Бизде да тарыхты жаңыча кароого мезгил жетти

Бизде да тарыхты жаңыча кароого мезгил жетти

СССР кыйрагандан кийин Кытайдын жетекчилиги тийиштүү кызматтарына, институттарына анын чыныгы себептерин иликтеп-изилдеп, жыйынтык чыгарууга тапшырма берет. Алар бир жылдан кийин ага күнөөлүү “Горбачев” деген гана жыйынтыкка келишет. Аны эстегенибиздин себеби, ушул жылдын февралында Россиянын тарыхын мектептерде, ЖОЖдордо окутуунун 106 беттен турган жаңы Концепциясы жарыяланды.

Анда мурдагы Союз таркап, 1990-жылдарда Россиянын саясый, экономикалык жана социалдык оор кризистерге тушугушуна “Борис Ельцин күнөөлүү” деп көрсөтүлүптүр. Бул Россиянын бийлигинин расмий түрдө Борис Ельциндин режимин биринчи жолу айыптоосу болуп саналат. Буга чейин ал расмий документтерде тоталитардык коммунисттик режимге каршы туруп, демократия үчүн күрөшкөн лидер катары көрсөтүлүп келген. Аны оппозициячыл саясатчылар, илимпоздор жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү гана сындашчу. Интернетте Ельциндин мас абалындагы “концерттери” толуп жүргөнүнө, ал Россиянын кызыкчылыктарына каршы келген көп иштерди жасагандыгына карабастан расмий сындалбаган, айыпталбаган, В. Путин тарабынан ушуга чейин анын дарегине бир да сын айтылган эмес.

Концепцияда Россиянын 18–19-кылымдардагы колониялык саясаты “аймактарын кеңейткен” деп жылмаланган, 1917-жылдагы төңкөрүштөр ошол учурдагы саясый-экономикалык жагдайдан келип чыккан мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпатталат, анткени большевиктер банкроттукка учурап, жолдо калган бийликти эле менчиктеп алышкан. Ошол учурда Россиянын жылдык кирешеси 3,5 миллиард алтын рубль болсо, тышкы карызы 43,5 миллиард алтын рублди түзгөн. Россиянын акыркы императору Николай 2нин акыркы убактарда өлкөдөгү реалдуу абалды көргүсү, билгиси, министрлери менен сүйлөшкүсү келбей шаман Г. Распутиндин тилинен чыкпай калган.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда эмес, 1937-жылы Япония Кытайга кол салганда башталганы, дагы-дагы көп жаңы нерселер айтылып, жаш муундарга мекенчилдикти үйрөтүүгө, илимий чындыкка таянууга, аймактык жана тармактык тарыхтарды үйрөтүүгө, кайсыл учурда болбосун Россиянын тарыхында борбордук бийлик негизги ролду ойногонун, түстүү төңкөрүштөрдүн кесепеттерин, Украинадагы атайын аскердик операциянын зарылдыгын жана максатын ж. б. жеткирип, бекемдөөгө негизги басым жасалат.

Россияда ушуну менен өлкөнүн тарыхын окутууну жаңылоо боюнча төртүнчү документ кабыл алынды. Мурда А. Солженицындын чыгармалары программаларга киргизилсе, азыр аларды алып салуу караштырылууда. Буларга токтолгонубуздун себеби, бизде да тарыхыбызды мектептерде, ЖОждордо окутуунун жаңы Концепциясын иштеп чыгып, анын негизинде жаңы окуу куралдарын түзүүнүн мезгили эбак жеткен. Бизде тарыхый, маданий мурастар, насил-нарктар, каада-салттар жөнүндө дээрлик ар президент жарлыктарды чыгарат, бирок тарыхты окутуунун концепциясы жалпы элдик талкууга чыгарылбастан баарын беш-алты адам эле чечип, ошолор каалагандай эле чечмеленүүдө. Алар жердештик, кландык кызыкчылыктардын негизинде өздөрү тандагандарды гана окуу куралдарына киргизишет. Каалабагандарын учкай айтып өтүп кетишет же таптакыр киргизишпейт. Ошондой өзүм билемчиликтен улам колонизаторлорго тыңчылык, жол көрсөткүч милдеттерди аткаргандар, кошуна урууларга тынчтык бербей чаап талап тургандар улуттук баатыр катары көрсөтүлсө, советтик мезгилдеги айрым партиялык, мамлекеттик жетекчилер ашкере даңазаланып, чыныгы баатырлар унутта калууда.

Көз карандысыздыктан берки мезгилде баатырларды чыгаруу, жердештер партиялык, мамлекеттик ишмерлерди мифологиялык каармандардай ашкере мактап даңазалоо өзүнчө кампанияга айланган. Азыр деле аты-жыттарын урпактарынан башка эч ким укпаган, архивдерден алар жөнүндө ынанымдуу алакандай да кагаз чыкпаган баатырлар пайда болууда. Менде кээде кыргыздар өздөрүнүн ата тектерин баатырдан башкача элестете алышпайбы?- деген суроо жаралат. Урпактары, туугандары антип, ЖМКлар алардын чоң атама таенеси минтип айткан экен дегендей нерселерди жарыялай беришсин, алар өздөрүнүн иши, бирок андай апыртмалар ошол бойдон мектептердин, ЖОЖдордун окуу куралдарына кирип кетип жатпайбы!

