Генерал Жумабек Асанкулов

Генерал Жумабек Асанкулов

БАШ СӨЗ ОРДУНА

Бул инсан өзгөчө совет доорунда жашап, ага замандаш болуп, аны көрүп калган мурунку муундун адамдары жакындан билген атактуу чекист, көрүнүктүү коомдук- саясый ишмер экени белгилүү. Кесиби боюнча да, генерал Жумабек Асанкулов жүз жылда бир жаралчу аскер адамы, кыраакы чалгынчы, мактоого татыктуу инсан экени талашсыз. Республикабыздын советтик доорунун тарыхый барактарында, Жумабек Асанкуловдун ысымы №1 чекист катары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып калды. Чынында эле генерал Асанкуловдун баскан жолу, өз эли үчүн өтөгөн өмүрү, кылган кызматы көзү тирүү кезинде эле легендага айланып, атагы таш жарган Жумабек Асанкулов жан дүйнөсүнүн эшигин көрүнгөн эле адамга ача бербеген, сыр-кери өзү өмүр бою иштеп кеткен КГБнын имаратындай бек жабылган суз, түнт, кем сөз адам болчу.

Биринчиден, генерал Асанкуловдун мага берген бул маектери жалпы окурмандарга али белгисиз. Генерал Асанкуловдун көзү тирүү кезинде, «Кыргыз руху» газетасында бул китептин кээ бир бөлүмдөрү жарык көрүп, окурман журтунун бүйүрүн кыйла кызыткан эле. Андан бери канчалаган жылдар өтүп, жаз, жай, күз, кайрадан кыш мезгилдери алмашылып, көктө учкан куштай өтүп кетти. Чынында КГБнын темир сандыктарында көп жылдардан бери катылып жатып, өңү эбак өчүп, кыйла саргара түшкөндөй бул китеп али окурмандарга купуя сырдуу, табышмактуу. Генерал Жумабек Асанкуловдун өмүрү башкаларга, өзгөчө совет доорун жомоктой көрүп, ата-энесинин оозунан гана угуп калган кийинки отуз жыл ичиндеги жаңы муундун балдар-кыздарына үлгү болчу өмүр деп айта кетким келет. Экинчиден, басып өткөн өмүрүн кийинки урпактар алдыда уялбай тургандай үлгүлүү жашап, коом алдында атын бир да жолу булгабай, акчага, байлыкка атын сатпай, артынан асмандын түнкү мухитиндей көкмөк мейкиндигинде түбөлүк чачылып жаткан Саманчынын жолундай таза из калтырып кете алды. Албетте, Жумабек Асанкулов бул жашоодо байлык топтоп, жыргатып дос-тууган деле күтпөдү. Болгону, бапестеп өстүргөн Ата Журтуна, калдайган кыргыз элине, акактай ак кызматын өтөп, белгилүү тарыхый инсан катары мезгилдин, тарыхтын барактарында кала берди десек болот. Үйүнө көп конок тоспой, өзү деле конокко көп барчу эмес экен. КГБнын ошол кездеги татаал системасы, аны ошондой бир калыпка салып койгон. Ал азыркы мезгилдеги кээ бир генералдардай мас болуп, аш-тойлордо шилекейи акканча шапар тээп, шарактап бийлеп жүргөн эмес. Өз элине өтөгөн жупуну көрүнгөн кызматы ошондой эле.

Генерал Асанкулов бүтүн Кыргызстанды алаканына салгандай билгени менен ал эми биздин муун, бизден кийинкилер ал адамдын ким экенин, кандай инсан болгонун али күнгө биле элекпиз. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» дегендей, генерал Асанкулов табышмактуу өмүр сүрүп, жеке жашоосу көпчүлүк үчүн сырдуу, чытырман токойдун ичиндей жабык бойдон калды. Чынында, Жумабек байке сырын жан адамга ачпаган, түнт адамдай көрүнгөн инсан болчу. Бул китепте өзүнчө легендага айланган генералдын көзү тирүүсүндө бир канча жылдар бою экөөбүз жолугушуп, чай үстүндө маектешип отуруп Жумабек байкенин өз оозунан кагаз бетине түшүрүп калган өмүрүнүн өтө урунттуу учурларынын негизинде жазылып алынган маектердин топтомун калың окурман журтунун назарына алгачкы ирет коюп жатам. Ошондой эле Жумабек Асанкуловду өз учурунда жакындан билген КГБнын кызматкерлеринин, ар кандай кызматтарда үзөңгүлөш болгон саясатчылардын, жакындан билген замандаштарынын маектери, алардын пикирлери кошулду. Бул китептин жазылып калышына «Кыргыз руху» гезитинин ошол кездеги баш редактору, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург Султан Раев себепкер эле. Ал мындайча болгон, аны да айта кетейин. Ал кезде мен Жумабек Асанкуловду жакындан билчү деле эмесмин. Ал эми менин генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов менен кантип таанышып, ушул китепти жазып калганым деле окурмандарга кызык болсо керек. Ошол көз ирмемге да токтоло кетүүнү туура көрдүм.

Кыргыз жергесинде, тоталитардык коммунисттик доордон аттап өтүп, Михаил Горбачев башында турган бизге тааныш эмес «Кайра куруу» мезгилиндеги демократиянын алгачкы желаргысынын жыты келе баштаган кез болчу. Өзгөчө, кыргыз жаштары оолугуп, ошол кезде жаңыдан гана демократ президент аталган Акаев, башка союздук республикалардай эски тоталитардык системаны бизге таңуулабай, жаңыча ой жүгүртүүнү, жаңыча көз караштагы демократиялык коомду куруунун алгачкы пайдубалын курабыз деп шымалана киришип, «постсоветтик» мамлекеттердин арасынан алгачкы карлыгачтардай эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндиги болуп, ошол багыт менен кетүүнү максат кылган кезибиз эле. Кыска мезгилдин ичинде эле коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу биздин Кыргызстан дүйнө жүзүнө «Демократиянын аралы» аталып калды. Ошол кезде жаңыдан гана жер жарып чыккан байчечекей гүлүндөй жарык көрүп баштаган жаңыдан гана тушоосу кесилген Басма сөз министрлигинин органы катары «Кыргыз руху» гезити жаңы гана түзүлүп, алгачкы үч саны жарыкка чыккан эле. Министр Абдыганы Эркебаев жаңыдан гана түзүлгөн гезиттин тушоосун кесип, журналистиканын ары татаал, ары сыймыктуу, даңктуу, азаптуу жолуна ак батасын берип, бизге ак жол каалаган учуру болчу. Ал кездеги басма сөз министрибиз, азыркы белгилүү коомдук саясый ишмер, илимпоз, академик Абдыганы Эркебаев «Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторлугуна Султан Раевди бекитти. Демократиянын желаргысын жаңы гана татып баштаган кыргыз окурмандары үчүн жаңы гезиттин ачылышын өзүнчө чоң окуя катары кабылдаганын баамдадык. Мына ошентип, жаңыдан түзүлгөн «Кыргыз руху» гезитинде катардагы сүрөтчү, кийин кабарчы болуп иштей баштадым. 1990-жылдын 14-августунда алгачкы саны чыгып, кийинки санына жарык көрүүчү макалаларды даярдап жаткан учурубузда, 19-августтагы ПУТЧ болгон төңкөрүштөн соң, «Москвада бийлик алмашылыптыр!» деп кабар угуп, өзгөчө журналисттер чөйрөсү дүрбөп жатып калдык. Анан бизге тааныш эмес, СССРдин түбүнө жеткен мамлекеттик төңкөрүш ГКЧП деген сөз чордону болду. Гезитке баш-отум менен кирип, менин журналисттик чыгармачылык жашоомдун жаңы барактары башталды. Башта мындайды көрбөгөн редакция кызматкерлери да, эски коммунисттик бийликтин саркындылары али толук кете элек кезде кыйын эле болду. Эмне кылышыбызды билбей, багыт алган жолубуз жок, калактарыбызды кайда шилтеп, демократиянын кайыгын алдыга айдап кете албай, башыбызды мыкчыган бойдон отуруп калдык. Кайда сүзүп кетерибизди билбейбиз… Башта мындай саясый окуя башыбыздан өтпөгөндүктөнбү, эмне кылышыбызды билбей, каккан казыктай ордубуздан жыла албай туруп калдык.

Анан эле ошол кезде республиканы бекем кармап турган «КГБнын төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов Москвадагы ГКЧП тарапта болуп, ошолорду колдоп чыгыптыр! Өлкө башчысы Аскар Акаев генерал Жумабек Асанкуловду кызматтан кетириптир… Аны эми камашабы, генералдын тагдыры эмне болот?» деген тири укмуш сөздөр бир заматтын ичинде шаар тургундары, карапайым элдин арасына чагылгандай тездик менен тарады. Ошол ПУТЧ менен утурлай эле Москвадагы мамлекеттик төңкөрүштү колдоп чыкты деп, президент Акаев КГБнын башчысы генерал Асанкуловду кызматтан алды. Ал кезде мен Жумабек байкени таанычу деле эмесмин. Бул окуяга кимдин канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенине, ошол учурдагы менин саясый дараметим, башым деле жетчү эмес. Кийин билсем, ПУТЧ деген шылтоо болуп, жаңыдан гана тизгинди колдоруна алгылары келген Акаевдин командасына, генерал Асанкуловду КГБнын жетекчилигинен кетирүүнүн ыңгайлуу амалы болгон экен. Кезегинде Асанкулов, өзү бийликке алып келген Акаев менен анын айланасындагылардын арамза амалынын курмандыгы болгондугун, кээде саясатчылар да айтып калышат. Табият берген тазалыгы менен генерал Асанкулов КГБнын башында турганда, коррупциялашкан жаңы бийлик башындагылардын арам ойлору иш жүзүнө ашмак эмес экен. Күндөр өтүп, саясый ызы- чуу бир аз убакыттан кийин басылгандай болду. Газетабыздын башкы редактору Султан Раев чогулушта журналисттерге тапшырма берип жатып: «Генерал Жумабек Асанкулов КГБнын башчылыгынан кетти. Ал көп нерсени билет, басып жүргөн энциклопедия, керек болсо өзүнчө эле «мамлекеттик тирүү архив» деп айтты. Силер жаңыдан гана кызматтан кеткен, КГБнын мурдагы башчысы, атактуу чекист, генерал Жумабек Асанкуловдон газетанын кийинки санына кенен маек албайсыңарбы? Генерал маек берсе, гезиттин да окурмандар арасында баркы кыйла өсөт… Асанкуловдон маек алууга аракет кылсаңар… » – деп чогулушта отурган журналисттерге кайрылып калды.

Отурган журналисттердин эч кимиси деле Асанкуловдон маек алгысы келбегендей түр көрсөтүшүп, редактордун суроосун жоопсуз калтырышты. Бирок эмнегедир, бул ойлорун баш редакторго ачык айтышпады. Ошол бойдон сөз да бүттү. Андан кийин деле арадан бир топ убакыт өтүп кетти. Редактордун летучкада айткан сөзүн ошол бойдон унутуп деле калдык. Султан Раев өзү деле Асанкулов туурасында кийин сөз кылып, журналисттерге кайрадан тапшырма берип кайрылган деле жок.

Кийин генерал Жумабек Асанкулов менен «Эркиндик» гүлбагынан капысынан жолугуп, ал: «Панфилов дивизиясынын штабына саат 9да келе бер» – деп маек берүүгө макулдугун берди. Алдын ала генерал Асанкуловго берилүүчү суроолорду редакцияда отуруп даярдап алдым. Мен болжошкон убакта Жумабек Асанкуловдун кабылдамасында аны күтүп отурдум. Генерал канчалык сүрдүү, олуттуу болсо да мен өзүмдү жоготуп койбостон, биздин гезитке кенен кылып маек алдым. Генерал Асанкуловдон маек алып келгенимди айтсам, редакторум Султан Раев ыраазы болуп, ал тургай сүйүнүп да кетти. Мен үчүн да мындай атактуу адамдан маек алуу өтө жооптуу иш болду. Алгач гезиттин ортоңку эки бети менен бир болуп, генерал Жумабек Асанкуловдон алган маек кийинки жумада жарыкка чыкты. Жумабек байкеден алган алгачкы маегим ошол болду. Ошол күндөн баштап, биз экөөбүз жакындан таанышып, тез-тез жолугуша баштадык. Советтик жаштардын баарысына таандык кыйын оор мезгилди Жумабек байке да башынан өткөргөнүн билдим. Асанкуловдун маектери «Кыргыз руху» гезитинин беттерине сандан-санга чыга баштады. Эсимде, ошол күндөрү генерал Жумабек Асанкулов өз маектерин окуп жаш баладай сүйүнгөнү көз алдымда турат. Кесибине байланыштуубу, андан да табиятынан өтө сак, өз ишине так адам болчу. Маек гезит бетине даяр болуп калган кезде, генерал «Волга» машинасын өзү айдап, редакциябыздын алдына токтотуп коюп имаратка кирчү. Мен отурган кабинетте, жаш кезинде Турдакун Усубалиевич редактор болуп отурган экен. Асанкулов коридор менен салмактуу басып, түз эле менин кабинетиме кирип келчү. Мен анын маеги чыга турган даяр беттерди алдына коюп, тынч отуруп окусун, ага тоскоол болбоюн деп сыртка чыгып кетчүмүн. Материалды бир сыйра өзү окуп чыгып, аягына «макулмун» деп кол коюп, күнүн, саатын жазып анан кетчү. Гезит чыккан күнү, «Эркиндик» гүлбагындагы үйүнө жакын гезит саткан күркөдөн биздин «Кыргыз руху» гезитибизди түшөрү менен сатып алып, окуп чыкчу экен. Мен жумушка келген кезде, мага телефон чалып: «Маегибиз жакшы чыгыптыр, ырахмат иним…» – деп койду. Республиканын Коопсуздук кызматын, өлкөдөгү тартипти бекем кармаган генералдын өз оозунан мактоо сөз угуш чынында мендей жаш журналист үчүн сыймык болчу. Генерал Асанкуловдун ар бир мүнөтү бош болчу эмес, мага убакыт таап, «… саат мынчада келе бер, бошмун!» – деп алдын ала бош убактысын айтып коёр эле. Биздин маек бүткөнчө генералга эч ким келчү эмес. Ошондой жолугушуулардан кийин биздин маектерди өзүнчө китеп кылуу идеясы пайда болду. Биз экөөбүз ошол таанышкан мезгилден тарта баш көтөрбөй катуу иштедик. Кийин биз экөөбүздүн ортобузду көрө албастар деп айтсам туура болбостур, бирөөлөр кыйла салкындатып салышкан учур да болду. Анын да өзүнчө себеби бар эле. Бир күнү эле генерал Асанкулов: «Мен китепти жазууну сага эмес, башка бир башы көрүнгөн Кыргыз эл жазуучусуна бермек болдум.

Ал эми сени эч ким тааныбайт деп жатышат…» – деп айтып, мени менен салкын учурашты. Генералга эмне болгон деп, ичимден ойлонуп калдым. Болгон күчүм менен ак дилимден Жумабек Асанкуловдун билгендери кыргыз элине жетсе экен деген жакшы ой менен күнү- түнү тынбай катуу иштеп жаткан мен үчүн жүрөгүмө катуу тийди. Ошондо үстүмө дарыянын муздак суусун куюп жибергендей, генералдын айткан сөзүнө ичиркене түштүм. Ачыгын айтсам, генералдын сөзүнө көңүлүм ооруп, кирдей түштү. Ушунча мезгил күндүзү редакциянын жумушун аткарып, түнү чырактын жарыгында көздүн майын кетирип генерал Асанкуловдун диктофонго айтып бергендерин кагазга көчүрүп, машинкага басып, корректурасын окуп, аны кайрадан көркөмдөп оңдоп-түзөп дегендей жазып чыксам, эмгекти баалабаганы бул кандай деп, генералга жиним келди. Генералдын эшигин унчукпай жаптым да, ага барбай турган болуп: «… эмгектин кадырына жетпеген адам экен!» – деп ошол бойдон ага барууга өзүмө чекит койдум. Бир күнү, Айбек Мамытов деген жардамчысы келип: «… генерал Жумабек Асанкулович сиздеги кол жазмаларды алып кетүүгө мени жөнөттү. Баарын алып кел!» -деди. Менин сейфимде катылып турган Жумабек Асанкуловичке байланыштуу калың папканын ичиндеги кагаздардын баарысын лейтенант Айбек Мамытовдун колуна карматтым. Ал кол жазмалардын мага кереги деле жок болчу. Жумабек Асанкулович, мендеги кол жазмаларды алууга неге мынча шашты, мен анчейин деле түшүнбөдүм. Балким, уруксаты жок чыгарып жиберет деп корктубу билбейм. Өзү да кесибине байланыштуу өтө сак киши эмес беле. «Мени менен иштешкиси келбесе, бул кагаздардын мага эмне кереги бар эле!» – дедим. Ал кезде жашмын, кан кызуу кез болчу. «Мага окшоп, кайсыл журналист генерал Жумабек Асанкуловго бекер иштеп бермек эле» – деп өзүмчө сүйлөнүп да алдым. Кайрадан өзүмдүн журналисттик кесибиме, чыгармачылыгыма өттүм. Көпкө чейин генерал да мага телефон чалган жок. Мен да аны менен телефон чалып кабарлашпадым. Арадан бир канча ай өткөн соң гана, мен редактордун тапшырмасы менен бирөөдөн маек алганы кеткен кезимде, Жумабек Асанкулов редакцияга келип, мени кабинетимен таппай убара болуп күтүп анан кетиптир. Султан Раев: «Бекен дос, генерал атаң сени издеп: «Назаралиев кайда?» – деп сурап келип кетти», – деп калды. Мени жумуштан таппай, адресим боюнча, Ала-Тоо жаңы конушуна генерал Асанкулов аялы Соня эжени машинасына салып алып, үйүмө чейин барып келишиптир. Эртеси таң атпай генерал жумушума келди. Экөөбүз учурашкан соң: «Бекен иним, сени издеп редакцияңа, анан үйүңө чейин барып келдим. Ден соолугуң жакшыбы? Китепти жазууну кайра уланталы. Тиги Кыргыз эл жазуучуларынын колдору бошой турган эмес. Быйыл баштай турган ниеттери жоктой. Сенден кызганып айтып коюшса керек. Баштадыкпы?» – деди кыска гана. Ушундай болуп калды деп актанган да жок. Мен кийин билсем, ал жазуучулар Төлөгөн Касымбеков менен Асанбек Стамов болуп чыгышты. Сакалдуу башы менен генерал Асанкулов алдыма өзү келип жатса, мен ага жок дей албадым. Ошентип салкын учурашсак да китепти жазууну кайрадан уланта баштадык. Жумабек Асанкулов өтө кыраакы адам эле. Көп жылдык бай тажрыйбасында башынан өткөргөн кайталангыс күндөрүн элине калтырышы керек экенин өзү да убагында туура түшүнгөн окшойт. Мен үчүн түйшүктүү жумуш кайрадан башталды. Бул китептин жарыкка чыгышын Жумабек Асанкулов аябай күткөн болчу. «Экөөбүздүн эмгегибиз жарык көрүп калса, менин бул жашоодо бекер жашабаганыма эл да күбө болмок деп айтканыма туура болот. Айта турган сөз көп…» – деп борсулдап күлүп айтып калчу. Эң өкүнүчтүүсү, көзү тирүү кезинде бул китепти көрбөй калды. «Москвада жашап жаткан уулум же күйөө баламдан китептин чыгышына өзүм акча таап берем… Ал жагын башыңды оорутуп ойлонбо…» – деп бир ирет айткан, кийин унчукпай калды. Мен да өз тааныштарымдан китепке деп акча сурап көрдүм. Ал кезде Асанкулов айткандай мени ким таанымак. Арасында: «Ушунча жыл КГБны башкарган Асанкуловдо акча жок бекен? Басып койсо керек…» дегендер да болду. Бул киши башкаларчылап мамлекетти тоноп дүнүйө топтободу. Мен билгенден, ден соолугу начарлап жардамга муктаж болуп турган маалында да Ак үй, Көк үйдүн эшигин каккылап акча сурабады. Чыныгы офицердей кыйынчылыкка моюн бербей каршы турду, өзүнө гана таянды. Ал тургай, ушунча ак эмгегин өтөгөн өзүнүн «конторасынан» (КГБдан) да жардамга акча сурабады. Эки ирет өзү башкарган КГБнын жетекчилиги да анын ден соолугун, абалын сурап үйүнөн кабар алышкан жок. Москвада окуткан чет өлкөлүк студенттери берген кымбат баалуу белекке келген буюмдарын болбогон акчага сатып, ошого дары-дармек алып жүргөнүн да уктум. Биз сөз кылып жаткан китептин кээ бир бөлүмдөрү «Кыргыз руху» гезитинин беттеринде сандан-санга жарык көргөндө, генерал Асанкуловдун жаш баладай сүйүнгөнү көз алдымдан кетпейт. Ошол күндөн баштап ага-инилик жылуу мамилебиз баштагыдан да жакшы болуп, жакындашып кеттик. «Кыргыз руху» гезити мени атактуу генерал Асанкулов менен тааныштырды. Ошол «Кыргыз руху» гезити беш жылдыгын белгилегенде Жумабек Асанкулов: «Бекен иним, мен КГБнын генералы болсом, сен бүгүн кыргыз журналистикасынын генералы болдуң!» – деп колундагы «командирский» алтын саатын чечип берген эле. Генерал Асанкулов кызматтан эчак кетсе да андан сүрдөп турушчу.

Буга бир мисал, кийин мен «Кыргыз руху» гезитинин редакциясынан (Абдымомунов көчөсү- 193) кетип, «Жаңы Ордо» гезити Үсөн Сыдыковдун (Киев көчөсүндөгү) «Дан азыктын» имаратында отурчубуз. Бир күнү мага маек бергени редакцияга генерал Жумабек Асанкулов келип калды. Экөөбүз кызуу сүйлөшүп жатканда, редакциянын эшиги ачылып, Үсөн Сыдыков кирип келип: «Бекен, өзүңдө барсыңбы?» – деп үн салып калды. Күлүп- жайнап редакциябызга кирип келген Үсөн Сыдыков, генерал Асанкуловду көрүп, мени менен отурганын күткөн эмеспи, бир көз ирмемге ордуна катып туруп калды. Мен шашыла: «…Бармын» – деп ордумдан туруп Үсөн аке менен учураштым. Анан гана генерал экөө баш ийкеше саламдашып, Үсөн Сыдыков редакциядан чыгып кетти. Мен Асанкулов менен көпкө чейин маектештим. Жумабек байке маекти берип бүткөн соң, мени менен коштошо «Волгасына» отуруп үйүнө кетти. Кол жазмалар менен иштеп отурсам, Үсөн Сыдыковдун кабылдамасында отурган секретаршасы келип: «…сизди шеф чакырып жатат!» – деди. Мен Үсөн Сыдыковдун кабинетине барсам, кабагы бүркөлүп, маңдайы бүктөлүп өзү жалгыз отурган экен. Секретаршасы экөөбүзгө чай көтөрүп кирди. Экөөбүз отуруп, сүйлөшкөнчө чай ичтик. Бир убакта Үсөн аке: «Тиги генерал Асанкулов сага эмнеге келиптир? Эмне, аны менен байланышың барбы?» – деп калды. «Гезитке Асанкуловдон маек алдым эле. Журналист катары гана байланышым бар…» – дедим. Үсөн Сыдыков: «Мен жөнүндө маалымат сураган жокпу?» «Жок! Өзү боюнча гана берген суроолорума жооп берди. Сиз тууралуу сөз деле кылган жок. Болду ушул эле…» – дедим. «Мен тууралуу маалымат алганы сага келген экен деп ойлоп кеттим эле…» – деп маңдайы жазыла түштү. Бу, Жумабек Асанкулов КГБнын жетектеп турганда далай чоңдордун «жүрөгүнүн сары суусун» алып койгонбу деген ойго кеттим. Эч кимден коркпогон, көк жал Үсөн аке менен генерал Асанкуловдун тиктеше калган ошол көз ирмеми, азыр да көз алдымда турат. Үсөн Сыдыков да оңой адам эмес да. Жумабек Асанкулов жаштык курагын, керек болсо бүт өмүрүн элибизге арнап, ал эми мамлекетти сүйөө билүүнүн, ага ак кызмат кылуунун символу катары менин жүрөгүмдө калды.

Генерал Асанкулов экөөбүз бир топ мезгилге чейин, ал Москвага жөнөп кеткен учурга жакын да аңгемелешүүнү тынбай уланттык. Ал күндөрү биз экөөбүз жемиштүү иштеп алдык десем да болот. Ооруп жүргөнүн жан адамга айтчу эмес. Кийинки мезгилде ден соолугу начарлап, Москвага дарыланууга кетүүгө аргасыз болду окшойт. Угушума караганда Россиянын ФСБсынын жетекчилиги, генерал Асанкуловдун СССР КГБсынын алдында сиңирген эмгегин жогору баалап, дарыланганга жардам бериптир. Анын каражаттан кыйналып жүргөнүн Улан Орозалиев деген генералдын жакын санаалаш иниси мага айтып берген эле. Жумабек Асанкулов кыйналганына карабай президент Акаев же Ак үйдөгү башка атка минерлердин биринин дагы эшигин каккылап жардам сурабай, башын бийик көтөрүп чыныгы генералдай калбаат жүрдү.

2007-жылдын 20-апрелинде генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун узакка созулган катуу оорудан Москва шаарында каза болуп, акка моюн сунганы боюнча суук кабарды үйдө отуруп уктум. Жумабек байкенин каза болгонун телевизордон укканымда жүрөгүм кысылып, көзүмдүн кычыгынан жылуу жаш чыгып, жаман болдум. Ошондо гана мен терең урматтап сыйлаган эң жакын адамымдан ажыраганымды сездим. Жок дегенде, ушунча жыл экөөбүз эмгектенип жазган китепти колуна кармап, бул жашоодон кетсе да не арман деп өкүнүп кала бердим. Зыңкыйып жүргөнүнөн ал киши дагы көп жылдар бою өлбөчүдөй көрүнчү. Көп тарыхый окуяларды өзү менен кошо алып кеткенине ичим тыз этип ачышты. Генерал Асанкулов бул жарык дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин үч күндөн соң, 2007-жылдын 23-апрелинде Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин да каза болду. Бир кездеги туңгуч президентибиз Аскар Акаев, өзүн бийликке алып келген Жумабек Асанкуловго топурак салганы бардыбы, анысын билбейм… Бирок Борис Ельцин менен коштошууга, ага топурак салууга катышканын Россиянын телеканалдары көрсөтүп жатты. Аскар Акаев деле генерал Асанкуловду кеч түшүндү окшойт.

Мен былтыркы жылы Акаевдин үйүндө маек алып отурганымда: «… генерал Асанкулов КГБдан кеткенден кийин анын деңгээлиндеги профессионал жетекчи Коопсуздук кызматынын башына келбеди. Бирөөлөрдүн тилине кирип, Жумабек Асанкуловичти КГБнын жетекчилигинин башынан кетирип алганыма кийин өкүнүп да жүрдүм. Менин жанымда генерал Асанкулов болгондо, 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш да болбойт эле. Албетте өкүнүчтүү…» – деп өкүнүү менен айткан эле.

Атаганат, оомалуу-төкмөлүү дүнүйө деген ушу да. Канткен күндө да Акаевди Крючков менен Асанкулов биригип бийлик пирамидасынын башына алып келишкендери талашсыз болчу. Бүгүн экөө тең катарда жок. Генерал Асанкуловдун баласы Марат менен кызы Лариса Москва шаарында жашагандыктанбы, же анын өзүнүн өлөр алдында айткан керээзиби билбейм, ошентип, өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстан деп жүрөгү соккон генерал Асанкуловдун сөөгү бөтөн жердин топурагына, ошол орус жергеси жакка коюлду. Өзү менен кошо бир кылымга тете тарыхты, топурак астына алып кете берди… Бул да өзүнчө чоң өкүнүч. Көзү тирүү кезинде экөөбүз маектешип баратып эле: «Бекен иним, мен сага көп нерсени айта албай жатам… Ден соолук дагы начарлап баратат, жакында Москвага барып дарыланып келейин. Ден соолукту чыңдап келген соң, экөөбүз кайрадан болгон күчүбүздү топтоп китепти бүтүрүүгө жумшайбыз. Китеп типографиядан чыкканда, китептин тушоосун кесип, бет ачарын кылабыз. Каражатын да өзүм таап берем…» – деп айткан жайы бар эле. «Жумабек Асанкулович, сиз ант берип, ак кызмат өтөгөн Советтер Союзу деген улуу державанын өзү бүгүн жок болуп кетти, сыр жашырбай айта бербейсизби? Кийинки муундагыларга өзүңүз билген чындыкты айтып кетишиңиз керек. Мен жазып коёюн. Айткандарыңыз кагаз бетинде кала берет. Сааты чыгып, учуру келсе толук чыгарабыз… Сиздин берген антыңызды эми ким сурамак эле? Сиз кызмат кылган, өмүрүңүздүн жарымынан көбүн арнаган Советтер Союзу деген улуу держава кыйрап калды го!» – деп айткан болчумун. Ошондо да генерал көгөрүп, көп жылдар бою макул болбой койгон.

Жумабек Асанкулов мамлекеттик көп сырларды өзү менен кошо топурак астына алып кеткенине азыр да генералды эстегенде өкүнүп кетем. Атактуу генералыбыздын сөөгү бөтөн жерде, бөтөн топурак астында калганына ичим ачышып, зээним кейип кетет. Эл урматтап сыйлаган генералыбызды өз Мекенинде, атактуу адамдарыбыздын сөөктөрү коюлган Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилсе гана атаганат. Жумабек байкеге топурак сала албай калганыма кыйла өкүндүм. Асанкулов каза болгон соң, мен китепти улай албай, көп мезгилге чейин жазгандарымды барактай албай токтотуп салууга туура келди. Биринчиден, китепти чыгарганга журналистте ашыкча кайсы акча болмок эле? Чынында, өзүмдө китеп чыгарууга ашыкча каражатым, шартым да жок эле. Эми китепти даярдап коюп, типографияга төлөнө турган акчаны, кайдан табам деп кыжаалат болдум. Өзүм болсо, айлыктан-айлыкка тишибиздин кирин соруп жашаган журналист болсом. Генерал Асанкулов каза болгон соң, бу китепти токтогон жеринен кайрадан жазуу, улантуу маселеси да калтек жиптей тык үзүлүп токтоду. Ар бир нерсенин өз сааты, өз ырыскысы болот дегенге ынанып калдым…

Мындан бир жыл мурунбу, мени Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, генерал- лейтенант Камчыбек Ташиев резиденцияда жашаган үйүнө ооз ачарга чакырып калды. Ал жерде республикабыздын экс Президенти Сооронбай Жээнбеков аялы менен, ошондой эле ЖКнын мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков, азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, «Майдан» гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркуловдор болуп чогуу отурдук. Мен сөз арасында ыңгайлуу учурдан пайдаланып, бир кездеги КГБнын жетекчиси, көзү тирүү кезинде легендага айланган генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов туурасында кеп козгоп, генерал тууралуу китебим эбак эле даяр экенин айттым. Камчыбек иним сөз арасында: «…Бекен аке, генерал Жумабек Асанкулов чындыгында тирүү кезинде эле легендага айланган инсан. Асанкуловдун китебине канча каражат кетерин, типографияга кетүүчү чыгымдын баарын өзүм көтөрүп, элибизге таберик болчу бул китепти жарыкка чыгарып берем! Баскан-турганы, иштегени, жашоосу өзүнчө эле легендага айланган, кийинки муундагыларга тарбиялык мааниси чоң генерал Асанкуловдун китебин сөзсүз чыгарабыз. Каражат жагын эч ойлонбой, китепти бүтүрө бериңиз. Кудай буйруса, өзүм чыгарып берем…» – деп сөз берип калды. Чындыгында, Камчыбек инимдин жүрөк жылыткан ушул сөзү мага күч-кубат берип, генерал Асанкулов туурасындагы китепти кайрадан иштеп, акыркы чекитин коюп бүтүрүүгө чейин шык берди. Камчыбек инимдин сөзүнөн кийин мен үчүн ийненин көзүндөй болгон жылчыктан үмүттүн шооласы көрүнгөндөй болду. УКМКнын азыркы жетекчиси, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев бир топ жылдардан бери токтоп турган китепти чыгарууга мага үмүт байлатып, күчүмө-күч, кайратыма-кайрат, жаңы дем берди. Ошол күндөн жаңы күч менен китептин үстүнөн иштөөнү кайрадан уладым. Москвага учуп барып, генерал Жумабек Асанкуловдун үйүндө болдум. Бир кезде СССРдин КГБсынын төрагасы, кийин Советтер Союзун башкарган Юрий Андропов алдырып берген куттуу үйүндө отуруп, генерал Асанкуловдун баласы Марат байкеден маек алдым. Марат байке, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов жашаган үйүн бир сыйра көргөзүп чыкты. Ушундай атагы менен генерал Асанкулов жупуну эле жашаганын көрдүм. Эртеси күнү Кыргызстандын тунгуч Президенти Аскар Акаевдин МГУдагы үйүндө болуп, жайылган дасторкон үстүндө отуруп легендарлуу чалгынчы, замандашы, атактуу чекист генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов тууралуу башта айтпаган кызыктуу, мен билбеген таасирлүү окуяларды айтып, агынан жарылып кенен маек куруп берди. Мен ушул маектерди өз убагында алып калганыма аябай кубандым…

Урматтуу менин сүйүктүү окурманым! «Генерал Асанкулов» аттуу өтө таберик китепти сиздердин сыныңыздарга коюп отурам. Жумабек Асанкулов менен жүзмө-жүз отуруп сүйлөшкөн маектери, ошондой эле замандаштарынын, өзү менен иштеген үзөңгүлөш кесиптештеринин генерал Асанкулов туурасында айткан ойлору, эскерүүлөрү, пикирлери да эки томдук китепке киргизилди.

Сиздердин колуңуздарга, генерал Жумабек Асанкуловдун жаркын элесине арналып, маңдай теримди төгүп жазган көп жылдык эмгегимдин үзүрү кайтты деп билем. Анткени генерал Жумабек Асанкулов кыргыз тарыхында көрүнүктүү, таасирлүү, салмактуу, белсемдүү өз орду бар, өмүрү, баскан жолу көзү тирүү кезинде эле легендага айланган улуу инсан. Анын кыргыз элине, мамлекетибизге жасаган эмгеги зор. Жумабек Асанкулов чалгынчы, атактуу чекист, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер экени талашсыз. Азыркы күндө Кыргызстанда генералдар жамгырдан кийинки козу карындай жайнайт. Бирок элине жасаган эмгегинин, кылган кызматы жогору турган генерал Асанкуловдой көзү тирүү кезинде эле легендага айланган кыраакы чекист азырынча жок. Асанкулов жеткен бийиктикке азырынча эч кимиси жете элек. Жумабек Асанкулов табиятынан чыныгы генерал экени бул чындык. Китеп эбак эле даяр болгону менен каражаттын жоктугунан ушул күнгө чейин жарыкка чыкпай келди. Чындыгында, үмүтүм деле үзүлүп калган болчу. Ушул китептин жарыкка чыгышына демөөрчүлүк кылып, материалдык чоң жардам көрсөтүп жатканы үчүн Улуттук Коопсуздук кызматынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер Камчыбек Кыдыршаевичке чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазылык сөзүмдү айтуу менен, ага чың ден соолук, чекисттик ишинде албан ийгиликтерди каалап кетем.

Азыр Камчыбек Ташиев отурган УКМКнын имаратын да, өз убагында генерал Жумабек Асанкулов Москвага чуркап жүрүп, кадырын салып отуруп салдырганын КГБнын ардактуу ветерандары кеп кылып айтып калышат. «Көрсө, ар бир нерсенин өзүнүн жарык көрө турган убактысы, сааты болот тура. Сааты эми чыкты окшойт. Бейиши болгур, генерал Асанкулов ушул китептин чыгышын жаш баладай чыдамсыздык менен күткөн болчу. Китепке кол тамгасын берип, калдайган карааны менен арабызда турса кана. Аттиң, китептин типографиядан чыкканын өз көзү менен көрүп, колуна алып барактап бир көрсө болот эле деп мен да арманда калам. Арман эмей эмне… Бирок ошол бакытты окурман журтуна буйруптур, ошонусуна да Кудайга шүгүр дейли… Жаңыдан гана «Турар» басмасынан жарык көрүп, эл сынына чыгып жаткан «Генерал Асанкулов» китебинин эки томдугу, бул биздин замандашыбыз, улуу инсан, КГБнын генерал-лейтенанты Жумабек Асанкуловдун экинчи өмүрүнүн башталышы деп билем…

Бекен НАЗАРАЛИЕВ, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

Генерал Асанкулов менен болгон алгачкы жолугушуу

Мен, көзү тирүү кезинде эле легендага айланган КГБнын генерал-лейтенанты Жумабек Асанкулов менен Эркиндик бульварында капысынан тааныштым.

Чындыгында экөөбүздүн таанышканыбыз деле өзүнчө кызык болду. Ошол кезде, союз кыйрап эмнегедир шаардын дүкөндөрүндө нан тансык болуп, кечке чейин сатууда калбай калчу. Башкы редактордун орун басары, Мамат Сабыров экөөбүз колубуз бошой калганда эле дүкөндөрдөн нан издеп жөнөйбүз. Нан саткан дүкөндүн табылышы да оңой эмес. Дүкөндөн чыгып келе жатып, жолдун аркы бетинде, Эркиндик гүлбагынын четиндеги тротуар менен зыңкыйган бойдон жөө басып келаткан Жумабек Асанкуловду көрүп калдым. Аны башта теледен, сүрөттөрү басылган гезит беттеринен гана көрүп калчумун. Ошолбу же башкабы дегендей “Мамат, тиги генерал Асанкуловбу?” дедим. Мамат досум генералды жакшы тааныйт окшойт, “Ооба, генерал Асанкулов… ” деди кыска гана. “Султан ошол кишиден маек алгыла деп айткан эле. Жүр, генерал менен жакындан таанышып, сүйлөшөбүз. Балким, бизге маек берүүгө макулдугун берип калар…” дедим. Мамат эмнегедир генерал Асанкулов менен таанышканга көңүлү даабагандай болду. Анан мен колумдагы нан салынган тор баштыкты Маматтын колуна кармата коюп, генералдын алдынан тосуп чыктым да:

— Жумабек Асанкулович, саламатсызбы? — ​дедим.

Ал кишинин бою узун эмеспи, бир аз эңкейип:

— Сен кимсиң? — ​деп мени суроолуу тиктеп калды.

— Мен “Кыргыз Руху” гезитинде кабарчы болуп иштеймин. Аты жөнүм Назаралиев Бекен, сизден кенен маек алсам деген оюм бар. Каршы болбойсузбу…

Ал мени башыман баштап бутума чейин бир сыйра карап алды да:

— Жазгандарыңды окуп жүрөм, азыр бош эмесмин, эртең суроолоруңду жазып алып Панфилов дивизиясынын штабына кел! Мен саат тогузда, ошол жерде сени күтөмүн, — ​деди да Эркиндик бульвары менен жогору басып кетти.

Алгач, генерал Асанкулов менен мына ошентип көчөдөн таанышканмын. Эртеси күнү мен Токтогул көчөсү менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Панфилов дивизиясынын имаратына болжошкон убакытта бардым. Ал айткан убактан он беш мүнөттөй эрте бардым. Темир дарбазада турган нөөмөтчү солдатка айтып койгон экен, мени генерал Жумабек Асанкуловдун иш бөлмөсүнө алып барды. Панфилов дивизиясынын штабы…

Анткени, аскер адамдары убакытка өтө так келише турганын башта эле билчүмүн. Күтүп турганымда генерал Асанкулов көрүп:

— Сен өтө так жүрөт экенсиң, бул кыргыздар үчүн өтө сейрек, бирок жакшы сапат. Кабинетке кир… – деди.

Экөөбүз, кабинетине кирип отурдук. Генерал жардамчысы алып келген кагаздарына көз жүгүртүп, анан керектүү кагаздарга кол коюп берип жатты. Качан гана колу бошогондо мага карап:

— Бере турган суроолоруңду четинен бере бер? Мен бошодум, — ​деди.

Мен генералга берилүүчү суроолорумду жазып койгон кагазымды алып, суроолорду узатып баштадым. Биздин кийин көп жылдарга созулган, баарлашууларыбыз ал күнү ошентип башталды. Жумабек байкенин адамды өзүнө тартып турган касиети, белгисиз күчү бар экенин байкадым. Ошол күчкө, касиетке тартылып отуруп маектен маектер уланып, ушул эмгек жаралды.

 

КЕПЕР-АРЫКТА КАЛГАН БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

— Жумабек Асанкулович, сиздин басып өткөн жолуңуз, жашооңуз өзүнчө эле легендага айланган өмүр десек да болот. Коопсуздук кызматында, катардагы кызматкерден баштап, Орто Азия республикаларынын ичиндеги жергиликтүү калктардын арасынан алгачкылардан болуп генералдык чинди алган адамсыз. Мен билгенден, сиздин жаштыгыңыз деле майкөл-сүткөл, телегейиңиз тегиз болбоптур. Сиз, адам баласы өз мээнети, өз маңдай тери менен гана ушундай бийиктикке, ийгиликтерге жетише ала турганын далилдеген белгилүү инсансыз. Балким, сиз менен болгон бул маектердин кийинки муунга үлгү боло турган жактары бардыр. Сүйлөшкөнчө отуруп, алгач сиздин балалык кезиңиз туурасында кеп кылсак, балким окурмандарга да кызыктуу, үлгүлүү жактары болсо керек. Жумабек байке, сөзүбүздү сиздин алтын балалык кезиңизден баштасак деген оюм бар. Балалык кезиңиз кандай мезгилге туш келди?

— Дурус болот. Мен Кыргызстандан алыс, кызматыма байланыштуу Москва шаарында көптөгөн жылдар бою, ошол жакта жашап калдым. Анда да атайын тапшырма менен чет өлкөлөрдө командировкаларга көп чыктым. Ошондуктанбы, мен өзүм өскөн Кепер-Арык айылыма аз каттадым. Четте көп жүрүп, өз айылыма бөтөн да болуп калдым окшойт. Кайда жүрсөм да киндик каным калган туулган жерим, Кепер-Арыкты кооздугу көз алдымдан кетчү эмес. Өз айылымды көргүм келип, кадимкидей сагынчумун. Туулган жердин топурагы алтын деген сөз да ошондон калган го. Жашымдан айылдан кетип, мамлекеттик жумуш деп жүрүп, чачымды ак аралаган кезде айылыма бардым. Баары өзгөрүптүр…

Менин деле жашым улуулап калган соң, артка бир кылчая карап дегендей көптөн бери бир китеп жазууну ойлонуп, кыялданып, ошол боюнча толгонуп жүрдүм эле. Анткени, жашым да келип, эмне үчүн жашаганымды, элим үчүн эмне кызмат кылдым, эмнени жасаганга үлгүрдүм деп өзүмдү-өзүм мезгилдин таразасына сала турган учур келди көрүнөт. Чынында, балалык кезим эң кыйын мезгилге туш келди. Ал деген, бардык советтик балдардын тагдырына туш келген, өтө оор учур болгон. Ага деле көп өкүнбөйм, анткени мезгил ошондой эле. Тагдырыбызга ошол оор күндөрдү жазган экен, биз советтик жаштар көрдүк. Мен курактуу балдардын баарысы оор күндөрдү баштарынан өткөрүштү. Кан күйгөн согуш, ачарчылык, курсагыбыз нанга тойбогон оор мезгил, биздин балалык ойноок, күлгүн курагыбызды уурдап алгандыктанбы, турмуштун оош-кыйышын эрте түшүнүп, эрте бой жеттик. Жаш бала болсок да, адам катары тез калыптандык, турмуштан сабак алдык деп айтсам да жарашат. Ошол апаат күндөр мени чыйралтып, жашоого башкача көз караш менен карап чоңойдум, жетилдим деп айтсам да болот. Андан да атам согушка кеткен мезгил эле. Апам экөөбүз үйдө жалгыз калдык. Анткени, биздин үйдөгү жалгыз бала мен болчумун. Менин бир тууган агам, эжем да жок, жалгызмын. Бирок, менин атам менен апам жалгыз бала болсом да мени эркелетип чоңойтушкан жок. Атам атчандар полкунда кызмат өтөөчү. Аскерде темирдей тартип болгондуктанбы, атам ушул Чүйдө кызмат өтөгөнү менен үйгө суранып келе алган жок. Бир күнү апам мени өзүнө чакырып, «… атаң кызмат өтөп жаткан жерге барып кел!» деп айылдын четине чейин узатып коюп, өзү талаага колхоздун жумушуна кетти. Мен ошондо, алгач ирет айылдан алыс, жалгыз өзүм кетип жатканым болчу. Башта, Кепер-Арыктан алыс, эч бир жакка чыккан жан эмесмин. Ошондо апам деле, мени каадалуу адамдай кылып, үйдөн чыкпаган баласын алыска кантип жөнөткөнүнө азыр таң калып, кээде ойлонуп да каламын.

Ал кезде машина дегенди көрбөйсүң, поездге түшүү андан да кыйын. Күнү-түнү күшүлдөп, оор жүк ташыган эшелондор, баш этеги көрүнбөгөн составдарын сүйрөп темир жолду солкулдата, чыгыштан-батышты, батыштан-чыгышты көздөй жүк ташып шарактайт… Поезддер Сары-Өзөн Чүйдүн талааларын тең экиге жара бөлүп, өзүнүн кулак тундурган ачуу үнү менен айлананы жаңырта өтөт дейсиң, тимеле анын ачуу үнүнөн кулак тунуп калат. Чиркешкен эшелондордун арасынан, жүргүнчүлөрдү ташыган бир-эки вагонду көрүп калабыз. Алар да бош эмес, согуш талаасынан жарадар болгон жоокерлерди Фрунзе шаарынын ооруканаларына алып келишсе, ал эми бул жактан согушка кетип бараткан солдаттарды же фронтко керектүү жүктөрдү ташып баратканын көрөбүз. Поезддер да мурунку жүргөн убактысы менен каттабай калды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп эл катары эле жөө баса бергенди туура көрдүм. Чоң жолдун эки жагында, мага окшоп жөө-жалаңдап бараткан адамдар. Куржундарынын эки көзүн далыга таштап коюшуп, карыган абышкалар, жаш балдары менен аялдар кетип баратышат. Менин көтөргөнүм он кило талкан, жүгөрү май, дагы кичине куурдак салынган баштыгым бар. «Атаң үйдүн тамагын сагынса керек, даамын татсын!» деп апам баштыкка салып берген. Анда-санда гана, жолдон ары-бери полуторка машиналар жолдун чаңын асманга сапырып, жаныбыздан шаарды көздөй өтүп калышат. Алыс жолдо чарчап-чаалыккан адамдар кол көтөргөнү менен шопурлар токточу да эмес. Алар да бош эмес. Брезент чатыр менен үстү жабылган машиналар фронтко бир нерселерди ташып бара жатат го деп коем өзүмчө. Өмүрүмдө мынчалык алыс жолго чыкпаган мен, аябай чарчадым. Жөө-жалаң басып келе жаткан көпчүлүк адамдар менен чогуу, акырын басып келе бердим. Чарчадым деп кимге доомат кылмак элем. Бардык эле адамдар мендей эле жөө келатышкан болчу. Кечки беш-алты болуп калганда Фрунзе шаарына кирип келдим.

— Буга чейин, үйүңүздөн, айылдан алыс чыгып Фрунзе шаарына барып келген белеңиз?

— Жок. Кайдан барып келмек элем. Ошондо, Фрунзе шаарына жетиш мен үчүн ушунчалык алыс көрүнгөн болчу. Азыр болсо, машина менен жарым сааттык жол экен. Буга чейин Фрунзе шаарына бир да жолу келип-кеткен эмес элем. Кашайып тааныштарым, туугандарыбыз да Фрунзе шаарында жок экен. Жанагы Фучик паркына жакын эт комбинатынын тушунда келатам. Айылдан чыгып көрбөгөн мендей бала үчүн шаар аябагандай кооз болуп көрүндү. Түптүз отургузулган дарактарды, суу толо аккан бетон арыктарды көрүп бир чети таң кала, экинчиден суктана карайм. Анткени, кыштактын бак-дарактары мындай түз өспөйт эмеспи. Атайын ушундай отургузулганына, ошондо башым деле жетпептир. Чынында, алгач ирет Фрунзе шаары мага абдан катуу таасир эткен эле. Шаарда орустар көп экенин байкадым. Мынча орус кайдан келген деп коем өзүмчө. Орусча кыйратып билбейм.

Менин айылдан келаткан түрүмдү көрүп, бир кыргыз киши токтотуп кайдан келе жатканымды сурады. Айылдан келе жатканымды, Кант районундагы Дмитриевка айылында аскерде кызмат өтөп жаткан атама баратканымды айттым.

«…Түнөй турган жериң барбы?» деп сурады. Шаарда турган тааныштарым менен туугандарым деле жок экендигин, тиги кишиден жашырбадым. Ал өзү да батирде турарын айтты. «Сен азыр ушул көчө менен түз бара берсең, жылкы базардан чыгасың. Ошол жерге кыргыздар көп келишет. Алыстан келе жатканыңды айтсаң, ошолор менен бир күнгө кошулуп түнөп аласың. Эми жети түндө кайда барып жатмак элең, ошондой кыл балам…» деп өзүнүн кеңешин берди. Анан ошол жылкы базарды издей баштадым. Жылкынын тезеги да көрүнбөйт. Күн болсо кечтеп, шаар ичи караңгылап кетип баратат. Буга чейин үйдөн алыс чыккан жан эмес элем деп айттым го. Түнү коркчуудаймын. Фрунзе шаарын билбеген соң, жанагы киши айткандай болжоп туруп, башаламан кете бердим. Орустар эмес кыргыздардан сурагандан уялам. Чынында айылда өскөн балдар, шаардыктарга караганда кыйла эле тартынчаак, ишенчээк келишет эмеспи. Тааныбаган эле адамдардан сурагандан тартындым… Кете бердим…

— Кайда барып жатам деп ойлободуңузбу?

— Көчө менен кетип бара атсам, арыктын боюнда колун жууп бир кемпир отуруптур. Жанына басып бардым да, «Апа, менин коно турган жерим жок. Жолоочумун. Үйүңүзгө бир түнгө конуп кетсем болобу?» дедим. Кемпир мени бир сыйра башыман бутума чейин карап алды да «… кимсиң, кайда кетип баратасың?» деп сурады. Мен болсо атамдын аскерде экенин, ошого баратканымды айттым. Кудай жалгап, мендей жаш балага боору оорудубу билбейм, «… жүр анда, кирип бул бөлмөнү көрчү!» деди кемпир. «… Апа, кире беришке эле жатып алам!» дедим. «Кыргызда босогого жаткызмак беле, ыйманың ысык бала экенсиң. Талпак салып берейин, сен аябай чарчаган көрүнөсүң. Ушул жерде эс алып уктап ал. Качан кетесиң, эгер кааласаң ойготуп коеюн?» деди кемпир эшикти жаап жатып. «Таң атканда!» деп жооп бердим. Ошол жерге кыйшайып башым жерге тиери менен мемиреп уктап кетиптирмин, Бир убакта жанагы кемпир мени ойготуп, “… тамак ичип ал!“ деди. Мен канча уктаганымды билбей калыптырмын, азыр эле көзүмдү жумгандай болгонмун. Көзүмдү ушалап ордуман турдум. Шылдыраган боз кесме экен. Бечара кемпир өзүндө болгонун берип жатат да. Жепирейген үйдө, кайсы жыргаган жашоо болсун. Тамак ичип алып кайра уктадым. Кемпир мени эртең менен ойготуп койду. Акча берсем албады. “… Өзүң алыс жолдо керектейсиң!» деп койду. Баламын да, ошондо үйүнүн номерин да карап албаптырмын. Түнү конуп алганыма сүйүнүп, жолго чыгып кете бериптирмин. Кемпир мени чоң жолго чейин чыгарып: «… Мына бул Ташкентке кеткен жол, ушу менен түз жүрө бер!» деп, мага атама барчу жолду көрсөтүп коюп, өзү үйүнө кетти. Мен кемпирге ыракмат айтып жолго чыктым. Кийин гана шаарда иштеп калып, байкасам, ошол мен түнөп кеткен үй, Карпинский көчөсү экен. Чоң кызматтарда жүрүп, ошол бейтааныш кемпирди таанып калаармын деп ошол көчөлөрдө канча ирет жөө баскан күндөрүм да болду. Мага бир түн болсо да жакшылык кылган ошол кемпирдин үйүн таап каламбы деп канча жолу барып издедим. Андан бери шаар да өстү, ал жерлердин айланасына жаңы көп кабаттуу үйлөр түшүп кетти. Ал жерде жапыс үйлөр аябай окшош эмеспи. Азыр ойлосом, ошол кезде Фрунзе шаар аты эле бар жапыс үйлөрдөн турган чоң айыл экен.

Ташкент жолу менен жөө-жалаңдап кете бердим. Жол алыс. Адашып кетпейин деп, анда-санда жолдо кетип бараткандардан сурап коём. Күн ачылып кетиптир. Бир аз басып, алдымда бараткан аялдарга кошулуп алдым. Сурап көрсөм алар да мен бара турган аскер бөлүгү жакка баратышкан экен. Сүйүнүп кеткенимди айтпа. Алар менен кобурашып отуруп, кантип убакыттын өткөнүн да байкабай калыптырмын. Акыры чарчап-чаалыгып жатып атам кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө келдим.

— Атаңыз сизди көрүп, ушунча алыс жерден атайын жолукканы келгениңизге жетине албай сүйүнсө керек…

— Түш ооп калган болчу. Барсам атам өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүктө жок экен. Кытайга жылкы айдап келгени кеткенин уктум. Ушунча алыс жерди жөө-жалаң басып келип, атама жолуга албай калганыма ичим ачышып, аябай өкүндүм. Муунум бошоп, ызага батып, буулугуп ыйлагым келди. Эмне кылаарымды билбей ошол жерде отуруп калдым. Анда азыркыдай телефон кайда. Жазган катың деле ошол жерге жыйырма күндө араң жетет. Атамын агасы: “Кеч калсаң, ошол жерде бир киши бар, мени тааныйт, ошонун үйүнө конуп ал! “ деген эле. Ошол кишини издеп таптым да, ошонун үйүнө конуп калдым.

— Атаңыз Кытайга эмнеге кетиптир?

