Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таануучу: «Атамбаев саясий ишмердигин жандандырса, ал саясий кризиске алып келет»

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таануучу: «Атамбаев саясий ишмердигин жандандырса, ал саясий кризиске алып келет»

— Чолпонбек мырза, маегибизди күндүн темасынан баштайлы. А. Атамбаев дарылануу үчүн абактан чыгарылды. Кандай кабыл алдыңыз? Не дебейли, ал мурдагы президент, чоң саясатчы. Анын эркиндикке чыгуусу өлкөдөгү саясий абалга кандай таасир этиши мүмкүн? С. Жапаровдун бийлигине коркунуч келтирбейби?

— Атамбаев да убагында акыйкатсыз, ар кандай алабарман кадамдарга барганы белгилүү. Ошол жазасын тартты. Анын артыкчылыгы, бийликти тынч жол менен өткөрүп берген жана үстүнө кара булут айланганда жанынын тынчына карап өлкөдөн чыгып кетпей, керек болсо ажалга тике карап аягына чейин турду. Тергөө далилдей албаса чыгарганы туура болду. Бул аралыкта ал киши баарын сыдыргыга салып көз алдынан өткөрүп рухий-моралдык жактан жаңы бир тепкичке көтөрүлдү деп айта алам. Кыргызстан укуктук да эмес, социалдык да эмес кландык өлкө. Атамбаев саясий ишмердигин кайра жандандырса албетте таасири күчөйт, акыры ал саясий кризиске алып келет. Экс-Президент катары Тарыхта өзгөчө ордун тапты, ошого каниет кылып неберелеринин маңдайында же жакшы бир социалдык-гуманитардык долбоорлор менен алектенеби же саясий талаага кайра чыгабы ал анын тандоосу. Эгер аттын башын саясатка бурса күчтүү оппозиция жок, оппозицияга “аталык” издеп жаткан топторго майдай жагат… Азыр көпчүлүккө прагматикалык кадамдарга караганда саясий шоу майдай жагып калбадыбы.

— Оппозиция демекчи, бүгүнкү оппозициянын дарамети канчалык болуп атат? Элди артынан ээрчите алчу оппозиция барбы?

— Азыр оппозицияга бел болчулардын көбү абакта. Бийлик да салыштырмалуу батыл иштеп оппозициянын күчтөнүшүнө бөгөт койуп жатат. Азырынча калың элди артынан ээрчитип кетчү оппозицияны көрбөй турам. Албетте оппозицияны Атамбаев эле баштап чыкпаса… Кыргыз бийлигине оппозициялык лидер тышта даярдалып жатат деген да каңшаар бар. «Оппозиция вот сперма от которой рождается все политики мира” деп оозар сүйлөгөн орус саясатчысынын айтканы бар. Ошол сыңары жүрөгүндө жалы, оозунда сөзү бар оппозициялык күчтү түзүп бийликти камчылап иштете тургандардын бир тобу абакта жатат. Айрымдары сыртта, Бакиевдин убагындагыдай оппозиция жок. Андан калса оппозиция десе эле бизде бийликти күч менен тартып алчу топ катары жүрөктөрү түшөт. Оппозиция бизде “көмүсө кабинет түзүп, бийликке карата алтернативдүү прагматикалык программа сунуштап системдүү иштебейт. Убактылуу кызыкчылыктар үчүн убактылуу бириге калып бийликке жетип алалы, анан көрө жатабыз дешет. Ал эми бийликке жеткенде ар бири жуурканды өздөрү тарапка тартып башташат же туш тушка басып кетет. Бир эмес үч жолку революция болду, бирок ошол көрүнүш кайталанып эле келатпайбы…

— Саясат таануучу катары өлкөдөгү саясий кырдаалга баам салып турасыз. Бүгүнкү күндөгү саясий-экономикалык абалды кандай баалайсыз?

— Мамлекет да, эл да оор учурларды баштан кечирип жатат. Постпандемиялык кризистерден түзөлө албай жаткан чакта украин-орус конфликти бизге окшогон экономикасы чабал өлкөлөрдү белге тепкендей эле болду. Бийлик күндөн-күнгө күчөй баштаган каатчылыкты амортизациялаш үчүн бюджеттик кызматкерлердин айлыгын кескин жогорулатты. Бирок көбөйгөн айлыктарды инфляция жеп коюп жатат. Бул каатчылык көп жерде 26,27-жылдарга чейин уланат, экономикасы чабал өлкөлөрдө 30-жылдарга чейин кетет деген божомол бар…  Деги эле дүйнө геосаясий “кайра форматташуунун” алдында турат окшойт. Ошол процесстин баары Борбор Азия аркылуу жүрөт, европалык Макиндер деген геосаясат илимине негиз салуучу илимпоз болгон. Ал “хартленд” (дүйнөнүн борбору) деген терминди киргизген. Хартленд Борбордук Азияда жайгашкан, ким хартлендге ээлик кылса ал дүйнөгө ээлик кылат деп айтканы бар. Ошон үчүн дагы күтүлчү геосаясий шойкомдордун капшабына илинбей калсак болгону…

— Жаздын келиши менен «кетсинизм» синдрому жанданып, бийликке каршы багытталган митинг, нааразылык акциялардын болуусу салтка, адатка айланып калбадыбы. Быйылкы жаз кандай болот деп ойлойсуз?

