“Бул эмине болучу, бул түшүмдү жоручу?” — деп улуу кыргыз элинин улуу фольклордук мурасындагы, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүйүктүү каармандарынын бири айтмакчы, кийинки кездерде кыргыз саясатында күтүүсүздөн эле, чак түштөгү чагылгандай эле боло калчу, жалпы коомчулукту аң-таң калтырып, терең ойго салчу чукул бурулуштар, же эч кандай логикалык чен-өлчөмдөр менен түшүндүрүп бере албай турган кадамдар абдан көп жасалып жаткандыгын жокко чыгарууга болбой калды.
Кечээ жакындагы эле Дубайдагы мурдагы жана азыркы президенттердин “кылымдык, тарыхый жолугушуусунун” (мындан башка дагы толуп жаткан оң жана терс маанидеги эпитеттер менен да коштолгон) чуусуна байланышкан талкуулар али аягына чыга да электе эле, андай эл аралык масштабда болбосо да, бери эле болгондо жалпы Кыргызстанда “дүңк” этип, коомдук-саясий айдыңда ашкере бүйүр кызыткан дагы бир окуя орун алды. Бул жаңы чуулгандуу окуя –качкын экс-президент Аскар Акаевдин экс-пресс-секретары, кесиби боюнча журналист Каныбек Иманалиевдин Билим жана илим министрлигине министр болуп дайындалышы…
Ушунун өзү эле — соңку эки жылдан бери министри такыр токтобой, жетекчиси жарым жылдын ары жак-бери жагында улам алмашылып келе жаткан бул министрлик дагы кризис сазына терең батып бара жаткандыгын гана айгинелеп турат. Эң өкүнүчтүүсү, ушундай акыбалга өлкө өнүгүүсүнүн учурдагы стратегиясында орчундуу орунду ээлеп турган, ал тургай, алыскы келечек багыттарынын аныкталышына дагы кандайдыр бир деңгээлде чечүүчү салым кошо турган министрликтин кабылып жаткандыгы болууда.
Белгилүү болгондой, айрым министрликтерсиз деле (аларды такыр жойбосо да, функцияларын башка бир тектеш министрликке ыйгарып, же, мүмкүн болушунча минималдуу кыскартып, башкаларга кошуп салуу аркылуу) эч кандай мүчүлүштүктөрсүз жашоого болсо да, мамлекеттик-саясий мааниден алып караганда, мамлекеттик зор машина-аппарат толук кандуу иштей албай турган, же дароо эле анын ишине чоң доо кете турган, эч алмаштырылгыс министрликтер бар экендиги түшүнүктүү. Ал эми Билим жана илим министрлиги дал ошондой сап башында турган, саналуу министрликтердин бири.
Демек, мындай деңгээлдеги кризис — жалпы өлкө масштабындагы чоң жаңы кризистин башталышынын коңгуроосунун кагылышы деп айтууга болот. Дээрлик эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери эле Кыргызстандай чакан өлкөгө канча министрликтин саны оптималдуу болот? Кайсыл министрликтерди такыр эле жоюп салууга болот, же турмуш чакырыктарын жана улам тездик менен өзгөрүп бара жаткан коомдук-саясий, чарбалык-өндүрүштүк кырдаалды эске алуу менен бирге, кайсыл жаңы министрликти ачуу керек, же мурдагыларын жаңы заманга ылайыктап, кайрадан түзүп чыгуу керек деген талкуулар парламент трибунасынан тартып, коомчулуктун бардык деңгээлинде кеңири талкууланып келе жаткандыгы маалым.
А бирок, Билим жана илим министрлигин биротоло жоюп салуу керек, же аны башка бир министрликке чиркештирип, кошуп салса деле боло берет деген сыяктуу “оригиналдуу” пикирлерди уктуңуз беле? Мындай сунуш жаралмак турсун, андай нерсе нормалдуу ой жүгүрткөн адамдын оюна да келбеси бышык. Анткени, Билим жана илим министрлиги (коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Финансы министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги сымал эле) өлкөнүн эгемендик туусун желбиретип турган негизги мамлекеттик атрибуттардын бири гана болуп саналбастан, жогоруда айтылгандай, мамлекеттин өнүгүү темпине жана учурдагы абалына түздөн-түз таасир этип турган мамлекеттик органдардын болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттары жана айрым саясат таануучулар 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик төңкөрүштөн соң, азыркы президент Садыр Жапаровду штык менен кабыл алган (же, тагыраагы — аны такыр эле кабыл албай, президенттикке эч татыксыз, чала сабат адам катары баалаган) Каныбек Иманалиевдин бул бакандай министрликти башкарып калышын ар кандай өңүттөрдөн карашууда. Бири президент Садыр Жапаров айкөл, кечиримдүү адам экен дешсе, экинчилери бул кадрдык дайындоону түшүнө алышпай, баштары маң болушууда!..
