— Президент Садыр Жапаров, мурдагы президенттердин башын бириктирип, Дубайдагы жолугушуусу туурасындагы талаш сөздөр ушул күндө да токтоло элек. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун ушул демилгеси өз жемишин береби? Буга оюңуз кандай?
— Садыр Жапаров кылым карыткан карт тарыхыбыздагы ата-баба салтыбыздан келе жаткан наркты кыйгап өтө албай салтка таянып, Конституциялык укугунан пайдаланып кыргыз элинин ынтымагы, өлкөнүн биримдиги деген ойду баарынан жогору койду. Дубай шаарында экс-президенттердин бозгунда жүргөнүн да, түрмөдөгүсүн да башын кошуп, уй мүйүз тарта тең ата отуруп дасторкон жайып сый урмат менен жолугуштурду. “Элдин ынтымагы болсун, талашканды, тартышканды коелу ар бириңердин артыңарда калың эл турат. Эми баарыбыз биригели, бир эле өзүбүз эмес, артыбыздагы элди бириктирели” деп ынтымакка чакырыптыр. Чындыгында президент Садыр Жапаровдун бул маселесин баарыбыз кубаттадык. Ата салттын наркына төп келет. Ички жана сырткы күчтөр да бул жолугушуудан эмне майнап чыгат деп чын эле карап турду. Маселен, Атамбаевдин айрым тарапташтары, ачыгын айтканда Мээрбек Мискенбаев “Атамбаев ошол жерге барып элдеше турган болсо, мен аны эки дүйнө кечирбейм” деп айтты. Канат Каныметов деген журналист бала дагы күүлөп, кайраштырып турду. Убагында Мээрбек Мискенбаев да Жогорку Кеңеште депутат болгон.
Атамбаевдин тегерегинде Канат Каныметов, журналисттер мен деген ушул жигиттер ойлонбой сүйлөп турганы бул балдардын деңгээли ушул болгондон кийин карапайым эл эмне дейт? Элдин келечеги деп улуу чакырыктар болуп тургандан кийин алардын жыра тартып турганы бул бузукулук деп билем. Атамбаев алардын жетегинде калгандай да. Атамбаевдин түрмөдө отуруп кыйналып, ден соолугу бир аз начарлашынан пайдаланган нарк-насилден алыс, тарбиясыз балдарды жетелеп алганына каңырык түтөйт да. Эгер Атамбаевдин тарапташы болгон болсо, анын жакшысын ашырып, жаманын жашырып коюшса болмок да. Атамбаевди мен канчалык сындап келем бирок, ага дагы туура багыт берген бирөө болсо атаңгөрү деп өкүнүп кетем. Жанында жакшы кишилерден болсо мындай болбойт эле. Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге рахмат деп мындай түрмөдөн чыгып алып анан Мамлекетке кайтарылган деген үйүнө барып алып аялы менен өбүшүп, конокторун тосту. Атамбаевге келгенде мыйзам иштебей калабы? Ошол эле учурда мурда Курманбек Бакиевге таандык үй бузулуп азыркы күндө «Келечек» балдар реабилитациялык борбору болуп калды. Бийликтин мыйзамы Бакиевге эле иштейби? Дубайга баргандан кийин президенттер менен отуруп, бата тарткандан кийин анан аягында ажатканага шашкан киши болуп кетип калып жатпайбы… Атамбаев Кыргызстанда эч качан тынч болушун каалабайт деген ой калат экен. Башка президенттердин айтымдарында ойт берип кетиптир. Бул баягы, ич күптүлүктүн айынан деңгээлин көрсөтүптүр. Айтпай-дебей кеткени калпыстык болуп, Садыр Жапаровдун сыйына да түкүргөндөй мамиле жасагандай болуптур. Ал жерде Бакиевди