«Баарын коюп, Манасты айт»
Буйруса, Кыргызстан экономикалык, социалдык жактан ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү. Аны өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Өлкө өзүнчө чоң курулуш талаасына айланып бара жатат. Бишкектин так ортосунда тийиштүү инфратүзүмдөрү менен жалпы баасы 321 миллион долларлык “Бишкек сити” комлексинин курулушу башталды. Ага 37 кабаттуу беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, көп батирлу турак-жай комплекси кирет. Орто-Сайда сыйымдуулугу 20 миң адамдык, баасы 51 миллион долларлык мечиттин курулушу да түптөлдү. Жакында Москва районунда автозаводдун, Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата‑1 ГЭСинин курулуштары башталганы турат. Чакандарын айтпай эле коёлу. Курулуштар көбөйгөн сайын миңдеген жаңы жумушчу орундар түзүлүп, бюджеттин киреше бөлүгү да артат. Бир мисал. Беш жылдыздуу мейманкана инфратүзүмдөрү менен курулуп бүтүп, ишке берилсе, 2500 адам туруктуу жумушчу орундары менен камсыз болгону турат. Инвесторлор аны эки жылда куруп, бүткөрүүгө убада кылышууда.
Мына ушулардын баары азыркы бийликтин аракети менен болууда. Ал эми азыркы бийликтин башкы идеялык уюштуруучусу жана башкы архитектору Камчыбек Ташиев болгону талашсыз.
Ооба, азыркы бийлик жакшы иштеп атат. Ал үчүн Президент Садыр Жапаровго, экономиканы чемичкедей чагып, көмүскөдөгүлөрүн камырдан кыл сууругандай ачыкка чыгарып, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп жаткан Акылбек Жапаровго ыраазычылыкты гана айтуу керек. Бирок, бирок…” баарын коюп Манасты айт” дегендей, эгерде Камчыбек Кыдыршаевич болбосо, азыркыдай позитивдүү жылыштар болбой турганын да моюнга алуубуз зарыл. Бир эле Кумтөрдү улутташтыруунун эсебинен кирешебиз 1 миллиард долларга көбөйдү. Эгерде Садыр Жапаров, анын аркасында Камчыбек Ташиев болбосо, Кумтөр менен соодалашуу бүтпөс жарамазанга айланып, бийликтегилер эптеп 30–40 миллион доллар өндүргөндөрүн да чоң жетишкендиктей көрсөткөн мимикриялык абал уланып келе бермек.
Анархия зилзаладан да коркунучтуу апаат
Чек ара маселелери боюнча Өзбекстан менен макулдашуу маселесинде митинг, пикеттерге чыгып, социалдык түйүндөрдө кайраштырган маалыматтарды таркаткандардан жыйырмадан ашык адам кармалып, көбү СИЗОлорго киргизилди. Аны айрымдар адаттан тышкаркы нерсе катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Менин оюмча, бул Кыргызстандын 2005-жылдан берки саясый, социалдык өнүгүүсү шарттаган мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эмне үчүн? Анткени, ошондон бери бийликке ачык кысым, басым көрсөтүп, аны күч менен алмаштыруу адатка айлана, аны амбициялуу саясатчылар, мародёрлук кылып пайда тапкысы келгендер мыйзам ченемдүү нерсе катары эсептей башташкан. Ар 5–10 жылда, кээде андан да аз убакытта күч менен бийлик алмашылып, банктар, дүкөндөр таланып-тонолуп, мамлекеттик жайлар өрттөлүп, рейдерлик көрүнүштөр кайталана берсе, эч кандай мамлекет өнүкпөйт, инвесторлор андай жерге айдаса да келбейт, ал элди кыйнап, азап-тозокторго гана тушуктурат. Андай көрүнүштөргө чек коюунун эки эле жолу бар. Биринчиси, превентивдүү чаралар, экинчиси, баарын эсине келтирип, Тажикстандагы жарандык согушту тынчыткандай кызыл кыргындар. Эгерде бизде бийликти күч менен алмаштырып, талап-тоноочулук кылуу адатына чек коюлбаса, ал сөзсүз бир күнү масштабдуу кызыл кыргынга айланмак. Анда биз 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийинкидей 5–6 жыл эмес, 15–20 жыл артка кетип, мүмкүн жерибиздин бир бөлүгүнөн да ажырамакпыз.