— Саясат экономиканын концентрлешкен көрүнүшү деп Ленин таамай айткандай, экономикалык каатчылык, элдин жакыр катмарынын өсүшү саясий толкундоолорго ыңгайлуу кыртыш болуп саналат. Бирок Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы “кетсинизм” илдети саясий кризистерди убактылуу жойгон менен экономикага тийгизген терс таасири эбегейсиз эле болуп келди. Биздин элдин бир өзгөчөлүгү социалдык экономикалык оорчулуктарга чыдайт, асти акыйкатсыздыка чыдабайт. Биздеги 1,2,3 жолу толкундоолордун аркасы менен бийликтин алмашышына экономика эмес саясат б. а. бийликтин акыйкаттыктан тайышы себеп болгон. БИЙЛИК КҮТҮҮСҮЗ жана олуттуу саясий ката кетирип албаса эле жаз тынч өтөт. Албетте, локалдык чыңалуулар, коомдогу айрым катмарлардын протесттик маанайын такыр болтурбай койуу мүмкүн эмес. Анан ошол азыр ар бир үйгө “эшик кагып” кирип келген каатчылыктар геосаясий оюнчулардын кызыкчылыктары менен айкалышып кетпесе деген чочулоо албетте бар.

— Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетсе, экономикадагы, бюджетти толтуруудагы жетишилген ийгиликтер жокко чыгып калышы мүмкүндүгүн айткандар бар. А. Жапаров ошончолук эле жакшы иштеп атабы?

— Бюджетти толтуруудагы аракети, айлык акылардын көбөйүшү анын күчтүү экономист экенин дагы бир жолу далилдеди. Коомчулукта ага карата сындар жамгырдай жааган сайын ал ошол сындар менен жарышып иштеп жатат. Мен ал кишини жердеш катары жакшыраак билем десем болот. Ооба, ал конъюнктурщик, амалкөй саясатчы. Бирок бир чындык, А. Жапаров бул кызматка (Акаев мезгилинен бери) үчүнчү жолку, балким төртүнчү “попытка” менен келди. Айрымдардай болуп, саясий кризис, оюндардан улам байкоосуз келип калган жок. Ант берээр алдында ачык-айкын программасын жарыялаган, ошону четинен кертип аткарып баштады. Буга чейин келген премьерлердин дээрлик баары программасы жок келип, бекитилип алайын дешчү. Бирок салыктын утур бир түрүн ойлоп таап, карапайым элдин жонунан кайыш тилип каржалып турган калкты кыжырдантпай, каржы булактарын башка тараптан таап экономиканы жандандырууга жан үрөсө болот эле.

Ооба салык, бажы ж. б. төлөмдөрдү көбөйтүү менен бюджеттин киреше булагын көбөйтсө болот, бирок ошол эле жол менен кете берүү ансыз да кыйналып турган калктын шайын оодарат.

— Маал-маалы менен С. Жапаров менен К. Ташиев экөөсүн кайраштырууну, мамилелерин солгундатууну каалаган маалыматтык кампаниялар жүрүп калат. Эки достун тандеминин келечегин кандай көрөсүз?

— Андай көрүнүштөр чоң саясаттагы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бул тандем авторитардык ыкманы тандап алышты окшойт. Бийликти бекемдөө максатында демократиялык принциптерден тайуу аракеттери дааналана баштады. Балким, саясий туруктуулукка жетишүү үчүн бул туура кадам. Мындай жол менен ири өлкөлөр да, биздей чакан өлкөлөр да экономикалык өсүшкө жетишкен. Ал трагедия деле эмес, бирок сөз эркиндиги, парламентаризм, адам укугу, акыйкаттык сыяктуу кыргыз элинин этногенезинде айланган баалуулуктарга кастарын тикпей деле экономиканы жандандырбаса, тартипти орнотпосо болбойбу деген ойго келесиң. Тандем эртеби кечпи ажырайт дечи, бирок кечирээк ажыраганы дурус го. Саясий оюндарга, азгырыктарга, ак үй интригаларына берилип тандем ажыраса, ал тарыхтагы Шерали менен Нүзүптүн жолоюн кайталап калуу тобокелдиги бар. Мисалы, Каримов өлкөнүн, анан өзүнүн коопсуздугун үч тамга башчысына гана ишенген. Акаев бир нече генералга ишенген, Бакиев төртөөнө ишенген Жээнбеков да эки-үчөөнө ишенген. Ташиев жеке саясий келечегин тобокелдикке салып досунун бийлигин жан үрөп бекемдеп жатат. (Мамлекет, улут коопсуздугу кантип жатат, ал башка кеп) Азыр коопсуздуктун башка түрлөрүнөн саясий коопсуздук биринчи планга чыккан учур. Үч тамга башчысынын Коррупцияга каршы жүрүшү буга чейинкилерден масштабдуулугу, чечкиндүүлүгү менен өзгөчөлөнүүдө. Кыскасы, “конторанын” башчысы шефинин да, улуттун да коопсуздугуна өз деңгээлинде кам көрүп жатат.

