Соңку учурлардагы урунттуу саясий окуялар тууралуу сөз кылганда, кечээ жакында эле Турцияда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна токтолбой коюуга болбойт. Дүйнөлүк геосаясий карта күн сайын эмес, саат сайын өтө тездик менен өзгөрө баштаган доордо, геосаясат оюндарынын океанынын толкундарын жиреп өтүүгө алсыз болуп турган, Кыргызстан сыяктуу чакан жана чабал өнүгүп жаткан өлкө өз келечегине кам көрүш үчүн туруктуу жана ишенимдүү партнёрлорду таба билиши зарыл.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров дагы аталган саммитке катышып, анда Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелерин көтөргөнү маалым болду. Бул абдан туура, анткени, жаңы инвестицияларды тартуу жана аларды туура, так иштете билүү — постсоветтик эгемен Кыргызстан мамлекети үчүн алиге чейин эң көйгөйлүү, татаал маселелердин бири бойдон кала берүүдө…
Ошентсе да, мындай биримдиктерде бир гана экономикалык жана маданий кызматташтыктар боюнча маселелер гана каралбай, ири алдыда аскердик жана коопсуздук маселелери алдыга чыгары түшүнүктүү. Демек, жабык эшик артында, же жекеме-жекече, көзмө-көз сүйлөшүүлөрдө Борбордук Азия чөлкөмүндөгү абал (албетте, Росссия Украинада жүргүзүп жаткан Атайын-аскердик операциянын фонунда) дагы талкууланып, дүйнөлүк ири супердержавалардын өз ара геосаясий тирешүүлөрүндөгү жаңы нюанстар белгиленип, ар кандай оор сыноолордо чогуу туруу сыяктуу мурдатан макулдашуулар боюнча өз ара позициялар кайрадан тактала тургандыгы керек болчу.
Постсоветтик Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекистан Республикасы Россиянын Украинадагы согушуусуна башынан бери эле нейтралдуу позицияны карманып келе жатышса, жалгыз гана Тажик Республикасы алардан айырмаланып тургандыгы күтүлгөн эле позиция болчу. Ал эми Турция Республикасы Россия менен Украинаны элдештирүүгө эки-үч ирет аракет жасап, Кара-Деңиз аркылуу башка өлкөлөргө дан эгиндерин ташып кетүүнү уюштурууда орчундуу роль ойногондугу унутула элек.
Дегеле, Турция Республикасы жаңы ХХI кылымда өз алдынча саясат жүргүзүүгө көбүрөөк ыктап, айрыкча Реджеп Тайип Эрдоган президент болуп шайлангандан бери, араб жана исламдык өлкөлөргө, тектеш түрк тилдүү өлкөлөргө өзгөчө ынтаа менен мамиле жасап, өзүнүн мурдагы геосаясий союздаштарынан алыстап бара жаткандыгы ачык байкалууда. Мурдагыдай эле НАТО сыяктуу Евро-Атлантикалык күчтүү аскердик союзга мүчө бойдон кала бергендигине карабастан, өз регионунда жана эки тараптуу кызматташтык-мамилелерде толук өз алдынчалыкка жетишип, АКШнын саясатын колдоп-улантмак турсун, айрым учурларда анын эки жүздүү геосаясий доктриналарына ачык эле каршы чыгып, Борбордук Азиядагы эң ири жана лидер державага айланып бара жатат. Көрсө, 2016-жылы Стамбулда мамлекеттик төңкөрүш жасоо, зарыл болсо президент Режеп Тайип Эрдоганды жок кылуу аракети бекеринен жасалбаптыр!..
Региондогу экономикалык жактан катуу темпте өнүгүп жаткан, заман чакырыктарына жооп бере ала турган кубаттуу аскердик потенциалга ээ болгон Турция мамлекети дүйнөлүк геосаясаттын өз региондуна тиешелүү маселелерине келгенде, өзүнө чоң жоопкерчиликтүү жана оор милдеттерди да алууга даяр экендигин бир нече ирет тастыктагандай болгон. Коңшулаш Сириядагы согуштун аякташына кызыкдар болуп, буга колдон келген бардык аракеттерди жасоо менен жардам берүү, өзүнүн ички оор жарааты болгон курд маселесин чечүүгө дагы түрткөн.
Кечээ жакында Москвада өткөн Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин, дүйнөлүк геосаясий абалдын мурдагыдай бойдон кала бербей тургандыгы дагы бир ирет тастыкталды. Россиянын президенти Владимир Путин: СССР талкалангандан бери АКШ бир полярдуу дүйнө курууга аракет кылып жатат, дүйнөнү өзү жалгыз каалагандай башкаргысы келип жатат деп, көптөн бери какшап келе жатканы маалым. Акыры Россияны тымызын курчап, четинен бөлүп алып, ичтен талкалоо планын ишке ашырбас үчүн, Украинадагы атайын-аскердик операцияны баштоого да мажбур болду!
Калыстык үчүн айта кетүү керек: Джо Байденден мурдагы президенттердин тушунда эле иштелип чыккан ЦРУнун пландары боюнча, Калининград тарап Германияга берилип, Курил аралдары Японияга өтүп, Түндүк Кавказ Турция карамагына өтүп, ал эми табигый ресурстарга эң бай Сибирь жана түндүк тарап АКШнын протекторатына айланмак. Турция мындай азгырыктуу убадаларга да карабай, Россия менен өз мамилесин бузган жок. Тескерисинче, эки тараптуу мамилелер мурдагыдан да бекем, ишеничтүү болуп калды.