— Тапшырма менен кетсе керек. Эртең менен турайын десем эле бутум, ийне менен сайгандай ооруп, ачышып кетти. Карасам барсанактап суу толуп, мөлтүрөйт. Тиги киши да менин бутумду көрүп, «… ий, баспагын, ошол жерде кыймылдабай отур!» деди. Мен чындыгында коркуп кеттим. Тиги киши ары-бери басып: «… бул бутуңду дарылабаса болбойт, баспай каласың,» деди да, отту аябай жагып үбөлүктү отко көпкө кармап, кактап кызытып туруп, «… бала эми чыда, көзүңдү жум!» деди да сыртка чыгып, кошуналарынан бирөөнү чакырып келди. Бутун тартып албасын дедиби, катуу басып отурду. Мен болсо көзүмдү жумуп, качан баштайт деп коркуп жатам. Бир убакта кызыган үбөлүктү бутума басканда, жанагы барсанактап турган жери чарт жарылып, “шыр” эте суу агып кетти… Көзүмөн от жанып чыгып кеткендей болду. Ошентип бир сыйра сүртүп, “кыймылдабай жат!” деп жаап койду. Анан ысык чай берди. Тердесин деди окшойт, жаным бир аз жай алганына, ооруганына карабай уктап калыптырмын. Батинкемди эптеп эле жаман чүпүрөк менен ороп алгам, мынчалык алыс жөө чыкпасам кайдан билейин. Көрсө, ботинкам бутумду өйкөп жеп салыптыр. Бутума бир нерсе сүрткөндөй болду. Эртеси күнү турайын десем, тургузбай койду. Эки күн бою ошол кишинин үйүндө жаттым. Анан үчүнчү күн дегенде чүпүрөктөн чулгоо кылып, таманымын астына кийизден кесип, салып берди. Бутум бир аз айыгып калыптыр. «Сен азыр, Кантка чейин барып поездге отур! Үйүңө чейин жөө барам деп ойлобо, бутуң өмүр бою майып болуп калат. Уктуңбу?» деди тиги киши. Ыракматымды айтып анын үйүнөн чыктым да темир жолду көздөй бастым. Канттан товарняк поездге жармашып, Фрунзеге чейин келдим. Ал жерден жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жөнөп бараткан экен. Карап турдум да, качан гана поезд бир силкинип, айлананы жаңырта ачуу үн сала, ордунан күшүлдөп оор козголгон кезде, секирип чыгып алдым. Ичи караңгы, эч нерсе байкалбайт. Улам жарык боло түшкөндө карап коем. Көп өтпөй бир балага жолугуп калдым. Текшерип келе жатышат деп калышты. Экөөбүз жашырынып сырткы тепкичте отурабыз. Канчалык жашырганыбыз менен милиция келип, бизди кармап алды. Кандайдыр карай калганымда жанагы баланын колунда бир нерсе жарк эте түштү. Лезвияны, резинкага каптап коюптур. Көрсө, ал бала менин ички чөнтөгүмдө бир нерсе бар экенин байкап калган экен. Чөнтөгүмдө атама деп, апам катып берген 600 рубль акча бар болчу. Акчам ордунда экен. Тиги бала кисабир экен көрсө. Ал түйүндү жогору жагынан түртүп баштап, тартып алганга үлгүрбөптүр. Кудай жалгап, милиционер аны менен убара болуп жатканда, мен качып жөнөдүм. Милицияга түшүп каламбы деп коркконумду, айтпа. Алаңдап эле артымды карайм. Дагы жакшы, милиционер менин артымдан чуркаган жок. Эптеп жүрүп Ак-Сууга жеттим. Ал жерде өзүбүздүн тааныштарыбыз Краменная Мариянын үй ээси, баласы Александр, кызы Зоя жүрүптүр. Бул жерден, биздин айылга чейин он сегиз чакырымдай келчү. Базарга чарчап, тердеп-кургап араң жетчүбүз. Ал эми атама барып келген жолго салыштырмалуу биздин айылга кетчү жолдун аралыгы кыска эле жол болуп калды. Өзүбүздүн айылыбыз көзүмдөн өтүп, эптеп үйгө жетсем дейм. Жол менен кетип баратканымда алыстан эле биздин айылдын теректери көзүмө көрүндү. Биздин Кепер-Арык менин көзүмө ушунчалык жылуу көрүндү. Эптеп, аман-эсен үйүмө жеткенде аябай сүйүндүм. Эми, кубанганымды айтпа! “Туулган жериңдин топурагы алтын” деген сөз ошондон калган го. Коңшулар: «… атаңа кандай барып келдиң?» деп сурашты. «… ой, жөө бардым!» дедим кыска гана. Баарын чууртуп айтып отурмак белем. Өзүм да сөзгө чоркок болчумун. Ал кезде адамдардын баарысы эле жөө-жалаңдап, жол менен эле жүрчү эмеспи. Апам гана менин бутумду көрүп, «… ой балам, ой балам!» деп башын чайкап, кейип-кепчип тим болду. Атам да мени эрке бала болуп калбасын деп такыр эркелетчү эмес. Эми ойлосом, жалгыз бала болгонумдан го.

— Кыйналгандан, заманыңызды ашата сөксөңүз керек?

— Жок. Элдин баары эле ал кезде машина деген жок, жөө самсаалашып жүрүшчү. Эч качан «… Өкмөт, Сталин тигиндей, мындай, элди карабай койду!» деген нааразы болгон сөздөр айтылчу эмес. Азыркы күндөрдү мен ошол күндөр менен салыштырам. Ошол кездеги кыйынчылыкты айтсаң, жаштардын көбү ишенбейт. Бул менин, бала болуп туулган айылымдан, өз үйүмдөн өзүнчө алыс жакка, өзүм жалгыз биринчи чыгышым болчу. Атамды издеп барган окуя мына ушинтип бүттү. Балалык кезимди эстегенде советтик идеологиянын күчтүүлүгүнөнбү же темирдей катуу тартиптенби адамдар бардык оор кыйынчылыктарды кыңк этпей көтөрүштү.

Балалык кез десе, артка бир кылчая карап, эмиле өзүңө айтып берген окуялар эске келет. Көбүн унутуп деле калдым көрүнөт, ал эми майда-чүйдөлөрүн окурмандарын, айтып отуруунун кереги деле жок го. Балалыктагы мындан курч окуялар, жадыяңда жашап калат тура…

 

БАЛАЛЫКТЫН УЗАК ЖОЛУ

— Жумабек байке, сиздердин кез кыйын учурга туш болгонун айтып отурасыз. Дагы кандай жагдайлар эсиңизде?

— Биздин мектеп, ушул өрөөндөгү 30-жылдардагы эң алгачкы мектептерден болчу. 1990-жылы мектептин 60 жылдыгын өткөрдүк. Окуп жүргөндө, сабактан кийин, колхоз сарайларына, кампаларга барып, ошол жерде иштегендерге жардам берер элек. Элге аралашып, алар менен баарлашып жүрүү бизге окшогон балдар үчүн аябай кызыктуу көрүнчү. Анткени, ал кезде гезит, радио, телевизор деген кайдан. Болгон жаңылыктын баарын ошол адамдар топтолгон жерден, базарга барган элден, мал арзанбы, чөп, жем арзанбы, кымбатпы, кыскасы кыбыр эткен кабарды ошол талаадагы кырманда иштеп жүргөн эле айылдаштарыбыздан угабыз.

Айылыбызда бир темир уста боло турган. Ал узанган устакананын ичи жылуу болгондуктанбы, бизге окшогон балдар ошол жерди айланып чыкпай эле, темир устага жардам берип жүрө берчибиз. Атты кандай такалаганын, сокону кандай ширегенин, теше, кетмен-күрөктү жасагандарын таң кала карап, эртели-кеч ошол жердебиз. Ал кезде биз эмгектен, бирөөлөргө жардам бергенден каччу эмес элек. Июндун аяк чендеринде эгин чабуу башталат. Комбайн деген колхоз боюнча жалгыз эле бирөө болчу. Эгер бир тетиги бузулуп же бир жери сынып калса болду, бүттү дей бер. Анда, бүт колхоздун иши токтоп, колу-бутубуз байланып калчу. Бүтүн колхоз боюнча караганыбыз, жалгыз комбайн.

— Көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштеп, СССР Жогорку Советине, бир нече ирет Республикабыздын парламентине депутат болдуңуз. Согуш учурунда айылдагы бардык эле балдардай, сиз да машак тергендирсиз. Ал күндөр эсиңиздеби?

— Эми, ал кезде жаш балдардын баарысы машак терчүбүз. Ал өзү деле жанагы чөп чапкан немедей эле, буудайды чаап кете берет. Аны жыйнап туруп арабага жүктөп кырманга алып келип, молотилкага салабыз. Андан кийин, бүт баарын тазалайбыз. Ал да бирөө эле. Кээде кичине кырман кыла коюп, жыгач күрөк менен буудайды асманга сапырабыз. Топонун кетирип, эгинин тазалап кайра тегирменге жөнөтөбүз. Эгин жетишпей таңсык эле. Казанга жабылган нандын жыты, ох, укмуш, азыр да мурдума келе түшөт. Эртең менен саат төрт-беш чендерде, күн чыга электе эгин сапырганы кырманга келебиз. Ошол убакта, биз турган кырманга тоонун таңкы сыдырым жели, көңүл да учуп турар эле. Эгинди сапырганда, буудай суюлуп чачырап түшкөнүн жакшы көрчүмүн.

Бизге окшогон жаш балдарга, ошонун баары кызыктай көрүнчү. Кырманда турган чоң кишилер, бизди карап турушуп мактап, «… ой сен, тиги балдарга караганда буудайды мыкты сапырат экенсиң!” деп коюшат эле. Биз ошол мактоого жетине албай, чарчоо дегенди билбей, дем алуу дегенди билбей иштей берчүбүз. Анан топонун бөлүп чыгарып анын үстүн жаап, анан кап-кап кылып үйгө алып кетебиз. Саман менен жемди аралаштырып малды багат элек. Ал кезде элдин курсагы тойбосо да, кыйын учур экенине карабай куржунга, капка салып уурдап кетүү деген жок болчу. Ачкадан жыгылып калса да, мамлекеттики дешип, буудайды уурдаган киши болгон эмес. Эң башкысы, элдин көкүрөгү ток болчу. Күн бүркөлсө, кырманда иштеген биздин да кабагыбыз кошо бүркөлөт эле. Жамгырдан суу болуп калбасын деп үстүн саман менен же боолонгон куурай менен эптеп жаап коебуз. Ал сынбайт да булганбайт дагы. Эгин суу болуп калса тегирменде, даярдоо пунктта кабыл албай коет эле. Эптеп жеткиргендин өзү убаракерчилик болчу. Суу болуп калган эгинди күрөк менен кайра жайып чыгабыз. Биз ошол үчүн нандын кандай кымбат экенин, анын оруп-жыйнаганга чейинки азап-тозогун, мээнетин билип чоңойдук. Согуш мезгилинде чоңойгон балдар, нандын күкүмүн баалап чоңойдук. Азыркы замандын балдары курсактары ток чоңойгондуктан, нандын баркын билишпейт. Чынын айтыш керек, бүгүнкү түркүн нанды олакчылагандай болбоюн, жабылган нан менен салыштырып болбойт. Нанды жамандагыдан алысмын. Кудайга шүгүр, бүгүнкүлөр жүгөрү нанды билбей калышты. Ал кезде жегенибиз жалгыз эле нан болчу. Ал да өп-чөп. Кесме, эт, капуста деген жок. Капустаны болсо орустардын үйлөрүнөн гана көрүп калабыз. Талаадагы жумушка балдардын колу тийбегени жок. Комбайн жакшы оралбай жатып калган буудайларды орок же чалгы менен чаап алабыз. Күздүк болобу, же жаздык буудайбы бир жолу сугарып койсоң, түшүмү көбөйөт. Комбайн сынбасын деп арыкты кетмен, күрөктөр менен тегиздеп, ага да жол салып, тырмалаңдап чоң кишилерге жардамдашабыз. Жыйын-терим бүткөндөн кийин машак теребиз. Комбайн чыкпай калган жерлерде, аңыздарда, арыктын бойлорунда калып калат. Машак терип, бир кубпу, же экиби буудайдын башын тегиздеп кадимкидей байлап капка салып үйгө алып кетебиз. Машак тергенге атайын уруксат берилет эле. Ошондо гана тере баштайбыз. Кырмандагы саманга эч кимди тийгизбейт. Кырмандагы саманды кадимкидей бөлүштүрүшөт. Ошону араба менен ташып алабыз. Көбүнчө арабаны бузуп албайлы деп жанталашып желкеге саманды артышып анан тыяк-биягын керип туруп, көтөрүп алып үйгө кетебиз. Анан жерди оюп ошоерге сууну кое берип, топонду таштап туруп тебелейбиз. Жылаңайлак болуп алып, ылайды бышырып анан калпка салып, кыш куябыз. Сарай, тооккана салабыз. Кыскасы, биз тыным алчу эмеспиз. Тезекти да бир жылга жете турган кылып даярдоого туура келет. От жагып, мештен түтүн чыгып турбаса анда ал үйдүн куту кетет да. Айылда жүгөрү көп айдашчу. Хрущев да бекеринен айдаткан эмес экен деп кетесиң. Жүгөрүдөн нан, жем жасачубуз. Казанга салып туруп кууруп, бадырак кылып жеген абдан жакшы эле. Биздей согуш мезгилин көрүп калган өспүрүм балдар үчүн казанга куурулган бадырак, азыркы ресторандын тамагынан даамдуу көрүнчү. Жүгөрүнү сепкен кезде да үнөм болсун деп, кол менен бирден таштап чыгат болчубуз. Андан да чай- чакага алмаштыра койгонго жакшы болчу. Мындан башка колхоздун талаасына кызылча айдаар элек. Атам болсо жаны тынбаган мээнеткеч, дыйкан киши эле, жарыктык. Кызылчанын жалбырагы аябай таттуу болот. Чыткы тоютка жакшы. Атам калган-каткан кызылчаны майдалап, балта менен чаап, боолонгон чөптү аралаштырып малга берчү. Түн ичинде да, малды бир сыйра карап чыкмай адаты бар эле. Кызылчаны бөлүп, сырткы кабы менен мешке отко салып коет. Ал ошол жерде таң атканча жата берет.

— Колхоздун, үйдүн жумушу деп, сабакты кайсыл учурда карайт элеңиз?

— Мен баарына үлгүрүп, колум бошогондо эле китеп окучумун. Эртең менен эрте окууга кетем. Азыркыдай саат болбогондуктан, убакытты көбүнчө Айга, асмандагы жылдыздарга карап алып, бара турган жакка кете беребиз. Жаткан кезде көбүнчө үркөр жылдызга карайбыз да ошого карап жатабыз. Биздин белгибиз, саатыбыз да ошол. Үркөр жылдыз түнкү он экини же бирди көрсөтүп жатабы, анысын деле билбейбиз. Ал кезде айылдарга электр жарыгы, жете элек кез. Май чырак менен печканын жанында отурабыз. От жагылганы менен деле үйдүн ичи суук. Жатканда болсо төшөктү калың кылып, “… балам үшүп калбасын!” деп апам үстүмө дагы төшөк жаап коет. Мурдум, оозум гана төшөктөн чыгып, жыргап уктай берчимин. Күн суук кезде төшөнчүгө кирген бойдон, эртең менен чыкмай. Эртең менен турганда жанагы отко салып койгон кызылчаны алып жесең, ушунчалык таттуу болот. Кант кызылчасы саргыл тартып, даамдуу болуп сонун бышат. Ошону жука кылып кесип, азыркыдай бутерброд өңдөнтүп нан менен жейбиз. Эми, биз үчүн бир укмуш болуп көрүнчү. Андан да адамды ток алып жүрөт. Ким мектепке эрте келсе, ал калган балдарды күтүп туруу, бизде салт болчу. Анан гана сабак башталчу. Мугалим бир китепти алат да окуйт. Өзү окуп отуруп, бизге түшүнүктүү болуш үчүн анан өзү айтып берет. Биз аны карап отурабыз. Окуу китеби, мугалимден башка эч кимибиздин колубузда жок, жетишсиз. Бир дептерге бардык сабакты бөлүп-бөлүп таза берчүбүз. Ар бир партада бирден сыя куйгуч, түгөнүп калса дежур болгондор сыя куюп турушат. Учтуу перо деген бузулбайт, канча жазсаң да эч нерсе болбойт эле, тынбай жаза беребиз. Сабак бүткөндө ручканын учун аярлап ороп алып кетебиз. Негизинен тарых, география, эне тил, физика, химия, математика сабактарын окуйт элек. Кийин гана немец тилин окута башташты. Окутуп кадимкидей жаттатат. Онго чейин эсептегенди үйрөнүп анча-мынча сөздөрүн билип калдык. Кыйратып койгондой, көчөдө басып баратканда да немисче сүйлөп жатып калдык. Башка сабактарга караганда география сабагын жакшы көрчүмүн. Менин бала кезден эле эсте тутуум күчтүү болчу. Картаны доскага илип коюп, баланча шаар, арал, мамлекет деп бирөөбүз суроо салып, калгандарыбыз айтса издейбиз. Ким биринчи тапмай деп, кадимкидей мелдешет элек. Адегенде мугалим тандап чыгарат. Дагы бир классташым бар эле, ошол экөөбүз жарышка түшчүбүз. Мен кайсы дарыя, кайсы көлгө, деңизге куят, кайсы мамлекет бири-бири менен чектешет, баарын жатка айтып берет элем. Мен көбүнчө Нил дарыясынын айланасын жакшы билет элем. Ал эми адабияттан болсо Токомбаевдин, «Кандуу жылдарын» көп окудум. Китепти окуп алып, таң калчумун. Ошол учурда анын саясий боекторуна анчейин түшүнө берген эмес экенмин. Анын сүйүү жөнүндө жазгандарычы. Эмне деген керемет. Агайыбыз, Борбиев Абдыгул деген сабак берет. Ал Токомбаевди «большевиктик акын» деп айтчу бизге. Бул киши өзү молдо чалыш киши болгон. Анын баласы Абдыгулов Медербек, КП БКнын Ош обкомунун катчысы болгон. Ошол агайым, кээде мени көргөндө, “… жакшы учурашпайсың!” деп таарынып калчу. Мен сени окутсам дегендей кылып. «Мен эми, сиз менен чуркап келип учурашкандай жаш бала эмесмин!» деп койдум бир жолу. Таарынып калса болобу. Ошол Борбиев Абдыгул сабак бергенде, чымындын учканы угулуп турат болчу. Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын чыгармаларын тээ илгери эле окуп алыптыр. Ишеналы Арабаев, Белек Солтоноевдерди жакшы билген киши эле. Куюлуштуруп жатка айтса биз жомок уккандай таң калчубуз. Көптү билген агайыбызга суктанчубуз. Орустун кандай экенин, алар олуялык кылып алдын ала айтып коюшканын көп айтуучу. Мына ошол келатат. Балдар ыймансыз болуп баратат, силер мындай жолго түшпөгүлө деп аталык кеп-кеңешин берет эле. Анын айткандары бүгүнкү күндө да туура келип отурат. Ал «Каныбекти» окугула, адамга тарбия берет деп айтаар эле. Жантөшевдин бул китебинин тарбиялык жагы — ​адамгерчилик, туулган жерге болгон сүйүү, аял-эркектин мамилеси жөнүндө жазылган эң мыкты чыгарма десе, ал китепти талашып окуйт элек. «Каныбекти» май чырактын жарыгында түнү менен бирибиз окуп чыгып эртеси кайра башка бирөөлөр окуганы алып кетишер эле. Азыр болсо, китеп дүкөндө китеп толтура, бирок окуган адамдар, сатып алгандар жокко эсе. Биз бала кездегидей, азыркы жаштар китепти анчалык окубай калышты. Бул өкүнүчтүү нерсе. 1936-жылы Конституция кабыл алынды. Андан эки жыл өткөндөн кийин бүткүл союздук шайлоо болмок болду. Биз окуган мектепти агитпунктка айландырышты. Мектептин эки-үч классын бошотуп, килем, шырдак, туш кийиздер алып келинди. Биз окуган класстар кооздолду. Шайыркүл Тезекбаева деген белгилүү кызылчачы бар эле ошону депутат кылып шайламак болдук. Бул аял кышы-жайы талаада эле иштеп жүрө берет, жаны тынбайт дешчү. Акыры аны шайладык. Ал кезде биздин район, «Сталин району» болгон. Депутатты тособуз деп эл аябагандай көп келди. Декабрь айы болуп, күн суук эле. Саман жагып контромарканы жылытып отурабыз. Анан Тезекбаева араба менен келди. Эжени жөө бастырбай элдер мектепке чейин көтөрүп киришти. Башта мындайды көрбөгөн бизге окшогон жаш балдар үчүн, бир укмуш күн болду. Эл 1937-жылкы репрессиялык каардуу шектенүүлөрдөн алыстап калган эле. Талкаладык, кармадык, түрмөгө камадык деп эле жатышчу. А биз болсо тап душманы ким экенин өзүбүз деле, кыйратып билбейбиз.

1937-жылкы репрессияда биздин айыл анча жабыр тарткан деле жок. Бирок коңшу айылдан бир мугалимди камап койгонун угуп калдык. Жогорку класстын балдарын сурак кылыптыр. Алар коркушуп, эч ким менен учурашпайт. «Ой сен кайда барып келдиң?», «Эмне деп сурады?» десең, эки жагын карап, «Сен сураба?» дешет. Күндөрдүн биринде биздин айылда аскер кийимчен адам пайда болду. Эми анда пагон деген жок. Жанагы жакасындагы петлицасында белгиси бар кыргыз киши экен. Ал кезде форма кийген кыргыздарды жолуктуруу өтө эле сейрек болчу. Айылдан чыкканча ээрчип алчубуз. Чындыгында көзүбүзгө укмуш көрүнчү. Аны менен катар басканга сүйүнчүбүз. Ошол жылдары айылдагы эң кадырлуу адам катары мугалимдер эсептелинет болчу. Алардан кийин эле милиционерлер кадыр-барк күтүшчү. Участкалык милиционерибиз, Тургунбай деген молдону алдына салып эки-үч жолу районго айдап кеткени эсимде. Мен ошол окуяны өз көзүм менен көргөнмүн. Тургунбай молдо бирөөлөр менен сүйлөшкөндө өтө кылдат маданияттуу сүйлөшкөн, сулууча келип дайыма таза кийинген, сакалын тегиз кырып караган келбеттүү, кем сөз киши эле. Тиги тарапка, бул жакка кошулуп деле сөз кылчу эмес. Тургунбай молдону, участкалык милиционер айдап кетти. Аларды айылдагылар «кызыл жака» деп коюшчу. НКВДыны ошентип тергеп айтышаар эле. «Көк жака» дегени болсо чек арачылар болчу. Ошол «кызыл жака» келип калчу. Молдокени жөө алдына салып айылды аралатып, бүт элге көрсөтүп районду көздөй кеткен жол менен алып кеткени көз алдымда. Азыр профессионалдык көз караш менен карасам, НКВДга жардамчы тыңчы кылып, эл арасында эмне сөз болуп жатат, айтып турасың, элди динге тартпа деп опузалап эки-үч күн камап, анан чыгарып жиберчү экен. Кайра эле айылга өзү келип калчу. Бирок алардын коркутуп-үркүткөнүнө карабастан ал эч нерсе жазбаптыр. Айылда өлүм-житим болгондо куран окуганы келет. Ал кезде, молдо бар экен дешсе, молдолор өзүлөрү коркчу.

Молдомун деген эле адамды айдап кетчү. Саясый жагынан биздин айылдан эч ким камалган жок. Бир-экөө камалыптыр ат уурдашып. Этапка айдалып кетиптир дегенди уккан жокпуз. Камалган адам кайра чыкчу эмес. Издеп чыккан да эч ким болбойт эле. Каякка алып кетиптир дешсе, “райондон Сибирге” деген гана эки сөздү угуп калчубуз. Эгер “этапка” кетти дегенди уксак, алыс бир келбес жакка кетти деген эле сөз болчу.

Мен бала кезде бир бухгалтер келип калды. Арыктыгын айтпа. Ошого аз-аздан чай берип, анан кийин тузу жок шорпо берип, акырындап бир кесим нан берип ошентип отуруп кадимки тамакка салышкан. Көрсө дароо эле тойгуза тамак бергенге болбойт тура. Аны эл билет экен. Үркүндү башынан өткөрүп калган элге белгилүү нерсе, экинчиден ал кезде кеңеш берип карагыдай кайсы доктур бар эле. Эл өз билген ырым-жырымын кылуучу. Ал эми тиги келгендер менен учурашып коюп жатат. Ал кездеги элдин биримдигин айтпайсыңбы, баланчанын жүгөрүсү бар, биздики түгөндү деп коңшу-колоңдорго жөнөтүшөт. Өзүнүн балдары ачка болсо деле колунан келгенинче берчү. Ачкадан шишиген кишини мен ошондо көрдүм. Тулуптай болуп, сапсары тартып жылалбай суу ичип жата берет экен. Ошондо Ысмайыл деген кишинин жүгөрүсү түгөнүп, 4–5 күндөй тамак ичпей ачка жаткан экен. Элдер жардамдашып талкан, нан бергендери эсимде. Эми ошол Ысмайыл деген киши азыр да тирүү. Ошол адамды эстесем бир окуя эске келет. Анын үйүнүн жанында биздин туугандар болот эле. Мен ошондо туугандарымдыкына батинкеси жок барганым эсимде. Батинкем кургасын деп печканын жанына коюп койгомун. Мектепке кургак кийип барайын дегеним да. Окуганда жаман окуган жокмун, мыкты окудум. Ал кезде азыркы байбичем, Соня эжең менен бир партада чогуу отурган элем. Бир ирет көшөгөнү тартып коюп мектепке пьеса койгонубуз эсимде. Биз койгон оюндарга ата-энелерибиз келишип, кадимки артисттер келгендей отуруп көрүшчү. Сөздөрдү аябай жаттап алып, кудум артисттердей болуп, болгон дитибизди коюп, аракет кылуу менен берилип аткарып беребиз. Мен, Жамакенин ролун аткардым. Анда жанагы катуу караган жери бар эмеспи, ошол жерин аябай сонун ойнодуң деп жакшы баа беришти. Ал кезде азыркыдай кол чапканды билишчү эмес. «Ырахмат уулум, тим эле артисттердей жакшы аткарып, ойнодуң!» дешип ыраазы болушуп, алкап гана тим болушчу. Анан дагы бир сынчыларым өзүм менен чогуу окуган балдар. Кино болсо, айылга кезеги менен гана келет. Кино дегенде бүт айыл көчүп барчубуз. Айылга кинонун келгени биздей жаш өспүрүм балдар үчүн чоң жетишкендик, айылыбызда чоң майрам болгондой көрүнчү эле. Ошого да бийликке ырахмат айтып, топук кылчубуз. Өзгөчө, биздей жаш балдарда уйку деген жок. Кинону көргөндө таң калаар элек, уктабай чыгабыз. Ленталар оролгон табактарын кол менен айландырып турушат. Биздей балдар үчүн, башкача сыйкырдуу дүйнө болчу. 1938-жылы, Ыраакы Чыгышта Хасан-Көлүнүн боюнда согуш башталган. Ошол жакка биздин айылдан согушка кеткендер көп эле. Аскердегилерден кат алып турчубуз. Анан ошол жөнүндө үзүндүлөрдү көрсөтүшөт. Бизге окшогон жаш балдар үчүн аябай таасир этет. Көргөн кинобуз жөнүндө айтып түгөтө алчу эмеспиз, талашып сөз кылабыз. Айтып бүтүрө алчу эмеспиз.

«Карл Маркс», биздин айылдан төрт чакырым ыраакта «Коммуна» деген 1920-жылдары түзүлгөн колхоздор бар болчу. Менимче кыргыз жеринде уюштурулган эң алгачкы колхоздордон деп ойлойм. Украин улутундагы киши кино коет эле. Атайын кино көрүү үчүн биздин айылдын балдары топтошуп, уюшуп алып барабыз. Бизди орус балдар тосуп алып, эки тарап боло кызыл чеке болуп мушташа кетчүбүз. Караңгы болгондуктан ким-кимди уруп жаткандыгы деле белгисиз. Мушташкандан кийин биз ал жакка барбай да калдык. Бирок кинону кийин биздин айылга да коюп бере турган болушту.

Мектепте окуп жүргөнүбүздө, орус акын, жазуучуларынан Пушкинди жакшы көрөт элем. Көбүнчө Пугачевдун көтөрүлүшүнө абдан суктанып окучумун. Бул чыгармаларды окуп отуруп, каармандары менен ошол окуяларга аралашып, кудум өзүм катышып кеткендей сезет элем. Сабак учурунда «Капитан кызын» ар бирибиз бөлүшүп, “эми токто, тиги айтсын” деп мугалим токтотмоюнча айта берчүбүз. Орус адабияты сабагынан, татар мугалим окутат болчу. Мен ошондо бизде окуган Давлетов Ирлик деген менен кийин чогуу иштеп калдык, ошол биринчиликти алып кетчү. Кийин иштеп жүрүп полковник да болду. Ал орус тилин мыкты билчү. Атасынын 1938-жылы камалып кеткенин эч кимге айтпайт. Андан да биздин органда иштеди. Жанагы маалыматтарды мен дагы кийин билдим. Азыр ал ардактуу эс алууга чыкканына эки жыл болду. Окуп келгенден кийин чогуу иштедик. Пушкиндин, Сыдыкбековдун, Эсенкожоевдин чыгармаларын жакшы көрөт элек. Ал эми биз чоңоюп калган кезде сүйлөшкөн темабыз эле махабат, сүйүү жөнүндө болуп калды. Баланча тиги кыз менен чын эле жүрөбү, же алдап кетеби деп аны өзүнчө эле тажабай, анализдей берет элек. Көбүнчө китептеги образдарга салыштырабыз. Калган убакта кырманга барып ордо атабыз. Эң кызык оюн ордо эле. Текенин мүйүзүнөн жасап алабыз, кээлери томпой менен атышуучу. А, биз аны менен атчу эмеспиз. Көрсө ал жогорку даражадагы оюн экен. Абалак менен атып чыккандан кийин тыйын утушмай ойнойбуз. Азыр, мектеп окуучулары андай оюндарды ойношпосо деле керек. Тыйынды суулап туруп, үстүн топурак менен көмүп коебуз. Абалактын учу менен кесилгендиктен курч келет. Ошол жери менен тыйынга тийгенде, ал кадимкидей ыргып чыгат. Кайпалап барып чийинден ары түшкөндө, утканың ошо. Бул нерсени айтып жатканым, азыркы жаштар менен салыштырып отуруп, ал кезде ичимдик ичип мас болчу эмеспиз. Арак дегенди кийин көрбөдүкпү. Азыркы жаштардын көпчүлүгү четинен арак ичишет, чылым тартышат эмеспи. Кыргыз элинин келечеги, эмне болот? Ошондон корком. Бул нерсе биздин элибиздин эртеңки күнүнө коркунуч туудурат. А мурун, айыл жеринде ичип алган адамды көрүшсө, «ичип алыптыр» деп жаман көздөрү менен жактырбагандай карашчу. Ичип алгандар да ыйбаа кылышкансып, өздөрүнөн улуу жаштагы карыялардын алдынан бейчеки өтө алышчу да эмес. Кандай болгон күндө да улууларды, карыларды сыйлоо, урматтоо деген болчу. Азыр улуулар отурушса, аларды тоготпой, жаман сөздөрдү айтышып тебелеп өтүшөт. Биздин элибиздин санынан да Бишкектеги арактын саны көптүк кылат. Илгери деп койсом болот, биз бала кезде бозо салышчу. Анын пайдасы көп болот. “Жоро бозо” дегендер болчу. Түнү менен сүйлөшүп чыгышчу, санжырадан сөз баштап, өткөн тарыхты, көргөн-билгенди айтып дегендей. Радио болсо жок. Ал эми, кийин гана кыздар менен чогуу отуруштарда отурмай башталды. Бирок, кыздар ичимдикти ооздоруна алышчу эмес. Чоң кишилер өздөрүнчө отурушчу. Айылдагылар деле жакыр жашаганын билдирүүчү эмес. Ат деген сарайда, араба да колхоздуку. Арабасы, аты бар экен деген жок эле. Кой союптур деген жок болуп калган, анан тоок сойчубуз. «Тоок союп жеген чүйлүктөр» дегендери да ошондон болсо керек. Аны да, кээде гана бир шылтоо менен соебуз. Жумурткасын болсо базарга алып барып туз, чай, кант, самын, күрмө, маасы, дагы жоолук башка нерселерге алмаштырышар эле.

Ошентип, күнүмдүк турмуш тирилик деген өз жолу менен өтө берчү. Кышындасы да кызыктуу күндөр өтчү. Кийизден байпак жасатып алчубуз. Байпагың болсо, жыргадың дей бер. Же бир чүпөрөк ороп аласың, бутуң суу болот. Күндүз болсо коньки тебебиз. Азыркыдай тепкен коньки кайдан болсун. Жыгачтын түбүнө сымдан оротуп устага жасатып алабыз. Ошону тебебиз, ал кезде бизден өткөн бактылуу адам жок. Ал бир эле жыгач коньки. Бир бутуңа салып алып ошону менен айдай бересиң. Аябай чарчагандан кийин башка балдарга берүүгө туура келет. Ал да жип менен байлап алып жанталашып чуркайт. Балалык кездин жыргалы ошол болчу, үшүгөндү билбейсиң… Бир сөз менен айтканда, азыр балдар айылды таштап мында келип жатышпайбы. Азыркыдай шарты жок бирок маданияттын очогу болгон айыл жеринен, мектеп эле аты бар жерде, чала-була окуган көрүнүктүү адамдар өсүп чыкпадыбы. Эми, азыр айылдан мында качып келип алып иш кылбай, жөн эле көчө таптап мас болуп жүргөн балдарды көрүп зээниң кейип кетет. Алардын алдыга койгон максаттары жок, жеңил-желпи жашоону тандап, күнүмдүк гана жашап, арак ичип күн өткөрүшүүдө. Мындай нерселер Хрущевдун убагында катуу көрүнө баштады. Мына ушул кезде “бой көтөрмө” деген күчүнө кирди. Түшүнбөдүм? Абыт Ибраимовдун эмгектери бир топ чет тилдерге которулду. Анан англис дагы башка тилдерден келген боо-боо каттарды көрүп таң каласың. А биздеги кыргыздын бирөөсү анын жазган эмгектерин окуп, Абыт Ибраимовго кат да жазышпайт, кайрылып сурап, бул кандай, айтып берсең деген киши жок. Ушул эле Абыт жалгыз күйүп жазып жүрөт. Кыргыздардын көбү ага түшүнбөй жаткансыйт. Ушул илим боюнча жападан-жалгыз кызматы бар адам. Алтымышевди да баалай албай, баркын билбей жүргөндөй көрүнөбүз. Анын китептерин атайын Россиядан, башка мамлекеттерден келип алып кетип жаткандарын өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз го. Кыргыз деген акыркы убакта ичи тар, бирөөнүн эмгегин көралбас болуп кетти. Мурун кыргыз мындай эмес болсо керек. Мурун төкмө ырчылар көп эле. Азыр Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев, Тууганбай Абдиевден кийинкилер көрүнбөй жатат.

— Уюткулуу элбиз, жаштардын арасынан да сааты келгенде чыгаар…

— Бар болсо да өтө эле аз. Манасчылар да анча-мынча чыга калып үзүндүлөрдү айтып жүрүшөт. Тубаса манасчылар жок болуп жаткан өңдүү. Менин таанышым айтат «… сен тубаса аскер адамысың, мени таяктаса да ал жакка барбаймын, ал эми сен болсо ал жактан эч жакка кетпейт окшойсуң. Кесибиң да кыйын экен!» дейт. Биз кыргыздар, ойгоно турган мезгил келди көрүнөт. Абыттын китеби да ошону айтат. Бул бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайына карата чыгарылган эмгек. Жарыбаган нускада чыкты. Көбү андай китептин чыкканын билбей деле калышты го сыягы. Түндүк уюлда жашаган аз элдердин тагдыры кандайча ушундай абалга келди, биз дагы ошолордун кейпин кийбейли деген чочулоо, уктап жаткан кыргыздарга ”… ойгон журтум!” — ​деп коңгуроо кагып жаткандай туюлат. Ошонун баарын ал өзү барып изилдеп келиптир. Ал жакты бизге салыштырып, ушундай деп, өзүнүн эли үчүн күрөшүп жаткан адамды түшүнөбүз. Жалгыз Абыттын колунан эмне келмек, өзү эмне кылмак эле. Жусуп Абдрахмановдун жазганын 1931-жылдары 1916-жылдагы көтөрүлүш туурасында жазгандарын партиянын чоңдору бюродо карашып, “… сен бул жерде «восстания» деп орустарга каршы жазыпсың!” деген жери бар экен. Ошол мезгил туурасында Жусуп Абдрахманов чынында күйүп-бышып ачуу чындыкты коркпой жазыптыр. Эң мыкты жерлерди кыргыз мекендеген экен. Каалаган убакта ылдый түшүп, керек убакта тоого кеткен көчмөн, эч кимге көз карандысыз эркин эл болчубуз. Кийин кылымдын башында мына ошол жакшы жерлерди орус менен украин басып алып, кыргыздар тоодон мында келе албай калган мезгил болуптур. Келсең, сен же армияга алынасың, же биздин динди кабыл аласың деп айтыптыр деп жазат. Ошон үчүн азыр деле тоо жакта кыргыздар, ал эми тегиз жерде, суунун боюнда, жолдун астында орустар отурукташканын шаарлар менен кыштактарга коюлган аттары деле далилдеп турат го.

Бүгүнкү күндө деле эч кандай шарты жок, таза суусу, мектеби начар, медпункту, мончосу же болбосо жакшылыктуу жолдору жок жерде кыргыздар турушат. Чынбы? Тоого барайын десе, баягы жайлоонун кейпи жок. Чөп чаап алайын десе, айланын баары такыр болуп чаң чыгып жатат. Тоону болсо жарып, ташып жатабыз. Экологияны, эртеңки тагдырыбызды ойлобой, бүгүнкү күндүн проблемасы менен гана жашап жатканыбыз мени өкүндүрөт. Бул эмне деген жашоо деп кыргыз тоого качты. Биздин кыргыздардан башка улуттардын баарысынын турмуштары жакшы. Мына ошон үчүн, 1937-жылы көптөгөн бейкүнөө адамдар камалып, атылып кетишиптир. Аз сандуу элдердин ичинен, биздин кыргыздарда бир муун жок болуп кеткенин көбү билбейт. Эмне үчүн? Анткени бирөөнү кармаса эле, ал да башка бирөөсүнө көрсөтмө берип, эмне үчүн ал тынч үйүндө отуруп, мен мында камалып отурушум керек деп бири-бирин сатып, көрсөтмө берип, өзү менен кошо алып кете берген. Мындай нерсе башка улуттарда деле болгон. Бирок, бизчелик соттолуп, атылышып, анан камалышкан эмес. Бул деген чындык, тарыхый сабак болушу керек. Андайдын бетин ары кылсын, менин тилегим да ошол. Биздин эл эзелки маданияты бар, уюткулуу, уникалдуу элбиз, «Океандай эпосту» жатка айткан Саякбай менен Сагымбайлар башка элдерде жок. Алардын бир кагаз карабай айткан төкмөлүү фантазиясына таң калам. Мындайды кыргыздан башка элдерден жолуктурбадым. Кыргыз деген ошол элди «сен артта калгансың, маданиятың жок!» деп кемсинтип айтып жүрүп, бизди чын эле маданиятсыз кылып салышыптыр. Албетте, бул өкүнүчтүү нерсе экенин унутпасак.

— Генерал Асанкулов бала кезинде колхоздун талаасында суу коюп, жүгөрү-буудай эгип, эгин чаап, машак терип, жыңайлак жүрүп эле чоңойгон десе, азыркы күндө көпчүлүк окурмандар ишенбеши мүмкүн…

— Ооба… Ушундан пайдаланып, балалык кезим туурасында айта кетсем окшойт. Жаштар билсин үчүн азын-оолак сөз кылып кеткенди туура көрүп отурам. Азыркы өспүрүмдөрдөй кезибизде, биз пайдалуу иш кылганыбызды билишсин деп айткым келет. Кандай гана кыйынчылыкты жеңе билгенибизди жаштар биле жүргөнү пайдалуу. Эмгекти даңазалоо деген жок. Ал эми бала кезимди эстесем колхоздун талаасында суу коюп жүргөн кездерим эсиме түшүп, көз алдыма келет. Он беш жаштагы балдарбыз, бирок азыркы күндөгү балдар менен салыштырып болбойт. Суу каптап кеткен кезде, көбүнчө караңгыда чычкан, жыландар чыгат. Былжыратып баканы басып алганыңда жүрөгүң “шуу!” дей түшөт. Ага карачу эмеспиз. Бизге окшогон жаштар колхоздун талаа жумуштарына чоң күч болуп ишке жарап калдык. Аталарыбызга жардам берип калганыбызга, өзүбүз ишке жарап калганыбызга өзүбүзгө батбай калат элек. Согушка кеткендердин ордун басып, балалык кездин ойноок мезгилин аттап өтүп, тез эле чоңоюп, эр жетип калдык. Ал кезде «Трудадекс» чоң мүнөздөмө болчу. Сабактан жакшы окуй албай калышса да ошонусун эске алышчу. Кыскасы көтөрмөлөшчү да. Элдин балдарындай ишке жарап калганыма апам жетине албай ыраазы боло берчү. Өзүмдөн чоң балдарга кошулуп алып, буудай, беде, жүгөрү талаасын, сугарам. Жамгыр жааган күндөрү салкын болуп калат эмеспи. Эгин сугарып жүргөндө эки тизем шишип кетиптир. Бир күнү баса албай калдым. Ордумдан турганымда эле бутум зыркырап ооруп, кыпкызыл болуп шишип чыкты. Мени менен жүргөн киши үйгө барып жатасың деп айтты. Он күндөй жаттым. Айткандай болуп алым да кетип калды. Түнү уктай албай чыктым. Мындай бир карасам, тизем бозоруп калгандай. Анан тиги киши,”он күндөн кийин шакшак тургузам” деди. Анан Жумабек, сен эч кандай тамак ичпегин!” деп эскертти. Карандай эле суу ичем. Туз да салдыртпайт. Ошону абдан туура кылган экен. Анан калемдин учундай кылып арчанын жыгачынан уч жасады. Отко аябай кармап, ысытып жуулган ак чүпөрөк менен ороп туруп сайганда, кадимкидей эле көз жаштай болгон суу атып чыкты. Жанагы бозоргон жердин териси бошоп, жумшара түштү. Азыр да таң калам, ал киши кадимки эле чоң табыптардай устаттык менен мамиле жасады. Шишиген жерлеримди жарып бүткөндө, эсим ооп шалдырап жатып калдым. Анан мага карап, “… эми дароо тамак ичкенге болбойт, биринчи сорподон баштаарымды, андан ары акырындык менен кашыктап ичип, көптөн кийин гана күчтүү тамакка өтөсүң!” деп мага катуу эскертип түшүндүрдү. Көрсө бул, он күн суу ичүү, адамдын ден соолугун акырындык менен калыбына келтирүү мезгили экен. Кийинчерээк бутумдун айыгып бараткандыгын көрүп, ”… жылуу чокой кийип жүр!” деди. Же бирөөдөн сатып алдыкпы, же үйдө бар беле, аны билбейм күн аябай ысып мээден өтүп турса да мен кийиз өтүк (орустун валенкиси) кийип жүрөм. Аны кийгенде бутум кадимкидей тердеп, бүткүл денем көлкүп, жыргап калам. Өзүм дагы боргулданып терчил элем. Жакшы болуп, бир күнү үйгө кант, чай алыш керек болгондуктан базарга бардым. Жөө барганым жок. Ат минип алгам. Ары-бери өтүп бараткандар мени карап, күлүп коюшат. Күн мээден өтүп жатса, бул эмне болгон бала деп карап жатышты да. Базардан бир-эки орус көрүп алып, «…вот чудак, такую жару валенках ходит!» дешип, мага карап каткырышып күлүштү. Мен унчукпайм. «Ай балам, күн ысыкта эмне чокой кийип алгансың?» дешип, менден улуу кишилер сурашат. Базарда жүргөн кыргыздарга карап мен күлүп, «Басканга жумшак экен» деп жооп берип кутулам. Баарына бутумдун эмне болгонун, ооруп жатканын айтып отурмак белем. Күлүшсө күлө беришсин, мага деген ден-соолук керек деп коем өзүмчө. Көрсө ошондо мен чынында ден соолугумду сактап калган экем. Бул да болсо жанагы абышканын ошол кезде айткандарын туура аткаргандыгымдан болду го деп ойлойм. Көп жылдар өтүп, чалгынчылык кесибим боюнча Сауд-Аравиясында болуп келгенден кийин «Сиздин бактыңыз бар, жүрөгүңүз мыкты, ден-соолугуңуз чың экен!» деди мага, мени текшерген врачтар. Рентгенге түшүп чыккандан кийин, «… жүрөгүң абдан чоң экен, бул эмне деген жүрөк?» деп тамашалашса, мен да эмне болуп кетти деп чочудум. Өзүмчө сол капталымдын баарысы эле жүрөк болуп кеткенби, деген ой кетти. Тигил врачтар, «… мындай жүрөктү көргөн эмеспиз!» дешип таң калышты. Жүрөгү чоң адамдарды ак көңүл, анан боорукер болот деп коюшат го элде. Анан тетирисинче кээ бирлери «Жүрөгү кичине болсо, баатыр болот!» деп коюшат. Балким бул жөнөкөй эле эл арасындагы айтылган сөздөрдүн биридир. Чет жерге атайын тапшырма менен барганымда, ден соолугумдун мыктылыгынан гана аман калдым окшойт. Мектепте жүргөндө турниктен жабышып түшчү эмесмин. Жөө басканда мен жөн эле чуркап жүрчүмүн. Ал эми буудай салынган капты көтөргөндө, мен чоң кишилер менен тең көтөрчүмүн. Азыр ошонун баарысынын пайдасы тийип жатат. Машина айдаганда да ошол шамдагайлыктын кереги тийип жатканын ачык эле айтсам болот. Москвада иштеп, жашап жүргөндө «Волга» сатып алып, тез эле үйрөнүп кеттим. Ага чейин бир досум бар эле, ошол «… кантип барып келип иштеп жүрөсүң?» деп айтып калчу. Мен да жөн турбай, «Мени жумушка ташып жүргөн машинамды төрт машинага алмаштырдым!» десем, ал таң калып «… кантип?» дейт. Кызматтагы машинамды троллейбус, трамвайга, автобуска анан метрого десем, ал өзү да айласыздан каткырып күлдү. Бир жолу Фрунзеден бир чоң барып калыптыр, ага « ой, жүр метрого эле түшүп кете берелик!» десем, «… койчу метро менен жүрүп!» деп жактырбай койду. “Бара турган жерге тез жетебиз. Мүнөт, мүнөтүндө келет!” дедим. Тиги болбойт. Москвалыктар, дүйнөнүн башка чалгынчылары да «… баарысы метро менен КГБдай так иштесе, сонун болот эле!» деп калышчу. Москванын метросундай так жүргөн дүйнөдө бир да транспорт жокко эсе. Ичи да мрамор таштардан жасалып, андан да таптаза. Чынында аралап жүрүп, кадимкидей эс аласың. Бул чындык. Сыртка чыкканда көп жердин метролорун көрдүм го. Кагаздуу ыплас вагондор, андан да чийилгендерин айтсаң. Аларда «подземка» деп коюшат. Алар метро дешпейт, Москванын метросунда тартип катуу, жарым мүнөт да кечикпейсиң. Ичи таза, бир тамеки ыргыткан адам жок. Сыртка чыкса болду. Ыплас. Метро өз убагында СССРдин сыймыгы эле. Мурун Ошто иштеп жүргөн кезимде сугатчылардын пахтага суу койгондорун көрүп аябай таң калган болчумун. Мен деле көп нерсени көрдүм деп жүргөн экенмин.

Базар-Коргондо, үч жыл бою пахтага уполномочен болуп жүрдүм. Жердин бетин тептегиз кылып туруп кетмен менен аңызды тегиздейт экен, кадимки столдун үстү кандай тегиз болсо, пахта талаасы да ошондой тептегиз эле. Сууну сыбызгытып коё бергенде, пахта да сууга канат экен. Бала кезибизде биз деле сугатка иштеп калдык. Бирок мени пахтаны сугаргандай таң калтырган эмес болчу. Биз фронтко жардам берип жатканыбыз аз келгенсип, өзүбүз араң жашап атып, эгинди, этти төгүп, аттарыбыздан өйдө берип бүткөндө, жылуу кийим жыйнаш керек болду. Тизме боюнча чакырат. Анан контролдоп, баланча бербей коюптур дейт. Айла кеткенде, колубуздагы мээлейибизди да беребиз. Өтүгүбүз жалгыз болгондуктан гана аны чечип бере албайбыз. Ар ким колунда эмне ашык буюму болсо, ошону берет. Анан кийин зайым деген чыкты. Баланча зайым, түкүнчө күнү бересиң дешет. «Сен зайымга жазылдыңбы?» деген плакаттар болот эле. Эми элден чыгып калган болбойт деп уяласың. Ал жерде колхоздун, же райондон келген активдер отурушат. Андан тышкары ким канча жардам берет дешти. Кээ бирөө акыркы малын берет. Азыр ойлоп отурсам аябай оор турмушта жашап, аны баштан кечирген экенбиз. Жаман жашоо деп эч кимге нааразы да болбопбуз. Андан да айыл-чарба салыгы «…сельхоз налог!» деген балээ болчу. Карыз болсоң да «сельхоз налогдон» кутул деген сөздөр көп айтылчу. Бул деген жанагы алган эгиниңден кармап алат деген сөз. Буудай берип атып таразалап туруп алып коет. Мал-салың болсо, ага да төлөйсүң. Мурун контракт деген бар эле. Торпогуңду, коюңду жетелеп кетсе да “кың” дей албай кала бересиң. Баары мыйзамдын чегинде. Бир адам алардын артынан ээрчип конторго барганын көрчү эмеспиз. Азыр болсо, ак үйдү айланышып «…Акаев кайда?», “Кетсин!” деп эле кыйкырып жүргөн адамдар. Шеримкулов, Куловдор биякта калды. Эми ошончолук бекем тартипти, арбагы ургур Хрущев бийликке келгенден бюрократия деген балээ башталды. Сталиндин тушунда деле кемчиликтер болгон дечи. Бирок күчтүү тартиптин бардыгынан, мынчалык бошоңдукка жеткен эмес. Темирдей бекем тартиптен “кың!” дей алуучу эмеспиз. Бирөө кичине эле жолдон чыкса жумуштан алып же камап салышчу. Ал кезде тартип анан жоопкерчилик деген баарынан жогору турчу.

МТСте политотдел деген болчу. Алар дайыма тапанча менен жүрүшкөн. Начальник милиция биякта калсын. Начальник политотдел келди дегенде, башкармалар тим эле кирерге жер таппай калтырап калышчу. Мындайча айтканда, алар башкармалардын жүрөгүнүн сары суусун алып коюшкан. Ошол кездеги бийликтин камчысынын күчтүүлүгүнөн анан өктөмдүүлүгүнөн гана темирдей тартип болгон болсо керек деп коём. Чынында кай жерде тартип болсо, ал жерде ийгилик, жетишкендик болот эмеспи.

 

Мединститут

— Жумабек Асанкулович, сизди көпчүлүк элибиз эс тарткан күндөн эле аскер формасын кийип чоңойгон чекист адам катары билишет, анан кайдан жүрүп мединститутта окуп калдыңыз? Албетте окурмандын баарысы эле мединститутта окуганыңызды биле беришпесе да керек. Ал окуу жайга кантип тапшырып жүрөсүз?

— Ал өзүнчө узун сабак. Тогузунчу классты бүткөндөн кийин мединституттун атайын даярдоо курсуна келип кирдим. Жакшы окусаң, онунчу классты бүтүү менен кошо медициналык окуу жайдын биринчи курсуна кабыл алынууга мүмкүнчүлүк бар эле. Курстун башчысы Какиш Рыскулова деген эже, азыр профессор. Биз ал жерде үч ай катуу даярдандык. Чынында, кыргыз мектепте окуганымдан орус тилинен көп кыйналдым. Андан да, ошол мезгилде күн аябай ысык болуп турду. Жанталашып отуруп, үч гана бала экзаменден өтүп, биринчи курс болдук. Менин шайым ооп калыптыр. Совет көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги, эки кабат үйдүн экинчи кабатындагы чоң комнатада турабыз. Баары болуп он бала жашайбыз.

Темир керебет, одеялыбыз бар. Башка эч нерсебиз деле жок. Крандын суусун бөтөлкөгө куюп коебуз да кара нан менен жеп алабыз. Эптеп курсагыбыз тойгондой болот. Биз ошентип, муздак сууну иче берип ооруп калдык. Ал кезде нанды да карточка менен берет эле. Жалпысынан алганда, жашоо ал кезде бардык эле советтик адамдар үчүн жашоо өтө оор болчу. Өзгөчө, биздей ата-энебизден алыс болуп окуп жаткан студенттер үчүн өтө оор, шарты жок жашоо болгону чындык. Темир жолдун жанында кичинекей базар бар эле. Бир буханка нанды ошол жерден алчубуз. Биринчи курска өтүп сүйүнүп жүрөбүз. Армияга кызмат өтөгөнү чакырса да, ал жакта доктур болуп алам деп коем өзүмчө. Февраль айында же андан кийинби такыр арыктап кеттим. Андан да жанагы анатомия сабагынан берген мугалимибиз, биздин курстун студенттерин чогултуп моргго алып барып, жаңыдан алынып келген адамдын жансыз денесин, бизге окшогон студенттерге көрсөтүштү. Моргдун ичи, адамдардын жытынан аябагандай сасык болуп кетиптир. Өлүккананын ичиндеги коңурсуган жагымсыз жытка чыдап турууга болбойт. Буга чейин өлүккананы ичине кирип көрбөгөндүктөнбү, анын сасык жыты мага жакпады. Биринчи ирет, катарынан жаткырылган өлгөн адамдарды көргөндүктөнбү жүрөгүм «болк!» дей түшүп, бүт денем калчылдап кетти. Жалгыз эле мен эмес башка студенттер да коркушту окшойт, үндөрү чыкпай эле калышты. Өлүкканадан чыккандан кийин да өзүмө келе албай жаман болуп жүрдүм. Мен өзүмдү-өзүм жемелеп, “… кокуй! Эмне болгон окууга, окуп алганмын!” дедим.

— Ошондон, бул окууга келгениңизге өкүнгөн экенсиз да?

— Ооба. Ал жерден, болочокто медик болом дегендерге, адамды кандай сойгонду үйрөтүшөт экен. Ошол учурдан баштап ички жан дүйнөмдө өзүмө-өзүм каршы болуп, мединститутта окугум келбей, көңүлүм сууп калды. Дагы беш жыл окуш керек. Мен өзүмчө, “Ошончо жыл ушинтип эле моргдон чыкпай жүрө беремби?” деп да ойлодум. Анткени, мен өзүмдү жакшы билем, ар кандай болуп жаткан нерселерди жүрөгүм менен кабыл алып, өткөрөм. Замбил менен көтөрүп келип, ак шейшепти ачып коюп, бөлгүлөп союп киргени жаман экен. Жийиркенгенимден, көп өтпөй тамагым ооруп да калды. Чынын айтсам адам сойгону жакпады. Бир күнү, өзүм менен сүйлөштүм да “…кой, менден жакшы хирург-врач чыкпайт экен!” деп ойлондум. Кабыргам менен кеңештим дегендей, окууну таштап кетүүнү туура көрдүм. Бул окууга жаңылып тапшырып алыптырмын, мага бул окуу жайы буюрбаптыр дедим өзүмчө. Кайрадан колхозго кетким келип, андан да илең-салаң болуп шаарда жүрө бербей, айылга барып атам менен апама жардам берүүнү туура деп чечтим. Ошентип, мединституттагы окуумду таштап Кепер-Арыкты көздөй жөнөп кетүүгө аргасыз болдум. Ошондо туура чечим кабыл алган экенмин…

 

НКВД

— Жумабек байке, кыргыздын Дзержинскийи деп эл арасында сизди айтып калышат. КГБнын кызматына кандай келип калдыңыз? Балким сизди да мединститутта окуп жүргөн кезиңизде эле “көрүнбөгөн фронттун” кызматкерлеринен бирөөлөр “вербовка” кылганбы?

— Албетте… Мединститутта окуп жүргөн кезимде, тааныбаган эле бир орус киши келип, сүйлөшкөн болчу. Мен ал берген бир кагаздарды толтуруп колуна берген элем. Жаштыгымданбы же тажрыйбасыздыгымданбы, мен ал кагаздарга маани деле берген эмесмин. Күндөрдүн биринде “НКВДан чакырып жатат” деген кагаз келди. “… Эмнеге чакырды экен?” деп өзүмчө чочуп, анан коркуп да кеттим. Чакырган убактысынан калбай түз эле НКВДнын имаратына бардым. Азыр ойлосом, ошол чакыруу менин өмүрүмдү башка нукка бурган экен. Ал жерде өзүм да коркуп араң турсам. Бирок, күзөттө отурган «… чоңубуз жок, эртең кел!» деди короңдоп. Мен ал кишиге күндө келе албасымды айттым. Күзөттөтөгү милиционер, сөзсүз келишим керектигин басым менен кайрадан эскертип айтты. Кайра кеттим. Бир канча күн өтпөй, мага дагы повестка келди. Алар кел деген күнү, дагы барууга туура келди. Барсам начальник дагы деле келбептир. Ичимен жиним келип отурам. Сыртыма чыгара албайм. Күн болсо кечтеп баратат. Дежур милиционер отур деген жерде акырын барып отурдум. Анан, бир убакта “… начальник келди!” дешип имараттын ичиндегилер топурап калышты. Ал келип, түз эле өзүнүн кабинетине кирип кетти. Бир аздан кийин мени чакырды. Мен анын кабинетине кирип, көрсөткөн жерине барып отурдум. Ал болсо тигини-муну сурап кирди, мен болсо жооп берип жатам.