Азыркы бийлик, биринчи кезекте Камчыбек Ташиев чечкиндүү превентивдүү чаралары аркылуу андай потенциалдуу көркунучтун алдын алып, Кыргызстандын дагы бир хаоско кирип кетишине жол бербеди. Оппозициячылдар пикирлерин, сунуштарын, сындарын тынчтык жол менен айтышсын, бирок “айдайбыз, басып алабыз, башка мамлекетке кошобуз” дегендерге каршы өрткө суу чачкандай чаралар көрүлүп, анабашчыларына темир билериктер салынышы керек. Бизде элибиздин саясый маданиятын, аймактык, кландык психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске албастан батыштагылардыкын белимчилей берүү анархиядан, кыйроодон башка эч нерсе бербейт. Батышта, АКШда олуядай бааланган Ли Куан Ю “Кытайга Батыштын үлгүсүндөгү демократияны киргизүү анархияга, кыйроого гана алып келет. Анын ага кереги жок. Кытай өз жолу менен кетиш керек” деп бир нече ирет кайталаган. Анын жазганы боюнча, 1989-жылы майда Тяньаньмень аянтында студенттер массалык демонстрацияга чыгып, кандуу кагылышуулар башталганда дүйнөлүк коомчулук Ли Куан Юдан да жогору баалаган День Сяопинь: “эки жүзүн эмес, керек болсо эки жүз миңин атып салгыла. Антпесеңер Кытай жүз жылдык анархияга кирип кетет” деп буйруган экен.
Эл, мамлекет үчүн тынчтыктан, туруктуулуктан өткөн ырыс жок. Анархия — зилзаладан да коркунучтуу апаат. Андайлардын чекелерин көрдүк, Кудай мындан ары жытын да сездирбесин. Бийлик — андай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн кандай чараларды көрсө да ал тарыхый жактан өзүн актайт.
Чоң саясатта деле чыныгы достор көп болгон
Чжоу Эньлай өлгөндө Мао Цзедунь “мен эми жалгыз калдым” деп өксөп ыйлаган. А. Жданов өлгөндө темирдей эрки, кайраты бар Сталин да ыйлап, депрессиялык абалга тушугуп, күйүтүн врачтардан чыгарган. Л. Брежнев М. Сусловду өзгөчө баалаган, ал жүргүзгөн идеологиялык иштерге кийлигишпеген. Саясый бюродогулардын көбү, өзү тымызын сталинчил болгон менен Сталинди реабилитациялоого М. Суслов каршы болгондуктан анын пикиринен чыга албаган. М. Суслов өлгөндө мамлекет башчысына көрсөтүлгөндөй ызат расмиде анын сөөгүн мурдагы Союздагы эң ардактуу жерге — Кремлдин түбүнө койдурган.
Чоң саясатта түбөлүк достук болбойт деген чала сабаттардын, анан элдин баарын өздөрүндөй ойлоп, кутумдуктан арылбагандардын эле чыгаргандары. Чыныгы адамдык мамилелери бар, инсандык, ишмердик сапаттары жогору, идеологиялары, философиялары окшош чоң саясаттагы инсандардын ортосундагы достук, жолдоштук жөнөкөй адамдардыкынан алда канча бекем болот. Маселен, саясый чоң постту ээлебеген менен Гарри Гопкинстин президент Ф. Рузвельтке таасири өтө чоң болгонун, өзгөчө маанилүү миссияларда анын негизги ролдорду ойногонун тарыхтан билебиз. Достордун арасында айрым маселелер боюнча кайчы пикирлер, көз караштар чыгышы мүмкүн, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, андай пикир келишпестиктер жарым кылым бир төшөктө жатып, бир казандан тамак жеген эрди-катындардын ортосунда деле көп кездешет. Үй-бүлө мүчөлөрү акылдашып, кээде тартышып, бир жыйынтыкка келгендей эле, достор да пикир алмашуу аркылуу баарын чечиши керек.