Эми Москва жана Пекин сыяктуу дүйнөлүк ири геосаясий союз жаралды. Супердержавалардын өз ара тирешүүсү жаңы этапка өттү. АКШ баш болгон Европалык союздаштарынын турган 70–80 өлкөгө каршы Россия бир жылдан ашуун убакыттан бери өзү жалгыз согушуп келе жатса да, алар күткөндөй мүңкүрөп, сынып, мөгдөп калган жок…
Кыргызстан мурда Россияны дайыма стратегиялык партнер катары ар тараптан колдоп келген. Биринчи жолу Украинадагы согуш маселесине келгенде колдобой койду. Коңшулаш Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына бир нече жолу кол салышып, көптөгөн кан төгүүлөр болгондугун муну менен түздөн-түз байланыштыруунун деле кажети жок. Бирок, кыйыр байланышы бар экендигин, башкача айтканда, Кыргызстандын башка бир мамлекет менен болгон конфликтинде да Россия “нейтралдуу” позицияда кала берерин болжолдоо деле кыйын эмес болчу.
Бул өңүттөн алып караганда, Кыргызстандын узак мөөнөттүү жана стратегиялык, ишенимдүү партнерлору кимдер боло алат? Дегеле, Кыргызстан азыркы дүйнөлүк геосаясий оюндарда өз алдынча субъект катары катыша алабы? Мурда ири супердержавалардын кызыкчылыктарынын объектиси болуп келген өлкөнүн чакан кемеси дүйнөлүк бороон-чапкындуу океанга өз алдынча ишенимдүү чыга алабы? Аласалып, биротоло аңтарылып кетиши да ыктымал.
Ошондуктан, чоң жана кубаттуу бир кеменин далдаасында жана коргоосунда гана, өз алдынча союздаш жана кызыкчылыктары бирге мамлекеттердин биримдиги аркылуу гана ишенимдүү өнүгө алат. Азыркы Турция Республикасы региондогу дал ошондой лидер өлкө болууга татыктуу. Кытай, АКШ жана Россия менен теңтайлаша албаса да, алардын кийинки орунду ээлеп, дүйнөлүк геосаясий аба-ырайынын өзгөрүшүнө реалдуу салым кошо баштагандыгы эле буга айкын күбө.
Анын үстүнө, Турция жана Кыргызстан титулдук калкы тектеш, боордош элдерден куралган өлкөлөр экендиги да бекем пайдубалга негиз болот. Байыркы, улуу кыргыз эли дайыма тектеш жана боордош элдер менен туугандык тыгыз мамиледе болуп келген. Мындай фактылар биздин улуу “Манас” эпосубуздан баштап, оозеки санжыраларыбызга чейин сакталып калган.
Ушуга байланыштуу, айрым бир тактап коюучу маселелер бар. Кээ бир “билермандар” түрктөр кыргыздарга чейин болгон эмес, алардан кийин жаралган дешет. Чындыгында, түрк тилдүү элдердин баарынын теги — байыркы Түрк Ата экендиги аксиома катары кабылданышы керек (кылымдардан-кылымдарга, ооздон-оозго өтүп келген санжыраларыбызда жазылып калган — Тоголок Молдо). Ошол Түрк Атадан таркагандар кылымдар өткөн соң, азыркы түрк тилдүү өз алдынча элдерге айланышкан.
Тилдерибиз тектеш болуп, бир дарактын бутактары сыяктуу болуп турганы эле муну тастыктап турат. Азыркы түрктөр (Турция) Бир кезде кыргыздар жана түрктөр (ж. б. көптөгөн кийин жок болуп кеткен түрк тилдүү элдер сыяктуу эле) өз мамлекеттүүлүгү болбосо эле, ал элди болгон эмес деп айтуу — түркөйлүк.
Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун эмгектеринде скифтердин, сактардын бээ байлап кымыз ичишкенин окушуп, кээ бир тарых күйөрмандары алар кыргыз эле болушу керек деп түкшүмөлдөп да жүрүшпөйбү? Бул деле чындыктан анча алыс эмес “версия”. Себеби, өз алдынча Улуу Түрк империясын түптөгөнгө чейин, түрк тилдүү элдер гунндардын империясында дагы таасирдүү этностордун бири катары катышып келген. Тарых агымында майда жана тектеш түрк тилдүү элдер, уруулар тоо булактары өзөнгө агып келип кошулушуп, кубаттуу дарыяга айлангандай эле процесстер дайыма тынымсыз жүргөн.
Азыркы эң актуалдуу маселе — постсоветтик жаш эгемен мамлекеттер (ал элдердин байыркы жана салыштырмалуу жаш экендигине карабастан) учурдагы оор сыноолорго туруштук берип, өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алышабы? — деген суроого барып такалууда. Муну бүгүнкү Россия жана Украинадагы окуялар тастыктоодо… Бир кезде улуу империясы болгон кыргыз эли башка элдер жана өлкөлөр сыяктуу эле, учурдагы сыноолордон татыктуу өтүүгө тийиш.
Ишенбек МУРТАЗАЕВ