Кыргызстандын жарандыгын шашылыш алгандардын көпчүлүгү резиденттерби?

Кыргызстандын жарандыгын шашылыш алгандардын көпчүлүгү резиденттерби?

Компетенттүү органдардын маалыматтары боюнча, 2022-жылы Президенттин жарлыктары менен 6413 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилип, 600гө жакын адам жарандыгыбыздан чыгарылыптыр. Жаңыдан жарандыкты алгандардын көпчүлүгү Тажикстандан, Өзбекстандан ж. б. республикалардан келишкен этникалык кыргыздар. Тарыхый ата мекендерине кайрылып келгендерге жарандык жеңилдетилген шартта берилет, баардык өлкөлөрдө ошондой. Казакстанда “Кайрылман” программасынын негизинде көз карандысыздыктан бери 1,5 миллиондон ашык этникалык казак Казак республикасынын жарандыгын алышты. Аларга паспорттон сырткары акчалай, материалдык колдоо да көрсөтүлөт. Биздин кайрылмандардан андай колдоолорду мындай кой, ар кандай бюрократиялык илинчектер менен жарандыкты бир нече жылдап ала албай жүргөндөрү чекеден жолугат.

Ал эми башка өлкөлөрдүн жарандарына аракеттеги укук-ченемдик актылар боюнча, Кыргызстандын жарандыгы беш жылдан кем эмес мында жашаган, туруктуу иштери барларга гана берилиши керек. Алардан сырткары Кыргызстандын экономикасына 500 миң доллардан кем эмес инвестиция салгандар ошол замат биздин жарандыгыбызды ала алышат. 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция жумшагандар да жеңилдетилген шарттардан пайдаланышат.

2022-жылы Кыргызстандын жарандыгын алгандардын 400гө жакыны этникалык орустар, айрымдары Москвада, облустук борборлордо жакшы кызматтарда иштешип, ал жактарда туруктуу жашап жүргөндөрдөн экен. ЖМКлар Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, РФ Өкмөтүнүн Жогорку жана Конституциялык соттогу ыйгарымдуу өкүлүнүн кызы, “Аромат дүйнөсү” компаниясынын ээси Валерий Задориндин балдары бар экенин да маалымдашууда. Андан мурда Россиядагы бир банктын жетекчисинин орун басары болуп жүргөн бир айым шашылыш Кыргызстандын жарандыгын алып, ошондой эле шашылышта жаңы түзүлгөн бир банктын башкаруучусу болуп дайындалган.

Кыргызстанда чоңоюп өсүп, кийин башка жактарга кеткендерде ностальгиялык сезимдер пайда болуп, бир убактарда тарыхый ата мекендерине кайрылып келиши мүмкүн. Маселен, АКШда, Европада бизнесте ийгиликке жетишкен армяндардын арасында карыганда Арменияга көчүп келгендер аз болбойт, алар сөөктөрү тарыхый ата мекендеринде көмүлүшүн каалашат. Ал тууралуу В. Петросян бир китеп да жазган. Бирок, орус элинин Россиядан башка аймактарда төрөлүп өскөндөрүнүн арасында андай ностальгиялык сезим болорун кезиктире элекпиз. Казакстандан кеткен немистер казакча ырдап бийлеп, социалдык түйүндөр аркылуу төрөлүп өскөн жерлерине жакшы сезимдерин билдиришери көп кезигет. Бирок, Кыргызстандан кеткен жүз миңдеген этникалык орустардын арасынан кыргызча ырдап бийлемек түгүл, ыраазылыктарын билдиргендерин деле көрө элекмин.

Сыягы, Россиянын жарандарына Кыргызстандын паспортторунун чагылгандай тездикте берилип жатканынын артында Кремль, анын атайын кызматтары турат окшойт. Ошон үчүн экс-губернаторлорго, банкирлерге, ишкерлерге ж. б. Кыргыз жарандыгы жеңилдетилген шарттарда берилүүдө. Россия азыр тоталдык санкцияларда. Азыркыдай абал эң кеминде 5–6 жылга созулат. Ошондуктан Россия сырткы өлкөлөр менен каржылык операцияларды ишке ашыруу, санкциялык товарлардын бир бөлүгүн да болсо алуу үчүн КМШда, анын ичинде Борбордук Азияда подстава уюмдарды, компанияларды ж. б. түзүп, ал жерлерге ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алган ишенимдүү адамдарын отургузууда. Алар санкциялык товарларды алгач республикаларга алышып, анан реэкспорт жолу менен Россияга жөнөтүп туруулары, Россиядан которулган акчаларды жергиликтүү банктар аркылуу Батышка, АКШга чыгарып туруулары керек. Же Кыргызстандын паспортун шашылып алгандардын бир бөлүгү атайын резиденттердин милдеттерин аткарышат. Биздин паспорттор аларга ошон үчүн гана керек.

Биз мында Кыргызстандын жарандыгын алууга далалаттанган 7 миңден ашык этникалык орустун баардыгы резиденттер дегенден алыспыз. Айрым ЖМКлар Россиялык этникалык орустарга Кыргызстандын паспортунун жеңилдетилген шарттарда берилүүсүндө коррупциялык схема бар, ар паспорт 5–30 миң доллардан сатылганы жөнүндө да жазышууда. Андай болушу да мүмкүн, бирок ал массалык көрүнүш эместир, анткени жеңилдетилген шарттарда паспорт берүүнү Президент гана чечет. Эгерде Кремлден өтүнүч ишарат болбосо, мамлекет башчысы келгенине 2–3 ай боло электерге Кыргызстандын паспортун жапырт бердирмек эмес. Биздин оюбузча, бул эки өлкөнүн бийликтеринин тымызын макулдашуусу аркылуу ишке ашырылууда.

Жаңыдан паспорт алгандардын арасында бирин-серин орус бийлигинен, аба ырайынан жадагандар, согушка баргысы келбегендер, жөн эле жер которгусу келгендер да болушу мүмкүн. Алар жапырт паспорт бердирүүнүн чыныгы максатын жашырып, ага гуманитардык маани-мазмун, түс берүү үчүн кошулган деп ойлойбуз. Ал эми жаңыдан бизге жаран болгондордун арасындагы мурдагы мамчиновниктер, банкирлер, атайын кызматтагылар, ишкерлер, айтишниктердин бир бөлүгү мамлекеттик атайын тапшырма менен жүргөндөр деп айтса болот.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share