Табылды Акеров: «Тюргош жана Караханийлер каганаттарын тухсы, аз жана кыргыздар тиккен»

Табылды Акеров: «Тюргош жана Караханийлер каганаттарын тухсы, аз жана кыргыздар тиккен»

— Сиз дайыма өзүңүздүн илимий изилдөөңүздү соцтармактар аркылуу эл менен бөлүшүп келатасыз. Жакында эле жаңы китебиңиздин электрондук версиясы “Nazarnews.org” сайтына толук басылды. Ошондо усундар кыргыз болуп калдыбы?

— Ооба. Менин «Усуни-кыргызы… » китебимди көңүл бөлүп окуган окурман өзү эле түшүнөт. Ал китепте мен усундардын кыргыз болгондугун далилдей алдым.

— Кантип?

— Мага чейин Н. А. Аристов усундарды кыргыз болгон, Усун деген ат, алардын уруу башчысынын аты болгон. Булардын нукура аты дайыма «кыргыз» болгон деп жазган. Анын пикиринде усундар б. з. ч. II кылымда енисей кыргыздарынан бөлүнүп чыгып, Теңир-Тоону бет ала көчүшкөн. Бул жерден сактарды чаап, алардын жерине Усунго аттуу мамлекетин тиккен. VI к. Истеми каган усундарды басып алып, он ок будун уруулар союзун түзгөндө, алардын тукумдары бул бирикмеге кирген. Он ок будундардын ичиндеги нушиби тобундагы асиги жан гэшу уруулары кыргыздардын азык жана күчүк урууларынын атына уйкаш. Демек, булар усундардын тукумдары, усундар кыргыздар болгон деп жазган. Бирок, советтик доордо окумуштуулар Н. А. Аристовдун гипотезасына анчейин көңүл бурушкан эмес. Мен бул маселеге башкача карадым. Илгери сяньби бирикмесинин башчысы Таншихай усундар менен батышка бет алып алган хуннуларды талкалоо үчүн мукри же мукрин деген чыгыштык көчмөн уруулардан атайы кол топтоп Тянь-Шаньга жөнөткөн. Мукриндер жолдон абарларга учурап, аларды жеңип өтө албай, усундарга жакынкы аймактарда жашап калышкан. Ошентип, булактардагы маалыматтарда усундар ошол мукриндер менен коңшу болуп жатат. Ал эми орто кылымдарда аздар менен алардын тукумдары бахрииндер коңшу көрсөтүлөт. Бирок, усундарды Истеми каган чапкандан кийин, мукриндер нушиби урууларынан болгон асиги жана гэшулар менен коңшу болуп, булар менен чогуу Батыш Түрк жана Түргош каганатынын курамына кирип жатат. Мындан башка, Истеми каган өзүнүн уулу Түрксанфды тухсы уруусунун башына коюп, Талас чөлкөмүн жердеген нушиби урууларын контролго алган. Б.а. кытай булактары боюнча асиги менен тухсылар кездешип жатса, башка булактарда тухсылар дайыма аздар менен бирге эскерилет. Бул болсо, асиги жана тухсы ар кайсы булактарда ар кандай атта кездешип жүргөнүнөн кабар берет. Демек, асигилер баягы эле аз уруулары экени анык болуп жатат. Илимде Барсбек каганды аз уруусунан болгон дешет. Андай болсо, асигилер ошол байыркы аз уруусунун тяньшандык бөлүгү болуп чыгып жатат. Б.а. Н. А. Аристов усундарды кыргыз болгон деген пикири толук айгинеленип жатат.

— Анда Теңир-Тоодо кыргыздар усундардын жана Истеми кагандын доорунан бери эле жашап келаткан экен да?

— Ооба. Учурунда А. Н. Бернштам айткандай усундар да ошол эле ус, аз, ис урууларынан болгон. Б.а. кыргыздын тобол уруусу болгон. Ошого кытай булактарында тяньшань кыргыздары тобол уруунун атынан жазылып калган.

— Былтыр сиз Тувалык окумуштуулар менен биргеликте Кыргызстанда да, Тувада да илимий экспедицияларды жүргүздүңүз. Жыйынтыгы кандай болду? Кандай кызыктуу жаңылыктар болду?

— Мен Тувалык журналга макала жөнөткөм. Тувалык окумуштуулар макаламды окуп, кыргыздар менен тувалыктардын туугандык жагы бар болсо, чогуу изилдөө жүргүзүп көрөлү деп мага кайрылып калышты. Ошентип, биз адеп Кыргызстандагы муңгуш уруусун изилдөөгө келиштик. Себеби, аларда да монгуш уруусу бар экени илгертен белгилүү. Биз Түштүккө барып, Алай, Кара-Суу райондорун, Ош, Өзгөн шаарларынын тегерегиндеги муңгуш урууларын изилдедик. Муңгуштардын тотеми жагалмай куш болгондугун аныктадык. Мындан башка да керектүү маалыматтарды алдык. Анан Тувага барып монгуш уруусун изилдеп көрдүк. Жыйынтыктарыбызды макала кылып жазып, журналга жөнөтүүгө дайындап жатабыз. Мен буга чейин эле VIII кылымда чыгыштан көчүп келген ягма уруусунун аты жагалмай тотемине байланыштуу караган окумуштууларды колдоп келгем. Ошого «Усуни-кыргызы…» китебимде ягмалар Урал чөлкөмүндө жашаган жагалбайлы жана чекты урууларынын түштүктүк бөлүгү болушу мүмкүн деп жазгам. Ал эми Түркияда жарык көргөн макаламда («Тухсы и азы как основатели Караханидского каганата», Эрзинжан шаары, Түркия, — 2022) ягмалар булар муңгуштардын Жети-Сууга көчүп келген алдыңкы бөлүгү болсо керек деп жаздым. Мен мунгуш уруулары Теңир-Тоого этап-этабы менен көчүп келген деген пикирге келдим.

