10-ноябрда Аскар Акаев 77 жашка толот. Өлкөбүздүн тунгуч президентинин он төрт жылда жасаган эмгеги, ийгилик-кемчиликтери, жана анын ысымына байланышкан коомчулуктагы көптөгөн имиш-айыңдарды тактоо үчүн биз белгилүү коомдук ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков менен маек курдук.
— Бекболот агай, Аскар Акаевге да, анын тарапташтары сиздерге да быйылкы жыл кубанычтуу болду. Дегенибиз, он алты жылдан соң Акаев өз мекенине кайтып келди. Айтсаңыз, келишине кандай себептер болду?
— Биринчиден, муну Кудайдын буйругу деп түшүнөлү. Экинчиден, Аскар Акаевдин кыргыз элине, мамлекетине жасаган жемиштүү эмгегинин үзүрү. Үчүнчүдөн, президент Садыр Жапаровдун «кыргыз элин бириктирем, ынтымагын чыңдайм» деген саясатынын натыйжасы. Эске салсак, учурунда саясий куугунтукка кабылып, Москвада жашап, каза болгондо ошол жерде көмүлгөн улуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келип, урмат-сый менен Ала-Арча көрүстөнүнө койдурган Аскар Акаев эмес беле?! Садыр Жапаров да ошондой айкөлдүк кадам таштап, саясий куугунтукта жүргөн тунгуч президентибиздин мекенине кайтып келүүсүнө жол ачып берди.
— “Биринчи президенттин жемиштүү эмгектери» деп кеттиңиз, ошолордон эске салсаңыз?
— Аскар Акаевдин эң башкы эмгеги — эгемен кыргыз мамлекетин түптөп, бутуна тургузуп бергени. Мына отуз жыл сүйүктүү мекенибиз Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү катары өз алдынча түтүн булатып, жашап келе жатат. Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып, кыргыз өлкөсү диктатордук режимдин кучагында калбай, алгачкы жылдардан баштап «демократия аралчасы» деген сыймыктуу наам менен дүйнөгө таанылды. Ооба, биз ал жетишкендикти толук баалабай келебиз. Эркиндикти аба менен салыштырса болот. Абанын баркы да ал качан жок болгондо гана билинет эмеспи. Миңдеген жылдар бою эркиндикти самаган, кастарлап-барктаган кыргыз элине Аскар Акаев чыныгы эркин мамлекет, коом куруп бере алды.
СССР жоюлганда (1991-ж.) Кыргыз Республикасы да башка союздук республикалардай эле башынан оор кризисти, бардык тармак-чөйрөнүн кыйроо процессин өткөрүп жаткан. Союздун экономикалык алакасы кан буугандай токтоп, Москванын дотациясы соолуп, инфляция асманды чапчып, дүкөндөр аңгырап бош калып, элди ачарчылык каптап, дүйнөдөн гумжардам сурап калганыбыз азыр эсибизден чыгып калды. Аскар Акаев кыргыз элин ошондогу апааттан зор эмгек жасап чыгарып кеткенине элибиз жана тарых эртели-кеч өзүнүн татыктуу баасын берет. Мисалы, эгерде улуттук валютабызды учурунда киргизбесек, анда миллиарддаган байлыгыбыздан кол жууйт элек. Тилекке каршы, муну адистер гана жакшы түшүнүшөт. Ошол 1993-жылдагы «легендарлуу» парламенттин депутаттары өз валютабызды киргизүүгө абдан каршы болушканын унутпайлы. Ошондой эле, Аскар Акаевдин зор каршылыктарды жеңип жүргүзгөн жер жана агрардык реформасынын биринчи этабы (1994–98-жж.) ийгиликтүү болгону белгилүү. Кыргызстандын айыл эли жер, мал, мүлк, техниканын анык ээсине айланып, эркин чарбачылык жүргүзүү укугуна толук жетишти. Жаңы дыйкандар мамлекеттен бир сом дотация албай, натыйжалуу эмгекке өтүштү. Алсак, Кыргыз ССРинде 500 миң тонна буудай өндүрүлчү. Эгемен Кыргызстан алгачкы жылдары буудайды алтынга сатып алууга мажбур болгон. Айыл эли картошка, улпак жеп калышкан. Ал эми айыл реформасынын натыйжасында эркин дыйкандар 1998-жылы 1 миллион 200 миң тонна буудай өндүрүшкөн. Кыргызстанда 1990–95-жылдары айыл чарбасынын өндүрүшү 60 пайызга азайган эле. Бирок, бул тармак 1995-жылдан баштап, кийинки өкмөттөрдүн айыл жерине пайдасы жок, залакасы гана