алып келели деген сөз болгон жок, ынтымак тууралуу сөз болду. А Бакиев келбесин деп, Атамбаев өзүн “важный” көрсөткүдөй ким өзү? Ал катардагы эле түрмөдө отурган зек. Атамбаевдин антип айтканга акысы жок. Ошондуктан бир аз кое турса болмок. Аскар Акаев Алмазбек Атамбаевден деңгээлинин миң эсе жогору экендигин көрсөттү. Берген маегинде салмактуу сүйлөп жатат. Бакиевдин иши сотто. Ал соттогу ишин өзү такташып алат? Онлайн аркылуу такташабы же башкабы анын жеке иши. Мисалы Бакиевдин экс деген статусу алынган эмес, Атамбаевдин статусу алынган. Бакиевди мыйзамсыз сот соттогон. Бийликти басып алган бийликтин убагында соттор мыйзамдуубу? Анда да Бакиев сыртынан экс макамынан айырбай туруп сыртынан соттошкон. Ишинин сотто каралышына Бакиев өзү да кызыкдар. Ал эми Атамбаевдин полковник Үсөн Ниязбековду атып салганын өз мойнуна алганы боюнча элибиз бүт кабардар. Кой-Таш республикасын түзөм деген жана башка кылмыштары бар да. Өзү да булар боюнча артын тазалап алыш керек…
— Демек, мурдагы ар бир президент өз убагындагы мыйзамсыздыкка жооп берсин деп жатасызбы?
— Туура, ар бири өзүнүн убагындагы күмөндүү иштерин сот аркылуу тактап, элдин алдында ачыктап алганы туура болот.
— Ошондо адилетүүлүк болот деп ойлойсузбу?
— Ооба, мына ошондо ордуна келет да. Бул жерде коомчулук дагы, журналисттерди дагы ынтымакгерчиликке чакыра кетет элем. Жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашырып чыгарганга аракет кылалы. Биз деле президентти колдоп, элге жакпаган экс-президенттердин кемчиликтерин этияттап айтып жатабыз.
— Жалпы коомчулукту анын ичинде журналистика тармагынын өкүлдөрүн биримдүүлүккө чакырып жатасыз. Бирок, экстер биринин-айтканын бири жокко чыгарып “ача” сүйлөп жатышса коомчулук кантип актайт же жаманын жашырат?
— Коомчулук да туура түшүнүш керек. Атамбаевден башкасы журналисттердин, коомчулуктун суроолоруна оор, басырыктуу эле жооп кайтарышты. Атамбаевди да туура түшүнүш керек. Түрмө деген түрмө ден соолук, нерв дегенди алат. Анын үстүнө анын табияты да ошондой. Мындан тышкары сырткы күчтөр, Орусия, Түркия, Кытай деле Кыргызстанды көз каранды кылып алалы деген сыяктуу көз караштары бар. Алар биздин ынтымакчылыгыбызды көрө албайт. Айрым мамлекеттердин биздин ички саясатыбызга, революцияларга аралашып кеткен учурлар өттү. Биз эми алардын тукуруусуна, көкүтүүсүнө шарт түзбөшүбүз керек. Сырткы күчтөрдүн жетегиндеги айрым балдар жакасын кармасын. Ош окуясында 500дөн ашык адам каза болду, революция, төңкөрүш учурунда ок атылып балдар окко учту дегендей. Биз өткөн чактан сабак алышыбыз керек. Башчылар ушундай ынтымакка чакырык кылып жаткандан кийин, мурдагы президенттер өз тарапташтарын тыйыш керек. Мамлекетибизде тынчтык болушу керек деп ойлойм.
— Тарыхта алты президент шайланган болсо, тарапташтар да алтыга бөлүнүп кеткен да. Ар бир жаран өз түшүнүгүнө жараша президенттердин колдоочусуна айланган. Эми бул жараканы кантип калыбына келтирет. Кеч эмеспи?
