Салыктан качуу, кирешени жашыруу – ​оор кылмыш!

Салыктан качуу, кирешени жашыруу – ​оор кылмыш!

Эрте жаз менен кошо ойгонгон саясий активдешүү республиканын ар кайсыл аймактарында дээрлик күн сайын болуп жаткан ар кандай маанидеги митингдер жана коомдук-саясий акциялар менен коштолууда. Алардын негизгилери деп, эки топту бөлүп көрсөтүүгө болот. Биринчиси — ​азыр убактылуу кармоочу жайда төрт-беш айдан бери Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекистанга берүү боюнча жатышкандардын туугандары жана тарапташтары. Экинчилери — ​экономикалык багыттагы кызыкчылыктары боюнча топтолушкандар — ​же, республикадагы соода-сатык жайларына контролдук-кассалык машиналарды орнотууга каршы чыгышкандар…

Чындыгында бул эки топ тең күтүлгөн эле реакция жана табигый кадам катары кабылданышы зарыл. Себеби, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекистанга берүү боюнча кармалгандардын тергөө иштери аяктап, сотко өтүү алдында турат. Ал эми контролдук-кассалык машиналарды орнотууга каршы чыгышкандардын коюп жатышкан талаптары жана курамы — ​өз алдынча сөз кылып, тереңирээк талдоого муктаж. Адегенде эле, алардын артында көмүскө турушкан жана да бул маселени туз козыры катары колдонушуп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду креслосунан алып түшүүнү көздөшкөн күчтөр бар экендиги да айкын боло баштаган.

Бирок, саясат менен анча көп алектенбей, өз милдеттерин кыйла эле тың аткарып жаткан (албетте, азыркы шарттарды жана түзүлгөн эл аралык кырдаалды эске алганда!) министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иштеринен кыйкым табууга кызыкдарлар көп болушканы менен да, ал азырынча олуттуу катачылыктарга жол бере элек.

Кечээ жакында эле министрликтердин жана мамлекеттик маанилүү органдардын жылдык отчет сыяктанган коллегиялары болуп өткөндүгү маалым. Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясына катышкан Акылбек Жапаров эч кандай жаңы салык түрлөрү киргизилбегендигин жана да мурдагы салыктардын өлчөмдөрү эч жогорулатылбагандыгын белгиледи. Ошентсе да, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, салык кызматкерлери 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруучу төлөмдөрдү чогултушкан. Бул цифра мурда пландалгандан 3,7 млрд сомго көп.

Ал эми 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу — ​63,8 млрд сомго ашкан. Албетте, инфляция факторун жана жылдан жылга табигый өсүү процессин эске алганда деле, жогорудагы цифралар азыркы биздин абалыбызда кыйла эле позитивдүү мааниге ээ.

Муну менен биз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мурдагы өкмөт башчыларынан айырмаланып, кескин өзгөрүүлөрдү жасап жиберди деген ойду айтуудан алыспыз. Тек гана, анын дал ушул багытта — ​салык саясатында жүргүзүп жаткан иштери абдан туура экендигин гана баса көрсөткүбүз келет.

Анткени, жакыр Кыргызстандын көмүскөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрү реалдуу бюджеттен ашса ашып, эч кем калбай тургандыгы жөнүндө ар кандай деңгээлде сөз болуп эле жүрөт. Маселенин баары — ​ошолордун баарын ачыкка алып чыгып, мыйзам чегинде салыктарды төлөөгө мажбур кылууда турат. Ошондо гана мамлекеттин азыркы итке минген, жакыр абалы аз-аздап оңолуп башташы ыктымал.

Азыркы кезде контролдук-кассалык машиналарды 65 миң субъект колдонуп жатыптыр. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сөзүнө ишенсек, 2022-жылы чогултулган салыктын эсебинен эле жөлөкпулдардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүлүп, бюджеттик мекемелерде иштешкен кызматкерлердин айлыктары көтөрүлүптүр!..

Азыркы тапта күн сайын контролдук-кассалык машиналар маселелерин көтөрүшүп, какылдай башташкандар коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга, Талас шаарында жана башка аймактарда, абдан катуу аракеттерди жасашты. Акырында чогулуп келишип, борбордун Горький аянтында өткөрүлгөн митингдерде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасын ачык эле талап кылуулар жаңырды…

Кечээ жакында Нарын шаарында президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда да бул маселе көтөрүлүп, аягы жолугушуу эмес эле базардагы бирин-бири укпаган ажылдаган айтышуулар менен аяктаганын, жалпы республика калкы теледен көрдү. Президент Садыр Жапаров эч ким өзүнүн сөзүн укпай, баары башаламан ызы-чуу болуп жатса да, микрофондон жүйөөлүү аргументтерди айтып калууга тырышты. Эртең эле өзүңөр мага жол салып бер, мектеп керек, балдар бакчаларын ачуу зарыл ж. б. дагы ушул сыяктуу көйгөйлөрдү айтып чыгасыңар, аларды аткаруу үчүн президент каражатты асмандан таба албай тургандыгын, дал ошол салыктардын эсебинен гана жабууга мүмкүн болорун тастыктады!