— Аймактагы кырдаал боюнча оюңуз кандай? Өзбекстан менен чек ара маселелери боюнча талаш-тартыштарга чекит койгондой болдук. Тажикстан менен болгон чек аралар чечиле элек. Сак болушубуз керекпи?

— Чек ара маселелеринин такталышын ар ким ар кандай жоромолдоп, улуттук кызыкчылыкка каршы келет деп жатышат. Бирок өзбек тарап менен чек араны чечүүдө күч, аягына чейин тиреш сөзсүз конфликтке алып келет эле, бул жөнүндө Каримовдун айтканы дагы бар. Жакшы согушка караганда жаман тынчтык жакшы дегендей. Деги эле аскердик кагылышууга алып келген тирештен ары кылсын. Украина эмне болуп жатат, алар эле эмес согуштун азабын ресурска бай, алда канча бакубаттуу, аскерий потенциалы күчтүү Орусия деле тартып жатат. Тажик тарап деле өз дараметин билет. Бирок ички чыңалуу, геосаясий ири оюнчулардын долбоорлорунун кылтагына илинип шыкактоосу менен кайра-кайра согуш ачып ийип жатышат. Геосаясат кадимки саясат сыяктуу эле туруксуз, өзгөрүлмө, бирде көзүн көрсөтсө, бирде көчүгүн көрсөтөт. Англосаксондук “Пуштунистан” же “жаңы перс мамлекети” долбоорлору акыркы геосаясий процессттерден улам актуалдуулугун жогото баштады. Эми тажик режими бышып жетилген бир катар проблемалары менен жалгыз калышы ыктымал… андай шартта алар агрессия эмес өз көйгөйлөрүнө көмүлүп калуу жагы бар…

— Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук абал узакка созулчудай болуп калды. Минтип созула берсе, Кыргызстанга тийгизчү таасири кандай болот?

— Согуш бул саясаттын эле уландысы, болгону башка каражаттар менен! Эки бир тууган элдин ортосундагы тутанган согуш оту, “дүйнөдөгү геосаясий турбуленттүүлүк” канчага созулат, ошондон көз каранды. Таасирин көрүп жатпайбызбы, кескин кымбаттоолор, карама-каршы миграциялык агымдар биздеги кырдаалды татаалдаштырып жатат. Ал тараптан келген мигранттардын акчалары бизге түшүп жаткан менен батирлердин, жер үйлөрдүн баалары кескин өсүп, эптеп үй-жайлуу болсом деген катмардын тилегин таш каптырды.

Эгер дүйнөдөгү, биздин тегерек-четибиздеги климаттык тенденцияларга баам салсак, жакынкы он жылда “климаттык миграция” жеткен турат. Түндүктө салкыныраак аймактарда жашагандар үчүн ал жаңы бир чакырык болот. Кыргызстан ага кам көрмөк тургай даяр эмес, өз көйгөйлөрүбүз башыбыздан ашып жаткан чак. Геосаясатта тектоникалык жылышуулар башталды. Кыскасы, Кыргызстанга Жараткандын эле көзү түз болбосо, жакынкы келечекке карата божомолдор ары кунарсыз, ары опурталдуу.

Бул эки өлкө тең ички күчтөрдүн шыкактоосу, тышкы күчтөрдүн кайраштырууларына азгырылып “дүйнөнү бийлеген” күчтөрдүн торуна түшүп берди. Согуш бүткөн күндө да украиндердин орустарга болгон сөөк өчтүлүгү, кастыгы дагы кылымдарга созулмай болду. Орус эксперттери: Орусия биринчи, экинчи дүйнөлүк согуштан жеңүүчү болуп чыккан жыйынтык биз каалагандай болот дешет. Бирок мурунку согуштарда Россия дейбизби же СССРби баскынчылыкка каршы туруп жеңишке жеткен да туурабы. Бул жолу чындык украиндер тарапта, орус тарап канча ирээт баскынчылыгын башкача шөкөттөбөсүн, ал эчак эле “атайын операция” түшүнүгүнүн чегинен чыгып кеткен. Аюунун азуусу болсо, куландын Кудайы бар да. Орус тарыхында бийлигин башкалар эмес өздөрү кулаткан. Кыскасы, кырдаал ошого бараткандай…

Маектешкен Мирлан Дүйшөнбаев

 

Share