Чындыгында, Билим жана илим министрлигине кандай адам жетекчи болушу керек деген эң бийик, идеалдуу критерийлер менен карай турган болсок, Каныбек Иманалиевди деле ашкере билимдүү, интеллектуал инсан деп айтууга болбойт дегендер четинен чыгат. Садыр Жапаров Дене-тарбия институтун сырттан окуп бүтүрсө, Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекеттик университетин (сырттан эмес!) бүтүргөнү гана болбосо… Башка параметрлери боюнча салыштырып карай турган болсок, ал экөө жаш курактары боюнча да, азыркы саясий маселелерге көз караштары боюнча да, бири-биринен анчалык көп деле айырмаланбагансыйт.
Илим жана маданият сфералары тоталдык масштабдагы девальвацияга дуушарланып, баркы кеткен кезде (ыраматылык союздун соңку мезгилинде бир миллион рублга бир жаман кепе-времянка да келбей калган сымал!), кимдер гана саясат таануу илимдеринин докторлору болуп калышкан жок! Кечээ жакында эле, экономика маселелерин теориялык жактан да семичкедей чаккан, азыркы учурдагы проблемаларды дагы өтө терең түшүнгөн, практик экономисттердин бири менен маектеше калсам айтып жатпайбы: «Жогорку Кеңештин баланча экс-депутаты экономика илимдеринин доктору болгону менен, экономика маселелери боюнча сүйлөшө келсем, жада калса өзү докторлук диссертация катары коргогон темасын дагы жарытылуу түшүнбөйт экен!» деп…
Тилекке каршы, самопалдашкан-жасалма академиктердин, докторлордун жана илимдин кандидаттарынын жалпы саны (на душу населения деген көрсөткүч менен алып караганда) боюнча эбак эле СНГ алкагындагы өлкөлөрдүн ичинен алдыга ат чабым озуп кеткен Кыргызстаныбыз иш жүзүндө эң артта калган өлкөлөрдүн бири болуп келе жатат. Ошондуктан, азыркы тапта (эгемендигибизге отуз жыл толду деп, тим эле чоң ийгиликтерге жетип алгандай, катуу добулбас кагып жаткан кезибизде!) Кыргызстанда улуу манасчы Саякбайды композитор деп санаган Маданият министрине, же медалист менен медальонду айырмалай албаган эң жогорку кызматта олтурган жетекчилерге деле эч кандай таң калууга болбой калды окшойт.
Тескерисинче, Каныбек Иманалиевдин бул кызматка келиши бизди башка бир жагынан таң калтырышы керек: чын эле ушундай чоң тармакта лидер катары таанымал болушкан жана билим берүү системасынын бардык маселелерин (эң майдасынан тартып, глобалдуу масштабга чейинкилерин!) аки-чүкүсүнө чейин жеткире түшүнө алышкан кадрлар такыр эле табылбай калдыбы?! Эгерде чын эле абал ушуга жетип калса — анда кризис эң төмөнкү жеткен чегине чейин түшкөнү болуп эсептелет. Эми андан ары төмөн түшүү да мүмкүн эмес деп, эч чочулабай деле койсок боло берчү деңгээлге да жетип калгандайбыз…
Экс-депутат Каныбек Иманалиевдин бул өтө чоң жана татаал министрликке жетекчи болуп барууга эч кандай кылчактоосуз, жүрөксүүсүз барып жатышынын өзүн эле — дал ошондой дилетанттык деңгээлдеги ой жүгүртүүнүн, кабылдоонун бир көрүнүшү катары баалоого болот. Белгилүү бир шедеврде “Безумству храбрых поем мы песню!” деп айтылмакчы, азыркы тапта министрлер биринин артынан бири кол мээлейдей алмашып жатышкан, айрымдары өз кабинеттеринен туура эле СИЗОго барып олтуруп калышкан министрликке, бул тармактан өтө эле алыс болгон, популист саясатчынын дайындалышы — эч кимди кайдыгер калтыра да алмак эмес.
Кыргызстанда бардык тармактарда профессионалдык күчтүү кадрлар жетишсиз болуп калгандыгы, дал ошондуктан улам, Саламаттык сактоо министрлигине деле журналист барып олтуруп калышы, билим министрлигине деле өз кесиби боюнча журналист жетекчилер дайындалып жатышы — учурдагы кадрдык дефициттин апогейине жетиши экендигин гана тастыктап турат.
Президент Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолоруна байланыштуу коомдук пикирлерге назар салсак, адегенде бийликтин жогорку эшелондорунда көлдүктөр көп болуп кеткендиги байма-бай сөз боло баштаган. Эми бул тымызын нааразычылык бир аз басаңдагандыгына карабастан, кадрдык чехарда мурдагыдан да катуу темпке өткөндүгү, болгондо да, чыныгы профессионалдар дилетанттар менен алмаштырыла башташы — өтө кооптуу симптом катары бааланышы керек. Албетте, соңку кадрдык дайындоо, биринчи иретте, саясий чечим экендиги түшүнүктүү. Кандайдыр бир деңгээлдеги регионалдык балансты сактоо жана да өз ара атаандашып, бийлик-байлык ресурстары үчүн эч компромиссиз күрөшүп келе жатышкан күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулукка умтулуу аракети жасалып жаткандыгы түшүнүктүү…
Ишенбек МУРТАЗАЕВ