тийип келатканына карабастан, айыл элинин өз аракети менен өнүгүү гана жолунда. Учурдагы абалды 1990-жылга салыштырсак, айыл чарба өндүрүшү эки эсеге көбөйгөн. Малдын шарттуу башы 1,5 эсеге, картошка өндүрүү 3 эсеге, сүт өндүрүү 2 эсеге көбөйдү. Белгилей кетсек, СССРге кирген он беш союздук республикалардын ичинен алты гана эгемен өлкөлөрдө чыныгы айыл реформасы жүргүзүлдү. Алар — Литва, Латвия, Эстония, Армения, Кыргызстан жана Грузия. Калган тогуз өлкөдө айыл чарбасы СССР учурундагыдай эле миллиарддаган дотацияда турат.Ал эми «өмүр жолу» деген сыймыктуу атка конгон Бишкек-Ош автожолун куруу, «Манас» аэропортун эл аралык стандартка жеткирип жаңылоо, алдыңкы телекоммуникация системасын түзүү сыяктуу алгылыктуу иштер да биринчи президенттин жемиштүү эмгеги.
— Дагы кандай ийгиликтерди атай аласыз?
— Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү боло алды. Анын натыйжасында өлкө реэкспорт түйүнүнө айланып, жеңил өнөр жай тармагында жүз миң жумушчу оруну түзүлгөн. Тилекке каршы, союздун экономикасынын кызыкчылыгына байланган кыргыз өнөр жайы көп жоготууларга дуушар болгонун да белгилей кетүүбүз керек. Өнөр жай тармагын реформалоодо Россиянын жолуна түшүп, алардын реформатору Анатолий Чубайстын завод-фабрикаларды акционерлештирип, анан сатып жиберме моделин гана билип, колдонушкан эгемен Кыргызстандын өнөр жай министрлери ал тармакты сактап кала алышпады. Учурда өнөр жай тармагыбыздын жалпы өндүрүшү 1990-жылга карата 25 пайызды гана түзөт.
Бирок, калыстык үчүн айтсак, социалисттик системанын өнөр жай тармагынын кыйроо процесси башка постсоветтик өлкөлөрдө да жүргөн. Мисалы, эгемен Казакстандын өнөр жайы талкаланып толук жок болгон. Өлкөнүн экономикасы мунай жана башка жаратылыш байлыктарды иштеткен чет өлкөлүктөр менен бирге түзүлгөн компаниялардын эсебинен гана жашап-иштеп келет. Ал эми СССР мезгилинде өнөр жайдын «очогу» болгон Россияда өткөн отуз жылда 78 миң завод-фабрика түп орду менен жоголду. Жаңы Россиянын экономикасынын структурасы да Казакстандыкына окшош, чийки заттарды иштетүүгө гана байланган. Бир гана айырмасы, президент Путиндин жеке көзөмөлү жана бөлүнгөн зор каражат менен Россияда аскерий өнөр жай комплекси дүйнөлүк деңгээлге чыккан. Өлкө аскерий техникаларды экспорттоодон жылына орточо 50 миллиард доллар киреше таап келет. Ырас, союздан мураска калган өнөр жайын миллиарддаган дотация берип сактап келе жаткан өлкө да бар. Ал — Беларусь өлкөсү. Анын президенти Лукашенко ал акчаны кайдан алат? Анын сырын Путин түз эфирде ачыктаган. Беларустун бюджетинин киреше бөлүгүнүн 35–40 пайызы жылыга Россиянын дотациясы менен толукталып турат. Ал эми Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, Беларустун тышкы карызы учурда астрономиялык чекке жетти (42 миллиард доллар). Салыштырсак, Беларустун калкы Кыргызстандын калкынан болгону 1,5 эсеге көп. Ал эми тышкы карызы он эсеге көп. Айтмакчы, 1990-жылга карата СССР эле эмес, социалисттик лагерге кирген бардык өлкөлөрдүн өнөр жай тармагы өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн (АКШ, Япония, Батыш Европа өлкөлөрү, Сингапур ж. б.) өнөр жай тармагынан 15–20 жылга артта калган экен. Социализмдин эң өнүккөн өлкөсү, «витринасы» — бул Германия Демократиялык Республикасы болчу. Ал эми бул өлкө Германия Федеративдик Республикасынын курамына киргенде анын өнөр жай тармагынын тагдыры эмне болгон? ФРГнын өкмөтү атайын план иштеп чыгып, ГДРдин завод-фабрикаларын бульдозер менен түрттүрүп салып, алардын ордуна жаңы технологияга негизделген өнөр жай ишканаларын курушкан.
