Cейтек Байгуттиев: «Бийликте жана өкмөттө жалаң тааныш-билиш, тууган-туушкан, жердештер, партиялаштар иштегендиктен өнүгүү болбой жатат»

Cейтек Байгуттиев: «Бийликте жана өкмөттө жалаң тааныш-билиш, тууган-туушкан, жердештер, партиялаштар иштегендиктен өнүгүү болбой жатат»

— Сейтек мырза, өлкөбүздүн экономикасы өткөн жылы 7 пайыздык өсүш менен жыйынтыкталды. Эл аралык каржылык уюмдардын быйылкы божомолдору да жаман эмес. Ушуну менен Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү деп айтса болобу?

— Ооба, 2022-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 7%га өстү деп белгиленип жүрөт. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирген. Ал эл аралык институттар Кыргызстандын экономикасына 2022-жылга карата жакшы эмес божомолдорун өз убагында бергендерин эскерди, бирок жылдын жыйынтыгы акыры башка экенин баса айтты.

Ички дүң продуктысынын (ИДП) өсүшү 2023-жылы 7% деңгээлинде болжолдонууда. Кыргызстандын экономикасы реэкспорт, акча которуу, ошондой эле россиялык компаниялардын жана жеке адамдардын көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуудан пайда көрүшү ыктымал экени белгиленген. “Кумтөр” кенинин айланасындагы чыр-чатактар жөнгө салынгандан кийин республиканын экономикасына чет элдик инвестициялардын өсүшү да оң таасирин тийгизери айтылууда.

Албетте, ушуну менен Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү деп айтканга мен каршы эмесмин, бирок ал үчүн, биринчиден, элди жумуш менен камсыз кылуу маселесин сөзсүз түрдө, тез арада жакшы чечиш керектигинде турат, антпесе андай кооз сүйлөп айтуу менимче, али эрте. Экинчиден, жалпы эл-журтубуз билгендей өлкөбүздө көйгөйлөр абдан көп. Анын бири, ал кадр маселеси. Бийликте жана өкмөттө жалаң тааныш-билиш, тууган-туушкан, жердештер, партиялаштар иштейт. Кыргызстандын өнүкпөгөндүгүнүн себеби так ушунда. Ал эми накта тажрыйбалуу, квалификациясы бар, жогорку деңгээлдеги адистер жумушсуз жүрүшөт. Жакшы кадр саясаты көйгөйлөрдүн себеби болбогондой кылып баардыгын алдын ала чечет. Ушуга умтулуш керек.

— Өкмөт быйыл консолидацияланган бюджет 500 миллиард сомго жетээрин маалымдады. “Консолидацияланган бюджет” деген жалпак тилге салганда кандай чечмеленет? Жөн эле бюджеттен анын кандай айырмасы бар?

— Жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Ал биринчи ирээттеги тапшырмаларды берип жүрүп, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилгенин белгиледи. Салык чогултуу планынын толук аткарылышын талап кылды. Аны аткаруу үчүн бүт товарлардын кыймылын эсепке алып, электрондук эсеп-фактураларга өтүү керек. Бирдиктүү салык төлөм картасы, “Салык төлөөчүнүн кабинети” сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, үзүрлүү кыймылга киргизүү өтө зарыл. Мындай орчундуу планды иш жүзүнө келтирүүнүн жолу — ​бул контрабанданы толугу менен токтотуу.

Консолидацияланган бюджет — ​бул тийиштүү улуттук-мамлекеттик же административдик-аймактык түзүлүштөрдүн жана төмөнкү аймактык деңгээлдердин бюджетин камтыган, өтө жыйынтыкталган бюджет. Башкача айтканда, Бишкектеги райондордун бюджеттери жана шаардыкы Бишкек шаарынын консолидацияланган бюджетин түзөт. Ал эми жергиликтүү жана республикалык бюджеттер мамлекеттик консолидацияланган бюджетти түзөт. Болгон айырмасы ушунда.

— Өкмөт кээде популизмге алдырып жиберип жаткансыйт. “Асман” шаары, футболдук стадион ж.б… Эми аларга ипподромду которуу демилгеси кошулду. Жакында Камбар-Ата‑1 ГЭСинин, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулуштары башталышы күтүлүүдө. Аларга каржы булактарын табуу да оңой маселе эмес. Ушулардын баары реалдуубу?