— Жумабек байке, ал кезде өзүңүз тажрыйбасыз болсоңуз, сизден эмнелерди сурайт? Кызыкканы эмне экен…

— “Каяктансың, кимсиң, атаң туткунга түшкөнбү, армияга качан барды эле, качан келди, кай тарапта кызмат өтөдү?” деп сурай берди. Эч нерсе калбады, бүт баарын сурап чыкты. Тиги начальник суроолорун бүткөндөн кийин, «Сени аскерге албайт, бизге кызматка келесиң, кантордун кире беришиндеги жазууну окудуңбу?» деди. Окудум деп жооп бердим. «Сен окууга даярдангын же бизде иштейсиң!» деди начальник. Мен болсо ага карап, “… ким болуп иштеймин?” деп сурадым. «Камалган кишини, бу канторага айдап келесиң!» деди ал. Унчукпай угуп отурдум. “Бирок, азырынча мурунку жериңде иштей бер, керек болгонуңда өзүбүз чакыртып алабыз!” деди. Болуптур дедим. Анын кабинетинен чыгып баратып дежурный милиционерден «…бул ким?» деп сурасам, «Ким экенинин сага кандай кереги бар?» деп ороңдоп, түз жооп бербей койсо болобу. Менин берген суроомо, жөн эле адамча жооп берип койсо болот эле го. Кийин иликтеп көрсөм, ал Темиров деген экен. Ал кезде майор болчу. Милициянын райондук бөлүмүнүн начальниги. Ошол мезгилден көп убакыт өтпөй мени дагы чакырышты. Келсем колума, кагаз беришти.

— Ташкентке окууга ошондо жөнөтүп жатышабы?

— Азыр айтып берейин. Темиров өзү тосуп алып, сүйлөшүп отурганда, «Сени баары бир армияга алып кетет. Андан көрө жөнөткөн окууга бара бер. Аябай тырышчаак жигит экенсиң. Мага ушул мүнөзүң жакты, бала. Сага керектүү бүт кагаздарыңды биз даярдап койдук. Фрунзеге барасың!» деди. Сентябрда окуу башталаарын да айтышты. Кийин билсем, мени комиссияга салышып аябай текшеришиптир. Бардык жагынан жакшы өтүп, колума жолдомону алдым. «Коркконум эле, орус тили. Ал жактан экзаменден кантип өтөм?» десем, «Жок. Экзамени жок өтөсүң. Биз баарын жибердик. Жыйырмадай бала барат!» деди Темиров.

 

Ташкент шаарындагы студенттик күндөр

Атам өзү узатып барып, темир жол вокзалында мени менен коштошуп калды. Биринчи жолу кыргыз жеринен алыс чыгып, Ташкент шаарын көздөп кетип баратам. Аябай толкунданып алганмын. Биздин окуу жай Ташкенттин чет жагындагы Орджоникидзе районунун Луначарский деген кыштагында экен. Азыркы күндө ал жакта Өзбекстандын өкмөттүк дачалары жайгашкан. Борбордон, менимче он эки чакырымдай алыс болсо керек. Вокзалдан түшүп, окуу жайды сурадым. Кантип барышты айтып беришти. Бир кабаттуу үйлөр көзгө көрүндү. Ал жерди сураштырсам райондун борбору экен. Окуу жайга келдим дагы документтерди көрсөттүм. Мени түз эле санчастка алып барышты да, дагы бир ирет медициналык кароодон, текшерүүдөн өткөрүштү. Үйдөн кийип келген кийимдерди чечтирип салышты. Карасам менден мурун баргандар аскер кийимдерин кийип, пагондорун тагып алышыптыр. Бир-эки сааттай кармашып, аскер кийимин менин колума да беришти. Казармага алып барып, жата турган керебетимди көрсөтүштү, эки кабаттуу темир керебеттер экен. Мындайды мурун көргөн эмесмин. Үстү жагына жатмак болдум. Экинчи взводдогулар жаш балдар экен. Көрсө, тандап туруп алышкан көрүнөт. Ал эми үчүнчү взводдогулар он сегизге жаңы чыккандар болуп чыкты. Мындайча айтканда армияга жакында чакырыла тургандар экенин билдим. Биз тартиби катуу казармага туш келипбиз. Эң биринчи — ​казармадагы, сырттагы тазалыкты сактагыла деп катуу талап кылышты. Пол жууп, башта үйдө жасабаган иштерди кылып, короону шыпырып чыгабыз. Аскердик тартип ушундай катуу экенине акырындык менен көнө баштадык. Сабакка же тамакка да катарга тизилип барып, команда менен өз ордуларыбызга барып отурабыз. Сабак дароо эле башталды. Кечке жазабыз, бир сабагы бар, же аны түшүнбөйм. Башта укпаган сөздөр айтылат. Же орусча дурустап түшүнсөм экен. Башым катып, айлам түгөнүп, кыйнала баштадым. Бул фразаларды мурун укпасам эмне кылайын.

— Орус тилин кантип өздөштүрдүңүз?

— Сөздүк менен сүйлөмдөрдү жаттап үйрөнө баштадым. Бизге, Короленко деген татынакай аял сабак бере баштады. Аскердик чини капитан, окуу жайда доцент эле. Тим эле ырдагандай сүйлөйт. Жат сүйлөгөнүнө таң калып караймын. Китепти бир карап койбойт эле, чиркин. Биз окуп жаткан окуу жай, буга чейин Ростовский межкраевой школа МГБ СССР болгон экен. Ал эми Ростовдо согуш жүрүп жаткандыгына байланыштуу бул жакка эвакуацияланып келгенин кийин билдим. Окуп жүрөбүз. Дептерибизде №1, №2, №3 деген белгилер болот. Үч сабак. Ал жашыруун. Биздин дежур балдар сабак башталганда барып, ошол дептерлерди алып келишет. Сабак бүткөндө биз колдонгон дептерлерди кайрадан чогултушуп, жашыруун китепканага жеткиргени алып кетишет. Тартип аябай катуу. Ар бир барагын карап текшерип чыгып анан кабыл алышат. Убакыт өткөн сайын окуу кыйын болуп, татаалдаша баштады. Сабакка жетише албай ит болот экенмин деп чочулайм. Менде жоопкерчилик катуу болду, начар окусам кыргыздарды уят кылган болом… деп аябай тырышып окуйм.

— Сиз окуп жүргөндө эле партиянын мүчөлүгүнө кандидат экенсиз…

— Ооба. Андан да мен партиянын мүчөлүгүнө кандидат болчумун. Он сегиз жашымда компартиянын мүчөлүгүнө кандидат элем. Анан партиялык чогулушта — ​ким сабакта жаман отурат, ким укпайт, ким начар жазат — ​баарын айтышат. Мунун баарын кайдан билет десе, жанагы биз жазган дептерлерди текшерип жатып билет көрүнөт. Мындайда эч нерсени жаап, жашыра албайсың. Көрсө, ар кадамыбыз аларга белгилүү экен. Мени эмне үчүн жаман дешти деп ойго батам. Ошондон кийин окуу китептерин алып, көгөрүп отуруп окуйм. Өз алдымча анализ жасайм, көбүнө өзүм түшүнбөйм деле. Эки алсаң окуудан чыгарабыз дешти. Бизде ар кайсы улуттан балдар бар эле. Ошолорго уят болом деп өзүмчө намыстанып, тырышып окуйм. Окуй албай келиптир дешсе, ата-энемди уят кылам деп аларды да ойлойм. Менин эсте тутуп калуум абдан күчтүү экенин өзүм да билем. Бир нерсени заматта эстеп калам. Лекцияны аябай сонун окушчу. Башка балдарга шылдың болбоюн, «… сөзсүз жакшы окушум керек!» деп өзүмө-өзүм ичимден ант бердим. Тырышчаактыгымдан, башка балдардан биринчи болуп, убакыт өткөн сайын аябай жанталашып окуй баштадым. Түшүнбөсөм да жаттап алам. Акырындап отуруп сабакты ким айтат дегенде эле мен колумду көтөрчү болдум.

Балдар таштап кеткен жерлерин айтып берем. Шатыратып айтып бергенде көбүн түшүнбөй да калышат. Мугалимдер менин окууга болгон аракетимди баалашып, «… рахмат, отур!» деп, аракетим үчүн көтөрмөлөшүп баа коюшат. Көгөрүп отуруп биринчи ирет «төрт» деген баа алдым. Ошондо, кубанычым койнума батпай, толкунданып сүйүнгөнүмдү айтпа. “Окуса болот тура!» дедим ичимден. Бир жолу үч алып калып, арданып жаман болдум. Чогулушка түшүп калам деп корком. Өзгөчө Казакстандан Фролов деген бала бар эле. «…жапайы, тоодон түшкөнсүң. Кыргыздар маймылдан жаралганбы?» деп жанымда отуруп алып аябай шылдыңдайт. Балдар каткырып, мени келекелеп шылдыңдап күлүп калышат. «Шашпа» дедим ичимден.

— Жумабек Асанкулович, Ташкенттеги окуу жайда республикабыздын азыркы премьер-министри Курманбек Бакиевдин атасы Салы менен сизди чогуу окуган деп уктум. Чын эле Курманбек Бакиевдин атасы сиздин курсташыңыз болгонбу?

— Ооба. Чынында эле Курманбек Бакиевдин атасы менин курсташым болот. Премьер-министрдин атасы Бакиев Салы менен Ташкент шаарында чогуу окудум. Жаңыдан эле Ташкент шаарына окууга барганда, экөөбүз тең, бир топ эле кыйналдык го. Салы мүнөзү жөнөкөй, кичи пейил, досчулукка бекем адам болчу. Экөөбүз тең кыргыздарды уят кылбайлы деп сүйлөшүп алып, тырышып жүрүп окудук. Окууну аяктаган соң, ал түштүктө, а мен болсо бул жакта иштеп анча байланыша алган жокпуз. Түштүккө өз ишим боюнча командировкага барганымда жолугуп калчубуз. Акыркы ирет мен Жалал-Абадга иш менен барганымда, үйүнө чакырып коноктоду.

— Эсиңиздеби, ошондо сиз менен Жалал-Абад шаарына чогуу учуп барганбыз. Сиздин жардамчы балдарыңыз болуп курорттон орун алып жайгашкан элек го?

— Ооба… Салы досум үйүнө кой союп чакырганда сен негедир барбай койгон элең. Жаштык кезди, Ташкент шаарында өткөн студенттик учурларды эстеп, чер жаза көпкө чейин сүйлөштүк. Жумуш деп жүрүп, Салы досум экөөбүз тең мынчалык чер жаза сүйлөшкөн эмес элек. Ошол жолугушуубузду дайыма эстейм, бизди көп жылдардан кийин жолуктурган жылдыздуу түн болгон экен. Мындай, көңүлдү көтөргөн жолугушуу дайыма эле бол бербейт. Ташкентте окуган учурубуз, жалгыз эле биз үчүн эмес, өлкөбүз үчүн да өтө оор убакыт болгон экен. Салы досумдун баласы Курманбек Салиевич губернатор болуп, берки балдары да элдин оозуна алынып калганын көрүп калыш бул ата-эне үчүн чоң бакыт эмеспи. Досумдун башка балдарына караганда мен Курманбек Бакиев, анан полковник Жаныбек Бакиев кайсы кызматтарга барышпасын мыкты жетекчи катары иштеп жүргөндөрүн көрүп, ичимден аларга ыраазы болуп жүрдүм. Арттарынан жаман сөз илештиришкен жок. Курманбек Салиевич, Жалал-Абаддан кийин Чүйдө губернатор болуп, областтын эли үчүн жакшы иштеп берди. Чүй областында мыкты жетекчи экенин көрсөтүп, артынан жаман сөз эрчибеди. Андан ары премьер-министрлигине көтөрүлүп кеткенде, бир кезде чогуу окуган курсташымдын баласынын бийликтин тепкичи менен көтөрүлүп бара жатканына сүйүндүм. Мына, ийгилик деген ушу да. Окуп жүргөндө Салы досумдун балдары ушундай даражага жетет деп ойлогон эмес экенбиз. Салы курсташымдын үйүндө конок болуп отурганда бизди окуткан, алтындай убактысын бөлүп билим берген бардык мугалимдерди, чогуу окуган курсташ балдарды да эстедик. Башында, экөөбүз тең аскердик тартипке көнбөй, тамакка курсагыбыз тойбой эле жүрдүк. Өзгөчө менин боюм узун болгондуктанбы, курсагым тойчу эмес. Ушунча баласын тарбиялап, өстүрүп, билим берген аяшым Тотуканга да ыракмат. Балдарын да сыртынан баамдап жүрөм, атасын тартышып иштерине тың, тырышчаак, анан атасын тартып аракетчил, кичи пейил чыгышты. Салы досум болсо эртеден кечке жумушта, үй ичиндеги түйшүк, мээнеттин баарысы, аяшым Тотукандыкы да.

Окуу чынында кыйын болду. Бир күндө 30–40 орусча сөз жаттап алам. Тамак ичип отуруп деле сөздөр жазылган барагымды караймын. Унутуп коюп, анан дароо баракка үңүлөм. Ошентип бир жарым ай, эки айдын ичинде, мен кадимкидей орусча окуганга үйрөнүп калдым. Бирок, жазганда кыйналам. Сөздөрдүн уңгу, мүчөлөрүнө келгенде туура эмес айтып алам. Анан жанымдагы балага көрсөтсөм, ал болсо «…бул эмне деп жазганың, же орусча, же кыргызча эмес!» деди. Февралдын башында биринчи экзамен болот дешкен. Үч сабактан. Марксизм, ленинизм, тарыхтан. Анан ошол экзамендердин үчөөнү тең төрт деген баага тапшырдым. Берки тоготпой жүргөн балдардын жанында бир топко менин да башым көтөрүлүп калды. Окуган балдардын бир-экөө жинге тийди эле, жаакка чаап, тумшуктан ары коюп жибердим. Мени ошол абалга өзүлөрү жеткиришкен эле. Антпесем, буга чейин мени сөз менен тебелеп, кордоп салышкан болчу. Чогуу окуган балдар Оренбург, Чкалов, Казакстан, Түркменстан, Өзбекстандан, Грузиядан келгендер болчу. Руханидзе деген Грузиянын ички иштер министринин баласы, биз менен чогуу окуду. Аскердик чини лейтенант болчу. Дагы бир бала бар эле, анын атасы да генерал-лейтенант экен. Алар офицерлер. Өзүнчө взводу бар. Аларга теңелиш кыйын. Сабак окуганга баш-отум менен кирип кеткендиктен, күн алыс келчү да киного убакытты кызганып барбайт элем. Орусча үйрөнөм деп убакытты кызганып, орусча сөздүк жаттайм. Согуш жөнүндө кинолорду көп коюп беришчү эле. Шаарга жумасына бир жолу чыгып келүүгө уруксат беришет. Кээде ага да чыкпай калчумун.

Мезгил өтүп, ушулар туурасында кийин балдарыма айтсам, «О, атабыз сабакка катуу даярданганда дубалдын ары жагында болуп жаткан киного да барчу эмес экен!» деп тамашалай күлүп калышат. Чоң залда кино коюшат. Жүрүп жаткан кино мага угулуп турат. Мен жалгыз кашайып өз алдымча китептерди окуп машыгам. Командирим кээде кирип келип «… эмне отурасың, киного барбай?» деп сурап калат. Капитан Хафизов деген башталгыч курстун мугалими бар эле. Ал келгенде ордуман тура каламын. Мен болсо окуп жатканымды айтам. «… Келе колду, азаматым!» деп далымдан таптап, менин тырышып окуп жатканымды көрүп, өзү да ыраазы болуп калат. Мен үчүн мындан өткөн мактоо жок, ичимден сүйүнүп калам. Кийин катуу даярданып окуганымды көрүп, ошолорду Хафизов эстеп сөз кылды. Буга чейин, менде билимдин эч кандай запасы жок болчу. Бирок, катуу аракетчилдигим ага жакты. Айылда жумуш деп жүрүп эле чалагайым болуп мектепти бүтүптүрмүн. Чынын айтсам, акырындык менен билимге өзүм тартыла баштадым. Анан бир күнү экзамендерди тапшырып бүттүк. Көп балдар мага таң калып, ишенбегендер да болду. Мага ишенбегендей, «Сага төрттөрдү көтөрмөлөп эле коюшту окшойт. Орусчаны деле эжелеп, араң сүйлөйсүң! Эмне сүйлөгөнүң түшүнүксүз” деди Үмөталиев деген бала. Айлам жок, унчукпадым. Өзүм да бала чагымдан ызакормун. Бир күнү бирөөсү жиниме тие берди эле, сабап салдым. Жинге тийгенин эле көтөрө чапчумун. Булчуңдар толуп, күч ташып турган кез. Азыр эле чал болуп, булчуңдар шылынып отуруп калбадымбы… — ​деп генерал күлүп койду.

— Сиздин андай тартип бузууларыңызга мугалимдер унчуккан эмес беле?

— Анан эле бир күнү, «Сени, саат бирге окуу жайдын начальниги чакыртып жатат!” деп калышты. Мен болсо коркуп, өзүмчө кооптонуп, ичим уйгу-туйгу болуп кетти. Ал өзүнчө имаратта турчу. Чакырган убагында бардым. “Кирсин!” дегени угулуп калды. Кирип барсам, “марксизм менен ленинизмден” берген Кириненко деген аял отурат. Кабинети да узун келип, ичи чоң экен. «Жолдош полковник, сиздин чакырууңуз менен курсант Асанкулов келди!» деп ордумда какайып тура честь берип калдым. Кириенкону көрүп коркконум бир аз басылгандай болду. Өзү педагогикалык илимдин кандидаты, полковник Роенко деген да бар экен. Бою да абдан узун. Кашы калың. Чыныгы аскер адамы эле. Мен болсо кирген жерде турам. «Эмне коркуп калдыңбы, жакын келбейсиңби?» деди окуу жайдын начальниги. Мен анысына да жооп бере албай койдум. Анан өзү мен турган жерге чейин жай басып келди да «… Асанкулов, сен чынында азамат жигитсиң! Мен сени окуу жылың ийгиликтүү аякташың менен чын дилимден куттуктаймын!» деп айтканда, уккан кулагыма ишене албадым. Анан ал мени аябай мактады. А мен болсо, кагып койгондой ошол эле жерде катып турам. «Сен колхозчу болуп келдиң эле, мен эми сенин башкаларга үлгү болгонуңду айтамын!» деген ички ыраазычылыгын да жашырган жок. Ал мени менен курсант катарында эмес, өзү терең урматтап сыйлаган адам катары сүйлөшүп жатты. Бир убакта ал өзүнүн алкоо сөздөрүн айтып келип мени кучактап туруп, өөп койду. Мен чынында мындай мамилени күткөн эмесмин да. Жан дүйнөм башкача болуп, толкундап кеттим. Өзүмө-өзүм ичимден абдан ыраазы болдум. Катардагы курсант үчүн, бул мамиле чоң сыймык эле. Аз убакыттын ичиндеги менин окууга болгон тырышчаагымды ким айтканын, мен биле албай койдум. Бирок ичимде, Кириенко эле болсо керек деген ой кала берди. Окуу жайдын начальниги кимди чакырган деп сурап көрсөм, эч кимди чакырган эмес экен. Ал тургай кабинетине чакырып алкыш айткан эч ким болбоптур. Мындай алкыштан кийин мен булуттардын башында жүргөндөй эле жүрдүм. Тиги Короленко деген аял айтты, «… курсант Асанкуловдун эске тутуусу аябай күчтүү. Сабакты жатка айтат. Мени ошонусу таң калтырат. Жаңыдан окуу башталганда, бул курсанттын окуу жайда бар, жок экенин деле байкоочу эмесмин. Азыр эң эле активдүү курсант!» деди.

Күзөткө барганда кезеги менен кампаны кайтарабыз. Командирлерибиз уктап калган балдардын затворун чыгарып, катарга тургузуп алып баарын уят кылып, сөгүш берип, кээлерин окуудан кетиргенге чейин барышчу. Ошентип курсанттардын арасында тандоо башталды. Мен постто турган мезгилде бир да жолу уктаган да, сөгүш алган да жокмун. Ошентип жүрүп, биринчи курсту аяктадык. Курсанттык форма менен июлдун аяк ченинде каникулга чыгып үйгө келдим. Зыңкыйып аскер формасы менен айылга келгенимди көрүшүп, атам менен апам коңшуларга мактангандай түр кылышып, өзүлөрүнчө эле бактылуу болуп жүрүшөт. Эч кимге көрүнбөдүм. Артыман арыз жазабыз дегендер да чыгышты. Башкарма болсо окууга кетип калды деп чыгаргысы келбейт. Артыңан жазып жиберебиз, анан окуп көр деп коркутушту. Ал жөнүндө кийинчерээк сөз кылабыз.

— Аялыңыз, Сары Өзөн Чүйдүн башы көрүнгөн белгилүү бай-манабынын кызы болсо, сизди коопсуздук кызматына кантип кызматка алып жүрүшөт? Бул маалыматты органдын адамдары билбей калышы мүмкүн эмес эле го…

— Аялымдын өз атасы Дардайыл репрессия убагында кесилип кеткен экен. Мен аны кайдан билейин. Автобиографиямда ал көрсөтүлгөн эмес. Чыныгы кайнатам ким экенин билчү эмесмин. Анан ошол үчүн эч жакка чыкпаганым да ошондон эле. Эки бөлмө үйүбүз бар. Келгенден тартып, эртеден кечке уктаймын. Эшикке чыгып келип эле кайрадан уктаймын. Окуу жайда тартип менен жүрө берип аябай чарчаганымды байкадым. Өзүмдү-өзүм окуйм деп жүрүп аябай кыйнап жиберген экенмин. Башым оорлошуп келди эле, уйкум да канып, кыйла эс алып жеңилдей түшкөнүм байкалды. Ошол күндөрү өзүмдү өмүр бою уктабаган адамдай сезип кеттим. Ушундай бир эс алдым дейсиң, аны сөз менен жеткирүү да кыйын. Окууга барганда өзүмдү жеңил сезип жүрдүм. Жакшы окуганымды бизди окуткан мугалимдер үлгү кылып, башка балдарга айта баштады. Жакшы окуп кыргыздарды да уят кылбай, башым да кыйла көтөрүлүп калды.

 

Окуудан кийин Феликс Куловдун атасы Шаршенбай менен иштедим

— Жумабек байке, сизди жакындан билген адамдар, окуудан кийин Феликс Куловдун атасынын колунда иштеген деп айтып жүрүшөт. Ушул чынбы?

— Ташкенттеги окуу жайды кенже лейтенант деген аскердик чин менен аяктап, Кыргызстанга кайтып келдим. Окууну аяктап келерим менен Свердлов районуна кызматка кабыл алышты. Ал жерде менден башка сегиз киши иштейт экен. Иштеген мына мындай болот деп катуу иштей баштадым. Толук бир жарым жыл жадабай эле кыдырып, иштеп жүрө бердим. Күндүзү кабинетте отуруу деген, менде жок. Чоңдорум кайда жөнөтсө, макул деп тапшырманы аткарууга жөнөп кетем. Кечкисин кагаздарды жазыш үчүн гана кабинетиме келем. Күндүзү тынбайм, кыш заводу, тери заводдоруна чейин жөө басып барам.

Ал кезде азыркыдай транспорт жок эле. Менин күчкө толуп чарчоо эмне экенин билбеген кезим. Өз ишим өзүмө жакканданбы, ишке кызыгуум артып барат. Тапшырма берген жактарды кыдырып эле, жетекчилердин баасында, мен берген тапшырманы так аткарууга аракет кылып жүрөм. Канчалык көп иштеген сайын черим жазылып, иштегим эле келет…

1948-жылдын, менимче май айынын башы болсо керек. Карасам, тиги капитан Сухавалов, майор Чапенко, майор Поляновдордон калышпай иштептирмин. Григорьев деген начальниктин капитан Тарапат деген орун басары бар. Подполковник Григорьев согушка катышкан ардагер адам болчу. Күндө эртең менен чогулуш өткөрүшөт. Иштер эмне болуп жатканын сурап, же ар кимибизге жаңы тапшырма беришет. Мен өз ишимди тез эле өздөштүрүп алдым. Алар чогулуштарда менин жакшы иштеп жатканымды айтышып, мактоо, жылуу сөздөрүн айта башташты. Албетте, жаңыдан гана окууну бүтүп келген мага, бул сөздөр абдан жагымдуу болчу. Мактоону уккан сайын, күч алып иштегим келет.

“Жаш жигит, катуу чыкты!” дешип, чогуу иштегендер мактап жүрүштү. Начальник чакырат да, өзү окуп чыккан документти карап туруп, «Эй, сен бул документтерди кантип бүтүрөсүң? Бирок кызык материал экен!» дейт. Документтеги кишилер, биз издеп жүргөн мамлекеттик кылмышкерлер болуп чыгат. Арасында убагында немецтерге кызмат кылып кеткендери бар экен. Түрмөдө отуруп чыккандар, дезертирлер бар экенин далил кагаздар менен тактадым. Көп өтпөй мени бөлөк бөлүмгө которушту. Ошол эле оперуполномочендик кызмат болгону менен, бирок бөлмөбүз бөлөк болчу. Жаңы бөлүмдө, берилген материалдарды реализация кылыш керек. Ал жерде да бир аз иштеген соң, мени кыска убакыттын ичинде башка бөлүмгө которушту. Ал өзү чыгыш бөлүмү (восточный отдел) болчу. “Сен эми, бүгүндөн баштап, мына бул киши менен иштейсиң!” дешти. Ал киши, өзүн мага “капитан Кулов” деп тааныштырды. Көрсө, ал киши, кадимки эле кыргыз элине белгилүү генерал Феликс Шаршенбаевичтин атасы экен.

— Кандай киши эле?

— Мен жумушка жаңыдан кирген кезде Кулов Шаршенбайды билген эмесмин. Анан мени башка бөлүмгө которушканда, анын отурган иш бөлмөсүнө кирсем, “Асанкулов, отур!” деди да, бир делону берип, “окуп чыгасың” деп тапшырма берди. Калыңдыгын кандай деп айтсам, жанагы бышкан кыштай калың экен, менимче миң барактай бар го. “Эмне түшүндүң, окугандан кийин айтып бересиң!” деп мага тапшырма берди. Ошол делонун баарын мага берип жатып, “… ушулардын баарын окуп чыкканга, үч-төрт күн жетеби?” деп колума карматты. Окуп баштасам ичинде капкайдагы документтер жүрөт. Ичиндеги фактыларды окуп жатып, төбө чачың тик турат. Атайын билдирүүлөр, Москвага берилген кабарлар бар экен. Анан чырмалышып калган бир группа жөнүндө экен. «Окуп бүттүңбү, эми ушуга справка жазасың. Ар бир кагаз боюнча анализдеп, жакшылап иликтеп чыгасың. Бул биринчи жагынан, Кулов, мага карап туруп, “… сен менин көрсөткөнүмдү жакшылап карап тур, кийин ар бир делону ушундай кылып тегиздеп туруп, темене менен тигип чыгасың!» деп өзү колуна темене менен кандай тешип, барактарды бириктирип туруп тиккенинен өйдө көрсөтүп чыкты. Өзү дагы эч бир эринбеген адам эле. Мен кийин Кулов кандай көрсөтсө ошондой кылып, делолорду темене менен бириктирип тигип жүрдүм. Азыр ойлоп көрсөм, ошол убагында жөнөкөй көрүнгөн майда нерселерден үйрөнүп жүрүп, анан көзүң каныгып такшалат экенсиң. “Асанкулов андай эмес, мындай тигет! Карап тур…” деп Кулов мени колуман кармап туруп, делону тиккенди да үйрөткөн күндөрү азыр да көз алдымда. «Момундай басып, анан минтип тегиздеп туруп тигесиң, барактын бирөө сыртка чыкпасы үчүн ушундай кылып тигиш керек!”» деп мага көрсөткөндөн тажачу да эмес. Анын дагы бир өзгөчөлүгү, мисалы бир материалды сулуу, таза кылып жазып келгенден кийин гана, машинисткага басууга берилет. Бастыргандан кийин бир эле тамгасы туура болбой калса, же бир жери кир болуп калса өткөзбөйт. Сөгүп туруп, кайра жолго салат. Куловдон эптеп өткөрүп бүтсөң, начальниктен өтүш андан да тозоктун-тозогу болчу. Анткени ал согушта жүргөн кезинде эле, өзгөчө бөлүмдүн башчысы болуптур. Тамекини буркуратып, бир укмуш тартат эле. Кабинетине киргенде түтөп эле жатчу, анын өзүн түтүндүн арасынан араң эле көрчүмүн. Ал киши түңкү саат эки, үчкө чейин жумушта, өз кабинетинде иштеп отура берчү. Мында эмне үй-бүлө, бала-чака деген жокпу деп таң кала берет элем. Өзү кеч кеткен соң, биз кайдан эрте кетмек элек. Биз дагы анын жумуштан үйүнө кетишин күтүп кабинетте отура берчүбүз.

Бешинчи бөлүмдө, анын биринчи отделениеси болот эле. Ошого мени которордун астында министрдин биринчи орун басары, түнкү саат бирде өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырды. Аларда тартип абдан катуу болчу. Министрдин биринчи орун басары көпкө чейин сурап чыкты: «Сенин ата-энең ким?, “Фрунзеде тууган-уругуң барбы?”, “… жакын досторуң кимдер?”, “… кимдикине конокко барасың?» деп ушуга окшогон эле суроолорду бере баштады. Көбүнчө урук-тууганымдын айланасында көп суроолор болду. Кайта-кайта эле ошону сурайт. Калп айтып жатабы же чынбы дегендей менден көзүн албайт. Көзүмдү эле тикчийип теше тиктейт. Мени кай жерден жаңылат дегендей, сын көз менен карап жатканын мен деле байкап жаттым.

Бул, 1948-жылдын 5-майы болчу. Анан мен да жооп кылып, ага айттым «… Сиздин берген суроолоруңузга мен өздүк деломдо жазганмын. Мени кабыл алардан мурун, өзүңүз деле бир сыйра көз жүгүртүп чыксаңыз керек. Сураганыңызга караганда мен туурасында дурус эле билет экенсиз. Ошол жазгандарга эч нерсе кошулган да, өзгөрүлгөн да эмес. Ата-энем колхозчу, анан да сабатсыз адамдар, араң тамга таанып, гезит окушат. Эч кандай актип болгон да эмес. Энем гана жакшы эмгектенип, кызылчада звеновой болуптур. Алар өмүр бою өздөрүнүн тапкан ак эмгеги, маңдай тери менен оокат кылган, катардагы эле колхозчулардан. Ишенгеним эле ошолор. Башка менин эч кимим деле жок! Бир үйдө жалгыз баламын…» деп жооп бердим.

— Бул суроолорду эмнеге берди деп ойлойсуз?

— Менин жазгандарымды кайрадан текшерип жатпайбы. Ал мен айтып бүтөөрүм менен эле «… бул жумушка сени ким орноштурду? Кайсы жерде турасың?” деп дагы сурай баштады. « Акча төлөп квартирада жашап жатабыз» дедим. «Аялың ким?» деп дагы суроо узатты. «Аялым болсо өзүм менен чогуу окуган классташым. Бала кезде чогуу чоңойдук. Бири-бирибизди жакшы билебиз, сүйүшүп баш кошконбуз. Үчүнчү класстан бери бир партада чогуу отурдук. Атасы өлүп калган. Энеси болсо карапайым колхозчу. Болгон туугандарыбыз ушулар эле!» дедим. Ал мени “бүттүңбү?” дегендей карап отурду да кайрадан суроо бере баштады. Күтпөгөн суроону берди. Анан ал «сен министрлердикине, илимдин докторлорунукуна, жазуучу жана башкалардыкына конокко барып турасыңбы?» деп сурады. «Мен эч кимди тааныбайм, эч кимдин үйүнө конокко да барбаймын! Биздин үйгө да конокко эч ким келишпейт. Өзүбүз да конокко барбайбыз. Бизди конокко чакырбаса, же биз чакырбасак. Андан да акча төлөп батирде турсак, шартыбыз жок, эч кимди деле конокко чакырбайбыз!» деп жооп бердим. Анан бир убакта ал буларды айтты: «Мен сенин ушинтип жооп берериңди билгем. Өздүк делоңду окуп чыктым. Баары текшерилген. Туура жооп берип жатасың. Эми сени чакырган себебим, татаал ишке жөнөткөнү турам. Ошону министр менен кеңешип көрүш керек. Ошого жарайсыңбы жокпу-текшерип көрөйүн дегенмин. Сенин аракетиң абдан күчтүү, кара күч менен ошонун баарын аткарып, өзүңдүн мыкты чекисттик сапаттыңды көрсөтүп келатасың. Өзүң менен чогуу иштегендерге салыштырмалуу көп информацияларды алып келип жатасың. Мен окуп жатам, көрүп турам!» Мен таң калдым. Биздин бөлүмдү эле карап жүргөн го деген ой калды. Мага окшогон кызматкерлер башка бөлүмдөрдө деле көп да. «Кечээ күнкү, мага жөнөткөн эки документиңди окудум, кол жазма менен жазылган кагаздарды айтып жатам!» деди ал. “Чынында биздин жумушта кээ бир жашыруун документтерди машинкага бербей, кол жазма түрүндө беребиз. Анткени, машинисткага да кээ бир материалдарды ишенбейбиз. Берүүгө, машинкага бастырууга болбойт. Ошол документтерге министрдин орун басары санкция берет эле. Макулдугун билдирип же өзүнүн ой-пикирин айтып дегендей деп ошол эки документ тууралуу айтып отуруп, «Сен өзүң орто эле билимдүү экенсиң. Ташкентти бүтүпсүң, ал деген жогорку окуу жай эмес. Кыргыз мектепти аяктаганыңа карабай, орусча документтерди аябай билимдүү жазат экенсиң. Мен сени, бир-эки күндөн кийин чакыртам. Экөөбүздүн ортобуздагы бул сүйлөшүүбүз туурасында эч кимге ооз ачпа, айтпа! Керек болсо, өзүңдүн начальнигиңе да. Аларга мен да айтканым жок. Уктуңбу?” деди ал. Мен болсо, “…макул!” деп, кыска гана жооп бердим.

— Эмне кызмат экенин айткан жокпу?

— Жок. Мага өзү да айтпады, мен да кызыгып же такып сураган жокмун… Мени чакырган адам өз сөзүндө,”… менин сага айткан кабарымды эч кимиси билишпейт. Сени кеч чакырганым да ошондон. “Асанкулов ордуңда барбы?”деп сурасам, бар дешти. Эми мен, эки-үч күндөн кийин так ушул убакта чакыртам. Көпчүлүк кызматкерлер кеткенден кийин. «Эми бара бер!» деди министрдин орун басары. «Болуптур…» деп анын кабинетинен чыктым. Жолдо баратып ар нерсенин башын ойлондум. Эмне болгон тапшырма экен деп, анын баш-этегине чыга албай башым катты. Туура эки күндөн кийин мени дагы чакыртты. «Шеф, сени өзүнө чакырып жатат!» дешти Забелин отурган секретариаттан. Мен да ушул чакырууну күтүп отургансып, анын кабинетине кирдим. «Отур!» деди. Анан ал айтты: «Сени бир татаал жумушка коём. Мен эмне десем, ошону аткарасың. Мага бир көрсөтмөлөр керек. Ошону аткарам деп убада бересиң, ошого карата мен сени жумушка алам! Ал кызмат Кыргызстан үчүн баалуу, эң эле жашыруун!» деди ал. Мен билгенден ошондой кызмат болчу, бири-бирибиз менен сүйлөшүп жүрчүбүз. Бешинчи бөлүмдүн, биринчи отделениеси болот эле. Кээ бир кызматкерлер көбүнчө эч нерсеге катышчу эмес. “Ошол бөлүмгө барасың!” Тиги киши мага карап, сөзүн улады “Эми сен бүгүнкү күнгө чейин кандай жүрсөң, ал жакта да ошондой болосуң. Эч кимдикине конокко барбайсың. Башка бирөөлөрдү жашаган үйүңө конокко да чакырбашың керек!” деп мага катуу көрсөтмө берди, да: “…сен көнгөнчө, эч ким менен аралашпа. Тапшырма алып, ошону менен иштейсиң. Бирок эмне жумуш аткарып жатканың боюнча күндө отчет берип тураарыңды да эскертип коеюн. Мен айткандын баарын аткарсаң, биз сени эң алдыңкы кызматкерлердин катарына кошконго аракет кылабыз. Сен биздин ишенимге кирип калдың. Бул да оңой нерсе эмес. Мен эртең начальнигиңди мында чакырып өзүм айтам, сен унчукпай эле кой. Эми бара бер!» деди. Мен болуптур деп аны менен коштошуп чыгып кеттим. Эртеси дагы чакырышты. Ал жерден, «Асанкулов, сени старший оперуполномочен кылып биринчи отделениеге шайладык. Эми сага бул иш менен таанышыш үчүн бир документ берем, ошону окуйсуң шашылба, эки-үч күн убакыт жетиштүү болсо керек. Дурустап ойлон!» деди. Мен ага өз макулдугумду бердим. Анан мени алып барып жаңы коллектив менен тааныштырды. Төрт отделение бар экен. Бир бөлмөдө беш киши отурабыз. Бирөөсү начальник отделениенин орун басары, анан эки майор, анан бир капитан бала. Өзүм болсо болгону лейтенантмын. «Бул сейф сеники”, анан тигилерге карап, “ сен бул делону, буга бересиң!» дешти. Жанагы делону окуп жүрөгүм “шуу!” дей түштү. Карасам биз окуп жүргөн Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов, Түгөлбай Сыдыкбековдор ж. б. жөнүндө толгон-токой материалдар, мага окуп чык деп берилген делонун ичинде жүрөт. Мен ошол “делону” колума алып, бир сыйра барактаган соң “Кудай сакта!” дедим чочугандан…

— Ошол кезде, сиздин белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен жакын бажа экениңизди да эч ким билбесе керек?

— Ал кезде кайдан, мен өзүм деле билген эмесмин… Мага берилген документтерди карап туруп, коркуп кетип, “… бул эмне деген документ!” дедим ичимден. Ушундай коркунучтуу кагаздар бар экенин билбептирмин. Анан баланчада камалган, тигиндей болуп түшкөн деген эле документтер. Көрсө, ал топтолгон материалдар жергиликтүү «улутчулдар» жөнүндө экен. Тиги начальник өзүнө чакырып, «… сен байкадыңбы, бул бөлүмдө бир дагы кыргыз жок. Биринчи болуп, кыргыздардан сени кызматка алдык. Бул сага болгон чоң ишеним деп бил. Буга чейин бир кыргыздын мында кирүүгө уруксаты жок болчу. Анан сага, шеф инструктаж бердиби? Менимче, “… силер өзүңөрчө сүйлөшкөнсүңөр да, ал сени чакыртыптыр!» деп менден чочугансып сүйлөдү. Мен болсо унчукпадым. Ал менден жооп болот деп күттү көрүнөт, аны жоопсуз калтырып кутулдум. Убакыт болсо өтө берди. Биздин жумушта кечки жумушубуз да бар. Бул туурасында жөнөкөй кишилер билбейт. Түнкүсүн бизге керектүү кишилер менен жолугушабыз. Күндүзү ал кишилерди көрүп коюштары мүмкүн. Анткени баарысы кабинетте отурушат эмеспи. Кептин негизи, чыныгы жумуш кечкисин башталат. Анан мага тапшырма беришти: « Сен ушу менен барасың. Сүйлөшүп келесиң, аны тааныйсыңбы?» деп мага суроо салышат. «… Жок, мен аны тааныбайм!» деп кутулам. «… Анда жакшы болот. Сүйлөшкөн жерге бир кыргыз киши келет. Сен коркпогун, ал киши эч кимге айтпайт. Аны мурун көрүп-билип жүргөндөй ээн-эркин сүйлөшө бер!” деди ал. Бул тапшырма, чынында мен үчүн чоң сыноо болду. Кыргыз деген сөз болот экен деп түшүндүм. Көрсө, кайра сураганы “айтаар кишиси жок бечара” деп калды го оюнда. Колго алып туруп бекитебиз деген экен. Коркутуп туруп, экинчиден өзү деле оозунан сөз чыкпаган, дың дебеген жигит окшойт деп калышты го. Тиги киши менен сүйлөштүм. Баары нормальный, ал да мени сынап аркы-беркини сурап коет. Өзүнчө текшерип да чыкты окшойт. Эмне болсо да тажрыйбасы бар эмеспи. Аркы-беркини сурады, мен жооп берип коюп отурдум. Көрсө элдин арасында, жазуучулар, интеллигенциянын ичинде эмне деген сөздөр жүрүп жатат, өкмөткө каршы уюшкандар жокпу, ошолор туурасында айтып берди. Көп мезгилден кийин гана карап көрсөм, жанагы мен жолуккан кишилердин көбү кыргыз элине башы көрүнгөн адамдар болуп чыгышты. Алардын арасында Аалы Токомбаев да бар экен. Ал кезде идеология күчтүү эмес беле. Гезитте цензура аябай катуу болчу. Аны партиянын кызматкерлери да тыкыр көзөмөлдөп турат. Сырттан келгенди карай турган бизде бөлүм болот. Бардык жагынан карайбыз. Бирөө отпускага кетип, “Нарын, Тянь-Шань тарапты сен карайсың” дешти. Ошол жактан келген кагаздарга мен жооп бермек болдум.

 

Усубалиевдин кайын атасы жана айтматовдун «делосу»

— Сиздин жетекчилериңиз өзүңүздү жакшылап изилдеп чыккан соң, чоң ишеним менен өтө жашыруун делген иштерди окуганга уруксат беришкенин, айтып өттүңүз. Бул деген алардын ишенимине кирүү дегендик да, туурабы? Кийинки иштериңиз кандай кетти?

— Шкафты ачсам, ичи толтура иш кагаздары. Ар бир адамга бирден дело туура келет го деп койдум. Эмне мынча көп деп, өзүмчө таң калдым. Көрсө, биздин кызматкерлер элдин, интеллигенциянын арасында болгон материалдардын баарын жыйнай беришет экен да. Баарын эле жанагы киши карап, жазып турат окшойт. Менден мурун келген материалдарды көрүп айтып отурам. Бүт баары машинкага басылган. Сталинди ким, эмне деп жатат. Канкор, андай-мындай деген сөздөр мына ошондо эле айтылып жүргөн. Демократтар азыр эле көрө калгансып айтып жатышат. Ошол кезде эле Сталин канкор экенин, канча миңдеген бейкүнөө адамдарды Сталин камап жибергенин эл арасында ачык, жашыруун да айтып келишкен. Ушунча жылдар бою, эл Сталиндик бийликтен, жанагы камоолор башталган кезден катуу корккондорунан, ал тургай тамак ичип отурганда да шыбырашып сүйлөшүшкөнгө өтүшкөн. Күнү-түнү уктабаган НКВДнын адамдары алардын жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан болчу. Адамдар, баары-бир ишти кылардан мурун Сталинди ойлошкон. «Об основы ленинизма» деген китеби он бир жолу басылып чыккан. Экзамен бергенде окуп калганбыз. Идеологияны бир кадам жылдырбай, бурмалабай карап турган. Оппозиция болбосо деп коркушкан. Ал кезде оппозиция деп айтышкан эмес. «Не довольныйлар» деген сөз бар эле. Азыр уруксат берери менен оппозиция деген чыкты. Көз карашы эле кичине туура келбей калса эле болду, «оппозиция» деп атап алышты.

1938-жылы камалып, 1948-жылы чыгып, кийин 148 директива менен он жыл отуруп чыкканды кээ бирөөлөр ал жакта өзүн түз, туура алып жүрсө, артынан жакшы мүнөздөмө кагаз келсе гана эркиндикке жөнөтчү. Ошолор чыгып келишкенде бизге жумуш көбөйчү. Он жыл бою өз жерин көрүшпөй, бактысы бар экен, кайтып келишсе буларды артка кайта айдагандары кандай? Ошондо бир дело колума түшүп калып, жумуштан калып, атайын баарысы кеткен учурда окуп чыктым. Мен билгенден, бул дело бөлөк кишинин колунда болчу. Анын командировкага кеткенинен улам гана, аны мага карап окуп чыкканы беришти. Карасам, кийин республиканы отуз жылдай башкарган Турдакун Усубалиевичтин кайын атасы тууралуу жашыруун “дело” болуп чыкты. Эми, ал учурда Турдакун Усубалиев деле чоң кызматтарда иштей элек, тааныла элек кези болчу. Ал эми мага, “… Асанкулов, сен бул делону жакшылап карап окуп чык!” деп мага берген жашыруун кагаздарды, ал кезде көрүнгөн эле кызматкердин колуна бербейт болчу. Эмне үчүндүр мага гана чоң ишеним көрсөтүштү.

— Кадимки эле Турдакун Усубалиевдин кайын атасы боюнчабы?

— Ооба… Мага оку деп берилген кагаздардын арасында, Усубалиевдин кайын атасы Кудайбергенов Ташы туурасында жазылган “дело” да бар экен. Ал “дело” менин колумда жатат, абдан редакторлоп чыгыш керек. Туура эмес редакциялап калса, начальник тилдеп кайра кайтарып жиберет. Кайра-кайра машинкага алып келесиң деп, тигилер да жаман көрүшөт. Айла жоктон кайра отуруп көчүрүп, оңдоп чыгууга туура келет. Документтерди жазып, аны менен иштөөгө өтө катуу тартип бар. Кагаз тиктеп отуруп кадимкидей чарчайсың. Ошо кишинин лагерден жазган катын столго таштап кеткен экен, окусаң адамдын боору ооруй турган. Аягына чейин окуп чыкканга жүрөк чыдабайт. Ал байкуш бул жактан жөнөткөн акчаны бир тыйынына чейин эмнеге коротконунан өйдө жазыптыр. Өзү кезегинде башкы судья болуптур. Замандаштарынын айтымында өз доорунун билимдүү адамдарынан болгонун кийин уктум.

— Ошондо жашыруун иштерди окуп жатып, өз кайын атаңыздын фамилиясын да кагаздардын арасынан окуп калганыңызды бир ирет айтып берген элеңиз. Соня эжекенин атасы туурасында окуганда кандай абалда калдыңыз?

— Мен ал кезде өз кайын атам туурасында билген эмесмин. Көрсө Кудайбергенов Ташы менен менин аялымдын атасы Дардайыл 1932-жылы бирге камалышыптыр. Кийин гана ал киши менин кайын атам экенин билип, кайрадан окуп чыктым. Өзүмдүн кайын атамдын “делосун” окуп алып эсим ооп, чочуп кеттим. Дардайыл деп жүрөт. Эсим чыгып, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Ту, атаңды деп башымды тырмадым. Мындай “делолорду” окуп, жүрөгүм сыгылып чыгат.

— Корктуңузбу?

— Мындайда ким коркпойт. Эртедир-кечтир, бул иштин бети ачылып калат го деп аябай коркуп жүрдүм. Көрсө, Сибирге айдалганда орус кемпирдин үйүндө жүрүптүр. Эптеп жүрүп, он жыл дегенде лагерден аман келди. Мына ошол адамды өкмөт кайра абакка кетирди. Болбогон майда нерселер менен көп адамдардын тагдыры тебеленип, кайрадан камалып кетишти. Анан аны мен жүргүзгөн эмесмин. Мен анын өзүмдүн аялымдын атасы менен чогуу камалганын ошол документтерден окуп, анан билип отурбаймынбы. Мен кайдан билейин, буга чейин өзүм да билген эмесин да. Анан кийин ошол калың кагаздардын арасынан Төрөкул Айтматов деген фамилияны биринчи жолу ошондо окуп отуруп кездештирдим. Чоң бир сүрөт бар эле делосун да кошо тиркелип. Бирге окуп, бирге чоңойгондору болсо керек. Ошондон баштап булардын өмүрүнө кызыгып, архивдеги материалдарды изилдей баштадым. Таң калыштуусу, мага да окуганга уруксат беришпейт. Суранып отуруп архивге кирем. Тапшырарда ар бир барагын карап, айрып алган жоксуңбу деп текшерип чыгарат. Правников деген архивдин начальниги бар эле. Архив болсо жертөлөдө жайгашкан. Анда, азыркы Тарых музейи менен Лениндин эстелиги турган жердин так алдында КГБнын эски имараты бар эле. Эми карабайсыңбы, ошол жерде колун сунуп Ленин турат. Кай убакта ошол жерден өтпөйүн, ушул иштер көз алдымдан кетпейт. Аны Усубалиев өз убагында, республиканын жетекчиси болуп турган кезинде билгенде, ал жерге эстеликти койдурбайт эле го. Биздин чоңдор али көп нерсени билишпейт эмеспи. Партия, тоталитаризм, сталинизм деп кээлери жөн эле кыйкырып жүрүшөт. Мага окшоп, ошол архивде катылган кагаздарды окуп, билгендер үчүн ал тозоктун да тозогу. Ошол жүрөктүн үшүн алган каттарды, “делолорду” окуган сайын Сибирдин учу кыйры жок түнт токойлорундагы темир зым менен тосулган абактардын муздак дубалында эч кандай күнөөсү жок жаткан адамдар көз алдыма келет. Эми ошону билип туруп даңазалап, социализм тигиндей-мындай деп кыйкырып жазып жаткандар бар. Эгер ушул болгон чындыктын өзүн элге айта турган болсом… Бир жолу менин көзүмчө тергөөчү (зам.начальник РОВД) сурак берип жаткан адамды, тим эле кокосуна колун салып туруп, бет талаштыра муштап жиберди. Мен котормочу элем, башта мындай көрүнүштү көрбөгөн мен ордумдан тура калып, сыртка атып чыга качтым. Ошол окуядан кийин башка тергөө иштерине барбай койдум. Бул иштен баш тартамын деп болбой туруп алдым. Мына ушундай. 1938-жылы кыргыздардын интеллигенциясын кырып, анан басмачыларды кантип өлтүрүшкөнүн окуп отуруп корккондон калтырайсың. Чынында эле «Национализм» деген кайдан чыкты деп изилдей баштадым. Эмне үчүндүр, кыргыздын мен деген жигиттеринин артынан “… сен улутчулсуң!” деп сая түшүп алышкан экен. «Национализм» деген жок. Ал деген экзамен болгон. Ошол заключения берилсе ал «националист» эмес деп, анда ал адам тирүү калган. Ар бир каралган материал БКга кетип турган. Муну эч ким билген эмес. Ал кезде, бир жетекчи экинчисинен жашырган. Тартип катуу болгон. Кудайбергенов Ташы, ал киши зарлап жүрүп өз мекенине акыры көп жылдардан кийин гана келди. Кайткандан кийин дагы, алты-жети жылдай туруп анан 1956-жылдары кайтыш болду окшойт. Мен ал кезде Москвадан окуудан жаңы келген кезим. Ошол кесилип кеткендердин көбү, тууган-уругу менен кат жазышууга акысы жок болчу. Сибирдин токоюнда карагай-кайың кесип, ар кандай оор кара жумуштарды жасап жүргөндөрү менен, алардан жакын туугандарына, аял, бала-чакасына эч кандай кабар келбейт. ГУЛАГ деген ошол. Дальспецстрой, Дальстрой деген аттары көп болгон. Булардын көбү Ыраакы Чыгышта болчу. Иркутскиден ары, бери жок. КАРЛАГ деген бар эле. Мындайча айтканда 2,3 жыл соттолгондору ушул КАРЛАГ деген лагерде болгон. Бул лагерь Орто-Азиядагылардын жүрөгүнүн үшүн алган. Анан калганын көбүнчө Магадан тарапка, Иркутский, Новосибирскинин айланасына, андан ары Красноярский крайга абакка айдашкан. Кадимки эле Сталин өзү да жанагы Туруханский крайынан беш жолу качкан. Мына ошол жерлерде Ленин, Дзержинскийлер да көп жылдар бою түрмөдө жүрүшкөн. Кызыгы, кийин өздөрү, сүргүндө жүргөн жерлерге башкаларды сүргүнгө айдашканы болду. Эң өкүнүчтүүсү, кыргыздардын көпчүлүгү репрессия убагында бирин-бири сатып кете беришкен. Эми, ошол чындыкты айтсам, элди чабыштырып алам. Ошон үчүн эч нерсе айта албайм. Демократияны кыскан катуу заман келсе, так мына ошол ушак дагы көбүнүн убалына калат. Ошондуктан, мен ушак айтканды ушунчалык жаман көрөм.

Мен билем, ошондон көп кишилер ал кезде өзүнүн душмандарын НКВДнын куралы менен жок кылып өч алышкан. Көрсөтүп коет же айтып коет депби, жазгандан аябай коркушкан. Тигилер айтат, дароо жазып алышат. Анан “дело” ачышып, ишти андан ары тереңдетип кете беришкен. Артынан аңдытып киши коет. Ал болсо тигинин көлөкөсүндөй болуп ээрчип жүрө берет. Үйүнө барат, сүйлөшүмүш болуп отурат, тамак ичип беш бармагын жей берет. Эч ким анын ким экенин, максатын, ичиндеги арам оюн билбейт. Бирок, тиги жакка баарын айтып, жеткизет. Ал ошол жердин ишенимине кирип алган. Ошондой бакан ооздорго ишенишкен. Аңдып жүргөн адамды деле «националист» деп айта алган эмес. Ал деген буржуазный стройду өткөндөн кийин баягы чоң буржуазия же капиталист болсо илгеркисин эстеп, мен тигиндей элем, азыр мындай болуп калдым деп айтса, «улутчул». Национализм бул элдин улут катары өсүп өнүгүшү, бул жерде жалпы эл өзүнүн кызыкчылыгы үчүн көтөрүлөт. Ал өзүнүн туусун көтөрүп чыгып, өз укугун талашып, эл үчүн деп кармашкан. Араб өлкөлөрү ушул жолду басып өтүштү. Азыр сен “египетсиң” деп бөлүнүшпөйт. Насер болсо империализмге каршы турган «националист» адам болгон. Булар убагында жаш офицерлердин жашыруун уюмун түзүшкөн. Анын башында Насер турган. Маршал Амед, Анвар Саадат англичандарга каршы өзүбүзчө эркин мамлекет болобуз деп, өз элин көз карандысыздыкка каршы көтөрүп чыккан. “Биз колоннизаторлорго эзилип, кул болуп бүттүк, өз жерибизди, элибизди коргошубуз керек!” дешкен. Көз карандылыкка каршы күрөшкөн мына ушулар болушкан. Алар түрмөгө отуруп чыккандан да коркушкан эмес. Эң башкысы өз элинин чыныгы эркиндигин, керек болсо өз өмүрүнөн да жогору коюшкан.

— Ошол кездеги идеологиянын курмандыгы болгондор, негизинен интеллигенциянын катмары болгону чындык.

– Өткөн заман менен бүгүнкү күнгө берип жаткан туура салыштыруума жаштар да туура баа берет деген ойдомун. НКВД 1938-жылдары айыптоого эч нерсе таппай, айыпталгандардын көпчүлүгүн «троцкисттер» деп эч кандай далилдери жок эле отургузуп койгон учурлары көп болгон. Ошолорго жазып берип, мойнуна койгон бир да кагаз табылбады. Канча миңдеген кишилер камалып кеткени менен архивде жарытылуу, далилдүү документ кагаздар жок. Бир саясий уюм болуп, ушул киши баштаган ошол кишинин айтуусу боюнча кеңешип ал беркисин тартып макулдатып ушундай ишке аралаштыр деген эч бир факты жок. «Социал-Туран» партиясы деген сөз бир жерде сөз болгон экен. Ошону бир киши жеткириптир. Ошол киши ушундай дептир, деп эле ошол камалгандарга ушул партия жөнүндө суроолор бериле берген. Анан каалаганын сурап жатып ушунун аягына чейин табабыз, билбей жатсак керек деп иштей беришкен. Эч нерсе таппагандан кийин, сабап киргенде кыйынчылыкка чыдай албагандар «Социал-Туран» партиясынын мүчөсүсүңбү?» дегенде аман-эсен тирүү калыш үчүн баарына кайыл болушуп, эптеп аман калууга далбастап “Ооба!” деп жиберишкен. Колу-бутун сындырып кирсе эптеп кутулуштун айласын кылышкан да. Ал эми Жусуп Абдрахмановдун Сталинге жазган китебинде, турбайбы. Сабап жатса, айласы түгөнгөндө, анан кайра келип Сталинге, СССРдин башкы прокуроруна суранып, кат жазып отурат да. 1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн оор трагедияны, темир жолду бербей койдуң деп Каганович жөнүндө аябай катуу жазган. Абдрахмановдон башка, эл момундай болсун, тигиндей болсун деп доклад жазган сабаттуу киши да болгон эмес. Кыргыздын сабаттуусу эле, ошол Жусуп Абдрахманов болгон экен.

— Жусуп Абдрахманов ошол кездин улутчул адамы болуптурбу?