— Эми Аскар Акаевдин кетирген кемчиликтерине да токтоло кетсеңиз…
— Аларды өзү деле моюнуна алып, элге жарыялап, кечирим сураган. Акаевдин Биринчи кемчилиги — каргашалуу Аксы окуясына жол бергендиги. Албетте, Акаевдин демонстрацияга чыккан аксылыктарды атууга түздөн-түз тиешеси болгон эмес. Негизги күнөө ошол кездеги өкмөт башчысы, ички иштер министри жана облустун губернаторунда болгон. Бирок ал жетекчилер президент тарабынан дайындалгандыктан Аскар Акаев ал окуя үчүн моралдык күнөөсү бар экенин айтып, кыргыз элинен кечирим сураган. Экинчи кемчилиги — март төңкөрүшүнө (2005-ж.) жол бергендиги. Акаев жана анын командасы ошол учурдагы саясий кырдаалды туура баамдап, зарыл кадамдарды жасай алган эмес.
— Жакында өлкөгө келгенде Аскар Акаев үчүнчү кемчилигин да айтты го?
— Ооба, ал «Кумтөр» алтын кени боюнча 2003-жылы кабыл алынган чечимге байланыштуу. Андагы жагдайлар жакындагы териштирүүдө ачыкталды. Ошол жылы «Кыргызалтын» акционердик компаниясынын президенти Камчыбек Кудайбергенов «Центерра» компаниясына кирүү боюнча өкмөткө сунуш киргизет. Ага байланыштуу мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ал комиссия ишин баштагандан жыйырма күн өткөн соң Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Акылбек Жапаров президент Аскар Акаевге келип, ал мыкты келишим түзүп берээрин айтып, аны комиссияга мүчө кылып киргизүүнү суранат. Акаев «Жапаровдун суроосу негиздүүбү?» деп УКМКга тапшырма берет. УКМК каршы болбосун айтып, бирок Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынан да бир депутатты кошо киргизүүнү сунуштайт. Ал палата депутат Жеңиш Эшенкуловду тандайт. Ошентип, Акылбек Жапаров чечүүчү роль ойногон мамлекеттик комиссия жаңы келишимди даярдап, өкмөткө сунуштайт. Өкмөт аны терең териштирбей колдоп берет. Эми ачыкталгандай, 2003-жылы кабыл алынган чечим кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын жакшы коргобогон чечим болуптур. Бул жагдайды түшүнгөн Аскар Акаев ошол кездеги өкмөткө сын позицияда болбой, ишенип койгону үчүн ушул келишинде кыргыз элинен кечирим сурады. Ошондой эле, президент Курманбек Бакиевдин учурунда, 2009-жылы «Кумтөр» боюнча кабыл алынган жаңы чечим 2003-жылдагы чечимге караганда накта чыккынчылык болгону да кыргыз коомчулугуна кеңири маалым болду. Белгилүү тоо-кен адиси Базарбай Мамбетов тастыктагандай, 2009-жылдагы жаңы келишимдин автору, агездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун аракети менен «Центерра» компаниясы бардык салыктардан бошотулуп, өлкөнүн бюджети ошондон бери жылына 260 миллион доллардан куржалак калып келген. Эми президент Садыр Жапаров ошол чечимдердин автору Акылбек Жапаровго «Кумтөр» боюнча ботконун баарын өзүң чалыпсың, өзүң тыккан тозоктон кыргыз элин эми өзүң алып чык» деп аны министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындаганы абдан туура кадам болду.