Коомдук телерадиокомпаниясынын эксперттердин жана кызыкдар тараптардын катышуулары менен өткөн кечээки берүүсү дагы дал ушундай нуктагы маанайда өткөндүгү менен эсте калды окшойт. Залда олтурган активист аялдар эч сөз укпай, ажылдай беришкендиктен, алып баруучу бири-бирибизди урматтап, пикирлерибизди угалык, чогуу талкуулайлык деп бир нече ирет кайрылууга мажбур болду.

Дегинкисин, салыктардын мыйзамдуу чекте чогултулушу керектиги жана да мамлекеттик бюджеттин белгилүү бир бөлүгүн түзүшөрү эч кандай суроо деле жаратпайт. Бирок, министрлер кабинетинин башчысы менен президент “каражаттарды силердин салыгыңардан албаганда, анан асмандан алабызбы?” деп, кайра элди кекетип жатышкандары, алардын экономикалык жана өндүрүштүк саясаттары боюнча өнүгүү программаларынын чабалдыгын гана ырастап тургансыйт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан эгемендик жылдардан бери өз алдынча эч нерсе өндүрбөйт. Анча мынча сыртка сырье сатканы гана болбосо, жалаң гана соода-сатык менен алектенип, же алып сатарчылык (же илгеркиче айтканда, спекулянтчылык) менен жан баккан өлкөгө айланган. Жалпы жарандарда ушундай түшүнүк калыптанып калганы аз келгенсип, мамлекет өзү деле салыктарды чогултуу жана эл аралык таможнялык пошлиналарды карап олтура бериши — ​эч кандай өнүгүү перспективалары жоктугун гана ырасташы мүмкүн.

Россия Федерациясынын мамлекеттик бюджетинде нефтиден түшкөн кирешелер 20 процентин түзөт. Өткөн жылкы жаңы санкциялардан кийин, нефти көндүрүү азаяры азыртан эле айтыла баштады, демек, бул булактан агып келип турган каражаттардын ордун башка каражаттар менен жабуу алдын ала каралган. Тээ Алексей Кудриндин финансы министрлик доорунда эле Стабилизационный фонд аттуу мамлекеттик эсеп ачылып, ашыкча кирешелердин баары ага топтолуп келгендиги маалым. Украинадагы атайын аскердик операциялардан кийинки оор кырдаалда, эл аралык санкцияларга кабылууда дал ошол фонд Россиянын абалын туруктуу кармоого мүмкүндүк берди!

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын буга чейинки жалгыз ишенген ишканасы жана ал бюджеттин үчтөн бирин түзүп келгендиги маалым. Соңку жылдарда бул алтын кендин өндүрүмдүүлүгү төмөндөп баратканы талашсыз. Мурда эң жакшы жылдарда 26–27 тоннага чейин алтын казылып жүрсө, азыр 12–14 тоннаны казып алышканына мактанышууда!..

Жалаң гана алып сатарчылык менен (башка бирөөлөр өндүргөн продукцияны арзан сатып алып, үстүнө кошуп сатып) жан багууга көнгөн коомчулук менен мамлекетте жатып ичерлик жанбактылык (психология иждивенчества) көнүмүш адатка айланат. Жашырылган салыктардын эсебинен абдан байып келе жатышкандарга мындай ачыкка чыгуу эч жакпасы түшүнүктүү.

Борбордогу оюн-зоокторду, той-тамашаларды өткөрүүдө эл батпаган ресторандар 225 миң сомдун тегерегинде салык төлөп келишкен болсо, эми 2,5 миллион сомдон ашуун төгө башташыптыр. Ушунун өзү эле көмүскө экономика элдин жана мамлекеттин эсебинен байып келе жаткандыгын билдирип турат.

Узак убакыт бою АКШда жашап келишкен орус композитору Александр Журбин, даңктуу хоккеист Владислав Фетисов ж. б. өздөрү америкадагы жашоону жакшы көрүшөрүн, бул өлкөнү сүйүшөрүн, бирок, бул өлкөдө жашоо абдан кыйын экендигин — ​тапкан кирешелерлин көпчүлүк бөлүгү ар кандай көптөгөн салыктарды төлөөгө коротуларын айтышкан…

Бизде болсо жалпы эл, — ​жашоосун эптеп өткөрүп өткөрүп жаткан карапайым калк жана чириген байлар деле, баары бирдей өлчөмдөгү салыктарды төлөп келе жатышат. Өнүккөн өлкөлөрдө салыктарды төлөбөй коюу, же өз каражаттарын жашыруу — ​оор кылмыштарга кирет. Муну Кыргызстандын бардык жарандары туура кабыл алышып, мыйзам чегинде өз милдеттерин так аткарыша башташканда гана, биздин өлкө өнүгүү жолуна түшөт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Share