Алмазбек Атамбаев акталып, Курманбек Бакиев келиши мүмкүнбү?

Алмазбек Атамбаев акталып, Курманбек Бакиев келиши мүмкүнбү?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин Жогорку Сот, Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүү менен бирге чет өлкөгө барып дарыланып келүүсүнө уруксат бергени коомчулукта дагы бир кыйла кайчы пикирлердин жаралышына, саясий тирешүүлөргө жем таштады. Натыйжада, “Атамбаевчилер”, “Бакиевчилер”, “Жээнбековчулар”, “Жапаровчулар”, “Мадумаровчулар” деген тарапташтардын тобунан түзүлгөн фанаттардын кайым айтышуусу интернет желесинде кызуу талкууга алынып, алдын ала ар кандай “прогноз” берилүүдө.

Деген менен президент Садыр Нургожоевич Жапаров президенттик тактыга отурган кезде “Чачылганды жыйнайм, үзүлгөндү улайм” деген убадасы да бар эле. Балким, тунгуч президент Аскар Акаевдин акталышы, Алмазбек Атамбаевдин мойнуна илинген кээ бир иштердин кыскарышы, Батукаевдин иши боюнча тагылган айыптын кайра райондук сотко жөнөтүлүшү жана чет мамлекетке чыгып дарылануусуна уруксат берилишин эске алганда “акталышы мүмкүн” деген божомолдордун келип чыгуусуна шарт түздү.

 

Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кыргызстанда Конституция иштеш керек»

— Атамбаев чыкты, ден соолукта болсун. Маселе анын чыгышында эмес, маселе башкада. Анын эч кандай күнөөсү жок болгон болсо, анда күнөөсү жок кишини ким отургузду? Үч жарым жыл деген оңой эмес да. Жашоосунда кандай болду? Жоопкерчиликти ким тартат? Туура эмес чечимди алган болсо ким алды? Кимдин буйругу менен алды? Биз Кыргызстанда ушул суроолорго жооп тапмайынча бул нерсе улана берет. Эң кызыгы ушунда.

Чыгарган жетекчилерге рахмат… Мыйзамдын адилеттүүлүгү жеңишке жетиште эмес, “баланчага, түкүнчөгө рахмат, ошолор бар чыгып кеттим” деген сөздө. Бул кандай түшүнүк? Бул өтө оор маселе. Адилеттүүлүк орноду дейт. Адилеттүүлүк орногон болсо, буга чейин адилеттүүлүк болгон эмеспи? Анда адилетсиздикти ким жасады? Конкреттүү бир киши бар да. Анда ал ким?… Эгер тилин таап алсаң маселе чечилип, тилин таппасаң маселе чечилбеген өлкөдө өнүгүү болбойт.

Бизде Кыргызстанда Конституция иштеш керек. Мыйзам иштеш керек. Эгер жетекчилердин кабак-кашына карап отурсаң бул өлкөнүн барынан жогу деген маселе чыгат. Ошондуктан коом мыйзам менен жашаганды үйрөнүп, талап кылганды билиш керек.

Ал эми, өз ара сүйлөшүү болду деген пикирге кошулсаң кошулбасаң алардын сөзү ушундай болуп жатпайбы? “Эгер алар болбогондо мен чыкпайт элем” деген сөз болду. Демек, Кыргыз мыйзамдарынын аркасы менен адилеттүүлүккө чыктым эмес, “эгер алар болбосо мен чыкпайт элем”… Демек бизге мыйзамдын кажети жок экен да. Анда бизге баш прокурордун, соттордун, негизи эле мамлекеттик кызматтардын эмне кереги бар? Эгер бардык маселе кишиден көз каранды болуп жаткан болсо. А негизи, Мыйзам уруксат берген болсо, бир дагы киши капаста отурбаш керек. Эгер мыйзам тебеленип “сенин өзүң, сөзүң жакпай калды” деген болсо мына азыр кээ бир азаматтар адилетсиз жатат. Балким буларды да, эртең чыгарып койсо, кээ бирөөлөр кол чабат. Ошон үчүн алсыз, арсыз өлкөбүз. Тилекке каршы коом да ушундай.