— Менин билишимче, биздин республикада гана бир дагы «улутчулдук организация» болбоптур. Болгону бир Кудайкуловдун «ур-токмок» деген дыйкандар түшүнбөгөн, элди кыйнап туруп «террористтик организация» кылайын деген аракети болгон экен. Эми Кудайкулов деле элди макул кылдырып, өздөрү тарапка көндүрөйүн бирге болсун, деген аракети болуптур. «Ур-токмок!» деген “дело” чыккан. Анда деле, Советтер Союзу жаман, тигиндей мындай деген эч нерсе жок. Жанагы облисполкомдун чоңдору Кыргыз АОнун партия обкомунун ишине кадр маселеси боюнча туура эмес иштерди кылып жатасыңар деп жазган. «Отузунчулар» деп аталып баарысы тең камалган. Документалдык жактан, же болбосо бирөө жазып даярдап, андай-мындай деген эмес экен. Касым Тыныстановдун жазган «Академия кечтери» (“Академические вечера”) деген чыгармасын, бул улутчулдук, элге бай-манаптык идеяны чагылдырган, Касым Тыныстанов улутчул адам болгон деп айтып жүрүшкөн. Анан Арабаевди да айтышкан. Ал кезде түшүнүшкөн эмес. Көрсө, улутчулдук дегендей эч нерсе болбоптур. Мен деле тапканым жок.

 

Кыштообаев жана Абрамзон

Кээде айылга барып калган учурда, баягы бала кезде чөп чапкан жерлерди карап туруп, өткөн балалык кезди эстейм. Бизди чөп чапканга баштаган Кыштообаев Калдарбек деген карыя болду. Экинчи карыянын аты-жөнүн унутуп калдым. Чөп чапканда аябай тердейбиз, анан эс алганда далда жерде жатпасаң жел туруп калат. Тоо деген тоо экен, кадимкидей жел жүрөт. Ошентип билбестигибизден, бир жак капталыбызга жел тургузуп алып, чалгы чапканга болбой калды. Тиги киши, “ эми, муну кайра тердеп туруп чаппасаң ооруп каласың!” деп айтты. Анан тердейли деп шымаланып, шымыбызды тизеге чейин түрүп алып чөп чабабыз. Бутубузда эч нерсе жок. Биздин чарчап баратканыбызды тиги кишилер байкап калышып, “ эс ала тургула, чалгыңарды кайрап берейин?” дешет. Кичине болсо да, чарчаганыбызды унутуп эс ала түшөбүз. Кайра ордубуздан туруп, чөп чапкан бойдон тердеп ылдый түшүп кетебиз. Кайра чыкмай өзүнчө азап, чөп да жаш, бутуң жылаңайлак болуп сыйгалана бересиң. Башына жеткенче энтигип калабыз. Тиги эки киши биздин соңубуздан чыкканча, биз эс алып алчуубуз. Алар да чыгып, балдар бир аз тыныгып алсын дегендей өткөн- кеткенден кеп козгоп берет. Азыр ойлосом, ал киши жаш кезинде куйма кулак болсо керек. Жамакчылык жагы да бар, куюлуштуруп бир сүйлөйт дейсиң. Бир жолу эс алып отурсак, ал киши бизге карап; “эгер мен жазуучу болсом сенин чарчап ойлонуп отурганыңды, шалпайып эсиң ооп суусап, тамагың кургап сууга жетпей отурганыңды жазмакмын. Анткени, согушта жанын тиштеп, өлүп калбасам экен деп жүргөндөргө караганда, биз кыйналсак да бул жерде ок учуп аткан жери жок. Кыйналсак да эркинбиз” дейт. Анан чоң аталарыбыз жөнүндө көп мактоо сөздөрүн айтаар эле. Көрсө бизди кара жумуштан жалкоолонбосун деп көтөрмөлөп мактоо сөздөрүн айтып, шык берчү экен. Ошондо, ушунча да сөзмөр болобу деп аябай таң калар элек. Өзү сабатсыз эле. Менимче кол койгонду араң билсе керек. Кээде айылга барып калганда, биз баягы чөп чапкан жерди көрүп зээним кейип кетет. Биздин боюбуз менен тең келип, сеңселип турган чөп чабык жерлер жок. Таптакыр мал тебелеп, туяктары менен чөптөрдүн тамырларын кыркып, такырайтып салыптыр. Эми мурункудай чөп да чыкпайт экен. Көп жылдардан бери биздин колхоздогулар, бул жайыттардан чөп чаппай калышыптыр. Мен таң калдым, эмне үчүн бул жерлер такырайып кеткен деп. Чөп чапканда ойдуң жерлер бар эле, ошол жерлерге келгенде, балдардын эң бойлуусу мен элем, чөп менин көкүрөгүмдөн келчү. Чалгы бет маңдайыңдагы чөптөргө тийгенде, ал чөптөрдөн кадимкидей сүт чыгат эле. Какыраган жерде туруп, кечээ гана өзүбүз бойлуу чөптөрдү чапкан күндөрдү, өзүм теңдүү балдар менен чөп чапкан жерлерди эскердим. Асманда торгойлор безелене сайраган талаада ошол күндөр, бир сыйра көз алдымда сапка тизилип өттү. Эми, ошол күндөр, бактылуу балалыктын не деген керемет түндөрү болчу. Кечкисин тамак ичкени келебиз. Тамак деген, болгону жарма менен нан. Эрте эле жатып алгандан көрө деп сүйлөшүп отурабыз. Асман бетин бербей сансыз жылдыздар жайнайт, айлананада чегирткелердин сайраган угула калат. Көмкөрүлүп турган чоң казандай болгон асман алдында, эбак кургап калган жыгач отун чатырап чарт-чурт эте күйүп жатты. Айланага жарык нурун чачып жагылган отко жакын келип, балдар акырын отуруп жатышты. Балдар кулак түрө, абышка бүгүн дагы кандай кызыктуу окуяларды айтып берет деп, күтүп отурар элек. “Келгиле балдар, отургула” деп, абышка бизди оттун жарыгына, өзүнө жакын отурууга чакырат. Өткөн-кеткенди, өзгөчө «Эр Төштүк», «Курманбектен» үзүндүлөрдү айтып берет. Биздин айылда эмне деген уруулар болгон, анан ким кайдан келген, ким кимге кандайча тууган болуп чыгат, ошонун баарын майдалап айтып берет. Кийин, менимче 1960-жылдардын аяк чендеринде Абрамзондун китеби чыкты. Ошол кезде Абрамзон деп ЦКдагылар жабышып эле жатып калышты. Каракеев менен Орозалиевге макала жаздырышты. Абрамзон тигинтип-минтип, кыргызды бөлүп-жарып дешип. Ошондо Абрамзондун ким экенин деле билчү эмес экенмин. Мынчалык тополоң салган эмне болгон китеп экен деп барактап көрсөм, акыркы барагында кимдерден алынган, уккан белгиленген акыркы бетке карадым. Алынган фактыларды кимден уккандарынын арасында баягы Кыштообаев Кадыралы жүрөт. “Буденный” колхозу деген жазууну окудум. Ооба, биз чөп чабыкта жүргөн кезде түнү от боюнда аңгеме айтчу Кадыралы аксакалдын өзү. Ошондо бизге айтып берген окуялардын баарысы ушул китепте мончоктой тизилип турат. Бизге тууган деле эмес, болгону биздин үйгө жакын жашоочу. Менин чоң аталарым жөнүндө бир нече ирет айтып берген. Анын айтымында менин чоң атам аябай чоң, абдан күчтүү балбан киши болгон экен. Мен ошондо жалкоолонбой чөп чапса экен деген ой менен айтып жатса керек деп, абышканын оюн туура эмес ойлоп жүрүптүрмүн. Анын «аккан арыктан суу агат!» дегени да кулагымда турат. Кийин иликтеп көрсөм ал кишинин чоң атам туурасында айткандары чын экен. Азыр санжырачылар деле айтып жүрүшпөйбү. Жазуучу Стамовдун «Кыргызстан маданияты» газетасында «Генералдын зайыбы» деген макаласы жарык көргөн. Байболот деген чоң атамдын баатырлыгын анын калмактын балбаны менен күрөшүп, көтөрө чаап кабыргасын жулуп алып, андан кийин чатак чыгып, тиги түштүккө качып ооп кетиптир.

«Анан сенин туугандарың көп эле, биздин айылдагылар билишет. Бирок силер жалгызсыңар, тукумуңар кем. Туугандарымдын көбү Лейлек, Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр деген жеринде деп айтса бала кезде анча маани берген эмес экенмин. Кек кууган калмактардан качып тиги ашуулардан ашып, анан торпокту көтөрүп, тайлар музда такасы жок тайгаланганда атты өзү көтөрүп өтүп кеткен дешет. Менин чоң аталарым да Кожомкулдай балбан киши болгон экенин айтчу. Сен ошо чоң атаңды тарткансың, сенин боюң чоң атаңдыкындай, күрөшкө түшөсүң, улакка дагы деп эле мактай берет болчу. Абышканын ошондо айткандарын, бир чети балалык кылып, экинчиден ага анчейин ишене берчү деле эмесмин. Көрсө, анын сөздөрүнүн маанисине баа бербей балалык кылган экенмин. Кийин Абрамзондун жазган китептерин окуган соң гана менин ата-бабаларым да, өз убагында эл оозунда жүргөн балбан кишилер болгонун кеч түшүнүп, эми гана аркы-беркини өз көзүм менен көрүп, ынанып отурам. Ушулар эсимде калыптыр. Абышканын айткандарын тарыхый уламыштар деп жүргөнүм менен, менин бабаларымдын эле башынан өткөн окуялар экен.

— Туулган жериңизге тез-тез каттап турасызбы?

— Азыр, туулган жерим, Кепер-Арык айылы жакка аз барам. Анда-санда гана барганым болбосо, көп учурда жумуштан колум бошобой, өзүм туулуп өскөн айылыма кем каттап калдым. Туугандарым деле айылда жок эсе, жылдар өткөн сайын алар да четинен өтүшүп, саны азайып катарлары суюлуп баратышат. Акыркы учурларда, жумуштун көптүгүнөн барганга деле колум тийбей калды. Айылымдагылар менен азыр алысташып кеттик окшойт. Москвада он бир жылдай жашап келдим. Ары-бери болуп көп жылдар өз айлыма барбай калыптырмын. Ушул эле турган жерге каттабай, өкмөттүн жумушу деп жүрө берген экенмин.

Анан жакында бир жолу барганымда баягы балалык кез өткөн жердин, кунары кетип, көк шибер жайкалган жерлер, менин белимден келип, шамалга жайкалган чөптөрдөн эч нерсе калбай, такыр болуп кетиптир. Тоолор да негедир жапыз болуп көрүндү. Бала кезде тоолорубуз дагы негедир сулуу, анан бийик көрүнүүчү эле. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Ахматбек Сүйүнбаевдер жанагы Жар-Ташка чейин барышкан экен. Ал жакта жердин жети катмарынан оргуштап ак-суу чыгат. Экөө суу чыккан жерине чейин барышыптыр. Кийин Турдакун Усубалиевич, “… Жумабек Асанкулович, кечээ сиз чоңоюп өскөн айылды барып көрүп келдик. Укмуш сонун жер экенине суктандык, чынында туулган жериңиз мага абдан жакты. Миң-Төкүндөн чыгып алып Жар-Ташка чейин бардык” деди ал өзүнүн кабинетинде отуруп. Анан мен айттым, “Турдакун Усубалиевич, ал жер Кочкор эмес. Мен өзүм Кочкорду жакшы билем. Жалаң эле бөксө тоолор, кыпкызыл шамал учурган жер. Майда таш. Тоодой, тооңор жок экен. Мындайча айтканда эчки багып байый турган жер көрүнөт. Эң жаман жери, дырылдап шамал уруп турат экен. Эми кыргыздар шамалды жаман көрөт, анын кыргызга пайдасы тийген эмес!” десем, Усубалиев туура дегендей башын ийкеп койду.

Боз үйдө турганда анын этеги ачык болот эмеспи, кичине эле шамал ышкырып жүрсө эле ичине суук кирчү. Катуу шамал жүргөндө боз үйдү жапырып же учуруп да кетет. Түндүгү учуп кетет. Мен кичинекей кезимде күн бүркөлүп, шамал башталганда үйдө жалгыз болсом аябай коркчумун. Шамал сого турган жагын аркан менен байлап да коюшар эле. Ошого карабай ууктары, керегеси шамалга кычырайт. Ушундайда жалгыз бала коркпой да коймок беле. Эми гана отурукташып көп нерсени билбей калдык. Көчмөнчүлүк жашоодо кыргыз элинин башынан не бир укмуш окуялар өтпөдү дейсиң. Жаш өтүп бараткандыктанбы, мен балалык кезимди акыркы учурларда көп эскерчү болдум. Ар бир адамдын балалык, жаштык кези эң таза, тунук мезгили болот эмеспи. Эми ал кездер тоонун байлыгындай кымбат, жаратылыштын кооздугундай сулуу, эч нерсеге алмаштыргыс учур экен. Мына ошол кездерде Малдыбаев «Эсимдени» ырдап чыкканда биз жаш бала элек, аны угуп отуруп өзүбүз кошулуп ырдап жаткандай сүйүнөт болчубуз. Малдыбаевдин үнү укмуш керемет эле. Андай үнү бар таланттар биздин элде саналуу экенин жашырып болбойт. Азыр ырдап жүрүшөт го, бирок Малдыбаевдей жеткиликтүү жеткире албай жатышкансыйт. Албетте бул менин жекече ой жүгүртүүм. Башкаларга таңуулай да албаймын. Ошол чөп чаап жүргөндө жаратылыштын кооздугун, анын ыры менен салыштырат элем. Малдыбаев ырдаганда элдин баары анын кайталангыс үнүн уккандарына жетине алышпай, таң калышат болчу. Кийин шаарга келгенде жакындан көрдүм, бизге окшогон эле жөнөкөй эле киши экен. Ал эми сахнага чыгып ырдаганда, сыйкырдуу күчү бар эле. Азыр тоого эс алабыз деп барып алып арак ичип, жарым сааттын ичинде мас болуп алып жаратылыштын кооздугун аңдашмак тургай, өзүнүн атын унутуп коюп жатышып. Ала-Арчага мас болуп алып барган адам, анын кооздугун кайдан көрмөк. Өзүнүн балалыгы өткөн жерди сүйө албаган адам, жалпы кыргыздын жерин эч качан сүйө албасын айткым келет. Алыс жакта жүргөндө тагдырым кыйын учурга туш келгенде, дайыма туулган жерим эске келчү. Атайын тапшырма менен бир канча капиталисттик мамлекеттерге барып келдим. Анан Москвада да он бир жыл жашадым. Мен муруңку союздук республикалардын дээрлик баарында болдум. Жалгыз гана Эстонияда боло албадым. Көп жерлерге эки-үч иреттен болууга туура келди. Кыргыздын жеринин менин бутум тийбеген эч жери калбаса керек. Иш боюнча кыдырып чыктым. Кыргыз жерин коён жатагына чейин билем деп айтсам жарашат. Мындан көп жыл мурун, мен алты жылдай контрчалгындоонун начальнигинин орун басары болуп турганда, бардык жерлерин көрүп алганмын. Кокту-колотту шар аккан сууну бойлой баратып, мен өзүмдүн кызмат менен жүргөн аскер адамы экенимди унутуп койгон учурларым да көп болду.Тоолордун бийиктигин, керемет кооздугун көрүп, ага суктанып кадимкидей эс алчумун. Кайсы кесипте иштебе, бирок сулуулукту, ажайып кооздукту көрө билиш керек. Кыргыз үчүн, тоо деген анын турмушу, анын аң-сезими, тоодой бийик сапаты ыйманы деп билем. Тоону жаман көрүп, тоону таштап, ал жердеги жашоону жактырбай “жапайы турмуш” деген адам, кийин аны сагынат, куса болот. Бул чындык.

— Кыргыз жеринен кыйла алыс, четте жүргөн кезиңизде, балалыгыңыз, жаштыгыңыз өткөн айылыңызды сагынып, таза суу менен абабызды эстеп, куса болсоңуз да керек?

— Албетте эстейсиң да… Тоодон адам ылдыйлап түшкөн сайын кичинерип баратат. Академик Миррахимов дайыма өз сөзүндө, «Азыр эң таза аба, тоодо!» деп айтып калчу. Химия деп отуруп жерди өлтүрүп, наркоман кылып бүттүк. Азыр малдын этинин да даамы жок. Дайыма баарын мурункуга салыштырам. Тоонун башкача касиети бар. Анын өзүнчө экологиясы, микроклиматы бар. Жөнөкөй эле арча көрүнгөн эле жерге өсө бербейт. Ал да өзүнчө аристократ дарактардын бири, жер тандайт. Жанагы тумоо болуп калганда алас-алас айтып арчаны күйгүзүп туруп, үйдүн ичин айланып чыкса, ооруган адам айыккандыгы да ошондон деп ойлойм. Жыты да укмуш керемет келет эмеспи. Кыргыз эли илгери жаңы жылда үйүнө арча кыйып келип койгон эмес. Арчаны түтөтүп коюп үйдүн абасын тазалаган. Боз үй деген таптаза. Илгеркилер айтып калышат эле, отузунчу жылдары там салсаң, тамдан киши тез карыйт экен, там деген топурак дешип, Боз үйдө эле жүрө беребиз дешкендери да ошондон. Калдайган үй салып алалы деп атамдар жулкунган да жок. Боз үйдү качан гана айласы түгөнүп, мал жок калганда, тоок союп калган кезде таштаптыр. Тоого жалгыз боз үй менен малы жок чыкмак беле. Тамыбызды саман кыш менен тургузуптур.

Айтып кете турган нерсе, боз үйдө төрөлүп өскөн баланын ден-соолугу чың болот. Бир жолу Москвадан келген коноктор менен Нарындан командировкадан кайтып келатканбыз. Жолдун боюнда малчылардын үйүнө токтоп калдык. Биз шинель кийип, башыбызда мех шапке, папаха менен турсак тигил малчынын балдары көйнөкчөн, кичинесинин ботинкасынан жогорку шыйрагы ачык, кызыл эти көрүнүп турат. Беттери туурулуп кыпкызыл. Аларды көрүп жанагы москвалык генералдын бирөөсү боору ооруп, шашып калды. Ал генерал кичинекей балага карап, «… эмне үчүн балдар көйнөкчөн турат. Ооруп калат да. Карабайсыңарбы?» деди ата-энесин карап. Алардын бирөөсү кичине ичип алган эле, жашып да кетти көрүнөт. “ Байкуштар, эми ооруп калбагай эле…” дейт кайра-кайра. “Булар кичине кезинен бери ушинтип тоодо жашап, суукка көнүп калышкан. Фрунзе менен Москва шаарындагы элитный үйдө чоңойгон балдар эмес. Эч нерсе болбойт!” дедим. Москвалык генералдар ошентип, аябай кейип-кепчишкен эле. Өздөрүнүн паркет үйүндө чоңойгон балдарына салыштырышкан го. Эми биз үчүн мындай көрүнүштөр көнүмүш эле нерселер эмеспи. Жайлоодо, бийик тоолордун арасында өсүп чоңойгон балдардын ден-соолуктары чың болот.

 

КГБнын Москвадагы жогорку окуу жайы

— Биз билгенден, сиз Ташкенттеги КГБнын окуу жайын аяктагандан кийин, бир топ жылдардан соң КГБынын жогорку окуу жайын Москвадан аяктап келдиңиз. Ошол студенттик кездериңизде Москва шаарынан алган таасирлериңиз туурасында айтсаңыз? Борбордон алган билимиңиздин пайдасы канчалык болду?

— “КГБнын тарыхында биринчи ирет жергиликтүү элден сени комитетке төрагалыкка көрсөттүк. Сени Политбюродо бекиткени жатат, бизде да саясий ишеним болуш керек, деп ушул жагына сак бол, дурустап ишенимди акта!” дешти. Анан атаңгөрү, андай болсо баягы илгерки “делону” айттым. Анын баарын токтотконбуз. Камаган эмеспиз. Кармашып жүргөнбүз. Эки-үч жолу чакырышты. Мен отказ берип, анан мени башка участкага которуп жиберишти. «Бул секретти көп билип алды!» дешип чочулагандар болушту. Анан мени Москвага КГБнын жогорку окуу жайына билим алууга жөнөтүп жиберишти. Барсам, анда экзамен бүтөөрүнө аз калыптыр. Окуу жай жаңыдан гана ачылып жаткан кези.

Буга чейин университеттин тарых факультетин бүтүп алгам. Мамлекеттик экзаменди гана тапшырышым калган болчу. Кереги тийип калса керек деген ой менен жакшы справка алып алганмын. Мени менен дагы бирөө кечигип барыптыр, карасам Советтер Союзунун Баатыры экен. «Мен да кеч келиптирмин. Мединститутка окуп жүргөнмүн. Справкам бар. Мандатный комиссияга киришим керек эле деп калды. Суранып көрөйүн деп жатыптыр. Окууга тапшырып жаткандагы экзамендер, тиги жакта тапшырып келгени боюнча кагазга басылган мөөрү да турат. Мен да көрсөтсөм, «… экөөбүз тең окшош турбайбызбы. “Рапорт жаз!” деди. Мен жаздым да киргизип жибердим. Бир-эки күндөй күттүм, аңгыча 21-август болуп калды. Эртең, бүрсүгүнү мандаттык комиссия болмок. Бизди Наймушин деген полковник чакырды. Жыйырмадай кишилер отурат. Мен кирип барганда «…бул жигиттин рапорту бар экен, бааларында бир да үч жок экен. Балдан өтөт, баалары негизинен төрт-беш!» дешти. «… Эки жылда кантип үлгүрдүң!» деп таң кала сурашты. Иштеп жүрүп окуганымды айттым. Хасанов деген профессор агай, «Булардын баарын кайдан билип алгансың. Шатыратып эле айтып жатасың, сенден төрт айлансын”. Анан башка мугалимдерге, «ой, бул баланы кыйнаба, тим эле катырат!» деп мени колдоп койду. Мугалимдер өзүлөрүнчө сүйлөшүп, «… ушул жигитти биринчи курска өткөрүп коёлук. Окуп кетет, өзү да тың көрүнөт!» дешти. Ошентип окууга өттүм.

Жанагы, Советтер Союзунун Баатыры экөөбүз чогуу окуп калдык, болгондо да бир группада. Окуу программабыз негизинен Москванын юридикалык окуу жайыныкы экен. Анан чекисттик, огневой программалар, жана башка сабактар көп экен. Англис тилин окуйбуз. Мурун окуган эмес элем, аны жакшы өздөштүрүш үчүн аябай убактым кетти. Даярданам деп уйкудан кала турган болдум. Ал кезде жыйырма алты жашта элем. Күнүнө он сааттан машыгабыз. Анын төрт саатын өз алдынча машыкчубуз. Англис тили менен бүтүп калат. Ошентсе деле араң үч алам. Партиялык жыйналышка салышат. Эске тутуум абдан күчтүүлүгүнө салып жаттаймын. Шаарга чыгуу үчүн увольнительный беришет. Эртеден кечке сабакта жүрө берип, убакыттын өткөнүн да билбей калабыз. Көздү ачып жумгуча эле кыш келип калды. Москвада кыш суук болот экен. Бул жерде мага коньки тебүүчү жай абдан жагып калды. Илгери бала кезде жыгачтын учуна зымды бекитип туруп, коньки кылып алып тебет элек. Чыныгы магазиндин конькисин көрүш кайдан. Карасам баары эле жыргап коньки тээп жүрүшөт. Биздин балдар да, анан мен да чыдап тура албадык. Бирөөнүн конькисин сурап алдым. Бычактай кылып курчутуп коюшуптур. Ал эми муздун бети жаркырайт. Эмне болсо ошо болсун деп муздун бетине түштүм. Кетип баратып биздин балдардын бирөөсүн кармап алдым да, « мени жетелеп ал, антпесең жыгылып кетемин!» дедим. Кайра ал мага карап, «жакшы эле баратасың, менин тизем калчылдап жатат!» деди. Мурун тээп жүргөн балдар, “суук тийбес үчүн көкүрөгүңө гезит коюп ал” дешти. Аскер формачанмын да. Спорттук кийим деген кайдан. Эмне болсо ошол болсун, “жыгылса жыгылам” да дедим да тигил баланы кое берип ийип өз алдымча тээп кеттим. Бир тегеренип көрдүм. Жыгылган жокмун, коньки тебүү, спорттун бул түрү мага аябай жагып калды. Чарчаганча тээп жүрдүм. Ошондон баштап, күндө барам. Бир-эки сааттай тынбай тебем. Кара терге түшүп, шинелди кийип алып чуркаган бойдон окуган жерге барам. Сабактан чарчаган башым жыргап, сергип эле калат. Ар бир жумада экзамен башталат. Үч жылдын ичинде 47 экзамен бериптирбиз. Көп сабактарды кыскартуу иретинде окуп жүрдүк.

Кыскасы, бул кез, Москвада окуп жүргөн учурдагы эң бактылуу күндөрүмдүн бири болду. Бул жактан баргандагы духовный бош куржунумду толтуруп келдим деп айтсам болот. Лев Толстой, Достоевский, Чехов, Бальзак жана башка дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын калтырбай окудум. Мурун жумуш деп жүрүп китеп окуганга убакыт тапчу эмесмин. Өзгөчө «Анна Каренина», «Воскресениени» Толстой аябай жазган экен, түнү менен окуп чыккан күндөрүм болду.

Балдар чыракты өчүрбөгөнүмө жиндери келип «уктаганы жатпайсыңбы?!» деп кыйкырышат. Мен болсо китепке кызыгып алганмын. Эртеси сабакта отуруп алып дагы окуймун. Алтынчы, базар күндөрү керебетке жатып алып кечке китеп окуй берем. Башым ооруп кеткенде гана бир азга эс алганы сыртка чыгамын. Мен үчүн ошол адабий китептер, башка бир дүйнөнүн эшигин чоң кылып ачкандай болду. Өзүмдү-өзүм мактагандай болбоюн, бир гана сабактан (граждандык укуктан) ооруп үч алып калдым. Ошон үчүн көпкө чейин өкүнүп жүрдүм. Калган сабактардан төрт, беш деген бааларга окудум. Биздин курста окуган курсташтарымдын арасынан он экиси генералдык жогорку чинди алышты. Москванын таасири абдан чоң болду. Мага окшоп айыл жеринде окуган балдар үчүн аң-сезимиң өсүп, дүйнөгө болгон көз карашың да өзгөрөт экен.

 

“Журт атасы” Иосиф Виссарионович Сталинди акыркы сапарга узатуу

— Жумабек Асанкулович, Сталиндин каза болгонунан бери, арадан көптөгөн жылдар өттү. Ал эми, мурунку союздук республикаларда Иосиф Сталин туурасында эл арасында көптөгөн мактоо сөздөр айтылып, анын кадыры мезгил өткөн сайын, кайрадан өсө баштады. Хрущев бийликке келген кезде, ”… жеке адамдын керт башына болгон сыйынуу” деген жок болду деп келишкен эле. Убакыт өткөн сайын, Сталиндин аты өчпөй эле кайрадан чыгып, элдин арасында анын кадыры көтөрүлө баштаганынын сыры эмнеден деп ойлойсуз? Иосиф Виссарионович каза болгон кезде, сиз кайда элеңиз?

— Ал кезде мен Москва шаарында КГБнын жогорку окуу жайында окуп, бактылуу студенттик күндөрүмдү өткөрүп жүргөн кезим болчу. Анан эле, 1953-жылы, 5-мартта “… Сталин дүйнөдөн кайтты!” деген суук кабарды угуп, биздин бүтүндөй окуу жайдын студенттери эмне кыларды билбей, эстерибиз ооп туруп калганбыз. Эң жакын адамыбыздан ажырагандай, бир көз ирмемде өзүбүздү жоготуп, кайгыдан тунжурап турдук. Мен ошол, Сталин каза болгон тарыхый мезгилди өз көзүм менен көргөн адам катары окурман журтуна, болгонун-болгондой кылып айтып кетким келет. Беш күн бою шаар ичиндеги көчөлөрдөгү тартипсиздикти ордуна коёбуз деп тикебизден тик турдук. Сталиндин өлүмүн башка бир тарыхый личность адам менен салыштырып болбойт эле. Согушта кырылып кеткендерге да мынчалык эч ким кайгырып, ичтеринен кан өтүп ыйлаган эмес болсо керек. Өз мезгилинде, өзгөчө совет адамдары үчүн Сталин, алар сыйынган тирүү Кудайына айланып кеткенине мен ошондо алгач ирет түшүнгөн элем. Мен мындай укмушту башта көргөн эмес элем. Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнө адамдар батпай, кумурскадай жайнап кетти. Айлабыз түгөндү… Айлананы карасаң, токтоно албай үңүлдөп ыйлаган эле адамдар. «Сен эмне, Сталин атабызды көрсөтпөйсүң!» деп мага карашып, бакырып сөгүнүшөт. Алар сөгүнсө деле аларга, эмне деп жооп кайтармак элем. Бизге берилген, талап кылынган тартипти сактап, койгон жеринде турабыз. Карапайым адамдар, эч качан Иосиф Виссарионович дешчү эмес. Алар дайыма, өздөрү көнүп калгандай “жолдош Сталин” деп айтышчу. Мындайча айтканда, биздин курсташтар бул окуу жайдын эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болчу. Биз алгач окууга тапшырган кезде МГБ, анан НГБ, аягында биз окууну аяктап калган учурда КГБ болуп калды. Ошентип, окуу жайыбыз үч жылда үч атка алмашылды…

— Иосиф Виссарионович Сталиндин көзү өткөнүн, сиз кайдан билдиңиз?

— Биздин казармадагы бир комнатада жети бала жашайбыз. Шалдов деген лейтенант курсташым бар эле, анын өңү купкуу болуп, сырттан өпкөсү көөп чуркап кирип келди да, бизге карап, «Силер уктуңарбы? деди энтигип. Биз болсо бешинчи кабатта жашайбыз. Жаңыдан гана кечки сабак даярдоодон комнатабызга кайтып келген элек. Биз ага бурула карадык да, «… анчалык эле эмне болуп кетти?!» деп таң кала сурадык. «… жолдош Сталин дүйнөдөн өтүптүр! Министерстводон кабар түшүптүр…» деди. Баарыбыз, уккан кулагыбызга ишенбей, турган жерибизде катып калдык. Биз Сталинди өлөт деп эч качан ойлогон эмес элек. Аны биз аны өлбөөчүдөй көрүп, түбөлүктүү деп кабыл алып алган экенбиз. Аңгыча болбой, бизди тревога менен казарма ичине топтошту. Курстун начальниги аскердик чини полковник болчу, катарда тизилип турган бизге карап ал айтты, «… Жолдош курсанттар! Азыркы учурдан баштап, эч кандай шаарга чыгуу болбосун! Баарыңар казармадан чыкпай, жогор жактан берилүүчү буйрукту күтүп тургула!”» деп бизге карап, катуу буйрук кылды. Саат 10го чейин актовый залда 60 чакты формачан полковник, подполковниктер, майорлор, мен болсо анда лейтенант болчумун, чогулуп калдык. Анан ошол жерден Сталиндин каза болгонун бүтүндөй студенттерге угузушту. Эсибизден танып, көздөрүбүз жашылданып, эмне кыларыбызды билбей, турган жерибизде какайып туруп калдык. Бул кабар биз үчүн күтүүсүз, анан катуу таасир эткен окуя болду. Сталин биз үчүн түбөлүктүү, жок эле дегенде жүз жылдан ары жашоочудай, өлбөй турган адамдай көрүнөөр эле. Көрсө, Сталин деле биздей эле пенде баласы тура, ал ооруп жатат деген кабар да болгон эмес. Москванын бардык өкмөттүк деңгээлиндеги иштерде, биз сөзсүз казармада даяр болуп, буйрукту гана күтүп турчубуз. Азыр да, биздей курсанттарга берилчү буйрукту күтүп казармада турдук. Бардык курсанттардын көңүлдөрү чөгүңкү…

«… жолдош Сталин өлүптүр!» деген сөз, бул ааламга чагылгандай тез тарап, дүйнө жүзүн солк эттирди. Бул кабарды уккан карапайым эл, көчөлөргө батпай кетти. Ташкындаган суудай агылган эл Кызыл-Аянтты, Союздар үйүн көздөй бет алышууда. Андан да ошол карапайым эл башкаруусуз, башаламан баратышат. Элдин көпчүлүгүндө Сталиндин сөөгү кайда экени туурасында так маалымат жок болчу. Бизди эртең менен жыйында турган жерибизден эле, кай жерге турарыбызды айтып бөлүштүрүштү. Дежурство жөнүндө сөз болду. Мен он үчүнчү кардондо турдум, анткени, он үчүнчү группада элем. Мен группаны толук экен десем, толук эмес экен. Буга чейин Кызыл-Аянтта дайыма өтүүчү ар кандай майрамдык демонстрацияларда да биз турчубуз. Ошондой бир майрамда, Кызыл Аянтта катардагы күзөттө турганымда Сталинди көргөн күнүмдү эстедим. Дайыма майрамдарда Совет мамлекетинин жетекчилери, туруучу Лениндин мавзолейинин астында бир топ офицерлер, анан биздин окуу жайдын бойлору узун курсанттары турганбыз. Ошол кырк кишинин ичинде мен да бармын. Сталин өлгөндө мына ошол учурду көз алдымдан өткөрдүм. Мындай учурда элди жалпы чоң агымга бириктирбөө керек. Биринчи кардон, Союздар үйүнөн башталды. Сталиндин сөөгү мына ошол жерде жатат. Ар бир үч жүз метрге бирден кардон коюлуп, алар катары менен турат. Кадимки элди өткөрбөй турган посттор да коюлган эле. Ал жерде солдаттар жок, коюлган эмес. Негизинен биздин КГБнын жогорку окуу жайынын курсанттары турушту. Москванын башка көчөлөрүн, тапшырма менен кан буугандай бууп салышкан болчу. Чоң театр, кичи театр, Маркстын эстелиги турган тараптардан, ошондой эле кытай шаарчасы жактан, эл каптап суудай эле агылып келатат. Азыркы КГБнын имараты жактан көбүн киргизебиз. Бизди жетектеген офицер элге кайрылып, инструктажды окуйт. Биз он бешибиз биригип колубузду бекем кармап, кучагыбызды жайып туруп, ортобузга аянтка чыккан жыйырмадан ашык адамды бир алып, бекем кармаган бойдон, он экинчи кардонго алып барып өткөрүп беребиз. Алар андан кийинкилерге өткөрүп беришет. Кайра келип дагы ошончо адамды алып барып, өткөрүп коюп, кайра келебиз. Бизге командирлерибиз кандай инструктаж кылышса, ошондой кылып аткарып жаттык. Төрт-беш күн катары менен, кылган ишибиз ушул эле көрүнүш болуп жатты. Анан калганын атчан милициялар, машиналарды жолго катары менен тизип коюп, адамдарды андан ары өткөрбөй, тосуп турдук.

— Жумабек Асанкулович, сиздер тартипти сактап турган көчөлөрдө, өзгөчө Садовое кольцодо 1944-жылы 17-июлунда 1–2–3-Белорус фронтторунда колго түшкөн, жалпы саны 57 600 немецтик генералдар, офицерлер, солдаттарды Москва шаарынын көчөлөрү менен алып өтүшкөн экен… Ошолорго да токтоло кетсеңиз?

— Мында биринчиден, Сталин, жеңилбес деген “немецтик армияны” советтик армия ташталканын чыгарып талкалаганын көрсөткүсү келген. Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнөн колонна кылып алып өтүүнүн саясый жагы бар эле. Согуш талаасында жаңыдан гана ийгиликтерге жетише баштаган советтик армиянын, жалпы совет элинин эркин көтөрүү, алдыда боло турган улуу жеңишке болгон үмүтүн жандантуу эле. Андыктан, колго түшкөн 57 600 немецтик аскер туткундарын Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнөн алып өтүү, Сталинге аба менен суудай керек болгон.

— Жумабек байке, Москва шаары үчүн деле 57 600 туткун көптүк кылса керек. Эми, колго түшкөн ушунча миңдеген адамдарды кай жерде кармашты экен? Коопсуздук жагы кандай болгон…

— Мен өзүм так билбейм, бирок бизди окуткан бир мугалимибиз ошол операцияга катышканын айтып бергени боюнча гана билем. Колго түшкөн немецтик офицерлер менен солдаттарды Москва шаарындагы шарты жок “Динамо” стадиону менен ипподромдо өтө катуу тартипте кармашкан экен. Ичкенге суу, ботко менен нан, чочконун май этин гана беришкен. Ал эми колго түшкөн немец солдаттарына жуунуп-тазаланып, сууга түшүп алууга уруксат беришкен эмес. Анткени, ал да саясат болгон.

— Колго түшкөн аскер туткундарын Ленинград шоссеси, Маяковский аянты — ​азыркы Тверь ж. б. көчөлөрү менен алып өткөн дешет го…

— Ооба, 17-июль күнү бети-башы жуулбаган, канча мезгилден бери жылуу сууга түшпөгөн, сакал-муруттары өсүп, жүздөрүндө бир дагы аристократтык, ак сөөктүк эч нерсеси калбаган шөмтүрөгөн, жүдөгөн немецтик солдаттарды Москва шаарынын көчөлөрүнөн колонналар менен шаардын борбордук көчөлөрүн аралатып алып өтүшкөн.

— Ошол Москванын көчөлөрүнөн өткөн немец туткундарынын арасында жогорку чиндеги генералдар да бар болгонбу же кенже чиндеги офицерлер эле элеби?

— Албетте, болгондо да, белгилүү генералдардан болушкан. Убагында бул офицерлердин “Советтер Союзунун аскерлерин жеңип алган соң, Москванын жүрөгү болгон Кызыл-Аянттан марш менен параддан өтөбүз” деген кыялдары ишке ашпай калды да. Жеңиш менен Кызыл-Аянттан параддан өтөбүз деген кыялда жүргөн немецтик 19 генерал жана да жогорку чиндеги офицерлер канча миңдеген солдаттар жуунбаган кир, сакал -муруту өсүп жүдөгөн түрлөрү менен Москванын көчөлөрүнөн аскер туткуну катары өтүү жазмышы баштарына жазылган экен. Алар өтүшкөн соң, атайын суу чачкан машиналар менен немецтер өтүшкөн көчөлөрдү тазалап жууп чыгышкандары да элге жакты. Бул да, ошол кезде согушта кыйла жабыр тартып калган совет элинин духун көтөрүү үчүн Сталин башында турган партиянын жүргүзгөн өтө чоң саясаты болгон. Москвадан чыгышкан соң аларды НКВДсынын аскерлери менен Ф. Э. Джержинский дивизиясынын аскер бөлүктөрү темир жол вокзалдарына алып барышып “товарняк” поездерге салышып, түз эле туткундарды өтө оор, катаал шаартта, катуу тартипте кармаган Советтер Союзунун НКВДнын лагерлерине, ГУЛАГдарга жөнөтүшкөн. Немецтик аскер туткундары, калган азаптуу өмүрлөрүн шарты катаал лагерлерде, өтө оор жумуштарды аткарууга мажбур болушкан…

— Дал ошол немецтик туткундар өтүшкөн көчөлөрдө сиздер, бир убакта “Сталин үчүн, Родина үчүн!” деп өз өмүрлөрүн берүүгө даяр болгон согуштун катышуучуларын токтотуп жаттыңыздар. Эл деген–эл дейт. Алар менен аргасыздан туткундар менен ардагерлердин ортосунда кагылышууларга барган учурлар болдубу?

— Биздин окуу жайдын окуган студенттерине эң башкысы коомдук тартипти сактоо тапшырмасы гана берилген. Эртең менен таң атканда бизге бөлүнгөн аянтка кетип, саат алтыдан баштап түнкү бирге чейин, ар бирибиз өз кардонубузда болобуз. Бир жарымда, Колонналар залында Сталиндин сөөгү убактылуу коюлган жерге барабыз. Күндө барып, ал жерге элдин агымы түгөнгөн кезде гана киребиз. Жыгач табытта жаткан Сталинди көрүп, жанынан жай гана басып, аны тигиле карап биз дагы катарыбыз менен коштошуп өтөбүз. Кече жакында эле дүйнөнү титиреткен Сталиндин биздин алдыбыздагы жансыз денеси да, ошол жерде тургандардын баарысына сүр берип тургансыды.

Баары-бир кандайдыр бир белгисиз коркунуч бардай сезилет. Ар бири өзүнүн жакын адамынан, өз атасынан ажырап жаткандай көздөрүндө жаш, өңдөрүндө кайгы-муң көрүнүп турат. Чырм эте калып аткан учурда, аянттагы адамдар бакырып, сөгүнүшкөндөрү кулагыма жаңырат. Көчөдөгү адамдардын, бизге бакырып, «… эмне үчүн жолду тосуп алдыңар, Сталин атабызга кое бергиле!”, “… биз акыркы жолу кол башчыбыз, жолдош Сталин менен адамча коштошуп алалы!» деп өңгүрөп ачууланышат. “Мен, Сталин үчүн, Родина үчүн!” деп окоптон ыргып туруп окко учкан элдин арасында кан кечип жүргөнмүн. Энеңди гана урайын. “… Эми, силер мени Сталинге өткөрбөйсүңөр! Коё бергиле!» деп көкүрөгү орденге толгон балдакчан киши колундагы балдагы менен мени бир чапты. Андан да оозго албаган сөздөрдү айтышат. Мен он үчүнчү катардагы кордондун алдында турдум. Бою узундардын баарысын, алдыдагы катарга тизип коюшту, азыр эстесем, биз ошол күндөрү жаштыгыбыздан гана ошондогу тополоңдуу ызы-чууларга, бардык көргөн кыйынчылыктарга чыдаптырбыз. Жанагы согуштун ардагерлер таягы менен чапканда денеме катуу тийди, көзүмдөн жылдыз учуп кетсе да, Сталин үчүн чыдадым. Айлам канча, жоопкерчиликти сезип тикебизден тик туруп, айрымдарыбыз чарчагандан чыдоого туура келди. Кандай болгон күндө да, согушта от кечкен баатырлардын бул жолку кайгыларын, түшүнүп турдук. Бизде эмне күнөө, бизди да коомдук тартипти кармаш үчүн коюшкандарын ветерандар түшүнгүсү келбей жатышкандарына, таяктары менен чаап, сөккөндөрүнө чыдадык. Тамак ичкенге араң убакыт табылат. Эс алышыбыз да керек эле. Бир-эки күн билинген жок. Үчүнчү күн дегенде, баарыбыз чарчап, күчтөн тайып баратканыбызды сездик. Бүт денебиз ооруп, балдак тийип, муш жеген жерлерибиз көгөрүп кетип, шишип, чыдап турууга кыйын боло баштады. Жогору жактагы командирлер бизди аяштыбы, кийин араларыбызга солдаттарды аралаштырып коё башташканда, бир аз жеңилдей түштүк. Жаныбыздагы метрону да жаап, ал жердеги эсколаторду да иштетпей токтотуп коюшкан эле. Ал жакка да, бизден башка эч ким кире албайт. Катуу чарчаганыбызда метронун ичине кирип, эсколатордун тепкичтерине отуруп кичине кыйшайып, “чырм” этип, эс алып алабыз. Башыбыз тиери менен кичине болсо да уктап алууга үлгүрөбүз. Бир аздан кийин сырттан буйрук берилип, шашкан бойдон дагы аянтка чыгабыз. Андан да ошол жылы кыш да өтө суук болуп, кудум Сталиндин мүнөзүндөй каардуу, катуу, ызгаардуу болуп, кар дагы калың түштү. Метронун ичинде шамал ойноп, кыйла эле суук келет экен. Кийгенибиз жука шинел, ары-бери түртүшүп жатканда тердейбиз, ички кийимдерибиз чыпылдап суу болуп калды. Анан да, биздин кордон турган жер да бийик келип, дөңчө жер эле. Кичи театр жактан, өйдө жакка муздак шамал беттен уруп турат. Бүт көчөлөр кан буугандай тосулуп, аңырайып коридорго окшоп калды. Беш күн ошол жерде коомдук тартипти сактайбыз деп, тикеден-тик турдук. Биринчи күнү эле милициянын эл менен кармашкандагы даярдыгы мени таң калтырды. Мындай нерселерге жок эле дегенде бир ай убакыт кетмек. Согушка катышкан балдакчан кишилер милицияларды балдактары менен уруп жатышат. Атчан милиционерлерди балдак менен чаап, «… сен эмне, бизди суукта кармап ичкери киргизбейсиң! Сталинди акыркы ирет көрүп, адамча коштошуп алып анан кетишибиз керек!» деп кыйкырышат, же артка кете алышпаса. Азыр да көз алдымда, бир балдакчан киши сөгүнүп алды да алдындагы милиционерди санга, тизеге балдагы менен чапкылап алды. Бечара милиционер кың дей албайт. Айбат кылып атын омуроолоп, калптан болсо да теминимиш болуп коюп, ошону менен токтойт. Ал кезде, милиция деле согуштун ардагерлерине кол көтөрүп, жаман сөз айта, алчу эмес. Эл ошентип отуруп, мурунку Тышкы иштер министрлиги, Воровский аянты тараптан КГБнын эски имаратына жакын жаңы имараты бар, бизди клубдун жанына чейин, акырындык менен эки жүз метрдей сүрүп келишти. Согушту көргөн ветерандар эч нерседен тайманбай, милиция менен бизге окшогон окуу жайдын студенттерин улам жылдырып барышты. Алар алда-кайдан эле аябай көбөйүшүп, андан да өтө эле агрессивдүү боло башташты. Анан эле, бизге кошумча күч кылышып, солдаттарды жардамга алып келишти. Жардам келгенине чындап сүйүнүп кеттик. Биз жактагы кордондо тургандарго каршы тилдеп, сөгүнүп келаткан көпчүлүктү бир заматта топ-топ кылып бөлүп кеттип жаттык. Ошолордун жардамынан соң, көптөн кийин гана элдин күчү кыйла басаңдай түшүп, кыйла жеңилдей түштүк.

— Сталиндин эл арасындагы кадыр-баркы укмуш эле болгон экен да…

— Ооба, дагы айта турган нерсе, Сталиндин сөөгү коюлган күнү саат 12де, биздин окуу жайдын курсанттарын Дзержинский аянтына алып барышты. Бизге берилген буйрук боюнча, биз эч кимди андан ары өткөзбөй күч менен кармап турдук. Биздин группадагыларды Дзержинский метросунун кире беришине чейин согуштун ветерандары сүрүп келишти, ошентип биз ошол жерде туруп калдык. Ошондо элдин түрүн карап, менин көзүмө тоодон кадимки жер көчкү жүрүп, биз турган аянтты топон суу каптап келаткандай эле көрүнүш болду. Замана өзгөрүп кеткендей туюлуп кетти. Бир убакта айлананы дүңгүрөтүп, Москванын завод, фабрика, паровоз, пароходдору турган жактан машиналардан беш мүнөт Сталинди акыркы сапарга узатуу сигналын кулак тундура беришти. Башкаларды билбейм, башта мындайды көрбөгөн айылдык карапайым адамдын баласы, мен катуу чочуп кеттим. Андан да, өзүң билесиң Москвада завод, фабрика деген көп эмеспи. Элдин баары ыйлашып, беттеринен жылуу жаш, кадимкидей куюла агып жатты. Аларды карап туруп, жүздөрүн тик карай албайсың. Айлананы жаңырта, берилген ачуу сигнал кулакты алып, жыгылып кетүүчүдөй бири-бирибизди кармап араң турабыз. Анан Сталиндин сөөгүн лафетке салышып, аянтка алып барганы эле бир топ убакытты ээледи. Бир аз убакыттан кийин траурдук митинг болду. Берия сөз сүйлөдү. Андан кийин Маленков сөз алды. Жана эле, бизди сөгүп, таяктары менен ургулаган ветерандар кыйла жоошуй түшүп, айлана заматта кан буугандай, тыптынч боло түштү. Сүйлөнгөн сөздөр, аянтта гана жаңырыктап турду. Москва шаары бир заматтын ичинде оор дем ала, тунжурай түштү. Элдин башы жерге карап, маанайлары пас. “Сталин болсо өлдү, эми биздин мамлекетте эмне болот? Советтер Союзунун учу-кыйыры чексиз кыйырларын былк эттирбей, эми ким башкарат!” деген ар бир советтик адамдын өзүнө-өзү берген суроосу, ичтеринде боркулдап кайнап, кайталанып жатты. Мен да ошону ойлондум. Сталиндей жоготуунун ордун ким толтура алат, ошондой дүйнөлүк аренада кадыр-баркы бар, жаңы лидер ким болот?” деген суроону мен дагы өзүмө койдум.

Сталин өлөөрүнө жакын, «… капиталисттер менсиз, силерди тоок басты кылышат!» деп айткан сөзү бар экен. Ушул сөз заматтын ичинде элди чагылгандай тез аралап кетти. Ушул сөз менен Сталин деген кары, жаш дебей бүт баарысынын аң-сезимине кирип алган вирустай болчу. Чоң-чоң шаарлар гана эмес бүт айыл-кыштактар, бүт Совет чөлкөмү кайгырып турду. Дароо эле саясий кырдаал өзгөрүлө түштү. “Кайрадан согуш башталып кетеби?, төңкөрүш болуп кетпесе экен” деп элдердин арасында чочулоо жүрдү. Сталинди Лениндин жанына мавзолейге катарлаш коюшту. Бүт совет эли атасынан айрылып жетим калган баладай шолоктоп ыйлап жатышты. Манас баатыр дүйнө салганда, кыргыздар да ушинтип катуу кайгырышса керек деп койдум ичимден. Сталин менен коштошуу, менин аң-сезимимди ойготту. Кызыл аянттагы мавзолейдин үстүндө Ленин, Сталин деген жазуу пайда болгонун байкадым. Эки кишинин башы бириксе эле “Сталиндин ордуна бийликтин башына Лаврентий Берия келип, өлкөнү ошол башкарат имиш!” деген сөздөр желдей тарап, ошол сөз аянтта Сталинди акыркы сапарга узатканы келген элдин арасында айтыла баштады. Бирок жөнөкөй орустардын пикири башкача экенин да уктум. Алар шыбырай, “… Советтер Союзун башкарууну, бул кызматты эмне грузиндерге энчилеп бериптирби! Эми, өлкөнү чыныгы орус улутундагы лидер башкарышы керек!” дешип, Бериянын совет мамлекетин башкаруусуна орус улутундагылардын шовинисттик кандары ойноп, алар жактырбагандай мамиле кыла башташты. Сталин өлгөн соң, Кремлдин бийик дубалдарынын ичинде жүрүп, ар кандай топтордун арасында так талашуу оюндары, өтө курч интригалар ачык да, тымызын да падыша болууну самаган адамдардын уйкулары качканы ал кезде менин башыма жеткен эмес. Алар бирин-бири жок кылуудан да кайтпай, мыкаачылыктын түрлүү кадамдарына барууга да даяр болушуп, топтордун арасында күтүлбөгөн шахматтык жүрүштөр, саясый кадамдар ойлонула баштаганын мен ал кезде кайдан билиптирмин. Берия да оңой жоо эмес болчу. Кийин КГБда иштеп калган кезимде гана ошол кездеги Кремль ичиндеги кыл чайнашкан саясый интрига, такталаш оюндарында катуу күрөш болгонун билип отурам. Өтө жашыруун жол менен Лаврентий Берияны кызматтан кетирүүнүн, керек болсо күч колдонуп болсо да аны өлкө башчылыгына такыр жолотпоо пландары катуу жүрүп жаткан тура. Ошол күндөрү, отуз жыл бою бийликте былк этпей отурган Сталиндин кабинетинин ээси болууну самаган адамдар, Европа менен Азиянын чексиз кең мейкиндигин кучагына алган улуу державаны башкаруу кыялына жетеленишип, түн уйкулары бузулуп, бири-бирин жок кылуудан кайтпай турушканын ойлоп да койгон эмес элем. Ал кезде саясый оюндарга аралашпаган, китеп окугандан башканы билбеген мен так талаш, ордо оюндары бар экенин деле билген эмес экенмин.

 

КЫЗЫЛ АЯНТТАГЫ “ЖАШЫРУУН ОПЕРАЦИЯ”…

же түн жамына, Иосиф Виссарионович Сталиндин сөөгүн Мавзолейден кантип алып чыгышып, жашыруун көмүшкөн?

— Жумабек байке, өткөндө сиз менен чай ичип отуруп Ленин менен Сталиндин сөөгү коюлган мавзолей туурасында кызыктуу фактыларды айтып берген элеңиз. Сиз бул маалыматтардын баарын кайдан билесиз…

— Бекен иним, мен төбөмдөгү чачымдан баштап, бутумдагы тырмагыма чейин КГБнын адамымын. Менин кесибим, көптү билүүнү талап кылган, кызыктуу кесип эмеспи. Ушундай… (генерал күлүп койду)

— Ленин менен Сталиндин сөөгү коюлган мавзолей туурасында кызыктуу фактыларды айтып бергениңиз эсиме келе түштү. Кепти ошондон баштасак…

— Бул да өзүнчө кызык окуя… Мен республиканын КГБсын башкарып турганымда, өзүмдүн кызматтагы иштерим боюнча Москвага командировкага бир нече күнгө барып калдым. Лубянкадагы, СССР КГБнын имаратындагы иштеримди бүтүрүп коюп чыгып баратып, коопсуздук кызматында иштеген, эски тааныш офицерим менен жолугуп калдым. Ал экөөбүз, мен Москвада иштеп жүргөн кезимден бери эле жакшы мамиледе болуп, дайыма ортобузда сый, ызаат бар эле. Мен башында айтып кеткендей чогуу окуган курсташтарымдан он экиси генерал болушту. Экөөбүз көптөн бери жолугуша элек болгондуктанбы, жылуу учураштык. Лубянкага жакын жердеги ресторандардын бирине барып, бир топко чейин сүйлөшүп отурдук. Албетте, тамактанып, коньяктан ичкенче, тааныш офицерлерибиздин кай жактарда иштеп жаткандарын сураштырдык, кыскасы өткөн күндөрдү эскердик.

Мен башта тааныган офицерлердин көпчүлүгү, союз боюнча ар жактарга кызматка которулуп кеткенин уктум. Абдан көңүлдүү отурдук, эми ал тааныш офицердин ким экенин айтпай эле койгонум оң го. Айткан күндө деле, сен аны тааныбайсың да… Туурабы?

— Туура… Тааныбаган соң, анын ким экенин билүүнүн кызыгы деле жок го.

— Менин ошол таанышым, бир топ жыл мурун, өзүнүн башынан өткөн бир кызыктуу окуяны мага айтып берген эле, балким ал сага деле, окурмандарга да кызыктуу болсо керек. Кантсе да журналист эмессиңби…

— Андай окуя, албетте мага да, балким окурмандарга да кызыктуу болсо керек. Айта берсеңиз…

— Көрсө, мен өтө жакшы тааныган ошол офицер, бир тарыхый окуяга аралашып калган жайы бар экен… Ал бир кезде, Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыккан офицерлердин бири болуп чыкты. Хрущёв кызматтан кетип, ал өлгөнгө чейин, мага айтып берген сырын эч кимге айткан эмес экен. Керек болсо койнунда жаткан аялына да айтпаптыр. Тартип ошондой жашыруун анан катуу болгон. Бир аз сеп эткенден кийин ал Никита Сергеевич Хрущёвду сөгүп кирди да, “…Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыккан, жанагы Никита келесоо жок болгондуктан, эми айта берсем боло берет! Чочко мурун Хрущёвду, Сталиндин мавзолейден чыгарылган арбагы эле урду! Ошол мавзолейде Сталин жата берсе болмок эле… Эч кимге зыяны деле тиймек эмес. Никита деген СССР деген державанын башынан кетип, өмүрүнүн аягына чейин Петрово-Дальний деген дачада үй камагында, эч жакка уруксаты жок чыга албай камалып отурду. Эбак өлгөн Сталиндин сөөгүн кордойм деп жүрүп, аягында өзү да кордолуп өлдү. Кудай бар экен! ” деди менин тааныш офицерим, мага карап күлүп.

— Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу, ушунчалык эле жашыруун, мамлекеттик сыр болгон бекен?