Башкы бийликтегини кулаткысы келгендер, Сталинди Поскребышев менен Власиктен ажыратышкандай эле, биринчи кезекте анын айланасындагы ишенимдүүлөрдү кетирүүгө аракеттенишет. Бул Ыйса пайгамбардын он осуятындай эле байыртан келаткан аксиома. Азыр Ташиевге негизсиз асылып, эки досту кайраштырууга аракеттенип жаткандардын чыныгы максаттары ошол. Аларды кетирип, мурдагы бийликтегилердин учурундагыдай күнкарамаларды, куйрук түйгөнгө даяр турган саткындарды апкелишкенден кийин чындап бышаң салганга өтүшөт.
Менин бул жерде айтайын дегеним, Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүн жетектеп турганда эч ким Садыр Жапаровго бышаң сала албайт, анткендердин бышаңдары өз баштарына тийет. Досу үчүн Камчыбек Ташиев каны түгүл чымындай жанын да аябай турганын жалпы эл билет. Булт бермей, сатып кетмей сыяктуу сапаттар Ташиевдин канында жоктугун буга чейинки окуялар ырастаган.
Элине берешен, мамлекетке чеп
Камчыбек Ташиев тээ 90-жылдардан ишкердикке аралашкандан бери кичи мекени үчүн жасаган атуулдук, соопчулук иштеринин жалпы суммасы ондогон миллиондогон сомдорду түзөт, мүмкүн жүз миллиондорго жететтир. Жолдорун, маданий, социалдык мекемелердин имараттарын оңдотуу, түздөтүү, асфальттоо дегендей иштердин көбүн аткарды. Азыр демөөрчүлөрдү чогултуп, айылына заманбап төрөт үйүнүн имаратын курдурууда. Ал спортту жакшы көрөт, айылындагы спорттук жайлардын баары анын демилгеси, каражаты менен бүткөрүлгөн. Ал тапкан каражаттарынын көбүн эл менен бөлүшүп келет. Сасык байлардан болгон эмес.
УКМКга жетекчи болгондон чек аралардагы аткезчиликти токтотту, бажы кызматынын бюджетке кирешеси эселеп өстү. Кустуризацияны баштап, жемкорлордон миллиарддарды кустурду. Коррупционерлер байма-бай кармалууда. Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү кескин артты. Бир миллиарддан ашык долларга заманбап курал-жарактар, техника жабдуулар сатылып алынды. Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилип, соода-экономикалык мамилелер жакшырып, дүркүрөп өсүп баратат. Эми ага Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүү гана калды.
Мурда УКМКнын район-шаарлардагы бөлүмдөрүнүн көпчүлүгү ар бурчтарда тыгылып отурушса, азыр жарымына жакыны эки кабаттуу заманбап жаңы имараттарга ээ болушту. Ал УКМКны дагы 2–3 жыл жетектеп турса, бул тармакта турак-жай маселеси толугу менен чечилерин бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Анда иштегендерге көп кабаттуу батирлер да салынууда.
Бир сөз менен айтканда, Камчыбек Кыдыршаевич өзүнө мүнөздүү динамикада күжүлдөп иштеп жатат. Тынчтык болуп, Жапаровдор менен бирге болсо, Кудай буйруса, өлкөбүз 3–4 жылдын ичинде таанылгыстай өзгөрөт. Кудай эки достун ынтымагын мындан да арттырып, үч шумкардын туурларын бекем кылсын!
Мирлан Дүйшөнбаев