 

Шамурза Бөрүкулов: «Атамбаевдин анги сарайы менен Бакиевдин Жибек-Жолундагы эл катары жөнөкөй үйү бир мезгилде мамлекетке өткөрүлгөн»

— «Түрмөдөн чыккандан кийин, Атамбаевди мамлекетке өткөн анги сарайында күтүп алышты, ушул туурабы”- деген суроону депутаттарга узатса, баары эле ачык сүйлөй албай, шымын толтуруп айыптуу болгон жаш баладай бирдемелерди дөөрүп салышты.

Былжыраган пысмыктар! Болгонун болгондой эле айтып салышса, Атамбаев чуркап келип булардын өтүн алып салабы, же шымын шыпырып такатумба кылып таштайбы?

Атамбаевдин анги сарайы менен Бакиевдин Жибек-Жолундагы эл катары жөнөкөй үйү бир мезгилде мамлекетке өткөрүлгөн.

Андан бери көп эле убакыт өттү.

Бакиевдин үйү сүрдүрүлүп, ордуна кандайдыр бир имарат туруп калганын көрдүк.

Дагы деле баягы трайбалисттик ит адаттары кармап, Бакиевдин үйүн өткөрүшүп, ал эми Атамбаевдикин болсо: “өзүбүздүкү да, чыгып калса каякка барат” дегендей сактап олтурушса керек да.

Эгер эле мамлекетке өтүп, бирок, анысына карабай Атамбаев көк беттик кылып кирип алган болсо, анда жакында Атамбаев бул бийликти да ыргыта чабат.

Өздөрү тилеп алгандай эле болот.

 

Улан Канат уулу: «Кандай болгон күндө дагы Кой-Таш окуясы үчүн, андагы жабыркагандар үчүн Атамбаев жооптуу!»

— Кайран гана адам өмүрү! Кой-Таш окуясындагы мерт кеткен офицер үчүн, жарадар болгон жарандар үчүн ким жооп берет?

Атамбаев боюнча буларды унутпай жүрөлү!

  1. Бүт мамлекеттик бийликти колдонуп, мамлекеттин акчасы, күчү менен өзүнүн адамын Президент кылып койгонду эч ким эске албай, аны досу сатып кетти деген түшүнүктү адамдарга сиңирип коюшту. Анын эң чоң кылмышы, дал ошол элдин тандоосун бурмалап, шайлоону каалагандай калчап, досун Президент кылганы бул чыныгы саткындык болчу! Сооронбай Шарипович Жээнбеков досун сатса, Алмазбек Шаршенович Атамбаев элин саткан ошондо!
  2. Кандай болгон күндө дагы Кой-Таш окуясы үчүн, андагы жабыркагандар үчүн Атамбаев жооптуу! Мамлекеттик орган тарабынан көрсөтмө келдиби — ​аны аткарууга милдет болчу! Же жөнөкөй тарапташтарын “живой щит” кылып алып, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөтө берсе болобу? Андай болсо анда анархия болуп кетпейби биздин коом? Жакшыбы, жаманбы талаптарга баш ийүү керек. Айрыкча тирүү адамдарды “живой щит” кылып, алардын артына бекинбей! Анан ошондой адамды кантип көк жал атап атасыңар?
  3. Трайбализм! Трайбализм! Трайбализм! Кой-Ташта жатып, кээ бир адамдардын регионалдык, трайбалисттик сезимдери менен ойногонун унутуп калдыңарбы? Унутсаңар ошондогу видеолорду кайрадан көрүп чыккыла! Ошондой экс-президент статусу менен туруп, элди бөлүп жарганы бул абдан пастык!

Анын Президент кезиндеги иштерди айтпаганда деле ушул жагдайлар үчүн адилет жооп бериши керек болчу!

Акаевден баштап бүгүнкү күнгө чейинки Президенттердин учурундагы баардык чыккынчылыктар, элин саткандар адилеттүү жоопкерчилик тартмайынча эч ким, эч нерсе тымызын унутулуп кетпейт!