— Ооба… Ал кезде өтө опурталдуу болчу. Өзгөчө Никита Сергеевич Хрущёв бийликте турган кезде, бул нерсени ачыкка чыгаруу жашыруун мамлекеттик сыр болгон. Силер жаш болуп, ал кезди билбей калдыңар. Хрущёв чындыгында кекчил адам эле. Азыркы күндө Сталиндин сөөгүн алып чыгуу боюнча айтуу, бүгүнкү күндө анчалык деле кооптуу, жашыруун сыр деле болбой калды го… Эми айта берсе болот…

— Сталиндин сөөгүн, Ленин жаткан мавзолейдин ичинен кандайча алып чыгышканы, чынында кызык экен…

— Жок… Мен чындыгын айтышым керек, тааныш офицериме жолукканга чейин Сталинди мавзолейден алып чыккандары боюнча, менин деле маалыматым жок болчу. Эми, тиги офицердин айтып бергенин угуп отурсаң, өзүнчө эле детектив кино тартчудай экен… Совет доорунда 7-ноябрь жакындаган сайын парад болчу эле го. Аскердик парадга карата, солдаттар марш тээп машыгуудан өтүп жатышат деген шылтоо менен Кызыл-Аянтка кирип, анан чыккан жактарына атайын пост коюшуп, граждандык кийимчен адамдардын кирүүсүнө уруксат беришпей коюшат. Ал эми Ленин менен Сталиндин сөөгү жаткан мавзолейди айландыра жыгач фанералар менен бийик тосмо кылып тосуп чыгышат. Анткени, мавзолейдин айланасында эмне жумуштар болуп жатканын эч ким көрбөшү, билбеши керек болчу. Анткени, Сталиндин сөөгүн алып чыккандарын бирөөлөр көрүп-билип калса карапайым эл тарабынан чоң тополоң чыгып кетиши турган иш эле. Хрущёв Сталинди канчалык сындаган күндө да, беш жылдай согуштун азап-тозогун көрүп калган совет элинин толкундап, көчөгө чыгып кетүүсүнөн корккону, бул чындык болчу.

— Жумабек Асанкулович, сиз бир ирет, экөөбүз чай үстүндө сүйлөшүп отурганыбызда, Иосиф Сталинди көзү тирүү кезинде көргөнүңүздү айтып берген элеңиз. Сталинди кай жерден көрүп жүрөсүз? Ошол күн эсиңиздеби…

– Ооба… Эсимде, Бекен иним, ал күндү мен кантип унутмак элем. О-о ал күн, менин өмүрүмдөгү эң бактылуу, эч качан унутулгус күн деп билем. Ал эми, Иосиф Сталин дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды укканымда, мен башта айтып кеткенимдей Москвадагы КГБнын жогорку жайында окуп жүргөн кезим болчу. Сталин, ар кандай карама-каршылыктарды, ошондой эле талаш-тартыштарды туудурган дүйнөлүк масштабдагы, өтө сейрек жаралчу, чоң саясый фигура экени мезгилдер өткөн сайын көрүнүп жатпайбы. Кыргыздар бекер жеринен, “… баарына мезгил тараза!” деп айтышпаганына ынандым. 1953-жылдын 5-мартында дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу держава аталган Советтер Союзунун лидери, Иосиф Виссарионович Сталиндин дүйнөдөн кайтканы боюнча суук кабар, жер шарынын бардык булуң-бурчтарына чейин чагылгандай тез тарады. Ошондогу бардык советтик адамдардай эле биздин да бала күндөн баштап, уккан аңгемелер, Сталин менен байланышкан. Мектептен кийин, жогорку окуу жайында окуп жүрүп, андан соң ар кандай кызматтарда иштеп жүрүп деле Иосиф Сталиндин даңазасына шыктанып өсүп жетилдик. Сталин дүйнө салгандан кийин Советтер Союзу деген чоң державаны башкаруу тизгини Никита Сергеевич Хрущёвдун колуна тийди. Бир кезде Сталиндин көлөкөсүндө жүрүп, үн катпаган Никита Хрущёвдун тактыга отургандан кийин өнөрү чыгып, Коммунисттик партиянын XX сьездинде “жеке адамдын керт башына сыйынуу” деп, аны айыптап, Сталинди колунан келишинче каралап чыкты. Болушунча, Сталиндин атын булгашып, кара көө сүртүшүп, бардык совет элинин сүйүктүү лидери Сталин деген атты тарых бетинен жок кылам деген максаты ишке ашпаса да, алгачкы каралоо саясатын баштаган учуру болчу.

— Эми, Никита Сергеевич Хрущёв канчалык Сталинди жамандап, “жеке адамдын керт башына сыйынуу” деп партиянын XX сьездинде катуу сындаса да, совет элинин жүрөгүндөгү Сталинге болгон урматтоону, ага болгон сүйүүнү, арадан жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да жок кыла алышкан жок го! Сталиндин атын мезгил да, анын душмандары да тарых барактарынан өчүрө алышпады. Сталиндин түбөлүктүүлүгүнүн сыры эмнеден деп ойлойсуз?

— Туура… Эми, Сталинди адам баласынын тарыхынан сүрүп салам дегендер чоң жаңылышат. Керек болсо, ошол кара ниет адамдар өзүлөрү тарыхтын барактарынан четтеп, чийилип калышты. Бирок, карапайым элибиздин жан дүйнөсүнө, жүрөк тереңине эбак эле сиңип калганына күбө болуп келебиз. Улуу Сталинге болгон урмат-сый, карапайым элдин сүйүүсү эбак эле сиңип калган экен. Хрущёв эми тарыхыбыздын барактарынан, карт дарактын тамырындай тереңге кирип тамырлашып кеткен үлкөн күчтү жулдуруп салам деп аракет кылды.

Иосиф Сталинди дүйнөлүк тарыхтан, адамзаттын аң-сезиминен өчүрүп салуу мүмкүн эмес эле. Азыр салыштырып карап көрсөм, КГБнын жогорку окуу жайында, бизге өтө билимдүү, табиятынан, чыныгы интеллигент мугалимдер окутушуп, билим беришкен экен. Москвада окуп жүргөн кезимде, бизди окуткан мугалимдерибиздин Сталин туурасында окуган лекциялары өтө кызыктуу, жана жандуу өтчү. Гори шаарындагы көпчүлүккө белгисиз, катардагы эле бир өтүкчүнүн баласы болгон Иосиф Сталиндин дүйнөлүк улуу державанын лидерине айланып, анын табышмактуу карьерасына жеткендиги, Сары-Өзөн Чүйдүн тээ түпкүрүндөгү Кепер-Арык айылынан, жеринен келген мен үчүн жомоктой эле көрүнүп, билимге суусап келген мага абдан кызыктуу болчу. Мен мугалимдеримдин лекцияларын уккандан тажачу эмесмин. Азыркы күндө да, менин сүйүктүү мугалимдеримдин бизге окуган кызыктуу лекциялары, кулагымда жаңырыктап турат. Кийин мен өзүм да, Сталиндин өмүр баянына байланыштуу гезит беттерине, китептерге чыккан ар кандай маалыматтарды кызыгып окуй баштадым. Эми, КГБнын жогорку окуу жайында, бизди мугалимдерибиз окуткандай, Иосиф Виссарионович Сталин (Джугашвили) азыркы Грузия республикасынын территориясында 1879-жылдын 21-декабрында туулуп, ошол кездеги падышалык Россиянын Тифлиси губерниясына караштуу Гори шаарында жашаган катардагы эле өтүкчүнүн баласы экенин билгенимде, бир канча күн, таң калып жүргөнүм эсимде. Болгону, бир өтүкчүнүн баласы болгон адам ушунчалык да бийликтин бийиктигине жетеби деп таң калам. Атасы деле колунда жок болгондуктан, өтүкчүлүктү кесип кылып, ошондон акча, нан таап эптеп үй-бүлөсүн багып келиптир. Бизге сабак берип окуткан мугалимдерден өзгөчө Иосиф Сталиндин апасына жазган каттарында, ушундай чоң кызматта иштеп туруп, өзүнүн алган айлыгынан үнөмдөп, Гори шаарында жашап жаткан апасына жөнөтүп, жашоосуна каралашып турганын билгенимде алыскы Кыргызстандын түпкүрүндөгү айылынан келип окуп жаткан мендей студентке абдан катуу таасир этип, жан дүйнөмдү бир топ дүрбөлөңгө салгандай болгон. Мына ушул жөнөкөй эле мисалда, Сталиндин улуу касиети, анын адам катары бийиктиги көрүнүп турат деп айтсам, туура болот го. Чындыгында, эгер Сталин бир ирет эле телефон чалып койсо, Грузиянын бийлик башындагылар “журт атасынын” апасынын жашоосун бир заматтын ичинде “коммунизмге айлантып” салышмак болчу. Бирок, Сталин эч качан андай кадамга бармак эмес. Мына ушул бир үзүм эле мисал бардык эле катардагы советтик адамдардай болуп, Советтер Союзунун жетекчисинин апасы деле жупуну жашаганынан кабар берип турат. Совет мезгилинде баары бирдей укукта жашагандыгынын белгиси ушул эмеспи. Биздин муунубуздагылар Сталиндин даңазасы менен жашап, келечекке умтулуп, окуп, кийин иштеп жүрүп, калыптандык да туурабы?

Жашоого болгон көз караш, принциптерибиз ажырагыс болуп, анын ысымы менен биздин жашообуз киндиктеш туташып калган деп айтсам туура го. Ошентип, Сталиндин өлүмү менен кошо жараткан дүйнөдөгү кайрылып келгис күндөр, өзүнчө бир доор өттү деп түшүндүрсөм туура келет го. Мен бала кезде деле, биздин айылдагы аксакалдардын оозунан, Сталиндин аты түшчү эмес. Москвадан канчалык алыс турган менин Кепер-Арык айылымда жашаган адамдар Сталин дегенде коркуп турушчу. Эми, Сталин каза болгон 1953-жылдын 5-мартынан бери, эмне деген тарых, учкан куштай зуулдап канчалаган жылдар арадан өттү. Карапайым элдин арасында, саясатчы, илимпоздордун жеке пикирлеринде деле Сталин артта калган агрардык Россияны соко менен алып, аны атомдук бомбасы бар СССРдей күчтүү державага айландырганын аңыз кеп кылып, ушул күнгө чейин айтып келишкенинде чоң сыр жатат. Сталин өзү табиятынан жупуну адам болгонун сен деле угуп жүрөсүң. Ал, өмүр бою үстүнөн түшпөй, эскирген, жеңдери эбак эле сөгүлүп, жыртыла баштаган шинели, такасы жешилип калган батинкеси менен бул дүйнөдөн өттү. Анын жыртык шинели менен бут кийими туурасында ушул күнгө чейин аңыз кеп кылышып келишет. Башка “журт башчыларынан” айырмаланып, Сталин сугалактанбай, көкүрөгү ток экенин көрсөтүп, жан дүйнөсү да жупуну жашоого жакын бойдон кетти. Ал совет мамлекетинин казынасына кол салып, дүнүйө топтобоптур… Эми, Иосиф Сталин башкалардай болуп, дүнүйө топтоп, каалаганымды алам десе, ким каршы тура алат эле. Улуу жолбашчы Сталинге, ким бут тосуп, ким кой демек…

— Мен да, колум бошой калганда Сталин туурасында көптөгөн китептерди, “Правда”, “МН”,“Косомольская правда” гезиттеринен,“Огонёк” журналдарынан өтө курч жазылган макалаларды көп окудум. Андан башка, сиздердей белгилүү адамдар менен жолугушуп, алардын өз ооздорунан билбеген көп нерселерди уктум. Гитлердик фашизимди чөгөлөтүп, Советтер Союзун дүйнөлүк жогорку деңгээлге жеткиргени менен, өзү Хрущёв менен Брежневдей болуп кызмат абалынан пайдаланып, ар кандай наамдарды, ордендерди ала берген эмес экен. Мисалы, Сталин 60 жашка чыккан кезде гана, 1939-жылдын 20-декабрында “бүткүл союздук староста” деп аталып жүргөн СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Михаил Иванович Калининдин колунан Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган экен.

— Туура айтасың… Өзүң билесиң, Иосиф Сталин табиятынан жөнөкөйлүктү, жупунулукту байлык, даңктан да жогору койгон жетекчи болгон. Бул жогорку наамды, “Социалисттик Эмгектин Баатыры” деген наамды Сталин өмүрүндө, бир жолу эле алган. Башкаларды билесиң да…

— Жумабек байке, туура айтасыз. Ал эми, Сталинге салыштырмалуу Никита Сергеевич Хрущёвго 1954–1957–1961-жылдары “Социалисттик Эмгектин Баатыры” деген жогорку наам ат тезегин кургатпай улам-улам берилиптир. Ал эми, 1964-жылы өзүнүн 70 жылдык мааракесине карата “Советтер Союзунун Баатыры” деген жогорку наамды алууга үлгүргөн. Ал тынчтык мезгилинде, кайсы баатырлыкты жасаганына менин башым жетпей турат…

— Ооба, Хрущёвдон кийин бийликке келген Леонид Ильич Брежнев да сыйлык алуу боюнча баарынан ашып кетти го, чиркин. Менимче, кызмат абалынан пайдаланып отурушуп, наам алыш боюнча, бул эки генералдык катчы тең рекорд жасашты деп айтсак да болот…

— Туура, Леонид Ильич Брежнев Хрущёвдон да өтүп, бийликте туруп алып, өзүнө-өзү ар кандай мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды берүүдөн тажабады. 1961-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1972-жылы Советтер Союзунун маршалы, ошондой эле 1966, 1976, 1978, 1981-жылдары эң жогорку наамды төрт ирет алганына таң калып да кетесиң. Акырында аскердик кителинде орден такканга орун деле калбай калды го…

— Туура айтасың… Ал эми Сталин, 1943-жылы “Советтер Союзунун маршалы”, 1945-жылы “Советтер Союзунун Баатыры”, ошол эле жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына “Генералиссимус” деген аскердик эң жогорку чинди алды. Эми, бул жерде Сталиндин кызылдай эмгеги бар эле. Гитлердик фашизмди майтарган жеңиштин башында турган Сталин ушул наамдарды алууга татыктуунун-татыктуусу болгон мамлекет башчысы деп, элибиз деле айтып келишет…

— Ошондой эле, Иосиф Сталин саналуу гана санда чыгарылган, кадыр-барктуу эң жогорку даражадагы “Победа” чыныгы аскердик орденин алган экен.

— Эми ушул жерде да, Сталиндин калыстыгын карап таң калдым. Сен сөз кылып жаткан №1 “Победа” орденин ач көздөнүп, өзү ала койгон эмес экен. “Победа” биринчи орденин, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жасаган эрдиктери үчүн, согуштун жеңүүчүлөрү катары маршал Г. К. Жуков менен А. М. Василевскийге калыстык менен бердиргенине токтолуп кетким келет. Тынчтык мезгилинде, эч кимден уялбай, тартынбай эле Леонид Брежнев “Победа” орденин өзү алып алды го. Ал эми, Сталин акыйкаттуулугу менен согушта жасаган чоң эрдиктери үчүн эң биринчи орденди Г. К. Жуковго, экинчисин А. М. Василевскийге ыйгартып жатпайбы… Анан үчүнчү “Победа” орденин гана өзүнө бердиртип жатат. Бул эмне деген айкөлдүк. Андан кийин фашизмди жеңген маршалдар К. К. Рокоссовский, Р. Я. Малиновский, И. С. Конев, Ф. И. Толбухин, С. К. Тимошенко, Л. А. Говоров, К. А. Мерецков, анан армиянын генералы А. И. Антоновдор да алышкан. Аскердик эң жогорку “Победа” орденин үч адам гана эки жолудан алган, жалпысынан 17 аскер адамына берилген. Алардан башка дагы согуш убагында Советтер Союзуна союздаш болгон саналуу гана чет өлкөлүк көрүнүктүү коомдук-саясый ишмерлерге, жана башка аскер башчыларына “Победа” ордени ыйгарылганы маалым.

— Албетте, сиз жогоруда айтып жаткан акыйкаттык, бул да болсо Иосиф Сталиндин адамдык улуу сапаты, касиети. Ал эми, кийин Леонид Ильичтин ошол орденинин артынан кийин ашыкча сөздөр айтылып, орден мамлекетке кайтарылып алынган деп да жүрүштү беле? “Победа” ордени — ​курамында, платина, алтын, күмүш, рубин, бриллиант, дагы башка ар кандай кымбат баалуу асыл таштар менен кооздолуп жасалган өтө кымбат орден болгону белгилүү да.

— Гитлердик фашизмди жеңүүдөгү эрдиктери үчүн Сталин, Жуков, Василевский үчөө тең “Победа” орденин тагынып жүрүүгө татыктуу инсандар болчу. Сталин жаш Советтер Союзунун бийлик башына келгенде, жер чийген соко менен алган мамлекетти атомдук бомбасы менен улуу державага айлантып совет элине калтырып кетти. Иосиф Сталин Советтер Союзун туура отуз жыл башкарды. Сталин 1953-жылы, 5-мартта дүйнөдөн өттү. Бул суук кабарды уккан ар бир советтик адамдын башында, “Сталин атабыз өлдү, эми биздин тагдырыбыз эмне болот? Биздин чоң өлкөбүздү эми ким башкарат…” деген суроо турду. Согуш ветерандарынын шолоктоп ыйлаганын көргөн биз да Сталинге кайгырып, көзгө жаш алып турдук. Сталин өлгөн кездеги оор күндөрдү эстегенде жүрөгүм кысыла түшөт…

— Жумабек байке, мен башында берген суроодон бир аз алыстап кеттик окшойт. Сталинди, өз көзүңүз менен көргөнүңүздү айткан элеңиз… Окурмандарга да кызыктуу да.

— Мен башта айтып кеткендей, ал кезде Москва шаарында жайгашкан КГБнын Жогорку окуу жайында окуп жүргөн, студенттик алтын күндөрүм өтүп жаткан кез болчу. Бизди, окуу жайдын жогорку курсундагы курсанттардын баарын, жеңиш майрамдарында Борбордук Кызыл Аянтка алып барышып, бою узундарды Лениндин мавзолейинин алды жагына катарга тизип коюшчу. Совет мезгилинде, мындан өткөн бакыт, кубаныч болот беле? Менин боюм да узун болгондуктан, совет бийлигинин жетекчилери чыгып парадды кабыл ала турган Мавзолейге жакын жерге тургузушту мени да. Мавзолейдин бет маңдайында турам, 7-ноябрь болчу. Бир убакта Сталин трибунага чыкты. Мен ошентип, Сталинди көзү тирүү кезинде өзүн алгачкы ирет, жакын жерден көрдүм. Чынын айтсам, Сталинди жакын жерден көргөнүмө аябай сүйүндүм. Жетине албай ичимден кубандым, эми ушул жетине албай, толкундап турган учурумду, Кызыл аянтта Сталинге жакын жерде турганымды менин атам менен апам бир көрүп калса, не арман деп коём ичимден. Сталин мавзолейдин үстүнө жай гана басып келип, аянттагыларга карап, колун жай булгалады. Сталин бул кезде 70 жаштан ашып калган болсо керек. Ал кезде демонстрация көпкө созулчу. Адегенде аскер парады болуп, анан советтик эмгекчилер аянттан катар-катары менен өтүшчү. Көрсө, жашы улгайып калганынан улам Сталин үчүн ошол жерге отургуч коюп коюшат экен. Ал отурганда, бизге анын фурашкасы эле көрүнөт. Анан кээде тура калып параддан өтүп бараткандарга карап, жай гана колун булгалап коёт. Ошондо көрүп калдык деп, карапайым эл кадимкидей сүйүнүшчү эле. Сталиндин эки тарабында өкмөт жетекчилери Мавзолейдин үстүндө, ээлеген кызматтарына ылайык катарлаш турушчу. Сталиндин карааны көрүнгөндө, Кызыл-Аянтта кылкылдап турган калың элдин баарысы колдорун жогору карай көтөрүшүп, деңиз толкуган сымал толкуй түштү. Ленин мавзолейинин алдында, Кызыл-Аянтта Сталин менен болгон ошол бактылуу көз ирмем, менин өмүр бою көз алдымда калды. Ал күндү, унутуп калуу мүмкүн эмес да. Туурабы?

— Туура… Жумабек байке, бардык советтик адамдардай сиз дагы Лениндин мавзолейине киргенсиз да. Алгач киргениңизде кандай таасирлер болду эле?

— Биз Москвада окуп жүргөндө, сабак берген мугалимдерибиз менен чогуу окуган курсташтарым болуп, аябай эрте туруп Лениндин мавзолейине барганыбыз эсимде. Мавзолейге барардын алдында, Лениндин мавзолейи туурасында китептерди, дагы башка маалыматтарды окуп чыктым. Дүйнөлүк пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин сөөгүн Египет пирамидаларындагы фараондордой кылып, анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында бальзамдап, СССРдин жүрөгү болгон Кызыл-Аянттын так ортосуна, азыр турган Мавзолейди курушат. 1924-жылы алгач Лениндин мавзолейи жыгачтан убактылуу гана жасалганы белгилүү болчу. Бул проекттин авторлору, белгилүү архитекторлор Исидор Аронович Франсуз жана Алексей Викторович Щусевдер болушкан. Мавзолейдин курулушу 1924-жылдан эки жолу жыгачтан тургузулуп, ал эми кийинкиси, азыр биз көрүп жүргөн, таштан жасалган Мавзолейдин курулушу 1930-жылга чейин созулган.

— Жумабек байке, убагында мен сүрөт окуу жайында окуганмын. Биздин ИЗО деген эң кызыктуу сабагыбыздан искусствовед Елена Сергеевна Шнырёва деген тартипти катуу кармаган, талапты катуу койгон эжейибиз, архитектор Алексей Щусевдин жасаган эмгектери боюнча сабакта көп айтып берген эле.

— Анда силердин мугалимдериңер, Алексей Щусев туурасында жакшы сабак беришкен экен…

— Убагында Алексей Щусев да, мендей болуп 1897-жылы Жогорку көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган экен. Щусев өз убагында Императордук көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү болгон. Архитектуранын академиги, кийин 1943-жылы СССР Илимдер академиясынын академиктигине жеткен. Мавзолей 1929-жылдан кийин гана кызгылт түстөгү мрамор ташы менен жасалгаланган го.

— Өзүң деле, Лениндин мавзолейин көрүш үчүн Кызыл-Аянтта болсоң керек… Лениндин мавзолейин көрүш үчүн бүгүнкү күндө, дүйнө жүзүнүн ар бурчунан агылып келген туристтердин саны жыл сайын өсүп отурат.

— Ооба… Мен алгач Украинанын Сумская областындагы Лебедин деген шаарынан бир аз алыс чытырман токойлуу жеринде, кийин Москванын Одинцово‑1 деген шаарында жайгашкан Советтер Союзунун ракеталык аскер курамында ракетчик болуп кызмат өтөгөм. Биздин аскердик бөлүктүн офицерлерин Лениндин мавзолейине алып келишкен күндү эстеп отурам. Бизди “Мавзолейине барасыңар” дегенде, түнү менен уктабай чыккан элек. Ошондо Ленин тирүүдөй көрүнүп, азыр эле чарчап келип эс алганы уктап жаткандай көрүнгөн болчу.

— Владимир Ильич Лениндин мавзолейи, Советтер Союзунун гана эмес, дүйнө архитектурасындагы эң таанымал архитектуралык шедевр экени, совет элинин баа жеткис рухий байлыгына, түбөлүк мурасына айланганын айткым да келет.

— Эмгекчи элге тең укуктуу заманды куруп берген Ленинди алтын балалыгыбыз өткөн мектепте окуп жүргөн кезибизде баарыбыз эле “атабыз” деп чоңойбодук белек. Мавзолейге кирип Ленинди көрүп чыкканда, мен да аябай таасирленген элем.

— Ооба, кийин өз тааныштарым менен бир канча ирет мавзолейге кирип чыкканмын. Статистикалык маалыматтар боюнча Ленин мавзолейи менен Париждеги эң атактуу Эйфель мунарасы дүйнөлүк көрүүчүлөр көп келген жай экенин айтып калышат. Чынында, сен айткандай Лениндин мавзолейин көргөнү келген ар бир адамга катуу таасир калтырат. Алгач ирет, Кызыл-Аянтка келген ар бир адам Лениндин мавзолейин көрүүгө ашыгат. Андан да бул мавзолейдин адамды өзүнө тартып турган кандайдыр касиеттүү бир күчү бар…

— Мен да Сталин тууралуу ар кандай тарыхый булактардан, китеп- журналдардан окуп жүрөм. Сталин 1953-жылдын 1-мартында эле өзү жашаган мамлекеттик дачасында, эс-учун билбей полдо жаткан жеринен аны кайтарган жан сакчысы көрүп калат эмеспи. Чакырылган врачтар, негедир Советтер Союзундагы №1 адамга жардам берүүгө кеч келишет. Ошол врачтардын айтымында, анын оң капталы иштебей, шал болуп, паралич болгону аныкталат. Ошол учурда Сталиндин оор абалда жатканын көргөн Берия, Хрущёв, Маленковдор эмне үчүндүр медициналык жардам көрсөтүүгө шашылышкан эмес деген сөздөр эл арасында айтылып келет. Коопсуздук кызматынын генералы катары, ушул маалыматтар боюнча сизде кандай маалыматтар бар?

— Ооба, ошондой сөздөр айтылып жүрөт. Берия, Хрущёв, Маленковдор булар тууралуу өздөрү айтышпаган соң, эмне үчүн жардам чакырышпагандыгын биле албайт экенмин. Алар үчүн жооп да бере албайм. Оор абалда, медициналык жардамга муктаж болуп жаткан Сталинге жардам чакырбай коюштары мүмкүн эмес. Эгер кара ниеттик менен врачтарды медициналык жардам берүүгө чакырышпай же “… Иосиф Виссаринович чарчап, катуу уктап жаткандыктан анын уйкусун бузбай эле койгонубуз оң го! Эс алсын…” деп кетип калышкандыгы, анык болсо, бул жеткен чыккынчылык! Балким ал күн, Берия бийликке келем деп күткөн, самаган күн болгондур деп ойлоп кетем. Ошентип, дүйнө жүзүн титиретип, бийлигин былк эттирбей кармап турган Иосиф Сталиндин ден-соолугу начарлап өзүнө келе албай оор абалда жатып калат. Канчалык жашырышса да, Сталиндин оор абалда жатканы Кремлдегилерге билине баштайт.

Акыры Советтер Союзун отуз жылдай башкарган Иосиф Виссарионович Сталиндин 5-мартта каза болгонун, бийлик башындагылар болгон чындыкты, совет элине жарыя кылууга, айтууга аргасыз болушат. Сталиндин каза болгону боюнча чындык, радио аркылуу бериле баштады. Бул кабарды уккан карапайым элдин шаар тургундарынын Сталин менен коштошуу 6-мартта, саат 16.00дөн башталды окшойт. Сталин үчүн өмүрүн берүүгө даяр адамдар, бул суук кабарды угуп топ-топтору менен Союздар үйүн көздөй суудай агылып келе башташты.

— Союздар үйү, XVIII кылымдагы архитектуранын классизм үлгүсүндөгү эң мыкты проект экени талашсыз. Бир кезде, князь Василий Долгорукийдин усадьбасы болгон экен.

— Ошондой болгон бекен… Мен чынында, анысын билбейт экенмин, эми андан бери Москва канча ирет өзгөрүлдү… Сталиндин сөөгү менен совет эли менен акыркы сапарга узатуу, аны менен коштошуу үчүн, мына ушул атактуу Союздар үйүндө бийик постаментке коюлду. Анын айланасы, заматтын ичинде эле, ар кандай гүлдестелерге, венокторго толуп кетти. Арт жагында, орок балка символдоштурулган СССРдин туусунун эң четинде, кырмызы кызыл түстөгү туусу, жалпы өлкөбүз боюнча башталган аза күтүү күнүнө байланыштуу түшүрүлүп турду. Сталин менен коштошуу үчүн адамдар, улам көбөйүп, Союздар үйүн көздөй агылып келип жатышты. Сталиндин ордендери чакан жаздыкчаларга катары менен коюлган. Жыйындар залына киргенде эле, Союздар үйүнүн ичинен, жүрөктү сыздатканы, кайгылуу музыка каршы алат.

— Сиздер менен чогуу окуган курсант балдарыңыздар кай жерде турдуңуздар? 

— ​Анан ал жакка биздин окуу жайдын курсанттарыкурсташ балдарыбыз улам өткөрүп жаткан советтик адамдар, бийик постаментте жаткан Сталинди көздөй акырын баса жылып баратышты. Алар ыйлай берип кызарган көздөрүн улам аарчышып, кайгылуу жүздөрү менен Сталиндин сөөгүнө жакын отурган баласы Василий, кызына анын жакындарына көңүл айтышып аза кайгыларын бөлүшкөндөй ыйлап өтүп жатышты. Алып келинип жаткан веноктор менен гүлдөр Союздар үйүнүн ичине батпай, сыртка, дубалдарга сүйөп коюп жатышты. Сталиндин сөөгү жаткан жерде, КПСС БКнын жетекчилери, ошондой эле өкмөт мүчөлөрү колдоруна кызыл повяска тагынып турушту. Ал эми ардактуу караулда Г. М. Маленков, Л. Берия, М. Молотов, К. Е. Ворошилов, Н. С. Хрущёв, Н. А. Булганин, Л. М. Каганович, А. И. Микояндар жана башкалар тизилишип, утуру алмашып турушту. Дагы деле Сталин менен коштошууга акыркы сапарга узатуу үчүн келген шаар тургундары, советтик адамдарынын аягы үзүлчүдөй эмес… Чайковскийдин симфониясы ойнолуп жатты. Сталин өлдү деген кабар келген күндөн баштап, биздин окуу жайдын курсанттарын шаардын көчөлөрүндөгү тартипти сактоого, жөнгө салууга алып чыгышты. Ошол күндөрү баш аламан, аянтка алып чыккан лидери жок карапайым адамдарды башкарып, тартипке салуу биздей мындай иштерде тажрыйбасы жок, жаш курсанттарга чындыгында кыйынга турду. Сталинди акыркы сапарга узатуу, үч күнгө созулду. Москва шаарында мынчалык эл көп чыккан учурду башта көргөн эмес элем. Көчөлөрдө суудай аккан, адамдар аянттарга батпай, бирин-бирин түртүшүп, тебелешип, ар кандай кырсыктарга кабылышты. Биринчи күнү эле 400–500дөн ашык адам көпчүлүктүн тебелендисинде калышып, оор жаракаттарды алышып, аларга дароо медициналык жардамдар көрсөтүлүптүр. Сталин менен коштошобуз дешип канчалаган адамдар көпчүлүктүн тебелендисинде калышып, ар кандай жаракаттарды алышкандарын өз көзүбүз менен көрүп жаттык го. Андан башка, милиция кызматкерлери менен канчалаган башаламандыктар да болду деп уктум. Биздин окуу жайдын студенттерин да көчөдөгү баш аламандыкты тартипке салуу үчүн ошол жакка жөнөтүштү. Сталин менен коштошкону келген карапайым адамдар менен биздин курсанттар аларды бөлүп-жарып, тирелишкен учурда, алардын үстү жагынан кадимкидей буу чыгып турду. Ал кезде, мен дагы жашмын, кийин билсем Сталиндин денесин да Владимир Лениндей түбөлүккө сактоо үчүн, белгилүү окумуштуулар биригишип маселе көтөрүп жатышкан экен. Сталиндин жансыз денесин, ошол кездеги советтик атактуу окумуштуулар, медицинанын акыркы кездеги жетишкендиктери менен бальзамдап чыгышканын кийин гана уктук. Бир кезде Мавзолейде жаткан Ленинди бальзамдаган окумуштуулар Сталинди бальзамдоо ишине да катышканын мен анда кайдан билмек элем. Биздин үч-төрт күнүбүз көчөдөгү тартипти сактоо менен өттү. Ал эми, 9-мартта Сталиндин сөөгүн Союздар үйүнөн алып чыгышып, Кызыл-Аянтты көздөй жөнөштү. Ал эми Кызыл-Аянтта катар-катары менен аскерлер көчөлөрдүн кесилиштеринде да тизилип, тартипти сактоону кармап турушту.. Анткени, Сталиндин сөөгүн коштоп совет мамлекетинин жогорку кызматтагы жетекчилери, алар менен кошо чет мамлекеттен элчилери, чет өлкөлүк коммунисттик партияларынын башчылары да катарда баратышкан эле. Ошол күнү, дүйнө эли баштагы Лениндин гранит таштан жасалган мавзолейинин үстүндөгү таш бетинен “Ленин, Сталин” деп бадырайта жазылган жазууну алгач ирет көрүштү. Мавзолейдин үстүндөгү бул гранит таштын үстүнө “Ленин, Сталин” деген жазууларды түнү коюп чыккандарынан кабарым жок болчу. Мен да көпчүлүктүн катарында “Ленин Сталин” деген бул жаңы жазууну качан жазып үлгүрүштү деп качан бул таш бетине жазылып, коюлганын билбей башым катты. Сталинди да Лениндин сөөгү жаткан мавзолейге коё турганын ошондо гана түшүндүм.

— Жумабек байке, Иосиф Виссарионович Сталиндин сөөгүн жерге берүүгө СССР жетекчилери даашпаптыр да…

— Ооба… Ошондуктан жыйырманчы кылымдын эң атактуу аскер адамы, колбашчысы, генералиссмусу Иосиф Виссарионович Сталиндин сөөгүн да, устаты, улуу көсөмүбүз болгон Владимир Ильич Лениндин бальзамдалган сөөгү жаткан Мавзолейдин ичине өз шакиртин да, ага катарлаш коюуну туура көрүштү. Владимир Ильич Лениндин сөөгү жаткан мавзолейге, 1953-жылдын 9-мартында Сталиндин сөөгүн да атайын даярдап коюлган жайга орунга, алып киришти. Ошол күндөн баштап Кызыл-Аянттагы мавзолейдин үстүндө, элдин көңүлүн өзүнө тарткан “Ленин, Сталин” деген жазуу пайда болду. Сталиндин сөөгү бальзамдалып, жүздөгөн жылдарга, балким миңдеген жылдарга сакталууга ылайыкталып, мавзолейдин ичиндеги климатка ылайыкташып атайын саркофагга салынды.

— Ал эми, Иосиф Сталиндин бальзамдалган денеси Ленин менен бир мавзолейдин ичинде канча жылга чейин катарлаш жатканын айта аласызбы?

— Менимче, генералиссмус Иосиф Виссарионович Сталиндин бальзамдалган сөөгү мавзолейдин ичинде Ленин менен катарлаш 1956-жылга чейин жатты го… Сталин, аскердик кители, ал эми үстүндөгү аскердик формасына тагылган “Социалисттик Эмгектин Баатыры” төш белгилери ордендери алтын жип менен тигилген погондору менен көзгө дароо берекелүү болуп чалдыгат эле. Ал эми үстүндөгү костюм-шымы менен Владимир Ильич Ленин мавзолейге кирген адамдын көзүнө өтө эле жупуну көрүнчү…

— Бийлик башында турган Никита Хрущёв кийин мавзолей ичиндеги Сталиндин сөөгүн алып чыгуу маселесин качан көтөрө баштады?

— Убакыт өтүп, каршылаштары тарабынан Сталинге болгон саясат өзгөрүлүп, кийин анын сөөгүн мавзолейден алып чыгуу маселеси тар чөйрөдө сүйлөшүлүп, улам күч алып жатты. Буга чейин, Никита Хрущёв компартиянын XX сьездинде “жеке адамдын керт башына сыйынуу” деген маселени көтөрүп чыкты. Ошентип, сындоолор күчөп Сталинди Советтер Союзунун бардык шаар, айылдарындагы Сталиндин эстеликтери катар-катары менен алынып жатты. Акыры, жогорку бийлик башындагылардын атайын тапшырмасы менен Сталиндин мавзолейдеги сөөгүн ордунан козгоп, кордогонго да жетишишти. Сталиндин денесин мавзолейден сыртка алып чыгуу маселеси көтөрүлө баштады.

— Хрущёв эмне үчүн өз элинен уурдана мындай кадамга барды деп ойлойсуз?

— Башта Сталинге “культ личности” деп асылып келген эле. Хрущёв буга чейин кыйла катуу сындарды укканданбы, бул ирет, ал башкалардын колу менен чок кармагысы келди. “Питерлик” заводдордун атайын даярдалган жумушчулар табынын жана башка коммунисттердин кайрылуулары боюнча Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу маселеси көтөрүлгөн кезде, өзү бул иште көрүнбөгөнгө аракет жасады. Жакшы уюштурулгандыктан, Ленинград шаарынын Киров заводунун жумушчулары Сталинди мавзолейден алып чыгуу инициативасын көтөрүшүп, Кремлде отурган Никита Сергеевич Хрущёвдун тымызын макулдугу, анын каалаганын даярдап беришти. Ошентип ал идеяны, бийлик башында турган Хрущёв өзү да колдоп, акырында элдин үнүн уккан адам болуп чыга келди.

— Эми, Сталиндин сөөгүн Мавзолейден алып чыккан соң, кай жакка алып барып көмүшмөк болушуптур?Албетте, ушунчалык кадамга барышкан соң, ал жагын ийне жибине чейин тактап, даярдап коюшса керек…

– 1956-жылы, Коммунисттик партиянын XX сьездинин жашыруун өткөн жыйынында КПСС БКнын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущёв өзүнүн “О культе личности и его последствиях” деген темада докладын жасаган. Өз докладында “Сталиндин керт башына сыйынуу!” деп, аны өтө катуу сындап чыккан эле. Никита Сергеевич Хрущёв сьездде сүйлөгөн сөзү менен гана тынчып калбады. Негизинен Сталиндин идеяларын, жасаган иштерин, союздук масштабда жокко чыгарган эле. Иосиф Виссарионовичке кас болгондор буга чейин жасаган арам иштерине ыраазы болуп, тынч жатып калышпай, эбак эле өлүп, денеси бальзамдалып мавзолейде тынч жаткан, душмандары менен кармашчу абалда эмес Сталиндин жансыз денеси менен кармашууну кайрадан башташты. Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу маселесин съездге чейин көтөрүп чыгышты.

— 1961-жылдын 31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын XXII съездинин чечимдери менен Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу маселеси коюлган эле. Ошол съездде көтөрүлгөн маселе шылтоо болуп берди да…

— Ооба. Никита Сергеевич Хрущёв өзүнүн айланасындагы ашынган кошоматчылары менен революциянын бешиги болгон Ленинград шаарындагы заводдун жумушчуларынын кайрылуусуна таянып, ушул ишти аягына чыгарууну башкы максаты катары кабыл алды. Андан да Сталиндин сөөгүн алып чыгуу чечими “Правда” гезитине да жарыяланып, бул маселе Союз боюнча талкууга алынып, элдин аң-сезимине таасирэтиши үчүн пропагандалоо иштерин да жүргүзө башташкан. Хрущёвдун күйөө баласы Алексей Иванович Аджубей ошол кезде белгилүү журналист, башкы редактор болуп иштеген. Убагында “Комсомльская правда”, “Известия” газеталарын жетектеп турган. Ошол Сталинди каралаган макалалардын артында, совет элине Иосиф Виссарионовичти дагы да жек көрүндү кылып көрсөтүүдө, Хрущёвдун сүймөнчүк күйөө баласы Аджубей турганын айтышчу. Бирок, кандай болгон күндө да Сталиндин совет элинин алдындагы кадыр-баркын Хрущёв да эске алган, ошон үчүн анын сөөгүн мавзолейден алып чыгуу жагы боюнча маалыматты өтө жашыруун кармашканы маалым. Саксынган Хрущёвдун айланасындагы саналуу эң ишенген адамдары гана бул маалыматты билишкен эле. Алар бул жашыруун сырды, сыртка чыгарбоого колдорунан келишинче, аракет кылышып, өздөрүнүн арам иштерин жасай беришкен.

— Албетте… Никита Сергеевич Хрущёвдун, Ленинграддык жумушчулардын, мындай идеясын дароо эле кубаттап чыкканы көрүнүп турат. Туура айтамбы?

— Туура… Сталиндин сөөгүн Лениндин жанындагы Мавзолейдин ичинен алып чыгуу идеясын кош колдоп чыкканы үчүн, ушулар болуп жатат да… 1961-жылдын октябрынын аяк ченинде, Октябрь революциясынын бешиги болгон Ленинград шаарынын жумушчулары, Лениндин өлбөс-өчпөс идеяларына сугарылган коммунисттердин атынан бир нече ирет Хрущёвдун өзүнө да, съездге да кайрылууларды жасашат. Ал эми бул кайрылуулар Никита Сергеевич өзү даярдагандай иш болчу. Ошентип, Лениндин жанында жаткан “тиран” Сталиндин сөөгүн Мавзолейден алып-чыгуу максатына жете турганына эми көзү жетти. Ошол күндөн баштап жумушчулардын кайрылуусуна таянып, Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып-чыгуу маселеси, жаңы кубатта күч ала баштады. Хрущёв, Сталиндин көзү тирүү кезинде кармашып, каршылык кыла албаса да, эбак өлгөн Сталиндин жансыз денесинен, сөөгүнөн да коркконун, өзүнүн этият жасаган мамилесинен билгизип койду.

— Сталин дүйнөлүк державанын башында турган кезинде, бул Никита Хрущёв Сталинге “кың” дей алган да эмес болсо керек.

— Ооба да… 1961-жылдын күндөрүнүн биринде, Хрущёв өтө шашылыш түрдө КГБнын 9-управлениесинин начальниги генерал Николай Захаровду, Кремлдин коменданты генерал-лейтенант А. Я. Веденин экөөнү жашыруун өзүнө чакырат. Хрущёв ал экөөнө бүгүн түнү боло турган иш туурасында жеке оюн айткан. Азырынча ал экөөнөн башка Кремль ичинде бул кабарды эч кимиси билише элек болчу. Ошол жашыруун жолугушуу учурунда гана Хрущёвдун өз оозунан уккан Захаров менен Ведени экөөндө гана Сталиндин сөөгүн Мавзолейден алып чыгуу боюнча маалымат бар эле. Анткени, ал экөө тең Никита Сергеевич Хрущёвдун айткан сөзүнөн бир карыш жыла да, чыга да албаган таасирдүү аскер жетекчилеринен болушчу. Ал экөөнүн макулдугун алган соң гана Никита Сергеевич Хрущёв өзүнө караштуу, эң жакын делген саналуу гана санаалаш өз адамдарын иш бөлмөсүнө чакырып, тар чөйрөдө жашыруун кеңешме өткөрөт. Ошол түнү, караңгы кирип калган кезде Сталиндин сөөгүн Мавзолейден бир аз убакыттан кийин алып чыгуу ишке аткарыларын жайы даяр болуп, көрү казылып жатканын, кыскасы анын сөөгүн жерге көмүүнү айтат. Бардык нерселер даяр экенин, маселе бышып, эбак эле жетилип калганын эскертүү иретинде билдирет. Ал эми Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу комиссиясынын төрагасы болуп Шверник дайындалат.

— Кечиресиз, Шверник дегениңиз ал кезде кайсыл кызматта, ким болуп иштеген экен?

— Николай Шверник, КПСС БКнын алдындагы партиялык контролдоо комиссиясынын төрагасы болгон. Ошондой эле бул комиссиянын мүчөлөрү болуп, Александр Николаевич Шелепин — ​1959–1961-жылдары КГБнын төрагасы, Петр Демичев — ​Москва шаардык компартиянын биринчи секретары, Василий Мжаванадзе — ​ошол кездеги Грузия ССРинин биринчи секретары, Джавахишвили — ​Грузия ССРинин министрлер Советинин төрагасы, ошондой эле Николай Дыгай — ​Москва шаардык аткаруу комитетинин төрагасы мына ушул адамдар дайындалат. Хрущёв чынында Сталиндин сөөгүн Мавзолейден күндүзү ачык-айкын алып чыгуудан корккон. Карапайым элдин сүймөнчүгү болгон Сталиндин сөөгүн минтип Мавзолейден чыгарылып жатканын элдин тополоң чыгарып жиберишинен, ачык эле коркуп, тайсалдап турганы белгилүү болчу. Ал эми, КГБнын төрагасы болуп турган Шелепин, Сталинди эч кимдин көзүнө көрсөтпөй, Мавзолейден жашыруун алып чыгуунун жолдорун аларга айтып берет. Грузиянын биринчи секретары Василий Мжаванадзе болсо, Сталиндин сөөгүн алып чыгуу “операциясынан” өзүнүн улуту грузин экенин, өз элине жек көрүндү болгусу келбегенин айтып, аларга кошулуудан баш тартат. Мен деле бул нерселерди кийин гана билип отурам. Сырды каттуу кармашкан экен.

Мавзолейде жаткан Сталиндин сөөгүн көтөрүп чыгыш үчүн алардын ишениминен өткөн сегиз офицерди тандашат. Сталиндин сөөгү көмүлө турган жайды казуу үчүн да ооздору бекем, жашыруун сырды эч кимге айтпай турган, текшерүүдөн өткөн алты солдат бөлүнүп берилиптир. Мавзолей менен Кремль дубалына жакын жерден казылуучу көрдүн орду солдаттарга көрсөтүлөт. Кара терге түшкөн алты солдат, жогору жактан берилген буйруктун өтө маанилүү экендигин эске алышып, алгылыктуу деле дем алышпай аткарууга жандалбасташып, Сталиндин сөөгү көмүлө турган жайды шашыла казышып киришет.

— Кантсе да Грузиянын биринчи катчысы Мжаванадзенин улуттук намысы, каны ойногон экен да, ошон үчүн бул “жашыруун операцияга” катышуудан баш тартты да…

— Албетте кан ойнобой койбойт да… Балким, грузин элинин сүймөнчүк уулу болгон Иосиф Сталиндин “көрүн казган адам” катары Мжаванидзе мырза да, тарыхта жаман ат менен калгысы келген эмес болсо керек. Аныкы да туура болгон деп ойлойм…

— Хрущёвдун өз оюна койсо, Мавзолейден алынып чыккан Сталиндин сөөгүн эч качан Кызыл-Аянтка көмдүрмөк эмес деген божомолдор айтылып калып жүрөт…

— Ооба… Демогог Никита Хрущёв башка бирөөнү укчу беле? Хрущёв жашыруун жыйынга чакырган адамдарга бакырып өкүрүп, өзүнүн айткандарын гана туура көрүп, аларга өзүнүн гана айткандарын таңуулап, коймой адаты бар эле. Ленинграддагы коммунист жумушчулардын кайрылуусунун негизине таянып, Хрущёв 7-ноябрь майрамына чейин Сталиндин Мавзолейде жаткан сөөгүн алып чыгып, Кызыл-Аянттан алыс жакка көздөн далдоо кылууну талап кылган. Никита Сергеевич Хрущёвдун өз оюна тим койсо, өз билгенин жасамак эле. Иосиф Виссарионович Сталиндей “тиранды” аялы Надежда Аллилуеванын сөөгү жаткан Новодевичье көрүстөнү тарапка — ​алып барып Кремлден алыс, көздөн далдоо жакка көмүп салууну буйрук кылгандан кайтпай турган учуру болчу. Хрущёвдун жакын санаалаштары акыры аны көндүрүштү.

— Ошол жанындагылар кантсе да тереңирээк ойлонушкан болсо керек…

— Ооба… Анын иш бөлмөсүндө отурган адамдардын арасынан Хрущёвдун бул оюн колдоп чыкпай, каршы болгондор чыккан экен. Бирок, колдогондор көптүк кылып кетишкен экен. Акырында Хрущёв алардын айткандары туура экенине көзү жеткен соң, айласы жоктон ал өзү да Сталинди Кремль дубалынын алдындагы жерге коюуга, макул болууга аргасыз болуптур. Сталинди колдоп чыгуучулар да көп экенин айласыздан эске алышат. Сталинди урматоочулар менен катар анын душмандары Советтер Союзунда жетиштүү болчу, “… Эгер, тиги көрүстөндөн Сталиндин сөөгүн башка бир жакка уурдап кетишсе, анда эмне болобуз! Ким жоопкерчиликти өз мойнуна алат? Анда карапайым эл, бизди тытып жок кылат! Сталин дагы деле совет адамдарынын жүрөгүндө жашап келет! Ошону унутпагыла…” деген сөздөр айтылыптыр ортодо.

— Хрущёв ортодогулардын ошол сөздөрүнөн кийин эсине келиптир да…

— Ооба… Ошондон кийин гана Кызыл-Аянтта дайыма Лениндин мавзолейин кайтарган аскерлер болгондуктан, Сталиндин сөөгү көмүлгөн жер да кайтарууда, дайыма көзөмөлдө болот дешип, акыры баарысы ушул чечимге макулдугун беришет. Заводдун жумушчулары көтөрүп чыккан идеясын, Хрущёвдун колдоосу менен аяктаган. Ошентип Сталиндин сөөгү буга чейин Ленин жаткан Мавзолейден чыгарылмай болду. 1961-жылдын октябрь айынын аяк ченинде бул ишти аткарууга даярдык көрүлө башташты. Ал эми, 7-ноябрда аскердик парад өтөт деген шылтоо менен Кызыл-Аянттын кире турган, андан да чыга бериш жактары заматтын ичинде кан буугандай тосулат.

— Эмне, алардын айткан пикирлеринен Никита Сергеевич коркуп кетиптирби?

— Ооба… Маселе чечилди Көмүскө жасалган бул иштер кийин гана билинип отурат.

— Кызыл-Аянтка жакын жүргөн адамдар, бет маңдайындагы ГУМ соода түйүнүндөгүлөр деле Кызыл-Аянтта, Ленин менен Сталиндин мавзолейинде эмне иш болуп жатканын көрүп коюшмак го…

— Ошентип, 1961-жылдын 31-октябрында Сталиндин сөөгүн Мавзолейден алып чыгуу ишке ашырылмай болду. Мавзолейдин айланасы бүт бойдон жашыруун жасалып жаткан иштер элге көрүнбөсү үчүн, тактай, фанералар менен жылчыксыз жашырылды. Албетте, бул нерселер КПСС БКнын биринчи секретары Никита Хрущёвдин берген оозеки тапшырмасынын негизинде болуп жатты. Сталиндин саркофакта жаткан сөөгүн, ошол жерде тандалып, даяр турган саналуу гана офицерлер, Мавзолейде жаткан жеринен так көтөрүшүп мавзолейдин ичинен, төмөн карай жер төлөдөгү өнөрканага алып түшүшөт. Ал учурда, жогору жактагылардын буйругу менен Кремль дубалына жакын жерде, атайын алып келинген солдаттар Сталиндин сөөгүн көмө турган көрдү казууга киришип, иш катуу жүрүп жатты. Хрущёв, ошол күнү Сталиндин сөөгүн алып чыгуу операциясын башкарууну, КГБнын 9-управлениесинин жетекчиси (мамохрананын) генерал Николай Захаровго тапшырганы белгилүү болот. Иосиф Сталиндин, Хрущёв менен Брежневден башкача бир өзгөчөлүгү, алган ордендеринин баарын эле тагына берчү эмес экен. Көп учурда Сталин “Социалисттик Эмгектин Баатыры” алтын жылдызын гана тагынып жүргөнүн укканым бар. Бул убакта, Кызыл аянттын айланасына караңгы кирип калган кезде гана, кадимки түн жамынган уурулардай болушуп, дүйнөлүк деңгээлдеги өтө мартабалуу адамдын, мамлекет башчысынын сөөгүн жашыруун жерге көмүүгө жандалбастап шашылып жатышты. Иосиф Сталиндин сөөгүн жанагы офицерлер саркофагдан өтө этияттык менен алып чыгарышты.

— Жумабек байке, ошол түнү Сталинди кителиндеги ордендери, алтын топчулары менен жерге көмүшкөнбү?

— Жок. Ошондо генерал Захаровго катарлаш турган Н. М. Шверник качан гана Сталиндин сөөгүн сегиз офицер, Мавзолейдин жертөлөсүнө алып түшкөн кезде, ошол жердеги офицерлердин бирөөсүнө Иосиф Виссарионовичтин кителиндеги “Социалисттик Эмгектин Баатыры” алтын жылдызын, анан алтындан жасалган топчуларын кесип алышат. Ал эми алтын топчулардын ордуна, латундан жасалган топчуларды кайрадан тигип коюуга буйрук берилиптир. Сталинге караштуу буюмдардын бардыгын, ошол жерден эле бул оокаттарга жоопкер адамдын колуна дароо өткөрүп бергени маалым болгон. Мавзолейдин жертөлөсүндө жаңыдан жасалган жыгач табытка кайрадан Сталиндин сөөгүн салышып, бекемдеп мыктап, жанагы атайын бөлүнгөн офицерлер дароо сөөктү көтөрүп, жогору карай чыгышып, Кремль дубалы менен мавзолейдин капталында жаңыдан гана казылган жайды көздөй шашыла басышат. Гитлер башында турган фашизм менен болгон согушта, Улуу Жеңишти камсыз кылып берген генералиссмус Иосиф Виссарионович Сталин көзү тирүү кезинде, анын көзүн тике карай албаган Хрущёвге окшогон “эл душмандарынын”, жанагы өлгөн арстандын жансыз денесин кордоп жаткан чөөлөргө окшоштурууга аргасыз болот экенсиң. Кремлдин айланасын караңгы баскан кезде, генералиссимустун сөөгүн жашыруун жерге беришип, Хрущёвдун мыйзамга сыйбаган дагы бир тапшырмасын аткарышты. Ат тезегин кургатпай, Кызыл-Аянттагы Мавзолейдин үстүндөгү бадырайта жазылган “Ленин, Сталин” деген кызыл граниттеги жазуу да 1961-жылдын 31-октябрынын түнү, жашыруун алынды. Ал түнү атайын тапшырма менен Кызыл-Аянттагы Сталиндин сөөгүн жерге көмүүгө катышкан офицерлер менен Кремлдин коменданты жана дагы саналуу адам ушундай уяттуу, кылмыштуу ишке катышышты. Бирок, Сталиндин сөөгүн жерге жашыруу учурунда, Шверник менен Джавахишвили экөөнүн адамдык намысы козголуп кеткенденби, алар мындай жапайы кордукка чыдай алышпай ыйлап жиберишкенин, ошол ишке катышкан жанагы мага тааныш офицер айтып берип жатпайбы. Ал эми эртеси, Кызыл-Аянтка келген советтик адамдар, туристтер мавзолейдин үстүндөгү “Ленин, Сталин” деген сөздөрдүн ”Сталин” дегени алынып, ордуна жалгыз гана “Ленин” дегени калганын көрүштү… Алар, “Сталин” деген жазуунун кайда кайып болгонун түшүнө алышпай, баштары маң болуп туруп калышты. Түнү, Н. С. Хрущёвдун буйругу менен “Сталин” деген жазууну демонтаж кылышып, мавзолейдин үстүнөн жашыруун алып салышканын алар кайдан билишмек эле…

— Азыркы күндө, Кремль дубалына жакын жердеги Сталиндин сөөгү жаткан мүрзө башындагы эстелиги ошол күнү эле коюлган бекен?

— Жок. Алгач, Лениндин чыныгы осуятын, анын өлбөс-өчпөс идеясын колдогон коммунисттер менен жумушчу табы жана эмгекчилердин бир канча ирет съездге, жеке Хрущёвдун өзүнө кайрылууларынын негизинде, Сталиндин сөөгү Мавзолейден алынып чыгып, ойлогон ою ишке ашып жатат. Сталиндин сөөгү жерге берилген соң, тек гана Сталиндин туулганы, өлгөн датасы жазылган “СТАЛИН ИОСИФ ВИССАРИОНОВИЧ 1879–1953” деген жазуусу бар ак мрамор плитаны, казылган топуракты жая салышып үстүн тегиздешип, анын үстүнө ташташып, бекемдеп коюшту. Ошентип, канча жылдан бери Хрущёвдун башын катырып келген түнкү “жашыруун операция” ийгиликтүү аяктады.

Ошол 1961-жылдын октябрынан 1-ноябрына караган түнү жашыруун коюлган плита, бир канча жылдар бою Сталиндин мүрзөсүнүн үстүндө козголбой жатты. Ал эми, сен айтып жаткан эстеликти бир топ мезгилден кийин гана жаңылап коюшкан. Башында Сталиндин сөөгү коюлган жерде, азыр турган эстелик болгон эмес. Кремль дубалы менен Лениндин мавзолейине жакын жердеги эстелик бюсту, менимче 1970-жылдары коюлду окшойт. Ага чейин, ал жерде Сталиндин эстелиги жок болчу, жана мен айтып кеткен ак мрамор ташына жазылган жазуусу бар плита жатчу.

— Биз сүрөт окуу жайында окуп жүргөндө Москва, Ленинград шаарларындагы Эрмитажга, Царское селого практикага барганбыз. Москвадагы Третьяковский галереиясы, Кремлдин ичи, Падышанын замбиреги, Пушкин музейи жана башка көргөзмө залдарын көрүп бүтүп, анан Лениндин мавзолейине да киргенбиз. Сиз сөз кылып жаткан Иосиф Сталиндин эстелик-бюстун, биз мавзолейден чыгып, анан көргөн элек. Бизди окуткан мугалимибиз, бул скульптураны белгилүү скульптор, Николай Томский жасаганын айтып берген эле.

