Ташка чегилген тарыхтарыбыз

Ташка чегилген тарыхтарыбыз

Тарыхыбыздын бир бөлүгү балбал таштарда, ар кандай көлөмдөрдөгү, формалардагы таштарга чегилген жазууларда экенин КР Улуттук тарых музейинин кире беришиндеги балбал таштар, 3-кабаттагы таш экспонаттар ырастап турат.

Аларда таштарга чегилген байыркы түрк рун жазууларынан, петроглифтерден тартып, Vll-ХV кылымдардагы кытай, араб жазылмаларына чейин бар. Экспонаттардын баардыгы Кыргызстандан, негизинен Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынын аймактарынан табылгандар. Музейге, анын сыртындагы шиберге бирин-экинден үлгүлөрү гана коюлган, баары түгүл миңден бирин да батырып, жайгаштырууга мүмкүн эмес. Алсак, Саймалуу-Таштагы петроглифтердин жалпы саны 100 миңден ашык. Чындыгында Республикабыздын түштүгүнүн айрым аймактары петроглифтерге бай. 2011-жылы Кыргызстан-Корея биргелешкен илимий экспедициясынын мүчөлөрү, аларды изилдеп чыгышып, негизги үч топко бөлүшкөн. Алардын биринчиси, Өзгөн шаарынын түндүк-чыгышынын 40 чакырымындагы Байчечекей-Кыр тоосундагы, экинчиси, Ош шаарынын айланасындагы, үчүнчүсү, Жалал-Абад облусунун аймагындагы Саймалы-Таш 1, Саймалы-Таш 2 петроглифтик эстеликтери болуп саналат.

Байчечекей тобундагыларга Суук-Дөбө, Камыр-Ата, Жүрөк участкаларындагылар кирет. Жалпысынан 678 ташка 1352 сүрөт чегилген. Алар — ​жаачан, төө минген, бири-бирине кол созушкан адамдар. Дөңгөлөктөрдүн сүрөтү, түшүнүксүз белгилер да бар. Сюжеттерин- кийиктерге, букага аңчылык кылгандар, ритуалдар, бири-бирин коркутуп жаткандар ж. б. түзөт. Алардын баары геометриялык ыкмаларда же ичке сызыктар менен түшүрүлгөн. 2011-жылдын июлундагы Корей-Кыргыз экспедициясынын жүрүшүндө 500 сүрөттүн контактык көчүрмөлөрү, 300нүн сүрөтү тартылып алынган.

Экинчи топтогу эстеликтерге Ош шаарына жакын же Араван-Сай, Чийли-Сай, Сүрөттүү-Таш, Дулдул-Ата участкаларындагы петроглифтер кирет. Аталган жерлер Ош шаарынан 10–20 чакырымдык алыстыктарга жайгашкан. Аларда “давань аты” (Давань мамлекети биздин замандын алгачкы кылымдарында түзүлгөн), сибир-скифтик деп аталган стилде доңуз, бугу, кийиктер, канаттуулар жана музыкалык инструменттер чегилген. Дулдул-Атада байыркы көрүстөн бар, азыр ал мазар катары эсептелгендиктен сыйынып-табынуучулар барып, куран окуп турушат. Араван-Сайдагы петроглифте давань аты өтө кооз түшүрүлгөн. Бул топко кирген участкалардагы петроглифтер Байчечекей тобуна салыштырганда аз, Араван-Сай участкасында 40ка жакын. Калган участкадагылардын баары биригип буга жетпейт.

Үчүнчү топтогу Кыргызстанга гана эмес, дүйнөнүн көп жерине белгилүү бийик тоолор менен курчалган өрөөндөгү Саймалы-Таш‑1, Саймалы-Таш‑2 эстеликтериндеги петроглифтердин жалпы саны 100 миңден ашык экенин жогоруда айттык. Бул эстелик 1902-жылы табылган менен ушул мезгилге чейин толук изилденип, тактала элек. Петроглифтер биздин заманга чейинки III–II кылымдарга таандык деп эсептелинет. Андан бери нечендеген катуу жер титирөөлөр болгон, таштар ары-бери сүрүлгөн. Демек, эстеликтердин сезилерлик бөлүгү жер алдында же башка таштардын түбүндө калышы, өрөөндүн жылга-жыбыттарында изилдөөчүлөр көрө электери болушу да мүмкүн.

Өрөөндүн Саймалы-Таш деп аталганына караганда ал жергиликтүүлөргө байыртан эле белгилүү болгон. Бирок, ага маани беришкен эмес, анын тарыхый, илимий маани-мазмуну өткөн кылымдын экинчи жарымынан изилденип, үйрөнүлө баштаган. Ага жаңы тарыхыбызда Л. Жусупакматов, К. Ташбаева сыяктуу изилдөөчүлөр чоң салымдарын кошушту. Андагы айрым таштар өткөн кылымдын 60–70 жылдарында Бишкекке алынып келинип, азыркы Улуттук тарых музейине жайгаштырылган. Улуттук тарых музейдин 3-кабатындагы экспонаттардын басымдуу көпчүлүгүн тарыхыбыздын сырларына ачкыч боло турган таштар, темир жана чопо буюмдары түзөт. Аларды ата-мекенибиздин тарыхына кайдыгер карабаган ар бир адамдын көрүшү парыз.

Нарын районунун Оттук айылынын жашоочусу, ардагер Зарылбек Касымалиев деген адам менен сүйлөшкөнүбүздө, ал жаш кезинде айылдын айланасында бийиктиги 2 метрдей тике орнотулган балбал таштар көп болгонун, аларды жергиликтүүлөр “калмак таш” деп аташканын, бирок кийин алар бир жактарга ташылып кеткенин айтты. Мындай сөздөрдү Таластык, Ысык-Көлдүк айрым адамдардан да укканбыз. Билишибизче, андай таштардын пайдубал катары колдонулган учурлары да болгон экен. Мындан ары андай тарыхыбыздын сырларын каткан таштарга мекенчилдик мамиле болсо дейбиз.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share