Бизде репрессиялар, саясый куугунтуктар калыс талданганын көрө элекпиз, дайыма бир жактуу чагылдырылат. Ал эми Кыргызстандагы 1930- жылдардагы, андан кийинки репрессияларды, куугунтуктарды И. Лоцманов гана эмес, Х. Карасаев: “мени орустар, жөөттөр эмей эле Б. Исакеев, Т. Жолдошев, А. Жумабаев, К. Бакеев, Ж. Самаганов, А. Алтымышбаев, К. Орозалиев деген ж. б. туугандарым куугунтуктап, каматышкан” деп “Хусейин Наамасында” жазгандай, көбїн өзүбүздүн эле ошол мезгилдеги азыр мактап-даңктап жаткан жетекчилерибиз уюштурушкан. Эмне үчүн алар жөнүндө ачык айтылбайт? Тарых жөнүндөгү эмгектерди, окуу куралдарын карасаңыз, 1920-жылдардан берки кыргыз жетекчилердин дээрлик баардыгы эл, мамлекет үчүн гана кан-жандарын аябай иштеп, ал убактагы баардык маселелерди совнаркомдордун төрагалары, алардын орун басарлары чечкендей, ал эми 1950-жылга чейин башка улуттардын өкүлдөрү болгон партиялык биринчи жетекчилер эшек такалап эле алардын айткандарын аткарып жүргөндөй көрүнөт. Чындыгында ал убакта түгүл, биринчи партиялык жетекчилердин макулдугусуз, чарбалык, социалдык обьектилерди курууну мындай коёлу, Усубалиев менен Масалиевдин тушунда деле чоң батирлердин да тагдырлары деле чечилген эмес.

Кыргыз эл Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков тоталитаризмге каршы калеми менен күрөшүп, улуттук тарыхый эстутумубузду, аң-сезимибизди ойготууга, көз карандысыздыктын атрибуттарын даярдатып, кабыл алдырууга аябагандай чоң салым кошкон инсан. Көзү өткөнүнө 12 жыл болду. Кичи мекенинде ушул убакка чейин анын ысмынан бир мектеп же көчө да коюла элек. Анткени, биздин айылда башы бош ургаачы жок дегендей, аты бош мектеп, көчө калбаган. Мектептер түгүл, балдар бакчаларына, айылдардын булуң-бурчтарына да мурдагы партиялык, советтик активдердин, бригадир-звеновойлордун ысымдары шыкалып калган. Алардын көпчүлүгү өзгөчө иштери менен деле көрүнбөгөн, көп активдердин биринен эле болгон, бирок таасирлүү, тыйындуу балдар-кыздары элди үгүттөп, майлап-чайлап ата-бабаларынын аттарын койдуруп алышкан.

Мына ушундан улам улуттук тарыхыбызды окутуп, чечмелөө боюнча жаңы Концепция иштелип чыгылып, жалпы элдик талкууга коюлушу, аны даярдоочу топко пропорционалдуу түрдө аймактардан өкүлдөр киргизилиши керек. Эгерде андай болбосо, ошол убакта Ысык-Көлдүк тилчилер көп болгондугуна байланыштуу улуттук тилибизге Көлдүк диалектилер, говорлор негиз кылынып алынгандай, ал дагы эле бир аймактын тарыхы болуп калат.

Концепциянын негизин — ​илимийлүүлүк, обьективдүүлүк түзүүсү, анан төмөндөгүлөр сөзсүз эске алынуусу зарыл:

  1. Кокон хандыгынын мамлекеттигибиздеги орду жана ролу;
  2. Октябрь төңкөрүшүнүн улуттук мамлекеттикти кайра жаратуудагы баа жеткис ролу;
  3. Мамлекеттикти калыптандырып, өнүктүрүүдөгү башка этностордун өкүлдөрүнүн салымдары;
  4. Акаевдин реформаларынын орду толгус зыяндуу кесепеттери;
  5. Төңкөрүштөрдүн чыныгы себептери жана жыйынтыктары;
  6. Көз карандысыздыктан кийин пайда болгон баатырлардын, бийлердин чыныгы ордулары илимий негизде гана чагылдырылышы керек.

Тарых илим эмес, саясый публицистиканын эле бир формасы, ошондуктан Батышта илим катары өзгөчө бааланбайт, ал улуттук мифологияларды түзүп, элди шыктандырып, мобилизациялоо үчүн эле кызмат кылат дегендей ойлор айтылып жүрөт. Анын да чындыгы бар. Ар этнос армяндар менен еврейлерге окшоп өзүнүн тарыхый мифологиясын жаратышы керек. Ал мифология жалпы элди бириктирип, ынтымактарын бекемдөөгө багытталганда гана өзүн актайт.

Тилекке каршы, тарых бизде майдачыл өздүк көркөм чыгармачылыктын эле бир түрүнө айланып кеткен. Даражалуу тарыхчылардын көбү деле ошону менен алектенип келатышат. Андай стихиялык процесстерге чек коюу үчүн биринчи кезекте мамлекеттик саясат болуусу зарыл.

Мирлан Дүйшөнбеков

Share