— Түшүнүктүү. Бирок, өткөн он алты жылдан бери Аскар Акаевге дагы далай күнөөлөр тагылып келе жатпайбы?
— Алардын баары ыплас, бузуку адамдардын ойдон чыгарылган ушактары, жөө жомоктору. Соцтармактан окуган бир баян эске түштү. Африканын чытырман бир токоюнда чөө иттер жалгыз жүргөн арстанга аңчылык кылышат экен. Албетте, алдуу-күчтүү арстанга ал чөө иттердин жүзүнүн да алы жетпейт. Бирок 20–30 чөө иттер чогулуп алып, арстандын артынан жумалап калышпай, күндүр-түндүр тынбай үрүп, чуулдай беришет. Ошентип, тынчтык көрбөгөн арстан үч-төрт жумадан кийин жүрөгү жарылып өлөт экен. Аскар Акаевдин артынан түшүшкөн биздин «чөөлөр» да он алты жылдан бери тынчыбай, улам бир ушак, жомок ойлоп табышып, чуулдап келе жатышат. Бирок, бактыга жараша, Аскар Акаевдин жүрөгүн жара алышпады.
— Анда туура көрсөңүз, аларга каршы жүйөө айтып берсеңиз. Алгач «Акаев өлкөнү эки миллиард доллар тышкы карызга батырып кеткен» деген айыптан баштасак?
— Макул. Ал боюнча так маалымат бар. Аскар Акаев жетектеген 1991–2005-жылдары кыргыз өкмөтү жалпы 1,8 миллиард доллар кредит алган. Алар Дүйнөлүк банктан жана Азия өнүгүү банкынан кырк жылдык мөөнөт менен жеңил шартта (үстөгү жылына 0,75 пайыз) алынган. Эгемен Кыргызстан рынок экономикасына анык өткөнүнө байланыштуу ал кредиттердин 550 миллион доллары 2004-жылы кредиторлордун Париж клубу тарабынан кечирилген. Ал эми дагы 550 миллион доллар 2005-жылы АКШнын резервдик банкында Кыргызстандын эл аралык соодасына гарант катары сакталып турган. Демек, Аскар Акаев президенттиктен кеткен мезгилде өлкөбүздүн тышкы карызы 700 миллион гана долларды түзгөн. Айтмакчы, 2005-жылы ал калган карызды кечүү боюнча да Париж клубу менен сүйлөшүү аяктап калган. Ал карыз март төңкөрүшүнүн айынан кечирилбей калды.
— Миграция маселесине өтөлү, «Акаев миллион кыргызды чет өлкөлөргө тентитти» деген эл арасында айтылып келген күнөөлөргө кандай жооп бересиз?
— Бул карандай калп. 2005-жылга чейин өлкөдөн элүү миңдей адам чет жакка жумуш издеп кетишкен. Кыргыз жаштарынын массалык миграциясы 2012-жылдан тарта, эки төңкөрүштөн өлкө артка кеткен соң башталган. Фактыга кайрылалы. 2014-жылы 22-мартта «Кыргызстандын мекенчилдер биримдигин түзүү жөнүндө» меморандум кабыл алынган. Ага «Улуттар биримдиги» партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов, ЖК экс-депутаты Садыр Жапаров, «Кыргызстанды сактоо» кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев, «Эл бийлиги» партиясынын лидери Бекбосун Бөрүбашев, «Үмүт булагы» коомунун төрагасы Бекболсун Апсатаровдор кол коюшкан. Ал меморандумда «бир эле 2013-жылдын ичинде Кыргызстандын 557 миң адамы иш издеп Орусия жана Казакстанга чыгып кеткени» ачык көрсөтүлгөн. Чет өлкөдө жашап-иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттарынын он пайызы 2000–2011-жылдар аралыгында, ал эми токсон пайызы 2012–2020-жылдар аралыгында Кыргызстандан кетишкен.