— Анда, силерди окуткан мугалимдериңер Москва менен Ленингардды жакшы эле тааныштырган экен… Мен кошумчалабай эле койгонум оң го.

— Ооба…

— Ал тургай Никита Хрущёв арамданып, Сталиндин сөөгүн Мавзолейден түн жамына алып чыгып, шаар четиндеги Новодевичье көрүстөнүнө жашыруун көмдүрүп салам деп оолугуп чыккан. Эми, тагдырдын тамашасын көр, Сталин эмес, Хрущёв өзү ошол көрүстөнгө көмүлүп калды. Сталиндин эбак өлгөн жансыз денеси, сөөгү менен кармашам деп жатып, акыры өзү кызматтан алынып, өмүрүнүн аягына чейин үй камагында болуп, төрт дубалдын ичинде отурду. Никита Хрущёв бийлик башына келип, Сталиндин “сөөгү” менен тирүү адам менен кектешкендей кармашты. Сталиндин көзү тирүү кезинде, анын баласы Василийге да Хрущёв башын көтөрүп сүйлөй алчу эмес. Сталин өлгөн соң Василийдин да көрбөгөн кордугу калган жок го. Кыргызча айтканда, чындыгында Никита Хрущёвдун өзүн Сталиндин арбагы уруп кетти көрүнөт. Мезгил канчалык өткөн сайын, карапайым элдин арасында Сталин алыстан көрүнгөн бийик тоодой, улам бийиктей берди. Чынында, Хрущёв ким, Сталин ким! Сталин дүйнөнү өзгөрткөн, тарыхый жаңы түзүлүштү орноткон улуу Адам. Ал эми, ушундай улуу инсандын сөөгүн козгогон кекчил Хрущёвдун жоругу, өзүң уккандай бийликке мас болгон Никита Сергеевич Хрущёв, бир канча жылдан кийин Сталиндин арбагын канчалык кордосо, кийиңки бийликтен ошону көрдү. Бекен иним, бул мезгилдин Никита Хрущёвго болгон жазасы го …

 

ИОСИФ СТАЛИНДИН УУЛУ ВАСИЛИЙ ЖАНА КЫЗЫ СВЕТЛАНА ТУУРАСЫНДА

— Жумабек Асанкулович, мына экөөбүз сүйлөшүп отуруп сиз, маркум Иосиф Виссарионович өлгөндөн кийинки Хрущёв тарабынан кордолгон тагдыры туурасында айтып отурдуңуз. Сиз өз сөзүңүздө, жалгыз эле Сталин өзү эмес, баласы Василий менен кызы Светлананын тагдыры туурасында сөз кылган жоксуз?

— Мен, Кыргызстанда иштеп жүргөн кезимде Кремль дубалынын ичиндеги саясый оюндар, так талашуу, бийлик кумарынын ар кандай интригаларынын жүрүштөрү туурасында эч нерсе деле билчү эмес экенмин деп ойлоп калдым. Качан гана мен, Кыргызстандын ошол кездеги жетекчиси Турдакун Усубалиев менен иштеше албай кызматтан кеткен соң, мен үй-бүлөм менен Москвага көчүп кетүүгө аргасыз болдум. Мен Москвада иштеп ал жердеги генералитеттин жашоосу менен аралашып иштеше баштаган кезден мен алардан, бийлик башындагылардан арасындагы такка жетиш үчүн болгон саясый күрөш, кызмат үчүн ар кандай ыплас кадамдарга барганын угуп таң калганмын. Үлкөн чиновниктердин ортосундагы айыгышкан кармашуулар туурасында чындыкты КГБнын жетекчилик жогорку кызматтарда иштеген тааныш генералдардын ооздорунан, көптөгөн чындыктарды билдим, уктум десем да болот. Мен генерал болгонум менен мен билбеген нерселер, абдан эле көп экенин ошондо түшүндүм. Канткен күндө да мен тааныган генералдар убагында Сталин, Берия, Хрущёв, Брежнев, Черненко, Андропов ж. б. жана башкалар туурасында семичка чаккандай чагат эле го…

— Сталин деле өз кезегинде, үч-төрт класс билими бар, Никита Сергеевич Хрущёвду өзүнө тартып, өгөйлөбөй, ага дайыма жардам берип кызматтан көтөрүп жүрбөдү беле? Ошончо жакшылыктарын унутуп Хрущев Сталиндин баласы Василий менен кызы Светлананын тебеленген тагдырлары туурасында эмнелерди айтып кете аласыз?

— Менимче, Василий Сталин генералдык чинди жыйырма беш жашында алган болсо керек. Чынында өтө эле жаш кезинде алганы менен ал белгилүү болгон. Иосиф Виссарионовичтин көзү тирүү кезинде, Василий Сталин генерал-лейтенант болуп калган эле. Атасы бар кезде Василий Сталин каалаганын кылган, ага каршы бирөө да баш көтөрүп көзүнө тик карап, сын айта алышкан эмес. Ошол эле Хрущёв да…

— Иосиф Сталин каза болгондон кийин Василийдин жашоосу, тагдыры кандай болгон эле?

— Василий деле атасы Иосиф Сталиндин көзү жумулары менен буга чейинки жомоктогудай жашоосу баштагыдай болбой турганын ал өзү деле жакшы билген. Берия да өзү туурасында Василий Сталиндин көптү биле турганын сезчү. Ошон үчүн андан корккон. Атасы Сталин каза болуп, алардын үй-бүлөөсү, балдарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшкөнү бир канча, жүз миңдеген адамдар Колонналар залына келип жатышты. Менимче, Сталиндин балдары Василий, кызы Светланага аза кайгысына чөмүлүп турган кезде, бүтүндөй совет эли баштарына түшкөн оор жоготууну бөлүшүп жатышты. Балакеттин баары мына ушул учурдан кийин башталды…

— Жумабек байке, эмне болгон балакетти айтып жатасыз?

— Буга чейин эмне кааласа ошону жасап келген Василий Сталин өзүнүн жомоктогудай жашоосу аяктаганын, ал эми гана сезди. Дүйнө жүзүн титиретип кармаган атасы, Иосиф Сталиндин доору аяктаганын түшүндү. Кайгыга батып турган Василий Сталин кармана албай, оозуна эмне келсе, ошону элдин көзүнчө айта баштады. “… Өлтүрүштү! Акмактар! Атам Сталинди булар өлтүрүп тынышты!” деген сөздөрдү кайра-кайра кайталап айта бергени да себеп болгон. Албетте, ал жерде Лаврентий Берия, Никита Хрущёв, Маленковдор жана башка Совет бийлигинин жогорку катмарында кызмат өтөгөн жетекчилер Василий Сталиндин айтып жаткан сөздөрүн угуп отурушту да… Ошол учурда алар үн катышкан да жок. Бирок, анын сөзүн жүрөктөрүнө катып коюшту.

— Анда, Василий Сталинди ошол айткан сөзү үчүн камашкан деген пикирге келсе туура болобу?

— Ооба… Андан башка да Василий Сталин, Кремль дубалынын ары жагында отурган ар бир жетекчилердин былык иштерин, ал жакшы билет эле. Василийдин мындай сөздөрү алар үчүн атылган октой коркунучту туудурган. Миңдеген советтик адамдар, Иосиф Сталиндин сөөгү Колонналар залында жаткан кезде, “… атам Сталинди булар өлтүрүп тынышты!” деген Василийдин сөзү эл арасына чагылгандай тез тарады. Анын, октой атылган сөзү эле аларга жетиштүү болчу. Ошол сөз, Василий Сталинди түрмөгө камоого шылтоо болуп берди окшойт. Аны чет өлкөнүн шпиону, Берия, Хрущёв, Маленков жана башкалардын көзүн тазалап, өзү атасынын ордуна такка отурам деген ою болгон деген сөздөрдү каралоо максатында эл арасына атайылап таратышкан.

— Василий Сталинди СССР КГБнын түрмөсү болгон Лефертовага камашкандары туурабы?

— Туура… Аны оозун басып жүрсүн деп сегиз жылга камашкан. Анткени, Иосиф Сталиндин көзү тирүү кезинде, Василий ошол эле Берия, Маленков, Хрущёвдун көз алдында чоңойгон бала болчу да. Булардын баарысы кичинекей Василийди атасы Иосиф Сталинге жагыныш үчүн, аны бөпөлөп эркелетишип чоңойтушкан “эрке бала” эле. Ал эми, бир убакта жалгыз эле Советтер Союзуна эмес, дүйнө жүзүнө атагы чыккан атасы Сталиндин өлүмү менен баласы Василийдин тагдыры бир көз ирмеп, заматта тебеленип, ал эч ким болбой калды. Атасы Иосиф Виссарионовичтин оозунан совет бийлигинин жогорку кызматтарда жүргөндөрдүн баарысы туурасында жетиштүү компроматтары бар болчу. Ошолордун чындыкка чыгып, элге тарап кетишинен баарысы коркушкан эле.

— Соттун өкүмү чыгып, сегиз жылга кесилген Василий Сталинди кайсы лагердеги абакка жөнөтүшкөн?

— Эмнегедир, аны эч кандай кармоо тартиби оор, шарты татаал лагерлерге айдап жөнөтүшкөн эмес эле. Болгону Василий алган сегиз жылдык мөөнөтүн аткарууга, Хрущёв да, Берия да шашылып азаптуу лагерлерге айдоодон алыс болушкан. Алгач, Лефертова түрмөсүндө камашты.

— Василий Сталин камалып отурган Лефертово түрмөсүнө СССР КГБнын башчысы Шелепин менен СССРдин генералдык прокурору Руденко жана башка жетекчи кызматындагы адамдардын кирип чыккандары туурасында сөз болуп жүрөт. Ушул чындыкбы?

— Мен сүйлөшкөн КГБнын генералдарынан уккан маалыматтарга караганда чындык эле. Ал генералдар убагында ошол иштерге катышкан адамдар эле.

— Ал эми КГБнын жетекчиси Шелепин менен Василий Сталин жолугушуп сүйлөшкөндө, ага карата, “… сен мындан кийин фамилияңды Сталин эмес, Джугашвили деп өзгөртүп, алып жүрүүгө макул болсоң гана, баштагы сага чыгарылган оор өкүм жумшарып, абактан чыгасың!” деген сөздөр айтылган дешет…

— Ооба… Бирок, өз билгенин бербеген, айтканынан кайтпаган көк бет Василий, “… мен жарык дүйнөгө келгендеги алган фамилиям Василий Сталин. Мен эч качан Джугашвили болгон эмесмин! Мен, Василий Сталин бойдон өлөм!” деп Шелепиндин айтканына макул болгон эмес экен. Андан кийин, сен айткандай СССРдин генералдык прокурору болгон Руденко да ошол эле сөздөрдү айтып, Василий Сталинди көндүрүп, макул болууга аракеттерди жасаган. Ал эми Василий Сталин айтканынан кайтпай, “… мен эч качан Василий Джугашвили болгон эмесмин!” деп алардын сөздөрүнө макул болбой, баш тартып туруп алат. Ошол менменсиген көктүгү, өзүнүн тагдырын сындырууга алып барган дешет.

— Бул ортодо Василий Сталин менен Ворошилов да абакка кирип чыкканы айтылып калып жүрөт… Атасы Иосиф Сталиндин жакын адамы болгон Климент Ворошиловдун абакка кирип чыгуусу Василийге жардамы тийген бекен?

— Жок. Менимче ал абактан чыккандан кийин жолугушса керек. Атасы Иосиф Сталин менен Климент Ворошилов чогуу иштешип калгандыктан, алар жакшы мамиледе болушкан… Ворошилов да, буга чейин Лефертово түрмөсүнө кирип чыгышкан Шелепин менен Руденкодой болуп Василийге ал дагы фамилиясын өзгөртүп, “… мындан кийин Василий Сталин эмес Джугашвили болуп өзгөртүүгө макул бол!” деп аны көндүрүүгө аракет жасайт. Кийин Василий Сталинди “Александровский централ” түрмөсүнө камашат. Бирок ал жерде Василий Сталин эмес Васильев деген каймана фамилия менен отурган дешет. Ал түрмөдө жатып, балалык кезинде “… дядя Никита!” деп чоңойгон Василий, Советтер Союзунун жаңы лидери Никита Сергеевич Хрущевге канча ирет кат жолдогон. Бирок, эмнегедир, анын жазган каттары жоопсуз кала берген. Бир кезде, атасы дүйнө жүзүндөгү СССР деген өтө кубаттуу мамлекетти отуз жыл бою башкарган Сталиндин эрке, өз билгенин бербеген, каалаганын жасаган эрке талтаң баласы Василий Сталин булардын алдында чөгөлөгүсү келбеди. Хрущев да анын ар бир жазган каттарын алган сайын каттарында, Василий дагы деле текеберденип, ийилип сынгысы келбегенин байкап жатты да. Туурабы…

— Василий Сталинди Москвадан алыс болсун деген ниетте аны Казань шаарына которушуп, бир комната үй беришкен экен го?

— Менимче, Кремль дубалынын ичиндегилер да Василийди Москва шаарынан алыс жакка, түпкүргө жөнөтүп салсак, кулак мурундарыбыз тынч болот деп ойлошкон го. Ошондуктан, совет бийлигинин башындагылар, Казань шаарынан бир бөлмө үй берип, ошол жакка саясый сүргүнгө айдашкан го деп түшүнөм.

— Москвадан алыс, түпкүргө дешип Казанга сүргүнгө айдалган Василий Сталин да ал жакта тынч отуруп, тилин тыйып калбаса керек…

— Ооба… Ал жакта да жөн жашаган эмес, ичип алып “Мен деген Иосиф Сталиндин баласы Василий болом!” деп, чогуу арак ичкендерге, көчөдөгүлөргө айта берип, тез эле шаардыктарга ал таанымал болуп кетет. Анын артынан коопсуздук кызматынын адамдары көлөкөсүндөй ээрчип жүрүшүп, бийлик башындагылар туурасында эмнелерди айтып жатат дешип, анын кимдер менен жолугуп, сүйлөшкөндөрүн жазып, маалымат топтой беришкен. Василий Сталиндин ар бир кадамы көзөмөлдө туруп, коопсуздук кызматынын атайын кызматкерлери анын изине түшүшкөнү ага деле белгилүү болгон.

— Василий Сталин түрмөдөн качан чыккан экен?

— Менимче, 1959-жылы абактан чыкса керек. Кыскасы, Василий тилинин азабын далай ирет тартты го. Акыры, ошол үйүндө жашап жүрүп, табышмактуу өлүм менен каза болгону маалым. Ал эми Василий Сталин ичип алган кезде, ал оозуна эмне келгендин баарын айта берип, атайын кызматтын кара тизмесинде турган “коркунучтуу” адам болчу.

— Эл арасында, Василий Сталинди ууландырып, көзүн тазалашкан деп айтылып жүрөт го…

— Көп версиялар айтылып жүрөт. Аны ууландырып өлтүрүшкөн дешкен маалыматтарды мен да укканмын. Үй ичинен кичинекей ампуланын идиштери табылган деген божомолдор бар. Василийдин өлүмү боюнча ушул кезге чейин, ар кандай сөздөр айтылып келет. Эми, эл болгон соң ар кандай сөздөр айтыла берет экен да. Василий Сталин кырк жашында каза болду го.

— Ал эми Сталин каза болгон соң кызы Светлананын тагдыры кандай болгон…

— Светлананын апасы Надежда Аллилуева өзүн-өзү атып өлтүргөн деген маалыматтар айтылып жүрөт. Апасы өзүн-өзү атып өлтүргөн соң, алты жаштагы Светлана менен андан да кичинекей Василий эне мээримин көрбөй, атайын үй-кызматындагылардын колунда чоңойгон. Атасы, Иосиф Сталин эртеден кечке Кремльдеги иш кабинетинде болгондуктан, балдарынын тарбиясына көңүл деле бура алган эмес. Бирок, колу бошоп калган учурда жакшы эле эркелеткен учурлары көп болгон экен. Андан да, Сталин табиятынан бир сырдуу, мүнөзү өтө татаал, анчалык деле баласак эмес адам болгон дешет. Апасынын жакын тууганы Ольга Аллилуевна аларды тарбиялап чоңойткон деген маалыматтар бар. Светлана апасы, Надежданын трагедиялык өлүмү туурасындагы чындыкты алгач билген эмес. Кийин гана апасынын атынып өлгөнүн укканда өзүн жоготуп коё жаздап, катуу шок болгон экен. Анткени, эс тартканга чейин Светланадан болгон чындыкты жашырып келишкен болчу.

— Эми, бир кездеги Кремль дубалынын ичинде эркелеп чоңойгон Светлана өзүнөн жашы, менимче жыйырма жашка улуу, белгилүү драматург, кинорежиссер Алексей Каплерге турмушка чыкканда Сталин жактырган да, куттуктаган да эмес деп уктум эле. Ал тургай ошол кездеги белгилүү деген Каплерди англичандарга иштеген шпион деп каматып жиберген деген маалыматтар да бар…

— Светлананын турмушка чыкканын угуп атасы Сталин жактырып, куттуктаган деле эмес дешет. Эрке өскөн Светлана да өз билгенин бербегендиктен атасынын уруксаты жок, Сталиндин көзү тирүү кезинде эле, эки ирет турмушка чыккан жайы бар. Хрущев бийликке келип, Сталиндин жеке керт башына сыйынуу мезгилин партиянын съездинде катуу сындап чыгат. Ошондуктанбы, Светлана Иосифовна Сталина эмес, өзүнүн апасынын Аллилуева деген фамилиясына өтүп алат.

— Светлананын жаңы паспортун Ворошилов алып берген дешет го…

— Ошондой маалыматтар айтылып жүрөт…

— Эмне үчүндүр Сталиндин кызы Светлана да бир топ жолу турмушка чыккан, ал эми баласы Василий Сталин да көп ирет төшөк жаңырткан жагынан да белгилүү болгон. Анткени, Светлана кийин өзүнүн отуз жети жашында индиялык тектүү үй бүлөдөн чыккан, Лондондогу университетти аяктап, жакшы билим алган Браджеш Сингх менен таанышып ага турмушка чыккан экен. Алардын тагдырына кызыгып көргөн жоксузбу…

— Эми, мен деле СССР КГБнын офицерлеринен уккандарымды гана айта алам. Сталиндин балдары чындыгында атасынын камкордугу менен окуп, бардар үй-бүлөдө чоңоюшкандыктан, алар катардагы совет адамдарынын башка жашоосу туурасында билишкен эмес. Светлана чындыгында Лондон шаарынан жакшы билим алган Браджеш Сингхти катуу сүйүп калгандыктан экөө баш кошушкан экен. Бирок, кийин Браджеш Светлананын үйүндө каза болуп калат…

— Бирок, Светлананын индиялык күйөөсүн КГБнын адамдары уу кошуп берип өлтүргөн деген версияга кандай карайсыз?

— Эми, ал кезде Сталин тирүү эмес болчу. Светлананын ким менен жашаганына эч ким деле кызыкдар деле эмес эле. Светлана Кремльдеги жетекчилерди кайтып келем деп көндүрүп, каза болгон күйөөсүнүн (денеси өрттөлүп, крематориядан чыккан күлүн алып) өрттөлгөн сөөгүнүн күлүн алып Индияга учуп кетет.

— Ошол кездеги, советтик бийликтин башындагылар Светлана Иосифовна Аллилуеванын жаш эки баласы бар экенин эске алышып, аны өлкөгө кайтып келет деп ойлосо керек.

— Ооба…1962-жылы бир тууганы Василий Сталин каза болгондо да, эмне үчүндүр Светлана топурак салганга барган эместигин чекисттер арасында сөз кылып жүрүшөт.

— Светлана Советтер Союзуна кайтып келдиби? Анткени, анын баласы Иосиф менен Ждановдун баласынан төрөгөн кызы Катя Москвада калышкан эмес беле…

— Граждандык никедеги күйөөсү, Браджеш Сингхтин өрттөлгөндөн калган күлүн алып Индияга чыгып кеткен боюнча, ал жакта үч айдай жашайт. Светлана Иосифовна Аллилуева СССРге кайтып келүүнү каалабайт. Ал 1967-жылы АКШнын элчилигине качып барып, өзү Сталиндин кызы экенин, СССРге кайтып баргысы келбегенин айтат. Ошентип, Светлана Аллилуева балдарын таштап Швейцарияга АКШнын элчилигинин кызматкеринин коштоосу менен барат.

— Жумабек байке, эмне үчүн Сталиндин кызы баш калкалоо сурап жаткан соң АКШга эмес Швейцарияга алып барышкан деп ойлойсуз?

— Балким, Советтер Союзун 30 жыл башкарган Сталин Швейцариянын банкында алтын, миллиондогон акчаларды катып койсо керек деп ойлошкон го…

— Сталиндин Швейцарияда катып койгон байлыктарын табышыптырбы?

— Жок… Сталин ушунча жылдар бою СССРдин бийлик башында турса да, ал байлык топтогон эмес. Иосиф Сталиндин тазалыгы, анын улуулугу мына ушунда турат… АКШнын элчилигинде, Светланага жардам берип жаткандар Сталин баласы менен кызынын атына катып койгон банктарда байлыктары болсо керек деп Швейцарияга алып баргандары да ошондон го деп ойлоп кетем. Балким башка саясый максаттары да болгондур…

— Бирок, бир канча жылдардан кийин Сталиндин кызы Светлана Советтер Союзуна кайтып келген деген маалыматтарды окуган элем…

— Туура… Америкада жашап жүрүп СССРге кайтып келген. Анткени, АКШда Советтер Союзундагыдай окуу, дары-дармек ж. б. нерселер бекер болгон эмес. Өзүң билесиң, Сталин биздин өлкөнү башкарып турган кезде, анын балдары Светлана менен Василий жокчулук эмне экенин билбей чоңоюшкан да. АКШда жашап жүргөн кезинде Светлананын жашоосу абдан оор болгон экен. Ал жакта турмушка чыгып, кыздуу болот. Аны окутууга Светлананын каражаты жок болгон. Айласы түгөнүп, күн өткөн сайын анын жашоосу кыйындап, өзү СССРге кайра кайтып келүүгө аргасыз болот.

— Сталиндин эрке кызы, бир кездеги “… Кремлдин кожойкеси!” аталган Светлана кайтып келгендеги жашоосу кандай болгон?

— Эми, атасы Сталиндин кадыры, анын өлкөбүзгө жасаган эмгеги үчүн, бийлик башындагылар Светлана Аллилуева менен кызына үй, айдоочу, ал тургай пенсия бөлүштүрүп беришиптир. Бирок, АКШнын гражданы деген паспортун алып коюшат. Балким кетип калбасын деп ойлошкон го.

— Менин билишиме караганда кийин Грузияга кетип калуусуна эмне себеп болгон экен?

— Кандай болгон күндө да Грузия атасы Сталиндин туулган жери эмеспи. Москвада жашап жүрүп эмнегедир Грузияга барып жашоого уруксат алат. Менимче атасынын мекени болгон Грузияда деле Светлана жашай албайт болчу. Анткени, Светлана төрөлгөн күндөн баштап Москвада, Кремль дубалынын ичиндеги жетиштүү жашоодо өскөн эле. Ал эми өмүрү жашап көрбөгөн Грузия жеринде жашай албайт болсо керек. Светлана кайрадан СССРден чыгып кетип, Англияга көчүп кеткенин укканмын.

— Сталиндин кызы чет өлкөдөн келген соң, тынч гана Москва шаарында эле жашап жүрө берсе болмок экен дейсиң. Светлана Аллилуевага Советтер Союзунун бийлик башындагылар ага ушунчалык жакшы шарт түзүп бергенине карабастан ыраазы болбой, СССРди чанып кеткенине эч түшүнбөй койдум.

— Ал жакта деле жыргап жашаган жок. Сталиндин кызынын тагдырына ушундай оор күндөрдү маңдайына жазган экен, өзү каалабаса да ошону көрдү да… Кийинки жашоосу боюнча так маалыматым, азырынча жок болгондуктан башка эч нерсе деле айта албайм…

 

1967-ЖЫЛ…  17-май… ФРУНЗЕ ШААРЫНДАГЫ БОЛГОН ЭЛДИК БУНТ

— Жумабек Асанкулович, сиз республикалык КГБны алгачкы жетектеген жылдары, 1967-жылдын 17-май айында Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы борбордук базарда массалык тополоң чыгып, милиция кызматкерлери менен элдин ортосунда кагылышуу болгону белгилүү. Ошол кездин масштабы менен караганда дагы, советтик түзүлүшкө, бийликке өтө чоң массалык каршы чыгуулардын себебин, анын түпкү себептерин эмнеден көрөт элеңиз?

— Ошол жылы, биздин жалпы союздук масштаб боюнча алганда да буга чейин биз эч качан күтпөгөн, көптөгөн саясый окуялар, массалык каршы чыгуулар болуп кетти. Азыр да, ошол мезгилде Фрунзе шаарындагы болуп өткөн окуя менин көз алдымда турат. Мен өзүм да, республикалык КГБны жетектегениме кыска эле убакыт болгон эле. Башта биздин республикада, карапайым элдин бийликке каршы чыккан массалык нааразычылыгы буга чейин катталган эмес болчу. Мынчалык, күтүүсүз жерден чыккан массалык тополоң болгондо, биздин күч органдарыбыздын коомдук тартипти ыкчам, кыска убакыттын аралыгында калыбына келтирүүдө, эч кандай даярдыгы жок экенин далилдей алды. Мен ошол нерсени дароо түшүндүм…

— Азыркы Жеңиш аянты турган жерде, мурун Фрунзе шаарындагы борбордук жашылча базары болгонун көрүп калдык. Биз деле, окуп жүргөн студенттик күндөрүбүздө, анча-мынча ошол базарга барып, соода кылып калган жайыбыз да бар. Мындан бир аз убакыт мурун, ошол жерде бир-эки солдаттын айынан Фрунзе шаарында бийликке каршы, элдик массалык тополоң чыгып кеткени боюнча айтып бердиңиз эле. Ошол “элдик бунт” же нааразылык дейбизби, түпкү максаты эмнеден чыкты эле, ошого кайрадан токтоло кетсеңиз…

— Ооба. Азыркы Жеңиш аянтынын орду, мурун колхоз базары же жашылча базары деп коюшчу. Жашылча базары, бүтүн Фрунзе шаарын мөмө-жемиш менен камсыз кылып, шаардыктарды тейлеп, багып турчу, бирден-бир чоң соода түйүнү болчу. Хрущёв бийликтен кетип, Брежнев башкарып жаткан мезгил эле. Азыр ойлосом, оңбогур Никита Сергеевич, бийликтин бардык бутактарын талкалап, иштей албай тургандай шал кылып кеткен экен. Союз боюнча эл толкуй албай былгып эле жаткан кез. Биздин республиканын КГБнын кызматкерлери да эл арасындагы ар кандай сөздөрдү, бийликке болгон жек көрүү сезимдери күн санап, өсүп жатканын кагазга жазып берип жатышты. Мен дагы КГБнын жетекчиси катары, кандай маалыматтар мага түшүп жатса, аны болгонундай жазып, жогору жактарга, бийликтегилерге жеткирип турдук. Ал эми бийлик башындагылардан жооп болбоду.

— Күн өткөн сайын, бийликке болгон элдин ишеними түгөнүп баратканын, сиз жазган кагаздардан туура түшүнүп, түз багыт алыштыбы?

— Кайдан… Ал тургай, бизге чындындыкты жеткирип жатканыбызга ырахмат айткандын ордуна, ”… силер туура эмес, кайдагы маалыматтарды айтып, жазып жатасыңар. Коммунисттик партияга карапайым элдин көз карашы түз.

Күжүрмөн, эмгекчил советтик элибиз, КПСС БКнын жүргүзүп жаткан саясатын дайыма колдоп келген, дагы да колдойт. Кайдагы чындыкка жатпаган, коомдогу терс, жок нерселерди жазып келесиңер!” деп жогору жактагылар биз жазып жаткан нерселерди моюнга алып, ырахмат айткандын оңдоонун ордуна, кайра бизди күнөөлөгөн учурлары көп болду. Элдин бийлик башындагыларга болгон жек көрүүсү күн санап өсүп, суудай дамбага топтоло берип, акыры ал тосмо да Фрунзе шаарында жарылды. Биз ушул окуяларды болтурбоо боюнча, алдын ала канча ирет бийлик башындагыларга эскертип, “жашыруун” деген гриф менен өтө кооптуу мезгилди алдын алуу керектигин айтып, улам жаңы материалдарды жогорку жактагы чиновниктерге жөнөтүп турдук. Биздин айткандарыбызды көңүлдөрүнө алышпай, ачык айтканымда биздин үнүбүздү укпай да коюшту. Жыйынтыгы ушул болду. Элдин нааразылыгы улам күч алып, жара ириңиндей баштап, шишик улам толуп, акыры бир күнү 1967-жылдын 17-май айында, мен айтып келген шишик толуп, жарылды. Бийлик башындагылардын кенебестиги, өз учурунда, биздин берген так маалыматтарды укпай жүрүп, милиция кызматкерлери менен базардагы элдин ортосундагы массалык кагылушууга алып келди. Азыркы жаштар, ал жерди билбей деле калышты го. “Нарын” рестораны, “Достук” мейманканасы Жеңиш аянты анын жогору жагындагы үйлөр кийин гана салынды. Базардын айланасын ыпырап-сыпыраган эле, жепирейген эски үйлөр тосуп турчу. Ошол эски үйлөрдүн, эми үй аты гана бар болчу. Азыр козино болуп турган жагында мурун, чыныгы элдик чайхана бар эле, кыргыздын акын жазуучулары, актерлору, сүрөтчү, журналисттеринин баарын, негизинен интеллигенциянын өкүлдөрү ошол жерден тамак ичкендерин көрчүбүз. Тамагы арзан, анан даамдуу болгондуктан баарысы тамак ичкени ошол жерге келишчү. Базардын кире бериш жеринде да ашкана бар болчу.

— Эл менен милициянын ортосундагы кагылышуу, массалык тополоң эмнеден чыкты деп ойлойсуз? Эмне түрткү бергенине, чекист катары токтоло кетсеңиз…

— Бир-эки солдат армиядан кайтып келе жатыпбы же “самоволкага” чыгыпбы, ошол жерде тамак менен кошо ичимдик ичип отурганда аны текшерип милиция кызматкерлери кирип калышат. Ал кезде тартип катуу мезгил, формачан арак ичсең келип кармап кетишчү. Базардын айланасында жүргөн милиция кызматкерлери аны арак ичип жаткан жеринен кармап кетишмек болушат. Солдат аларга каршылык кылат, анан ошол жерде пол жууп жүргөн аял, “… эл журт, милиционерлер бечара солдатты уруп жатышат!” деп айланасында тургандарга жар сала кыйкырат. Албетте тургандар, солдат тарапка болуша кетишет. Көз ачып жумганча, милиция кызматкерлери менен карапайым элдин ортосунда кагылышуу болуп кетет.

— Ошондо, 1967-жылдын 17-майында болгон массалык тополоңдун баштоочусу ким болгон экен?

— Ал окуя болгон мезгилден бери, арадан көптөгөн жылдар өтүп кеткендиктен баарын эстеп отуруш деле кыйын. Эми, аракет кылып эстеп көрөйүн. Окуя, 1967-жылы 17-май айында болуп жатат да. Эми, баш калаабыз Фрунзе шаарындагы массалык тартипсиздикти баштаган солдаттар Т. Исмаилов менен Ю. К. Шуклин дегендер экени кийин гана такталып, күч түзүмдөрүнө маалым болуп чыгышат.

— Алар эмне болгон жоокерлер экен? Аскердик мөөнөтүн аткарып бүтүшүп, өз үйлөрүнө кайтып келе жаткан жоокерлер болуп жүрбөсүн?

— Фрунзе шаарындагы бул окуя, капысынан эле, же бир күндө чыга калган күнүмдүк милиция менен карапайым элдин ортосунда майда-барат нерсе эмес экенине мен кийин гана түшүндүм. Бийлик, өзгөчө милиция менен карапайым элдин ортосундагы мамиледе, буга чейинки социалдык маселелердеги шишиктей толуп отуруп, акыры ийне менен сайып жибергендей, чарт жарылган экен деген жыйынтыкка келдим. Чындыгында эле ошондой болду.

— Эмне үчүн андай жыйынтыкка келдиңиз? Себептерине токтоло кетсеңиз…

— Кийин билингендей, 1967-жылдын 17-майы айында башталган массалык тополоңго себепкер болгон 15702-аскер бөлүгүндө кызмат өтөшкөн эки солдат болуп чыгышты. Эми, аскерге баргандардын арасында айтылгандай “самоволкага” чыгышкан экен. Катардагы жоокерлер Ю. К. Шуклин менен Т. А. Исмаилов арак ичип алышып, коомдук жайдагыларды көздөрүнө алышпай, тартипти бузуп киришет. Башында аларга эч ким деле көңүл бурушкан эмес. Бир аз убакыт өткөн соң, ичимдиктин таасиринен мас болгон солдаттардын үндөрү катуу чыгып, башкалардын да көңүлүн өздөрүнө бура башташат. Ошол эле учурда, ал эки жоокер коомдук жайдагы тартипти бузуп жатышканын көргөн милициянын кызматкерлери алардын жандарына басып келишип, мыйзамды тебелеп, бузушканын айтышып эскертишип, опер пунктка алып барарышарын айтышат. Ал эми, жоокер Т. Исмаилов тартипти талап кылган милиция кызматкерине каяша сүйлөп, ал тургай аларды тоготпой, кол көтөрүп, уят сөздөр менен сөгүп каршылык көрсөтө баштайт. Ортодо милиция кызматкерлери менен алар түртүшө кетишет. Ошол жерде, пол жууп жүргөн аялдын “… милиционерлер солдатты уруп жатат!” деген сөзүн уккан соң, ал жердегилердин баарынын көңүлү ошол жакка бурула түшөт. Элдин арасынан, “Солдаттарды эмне үчүн кармап жатасыңар! Эч кимге зыяны жок, тамактанып жаткан солдаттарды кармоого, аларды ур-токмокко алууга акыңар жок! Акмактар…” деп ошол жерде турган адамдардын арасынан бирөө бакырып калат. Кыска убакыттын аралыгында бардыгынын көңүлү ошол жакка бурулат. Элдер заматтын ичинде ошол окуя болгон жерге топтоло түшөт. Милиция кызматкерлери деле, “… Бул солдаттардын документтерин текшерип, кайра эле аскер кызматкерлерине өткөрүп беребиз. Калганын алар чечишет. Биз болгону бул жердеги коомдук тартипсиздикти карайбыз, бул биздин милдет!” дешип көпчүлүккө түшүндүрүүгө аракет жасашат. Бирок, ошончо топтолгон элдин арасынан алардын сөздөрүн эч ким укчудай эмес болуп калган эле. Базарда жүргөн адамдар бир көз ирмемдин ичинде окуя болгон жерге топтолуп кетти.

— Жумабек Асанкулович, эми сиз ошол окуялардын башынан аягына чейин билген, массалык тополоңду иликтеген башкы чекист катары айтыңызчы? Эмне үчүн ошол жерде граждандык адамдар тартип бузган, ичимдик ичкен жоокерлерди эмес, милиция кызматкерлерине акаарат кылып, бакырып кодулап киришкен?

— Бардык чырдын чыгышында, биздин көзүбүзгө көрүнбөгөн социалдык маселелер бар эле. Биз ошол нерсени бийлик башындагыларга канча ирет жазсак да, укпай койгонунун жыйынтыгы. Сен дагы өз сөзүңдө, ошол базарды көрүп калдым дедиң го. Шаардын ичиндеги базардын айланасында жепирейген эски үйлөр, өтө эле көп болчу. Ал жакта көбүнчө жумушу жок адамдар, жаңыдан гана түрмөдөн чыккандар, бекерпоздор, анан баңгизат саткандар, чөнтөкчүлөр анан баңги зат колдонгон наркомандар жашагандар көп экени башынан эле белгилүү болчу. Кылмыштуулуктун ордосуна эбак эле айланып калган экен. Анткени, ошол жерде жашаган жөнөкөй адамдардан да көп арыздар түшүп, аларды тартипке салуу боюнча каттар менен бизге да көп кайрылышат эле. Анткени, ал жакта батирлер башка жактарга караганда арзан болчу. Андан да, базар болгондуктан ал жерде жанагы чөнтөкчүлөр менен уурулар шагырап эле жүрүшчү. Алардын көбү, милиция кызматкерлери менен бирге иштешкендери да бар болчу. Азыркы тил менен айтканда ошол милиция кызматкери да алган айлыгы аз болгондуктан ошол чөнтөкчү менен ууруларга “крыша” болушкан да. Бул нерсе, борбор шаарыбыздагы базарларда азыр деле бар деп угуп калам. Мындайча айтканда, базар ичинде милицияны жек көргөндөр, дайыма алардын куугунтугун көргөндөр, жанагы жабыр тартты деген солдат тарапка, боор ооруп топтоло түшкөн экен. Буга чейин деле даалай ирет базар ичинде жүргөн милиция кызматкерлери боюнча нааразычылыктар айтылып келген. Кыскасы, базардын айланасында жашаган, базарда соода кылгандардын көпчүлүгүнүн милицияга болгон жек көрүү сезимдери бар экени дароо байкалды. Карапайым, жабырланган эл жек көрүүсүн, кимден, кайдан, качан чыгарууну билбей жүрүшкөн. Ошентип, жок жерден базардагыларга да шылтоо табылып, ортодон от чыгып кетсе болобу. Ошол солдаттын чыры, элдин бийликке болгон жек көрүүсүнө, ширенкени күйгүзүп туруп жанагы бензинге таштап жибергендей эле окуя болду. Кичинекей тирешүү заматтын ичинде чоң тополоңду алып келди. Базардагы милиционерлер да майда барат нерсе үчүн жек көрүндү болуп калган экен. Жанагы милициядан запкы жегендер, түрмөдөн чыккандар, наркомандар, көздөрү шишип көрүнгөн жерде жатып, түнөп жүргөн бомждар, үйсүз калган селсаяктар баарысы солдат тарапка жан тарткан болушуп, биригүүгө шарт түзүлөт. Эки жаат болушуп, тирешүү башталып кетет да, эл көптүк кылышып милиционерлерди артка чегинүүгө аргасыз кылышат. Андан кийин милиционерлерге жардамга чакырылган, кошумча күч да базарга жетип келишет. Бирок, милицияга каршы чыккан элдин саны улам көбөйүп отуруп, көптүк кылышып бул ирет да, органдын адамдарын артка сүрүшүп, чегиндирүүгө мажбур кылышат. Көз ачып жумганча болгон милиция менен элдин ортосундагы чыккан тополоң базардын чегинен чыгып, заматта шаар ичине тарап кетет. Башта мындай окуяны укпаган шаардыктар өз көздөрү менен көрүш үчүн троллейбусттар менен автобусттардан базардын оозунан түшүп калып, элдин арасына кошулуп кетип, тополоң чыгаргандардын санын көбөйтүп жатышты.

— Эмне үчүн карапайым элдин милицияга каршы чыгуусу ушунчалык тездик менен өнүгүп кетти? Токтотконго милициянын күчү жетишсиздик кылып жаттыбы…

— Чындыгын айтканда, буга чейин биздин республикада башта бийликке каршы көпчүлүк эл аралашкан окуя болгон эмес эле. Милиция кызматкерлеринин мындай учурда толкуган элди, кантип басуу боюнча тажрыйбасы жок экени көрүндү. Союздун башка жерлеринде бийликке каршы чыккан жерлер армиянын күчү менен басып салган окуялар боюнча кабарым бар эле. Ал эми биздин борбор шаарыбызда мындай терс окуянын болушу, чынында күтүүсүз, эч ким күтпөгөн, кудум жанар тоо атылгандай окуя болуп кетти. Биздин аны басууга тажрыйбабыз жок эле. Моюнга алганыбыз да туура. Жаштары улгайып калгандар гана базардын айланасындагы окуяга тамаша кылып карап турушса, ал эми жаштар дароо эле ошол тополоңду жасап жаткан адамдар тарапка өтүшүп, алар менен заматта аралашып элдин сүрү күчөп, ал эми саны учур өткөн сайын көбөйүп жатты. Чынында, башта биз өз көзүбүз менен көрбөгөн, коркунучтуу окуя болчу.

— Эгер жашыруун сыр болбосо, милиция кызматкерлерине, бийликке каршы чыккан элдин саны канча болду эле?

— Мага, массалык тополоң башталды деген кабар жетери менен биздин коопсуздук кызматынын кызматкерлерин чогултуп дароо жыйын кылып, колдоруна керектүү, колдонуучу аппараттар менен жабдып, базардын айланасындагы тополоңду чыгуусу боюнча анализдөө, маалымат чогултуу максатында жөнөттүм. Акыры беш миңден ашып кеткен “бунтовщиктерди” башкаруу милиция кызматкерлери үчүн кыйын болуп калды. Окуянын башкы күнөөкөрү, Исмаиловду кармап алып кетишкени менен ал оперативдик пунктунда да тополоң кылып, айнекти муштап сындырганда анын сыныгы менен колун тилдирип алат. Ал тургай башы менен терезени сүзүп, “… мени өлтүрүп жатат!” деп, тополоң салып, сырттагы адамдарды жардамга чакыра баштайт. Айласы кеткен милиция кызматкерлери Т. Исмаиловдун колу-бутун байлап салууга аргасыз болушат. Бул көрүнүш заматтын ичинде адамдарды өзүнө буруп, элдер топтоло баштады. Элдин арасында, “… эч кандай күнөөсү жок, бечара солдатты, анын колу, бутун байлап салып милиционерлер сабап жатышат!” деген сөз заматтын ичинде элди аралап кетет. Араң турган карапайым элдин кыжырдануусуна, ансыз деле милиционерлерге болгон жек көрүүсү толуп, кайнап, ашып-ташып турган элге жетиштүү көрүнүш болгон.

Буга чейин совет бийлигине, органдын адамдарына каршы кол көтөрүү, ал тургай бир да жаман сөз айта албай келген элдин асмандан издегени жерден табылгандай, мүдөөлөрүнө жетишип, бат эле “тополоңчулар“ менен баштары заматта биригип кеткенге ыңгайлуу шарт түзүлдү.

— Эми, солдаттар Исмаилов менен Шуклинди мыйзам боюнча аскер прокуратурасына өткөрүп бериштиби же РОМго (азыркы РОВД) алып барып камаштыбы?

— Менимче, тиги солдат Исмаилов кызмат кылган аскер комендатурасынан адамдар келген соң эле өткөрүп беришкенин мага кабарлашкан…

— Исмаиловдун жанындагы берки солдат Шуклиндин тагдыры эмне болуптур…

— Жанагы пол жууган бейтааныш аялдын, жан ачыткан кыйкырган сөзүнөн кийин карапайым эл дагы көтөрүлүп кеткен эле. Милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн Т. Исмаилов менен базардагы адамдар тополоң кылып жаткан учурдан пайдаланып, экинчи солдат Шуклин базардагы көпчүлүк адамдардын арасына кирип кетип, көпчүлүктүн ичине сиңип, качып кеткенге үлгүрөт. Баягы пол жууган аял “… милиционерлер солдатты чала жан кылып машинага салып алып кетишти!” деп элге кайрылат. Ал тополоң кылып, кыйкыра бергенден анын колу-бутун байлап салышкан эмес беле. Балким, аны оперпункттан көтөрүп чыгышканда, аны өлтүрүп койду дешсе керек. Алар топтолуп алышып, милиция кызматкерлерине кол көтөрүшөт.

— Ошол учурда окуя болгон базарга РОМдун, ошондой эле ШИИБнин жетекчилери келишип, дүрбөп калган элди токтотууга аракет кылышкан эмеспи?

— Свердлов РОВДнын начальниги Талканчиев менен аны коштоп милиция кызматкерлери тополоң болгон жерге келишип, элге түшүндүрүү аракетинде айта баштаганда аларды эч ким укпай коюшат. Анын айткан сөздөрүнө турган адамдар укпай, ишенбей коюшат. Көпчүлүктү билесиң, ушак, такталбаган сөздөргө ишенип, дароо эле эрчип кетишет эмеспи. Тополоңго чыккандар, “… бир солдатты оперпунктта эле тепкилеп уруп өлтүрүштү, ал эми экинчи солдат ооруканада өлүптүр!” деген сөз заматтын ичинде жаалдап оозун ачып турган элдин бүйүрүн кызытып жиберет. РОМдун начальниги Талканчиевди тополоң кылгандар ар жагынан кысып келе баштаганын байкап, формачан милиция кызматкерлерин окуя болуп жаткан жерден акырын чыгып кетүүсүн айтат. Өзү элдин арасында калып эч жакка кетпейт.

— Фрунзе шаарында чыккан “тополоңчулардын” бийликке койгон негизги талабы эмне экен?

— Ал эми солдат Исмаиловдун аман экендиги туурасында айтылганына эч кимиси ишенбей коюшат. Алардын негизинен койгон талабы башка экени кийин билинди, милиционерлер тоскон тосмолорду бузуп өтүшүп, шаардык милициянын Башкармалыгынын имаратына келишип, ал жердеги автомашинаны өрттөшөт. Имараттын ичиндеги, эшик, терезелерди, ар кандай мебелдерди, телефондорду жерге чаап талкалашат. Ал жерде убактылуу КПЗда кармалып турган ар кандай кылмышка шектүү делип убактылуу кармалып турган адамдарды отурган жеринен бошотуп, сыртка чыгарышып, эркиндикке коё беришет. Ошол эле учурда, топтолгон “тополоңчулар” эки РОМ имараттарына кол салышат. Бул Биринчи май анан Свердлов райондук милициянын имараттары болчу. Жанагы эки солдаттын айланасындагы маселе заматта эле унутулуп, каршылык кылып көчөгө чыккандардын арасын башта түрмөдө отурган адамдар көп эле болгону кийин аныкталган эле. Алар РОМда курал-жарак бар экенин жакшы билишчү, курал-жаракты милициядан тартып алууну да максат кылышат.

— Милиция кызматкерлери “тополоңчуларды” токтотуп, аларды ооздуктай алыштыбы?

— Ошол күндөрү шаар ичинде милиция кызматкерлери өз формалары менен жүрүү коркунучта болуп калган эле. Азыркыдай тополоң кылгандарды көз жашын агызып таркатуучу куралдар жок болчу. Абал саат өткөн сайын, башкаруудан чыгып, шаар ичиндеги тартипти орното албай, бийлик көзөмөлдү алдырып баратты. Кырдаал күч алып, бийликтин кадыры кетип, көпчүлүк эл шаардагы бунт чыгаргандарды колдоп жатышты. Темир жол станциясындагы милиция кызматкерлерин колдорундагы арматуранын кесиндилери, таштар менен уруп, жазалоого аракет кылышкан. Эскертүү иретинде милиция кызматкеринин асманга аткан огунан кийин алар вокзалды таштап кетүүгө аргасыз болушат. Вокзалга жакын жердеги «Кыргызстан» ресторанына жакын жердеги милиция кызматкерлерин кол салышат. Алар милиционерлердин артынан кубалап жөнөшөт. Кээ бир, мыйзам бузуучулар ал жерден ар кандай ичимдиктерди, графиндерге куюлган арактарды өздөрү менен алып чыгышып, сыртта ичишип кайрадан тополоң кылып, шаарды аралап кетишет.

— Албетте, мындай оор учурда сиз башында турган КГБ менен анын ”көрүнбөгөн фронттун жоокерлери” көз ирмеп уктабаса керек. Туурабы?

— Абдан туура… Коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошол тополоң жасаган адамдардын арасында эле аралашып жүрүшүп, өз иштерин кылышып, жашыруун фотоаппараттар менен “толпанын лидерлерин” тынбай сүрөткө тартып жүрүштү. Ал күндөрү КГБнын кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, ачык коркунучта кызмат кылган күндөрү көз алдымда турат. Азаматтарым десе, мен алар менен дайыма сыймыктанам. Фрунзе шаарындагы тополоңду басууда КГБнын кызматкерлеринин эмгектери чоң экенин баса белгилеп кетким келет. Чынында эле ошондой болгон…

— Башаламандыкта, бунт чыгарган “толпанын” өз лидерлери болот дешчү эле. Чындыгында “толпаны” ошолор башкарып жатыштыбы…

— Туура. Арасынан ар кандай жаман, бийликке каршы сөздөр айтылып жатты. Буга чейин, бийликке каршы мындай сөздөрдү башта укпаган шаардыктарга башкача, кызык көрүнүп жатты. Сталиндин тоталитардык бийлиги, буга чейин элдин жүрөгүн алып салган экен. Тополоң кылгандар бийликти ашатып сөгүп жатышса кол чапкандар, аларды кубаттагандар да көбөйгөндөн улам көбөйүп жатты. Тиги милициядан запкы жеген солдат Исмаилов заматта тополоңчулардын сүймөнчүгү, баатыры болуп калды. Ал кезде бийликке каршы чыгып сөз сүйлөө, биздин советтик аң-сезимибизде жат нерсе болчу. Мындайча айтканда, бийликке каршы чыгуу деген түшүнүк жок эле, чындыгында совет элине жат мүнөз болчу.

— Милиция кызматкерлери өз күчү менен тополоңчуларды убагында баса алышпаганынын себебин эмнеден көрөсүз?

— Ошол күндөрү милиция кызматкерлери, советтик системага каршы чыккандарга, бунт болгон жерди дароо басып салууга, кыска убактын ичинде тартипти орнотууга такыр тажрыйбасы, даярдыгы да жок экенин, алсыздыгын көрсөттү. Эмне кыларын билишпей шаштылары кетип, көпчүлүгү кийген милиция формаларын чечип салышып туруп беришти.

— Бийликке каршы элдин мындай көтөрүлүп чыгуусу, Советер Союзу боюнча биздин республикада эле болгон беле?

— Жок… Бизге чейин, Советтер Союзунун Муром, Новороссийск шаарларында да эл бийликке каршы болуп чыгышкан, бирок ал жактагы мындай терс көрүнүштөрдү тез эле аскердин күчү менен басып салышкан болчу. 1967-жылы 14-июнда Чимкентте милиция кызматкери шаардык автопарктын шопурун өлөрчө сабап салган окуя катталган. Бул кабарды уккан автопарктын үч миңдей кызматкерлери автобекеттен түз эле, УВДга барышып бир аздан соң аны өрттөп жиберишет. Андан кийин, элдер түз эле түрмөнү көздөй барышып, ал жердеги абакта отургандарды бошотуп алууга аракет жасашат. Ал жерден тополоңчуларды ок менен тосуп алышат. Түрмөнү кайтарган солдаттарга, Чирчик шаарынан жардамга курсанттар жетип келишет. Тополоң кылгандар күчсүз болуп, алардын уюштуруучуларынын 13 адамы камалып, ал эми төртөөсү атууга кеткен.

— Фрунзе шаарында бунт чыккан кезде, Советтер Союзунун Ички Иштер Министрлигин ким жетектеп турган?

— КПСС БКнын Генералдык катчысы Л. И. Брежневдин жакын адамы, сүймөнчүгү Щёлоков Николай Анисимович деген болчу.

— Ал эми биздеги окуя менен жалпы окшоштуктары бар экен…

— Ооба. Эки солдаттын шылтоосу менен мурунтан бул бийликтен запкы жеп түрмөдө отургандар, наркомандар, элди милицияга, бийликке каршы тукуруп көтөрүп жиберишет. Бир тал ширеңке менен токойду өрттөп жибергендей эле окуя болду. Ал эми, милиция менен арак ичкен солдаттын ортосундагы окуя, буга чейин жарыла албай араң турган элдин, бийликке болгон каршы чыгуусуна, себепчи гана болуп берди. Бул шаардын борбордук базарда башталган окуя, стихиялык түрдө өтө тез өнүгүп, карапайым элди өтө кыска убакыттын ичинде өздөрүнө тартып кетти. Убакыт өткөн сайын алар ситуациянын кожоюндары болуп алышты. Кийин келген күч да эч нерсеге жардам бербеди. Бул окуяга эч кандай тиешеси жок формачан эле милиция кызматкерин көчөдөн көрүп калышса элдер аларды тепкилеп, уруп жатып калышты. Кээ бир, көпчүлүк милиция кызматкерлеринин терс көрүнүштөрүнүн айынан, элдин аларга болгон жек көрүүсү көп жылдап топтоло берген экенине ынандым. Бул кокустук эмес, бул терс көрүнүш жанагы жарадай болуп, ириң толуп акыры бир күнү жарылды. Элибиздин биздин бийликке, системага ачык каршы биринчи ирет нааразылыкка чыгышы болчу. Биздин республикада мындай окуя башта болгон эмес. Базардагы эл менен милициянын кагылышуусу дароо эле бизге жетти. Мен өзүмдүн кызматкерлеримди дароо эле ошол окуя болгон жерге, керектүү жабдыктары, эч кимге байкалбаган фотоаппараттары менен жабдып жөнөттүм. КГБнын кызматкерлери күнү-түнү катуу иштешти, алардын элдин катарында эле чогуу аралашып жүрүшкөнүн, алар кайдан билишмек. Биз КГБданбыз деп айтышмак беле. Эч кимге көргөзбөй костюм ичиндеги көрүнбөгөн, чакан фотоаппараттары менен ошол жердеги тополоңдун катышуучуларын тартып жүрүштү. Байкап калбасын деп костюмдарын тез-тез аңтарып кийип алышып, кайрадан элди аралап, уюштуруп жаткан кимдер, алардын лидерлерин сүрөткө тартып жатышты. Биздин КГБнын кызматкер балдары алар менен аралашып жүрүшүп аябагандай көп материалдарды топтоп келишти. Ал күнү милиция аттуунун баарысы, күндө кийип жүргөн өзүлөрүнүн формасын чечип салышкандары мага дагы маалым болду. Ал күндөрү милиция формасы менен көчөдө кенен басып жүрүү коркунучтуу, опурталдуу да болчу. Эртеси да, ээ жай бербей көпчүлүк эч кимди көздөрүнө алышпай шаар ичин тоз-тополоңго салып жиберишти. Мындай учурда түрмөдө отуруп чыккан, ашынган кылмышкерлер убактылуу кармалган жайларды, РОМго кол салууларды, башка жерлерде талап-тоноолорду уюштуруп жатышты.

— Эмне үчүн РОМго кол салышты? Бийликке нааразы болушса, митингге чыгышып, Өкмөт үйүнүн алдында өздөрүнүн талаптарын коюшса болмок эле да…

— Советтик системага каршы болгондор, ушундай учурдан пайдаланып ниети бузулгандар чектен чыгышып, абак жайларында, түрмөдө кармалып турган жакын адамдарын бошотуп алууну көздөшкөн. Андан да, РОМду басып алып, куралданган соң Советтик түзүлүшкө каршы күрөшмөк болушкан экен. Акылдарынын жоктугун карасаң, бир РОМдун курал-жарактарын басып алган күндө да Советтик системаны кантип кулатышмак эле. Дүйнөнүн баарын коркутуп турган СССР деген империя болсо, булар бир ууч тополоң кылган бузукуларга бийликти алдырып коюшмак беле? Курал-жарактар катылган оружейкага кирип барышып кол салган бирөөнү атып өлтүрүшөт. Ошол окуядан кийин гана, бийлик тараптагылар “атып салат” деген аларда коркуу сезими пайда болот. Чектен чыкса атып салышарын ошондо гана түшүнүп отурушпайбы. Тополоңчулар шаарды үч күн бою будуң чаң кылды. Күч колдонобуз деп чыккандар да болду. Мен өзүмдүн кызматкер балдарым менен башкача тактикага өттүм. Окуя болгон күндөн берки тополоңдун лидерлеринин сүрөттөрүн чыгарып, алардын ким экендиктерин аныктап, кай жерде жашагандарын издеп таап чыктык. Аларды көпчүлүк эл чогулган жайдан эмес, түнү үйлөрүнөн бирден терип, сууруп чыгып жалгыздап кармоого туура келди. Бул абдан жакшы ойлонулган тактика болчу, анткени тополоңду уюштуруп жаткандар күндүзү бул жакта болушкандары менен алар кечкисин үйлөрүнө барышат да. КГБнын кызматкерлери аларды үйлөрүнө барган жерден эле, өтө тездик менен кармап келип жатышты.

— Эмне үчүн андай кадамга бардыңар?