Кийинки муун — ​биз бул нерсени эстеп жүрүшүбүз керек!

Кемпир-Абад үчүн камалгандар эч бир тополоң уюштурган эмес, куралдуу каршылык көрсөткөн эмес, эч бир адамдын өмүрүнө коркунуч жаратышкан эмес, бирок дагы деле абакта жатышат.

 

Кайып Шер, коомдук ишмер: «Курманбек Бакиев экс-перзидент деген статусунан ажыратылган эмес»

— Атамбаев акталган жок. Атамбаевчилер тарабынан “акталып чыкты” деп элге ар түрдүү түшүнүктү таңуулап жатат. Жогорку сот Биринчи май районуна “Атамбаевдин күнөөсү кайра каралыш керек” деген негизде жиберди. Муну коомчулук туура түшүнүш керек. Экинчи жагынан Биринчи май райондук соту Атамбаевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу, мындан сырткары элдин да пикирин эске алып, аны чет мамлекеттен дарыланып келүүгө уруксат берди. Кыргыздын салтында жыланга деле ак чачып узатат. Кокус ден соолугу начарлап кетпесин деп, чет мамлекетке чыгып дарыланууга уруксат берди. Дарыланып келгенден кийин кайра ишти кароого берип, мамлекеттин алдында күнөөсү канчалык экендигин кайра кароо болот. Атамбаевдин мойнуна тагылган бир топ иштер бар жана алардын кээ бири кыскарды. Бийлик, мындан тышкары Акаевди алып келди, эми Атамбаевдин сыртка чыгып дарылануусуна шарт түзүп жатат. Бирок, сотторго ак үйдүн да ишараты бар… Анан эл айтып жатат да, “Акаевди алып келди, Атамбаевди чыгарып чет жакка чыгуусуна шарт түздү, эми Бакиевди алып келет болуш керек” деген божомолдор пайда болду.

Атамбаевдин “экс-президент” деген макамын импичмент аркылуу, парламент мыйзамдуу ажыраткан. Ал эми Бакиев “экс-президент” деген статусунан ажыраган эмес. Атамбаев дайындаган сот, Бакиевди мыйзамсыз соттогон. Негизи, Бакиевди соттоо үчүн биринчи экс-президент макамынан Атамбаев сыяктуу кылып ажыратыш керек болчу. Алардын айырмачылыгы ушунда. Муну эч ким жокко чыгара албайт.

Чындыгында акыйкат орнотулуш үчүн Садыр Жапаров Курманбек Салиевич Бакиевдин дагы ишин кайра каратуусу керек. Себеби, Бакиев сыртынан соттолгон. Ошондуктан аны да кайра кароого жөнөтүүгө негиз бар. Же, “Бардык президенттердин жоопкерчилиги менин моюнумда. Элдин эртеңки келечеги, ынтымакчылыгы үчүн кыргыздын башын бириктирем. Акаев, Атамбаев, Бакиев да биздин мурдагы президенттер” деп эле ачык айтып коомчулукка ачык айтуусу Садыр Жапаровдун кадырын арттырып, элдин башын бириктирмек.

 

Канышай Мамыркулова, журналист: «Муну саясий оюн деп коет…»

— Курманбек Бакиевдин келишине жол чабылып, Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы толук мүмкүн. Ошол себептен саясатчылар үчүн “өпкө, жүрөктү чаап” ар ким менен урушкан туура эмес. Бүгүнкүдөй делдейип калыш бат эле. Муну “саясый оюндар” деп коет…

 

Эрнист Борошов: «Бакиевди да алып келиш керек. Ал башкаларга караганда мыкты иштеген»

— Баарын жок кылган Акаев акталып кетти, Атамбаев деле акталыш керек. Бакиевди да алып кериш керек. Ал башкаларга караганда мыкты иштеген.

 

Асыран Айдаралиев: «Атамбаев торго өзү түшкөн. Аздыр-көптүр жазасын алды»

— Акаев менен Бакиев акталбашы керек, күнөөлөрү тоодой. Атамбаев торго өзү түшкөн. Аздыр-көптүр жазасын алды. Акталганы туура…

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

Share