«Кара туңгуюктун» коркунучу качан азаят?

«Кара туңгуюктун» коркунучу качан азаят?

АКШнын президентинин коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси, профессор Збигнев Бжезинскийдин китептери ХХ кылымдагы эң улуу геосаясый, геостратегиялык эмгектерден болуп эсептелет. Чындыгында анын тарых, саясый тарых боюнча кругозорунун кеңдиги, талдоолорундагы аптекалык тактык, объективдүүлүк, болжолдорунун басымдуу көбүнүн ырасталганы таң калтырат. Ал СССР таркаардан он жыл мурда же мурдагы Союз толуп-ташып турган мезгилинде эле жакынкы жылдарда коммунисттик идеологиянын кыйрай турганын айткан. Анын эң белгилүү эмгеги, өткөн кылымдын аягында жарыяланган “Улуу шахматтык такта” (“Великая шахматная доска”) деп аталат. Ал аталган эмгегинде жаңы реалийлердин тутумундагы АКШнын геосаясый, экономикалык ордун, милдеттерин, анан Евразиялык континенттеги саясый абалды, анын гипотетикалык келечегинин варианттарын талдап, сунуштарын айткан.

 

Збигнев Бжезинскийдин болжолу ырасталууда

Эмгектин посткоммунисттик Россияга арналган бөлүгү “Кара туңгуюк” (“Черная дыра”) деп аталат. Астрономияда башка галактикаларга коридор болуп, кээде бүтүндөй планеталарды соруп, жок кылуучу туннел “чёрная дыра” деп аталат. З. Бжезинскийдин жыйынтыктары төмөнкүдөй: Посткоммунисттик Россиянын алдында эки жол турат. Биринчиси, Осмон империясы кыйрагандан кийинки Түркиядай, империялык дымакты унутуп, өлкөнү вестернизациялап, цивилдүү демократиялык жолго түшүү. Россиянын андай трансформациялануусуна АКШ, Батыш ар тараптан колдоо көрсөтүп, саясый, экономикалык жактардан жардам берүүсү керек. Бирок, азырынча Россияда Ататүрктөй фигура жок, болору да белгисиз. Экинчиси, ызаланган, таарынган Россия эски мессиялык, империялык жолуна түшүп кетүүсү да мүмкүн. Анда өзүн алданды, мазакталды деп эсептелген держава реванш алууга умтулуп, дүйнө элдери үчүн чоң коркунуч жаратат. Анын кесепеттерин, гипотетикалык жыйынтыктарын болжолдоо да кыйын, аны космостогу “Чёрная дырага” салыштырса гана болот.

З. Бжезинскийдин гипотезасына ылайык, Россия АКШга тең ата болуп, дүйнөлүк маселелерди аны менен тең чечкиси келет. Ал эми Россия менен АКШнын ортосундагы “Стратегиялык өнөктөштүк” деген жөн эле алдамчы көрүнүш, “Америка никогда не намеравалась делить власть на земном шаре с Россией, да и не могла делать этого, даже если бы и хотела. Новая Россия была просто слишком слабой… Для Америки Россия слишком слаба, чтобы быть ее партнером, но, как и прежде, слишком сильна, чтобы быть просто ее пациентом”.

АКШ үчүн толук атаандаш Кытай гана боло алат. Россиянын ага экономикалык, адамдык ресурсу жетишпейт. Ал аймактык держава бойдон калат. Бирок, ага карабастан Россия дүйнөлүк гегемондордун бири болууга умтулса, ага АКШ ар тараптан тоскоол болушу керек. Эгерде Украина Россияга кошулса, ал кайрадан супер державага айланышы мүмкүн, анткени, Украинанын географиялык жайгашуусунун, Одессанын портунун дүйнөгө таасир тийгизүүчү мааниси бар, “Россия не может быть в Европе без Украины, также входящий в состав Европы, в то время как Украина может быть в Европе без России, входящей в состав Европы”. Украинасыз Россия түбөлүккө аймактык держава бойдон кала берет. “Выбор Украины в пользу Европы поставит во главу угла принятие Россией решения относительно следующего этапа ее исторического развития: стать либо также частью Европы, либо евразийским изгоем, т. е. по настоящему не принадлежать ни к Европе, ни к Азии и завязнуть в конфликтах со странами “ближнего зарубежья”.

Биздин оюбузча, Россиянын Украинага “чектелген аскердик операциясынын” биринчи себеби, мына ушул геостратегиялык амбицияда болсо, экинчи себеби, Украинанын акыркы жетекчилеринин жоопкерчиликсиздигинде, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн унуткан саясый сокурлугунда болгонун ачык айталы. Кыргызда илгертен келаткан “Кошунаң сокур болсо, бир көзүңдү кысып жүр” деген акылман сөз бар.Эгерде ал кошуна сенден бир канча эсе күчтүү, жарак-жабдыктуу болсо, анын мааниси дагы эки-үч эсе артат. Анда бир көздү гана эмес, андан төмөндөгү тийиштүү бир жерди да бекемирээк кысып жүрүү керек. Тилекке каршы, П. Порошенко, В. Зеленский тажаал антироссиялык саясат жүргүзүп туруп алышты. Мында кошумчалай кетчү нерсе, В. Зеленский комик болуп жүргөндөгү негизги темаларынын бири — ​Россияны, орустарды шылдыңдоо болсо, экинчиси — ​өзүнүн кандаштары — ​жөөттөрдү шылдыңдап, мазактоо болду. Еврейлер акылман улуу эл, алар өздөрү жөнүндөгү анекдоттордун, мазактоолордун көбүн өздөрү чыгарышат, андан белгилүү деңгээлде эстетикалык рахат да алышат. Дүйнөнүн байлыгынын көбүн башкарып тургандарга эмне кылса жарашат, ошентип эрмек кылса боло берет. Бирок, “алданган, мазакталган, четке түртүлгөн” деген түшүнүктөрдүн комплексинде турган элге антип тийише берүү аюуну кытыгылаганга барабар болорун тарых дагы бир жолу ырастады. Андай тоталдык агрессивдүү тийишүүдөн Украина эмне тапты? Согуш аяктаса кыйраган экономикасын Батыштагылар 2–3 жылда эле ордуна келтиришет, бирок ансыз деле азайып бараткан элдин (Союз таркап жатканда Украинада 52 миллион адам болсо, 2022-жылга карата 40 миллион калган) сырт жактарга кеткен 12 миллиондон ашык адамынын жарымы кайра келбейт. АКШда, Германияда, Англияда жумушка орношуп алгандардын гривень үчүн кайра келиши өтө эле кыйын.

Эки өлкөнүн ортосундагы согуш качан, кандай аяктайт, аны жакынкы убакыт көрсөтөт, бирок Украинадагы окуялардан башкалар да, анын ичинде биз да сабак алып, тийиштүү жыйынтык чыгаруубуз, же сырткы саясатта аябагандай этият болуу керек.

 

Борбордук Азиянын геосаясаттын тутумундагы орду

Эгерде менден: Борбордук Азиядагы постсоветтик мезгилдеги жетекчилерден ким эли үчүн өзгөчө чоң иштерди аткарган даанышман лидер болду?-деп сурашса, кайсыл убакта болбосун ойлонбой туруп “Нурсултан Назарбаев” деп айта алам. Ал менин жеке терең ишенимим. Боордошторубуздун бир бөлүгү аны азыр сындашууда, шыбашууда, бирок ал утурумдук саясый-коньюнктуралык нерсе, кийин казак эли ага түбөлүк ыраазы болуп, таазим кылышат, кыйраткан эстеликтерин кайра ордуна коюшат. Назарбаев аябагандай чоң геостратег; Ельциндин тилин тапты, Путинди евразиялык шериктештикке алаксытып, республиканын борборун Целиноград азыркы Астанага которуп, кайрылман саясатын жүргүзүп, өлкөнүн түндүгүндөгү казактарды көбөйттү, позициясын бекемдеди. Кириллицанын ордуна латын арибин киргизүүгө жетишти. Дайыма ийкемдүү саясат жүргүзүп, АКШ, Батыш, ошол эле убакта Россия менен да жакшы мамиледе болду. Аябагандай көп инвестицияларды тартты. Азыр калкынын саны жыйырма миллионго жетпеген Казакстандын ички дүң жыйымы 40 миллион адамы бар Украинаныкына барабар. Эгерде Назарбаев өзгөчө ийкемдүү болбосо, Украинадага окуялар биринчи Казакстандан башталмак. Кремлге рупордук милдетти аткарган Россиянын саясатчылары “Казакстандын түндүгүндөгү 5 облусу тарыхый жактан биздики. Аларды кайра алышыбыз керек” деп ачык айтып келишсе, В. Путин “мурда Казакстан деген өлкө болгон эмес, ал жасалма түзүм” деп бир нече ирет кайталаган.

Россиянын аскерлери Украинага киргенден кийин Казакстанга болгон потенциалдуу коркунуч алыстады, биротоло жоюлду десе да болот. Россия Молдовага тийишип, тополоң аркылуу бийлигин алмаштырууга аракет кылышы мүмкүн, ал болуп жаткандай, бирок мындан ары көп жылдарга чейин Казакстанга ачык тийише албайт. Ага саясый, аскердик ресурстары жетпейт. Кокус, андай аракет болсо, биринчи ага Кытай, Борбордук Азиядагы республикалар каршы чыгат. Дүйнөлүк коомчулук аны түздөн түз үчүнчү дүйнөлүк согушту жарыялоо катары кабылдайт, реакциялары ошого адекваттуу болот. Бул жагынан боордошторубузду куттуктасак болот.

З. Бжезинскийдин аныктамасы боюнча, постсоветтик мейкиндикте Россия менен Украинадан кийинки геостратегиялык мааниси чоң өлкөлөр- Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан болуп саналат. «Из пяти новых независимых государств Средней Азии, — ​деп жазат ал, — ​Казахстан из Узбекстан играют самую важную роль. Казахстан является в регионе щитом, а Узбекстан — ​душой пробуждающихся разнообразных национальных чувств. Благодаря своим географическим масштабам и местоположению Казахстан защищает другие страны от прямого физического давления со стороны России, поскольку только он граничит с Россией”. АКШнын Казакстанга өзгөчө чоң көлөмдөрдөгү инвестицияларды салуусу да ушуну менен түшүндүрүлсө керек. Чындыгында эле Казакстан Борбордук Азиянын калканы гана эмес, сырткы дүйнө менен байланыштыруучу жолу да болуп саналат. Биз баардык кошуналар менен ынтымакта жашообуз керек, бирок Казакстан менен Өзбекстандын артыкчылыктуу орундарда экени талашсыз. Бул жагынан алганда Кыргызстандын азыркы жетекчилигинин Өзбекстан менен чек ара маселелерин ийгиликтүү чечүүсү — ​улуттук кызыкчылыктарыбызга төп келет.

З. Бжезинкийдин логикасы боюнча, Кыргызстандын геосаясаттагы орду Тажикстан менен Түркмөнстандай эле өтө жупуну, чектелүү. Бирок, экономикалык жактан ийгиликтүү өнүккөнгө баардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул боюнча ал позитивдүү ремаркаларды жасаган. “Хотя Кыргызстан богат природными ископаемыми и имеет красивую природу, — ​дейт ал, — ​позволящую называть страну Швейцарией Средней Азии (в связи с чем здесь можно создать новый туристический центр), из-за своего геополитического положения, будучи зажатым между Китаем и Казахстаном, он весьма зависит от успехов Казахстана в сохранении независимости”. Мында ал Кыргызстандын көз карандысыздыгы Казакстандын көз-карандысыздыгына түздөн түз байланыштуу болорун ачык айткан. Мындан Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азиядагы баардык республикалардын көз карандысыздыктары Казакстандагы абалга байланыштуу деп жыйынтык чыгарса болот. Ал биз үчүн калкандын да, буфердин да милдетин аткарып келатат. Бул өңүттөн алганда, Россиянын аскердик операцияларынын Украинага бурулуп кетиши –улуттук кызыкчылыктарыбызга ылайык келет. Казакстандын саясый, экономикалык жана аскердик жактан кубаттуу болушуна кызыкдарлыгыбызды билдирет.

Улуу геостратег Борбордук Азиянын Евразиялык Балканга айланып кетүү коркунучу бар экенин да айткан. Бирок, андай опурталдуу этаптан өттүк, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери андай чоң көйгөйгө айланбайт, бирок потенциалдуу локалдуу жаңжалдардын мүмкүнчүлүгү бар экени чындык, бирок андан да чоң коркунуч Россиядагы азыркы абал болуп саналат. “Кара туңгуюк” башкача демократиялуу гуманитардык формаларга трансформацияланбаса, постсоветтик өлкөлөрдүн баардыгын өз орбитасына тартып кетиши мүмкүн.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share