— Анткени, мындай оор тополоң иштер болгон жерде, алардын уюштуруучу башчылары болот эмеспи. Элдин арасынан толпаны жетелеп кете ала турган адамдар ошолор да. Аларды ликвидировать эткенде гана калган масса күчсүз куралга айланып калат. Биз ошол үч күнү ошол тополоңду уюштургандар кимдер болсо, алардын жашаган, адрестери боюнча барып, аларды таап келип, бир-бирден кармап, четинен абакка камап жаттык. Аягында мен айткандай болуп чыкты. Эртеси, алар дагы бир РОМдыны басып алабыз деп тарап кеткендер лидери жок, эмне кыларын билишпей, ооздорун ачышып, топтолгон жерде туруп беришти. Калган элди таркатуу оңой эле болду. Ошентип КГБнын кызматкерлери күнү-түнү тынбай иштөөсү менен шаардагы муруңку абалды кайра калыбына келтирүүгө үлгүрдүк. Бул иштер оңой менен боло калган жок. Тартип бузгандардын баарысын камап бүткөн соң гана биз, кенен дем алып, эми гана тартипти орноттук деп айтууга туура келди.

— Күнөөсү барлардын, “элдик бунтту” уюштургандардын кийинки тагдыры кандай болду?

— Фрунзе шаарында тополоңду уюштурган башчыларынан тогузу камалып, көпчүлүгү өз жазаларын алышып, калгандарына эскертүү берилди.

— Биздеги Фрунзе шаарында болуп жаткан окуяларга, Москва көңүл буруп, тынчсызданып турдубу?

— Албетте… Мен эмне болуп жатканын, саат сайын СССР КГБнын жетекчилигине кабарлап турдум. Бул нерсе, мен жетектеген КГБнын милдети, иши да. Эртеси ушул окуяны өз көзү менен көрүп, жакындан териштириш үчүн атайын Москвадан генерал Киселёв учуп келди. Үч күндөн бери эс албай, машинада отурган калыбымда, катуу чарчаганымданбы куш уйкусуна алдырып, көшүлүп уктап кетиптирмин. Усубалиев менен жанагы генерал экөө менин жаныма басып келишип, бир аз карап, сүйлөшүп турушуптур. Анан Турдакун Усубалиев,“… КГБнын башчысы, генерал-майор Жумабек Асанкулов тополоң башталгандан бери, уктай элек болчу, мейли бир аз эс алып алсын!” дептир. Анан, Усубалиев Москвадан келген генерал Киселёвду эрчитип алып, Өкмөт үйүнө кирип кетишиптир. Аны да ойгонгонумда шопурум айтып жүрөт. “Усубалиев генералдын келгенин көрүп, мени эмнеге ойготкон жоксуң?” деп шопурумду катуу тилдеп алдым да, алардын соңунан эле шашыла басып, Өкмөт үйүнө кирип бардым. Мен, Кыргызстан КП БКнын 1-секретары Турдакун Усубалиевдин кабыдамасына кирип барганымда, ал жерде отурган жардамчысына, эбак эле, “… генерал Асанкулов мага келсе, түз эле кире берсин!” деп айтып койгон экен. Мен анын кабылдамасында көпкө кармалган жокмун. Турдакун Усубалиевич өзү айтып койгондуктан, отурган жерине кирип бардым, учурашкан соң, генерал Киселёв бул тополоңду басууга катышкан эмгегимди баалаган, алкоо сөзүн айтты. Менимче, Турдакун Усубалиев менин жасаган иштерим боюнча генерал Киселёвго бардык маалыматтарды айтып берген окшойт деп калдым. 1967-жылы Фрунзе шаарындагы тополоңду басууга биздин КГБнын, коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин салымы абдан чоң болду. Бул сөздү, биздин конторанын кызматкерлеринин эмгегин жакшы билгендиктен, мен айтпасам болбойт. Биздин чекисттер өз өмүрлөрүн тобокелдикке салышып, ошондой мактоого татыктуу иштерди жасашты. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери бул күндөрү өздөрүнүн такшалгандыгын, өз ишинде өтө мыкты кызматкерлер экендигин көрсөтө алышты. Мен ошол күндөрү өзүмдүн кол алдымда иштеген кызматкерлерим менен чынында сыймыктандым.

— Менимче, үч күндүк башаламандыкта чыгымдар да болсо керек, ошолорго токтоло кетсеңиз?

— Албетте чыгымдар болду… Фрунзе шаарындагы массалык тартипсиздик учурунда келтирилген чыгымдарын эсептеген учурда, жалпысынан 50334 рубль, 15 мотоцикл, 12 автомашина, ж. б. радиотелефондук аппаратура, андан башка чарбалык буюмдар талкаланган. Ал эми Фрунзе шаардык милициянын башкармалыгына — ​22332, Биринчи май РОМуна — ​13136 рубль, ал эми Свердлов РОМуна — ​14866 рубль зыян тарткан. Андан башка, бир адам өлүп, үч адам жарадар болушкан. Ошондой эле, Фрунзе шаарында башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деген 18 адам өз жазаларын алышты.

— Кийин жанагы тополоң чыгарган жоокер Т.Исмаиловдун тагдыры эмне болду, сиз ага кызыгып көргөн жоксузбу?

— Жок… Кийин да түрмөдөн тополоң чыкканын укканымда, “… ким уюштуруптур?” деп сураштырып көрсөм, баягы Фрунзе шаарынын борбордук жашылча базарында милиция менен элди кагылыштырган жигит, Т. Исмаилов болуп чыкты. “Атаңдын оозу дурайындын баласы десе, түрмөдө да жөн отурбаптыр!” дедим да өзүмчө ага жиним келди.

 

ЛАВРЕНТИЙ БЕРИЯНЫ КАНТИП КАМАШКАН?

— Жумабек байке, Советтер Союзу кыйраган отуз жыл аралыгында, бир кезде совет адамдарынын жүрөгүнүн үшүн алган Бериянын ким экенин бизден кийинки муундагылар билбей калышты. Эми, биз деле Лаврентий Бериянын чыныгы жүзүн, коомдогу ордун, анын жакындары, душмандары туурасында үстүртөн эле билебиз. Анын Сталин өлгөн соң бийлик башына келем деген амбициясы, ага да болбой камалышы, өтө чукул арада соттун шашылыш чечими менен атылып кетиши туурасында кеп кылсак. Кавказдык Сталиндин көп жылдар бою Советтер Союзун былк эттирбей башкарышы, ал өлгөн соң дагы бир кавказдык Бериянын бийлик башына келүү аракети, каршы турган орустардын шовинисттик сезимин ойготту да. Туурабы…

— Ооба, Сталин өлгөндөн кийин бир аз убакыт өтпөй, июль айлары болсо керек, сабакка кетип баратып, дайыма бет маңдайдагы дубалда илинип турган Бериянын чоң сүрөтүн ордунан көрбөй, токтоп туруп калдым. “Эмне үчүн, Бериянын портретин дубалда илинип турган жеринен алып салышкан?” дедим өзүмчө. Мен чуркап ылдый түштүм. Подвалдагы, китепканага кире бериште анын чоң сүрөтү илинип турчу эле. Карасам, эки адам шатыга чыгып, Лаврентий Бериянын дубалда илинип турчу портретин, илинип турган мыктан чыгарып жатышыптыр. Кайра эле чуркап бешинчи кабатка чыгып, өзүм менен чогуу окуган балдарга «Бериянын сүрөтүн алып жатышат… Бул эмнеси?» дедим. Алар дагы ”… кантип, кандайча Лаврентий Бериянын портретин, илинип турган жеринен алып салышат?” дешип мага суроолуу карашты. Менин айткан кабарыма чоочуп кетишкендиктеринен өңдөрү купкуу болуп, дубалдай бозоро түшүштү. Курсташтарым топурашып, так маалыматты билиш үчүн чуркаган бойдон төмөн карай ылдый түшүп кетишти. Анан атайын өкмөттүк билдирүү деп радиодон кабар бериле баштады. Берия ички иштер органын колдонуп, өзүн колдогон саясатчылар менен бирдикте мамлекеттик төңкөрүш жасоо менен КПСС БКнын, партиянын башына отургусу келгендигин айтышып, барган сайын фразалар алмашып ал жөнүндө катуу сындар, каралоолор айтыла баштады. Берия ал кезде СССР ИИМнин министри болуп турган. КГБны ИИМге кошуп бириктирип, өзүнө бийликти алып койгон экен. Бизде Леонтьев деген, үчүнчү башкы контрразведканын начальнигинин баласы, биз менен чогуу окуйт эле. Чоң, сулууча келген келбеттүү жигит болчу. Ал Лаврентий Берия туурасында чындыкты, так маалыматты өз атасынан билип келейин деп, үйүнө шашыла чуркап кетти. Ошол кезде Берия туурасында үстүртөн гана ар кандай маалыматтарды угуп турдук. Андай нерселерди, биз ошол курсташ баладан укчубуз. Бизди шаарга чыгарбай, дагы эмне болуп кетет дегендей мугалимдерибиз казармадан эч кайда чыгарбай, алып отурушту.

— Бирок, сиз өзүңүз деле, ал кезде студент болгон соң, Берияны кызматтан кантип кетиришкенин толук билбесеңиз керек. Ал эми “мамлекеттик төңкөрүш” дегендин жашыруун сырларын билүүгө ал кезде түшүнүгүңүз деле жок болсо керек. Туура айтамбы?

— Сөзүңдө калет жок… Окуп жүргөндө, биздей студенттерде кайдагы кыйраткан маалымат болсун. Ал кезде азыркы кездегидей массалык маалымат каражаттары эркин эмес болчу. Сталин өлгөн жылдары, партиянын диктатурасы күчтүү болгондуктан, ошол кезде жалпы совет эли сүйүп окуган “Правда”, “Исвестия”, “Комсомльская правда” газеталары өлкөдө болуп жаткан чыныгы чындыкты жазышчу эмес. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, чындыктын үнү эч качан элге жетчү эмес.

Ушуга байланыштуу, Берияны кандайча кызматынан четтетишкендиги жөнүндөгү бир окуя эске келет. 1968-жылы Орто-Азия аскер округу ачылып, ага биздин жердешибиз, Советтер Союзунун Баатыры армиянын генералы Николай Григорьевич Лященко командачылык кылды. Генерал Лященко Ысык-Көлдө кыргыздардын арасында Пржевальский шаарында чоңойгондуктанбы, кыргыз тилинде таза сүйлөп, андан да биздин тилибизди суудай билчү эле. ТУРКВО округу боюнча биринчи ирет аскердик машыгуу болмок болуп калды. Алма-Атадан Казак ССРинин биринчи секретары, КПСС БКнын саясый бюросунун мүчөсү, Социалисттик Эмгектин үч жолку баатыры, Динмухамед Ахмедович Кунаев келе турган болду. Аскердик машыгуу өтө турган жер, Жамбул областындагы Ворошилов району, Курдайдын ары жагы болуп тандалды. Аябай чоң аскер гарнизону бар. Ошол жерден баштап, ары жагы Алма-Атаны көздөй келаткан темир жолдогу станцияга Советтер Союзунун эки жолку баатыры, маршал Кирилл Семенович Москаленко келди. Ал кезде Кытай менен мамилебиз баштагыдай болбой, кыйла салкындап, жакшы эмес эле. Кытайлыктар чек араны бузуп, бизге сес көрсөтүп турганын азыр жаштардын көбү билишпейт. Орто-Азия аскердик округу (САВО) деп коюшчу. Бул аскердик машыгууну өткөрүүнүн бирден-бир себеби, бүткүл округдун даярдыгы кандай деңгээлде экендигин текешерүү болчу. Биздин республиканын ошол кездеги жетекчиси катары Турдакун Усубалиевич бармак. Ал менин да кошо бара турганымды айтты. Турдакун Усубалиев экөөбүз Ворошилов районуна чогуу бардык. Талаадагы станцияда төрт-беш вагон бар экен. Анан маршал Москаленко аскер самолету менен келип конду. Саат алтыга жакын учуп келгенине байланыштуу аскердик машыгуу болбой калды. Динмухамед Кунаев жанагы вагондорду аябай жакшы жасатыптыр. Маршал Москаленконун келишине, башка дагы союздук республикалардын жетекчилеринин урматына деп кечки сый тамак берүү болду. Маскаленко башка аскер жетекечилерине караганда Кыргызстан менен Казакстанга көп келчү. Ал кезде Советтер Союзунун коргоо министринин орун басары болуп турган.

Ушул аскердик машыгууну өткөрүү милдетин, СССРдин жетекчилиги Кирилл Семенович Маскаленкого тапшырганын уктук. Казакстандын уч-кыйырсыз ээн талааларында аскер бөлүктөрү жайгашкан. Жер жайнаган аскер чатырларынын көптүгүн айтпа. Бул көрүнүш, ошол кездеги Советтер Союзунун куралдуу күчтөрүнүн кубаттуулугун көрсөтүп турду. Тим эле, караган көзүң тоёт. Кадимки согуш талаасындагыдай болуп, казактардын ээн-талаа, эрме чөл чексиз мейкининде жер жайнаган аскер чатырлары тикеленип, окопторду казып жатышкандары көзгө көрүнүп, канча миңдеген советтик солдаттар алдыдагы машыгууга катуу даярданып жатышкан экен. Ошентип, бул алдыда боло турган ТУРКВОнун аскердик машыгуусун жакшы даярдыкта өткөрүү үчүн анын башкы командачысы, армиянын генералы Николай Григорьевич Лященконун жетекчилигинде, катуу даярдыктар көрүлүп жатты.

Эртең менен саат сегиз чендерде машыгуу башталмак болду. Кечинде, сыйлуу коноктор — ​Советтер Союзунун коргоо министринин орун басары маршал Кирилл Семенович Москаленко, армиянын генералы Николай Григорьевич Лященко, Казак ССРинин биринчи катчысы Динмухамед Кунаевдердин урматына сый тамак берилип жаткан учур эле. Бир маалда сөз Турдакун Усубалиевичке келгенде ал мени көрсөтүп: –«… Бул генерал Жумабек Асанкулов, биздин республикабыздын КГБсынын төрагасы болот!» деп бет маңдайыбызда отурган конокторго мени тааныштырып калды. Анда маршал Москаленко мени карап, «… бул чекист турбайбы?» деди да жанында отурган Кунаевге карап, «… а сиздин КГБнын башчысы кайда?» деп сурады. «Ал келген жок. Келе албады!» деп жооп берди Динмухамед Кунаев. Анда Москаленко бир чети Кунаевге карап тамашалап, «… Динмухамед Ахмедович, эмне төңкөрүш болуп кетпесин деп республиканын КГБнын башчысын калтырып келдиңби?» деди тамашалап. Анан эле Усубалиевге карап, «Турдакун Усубалиевич, жолдош Асанкуловго ишенет экен, республиканын КГБсынын председателин өзү менен кошо коркпой эле мында ала келиптир!» дегенде, республиканын биринчи секретарлары менен аскер жетекчилери өзүлөрүнчө жыргап күлүп калышты. Ошол аскердик машыгуу боло турган окуядан бир күн мурунку, төңкөрүш жөнүндөгү айтылып жаткан сөздөрдүн аягы Лаврентий Берияга барып такалды. Маршал Москаленко, көпчүлүктүн арасында өзүн өтө жупуну алып отурган, бирок сөзмөр, тамашакөй, ачык-айрым сүйлөгөн аскер адамы экен. Берия жөнүндө айтып отуруп, «… бизде сүйлөшүп отурганга көп убакыт бар экен. Минтип силер менен кенен-кесири отурганда, Москвада өзүм катышкан, ошол тагдыр чече турган тарыхый окуянын кандайча болгонун силерге айтып отурайын.

— Туура… Кирилл Семенович, сиз айта бериңиз, бизде убакыт деген көп! — ​деди Динмухамед Кунаев.

— Макул… Динмухамед Ахмедович, бул болгон окуя туурасында, өзүнчө эле тарыхый эскерүү китеп кылып жазса болот. Анткени, менин жашоомдогу кандуу окуяга айланып кете турган бул учур, өз өмүрүмдү тобокелчиликке, башымды өлүмгө сайып коюп, чын эле өлүмгө кетип бараткан эң коркунучтуу окуя болчу. Окуяны кыскартып айтып берейин, убакыт да көп деп калдыңар. Аз жерден, Иосиф Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзун башкаруучу бардык бийликти маршал Лаврентий Берия алып коймок экен…

— Кантип, Кирилл Семенович? – деди Кунаев бет маңдайында отурган Москаленкону таң кала карап.

— Ооба… Аз жерден бийликти Берияга алдырып коё жаздаганбыз. Лаврентий Берия бүтүндөй союздук республикалардын жергиликтүү министрлери менен орун басарларын жашыруун Москва шаарына чакырыптыр. Орус улутундагы генералдардан башкасын чакырган экен. Москвага жашыруун келген коопсуздук кызматынын башчыларына Лаврентий Берия, “… силерге, мен эмне буйрук берсем, ошону аткарасыңар!” дегендей ишарат кылып, барган жетекчи кадрларга катуу тапшырма берип, буйрукту гана күтүшүн айтып дайындаптыр. Бир дагы орус улутундагы КГБнын жетекчилери чогулушка келишкен эмес. Кийин билсем, атайын эле жыйынга чакырылган эмес экен. Анын сөзүнөн улам биздин республикадан Сартов, Жылкычиев экөө гана барыптыр. Чакырганы боюнча үчөө барышы керек экен. Үчүнчүсү бир себептер менен барбай калат, ким экенин билбей койдум. Алар дароо шектене башташат. КГБ, МВДнын негизги кадрлары орустардан эле. Ошол учурда күтпөгөн жерден жогору жакка Стронач деген кишиден жашыруун кабар түшүп калат да, кептин баары ошондон башталып кетет. Ал өзү, Украинада согуш мезгилинде немецтик баскынчыларга каршы күрөшкөн белгилүү партизан болгон. Бериянын убагында министрлик кызматта турган. Ошол телефон чалып Москаленкого, Мандельштамбы, Мендельштанбы ушундай бир еврей келип, ага көрсөтмө бергенин айтат, «… ушундай даяр тургун, жакында чоң окуя болгону турат. Камдангын!» деп кетишкенде, бул эмне деген кабар дейт. Келген киши тиги анча макул болбой койгонун байкап, «… мен азыр Берияга кабар берем, сенин сөөгүңдү Сибирдин лагеринде чиритет, түбүңө жетем! Шашпа!» деп бакырыптыр. Анан биздин ички иштердин аскерлерине дайындап кайтартып коюп кетти деп кабар билгизет. Булар дароо текшерсе ички иштер аскерлерине «менин гана буйругумду аткаргыла!», «Даяр тургула!» деп буйрук бериптир. Ал ошенткенинен беркилер дароо эле, анын бардык бийликти алайын деген оюн түшүнүшөт. “Төңкөрүш жасап, баарыбызды камайт экен деп коркушат. Эмне кылабыз? Берияга кимдин алы жетет? Бүтүндөй бизди кайтарган адамдар да мунуку. Алардын баары Бериянын тилинен чыкпаган адамдар…” дешип баштары катат. Өзүлөрүнчө, ишенимдүү адамдар жолугушуп, жашыруун сүйлөшүшөт. Телефондо отургандар да, машина айдаган шопурлардан баштап, тамак берген ашпозчудан, укол сайган медайымдардан өйдө баарысы Бериянын адамдары болуп чыгат. Ал гана эмес доктурга барсаң да Лаврентий Павловичтин кишилери тосуп алат. Жумушка келгенде, какайып тосуп алган милиционерлерден өйдө өз адамдарын коюп бүткөн экен. Кыскасы, буларга каршы кантип күрөшөбүз дешип, алардын баштары катат. Маленков, Хрущёв, Ворошиловдор акырын сүйлөшүп отуруп, бизди угуп койбосун деп Кремлдин короосуна чыгышып, басып жүрүп сүйлөшүшөт. Чындыгында баарысы Лаврентий Бериядан коркушат. Ары-бери сүйлөшүп отурушуп, мындай жооптуу маселени чечүү, бир келсе Жуковдун гана колунан келет деген чечимге келишет. Бериянын колунда да чоң күч бар экенине ынанышат. Анткени, Жуковдун кадыр-баркы армияда күчтүү экенин эске алышып, Георгий Константиновичтин айланасына бириккенден башка айлалары калбай калганын баарысы, өз убагында туура түшүнүүгө аргасыз болушат. Жуков менен армиясыз, алар Лаврентий Берияны жеңе алышмак эмес. Армиянын баарысы колдойт дешип, Жуковго басым кылышып, ошого токтолушат. Жуков кандай буйрук берсе, армия анын кадыры үчүн тикесинен-тик туруп бере турганын эске алышты. Армиянын курал- жарагы күчтүү. Эч кимге байкатпай, жашыруун жолугушууга Жуковду чакырышат. Ал келгенде, бир балээ башталганы турганын айтышат. “Георгий Константинович, сен Берияны кызматтан чететтүүчү ишти жетектеп бер!” деп суранышат. Жуков да: “… Бериянын бийликти басып алууга даярданып жатканынын, четин мен да угуп жүрөм!” дейт. “… Сага да ишеништүү, адамдар керек, кимдерди өзүңө аласың?” дешет беркилер.

Гитлердик фашизмди СССРдин жеңип чыгышында Георгий Жуковдун орду опол тоодой. Жуков гана Лаврентий Берияга каршы туруштук бере алмак. Ал эми, Георгий Константинович Советтер Союзунун маршалы, Советтер Союзунун төрт жолку баатыры, эки ирет өтө сейрек гана адамдарга берилген “Победа” орденин, ошондой эле алты жолу Ленин орденин алган, жана башка дагы мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси, жыйырманчы кылымдын эң атактуу полководеци болгон. Көпчүлүк аскер адамдарынын ишеничи Георгий Жуковдо экенин алар билишчү. Берияны камоону Жуков көпкө создуктурбай, ал шек албай турган учурда ишке ашырып, камакка алуу керектиги биринчи планга коюлат.

— Берияны кармоодогу окуяга Москаленко өзү катышкан бекен?

— Ооба… Жуков ойлонбой туруп эле: «… Лаврентий Берияны кармоону, Москва аскер округунун командачысы, армиянын генералы Москаленко менен баштаймын, мен өзүмө кандай ишенсем, ага да ошондой ишенем!» деп айтат. Мындай татаал ишти Москванын аскер бөлүктөрүсүз аткарууга мүмкүн эместиги Жуковго белгилүү болчу. Албетте “Башка жактан аскер чакыруу туура эмес. Анда, Берия шекшинип калат!” дейт Жуков. Беркилер да Георгий Константиновичтин ушул оюна макул болушат. Мен бул учурда өзүмдүн базамда, командалык пункттун жер астындагы бункеринде отургам. Бир убакта телефон шыңгырап калды. Дароо Жуков менен бириктиришти. «Кирилл Семенович, тез жетип келишиңди өтүнөм! Эч кимге билгизбей келгин!» деди мага кыска гана. Адьютантым бар. Бирк, аларга ачык айта албаймын. Өзүмчө бушайман болдум. Жуковго келсем, ал мени гана күтүп отуруптур. Эшикти жаап туруп, анын отурган жеринен угуп коюшпасын деп коңшу бөлмөгө кирип сүйлөштүк. Кичинекей аба жетпеген чакан комната экен. Бөлмөгө киргенде, «Берияны куралсыздандырып, колго түшүрүш керек!» — ​дегенде мен чынында чочуп, анан коркуп да кеттим. Анткени, бул өтө опурталдуу, түз эле өлүмгө бараткан иш болчу. Лаврентий Берияны, эч кимге билгизбей кармоо планын түздүк. «…Азыр сен өзүңө бара бер. Сага бир аз убакыт берем. Бир-эки саат жетеби?» деди Жуков мага карап. Мен дагы Жуковго карап, «… анда мен жаныма, өзүм ишенген Батицкийди алам!» десем, Жуков: «… мейли, дагы эки генералды жаныңа ал!» деди. Андан да армияда өзгөчө бөлүм бар го, ошого билгизбей жасап жатабыз. Контрразведкадан жашыруун телефон аркылуу бул маселе боюнча сүйлөшүү өтө опурталдуу болгондуктан, телефонго жакындаган жокпуз. Андай опурталдуу, оор учурда телефон менен сүйлөшүү коркунучтуу болчу. Телефондон сүйлөшмөй жок. Жолугуп гана жашыруун көзмө-көз сүйлөшөбүз. Тегерегиңдин баары Бериянын адамдары, дагы кимдер жашыруун иштеп жатканы белгисиз, опурталдуу учур. Сүйлөшчү адамдарга машина менен барып, аны менен бетме-бет жолугуп туруп, үнүбүздү катуу чыгарбай, шыбырашып сүйлөшүүгө аргасыз болдук. Мезгил бизден ошондой сактыкты талап кылган учур болчу. Башка айлабыз калган жок. Анан Маскаленко Кунаевге карап: — ​“Ошентип, Кремлде момундай коридордон чыгып, анан тигиндейинен Батицкий бир нече офицери менен берки генералдар жагында, калгандары коридордо күтүп турдук. Ишенимдүү болуш үчүн, “Лаврений Павлович, тезинен Политбюронун чогулушуна келсин!” деп чакырттык.

— Эми ал кезде, Ларентий Павлович Берия деле Советтер Союзундагы белгилүү, мамлекеттик көрүнүктүү саясый ишмер эмес беле… Ал СССР министрлер Советинин төрагасынын биринчи орунбасары, Советтер Союзунун маршалы, Социалисттик Эмгектин баатыры болгон адам эле. Туурабы?

— Ооба… Ошентип, Берия политбюронун жыйынына, өзүнүн кабылдамасынан чыгып баратканда шак артынан кирип келип, Жуков чыкты. Анан берки капталдагы эшиктери ачылып калган офицерлер чыга келишти. Берияны ошол эле жерден басып жыгылдык. Көз ачып жумганча сүйрөп эле алып чыктык”. Москаленко дагы Кунаевге карап, “… Динмухамед Ахмедович, билесиңби? Кремлдин момундай коридорун, анан эшиктерин!” десе Кунаев андай эшиктерди билбейт экен. “Анан ошого чейин тапанчаны капталына такап туруп алып барыпбыз. Анан Москаленко мага карап туруп, «… жолдош Асанкулов КГБнын төрагасы катары айтчы, тапанчаны капталына такап барганыбыз туура болгонбу?” деп сурады. Мен маршал Москаленкого карап: «Жок. Антип алып баруу аябай опурталдуу, жолдош маршал!» дедим. Ал эми Москаленко: «…А биз болсо, ошону билбептирбиз. Капысынан булкунуп түртүп жиберсе эле, биздин өзүбүзгө ок тиймек экен. Көрсө тапанча кармаган адам менен кармалган адамдын ортосундагы аралыкты такыр эске албаптырбыз. А биз аскер адамдары, душманыбыз менен бет-бет кармашып, ошого көнүп калганбыз да.

Мындай окуя мурун башыбыздан өтпөгөндүктөн, элементардык коопсуздугубузду түшүнбөптүрбүз. Эч кимге шек билгизбей машинага салып, Кремлдин дубалынын ичинен алып чыгып кеттик. Ошондо гана биздин дүкүлдөп, катуу согуп аткан жүрөктөрүбүз ордуна келди. Кай жакка алып барарыбызды дайындап койгонбуз. Дайындалган жерге барарыбыз менен эле Берия жандана түшүп, «бул эмне кылганыңар! Баарыңарды аттырам! Сибирде сөөгүңөр сөпөт болуп, чирип өлөсүңөр! Азыр силерди камашат!…» деп, оозунан ак көбүк чыгып өкүрүп-бакырып коркутуп кирди. Жолдо келатканда унчуккан эмес эле. Бункердин ичи, сырты болсо мончого окшоштурулуп салынган болчу. Эшиктери темирден. Эми аскер адамдары жакшы түшүнөт, командалык пункттун үстү жагынан караган кишиге эч нерсе байкалбай тургандай салынган. Бизде убакыт өтө тар болчу. Сурак жүрүп баштады, Лаврентий Берия болсо «Силер чыккынчысыңар!» деп бакырып-кыйкырганын улантып жатты. Тергөөчүлөрү жок эле өзүбүз сурап кирдик. Суроолорду көбүнчө, биздин арабыздан Георгий Жуков берип жатты. Анан мен. Мына ошентип, Жуковдун эрдиги, чечкиндүүлүгү менен Советтер Союзун Бериядан сактап калганбыз! «Силердин Берияңарды, мына ушинтип камакка алганбыз!» деп маршал Москаленко мени карап жылмайып койду.

— Кирилл Семенович, чындыгында Георгий Жуков менен бирдикте, бир чети өтө коркунучтуу, опурталдуу, анан эрдикке тете иш кылган экенсиздер… деди Кунаев.

– Өлкөнү дагы бир чоң трагедиядан сактап калдык деп азыр айтсам болот. Калганын, Бериянын кантип камалганын билдиңер…” — ​деп Москаленко Берияны кантип кармашканын айтып берген эле.

Чындыгында, маршал Москаленконун айтып бергендери, ошол жерде отургандын баарына жакты. Берия жөнүндө радиодон берип турган. Тергөө жүрүп жатат, тиги мындай, бул тигиндей, ал кылмыштуулукка байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип жатат деген кабарларды угабыз. Бериянын соту тез эле болду окшойт. Бир ай, же бир жарым айдай созулду го. Моралдык жактан аябай бузулганы да элге белгилүү болду. Мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликке келип, Советтер Союзун башкармак болгондугунун бети ошентип ачылыптыр. Ал тургай Сталин тирүү кезинде эле, Советтер Союзун башкарууга камынып, өлкө башчысынын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын көрүп, майып болуп же өлүп калса мен бийликти өз колума алышым керек деген ачыкка чыгарбаган максаты, өзүнүн алдыга койгон пландары бар экен. Баары ошондой болуп ачыкка чыкты. Эки-үч полковник кайтаруучулары бар эле, алар да улуту боюнча грузиндер. Алар Бериянын тапшырмасы менен Москванын көчөлөрүндө, бараткан кезде келбеттүү сулуу кыздарды машинага салып, терип кетишчү экен. Бериянын, жүрбөгөн, жатпаган аялдары калбаптыр.

— Татьяна Окуневская деген атактуу актрисаны өзүнүн особнягында эле зордуктап салганын окуганмын. Кийин да актрисаны алдыртып Окуневская каршылык кылганда, “Сталин, партия, коммунисттер тууралуу туура эмес сөздөрдү айтып жүрөт!” деген жалган жалаа менен Татьяна Окуневскаяны 10 жылга, Жезказганга эмгек колониясына түрмөгө кесип жиберген экен.

— Берия туурасында кийин гана баары калкып чыга баштады го. Эми, Берия жогорку кызматта турган кезинде, анын мындай кылыктарынын бири дагы билинчү эмес. Бир аял менен жакын мамиледе жүрүп, кийин анын кызы менен да жүрүптүр. Анан Кисловодскийде бир түнү апасы менен, экинчи түнү кызы менен болгонун айтышты. Берия экөөнө тең үй-пүй алып берип, шартын түзүп бериптир. Кийин балдар анын мектептеги жеткинчек кыздарга чейин болгон аңчылык жайларын айтып, жек көрүп жүрүштү.

— Сиздердин жаш кезиңизде “Катюшаны” ырдап чыккан атактуу ырчы Лидия Руслановага да Лаврентий Берия не деген гана кордукту көрсөткөнү кийин айтыла баштады. Берия кызмат абалынан пайдаланып Русланованы төшөккө сүйрөгөндө макул болбой койгону үчүн, аны да Окуневскаядай кылып 10 жылга түрмөгө айдатып жиберген.

— Лаврентий Берия, өзү болсо — ​СССР деген үлкөн мамлекеттеги чоң саясый фигуралардын бири болуп, Политбюронун мүчөсү, Министрлер Советинин председателинин биринчи орун басары, ИИМ министри, ага чейин мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурунку комиссары болуп эң жогорку кызмат даражаларын ээлеп турган.

— Зоя Алексеевна Федорова советтик белгилүү киноактриса, Сталиндик сыйлыктын эки жолку ээси, Лаврентий Берия анын сулуулугуна ашык болгон. Канчалаган сулуу кыздарга, аялдарга аңгилик кылып жүргөн особнягында аны да зордуктап салганга аракет кылып жатканда, Зоя Федорова Лаврентий Берияны эки ирет жакка чаап жиберет. Берия эч качан аял-затынан мындай жооп алган эмес эле. Буга чейин өзүнө жаккан аялдарга каалагандай сексуалдык иштерди жасап көнгөн Берия, мындай ызага чыдабай, Зоя Федорованы “шпиондук” кылган деген, ар кандай токулган жалаа менен 1946-жылдан 1955-жылга чейин каматып салууга үлгүргөн дешет го…

— Бир топ жашка чыгып калган Бериянын ушундай иштерге барарын эч ким ойлобоптур. Биз кызмат деп эле жүргөн экенбиз да деп балдар тамаша сүйлөп калышчу. Бир жагы күлкү, бир жагы трагедия эле. Ошентип,1953-жылдын, 26-июнунда Лаврентий Берия, өлкөгө жасаган чыккынчылыгы, шпиондук кылганы, мамлекеттик бийликти төңкөрүш жолу менен басып алууга жасаган аракеттери, катыштыгы үчүн колго түшүрүлгөн.

— Берия өзүнүн грузин жердештерин, Советтер Союзу боюнча бардык жогорку кызматтарга коюуга үлгүрүптүр. Мунун өзү эле, Лаврентий Берия дыкаттык менен мамлекеттик төңкөрүшкө катуу даярдык көргөнүнөн кабар берип турат го…

— Москвада окуп жүргөн кезибизде мугалимдерибиз, Лаврентий Павлович Берия, өзү 1899-жылы 29-мартта, ошол кездеги Россия империясына караштуу Мерхеули Кутаиси губерниясында туулганынан бери, анын баскан жолун айтып беришчү. Азыркы Грузия республикасы. Абхазиянын Сухуми районуна караса керек. Андан кийин КГБ, МВДдан бөлүнүп кайрадан түзүлдү. Берияга тергөө жүрүп жатканда бир нече генералдарды камакка алышты. Москвин деген армиянын генералы өзүн-өзү атып өлдү. Ошондо байланышың болгон деп министр Кабулов дегенди кармашат. Көрсө бул да грузин экен. Декакозов деген мамлекеттик мүлктү сактоонун кожоюну да улуту боюнча грузин болуп чыкты. Мындайча айтканда Берияга чын дилинен кызмат өтөгөндөр өзүнүн улутташтары, грузиндер экен. Ошол жылдары биз деле таң калат элек, жетекчилик кызматтарда эмне үчүн грузиндер көп деп. Мисалы, азыр деле эсимде бар, Белоруссияда Цакава деген генерал-лейтенантты, Грузияда Рухадзе деген генерал-лейтенантты, Хабаровски крайында башкармалыктын начальниги Гогмадзе деген грузин бар эле, дагы ушулардын баарысын камашты. Джанаидзе деген генерал, Бериянын жакын адамдарынын баарысы негизинен грузиндер болуп чыкты. МВДны бул жакка коелу, бүткүл союз боюнча өз адамдарын ушундай жооптуу точкаларга коюп, ошондон бүт баарын билип турчу экен. Сталинге да өзү жеткирип турган дешет. Кийинчерээк Сталин өзү да Бериядан чочулай баштаган деген сөздөр да бар.

— 1953-жылы 23-декабрда СССР Жогорку Соту чыгарган өкүм менен, акыры Бериянын бардык күнөөлөрү мойнуна коюлуп туруп, аскердик трибунал менен атылган экен.

— Берия Советтер Союзунун маршалы болгон. Соттун чечими менен анын аскердик жогорку чини, маршалдыгы, Социалисттик Эмгектин Баатыры ж. б. алган наамдары алынып салынды. Ошентип Сталин катуу ооруп жаткан учурдан баштап, Советтер Союзунун бийлик башына келем деген Лаврентий Бериянын максаты ишке ашпай таш капты. Ал жөнүндө Жуков өзүнүн эскерүүсүндө да жазган. Сталин жөнүндөгү чындыкты Жуков гана өз эскерүүсүндө бир жактуу кылбай айта алган. Анын кемчилигин да, жакшы сапаттарын да ачык жазган. Ошондой эле Андрей Андреевич Громыко да айткан. Биз билгендей, ал отуз эки жашында СССРдин Америкадагы толук ыйгарымдуу элчиси болгон. Көп төңкөрүштөрдү өз көзү менен көрүп, чоң саясатта эрте такшалып келаткан адам эле. Алардын айтуусунда, Сталин чындыгында кайталангыс личность болгон. Георгий Жуковдун айтканы бар, ал согуш жүрүп жаткан фронттон кайтып келип, Сталин менен жолугат. Ошол учурда Иосиф Сталин сасык тумоо болуп катуу ооруп жатканына карабастан, узун столунун үстүнө согуштук картаны жая салып, иштеп жатканына таң калат. Башкалардай болуп ооруп калдым деп чүмкөнүп, төшөккө жатып алган эмес. Сталин менен Жуков фронт жагдайын көпкө талкуулашат, ошондон кийин гана Москвага кеткен негизги жол кан буугандай буулат. Москва багытына кеткен жолдон немецтер артка чегинет. Кечинде саат он чендерде жумуш кабинетине келип иштеп, эртең мененки саат беш-алтыларда чыгып кетчү экен. Күндүзү уктайт. Мындайча айтканда согуш күндөрү күндүзү уктап, түнү менен иштеп чыккан. Түнү иштеп бүт керектүү буйруктарын берип коюп, күндүзү уктап, бул нерселер анын жашоосундагы көнүмүш адатка айланат. Мындай режим акырындык менен биздин системага да өтө баштаган эле.

— Берияны атышкан соң, анын сөөгү кайда көмүлгөн?

— Эми, Лаврентий Берия мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети менен айыпталып атылып кеткен соң анын сөөгү Москва шаарындагы Донское көрүстөнүнө коюлган деген маалымат бар.

— Лаврентий Бериянын атагы таш жарып, жогорку кызматтарда турган кезде анын аты да көп жерлерге коюлуп кеткен экен… Анын көзү тирүү турганда эле атын көрүнгөн жерге жагалдануу иретинде коё беришкен экен…

— Ооба… Лаврентий Бериянын көзү тирүү кезинде эле анын атын берүү модага айланып кеткени да чындык. Мисалы, Берия району (Дагестан), Бериевский район (Армян ССРи), Берия аул (Дагестан), Берияшен (Азербайжан ССРи), Бериякенд (Азербайжан ССРи), Берия стадиону (Тбилиси, Грузия ССРи), Берия атындагы айыл-чарба институту (Калмыкия), Магадан обл. жана башка жерлерге, көчөлөргө да аты коюлуп кеткен. Бул жерде маршал Жуковдун эмгеги чоң болгон.

— Туура айтасыз, Жуковдун жардамысыз Никита Сергеевич Хрущёв эч качан Советтер Союзунун бийлик башына өзү келе алмак эмес…

– Айткан сөзүңдө калет жок. Лаврентий Берия кармалып, Георгий Константинович Жуковдун жардамы менен Советтер Союзунун бийлик башына Никита Сергеевич Хрушев келди.

МОСКВАДАН ОКУУДАН КЕЛГЕНДЕН КИЙИНКИ, АЛГАЧКЫ СЫНООЛОР

— Окууну бүтүп келгениўизде Москвадан жаңы адис келди деп сүйүнүшсө да керек?

— Окууну бүтүп бул жакка келсем начальниктин орун басарлыгына татыктуу кандидатура таппай отурушкан экен. Анан дароо эле ” Москвадан Асанкулов деген жаш жигит окуусун бүтүп келиптир” деп түз эле ЦКга кабар беришиптир. Контрразведканын начальнигинин орун басарынын ичи тарып, кармаша баштады. Кыргыз балдар да бар арасында. “Болгону бир ага-лейтенантты ушундай чоңдукка койгонго али эртелик кылат. Бул кандай” деп чыгышты. Бул орунга полковник же подполковниктер ылайык дешти. Канчасы менен кармашууга туура келди. Кийин мени пропагандист кылып коюшту. Аны да полковниктер өтүшү керек болчу. Аларга өтүлүүчү «марксизм», тарыхтарын мен беш колдой билем. Анткени, Москвада окуп жүргөндө экзаменде комиссиянын чечими менен, «особо отмечает глубоко прочных знаний!» деп протоколго киргизишкен эле. Биздин группадагы 27 баланын ичинен экөөбүзгө гана ушинтип кол коюп беришкен. Ал эми жалпы окуу жай боюнча он чакты эле балага берилди окшойт. Андан көп эмес. Биринчи жолу ачылган КГБнын жогорку окуу жайында 1952-жылдын августунан 1955-жылдын июлуна чейин окудум.

— Жумабек байке, сиз Москвадан окууну бүтүп келген соң, кай жерде иштедиңиз?

– 1955-жылдын август айында Москвадан аскердик-юридикалык жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, Республикабыздын коопсуздук комитетинин контрчалгындоо бөлүмүндө иштеп калдым. Ал кезде, ошол мен иштеген бөлүмдү «Экинчи» бөлүм деп аташчу. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин мени ошол бөлүмдүн орун басары кылып дайындашты. Мен окууну бүтүп келген учурга чейин эле бул кызмат-орунга подполковник Великовский, подполковник Кадыров, майор Враков — ​үч киши атаандаш экен. Мындай жең ичинен ыкыс берген тымызын тирешүү өз чегине чейин бышып жетилип, ортодо араздашуу пайда болуп калыптыр. Чуулуу талаш эки айга чейин созулду. Ырасын айтканда, бул «экинчи» бөлүм деген биздин кесипте — ​эң негизги, чоң, кадыр-барктуу бөлүмдөрдүн бири болчу. Бул бөлүмгө көптөгөн сыноолордон өтүп, толук такшалып, иш тажрыйбасы жетиштүү болуп калган кезде атайын сыноодон өткөн адамдар гана кызматка алынчу. Анын ичинде да төрт бөлүмү бар. Эми ал учурда Сталин өлүп, Хрущев өзүнүн «кайра куруусун» жүргүзүп, өз тартибин орнотуп жаткан кез болчу. Контрчалгындоо бөлүмүндө иштеген Враковдон башка, берки экөөнүн чиндери да чоң эле. Андан да алардын тажрыйбасы көп. Ошолордун бирөөсү дайындалат деп сөз болуп жаткан.

— Сизге чейин ал жерде кыргыз улутундагылар иштеген бекен?

— Бирок мен келгенде, ал кезде Шейше Акаев КГБнын төрагасынын кадрлар боюнча орун басары эле. Ал жерге келгенге чейин, Биринчи май районунун биринчи секретары болуп да иштептир. Ал киши азыр да бар. Ошол менин Москвадан «секретный почта» менен келген диплом менен өздүк деломду, мен туурасында берилген мүнөздөмөнү окуп чыкса керек. Андан башка үч жыл кандай окуду, кандай жүрдү, кыскасы, баары жазылат. Эми ал убакта партиялык уюмдун мүнөздөмөсү абдан чоң документтерге кирчү. Жанагы, «секретный почта» менен келген кагаздардын арасында ал да бар. Андан тышкары курстун начальнигинин кызмат боюнча мүнөздөмөсү, бирге окуган группанын башчысынын ойлору жазылат.

— Москвадан окууңузду аяктап келген кезде аскердик чиниңиз кандай эле?

— Бир группада жыйырма эки офицер болчубуз. Ошолордун ичинде аскердик чини боюнча эң жашы, лейтенант мен элем. Мен жыйырма алты жашымда окууга барып, жыйырма тогузумда окуумду бүтүп келдим. Жыйырма тогузумда ага-лейтенант болдум. Тигилер болсо подполковник. Анан мен туурасында сөз болуп, «… мыкты билим алып Москвадан биринчи жолу, атайын жогорку аскер окуу жайын бүтүп келген баланы койбогондо биз кимди коебуз!» дешиптир өзүлөрүнчө. Ал кезде Терещенко деген төрага, «мунун тажрыйбасы жок, бөлүмдүн жетекчиси болуп окууга кеткен экен, теоретикалык жактан билим алганы менен тажрыйба жүзүндө биз биле элекпиз. Бул жакта бай тажрыйбасы бар кадрлар турса» дептир. Шейшеке Акаев Борбордук Комитетке барып, анан Исках Раззаковго ушундай бала окуусун бүтүп келиптир, түзүк, өз ишине тың экен дешип, өзүлөрүнчө кеп козгошуптур. Мен окууга кеткенде, Шейшеке Акаев жок болчу. Ал кезде Ярославлдан келген Яковлев деген подполковник иштөөчү. Кадр боюнча ошол эле. Ал кишинин мага жакындыгы деле жок болчу. Башкарма болбой жатат, сиз макул болсоңуз, биз өзүбүз эле буйрук менен кое турган өзүбүздүн номенкулатура деп, кийин, арасында өйдө-ылдый сөз болуп, акыры макул болушуп, буйрукка кол коюп өткөрүп салат. Тиги киши мени көпкө чейин жээрип да жүрдү. Буйрук чыккандан кийин мен жумушка кириштим. Экинчи бөлүмдө, Чуриков Михаил Павлович деген төрт жаш улуу майор жетекчи экен. Мурунку начальниктин аскердик чини — ​подполковниктигин уктум. Отузунчу жылдан бери иштеп келаткан подполковник Одинец деген киши болгон. Жыйындарда сүйлөгөндө дайыма кадыр-баркы бар адамдардан. Башка бөлүмдөрдүн деле жетекчилери мыкты, бирок сөздү биринчи кылып ага беришчү. Андан кийин жаш майор жигит болуп отурбайбы. Менин да жаш экенимден чочулады окшойт. Өзүм иштеп кете аламбы деп чочулап турган неме, бул дагы жаш экен деп эле каршы боло албайт, же каршы болгонго эч кандай негиз жок. Аны чакырып эле бул жигит сага орун басар болот деп тааныштырышты. Ошондой талаш-тартыштан кийин мен намысыма келдим. Москвада жүрүп көп китептерди окуганмын. Начальникти катардагы кызматчы барктап, өз ички дүйнөсү менен өзүнөн өйдө койбосо, бул оңой менен моюн бербей, анан кийин айткандай кылып так аткарбайт. Бул кызмат аябай такмазалыкты талап кылат. Ошон үчүн кичине эле жеринен начардыгыңды көрсөтүп койсоң, ички кадыр-баркы жок кызматкер сага жакшылап иштеп да бербейт. Андайлар, калп эле сыртынан «макул», «болуптур» демиш болгону менен ишти чала бүтүрөт. Кыйын маселелерди жасагандан коркот. Ошон үчүн англис тилин үйрөнөбүз. Жумасына үч ирет окуу болот. Сөздүктөн жаттайбыз. Сөздү жаттап үйрөнгөндөн кийин анан сүйлөмдү курабыз. Англис тилинин кыйын жагы буга күчтүү эске тутуу керек. Бирок кыйын жери–жазылганы бир, айтылганы башка. Тилдин эң кыйыны эле япон, кытай, араб тилдери болуп эсептелет. Батыш өлкөлөрүнүн тилдери окшош келет. Аны да жакшы бүттүк. Жума сайын эки-үч китепти окуп чыкканга үлгүрчүмүн. Өтө жашыруун адабияттарды да калтырбадым. Ал эми бул жерде майда-чүйдө эле кагаздар. Кыялымда башкача болчу. Жарый турган иш жок. Бул жакка чет өлкөлөрдүн элчилери келбейт. Келишсе да арак ичип, эки-үч күн көчөлөрдү кыдырып кайра кетип калышат экен. Экинчиден, виза деле беришпейт, андан бул жак аларга алыс. Кыргызстанда алар кызыкчу өтө жашыруун, сыр ката турган деле эч нерсе жок. Баарысы Сибирде, Москва, Ленинградда болсо керек. Өзүм ыраазы болуп иштей турган эч нерсени таппадым.

ГЕНСЕК ХРУЩЁВДУН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ

— Кыргыз жергесине биринчи болуп Советтер Союзунун Генералдык катчысы, мындайча айтканда биздин советтик “падышалардан” Хрущёв келгени белгилүү. Сиз анда кайда, эмне кызматта иштеп жүргөн элеңиз?

— Хрущёв жөнүндө айта турган өзүнчө сөздөр да бар. Никита Сергеевичтин кызматтан кантип кеткени туурасында бир топ эле материалдар, массалык маалымат каражаттарынын беттерине чыкты. Биздин башыбыздан өткөндү тарых катары жаштарга айта кетүү, өзүбүздүн адамдык парзыбыз деп билем. Никита Сергеевич Хрущёв бийликке келген күндөн баштап Сталинди жамандап, катуу сынга ала баштагандан, анын кадыр-баркы төмөндөй берди. Сталин деген, карапайым элдин калың катмарына сиңип, өз доорунун жаңы “Кудайына” айланып калган кез болчу. Акыркы жылдарда Хрущёв союздук республикаларды көп кыдыра баштайт. Бир сүйлөсө төрт-беш саат тынбай сүйлөйт. Оозу да такыр талыбаган, чарчабаган адам экен.

1959-жылы кышында Никита Сергеевич биздин республикага келе турган болуп калды. Анда, Раззаков биздин республикабыздын жетекчиси болчу. Сүйөркулов ал кезде Министрлер Советинин төрагасы. Хрущёв келет деп аэропортту өтө шашылыш түрдө күндүр-түндүр тынбай болсо да бүтүрүүгө туура келди. Эң мыкты деген куруучулардын баары, техникалар ошол жерге жөнөтүлдү. Бир жуманын ичинде бүтүрүш керек болду. Кээ бир бүтпөгөн жумуштарды, самолеттор конуп жаткан кезде да иштеп жатышты. Актап, боеп дегендей. Ал кезде КГБнын төрагасы Ермолов деген эле. Коопсуздук комитетинин акыбалы абдан төмөндөп кеткен. НКВДнын кылган иштеринин бети ачылып, бей күнөө камалып кеткендер акталып жаткан мезгил. Биздин кесипти да шекшинишип, бетибизге түкүрүп турган чак. Жаңы турмушка, жаңыдан гана үйрөнө баштаганбыз. Органдын иштерине анчейин көңүл бурбай келишти. Мындайча айтканда теңине албай мамиле жасап жүрүштү. Раззаков акылдуу, сөзгө чечен адам болчу. Хрущёв ал кезде Коммунисттик партиянын лидери. Өлкөнүн биринчи адамынын келиши биздин элдин тарыхында болгон эмес. Карап көрсөк, Хрущёвго чейин биздин республикага, Кремлден чоң кызматтагы эч ким келбептир. Болгону тээ мурун Советтер Союзунун маршалы Семён Михайлович Буденныйдын келгени бар эле. Ал дагы Ысык-Көлдөгү жылкы заводун көргөнү келген экен. Ырас, өлкөнүн биринчи адамы бизге келип жаткан соң, бул жердин тартибин сактоо өзүбүздүн гана колубузда болчу. Эл дагы өз мамлекетинин падышасын көргүсү келет эмеспи. Никита Сергеевичтин да эл менен жакындан жолугушмай адаты бар эле. Анын бизге келе жатканынын бир себеби, Республиканын жетишкендигин жогору баалап, Ленин орденин тапшыруу болчу. Биз кантип тосуп алуунун пландарын жазып чыксак, БКдагылар жактырбай өз билемдигин кылышты. Андай маселелерди бюродогулар карашчу. Ошол кездеги борбордук аэропорттун ичин бүт кайтарууну мага тапшырышты. Чынында анда бизде, Советтер Союзунун биринчи адамын тосуп алуу боюнча да түшүнүгүбүз жок болчу. Пландарын карап отурсак: Хрущёв самолеттон түшкөн соң, аэропорттун эшигин ачып, ошол жерге бир аз токтоп туруп пресс-конференция өткөрмөк болушат. Андан чыккан соң аэропорттун кире беришинде күтүп турган машиналарга отуруп өкмөттүк дачаларга кете турган болуп, алдын ала болжолдонгон план түзүлгөн болчу.

Бирок, мен Ермоловго “Хрущёв келди дегенди угуп — ​элдин баары жетип келет!” деп айттым. Ал кезде күндө эле гезиттин биринчи бетине Хрущёв чыга турган. Кай жакка барды, кимди тосуп алды, кантип узатышканынан өйдө жазышчу. Жыргал замандын Биринчи адамын күн кур койбой чагылдырып турушчу. Көрсө, «Известия» гезитинин башкы редактору Аджубей анын күйөө баласы экен. Ал кайын атасы Хрущёвду аябай эле пропагандалады. Анда Ильичев бир бөлүмдүн башчысы, кийин секретарь БК болду. Өзү академик эле. Хрущёв менен жолугуша тургандардын эң алдыңкы катарына партиялык мектептин угуучуларын коюшту. Ошолор эмгекчилердин атынан турат деп айтышты. Дагы калп айтып жатышат. Никита Сергеевичтин коопсуздугу үчүн, ал жерде органдын адамдары, тартипти сакташ үчүн турушат. Дүйнөлүк тажрыйбада да ошондой. Хрущёвду көрөбүз, ал кандай адам экен деп колдорун сунушу мүмкүн. Чынында тирүүлөй падышаны көрө элек эл болсок, деп мен тынсызданып турам. Алдыңкы катарда партиялык мектептин угуучулары эки жүздөн ашат, ошолор турат.

— Эмне үчүн партиялык мектептин угуучуларын алдыңкы катарга коюшту?

— Билермандар, биздин айткан сөздөрүбүздү эч укпай коюшту да. Аларга катарлаш карапайым адамдар деп — ​партиялык секретарлар, ячейкалардын чоңдору, райкомдун бөлүм башчылары турушкан эле. Бул маселени эмне үчүн айтып жатам. Атайын аянтка микрофон коюлган, Хрущёв бүткүл совет элине кайрылуу жасап, сөз сүйлөмөк. Ал эми алдыңкы катардагылар болсо Хрущёвду эңсеп, учурашканы келген карапайым кишилер катары турушкан. Чыныгы бутофория деген ушул эмеспи. Акыры биз күткөн убакытта самолет келип, аэропортко конду. Хрущёв тарапка окуучулар гүлдөрүн көтөрүп чуркап жөнөштү. Анан эле жабалактап карап турган калың эл ордунан козголуп, КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Сергеевич Хрущёвду тегеректеп калышты.

Таңыркап турган эл, жанагы микрофон турган жерге токтоно албай кирип барды. Хрущёвго сүйлөгөнгө мүмкүндүк беришпей, бир убакта микрофон жерге кулап кетип, “тарс-турс!” боло түштү. Андан да бүт радиостанциялардан түз берүү болмок эле. Булардын баарын көрүп турабыз. Биз гана эмес коңшу республикалардагылар да угуп, көрүшү мүмкүн. “Карс-курс!”, “тарс-турс!” болуп кеткенде, элдин эси чыгып кетти. Көптөн кийин гана, «Ну и народ!» деген Никита Сергеевичтин үнү угулду. Эл деген Хрущёвду ар тарабынан кысып салышты. Биринчи жетип барган эл микрофонду тебелеп жүрөт. Сүйлөй турган жерине элдер толуп алыптыр. Башаламан элди башкаруу абдан эле татаалдашып кетти. Буга чейин тирүү падыша көрбөгөн элибиз накта жапайычылыкты көрсөтүштү деп ойлойм.

— Ошондой башаламандык башталып, карапайым эл аны ороп алган жерден, КПСС БКнын Генералдык катчысы Никита Хрущёвду көпчүлүктүн арасынан кантип алып чыктыңар?

— Бир аздан соң, Хрущёвдун өзүнүн айласы кете баштады окшойт, тажрыйбасы жоктон жакшы уюштура алышпаптыр дедиби, бир карасам эле ал өзүнүн жан сакчылары менен элди жиреп, мени көздөй келе жатышат. Аэропорттун экинчи эшигин ачып койгонмун. Ичинде мага караштуу, өзүмө баш ийген коопсуздук кызматынын кызматкерлери турушкан болчу. Менимче кыркка жакын болсо керек. Хрущёв келатканда момундай кыска өтө турган жерди кысып тосуп калышты. Жанагы партиялык мектептин угуучулары да. Эч нерсени карабай, эшикти жаап, башкаларды өткөрбөй бууп калышты. Хрущёвду бир жагынан Москов деген Ички иштер министри, экинчи жагынан Сүйөркулов коштоп келатышат. Москов абдан бойлуу, чоң келген генерал-лейтенант экен. Экөө тең Никита Сергеевичти эки жагынан колтуктап алышыптыр. Хрущёв болсо шашыла басып, былкылдап келатат. Алар эшикке жетип киришери менен тигилер, дарбазаны айландыра тосуп калышты. Балдарга айтып, курчап туруп ичкери киргиздик. Алып кирдик да, чоң эшиктин ручкасы жыгачтан экен, ошону кармап, тээп туруп араңдан зорго ичинен жаптык. Антпесек, жанагынча эл Хрущёвду тебелеп-тепсеп кеткенден кайтышпайт болчу. Бир карасам, Хрущёвдун жанында, ошондой эле аэропорттун ичине кирген чоң кызматтагы адамдардын арасында да Исхак Раззаков жок болуп чыкты.