— Профессоор О. Караев агай өз учурунда Караханий мамлекетин чигилдер тиккен деп жазды эле. Сиз Түркияга барганда Караханийлер мамлекетин тухсы жана аз уруулары тиккен деп доклад жасаптырсыз. Б.а. Сиз О. Караевге каршы пикир айттыңыз. Анын да шакирттерине каршы пикир айттыңыз. Сиз өзүңүзгө чоң проблема жаратып жаткан жоксузбу? Эмнеге таянып жаздыңыз?

— Илимдеги адам өзүн 100% туурамын деп айта албайт. Анын пикиринин тууралыгы башка изилдөөлөр менен бышыкталса гана туура болуп эсептелинет. Ошондуктан, проблема деле жок. О. Караев В. В. Бартольддун айткандарына таянып жазган. Тарыхый булактарда Караханнийлердин санжырасы сакталып калган. Анда Яфеттин уулу Түрктүн Барсхан, Чигил, Илак жана Тутел деген уулдары болгон деп айтылат. Чигил каранийлердин санжырасына кирип калгандыктан, окумуштуулар караханийлерди чигилдер менен байланыштырышкан. Мен болсо бир аз башкача карадым. Биринчиден, тухсылар Истеми кагандын доорунан бери эле Тянь-Шанда тектүү уруу катары белгилүү болгон. Х кылымда жазылган «Худуд ал-аалам» китебинде тухсылардын жери чигилдердин жеринен а бай деп айтылат. Б.а. бул маалымат боюнча тухсылар саясий жана социалдык- экономикалык жагынан чигилдерден алда канча жогору тургандыгын билдирип жатат. Башка бир эмгекте, тухсылар чигилдердин себук уруусун талкалап, анын элин туткундап алгандыгы айтылат. М. Кашгари өз «Диванында…» тухсы, чигил жана ягмалар тыгыз байланышта болгондугун жазат. Ал эмгегинин дагы бир жеринде тухсылар менен чигилдер Каяс аттуу үч чептин ээси экендигин жазат. Б.а. Тухсылар менен чигилдер өз ара аскердик мамиледе болгондугун айтып жатат. Тухсыларды Истеми кагандын уулу Түрксанф башкаргандыктан, булар тектүү деп эсептелген. Ошондуктан, караханийлердин санжырасындагы Яфеттин уулу Түрк бул Истеми кагандын уулу Түрксанф болушу толук ыктымал. Б. а. караханийлердин санжырасында чигилдер чыгыштан келген уруу катары тухсыларга баш ийип калгандыгы тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан, Истеми каганды кадимки түрк урууларынын ата-бабасы болгон Афросиабдын прототиби деп кароого болот. Ал эми Истеми каган менен уулу Түрксанфды «Манастагы» хан Жакып жана Манастын прототиби катары кароого мүмкүнчүлүк алабыз. Манас («мани+аз») ысымын ошол эле манихейлердин башчысынын титулу «манак» менен байланыштуу карасак болот. «Манак» – манас» бири-бирине өзгөчө жакын. «Манас» («мани+аз») манихей дининдеги аз уруу башчысын түшүндүрсө керек деген пикирди жаздым («Тухсы и азы …» Эрзинжан шаары, Тюркия, — 2022). Бешинчиден, караханийлер өзүлөрүн түркпүз деп айтышкан. Б.а. алар Истеми кагандын уулу Түрктүн тукумубуз деп сыймыктанышкан. Алтынчыдан, Карлук каганатында тухсылар менен аздардын өзүнчө ээликтери болгон. Карлуктар бир кезде аларды басып алышса, кыязы, кийинчирээк, тухсылар карлуктардын ябгусунун бийлиги начарлаганда, реванш жасап, бийликти кайра тартып алганга жетишкен десек туура болот. Жетинчиден, «чигил» этнониминин келип чыгышы манихей дини менен байланыштуу болгон.

— Карлуктарга баш ийип турган тухсылар кантип күчөп кетиши мүмкүн эле?

— VIII кылымда Енисей кыргыздарында, тогуз огуздарда, көк түрктөрдө манихей дини кеңири жайыла баштаган. Батыш Түрк каганатында манихей дини Истеми кагандын доорунан бери жайылган. Батыш Түрк каганаты кайсы бир деңгээлде манихейлердин борбору катары таанылып калган. Гардизи тухсы уруусунун башчылары тухсы-чигил деген титулду алып жүргөндүгүн жазат. Б.а. ал тухсылардын манихей дининдеги уруулардын лидери болгондугун маалымдап жатат. Ошондуктан, бул чөлкөмгө чыгыштан манихей дининдеги чигил, ягма, чумугун, кыргыз, отуз оглан ж. б. уруулар көчүп келген. Х кылымдагы «Худуд-ал-Аалам» китебинде» кыргыздар ягмалар менен Кашгар шаарынын тегерегинде жашашканы айтылат. Анын башка бир жеринде тухсылар кыргыздардын бир уруусу менен коңшу жашашат деген маалымат бар. Б.а. Кыргыздардын улуу дөөлөттүгү мезгиленде Теңир-Тоого көчүп келген кыргыздар бул жердеги тектүү уруулардан болгон тухсылар менен катарлаш жашап, тухсы жана аз урууларын колдогон. Ошентип, тухсылар акырындык менен күчөп, карлуктардан бийликти тартып алган. Тухсы, аз жана кыргыздар тууган уруктардан болгон. Ошого буларды кыргыздардын өзөгүн түзгөн уруулар катары караганыбыз туура болот.

Маектешкен Т.Кожомбердиева

Share