— Мисалы мен сиздердин газета аркылуу коомчулукка чакырык жасап жатпаймынбы. Азыр интернет өнүккөн заман, ошол эле Бакиевчилер, Атамбаевчилер жана башка баарыбыз тең элибиздин эртеңки күнү үчүн, Президенттин чакырыгын сыйлап жаатташууну токтотолу.
— Макул, президенттер кечиришти. Эл аларды кечиреби? Маселе ушунда болуп жатпайбы?…
— Элдин кечирүүсү, ынануусу мында турат. Биздин Президент нарк-нускалуу ата-бабанын салты боюнча ынтымакка чакыргандан кийин мурдагы эл башчылары чакырыкка жараша ылайыктуу өздөрүнүн позицияларын оңдоо керек. Муну эл баамдап турат. Мындан тышкары алар чогуу отуруп, дасторкондо бата тартышты да. Батанын да шерти болот. Жакшылыкка тартылган батанын шертин аткарбаса, ант урат деген да кеп бар.
— Албетте, сиз туура айтып жатасыз. Деген менен элдин көкүрөгүндө күйүт бар, Кыргызстан карызга батты. Мунун баары бата менен басылып калыш керекпи? Реалдуулукка келсек кандай дейсиз?
— Кыргызстандын калкы 6 президенттин арты менен алтыга бөлүнүп калган. Муну Садыр Жапаров көрүп турат. Ошондуктан ушул кадамга барып, Кыргызстандын келечеги үчүн кадам таштайлы дагы мындан кийин түбөлүгүбүз түз болсун деди. Чындыгында, эрегише берсек, эрегиштен эр өлөт деп мунун аягы жок. Мына Орустар турат мага облус болуп кирсин деп. Биз мындан качышыбыз керек. Намыс деген бар. Дүйнөдө канча улут бар, бирок мекени жок. Эгер биз бөлүнүп, бири-бирибизге таш ыргыта бере турган болсок, ниети бузук мамлекеттердин колониясы болуп калууну ойлогондор да бар. Кандай болгон күндө да биз өлкөнүн ынтымагы үчүн бирикпегенге айлабыз да жок.
— Мейли. Анда Кыргызстандын карызы дагы деле элдин мойнунда кала берсинби же алты президент төлөсүнбү?
— Азыр коомчулукта да ушул суроо аябай талкуу жаратып жатат. Эми кел мындай карап көрөлү. Ар бир президенттин беш миңдей командасы болот, бийликке келгенде. Казынанын акчасын Президент эле эмес, анын командасы, чиновниктер да жеп жатпайбы. Алардын өздөрүн жеген жок дегенден алысмын. Отуз жылдан бери алты президент болсо, 30 миң чиновник келди. Ошол жалпы элдин мойнуна түшкөн карызды ошол 30 миң чиновник да кошо жеди. Мына көрдүңбү, маселе кайда жатат. Эми мындай, алты президенттин Ала-Тоодой кадыры бар. Алардын чет өлкөдө, финансылык чөйрөлөрдө мамилеси, баа-баркы бар. Бүт баарын эл тааныйт. Булар Кыргызстанга инвестор тартып келсе болот. Алтоо алты инвестор тартып келсе, өлкөгө кошкон салымы болот. Ошондуктан биз аларга шарт түзүп берип, “Эми колуңдан келишинче инвестор тартып келиңиз” десек болот да. Алар үчүн инвестор тартып келүү оор маселе эмес. Алардын ар бири миллиарддаган доллар тартып келе алат. Биздеги жөнөкөй жарандар, жеке ишкерлер деле 200 миллион тартып келип жатышпайбы? Болгону биз ынтымакка келип, аларды жерибей “Ооба, сиз да биздин мекендешибизсиз. Келечек үчүн кам көрүңүз. Жаманыңызды жашыралы, жакшыңызды ашыралы. Сиз да салымыңызды кошуңуз” деп койгонубуздун өзү эле жетиштүү болот. Алар айттырбай эле инвестор тартып келээрин бөркүңдөй көрө бер. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков деле инвестор тартып келет.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева