Президент Садыр Жапаров Дубайда экс-президенттер менен жолугушкандан кийин “Бакиев келет имиш” деген сөздөр тарап, өздөрүн “апрелчи баатырлар” деп эсептегендердин айрымдары митингдерди өткөрүшүп, ультиматумдук талаптар менен чыгышууда. Алардын талаптары илгерки калмактардын жоругундай болууда. Калмактар эрегишкендерин өлгөндөн кийин да сөөгүн казып алып, эттерин бычактап жонуп, анан колго илинген сөөктөрүнүн баарын казык кылып кагып коюшчу, антпесе өч алынды деп эсептешпечү экен. Бакиев он үч жылдан бери сыртта качып жүрөт, жакында жубайы каза болду эле ага да келе албады. Кан-жаны бар пенде үчүн андан өткөн жаза да, кордук да жок.
Өздөрүн Апрель баатырлары дегендер кимдер? Баткенге барып чек араны баскынчылардан коргоп жанын берип, канын төккөндөрбү? Милицияларды, ОМОНчуларды таш бараңга алып, куралсыз курсанттарды өлтүрүп, курал-жарактарын тартып алып, дүкөндөрдү, банктарды тоноп, акырында мамлекеттин жүзү болгон Өкмөт үйүн да тоноп, өрттөп жибергендер. Алардын эмнеси баатырдык? “Временщиктер” калмактардан да өткөн экен, көчөдө ары-бери жүгүрүп жүрүп кимдин атканы белгисиз болуп ок тийгенге уялбай баатырдык наамын беришти. Анан Советтер Союзунун Баатырынын жылдызына окшош медаль чыгарып, аны мародерлорго таркатышты. Эмне үчүн Баткенде Ата мекенди баскынчылардан коргогондорго Баатырдык наам берилбейт да апрелде элди бүлгүнгө учураткандар Баатырлык наам, ага кошо жанагы медалды, батирлерди, толгон-токой акчаларды, дагы башка жеңилдиктерди алышып, эл үчүн улуу трагедия, Мамлекеттик төңкөрүш болгон күндү Улуттук улуу майрамга айландыруу керек деп жүрүшөт? Баткенде курман болгондордун бирине акысыз батир берилдиби? Жок! Азырынча уга элекпиз. Ал эми апрелчилердин жүздөн ашыгы батир алышкан. Алар деги кимдер? Айрымдарынын өмүр баяндарына көз жүгүртсөңүз, адам корко турган нерселердин четтери чыгат.
Биздин оюбузча, апрелчилер өздөрүнүн чыныгы жүздөрү, кылмыштары ачылып, “сыйлыктардан”, жеңилдиктерден айрылып калбоо үчүн эле “Бакиев келбесин” деп жер тепкилеп жатышат. Ал келип, сурак берген күндө деле апрелчилердин жеңилдиктерине асылбашын бөркүбүздөй көрсөк болот. Апрелчилердин өздөрүндө күнөө жок болсо, келсе келе берсин, түрмөдө же башка жердеби сурак берсин, акырында бул талашка биротоло чекит коюлсун дешпейби?
7-апрель майрам деген макамдан ажыратылып, Улуттук трагедия күнү дегенге айландырылышы керек.
Тынчтыкбек Бешкемпиров