — деген. Аз болсок да биз жашашыбыз керек болчу. Анткени кылымдарды карытып келген кыргыз эли кайсы жерде болсо да жашайт, кайсы жерде болсо да өзүнүн маданиятын коргоп, башындагы ак калпагы, элечеги менен бүт дүйнөгө таанымал болуп келет”, — деди Андулмукаддес Кутлу.
Илимий практикалык конференция Түркия республикасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Памирдик кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп барышынын 41 жылдыгына карата уюштурулду. Аны Эл аралык түрк маданияты ТҮРКСОЙ уюму жана Стамбул шаардык мэриясындагы “Кыргыз түрктөрү маданияты жана тилектештиги” ассоциациясы уюштурду. Конференцияда кыргызстандык тарыхчылар да, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн презентациялашты. Өз кезегинде ТҮРКСОЙдун Кыргызстандын өкүлү Канат Мамбеталиев Рахманкул хан тууралу изилдөөлөрүнө токтолуп, буларды белгиледи.
“Рахманкул хандын акылмандуулугун карасаңыз, БУУга кат жөнөткөн. Ал жерден кат Канада, АКШ жана Түркияга кеткен. Канададан жооп келбейт, АКШ Аляскадан жер берүүнү сунуштайт. Анан Түркия жооп берет. Кеңешип кескен бармак оорубайт деген жакшы сөз бар эмеспи, бул маселени эл менен кеңешип, Түркиянын Ван көлүнүн жээгине көчүп барышат”, — деди К. Мамбеталиев.
Ошентип 1980-жылдардан кийин Түркияга көчүп барган Ван кыргыздарынын саны учурда 5 миңге жакындап калган. Стамбул шаардык мэриясындагы “Кыргыз түрктөрү маданияты жана тилектештиги” ассоциациясы Абдулметин Кескин буларга токтолду.
“Мен Стамбулда жашайм. Рахманкул хандын керези бар, ал кыргыздарды билимдүү болуп, жакшы жерлерде иштегиле деген. Ошол үчүн азыр мен Стамбул мэриясында иштеп жатам. Бул шаарда 20 млн адам жашайт. 80 миң кызматкер бар. Ошолордун ичиндеги бир кыргыз менмин. Ар дайым Кыргызстандан барган депутаттар болобу, ырчылар болобу, ким болбосун тосуп алып, узатып турам. Колдон келген жардамды берем”, — деди А. Кескин.
Рахманкул хандын элине кылган эмгеги…
Тарыхта маалым болгондой, 1938 же 1942-жылы Ооганстандагы кыргыздар Рахманкул Жапаркул уулун өздөрүнө хан кылып жарыялашкан. Анын тушунда кыргызстандыктарга бир жагынан ал жөнүндө атайын бурмаланган маалыматтар, жалган жалаалар жайылтылып турса, экинчи жагынан чегарадагы советтик аскерлер тарабынан хандын өзүнө кол салуулар болуп турган. Ошондуктан, ал 1948-жылы Кытайга качууга мажбур болгон. Ал хандыктан баш тартып, Кытай Памири тарапка өткөн.
Рахманкул хан Кытайга барып, бирок 2 жылдан кийин ал жактан да кайра кайтып келүүгө мажбур болгон. Кытайда коммунисттик режим орногондо, ал 1950-жылы жайында Ооган Памири тарапка кайра өтөт. Оболу ал Пакистанга улагалаш Миң-Теке деген жерде кытайлык чек арачыларды конокко чакырып, өздөрүн өлтүрүп, курал-жарагын олжолоп, Кичи Памирге өтүп кеткен деген маалыматтар айтылып жүрөт.
1950-жылы Рахманкул кайрадан хан шайланганда, ал өз ээлигинин коопсуздугу үчүн Ооганстандын бийлигин таанууга, автономдуулук алууга чечим чыгарган. Ооган падышасы Захир шах аны урмат-сый менен тосуп алып, Өкмөт үйүнүн мейманканасында 3 ай коноктогон. 1965-жылы Ооган өкмөтү аны алтын медаль менен сыйлап, “Ак-Зоо” деген бийик тоого Рахманкулдун ысымын беришкен.
1978-жылы Ооганстанда төңкөрүш болуп, артынан жарандык согуш башталгандыктан, учурдан пайдаланып совет аскерлеринин кол салуу кооптуулугу күчөгөндүктөн, Рахманкул хан өз элин Пакистандын аймагына көчүрүүгө аргасыз болгон. Ооганстанда Саур ыңкылабы (Апрель революциясы) деп аталган жана Кремль тарабынан козутулган бул төңкөрүштөн соң Кабулдагы борбордук таянычынан ажыраган Рахманкул хан ошол жылдын июль айында Кичи Памирдеги кыргыздардын жоон тобун Пакистанга көчүрүп кеткен.
Пакистандагы жашоонун татаалдыгы, жугуштуу оорулардын көбөйүшү, саясий кысымдар аны ээрчиген кыргыздардын бир далайын кырган. Гилгит өрөөнүнүн ысык жана нымдуу абасы, жут, жугуштуу оорулар жана качкын турмуштагы абал бозгун кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн кыйнаган.
Натыйжада, Рахманкул хан АКШнын элчилигине жана Түркия өкмөтүнө жардам сурап кайрылууга мажбур болгон. Маалыматтарга караганда, Рахманкул хан кыргыздарды АКШнын Аляска аймагына көчүрүү тууралуу да сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал эми Кыргызстанда ошол тушта советтик идеология үстөмдүк кылгандыктан, мекенге кайтууга эч мүмкүн эмес эле.
Асанбек Пазыл, Ош шаары