— Аскар Акаевге коюлуп келаткан чоң күнөө — бул анын «Үзөңгү-Кууштун жерин Кытайга сатып жибериши». Буга кандай жооп алсак болот?
— Ал күнөөнү акмакчылыктын жеткен чеги деп билгенибиз оң. Биринчиден, Үзөңгү-Кууштагы талаш жердин жетимиш пайызы биз тарапта калды, Кытайга отуз пайызы гана өттү. Экинчиден, талаш жерди такташууда Кытай тараптан соода же бизнес компания катышканбы? Жок, ал тараптан коррупционерлерди аёосуз өлүм жазасына тартып келе жаткан Кытайдын коммунисттик партиясы катышкан! Анын жетекчилери кыргыз президентине пара бериши мүмкүнбү? Мээси айныгандар гана мындай ушакты чыгарышат. Үчүнчүдөн, Аскар Акаевдин дипломатиялык касиети, ошогездеги Кытай лидери Цзян Цзэминь менен жылуу мамилеси аркылуу Кан-Теңир чокусу, кыргыз элинин ыйык символу, өзүбүздө калды го! Тажик эксперти Хурсанд Хуррамовдун фактыларына да көз жүгүртөлү (rus.ozodi.org, 23.09.2021-ж.): «СССР кулаган соң Кытай өзүнүн территориялык талаптарын Россияга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө койгон. Жыйынтыгында Пекин көп жерди кайтарып алды. Россия Даманск, Тарабары жана Чоң Уссурийск аралдарын бир жактуу өткөрүп берген. Кытайга Казакстан 407 кв.км, Тажикстан 1158 кв.км, Кыргызстан 12 кв.км жер өткөргөн». Демек, биз талаш жерлерге келгенде Кытайга орустарга салыштырмалуу миң эсеге, тажиктерге — жүз эсеге, казактарга караганда отуз эсеге аз өткөрүптүрбүз. Бааны өзүңүз чыгарыңыз.
— «Аскар Акаев Тажикстан менен 90-жылдары чек ара маселесин эмнеге чечкен эмес?» деген доомат да бар эмеспи…
— Ал мезгилде Тажикстанда узакка созулган согуш жүргөн. Аларда сүйлөшүү жүргүзгөнгө расмий бийлик жок болсо, эли кырылып, өлкө талкаланып жатса Аскар Акаев кантип чек ара маселесин чечет? Ал эмне фашистпи, агрессорбу? Акыл-эси ордундагы адамдын коё турган дооматы эмес да. А кийин, 2003-жылы Аскар Акаев чечкиндүү кадам жасап, 1946-жылдан бери Тажикстандын анклавы, Мургаб районунун сельсовети болуп калган Сары-Могол деген 97,8 миң гектар жерди алып койгонун ошол дооматчылар эске алышса болмок.
— «Аскар Акаев өзүнүн вице-президенти Феликс Кулов менен бирге СССРден мураска калган аскердик самолет, вертолет, танктарды чет өлкөлөргө сатып жиберишкен» деп да айтылып жүрөт. Ушул коюлган дооматтардын канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?
— Ал ушакты мурдагы аткаминерлер чыгарышкан. Феликс Куловдун бул боюнча үн катпай келгенине мен да таңгалып жүрчү элем. Бирок өткөн айда «Улуттар биримдиги» партиясынын съездине катышып сүйлөгөн сөзүндө ал «эгер ошол аскердик техникалардын бир эле тетигин саткан болсом, анда мен генерал катары өзүмдү өзүм атам!» деп айтты. Ушакчы аткаминерлерге дагы кандай жооп керек?
