Президент Садыр Жапаров парламент өткөн жылдын 28-декабрында кабыл алган “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун сын-сунуштар менен артка кайтарды. Мамлекет башчысы ал долбоордун 18 пунктуна каршы болуптур. Биринчиси, Президенттин пикирине ылайык, ал Конституциялык эмес, катардагы эле мыйзам болушу керек. Экинчиси, азыркы долбоор боюнча депутатты суракка түгүл, бир түйүндүү маселе боюнча Өкмөткө, Президенттик администрацияга чакырууга да мүмкүн эмес. Мамлекеттик органдардын баары депутатка ийилип келип, баш уруп, өтүнүчтөрүн айтып, эгерде ал макул болсо, ал маселе боюнча маалымат ала алышат, кокус эл өкүлү андай деңгээлге түшкүсү келбесе, анын каалоосу жок эч нерсе кыла алышпайт. Кокус депутат автоунаа башкарып баратып, жол эрежесин бузмак түгүл, авария жасаса да анын документин текшергенге эч кимдин укугу жок. Ал эми депутаттын мандатын чакыртып алууну –депутаттар өздөрү мамлекет башчысына импичпент жарыялагандан да татаал кылып салышкан. Бир сөз менен айтканда, ынсапсызга кашык сунса беш уурттайт дегендей, мыйзам жазуу укугу өздөрүндө экенинен пайдаланышып ЖКнын бул жолку чакырылышынын депутаттары өздөрүнө таптакыр кол тийбес долбоорду даярдашып, майрамдын алдында ал кокус өтүп кетеби деген тейде мамлекет башчысына жөнөтүп коюшкан.
Азыр дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрүндө парламент пикир алмашуучу платформалардын ролдорун гана аткарышат. Реалдуу бийликтери деле болбойт. Парламенттик өлкөлөрдө деле башкаруучу партиянын лидери көп маселелерди парламентке жеткирбей чечип, депутаттарды факты менен гана тааныштырып коёт. Ал эми өтө маанилүү эл аралык, аскердик сырларга байланышкан маселелерди аткаруу бийлигиндегилер өздөрү оптималдуу деп тапкандай гана чечишет. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өзөктүк куралдар, баллистикалык ракеталар ж. б. сыяктуу жогорку технологиялардагы кымбат долбоорлор жашыруун ишке ашырылууда. Алар 1942-жылдагы “Манхеттен” долбоорундай эле, өтө чоң чыгымдарды талап кылгандыгына карабастан парламентте каралбаган, макулдашылбаган, антсе ошонун эртеси ал өз маанисин жоготмок, мында айтайын дегеним, мамлекеттик өтө жашыруун нерселерге байланышкан материалдарды сураганга депутаттардын укуктары болбошу керек. Он депутат билген нерсе, бир жумага жетпей бүткүл дүйнөгө белгилүү болот. Тилекке каршы, биздин алабарман депутаттар баардык нерселерге кийлигишип, радиожыштыктар, сырттан сатылып алынып жаткан курал-жарактар, алардын техникалык өзгөчөлүктөрү сыяктуу улуттук коопсуздукка байланышкан нерселерди деле талап кыла беришет. Мыйзам долбоорунда мына ушул жагдай так жөнгө салынган эмес.
Депутаттар өз ыйгарымдарын, укуктарын мамлекет башчысы менен өкмөт башчысынын укуктарына теңегилери келиши да мүмкүн, бирок мамлекет башчысы өлкөдөгү баардык абалга жооп берсе, Өкмөт экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү абалдарга керт башы менен жоопкерчиликте. Ал эми депутаттар саясый, экономикалык, социалдык чөйрөлөрдү мындай кой, өздөрү демилгелеген мыйзамдар үчүн да жооп беришпейт. Ошондуктан мыйзам долбоорунун автору Марлен Маматалиевге окшоп, “биз Президент кайтаргандардын жарымына макул болсок да, калган бөлүгүн сактап калуу үчүн аягына чейин турушубуз керек” деп көкүрөгүн ургулаганы өтө эле алабармандыктай көрүнүүдө. Бекем турмак түгүл, туураларынан жатып алышса деле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жактырган вариант гана өтөрүн бапылдаган балакайлар эстеринен чыгарбаса жакшы болот эле.