— Албетте, андай көрүнүштөр байкалып, абдан талкууга алынууда. Элибиз кимдин ким экенин жакшы эле билип калбадыбы. Куру пиарга, популизмге алдырбай, эң жакшы долбоорлорду эл менен кошо кеңешип, туура чечип, чындап Кыргызстандын пайдасына келтирип уурулук кылбай иштетсе, абдан жакшы болбойт беле. Эң башкысы, ар бир боло турган ишке, адегенде, бул дайым эле каржы булактарын табуу болуп эсептелет, ал иш өтө эле оңой эмес экенин билебиз. Бул жерде чоң кызыктар жуурулуп, саясатташып кетиши дагы толук мүмкүн. Ошон үчүн, башынан барын ачык, айкын, таза алып баруу шарт. Андай реалдулук болбосо, ишти баштабай эле койгон оң. Жоопкерчиликти унутпай, дайым эске тутуп, керт башы менен алган иштин жыйынтыгы эң жакшы болушуна чоң салым аракет кылып, баарына мойну менен жооп берерин ар бир ишке киришкен атуул жон териси менен сезиши керек. Эч кимди, эч качан жалдырап карабай мыйзамдардын толук иштеши негизги талап. Антпесе бизде келечек деле, өсүп-өнүгүү дагы, бакубат жашоо дагы такыр болбойт. Түшүнүп, билип иш алып баруу бул ата-бабадан калган намыстуулук, кылым карыткан инсандык аброй, өзүнүн үй-бүлөсүн, тууганын, элин туудай, ала тоодой ата-мекенди урматтап сыйлаганы да.

— Казакстан аркылуу жүктөрдү ташуунун эрежелери барган сайын татаалдап жатат. Аргасы кеткен Өкмөт Россияга жүктөрдү Каспий деңизи аркылуу ташуунун жолдорун издөөдө. Саясатка келгенде кошуна Казакстан менен “кандаш, жандаш, боордош… ” дегендей риторикалардан баш айланат. ЕврАзЭШте, КМШда, ЖКУУ, ШКУда биргебиз. Анан эмнеге Казакстан аркылуу жөнөкөй жүктөрдү тоскоолдуктарсыз ташуу жолго коюлбай жатат? Минте берсе жакында дыйкандарыбыз жазгы, жайкы продукцияларын экспорттоодо дагы кыйналышат. Бул маселени чечүүнүн жолдору барбы?

— Албетте, Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү маселе. Аны кылдаттык менен эл аралык укук мейкиндигинде, бардык амалдарды колдонуп, эсепке алчусун эсепке алып, кынтыксыз дипломатиянын эң жогорку деңгээлиндеги чечүүнүн жолдору арбын экенин дайым айткым келет. Мамиледен мамлекет жаралат. Жылуу сөзгө жылан ийининен чыгат. Илгери акылдуулар айткандай, эгерде экономика — ​бул саясаттын топтолгон көрүнүшү болсо, анда саясат дагы — ​бул экономиканын топтолгон көрүнүшү. Кептин бары кошуналардын күчтүүлүгүндө гана эмес, өзүбүздүн алсыздыгыбызда болуп жатпайбы. Ырыс алды ынтымак. Өзүбүздү өзүбүз сыйлашып, акылдуу иш аракеттерди жүргүзүп, өсүп-өнүгүү жолдорун багындырып, аң сезимди туура багытка өзгөртсөк, сөзсүз анын үзүрүн көрөбүз.

— Акылбек Жапаров Кыргызстанда 500 миңге жакын дыйкан, фермер чарбалар бар экенин маалымдады. Ал эми бизде сугат жерлеринин жалпы аянты 1 миллион гектардан бир аз ашыгыраак, алардан да жыл сайын шор басып, сазга айланып, жөн эле каралбай 30–40 миң гектары пайдалануудан чыгууда. Ток этерин айтканда, ар чарбага орто эсеп менен 2–3 гектардан сугат жер туура келет экен. Анча жер менен дыйкан эптеп жанын эле бакпаса, товардык продукцияны кайдан өндүрөт? Ал эми чет мамлекеттерде ар дыйкан чарбага 2 миң гектардан 90 миң гектарга чейин сугат жер туура келет экен. Бул өңүттөн алганда, азыркыдай абалы менен Кыргызстандын айыл чарбасы кризистен чыгышы кыйын. Муну чечүүнүн жолдору барбы?

— Муну чечүү жолдору дагы биздин өлкөбүздүн жергиликтүү ресурстарынын абдан рационалдуу пайдаланылып иштетилишинде жатат. Акыркы 50 жылдын айыл-чарбадагы тажрыйбаларын салыштырмалуу карасак, эң эффективдүү жылдар бул СССРдин дооруна туш келет экен. Демек, бытыранды майда дыйкан чарбаларын бириктирип, кооперациянын кирешелүү жолуна өтүү керек. Бул көп көйгөйлөрдү камтып, алдыңкы технологияларды колдонууга жана баарын илимий түрдө оптималдуу чечилишине алып барарына көзүм жетип турат. Жалгыздын иши жалгыз, көптүн иши көл эмеспи.

Кыргыз Республикасында жалпы жердин аянтынан айыл чарбасында пайдаланылуучу аянты 19675,1 миң гектар. Алардын бардык категориядагы жер пайдалануучулардын айыл чарба үлүшүнө 10685,6 миң гектар жер жана жер фондусунун 54,3% туура келет. Айыл чарба жерлеринин структурасында жайыт басымдуулук кылат — ​9020,2 миң гектар 84,4% түзөт. Айдоолор — ​1414,9 миң гектар (13,2%), чөп чабыктар — ​162 миң гектар (1,5%), көп жылдык бак-дарактар — ​45,7 миң гектар (0,4%) жана кен катмарлары — ​17,3 миң гектар (0,2%). Өлкөдө сугат жеринин аянты 1072 миң гектарды түзөт.