— «Аскар Акаев түштүктүн эки чыгаан азаматынын, Насирдин Исанов жана Бекмамат Осмоновдун дүйнөдөн эрте кайтышына түздөн-түз күнөөлүү» деген айыптар эл арасында айтылып жүрөт…
— Бул жан дүйнөсү ыплас адамдардын эле фантазиясы. Чындыкты карап көрөлү. Аскар Акаев президент болоор замат Насирдин Исановду өзүнө вице-президент кылып алган. Көп өтпөй эң жакын адамы катары аны өлкөнүн премьер-министри кылып дайындады. Исанов акылдуу, тажрыйбалуу жетекчи болчу. Ал кыргыз элине ак жана жемиштүү эмгек өтөөгө бардык күчүн жумшаган. Канадалык Борис Бирштейн деген бизнесменди ата-бала Айтматовдор тапканы жалпыга маалым. Чыңгыз Айтматов Бирштейндин «Кумтөр» алтын кенин иштетүү сунушун Насирдин Исановго айтып, экөөнү Москвада жолуктуруп, анын макулдугун алган. Андан соң Исанов Бирштейнди Кыргызстанга алып келип, аны Акаевге тааныштырган. Президент өзүнүн премьер-министринин тандоосун колдоп берген. Кашкайган чындык ушундай. Анан кантип Акаев «Исановду өлтүрүп бер!» деп аны Бирштейндин колуна салып берет?
Ал эми Бекмамат Осмоновду да, агездеги «легендарлуу» парламенттин депутатын Аскар Акаев дайыма колдоп жүргөн. Жалал-Абад облусу уюшулганда анын биринчи жетекчиси болуп Бекмамат Осмоновдун шайланышына колдоо көрсөткөн. Эки жылдан соң облустун депутаттары эки каршы лагерге бөлүнүшүп, ортодо чоң чыр жаралып, натыйжада 1992-жылы ноябрда Бекмамат Осмонов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Бул окуяга Акаевдин эч тиешеси жок. Агездеги облус депутаттары муну бүгүн да тастыктап беришет. Тилекке каршы, Бекмамат Осмонов 1998-жылы Москвада жүрөгүнө операция жасатып, каза болду. Аскар Акаев Бекмаматтын бир тууган агасы Шермамат Осмоновду 1997-жылы Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары кылып дайындаган. Андан соң, 2001-жылы Аксы районуна аким кылган. Жакында мен Бишкекте бир жерде Бекмаматтын иниси Абдулла Осмонов менен чогуу олтуруп калдым. Ал «биз, бир тууган Осмоновдор Аскар Акаевге ыраазыбыз, аны терең сыйлайбыз, биздин атыбыздан ысык салам айтыңыз!» деди. Бузуку акмактарга Осмоновдордун мыкты ишмерлик, бийик адамгерчилик сапаттары сабак болоор бекен?
— Уланталы. «Аскар Акаев үй-бүлөлүк башкаруу орноткон. Аялы Майрам Акаева кадрларды дайындачу» деген сөздөрдү да угуп жүрөбүз…
— Аскар Акаев өлкөнү жетектеген мезгилдеги мамлекеттик кызматтагы экинчи адамдар, Жогорку Кеңештин төрагалары болуп Медеткан Шеримкулов, Усуп Мукамбаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаевдер иштешкен. Үчүнчү адамдар, өкмөт башчылары — Насирдин Исанов, Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Курманбек Бакиев, Николай Танаевдер болушкан. Булардын кимисин «Майрам Акаеванын кадры» деп айтсак болот?! Же Акаева бир министр, губернатор дайындаганбы? Аскар Акаевдин улуу агасы Болот Акаев союз мезгилиндеги кызматынан бир тепкичке көтөрүлбөдү. Дагы бир агасы Асанкул Акаев чарба жетекчилигинде эле жүрдү. Майрам Акаева жана улуу кызы Бермет мамлекеттик кызматта иштешпеди. Уулу Айдар каржы министрлигинде иштеп, бир адамды жетектеген жок. Анан кайдагы «үй-бүлөлүк башкаруу»? Имам аш-Шафии айткан экен: «1 далил менен 40 аалымды жеңдим, бирок 40 далил менен 1 түркөй, сабатсызды жеңе албадым» деп. Салыштырсак, Назарбаев, Рахмон, Бердымухамедовдордун уул-кыздары, Алиевдин аялы өз өлкөлөрүндө мамлекеттик экинчи кызматты ээлеп турушат го! Анык «үй-бүлөлүк башкаруу» дал ошол өлкөлөрдө да.
