Текшерүү болбосо, көмүскөдөгүлөр кантип ачыкка чыгарылат?

Текшерүү болбосо, көмүскөдөгүлөр кантип ачыкка чыгарылат?

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын чыгарды.

Ал ишкердикти өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү, укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, алардын иштерине негизсиз кийлигишүүлөргө жол бербөө, текшерүүчү органдардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында чыгарылгандыгы, ал чакан, орто жана ири ишкерлерден, коммерциялык банктардан көптөгөн арыз-даттануулар келип түшкөндөн улам кабыл алынгандыгы айтылат, анын негиздемесинде. Мындай мораторийлер мурдагы бийликтердин убагында да бир нече жолу киргизилген, алардын жыйынтыктары кандай болгонун билбейбиз, бул да өзүнчө популисттик боёгу да бар мезгил-мезгили менен кайталанып турчу кампания. Мурдагы кампаниялардын сезилерлик жыйынтыктары деле болгон эмес, болсо аны убагында укмакпыз, окумакпыз, менин бул жерде айтайын дегеним: Өкмөт көмүскө экономикадагыларды ачыкка чыгарып, салыктык базаны кеңейтүү үчүн күрөшүп жатканда текшерүүлөргө мораторий жарыялоо — ​ал иштерди бутка тээп, үзгүлтүккө учуратпайбы? — ​деген маселеде гана.

Жашырылгандарды, бекитилгендерди ачыкка чыгаруунун бирден-бир жолу – текшерүү, көзөмөлдөө. Азыр бизде туристтик, кафе-ресторандык, чекене соода-сатык иштеринин жарымынан ашыгы, тигүү тармагынын, автоунааларды оңдоочулардын 70–80, курулуш индустриясынын 20–30 пайызы көмүскөдө. Фирма, компания, ЖЧК дегендердин көбү кош бухгалтерия менен иштешет. Бир эле мисал. Жылдан жылга Кыргызстанга келген туристтердин сандары миллиондоп көбөйүп жатканын Статком маалымдайт. Ал чын болсо, неге ал тармактан чегерилген салыктар ага пропорцианалдуу көбөйбөй жатат?

Тигүү тармагы биротоло подпольеге түшүп кеткен. Андагылар эртең мененки 8ден кечки саат 10–11ге чейин тыным албай иштешет. Бирок, алардын эмгектик, эс алуу укуктары корголмок түгүл “Эмгек китепчелери” да жазылбайт. Аларда иштегендердин басымдуу көпчүлүгү азыр жаш, бирок улгайганда, пенсия жашына баргандагы тагдырлары кандай болот? Салыктары эч жерге төлөнбөйт. Алардын баарын Салык кызматындагылар эң сонун билишет, ар цехтин бирден “крышасы” бар. Алар ай сайын колуштук алышат да, көрмөксөн, билмексен болуп жүрө беришет.

Дордойдо, башка ири базарларда дүң соодадагы сатуучулар патент менен иштешет. Алардын бир айлык патентинин баасы – 10 миң сом. Анча акчаны алардын көпчүлүгү бир күндө эле табышат. Өкмөт аларга кассалык көзөмөлдөөчү машина орноткула, ошого жараша салыгыңарды төлөгүлө деген талап койсо, ага каршы митингге чыгышууда. Садыр Жапаров Нарынга барганда “мас абалында автоунаа айдагандарга эмнеге айып пулду көбөйттүңөр?” деген да талап коюшту. Ага Президент: “силер эмне, мас болуп машина айдап жүрө берели дейсиңерби?” деп туура жооп берди. Биздин этникалык психологиябыз, түшүнүгүбүз эң эле кызык. Элдин көпчүлүгү мыйзамдуу салыктарын да төлөгүлөрү келбейт. Анан “жолду оңдобойсуңар, акыр-чикирлерди чыгарбайсыңар, жаңы ишканаларды курбайсыңар, айлыктарды, пенсияларды көбөйтпөйсүңөр” деген ж. б. талаптарды коюп, “бийлик жакшы иштебей жатат” деген доо менен чыгышат. Бийликтин эң башкы милдети, мыйзамдуу алык-салыктарды, төлөмдөрдү өндүрүү. Антпесе мамлекеттик механизмдер иштебей калат. Нарында Садыр Жапаров туура айткандай, эл салык төлөбөсө, Өкмөт алардын баарына акчаны асмандан алабы! Ошондуктан бийлик ишкерлерге жеңилдиктерди берерден мурда көмүскөдөгүлөрдү ачыкка чыгарып, салыктык тартипти бекемдеп, өркүндөтүү жөнүндө чараларды кабыл алса, оптималдуу болмок. Көзөмөлдөп, текшерүүчү органдардын колу-буттарын бууп салгандан кийин көмүскөдөгүлөр гүлдөп өсүп өнүгө, Өкмөт бюджеттегилердин салыктарын шыпыргандан башкага дарманы жетпей жалдырап отура берет.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share