Сугатка потенциалдуу жарактуу жерлер — ​2,3–2,5 миллион гектар, анын ичинде айдоого жарактуулары — ​1,7 миллион гектар. Кыргызстандын ар бир адамына 2,4 гектар айыл чарба жерлери, 0,32 гектар айдоо, анын ичинде — ​0,21 гектар сугат айдоолору туура келет. Азыркы убакта негизги максат — ​бул айдоо аянттарын натыйжалуу пайдалануу, сугат жерлердин кыртыштык-мелиоративдик жагдайын жакшыртуу, ошондон кийин гана жаңы жерлерди айыл чарбалык иштетүүгө тартуу. Анткени түштүктүн кээ бир райондорун кошпогондо, республика суу ресурстары менен жетиштүү даражада камсыз кылынган. Малдын башынын кескин азайып кеткендигинен улам жайыттардын пайдаланылышы дагы азайды.

— Тоталдык санкциялардан, аскердик ашкере чыгымдардан улам Россиянын экономикалык абалы оорлоп баратат. Айрымдар келерки жылы Россия дефолтко учурашы мүмкүн деп да жатышат. Анын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн Кыргызстан азыртан кандай чараларды көрүшү керек?

— Биринчиден, андай кырдаал мүмкүн болгондуктан, элибизди алдыда оор күндөр күтүүдө экени баарыбызды кайгыртпай койбойт. Ошондуктан жалпыга, маалымат катары, эмитен катуу даярдыктарды көрүп, сарамжалдуу үнөмдүүлүккө өтүү зарыл. Экинчиден, КР Өкмөтү 2023-жылы эмгекке жарамдуу калкты жана чет өлкөлөрдөн өз мекенине кайтып келген мигранттарды иш менен камсыз кылуу көйгөйү сөзсүз түрдө ылдам чечилип аткарылышы керек.

— Буга чейин Кыргызстандын экономикасынын 40–50 пайызы көмүскөдө деп айтылып келген. Акылбек Жапаров Өкмөткө келгенден бери аларды ачыкка чыгаруу боюнча аракеттерди жасады, азыноолак жыйынтыктарга жетишти. Толугу менен ачыкка чыгаруу үчүн дагы эмнелерди жасоо керек?

— Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 40–50% түзөт. Товарлар идентификациялоо каражаттары менен маркалана турган, бюджетке дагы 1 млрд сом көлөмүндө кошумча каражаттын түшүүсү күтүлөт.

— ЕАЭБ алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо чарасы көмүскө товар жүгүртүү жүрүмүнө мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгууга да өбөлгө түзөрү белгилүү болду.

— Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ишти баштагандан бери аларды ачыкка чыгаруу боюнча аракеттерди улантууда. Бирок бүгүнчө ал азыноолак жыйынтыктарга гана жетишти десек болот. Толугу менен ачыкка чыгаруу үчүн дагы көптөгөн иштерди баштап аягына чейин үзгүлтүксүз иштеп жакшы жыйынтыкка жеткирүү керек.

— Кыргызстандын карыздары 5 миллиард доллардан ашты. ИДПга карата 51 пайыз. Ири долбоорлор ишке ашырыла баштаса дагы көбөйөт. Бул көрүнүш боюнча сиздин оюңуз кандай?

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 миллиард 578,11 миллион АКШ доллары болду (477 миллиард 932,15 миллион сом). Мындай маалыматты КР финансы Министрлиги чыгарып берди. ИДП — ​ички дүң продуктыга карата 51,98% түзөт. 4 миллиард 479,46 миллион доллар (383 миллиард 799,7 миллион сом) — ​тышкы карыз.

1 миллиард 98,65 миллион доллар (94 миллиард 132.45 миллион сом) — ​ички карыз. Бир айдын ичинде мамлекеттик карыздын өсүшү $228,3 миллион болду. Ал эми ошонун ичиндеги тышкы карыздын өсүшү $203,69 миллион, а ички карыздын өсүшү $24,61 миллион болду.

Ири долбоорлор ишке ашырыла баштаса, карыздар дагы көбөйө баштайт. Менин оюм, албетте, карыздардын толук сметасы, ТЭНи бар, абдан кирешелүү ишке салуунун аракетинде алыныш керек, анткени бул дүйнөлүк практика, бирок абдан так жана кылдаттык менен пайдасы эки-үч эсе болгудай кылып, уурулук кылбай, ак, баарына көргөзө ачык иштетиш керек. Ошондо гана жакшы жыйынтык болот.

Маектешкен Мирлан Дүйшөнбаев

Share