— «Аскар Акаев мамлекеттик казынадан миллиондогон байлыкты уурдап кеткен» деп да жар салып жүрүшпөйбү…
— Гитлердин идеологу Геббельс айтса керек эле «калп канчалык күчтүү болсо, калк ошончолук бат ишенет» деп. Аскар Акаевдин «жеп-ичкени» боюнча миң түркүн ушактар чыгарылды. Алгач, 2005-жылы, бийликтен кетээр замат, «Акаевге тиешелүү» делген эки жүздөй компания, имарат ж. б. мүлктөрдүн тизмеси жарыяланып, калың эл шок болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын бири да Акаевге тиешеси жок болуп чыкты. Андан соң вице-премьер-министр Данияр Үсөнов «Акаев байлыгын чет өлкөгө каткан» деп, өз жанынан 500 миң доллар чыгарып, чет өлкөлүк Либерман деген аферистти жалдаган. Анын натыйжасында ошол кездеги башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Жогорку Кеңештин жыйынында «чет өлкөлөрдөн Акаевдин бир цент да байлыгы табылган жок» деп отчет берген. «Чөө иттер» аны менен токтоп калышабы? Жок, алар бирде «Акаев чет өлкөгө эки тонна алтын чыгарып кеткен», бирде «бир жарым тонна алтын уурдаган» деген жомок токушкан. Аныгында, ал бир жарым тонна алтын улуттук валютабызды жашыруун басып чыгаруу үчүн алгач Швейцарияга жөнөтүлүп, ал жерде аффинаждан өтүп, сатылып, анан Англиядагы валюта басып чыгарган компанияга төлөнгөнү тастыкталды. «Чөө иттер» быйылкы жылы дагы эки жомок ойлоп табышты. Алгач «Акаев «Кумтөрдөн» коррупциялык жол менен миллиондогон акча чыгарып кетиптир, биз фактыга, документке таянып айтып жатабыз» деп коомчулукту ишендиришти. Биз, Акаевдин тарапташтары, ал документ менен тааныштык. Көрсө, 2012-жылы агездеги кыргыз өкмөтү «Акаевдин «Кумтөрдөн» жеп-ичкенин таап бергиле» деп израилдик «Мушкат» деген жеке компанияны жалдаган экен. Анын агенттери бир жыл шимшилешип, эч нерсе табышпай, кыргыз өкмөтүнөн алган очойгон акчасын акташ үчүн соңунда «Акаев «Кумтөрдөн» 55,6 миллион доллар котортуп алган болуш керек деген божомолубуз бар» деп корутунду жазып беришет. Алардын божомолун биздин шылуундар «факт!» деп чуу салышкан экен. Мындайда кыргыз эли «укмуштуунун төөсү жорго» деп койчу беле? Жакындагы УКМКдагы сурак, териштирүүдө Аскар Акаевдин «Кумтөрдөн» бир доллар да албаганы, «Центерра» компаниясында бир да акциясы жок экени тастыкталды.
«Кумтөр» боюнча жомогу чын чыкпай калган соң «чөө иттер» жаңы ушакка өтүшкөн. Ыраматылык Мелис Эшимканов айтчу эле «кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт» деп. «Чөө иттер» ошол ыкмага салып, Россиянын бир басылмасынан «Акаев Москва шаарында квартирасын 13 миллион долларга сатты» деп жар салышты. Кечиресиз, өткөн он алты жылда ар бир корголу лупа менен изилденип келген Аскар Акаев ошончо суммага мүлк операциясын жасап жатса, анда аны Кыргызстанга алып келип кустуруп, өзүн Чым-Коргонго жаткырып коюш керек да! Аныгында, улуу баласы Айдар каза болгон соң ал жашаган төрт бөлмөлүү квартира сатылып, анын балдарынын окуусунун акысын төлөөгө жумшалган экен. Айтсак, Аскар Акаев Москвада үй-бүлөсү менен он алты жылдан бери Путин берген мамлекеттик дачада жашайт. Бишкектеги төрт бөлмөлүү квартирасын Фрунзе политехникалык институтунда профессор кезинде алган.
— Сиз дайыма «Аскар Акаев Нобель сыйлыгын алат» деп айтып жүрөсүз. Ага таяна турган кандай негиздериңиз бар?
— Албетте, кыргыздардан биринчи болуп Нобель сыйлыгын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов алса кандай сонун болмок. Бир окуяны эске салайын. Аскар Акаев 2003-жылы Швецияга болгон сапарында расмий жолугушуулардан тышкары Айтматовду Нобель сыйлыгына түртүү боюнча атайын аракет жасаган. Ал Швеция королдук академиясында Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча бир жарым саат баян жасаган. Ошол эле күнү Чыңгыз Айтматов менен бирге Швециянын королу Карл Густав XVI менен жолугуп, бөлүнгөн отуз мүнөттүн ордуна эки саат баарлашып, королго Айтматов боюнча мыкты пикир жараткан. Бирок, тилекке каршы, «Айтматов соцреализмдин жарчысы болгон» деген Батыштагы догма кыргыз элинин тилегине жеткизбеди.
Аскар Акаев болсо 2005-жылдан бери Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин профессору, Россиянын илимдер академиясынын академиги. Андан тышкары Нобель сыйлыгынын лауреаты Жорес Алферов Санкт-Петербург политехникалык университетинде Аскар Акаев үчүн атайын институт ачып берген. Аскар Акаев Москвада иштегенден бери «татаал системаларды математикалык моделдештирүү», өзгөчө «экономикалык процесстерди математикалык моделдештирүү» деген илимдин алдыңкы багыттарында эмгектенип келет. Аны бул темалар боюнча Европа, Кытай, Чыгыш Азия өлкөлөрү чакырышып, лекцияларын угушат. Ошондой эле, Аскар Акаев СССРдин жана постсоветтик өлкөлөрдүн окумуштуулары кабыл алынбаган атактуу «Лондон математикалык коомуна» мүчө болуп шайланган. Аскар Акаевди биринчи ирет Нобель сыйлыгына 2009-жылы советтик жана россиялык белгилүү академик Алексей Фридман көрсөткөн. Бирок ал жылы Кыргызстанда Акаевди каралоо жогорку чекте болчу. Экинчи жолу Аскар Акаевди Нобель сыйлыгына 2019-жылы көрүнүктүү немец экономисти Герхард Менш башында турган немец окумуштуулар тобу көргөзгөн. Бул жолкусунда Акаев канадалык бир экономист менен «финалга» чыккан. Бирок, «калктын керектөөсүн изилдөө» деген эмгеги бар экономистти Канада мамлекети сүрөөнгө алып, ал эми Акаевди мекенинде ушактап, каралап, жыйынтыгында сыйлык канадалыкка кетти. Ичи ачышып калган немец окумуштуулары Германиянын (дегеле дүйнө жүзүндө) ири «Шпрингер» басылмасы аркылуу Аскар Акаевге капиталдык эмгек буюртма кылышкан. Аталышы «Цифровая трансформация и мировая экономика». Учурда ошол эмгектин үстүндө иштеп жатат. Ал басылма да кийинки жылы жарыкка чыгат. Буюрса, немец окумуштуулары андан соң Аскар Акаевдин Нобель сыйлыгын алышы үчүн дагы аракет жасашат.
— Маегибиздин соңунда каалоо-тилек айта кетсеңиз болот…
— Биринчи кезекте Аскар Акаевди каралап келе жатышкан, катарлары жылдан-жылга суюлуп келаткан арабыздагы «чөөлөргө» ден-соолук каалайм. Чөө иттердин бир жакшы сапаты — алар тирүү арстанга гана аңчылык кылышат. Демек, биздин «чөөлөр» кеминде дагы 23 жыл чуулдашып, каралап турушса, анда Аскар Акаев жүз жашка чыгат. Биринчи президентке ошол жашты тилейбиз! Ошондой эле, Аскар Акаевди элибиз жана тарых келечекте кыргыз мамлекетинин улуу ишмерлери Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Султан Ибраимовдор менен бирге коюп, урматтап-сыйлап алаарына терең ишенебиз!
Маектешкен Зулпукаар Сапанов
№33 (716), 5-ноябрь, 2021-жыл