— Эмне үчүн ошол учурда, башкы конок болгон Никита Хрущёвдун жанында Республиканын жетекчиси Исках Раззаков коштоп жүргөн эмес?

— Көрсө, Раззаков аэропорттун ичине кире албай, сыртында элдин арасында калып калыптыр. Кудай урду дедим. Стулду алып туруп, эшиктин кармагычына киргизип койдум. Анан мындай карасам беш-алты бала чуркап жүрүшөт. Сураштырсам партмектептин балдары болуп чыкты. Хрущёв киргенде кошулуп кирип кетишкен экен. Хрущёвду машинага алып барып, түшүндүрдүк да анан беркилерге айттым «… эми эшикти ачкыла!» деп. Ачканда эле, жакшы Раззаковдор кирип келишти. Мен формачан эмес элем, боюм узун болгондуктан дароо мени Исхак Раззаков бир акыйып карап алды. Биздин ким экенибизди да билбесе керек, жаныбыздан өтүп кетти. Ал барып отурары менен машинасын жүргүзүштү. Бир убакта Ермолов, «Ну и парень, как теперь будем отвечать!» деп бушайманданды.

Анан тиги жакта турган эл, Хрущёвду көрөбүз дешип, чуркашкан бойдон бул жагынан айланып өтүп жетип келишиптир. Тим эле толтура, суудай каптап жүрүшөт. Ал эми Никита Сергеевичти өкмөттүк дача тарапка алып кетишти. Жолду тостуруп койдук. План боюнча БКга алып келишмек. Башаламан элди көрүп Раззаков деле «кокуй» деди го. Ермолов аябай кейип, капа болду. «Жолдош Асанкулов, бул бизге жаман иш, жакшылыкка алып барбайт!» деди. Актанып отурбай кыска жооп бердим. Ал дагы кетти. Мен болсо калдым. Кечки дежурстводо отурам. Аябай коркуп алыптыр. Анан айттым: “…жанагы алдыңкы катардагы партмектептин балдарынын ордуна биздин коопсуздук комитеттин кызматкерлери туруш керек эле, милиция да жок. Алар турганда элди өткөрбөй кармап турганга мүмкүндүк болмок. Эмне менен бүткөн жыйынтыгын көрдүңүз!” десем, Ермолов, “… менин айтканымды да алар укпай коюшту!” дейт. Анан мен айттым, «алар менен мынчалык деңгээлде макулдашуунун кереги жок болчу. Тартип деген бар. Биз биринчи ирет мындай чоң делегацияны тосуп жатабыз. Биздин өкмөт жетекчилерибиз, мындай нерсенин өзүнүн эрежеси бар экенин билишпейт. Биз алардын сөзүн укпай, өзүбүздүн тартипке баш ийдиришибиз керек эле. Кандай болгон күндө да, тартип үчүн биз жооп беребиз. Аны бизден талап кылып алышат. Партиялык мектептин балдарына бекер макул болгонсуз. Бул жердин партмектеби, Днепропетровскийдегидей эмес!» дедим. Ал өзү убагында Днепропетровскийде экинчи секретарь болуп иштеген, анан Москвада 5-управлениенин начальниги болгон. “Анан экинчиден сизге бул жер Москва эмес!” дедим. Ермолов да менин айткандарыма ынанып макул болду.

Никита Сергеевич Хрущёв театрда биздин республикага сыйлык тапшырды. Анан ал ошол эле күнү Алма-Атага учуп кетти. Ал кеткенден кийин, Ермоловдон «Раззаков эмне деди?» деп сурадым. Раззаков болсо Ермоловго эч нерсе дебептир. Хрущёв Алма-Атада алты сааттай сүйлөдү го. Радиодон угуп отурабыз. Баштаган сөзүн бүтө элек. Айтайын деген сөзүм мындай, аны бүгүнкү күнү демократ деп айтып, жазып да жатышат. Көп сүйлөп, бир кызып алганда колу да кетет экен. Ал сүйлөгөндө муштумун түйүп, курсагын челкейтип, оозунан шилекейи, түкүрүгү чачырап токтобой бир кетет дейсиң. Өлкөнүн биринчи адамын ким токтотот эле, андай нерсеге кимдин духу жетмек, ойго да келбей турган нерсе. Кааласа таң атканча сүйлөөгө акысы бар адам.

Мезгил өткөн сайын Хрущёв жөнүндө ар кандай анекдоттор чыга баштады. Биздин тартип боюнча Хрущёвдун жүргүзүп жаткан саясатын эл кандайча кабыл алып, колдоп жатканын билдирип турушубуз керек болчу.

— Элдин арасында айтылган ар бир анекдоттун артында чындык бар экенин жогору жактагылар билиштиби? Сиздер кызмат боюнча жеткизе алдыңарбы?

— Кайдан. Аңгыча болбой Хрущёв, «Коммунизмди 20 жылдын ичинде тургузам!» деп дүйнө жүзүн таң калтыра жар салды. Бейишиң болгур, гезиттердин бетинен түшчү эмес. Элдин арасында ар кандай реакция болот, жетекчилерибиз билгиле деген. Заводдорго барабыз, көчөдөн сурайбыз. Окуу жайларда, ишканаларда бул маселе боюнча ачык эле сөз кылабыз. Кантип сурашты билебиз. Барган сайын биз дагы кыйнала баштадык. Кайда барбайлы, барган эле жерде, Хрущёвду келекелеп шылдыңдаган, мазактаган ар кандай анекдоттор көбөйгөндөн көбөйө баштады. Элдин баарысынын оозун жаба албайбыз да. Ал эми ошол уккандарыбызды жаза да албайбыз да. Аны эл мактап жатат дегенибиз да туура болбойт. Анда биз өзүбүз дезинформатор болуп кетебиз да. Бир жолу гезитке чочкону кучактаган сүрөтү чыкты. Эл аны “букачар”, “чочкочу”, “малчы” деп айтып жатышты.

— Никита Сергеевич ошол бойдон бизге келдиби, же жокпу?

— Кийин Хрущёв экинчи жолу Ысык-Көлгө келди. 1964-жылы август айында. Бул жолку келишинде кабагы салыңкы келди. Көрсө, Кудай урган ичип алыптыр. Жанагы бакылдап сүйлөгөнү да ошондон экен көрсө. Баарынан кызыгы, биздеги өтө жашыруун сыр катары ачык айтылбай келген Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз флотунун торпеданы сыноочу полигону туурасында сырды ошол жерден туруп айтып салса болобу! Биз болсо эмне кылаарыбызды билбей туруп калдык. Бул өтө жашыруун сыр болчу да. Биз эч кимге айтпай катып, жашырып жүргөн объектибиз ушул эле. Мамлекеттик сырды Хрущёв өзү ачып салды. Ал жердеги аскердик жашыруун полигондо торпеданы сынашчу. Торпедага кылдаттык менен мамиле кылчубуз, андан да ал аябай назик нерсе экен. Головкасы укмуш нерседен жасалат, ал өзү да үндү издеп отуруп ата турган нерсени өзү издеп барып табат экен. Көрсө Жыргалаң, Михайловский совхозу турган жер, ошол булуңдай жер эч жерде жок экен. Бардык параметрден ар кандай условиясы боюнча алганда, ушул күнгө чейин андай суунун химиялык составын да табыш кыйын. Ал жерди эч ким көрбөйт. Тиги жагы дөңсөө. Жогору жагына бак тиктирип салганбыз. Самолет учуп чыкканда, же сыноо жүрүп жатканда торпеданын суу астында кандай кетип баратканын көрүүгө болот. Муну заводдогулар гана билишет. Полигон өтө жашыруун болгондуктан, элдин көбү торпеданы сыноодон өткөрүп жатышканын билишчү деле эмес. Торпеда эмне экенин ал кезде жөнөкөй адамдар түшүнүшпөйт, ичип алганынын кесепети болду да. Ал эми заводдо иштегендердин баарысы аябай катуу текшерүүдөн өтүшкөндүктөн ооздору бекем болчу.

— Ошондо Хрущёв өзү мамлекеттик жашыруун сырды айтып салган экен да…

— Хрущёв болсо ичип алып, «О, аскер-деңиз флотунун бул жерде торпеда сынай турган сонун полигону бар турбайбы?» деп Москвага телефон чалса болобу. Бүт сыр ачылды да калды. Биздин жинибиз келди, Никита Сергеевичке эч кандай закон жокпу деп. Өзү өлкөдөгү тартипти талап кыла турган адам болсо, кылган мээнетибиз талаага кетмей болду деп туталанып кеттик. Хрущёв ичип, кызуу болгондон кийин чечинип алып, Ысык-Көлгө сууга түштү. Ал сууга түшүп жаткан кезде фотокорреспонденттер тарткан сүрөттөр газеталардын беттерине чыгып да кетти. Ошого байланыштуу мындай бир анекдот чыкты: «Нырнул премьером, стал пенсионером!» деген. Ал сөз эл арасына дароо эле тарап кетти. Кудай уруп, Ысык-Көлдөн учуп кеткенден көп өтпөй кызматтан түшүп калбадыбы. Ошол сөз, көп анекдоттордун акыркыларынын бири болуп калды.

Андан да Хрущёв көп мактанып сүйлөөчү. Америкага барганда, «… сиз ушул жашта акылдуу сүйлөп, мындай учкул сөздөрдү кайдан табасыз, өзүңүздү кантип сактап калгансыз?» десе, бүт баарын айтып берсе болобу. Аялы Нина Петровна Кухарчук-Хрущёва байкуш абдан жупуну аял экен. Ал Америка, Канада институтунун директору болчу. Ушул да болобу? Эмне болгон институт экенин мен билбейм. Кийин бул кызматка академик Арбатовдун баласы, азыр Кокониндин биринчи орун басары болуп иштеп жатпайбы, ошол келди. Эң көрүнүктүү окумуштуулар иштей турган. Политика, экономика, дипломатия жагынан болсо керек. Ошондой институтту аялына жетектеткенине мен ушул күнгө чейин түшүнө бербеймин.

Хрущёв бийликке келгенде, биздин званияга төлөнчү акчаларды да алып салды. Чин үчүн акча төлөнбөсө, анда погонду кантип сатып алабыз. Өзүбүздүн гана айлыкка алууга туура келет. Сталинден мурун, тээ ак падышанын мезгилинде деле ушундай тартип болгон экен. 1953-жылы октябрда ушундай нерселерди алып салышты. Тарсылдатып эле кыскартуу башталды. Органда жарыбаган гана нерселер калды. Анан Шелепин болду. Ал болсо баарын жоготуп салды окшойт. Ошондон чачылды да калды. Шелепин деген аябай катуу киши окшойт, кагынып-силкингенин көп айтышчу. Биздин кадровый офицерлерге жакпай калды. Андан кийин КГБны Семичастный башкарды. Өз убагында Шелепин менен иштеп келген. Азербайжанда ЦКнын экинчи секретары болуп турган. Ал өз адамын коюп кетти. Семичастный аркы-беркини карап иш кылган адам экен. Ал бийликке келген учурдан баштап кадрларды сан жагынан көбөйтө баштадык. Баягы турмуш жок, эл кыйналып кетти. Чынында оор мезгилге туш келдик. Унду бөлүштүрүп бере баштадык. Нечен чоңдорду унду ашык алдың деп, кызматтан кетиришти. Партиядан чыгарылып, сөгүш алгандары канча болду. Кийин билсек, турмуш кыйындагандан кыйындай бериптир.

— Хрущёвдун мезгилинде зыгыр нан жеп калганбыз деп улуу муундагылар көп айтып калышат эле. Канчалаган нааразылыктарды армиянын, милициянын күчү менен басып койгон учурлар болуптур.

— Мурум деген шаарда, (Владимир областында) анан Александровский деген эки шаарда массалык тартип бузуулар болгон. Элдер бийликке каршы көтөрүлүшүп, дүкөндөрдү дагы башка нерселерди талкалап киришкени маалым болду. Буга чейин мындай көрүнүш совет элине жат эле. Нааразылыктар, иш таштоолор башталды. Анткени, бул нерселер ошол мезгилдин жүргүзгөн саясатына каршылык билдирген элдин бийликке жасаган протести болчу. Алардын ичинде кары-жашы, студент, жумушчу, колхозчу — ​баардык катмардын өкүлдөрү бар экен. Бизге ошол окуя жөнүндө жашыруун кабар келди. Ушундай нерселерден сак болгула, карагыла деп. 1962-жылы Новочеркасскийде бүтүн бир заводдун жумушчулары иш ташташып, бийликке нааразычылыгын көрсөтүп көтөрүлгөнү маалым. Заводдо бир нече миңдеген адамдар иштейт. Аскердик прокурорлор, биз жашыруун окусак, тим эле согуш болуптур. Бир жумадан ашык эл милицияга баш бербей, армияны киргизүүгө туура келген экен. Ал тургай, нааразычылык көрсөткөн жумушчуларды басыш үчүн танкалар да катышкан экен. Жумушчулар менен армиянын ортосундагы кагылышуудан 25 киши каза болгону маалым болду. Бул өтө жашыруун маалыматтарды биз гана билебиз. Газета беттеринде анын бири да чыкпайт, чындыкты элден жашырып жатышты. Ошол нааразычылык болгон жерге бийлик тараптан, элдин нааразылыгы эмнеден чыкканын билиш үчүн Микоян өзү учуп барыптыр. Андан кийин да, КПСС БКнын бир топ жетекчилери учуп барышып, бир нече ирет текшеришкен. Ушул окуядан көп өтпөй эле Грозный шаарында да массалык тартип бузуулар болгон. Бийликке нааразы болгон эл обкомдун балконунан бир секретарды, жерге ыргытып жиберишкен. Үйлөрдү, дүкөндөрдү өрттөп, машиналарды талкалоо болгон. Удаасынан Ростов-на-Донуда, Москва шаарынын бир районунда ушундай окуялар болуп өтөт. Эми Новочеркасскийде ошол тополоңдо өлгөндөрдү жашырып, алардын сөөктөрү көмүлгөн жерге бир суюктукту куйганда, алардын ким экени таанылбай, белгисиз жок болуп кетти дегенге чейин барышты. Ошол кезде партия өлкөдө өз бийлигин кылып, чындыкты жашырып элге угузбай келген. Жумушчуларды адамдык закондуу жашоого болгон талаптарын айтышкандыгы үчүн атышкан, мына ушуларды угуп алып, капа болдум. Азыркы учурдагыдай уюлдук телефондор болбосо да, союздун ар жеринде болгон элдин нааразылыгы эл арасына бир аз кечигип болсо да жетип жатты. Нааразы болгон элди аскердин күчү аркылуу, өтө мыкаачылыкта басып жаткан окуяларды уккан эл, бул эмне болгон партия, эмне болгон социализм дей баштады.

Раззаков өзү акылдуу киши болгон. Биздин КГБнын төрагасы, Берия камалганда, Терешенко деген болуп калган. Анда полковник эле. Пленум болуп жаткан кезде бирөө тура калып, «… жолдош Терешенко кана, элдин алдына чыгып, жасаган иштериңе отчет бергин! Сен Берияга макулдугуңду бердиң беле?» деп кыйкырды, биздин демократтар ПУТЧга байланыштуу мени айыптагандай болуп. Раззаков, «Эгер сиздин Терешенкого сөзүңүз болсо, анын кабинети бар, ошол жерге кирип айтыңыз. Мага да кирсеңиз болот. Бул суроону карайбыз!» деп койду. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин бирөө Раззаковго, «Терешенко деген КГБнын төрагасы сиздин жаныңызда, президиумда отурат. Бул жолдош, өзүнүн аягына чыкпай калган кылмыштуу иши үчүн жооп бербейби. Сиз эмне аны жашырасыз, өткөндө сиз жооп бердиртпей койдуңуз!» деди. Раззаков тиги кишини кагып, «Сиз эмне эле жолдош Терешенкого асылып алдыңыз. Анчалык сизге маалым болсо айтыңыз, мен да билип алайын. Бул сиздин претензияңызбы, же мага койгон талабыңызбы? Эмне максат менен мынча өжөрлөнүп суроо берип жатасыз, Берияны ушул жерден талдайлы деп чечтик беле. Берип жаткан сурооңуз менен бизди кай жакка алып баргыңыз келет. Сиз эмне, өкмөт жетекчилерине ишенбөөчүлүк кылып жатасызбы, мага кириңиз?!» деди. Менин эсимде: «Исхак Раззакович, менде бир сунуш пайда болду, сиз туура көрүп бул Терешенконун ишин бир карап көрсөңүзчү?» десе болобу.

Эми, бул деген баягы, 1937-жылдын дарты да. Берия жанагы үчөөнү чакыртканы менен, анын экөөсү гана барган. Раззаков ал иш туурасында бир да жолу сөз кылган жок. Түшүнүктүү киши да, дың деп койбоду. Үч кишинин чакырылганын ал деле билчү. Сартов менен Жылкычиев барган. Үчүнчүсүн унутуп жатам. Ал Берияга барбай калган. Буларды кабыл алып туруп, кызматка койдуруп, мен эмне десем ошону аткарасыңар дейт. Бериянын кара ою ачыкка чыгып, ал өзү кармалып атылып кеткен күндө, тигилерге жаман чара көргөн жок. Мен билгенден, Раззаковдун башка жетекчилерден айырмаланган адамдык улуу касиети мына ушунда деп билем. Сартов андан кийин эчен жылдар бою иштеди. Начальник управление болуп жүрүп, жакында эле каза болду. Анын баласы КГБда иштейт, полковник чини бар. Ал эми Жылкычиев да начальник управлениенин орун басары болуп пенсияга чыкканча иштеди. Былтыр каза болду. Ошолорго, Раззаков бир жаман сөз айткан жок. Бир күнү Ленин районунда, обкомдун бюро мүчөсү, экинчиден КГБнын Башкармалыгынын начальниги катары жүргөн кезим. Сүйүнбаев Ош обкомунун биринчи секретары болчу, ошол келип калыптыр. Чарбаларды кыдырып, кечиндеси чарчап-чаалыгып райондун мейманканасына келдик. Саатты карасам түнкү саат бир болуп калыптыр. Чарчаганыбыздан, тамактанып эле жатып алдык. Пахта терим мезгили, андан да эрте турушубуз керек. Ал эми кечки саат беш чендерде канча тонна пахта терилгени жөнүндө сводка берилет. Кайсыл колхоз, кайсы бригадага чейин. Күнүнө канча эсеге өскөнүн эсептеп турабыз. Күн бузулуп, жамгыр жаабаса экен деп Кудайдан тилейбиз. Күн жаап жибергенде пахтанын сорту дароо эле бузулат. Андан да пахта деген аябай назик нерсе болот экен, сорту да бузулуп кетет. Бир убакта телефон шыңгырайт. Анан чуркап барып телефонду алдым. Эми ал кезде эки обком боло турган. Айыл чарбасы, өнөр жайы болуп. Ушундай болсо абдан жакшы деп. Обкомдун өнөр жай боюнча секретары Чупуров Федор Михайлович экен. Аябай шашып алыптыр. “Сүйүнбаев кайда?” деп сурап калды. “Ушул жерде…” десем, “… тезинен телефонго чакыр!” деп мени шаштырды. Мен өзүм, өнөр жай обкомунун бюро мүчөсүмүн. Ал эми айыл чарба обкомунун секретары Сүйүнбаев болчу. Мен ага барып, “… сизди телефонго чакырып жатат!” дедим. “А-а”, деп койду ал. Сүйлөөр алдында ошентип алчу. Бир убакта чочугансып, “… тез шопурду ойгот, машинаны даярдасын” деп калды күтүүсүз жерден. “Эмне болду?” десем, “… кийин айтам, азыр айта албайм!” деп койду.

Миша деген шопуру бар эле, аны дароо ойготтум. Кайра келсем, “Мени Москвага чакырып жатат. Фрунзеге тез келгин! деп айтышты. Азыр уча турган болдум…” деди шымын кийип өзүнчө шашып. Чала басып жыгылып, араңдан зорго кийинди. Анан чыгып баратып, “Атаңдын оозудурайын Суслов бирдеме кылып жиберди го, ал деген бир куу неме. Москвада бир балээ болуп портфель талаш болуп жатат го!” деди шашыла сүйлөп. Кийинип чыкканча машинасы даяр болуп турган эле. Дароо жөнөп кетти.

Саат түнкү үчтө обкомдун секретарын, биринчи секретарын алып кеткен соң, менде кайдагы уйку болмок эле. Ансыз да коопсуздук кызматкерлеринин арасында Москвада саясый абал оор экен деген сөздөр көп айтыла баштаган болчу. Ал эми мени эмне чакырышпайт деп, өзүмчө бушайман болом. Телефон чалайын десем, караңгы, жарыбаган, кичинекей эле управление. Жалгыз гана вахтер, ал дагы эшикти ичинен жаап алып отурат. Андан сурайын десем, ал эмнени билмек. Ары кетип, бери кетип, өзүмчө ойлонуп отуруп “атасынын оозу” дедим. Ал кезде тартип катуу, жумушту таштап коюп кетүү да кыйын. Кетип калсаң, эртең эле бюрого салышат. Анан мен управлениенин Ленин районундагы бөлүмүнө жетип келдим. Ошол жерден өзүмдүн начальнигиме телефон аркылуу байланышсам, “сен кайда жүрөсүң?” деди ал. “Мен ушул эле жердемин…” дедим. “Жакшы болот. Сага шифровка барат, ошол жерден окуп аласың?” деди. Анткени биздин кызмат боюнча мындай телефон менен сүйлөшүүгө болбойт болчу. Андижандан кабель менен линия келет. Бул эң кымбат нерсе. Ал деген жөнөкөй эмес, бронированный кабель. Кескенге да болбойт. Бир убакта шифровка келди, “Москвада ЦК КПССтин пленуму өтүп жатат, буйрукту күткүлө!” деген сөздөрдү окудум.

— Батыш мамлекеттери, өзгөчө АКШга окшогон мамлекеттер кечээ согуш мезгилинде фашисттик Германия менен согушта бирге болушканы белгилүү эле. Согуштан кийин, СССРдин кубаттуу мамлекет болуп кетишинен чочулашып, күчүн кетирип, керек болсо согуш ачуунун пландарын түзүп келишкен. Жер шарына үстөмдүк кылуунун аягы — ​жарыша куралдануу күч алып турган кез эмес беле.

— Советтер Союзу 1957-жылы 4-октябрда дүйнө жүзүн таң калтырып, Жер шарында биринчи космикалык спутник Казакстандагы Байконур космодромунан космоско учурулат. Хрущёв космосту багындырууну алдыга максат кылып коёт. Батыш мамлекеттерин, ошол эле АКШны согуштук күч менен багындырууга боло турганын Никита Сергеевич жакшы түшүнгөн. Ленин атомдук муз жаргыч кемеси, Айга учкан советтик спутник жана башка жетишкендиктери менен батыш мамлекеттерин таң калтыра берет. Кийин, 1961-жылдын 12-апрелинде дүйнөлүк коомчулукту өзүнө бурган чоң окуя болду. Адамзаттын тарыхында биринчи болуп Юрий Алексеевич Гагарин “Восток” корабли менен космоско учту. Дүйнөлүк масштабдагы №1 космонавт болуп тарыхта калган советтик лётчик Юрий Гагарин, ошондо 27 гана жашта болчу. Гагарин космосто 1 саат 48 мүнөт учканы менен, ал учуу ага дүйнөлүк атак-даңк менен аброй алып келди. Гагарин космосто кыска гана убакыт учканы менен ал жаңы доордун, жаңы тарыхтын барагын ачты. Бир күндүн ичинде Гагариндей болуп Жер шарынын тарыхында мындай атак-даңкка эч ким жеткен эмес. Азыркы күндө, дүйнө косманавттары бир жылдап деле космосто учуп, ал жакта жашап, илимий иштерди да жүргүзүп жүргөндөрү таң калыштуу деле көрүнүш болбой калды го. Ал эми ал кезде космосто 1 саат 48 мүнөт учуунун өзү эрдикке тете иш болчу. Юрий Гагариндин космоско учушу, жалгыз эле ал үчүн эмес, жалпы Советтер Союзуна дүйнөлүк масштабда чоң кадыр-барк алып келди. Ошол жасаган эрдиги үчүн Юрий Гагарин Ленин ордени менен “Советтер Союзунун Баатыры” деген эң жогорку наамга ээ болду.

— Ошол кезде даярдыктан өткөн космонавттардын ичинен неге Гагаринге токтолушкан? Андан башка, анын дублеру Титов да болгон экен го. Космоско учуу үчүн көпчүлүгү катуу даярдыктан өтүшкөн. Бирок, ошолордун арасынан эмне үчүн №1 космонавт болуу бактысы, Юрий Гагаринге туш келген? Титовдун Герман деген аты политбюронун кээ бир жетекчилерине жакпай калган деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

— Эми, анын майда-чүйдөсүн билбейт экенмин. Ошончо космонавттардын арасынан эң эле жылдыздуу келгени Юрий Гагарин болчу. Биринчи ошол жагынан, экинчи жагынан Гагарин коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Ал эми Герман Титов коммунисттик партиянын мүчөсү болгон эмес деген сөздөр айтылып жүрөт. Ошол кездеги Советтер Союзунун лидери Хрущёв менен Королёвго да маңдайы жарык, жылдыздуу Юрий Гагарин жаккан дешет. Гагариндин космоско учканы, Советтер Союзунун атагын чыгарды.

— Ошол мезгил, дүйнө жүзүндөгү эки күчтүү держава болгон АКШ менен СССРдин ортосундагы жарыша куралдануу өтө күч алган кез болчу.

— Согуш аяктап калган кезден баштап, АКШ Советтер Союзуна карата, кубаттуу ядролук куралы бар мамлекет, Жер шарындагы улуу держава экенин көрсөтүш үчүн Япониянын Нагасаки, Хиросима шаарларына атом бомбасын таштаганын билесиң да. Бул деген, атом бомбасы кимдин колунда болсо, ошол мамлекет дүйнөнү башкарат деген эле сөз болчу. Мен азыр, ошол кезде ЦРУ жашыруун даярдап, Советтер Союзунун аба мейкиндигин бузуп өткөн “Локхид У‑2” самолёту, анын учкучу, шпион Пауэрс туурасында окурмандарга айтып кетким келип турат. Бул окуя, айрыкча азыркы жаштардын, бүтүндөй совет мамлекетинин жашоочуларынын, бүйүрүн кызыткан, алардын оозунан, талкуусунан түшпөгөн маалымат эле. Бул окуя, кандай болгон күндө да Советтер Союзунун эл аралык аренада кадырын көтөрдү.

— Бул окуя болгон кезде, мен болгону бир жаштагы бала экенмин. Чынында, АКШнын чалгындоо кызматы менен ЦРУнун шпиондук максатта, жашыруун даярдаган Советтер Союзунун аба мейкиндигин бузуп өткөн “Локхид У‑2” самолёту, учкуч Пауэрс туурасында эч кандай маалыматты деле биле бербейбиз…

– 1960-жылдын 1-Май майрамында Кызыл-Аянтта бүткүл дүйнөлүк эмгекчилердин эл аралык майрамы болуп жаткан учур эле. Ал эми СССРдин лидери Никита Сергеевич Хрущёв, жана башка өкмөт мүчөлөрү Лениндин мавзолейинин үстүндө парадды кабыл алып жатышкан болчу. Кызыл-Аянтта эмгекчилердин баарысы параддан өтүшүп, шаар майрамдык шаңга бөлөнүп турган. Ошол учурда КГБнын башчысы Никита Хрущёвго басып келип, АКШнын шпион самолёту, СССРдин аба мейкиндигин бузуп өткөнүн кабарлайт. Майрамдык маанайын түшүргөн жаман кабарды уккан Никита Сергеевич, “… эмне болсо да бул бетпакты СССРдин аба мейкиндигин бузуп өткөн самолётту, атып түшүргүлө! Тапшырманы аткара албасаңар, анда силердин өзүңөрдүн башыңар кетет!” деп катуу буйрук берет. Бул кезде ЦРУнун чалгындоо самолёту өтө бийикте, СССРдин аба майданын бузуп, союздук бир топ республикалардын территориясынын үстүнөн учуп өтүп бараткан болчу. Хрущёвдун буйругун алган аскер адамдары, АКШнын чалгындоо самолётун атып түшүрүү максатында, бир заматта ондон ашык ракеталар асманга атылат. Бир канча самолеттор асманга көтөрүлүп чыкканы менен өтө бийикте учуп бараткан ЦРУнун У‑2 чалгындоо самолётунун учуп бараткан 20 000 км бийиктигин багындыра алышкан эмес. Асманга атылган ракеталардын арасынан бирөөсү У‑2 чалгындоо самолётунун канатына келип тиет. Ал эми, мавзолейдин үстүндө параддан өтүп бараткан эмгекчилерди кабыл алып жаткан Хрущёв кабарды угуп, анын майрамдык көтөрүлгөн көңүлү кыйла чөгө түшөт. Бирок анысын жанында отурган КПСС БКнын мүчөлөрүнө билгизбеди. Анан Хрущёвго, ЦРУнун У‑2 шпиондук самолёту Свердловский шаарынын үстүнөн атып түшүрүлгөнүн кабарлашат. Маанайы түшүп турган Никита Сергеевич Хрущёв, кубангандан кармана албай, “Отлично сработано!” деген сөзү, анын бет маңдайында турган микрофондон бүтүндөй Кызыл-Аянтты жаңыртып жиберет. Ал эми Кызыл-Аянтта генсек Хрущёвдун айткан бул сөзүнө параддан өтүп бараткан карапайым көпчүлүк эл анчейин маани беришпей, ал сөздүн маани-маңызын деле түшүнбөй калышат. Ал америкалык кесиптеши Эйзенхауэрге жини келип, аны кыртышы сүйбөй калат. Хрущёв өзүнүн кесиптеши Эйзенхауэрдин бул мамилесин кечире албады. Ал экөө жакында Париж шаарында жолугушмак болчу. Советтер Союзунун аба мейкиндигин бузуп өткөндө атып түшүрүлгөн У‑2 чалгындоо самолёту үчүн Эйзенхауэр, Никита Сергеевичтин өзүнөн кечирим сурайт деп ойлогон эле. Ошондой ниет менен Хрущёв Парижге учуп барат. Бирок, эки тараптуу жолугушуунун алдында Хрущёв, Эйзенхауэр Советтер Союзунан кечирим сурашын ультуматум катары коёт, кечирим сурабаса, анда Советтер Союзунун делегациясы жыйынды таштап, залдан чыгып кетерин да айтат. Бул бети ачылып калган шпиондук иш үчүн АКШнын атынан президент Эйзенхауэр деле кечирим суроого макул болуп калган жеринен, конгресстин мүчөлөрү андай кадамга барбасын өтүнүшөт. Хрущев айткан сөзүнө туруп, эшикти “тарс” эте жаап, өзү менен барган делегация мүчөлөрүн алып, Парижден Москвага кайтып келе берет. Никита Сергеевич, АКШ тараптан болгон мындай тоң моюндук менен жасалган мамилени кечире албады.

— Сиз, ЦРУнун У‑2 самолёту атып түшүрүлдү деп айттыңыз. Ал эми самолётту башкарып бараткан учкучтун кийинки тагдыры эмне болду? Анткени, 20 000 км бийиктиктен атып түшүрүлгөн самолёттун учкучу аман калбаса керек…

— Тагдыр экен, маңдайына тирүү калуу вазипасы жазылгандыгынанбы ЦРУнун У‑2 чалгындоо самолетунун учкучу Пауэрс, ошончо миңдеген метр бийиктиктен түшүп, аман калат. Самолет, АКШ мамлекетинин атайын чалгындоо кызматынын, фотосүрөт тартуучу аппараттардын акыркы үлгүдөгү техникасы менен жабдылган болчу. Учкуч шпионго, отурган самолёту менен советтик территориядагы аскердик, өнөр-жай мекемелерин, ар-кандай жашыруун делген обьектилерди, радиолокациондук станцияларды, согуштук базаларды тартуу тапшырмалары берилген. “Локхид У‑2” самолёту Пешевардан учуп чыгып, эч тоскоолдуксуз эле Советтер Союзунун аба майданын бузуп өтөт. Ошол күнү элдин баары эмгекчилердин эл аралык майрамы 1-Майды белгилеп жатышкан болчу. Бул учурда Пауэрстин У‑2 самолету Свердловскийдин үстүндөгү аба мейкиндигинде өтө бийикте учуп баратканда, советтик ракетчиктер атып түшүрүшөт. Качан гана Кызыл-Аянтта парадды кабыл алып жаткан Хрущевго, АКШнын У‑2 чалгындоо самолёту Свердловскийдин үстүндө учуп бараткан жеринен советтик зениттик ракета менен атып түшүрүлгөнүн, ал эми У‑2 шпиондук максатта чалгындоо самолётунун учкучу Фрэнсис Гэри Пауэрстин колго түшүрүлгөнүн укканда аябай толкунданып, сүйүнгөн экен. Учкуч Пауэрстин самолёту талкаланганы менен ал парашюттан абадан секирип түшүп, аман калганы менен дароо эле колго түшүрүлөт. Бул окуя Хрущёв үчүн, жалпы совет мамлекети үчүн Биринчи Май күнүнө жакшы белек болгон. Пауэрс советтик мыйзам боюнча шпиондук максат манан СССРдин аба мейкиндигин бузуп өткөндүгү үчүн 10 жылга соттолуп, эркинен ажыратылган. Кийин Фрэнсис Гарри Пауэрс, аны ЦРУ кандай даярдаганы, кай жактан учуп чыкканынан бери сотто айтып берүүгө аргасыз болгон. 1956-жылдан баштап ЦРУга АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн капитаны Пауэрс толугу менен ишке өткөнү далил болгон.

— Шпион-учкуч Пауэрс ЦРУда аябай катуу машыгуулардан, сыноолордон өткөн болсо керек…

— Албетте, Гарри Пауэрс Түркиянын Адана шаарына жакын Инджирлик авиа- базасында да машыгуудан өткөнү маалым. ЦРУ атайын Пауэрсти, СССРдин чек арасына жакын жерлерде аба-майданынан ар кандай оор машыгуулардан өткөрүп даярдашкан.

— Пауэрс Советтер Союзунун аба мейкиндигин бузуп өтүш үчүн кайсы багыт менен учуп чыкканын биле алдыңызбы?

— Пауэрс Пешевардагы аскердик авиа-базадан учуп чыгып, ал 20 000 км бийиктикке көтөрүлүп жүрүп отуруп Советтер Союзунун аба мейкиндигин таңкы саат 5:36да бузуп өтүп, Арал деңизинин үстүнөн ары карай Свердловск-Киров, Архангельск-Мурманск шаарларынан учуп өтүп, Норвегиядагы авиа-базага барып конмок болуп, чалгындоо багытын алган.

— СССРдин зениттик куралдары, ракета менен атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин АКШнын ЦРУнун чалгындоо кызматы билген эмеспи? У‑2 чалгындоо самолётун ракетчиктер атып түшүргөн учурда саат канча болгон экен?

— Пауэрстин шпиондук чалгындоо У‑2 самолету саат 8–53дө Свердловскийдин үстүндө учуп бараткан кезде, советтик ракетчиктер ЗРК С‑75ден аткан ондон ашык ракеталардын бирөөсү самолёттун канатына тийип, жерге кулап түшөт.

— Шпиондук чалгындоо У‑2 самолётунун айынан АКШ менен СССРдин ансыз да мамилеси жакшы болбой турган кезде, дипломатиялык жана саясый кризис да күч алып кетсе керек? АКШнын жетекчилиги бул боюнча СССРдин – биздин бийлик башындагылардан кечирим сурашканбы?

— Жок. АКШнын президенти Эйзенхауэр, ЦРУнун учкучу Фрэнсис Гэри Пауэрстин Советтер Союзунун аба майданына жаңылыштык менен кирип кеткенин гана айткан жайы бар.

— Эми, Советтер Союзунун бир канча миңдеген чакырым жерине кирип барганча учкуч Пауэрс билбей, жаңылыштык менен кирип кетти дегенге ким ишенет? Дүйнөлүк коомчулук президент Эйзенхауэрдин калп айткан сөздөрүнө ынанды деп ойлойсузбу?

— Советтик коопсуздук кызматы, бул шпион учкуч Пауэрстин, АКШнын ЦРУсунун чалгындоо кызматынын даярдыгы менен атайын максатта учканын далилдеп беришкен. Андрей Громыко бул инцидент боюнча атайын пресс-конференция өткөргөн. АКШнын чалгындоо кызматынын У‑2 самолётунун атылып түшүрүлгөн калдыктары Москва шаарына алып келинип, коомчулукка, шаар тургундары, журналисттерге, чет өлкөлүк элчиликтерге көрсөтүлгөн.

АКШнын ЦРУсу 20 000 км бийиктикте учкан самолётту атып түшүрө ала турган СССРдин куралы жок деп ойлошкон болсо керек. Атып түшүрө турган куралдары бар экенинен так маалыматтары жок болгон го. Ошон үчүн АКШнын чалгындоо кызматы тобокелчиликке барышкан го деген ойдомун. Советтер Союзунун ошол кездеги лидери Хрущёв өзү баш болуп, Свердловскийдин аба-мейкиндигинде атып түшүрүлгөн ЦРУнун У‑2 самолётунун калдыктарын көрүш үчүн М. Горький атындагы эс алуу паркындагы У‑2 чалгындоо самолётунун көргөзмөсүнө атайын барган.

— Советтер Союзунун жетекчилиги У‑2 самолёту чалгындоо максатында биздин аба мейкиндигибизди бузуп өткөнүн кантип далилдешти?

— КГБнын кызматкерлери, У‑2 самолётунда чалгындоо максатында колдонулуучу сүрөткө тартуучу аппаратуралардын бар болгондугун, жана дагы башка обьекттерди көрсөтүп далилдеп бере алышкан. Инструктажга ылайык ЦРУ машыктырган офицерлер колго түшүп калуу коркунучуна туш келип калса, фотоаппаратураларды аттырып, өзү да тирүү калбаш үчүн ууланган ийнени сайынып өлүшү керек болгон.

— ЦРУнун чалгындоо кызматынын офицери Гэри Пауэрстин колго түшкөндөн кийинки тагдыры кандай болгон?

– 1960-жылдын 19-августунда СССРдин Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын чечими менен Советтер Союзунун аба мейкиндигин мыйзамсыз, чалгындоо максатында бузуп өткөнү анын мойнуна коюлуп, эркинен ажыратылып 10 жылга соттолгон.

— Жумабек Асанкулович, Гэри Пауэрс Советтик абакта отурду. Ал толугу менен он жылдык мөөнөттү өтөдүбү?

— ЦРУнун жетекчилиги, Гарри Пауэрстин тирүү колго түшүп берүүсүн каалашкан эместиги, ага так берилген тапшырмадан эле билинип турат. Пауэрс эмне үчүн ошол тапшырмаларды колдонбогондугу мен үчүн таң калыштуу нерсе болуп калды. Ал өзү алган тапшырмалары боюнча колго түшүп бербеши керек болгон экен. Ушул далилдерден кийин АКШнын бийлиги У‑2 самолёту ЦРУнун тапшырмасы менен СССРдин аба майданын, чалгындоо максатында бузуп өткөнү боюнча актана алышкан эмес. Ал эми, 1962-жылдын 10-февралында Пауэрстин советтик белгилүү чалгынчы Рудольф Абелге (Вильям Фишерге) алмаштырылганы маалым. Пауэрстин 1970-жылы анын “Операция Перелет” деген китеби жарыкка чыккан. АКШ менен СССРдин ортосундагы саясый кырдаалды татаалдаштырып жиберген Гэри Пауэрс 1977-жылдын 1-августунда катастрофадан каза болгондугу боюнча маалыматтарды окуган жайым бар.

— Никита Хрущёвдин убагында, аз жерден үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кете жаздаган экен. 1962-жылдагы “Кариб кризиси” деген ат менен белгилүү ызы-чуу боюнча да айта кетсеңиз?

— Ошол күндөрү, буга чейин Гэри Пауэрстин У‑2 чалгындоо самолёту СССРдин аба майданын бузуп өткөн окуянын изи сууй электе, анын артынан эле улай “Кариб кризиси” деген ат менен белгилүү болгон, өтө чуулгандуу окуя тарых барактарында катталды. АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда чырмалышкан чоң саясый кризис пайда болуп, согуш оту мына-мына тутанып кетеби деген коркунуч, кагылган мыктай туруп калды.

Абал канчалык оорлошсо да, Кубалык революционер, жетекчи Фидель Кастро Советтер Союзуна атайын келип, Н.С.Хрущёв менен, Куба жергесинде советтик ракеталарды жайгаштырууну жашыруун сүйлөшөт. Качан гана Советтер Союзунун ракеталары Куба жергесине орнотулуп калган кезде, АКШда ядролук согуш туурасында сөздөр айтылып, кырдаал чектен чыгып кетүү коркунучуна кептелип турган кез болчу.

— Жумабек байке, мен учурунда Украинада ракеталык войскада кызмат өтөгөн советтик жоокермин. Сиз айтып жаткан Кариб кризисинде биздин полктон офицерлер Кубага барганы боюнча кабардармын. Биздин полктогу ракетчик офицерлер кантип Кубага жардамга баргандарын, бизге кызыктуу кылып айтып беришчү. Биздин ракетчилерди Кубада гүлдөр менен тосуп алышканда, асфальттын бети гүлдөрдөн көрүнбөй калган экен.

— Сен аскерде ракетчик болгон экенсиң да… Анда, элитный войскада кызмат өтөгөн турбайсыңбы. Башкаларга караганда, сенин ракета туурасында жакшы түшүнүгүң бар экенине ынандым. Мен билгенден, ракетный войскага көрүнгөндү эле ала берчү эмес да.

— Биздин командирлердин айтымында, бир күнү эле тревога менен аскер бөлүгүн көтөрүп, түнү ракеталарды темир жолдогу атайын ылайыкташылган вагондорго жүктөшөт. Ал вагондор бир караганыңда эл ташыган вагондорго окшош болот, ал эми ичинде ракета баратканын жөнөкөй адамдар этибарга алышпайт. Ракетаны жүктөп алып, поезд Крым жарым аралын көздөй жашыруун жөнөп кетет.

— Ал кезде мындай, жашыруун операцияны жан адам билчү эмес. Мындай иштер жүргөн кезде, албетте КГБнын адамдарынын катышуусу болот. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери бардык иштерди көзөмөлдөп турушчу да.

— Биздин командирлердин айтуусу боюнча, Севастопольдогу портко жетип, ал жерден граждандык пароходдорго ракеталарды жүктөшөт. Портто жашыруун жүктөлгөн ракеталар салынган кемелер менен Кара-Деңизден Туркиянын Мармар деңизи, Босфор кысыгы аркылуу Жер ортолук деңизи менен жүрүп отуруп, Атлантика океанына чыгышат.

— Кийин мен КГБда иштеген тааныш офицерлеримден билсем, ракетанын жүктөлүшүн жашыруу максатында башка порттордон ар кандай техникалык жардамдар Кубага жөнөтүлө баштаган экен. Бул эми, негизги ишти жашыруу максатында болгон кадамдар болчу го деп ойлоп калдым. Өтө жашыруун жүк алып бараткан кемелер, бир нече күндөн соң Куба жергесине жетишет. Эч кандай белгиси жок кара форма кийген советтик офицерлер менен солдаттар азыркы Эркиндик аралы аталган Кубага жетишкен соң гана, Советтер Союзунун жетекчилигинин тапшырмасы менен Куба жергесине келгени айтылат. Ракеталар боюнча, Кубага жеткирүү планы өтө жашыруун, мамлекеттик сыр акыркы саатка чейин сакталган. Эч кандай маалымат сыртка чыккан эмес.

— Эми, чынында бул операция ушунчалык жашыруун болгондугунан Американын шпиондору да так маалыматты ала алышкан эмес… Севастопольдо эле граждандык пароходдорго ракеталарды жүктөшүп, ракетчиктерди да анын ичине салышат. Эч кандай погондору, белгилери жок кара форма беришип, бир дагы офицер менен жоокерлерди кеменин ичинен сыртка чыгарышкан эмес экен.

— Тартипти катуу кармашпаса болбойт эле да. Качан гана Кубага жетип ракеталарды орноткон кезде гана “… биз Куба мамлекетинин жардам суроосу менен бул жакка кызмат кылганы келдик. Жашыруун сырды бекем кармагыла, бөтөн, чоочун адамдар менен сүйлөшпөгүлө!” деген буйрукту алышат. Порттон ракеталарды алып келип орното баштагандан кийин гана АКШнын чалгындоо кызматынын самолёттору жапыс учуп келишип, биздин ракеталар жайгашып жаткан жерлерди, старттык аянтчаларды сүрөткө тартып алышып, кайра учуп кетишет. Советтер Союзунун бул кадамы АКШ үчүн өтө опурталдуу кадам болчу. Куба менен АКШнын аралыгы болгону менимче 142 чакырым аралык болсо керек. Ошол мезгилде Вашингтон, Нью-Йорк шаарлары тараптагы өзгөчө байлар башка жактарга, көчүп кетишкендери боюнча маалыматтар да көп айтыла баштаган экен. Алар, АКШга советтик ядролук кол салуу болот деген сөздөргө катуу ишенишкен. Бул коркунучтун артында, ошол күндөрү үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталып кетүү коркунучу турган эле. Хрущёв өзүнүн күтүүсүз кадамдары менен АКШнын президенти Кеннедини бурчка такап компромисске барууга мажбур кылып, дүйнөлүк держава катары Советтер Союзу эсептешүүгө батыш мамлекеттерин көндүрө алган.

 

КРЕМЛЬДЕГИ МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШ

— Жумабек Асанкулович, мен борбордук гезиттердин биринен бир кызыктуу макаланы окуп калдым эле. Көрсө, Лениндин партиялык билетинин номуру №00000001 болгон экен. Ал эми Сталиндин партбилетинин номуру — ​№00000002, дал келүүбү? Ал эми Маленковдун партбилетинин — ​№00000003 болгон экен. Баарынын жүрөгү түшүп, коркуп турган Берия болгон. Катар жазылган №00000004 партбилеттин номери Берияда болгон экен. Партбилеттин номуру боюнча, бийлик башына Маленков келиши керек болчу. Маленков, Лаврентий Бериянын алдында чечкинсиз адам болгон дешет.

— Кызык экен… Көптү көргөн эмес, көптү билет деген ушу да…

— Бирок андай болгон жок, аз жерден бийликти Берия алып коё жаздаган экен го…

— Туура айтасың… Бирок Хрущёв да оңой жоо эмес эле…

— Андан да, Хрущёвдун Сталинге болгон жек көрүүсүнүн аягы өзүнө муш болду. Иосиф Сталинди жаткан жеринен козгогону, Никита Сергеевичтин өзүнө тийди көрүнөт.

— Совет элинин сүймөнчүгү болгон Сталиндин сөөгү менен кармашкан Хрущёв өзү деле көзү тирүү кезинде деле жарыбады… Ал өзү да хан сарай төңкөрүшүнүн курмандыгы болду.

— Кандайча?

— Жылдар өткөн сайын, бийликте турган Хрущёв көптөгөн катачылыктарды кетирди, совет элинин алдында да кадыры түшө баштады. Аны өзү менен иштеген Саясый бюронун мүчөлөрү да жактырбай калышкан болчу. Бирок, төрт класс билими бар Хрущёвдун мезгилинде дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп космосту багындырдык. СССР континенталдык ракеталарды жасап, дүйнөнү таң калтырды. Ошол мезгилден баштап, СССР ракеталык ири державага айланды. Ар бир советтик адамга үй курула баштады. Ошон үчүн бир жагынан эл арасында атагы чыккан, анын учурунда салынган “Хрущёвкаларда” Бишкек шаарында азыр да элдер жашап жатат го.

— Кечээ эле өзү ошол чоң даражаларга жеткирген политбюронун мүчөлөрү так талашып, мамлекеттик төңкөрүшкө даярданып жатканын Н.Хрущёв билген эмес беле? Ошол эле Леонид Ильич Брежневди да Хрущёв өзү кызматтан-кызматка көтөрүп келген эле го. Брежнев КГБнын башчысы Семичастныйга Хрущёвду “физический” жактан жок кылуу жагын да бир нече ирет айткан экен. СССР КГБнын башчысынан бери Хрущёв өзү көтөрүп өстүргөн кадрлар болчу го.

— Билген эмес… Политбюронун бардык мүчөлөрү, өзү өстүрүп көтөргөн кадрлары болчу. Ал кезде Никита Сергеевич Хрущёв Пицундада эс алууда жүргөн. Хрущёв өзгөчө СССРдин коргоо министри Родион Яковлевич Малиновский менен СССР КГБынын жетекчиси Владимир Ефимович Семичастныйлар (ал СССР КГБнын 1961–1967ж.ж. жетектеген) менен жакшы мамиледе болгон дешет. Малиновский Советтер Союзунун маршалы, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, ошондой эле Югославиянын улуттук Баатыры, аскердик эң жогорку “Победа” орденинин кавалери болгон. 1957–1967-жылдары СССРдин коргоо министри болуп кызмат өтөгөн. Ал 37 жашында КГБнын башына келип жатат. Аны политбюродогулар өтө эле жаш дешкен. Акыркы мезгилдерде, Хрущёв айланасына жаш, келечектүү кадрларды чогулта баштады, бардык бийлик бутактарына жаш кадрларды аралаштурууну максат кылып алды.

— Жумабек байке, эми бизге караганда Хрущёвдун доорун сиз жакшы билесиз. Никита Сергеевич Хрущёвду өлкө башчылыгынан кандайча кетиришкен?

— Никита Хрущёв бийликте турганда Брежнев дайыма анын айткандарын колдоп, сын айтуудан алыс болуп, айтканынан чыкчу эместиги маалым эле. Ал тургай, Хрущёвдун көкүрөгүнө орден тагып жатып Леонид Ильич Брежнев Никита Сергеевичтин бети-башынан кайра-кайра өпкүлөгөн кадрларды Борбордук телеканалдан нечен ирет көрүп келгенбиз го. Башкадан күтсө да, Никита Сергеевич Хрущёв, жамандыкты эч качан Леонид Брежневден күтпөгөндүгү бул чындык. Согуш учурунда политрук болуп, качан гана согуштан кийин гана Леонид Ильич Брежнев генералдык чинди алган. Хрущёвдун өзүнө, ал тургай жакын санаалаштары телефон чалып, анын айланасында жүргөн партиялаштары мамлекеттик төңкөрүшкө катуу даярданып жатканын айтканда да, Никита Сергеевич ишенген эмес. Өзүнө каршы ким каршы чыгып, тура алмак, ушак сөздөрдүн бири го деп ойлогон го…

— Эмне үчүн, Хрущёв ошол алдын-ала айтылган эскертүүлөргө ишенген эмес?

— Хрущёв өзүнө-өзү катуу ишенип, өзүн падыша сезип калган кез болчу. Анткени, Никита Сергеевич эң кубаттуу деген Лаврентий Берияны, андан кийин Сталиндин эң күчтүү деген кадрларынан болгон Жуков, Ворошилов, Молотов, Каганович, Маленков ж. б. көрүнүктүү советтик саясый ишмерлерди саясый аренадан сүрүп, саясый күрөштөгү чоң оюндардан чыгарып салган кези болчу. Ал эми, дайыма чөптөн жапыс болуп жүргөн Леонид Брежневди Хрущёв эч качан өзүнүн душманы катары көргөн да эмес. Ал дайыма Леонид Ильичти колдоочусу катары көргөн. Бирок, Украинадан бери өзү менен кошо алып келе жаткан өз шакиртинен чыккынчылык кылат деп эч качан күткөн да эмес. Бир ирет, үйдөгү телефон шыңгырап калганда генсектин ордуна, анын баласы Сергей Никитич Хрущёв телефонду алат. Көрсө, телефон чалган адам, атасынын мурунку охрана начальниги Игнатьев экен. Ал, Никита Сергеевич Хрущёвду сурайт, Сергей Никитич атасынын жок экенин айтат. Кыскасы, Игнатьев өз сөзүндө, “… жакында мамлекеттик төңкөрүш болот!” деп, кимдер уюштуруп жатканынан бери, четин чыгарып, айтып берет.

— КПСС БКнын биринчи секратары Хикита Сергеевичтин баласы ким болгон?

— Ал белгилүү советтик окумуштуу болгон. Ошол учурдагы генсектин баласы Сергей Никитич Хрущёв техникалык илимдердин доктору, профессор, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Сергей Никитич атасына, Игнатьевдин телефон чалганын, анын алдыда боло турган төңкөрүш боюнча информация бергенин айткан. Бирок, Никита Сергеевич Хрущёв бул айтылган маалыматка анчейин көңүл бурбай, болгону Микоянга “териштирип көр” деп айткан экен. Бир аз убакыт өткөн соң, Микоян, “… бул ишке, Шелепин менен Семичастныйдын да аралаштыгы бар экен!” деп Хрущёвго айтат. Бирок, Никита Хрущёв, “мен бул маалыматыңа ишенбейм!” деп, чындыгында Микояндын айткан маалыматына ишенбей коёт. Анткени, Хрущёв Семичастный менен Шелепин экөөнү дайыма өзүнүн ишенген, таянган кадрлары катары көрүп келген эле. Ошол окуядан көп өтпөй Хрущёв менен Микоян чогуу Писундага эс алууга кетишет. Бул эки достун, ошол учурдагы мындай беймаралдыгын мезгилдин күрөө тамырын сезе билбегени деп билем. Алар, Москвада өз душмандарына, “… силер такталашка каалагандай даярдана бергиле!” дегендей, жакында боло турган мамлекеттик төңкөрүштөн кымындай да шек санашпаган, телефон чалып, аларга жакында боло турган такталаштан коңгуроо кагып, эскертип жатышкандарына кош көңүл мамиле жасагандарына таң каласың…

— Мамлекеттик төңкөрүш тууралуу, ага санаалаш адамдары ачуу чындыкты айтышса да, бир чети Микоян деле чалгындап билген экен, ага карабай эс алууга кеткени, кызык…

— Мен сөзүмдүн башында эле айткандай болгон. Андан кийин Жуковду талкалаган соң Никита Сергеевич өзүнө тең келе турган адам жоктой сезип, өзүнө атаандаш боло ала турган адамды, советтик жаңы лидерди көрө алган эмес. Коопсуздук кызматында иштеген санаалаш адамдары Никита Сергеевич Хрущёвдун өзүнө телефон чалып, алдыда боло турган мамлекеттик төңкөрүш туурасында айткан күндө да ишенген эмес. Анда өзүнө болгон менменсүү күч алган кези болчу. Ошол мамлекеттик төңкөрүшкө даярданып жаткан адамдардын тизмесинде Леонид Брежневдин бар экендиги айтылганда да ишенбептир. Брежневди өзүнө каршы чыгат деп эч качан ойлогон эмес. Хрущёв чындыгында, Брежневдин табиятын жакындан билген адам болгондуктан, аны коркок адам деп теңине албай, ошондон улам аны мамлекеттик төңкөрүшкө чыга албайт деп ойлогон. Ошол кезде, Хрущёвдун баш-этеги жок реформаларынан Кремилде чогуу иштеген жетекчилердин да, совет элинин да чыдамы эбак түгөнүп бүткөнүн ал билчү эмес. Жылдар өткөн сайын жогорку бийлик бутактарында да Никита Сергеевичти бийликтен кетирүү маселеси эбак эле жетилгени айтылып, аны СССРдин жетекчилик кызматынан алууга убакыт жетти деген жыйынтыкка келе башташат. Ал эми, Хрущёв болсо өзүнүн кетирип жаткан кемчиликтерин эч качан ойлогон да, көргөн да эмес. Ал совет элин, өзүнүн лидерлик улуу сапаты менен гүлдөп-өнүккөн коммунизмге алып баратам деген кыялда жашаган.

— Кремльде Хрущёвдун жүргүзүп жаткан туура эмес реформасына кимдер ачык каршы чыга баштаган?

— Башында Кремилде иштегендер алабарман Хрущёвдон коркушуп, эч кимиси деле аны менен бетме-бет күрөшкө ачык чыга алган эмес. Жашырганда эмне, Политбюродогу “карт бөрүлөр” Никита Сергеевичти жеп тынышары белгилүү болуп калат. Никита Сергеевич Хрущёвду кызматтан кетирүү, ага ишеним көрсөтпөө маселеси бышып жетилип калган кез эле. Бирок, мамлекеттик төңкөрүш кылабыз дегендер сестенип, корко турган, Хрущёвдун бакандай болгон эки адамы бар болчу. Алар, СССР КГБнын башчысы Семичастный менен Советтер Союзунун Коргоо министри Малиновский эле. Алардын ким тарапта болоруна баштары жетпей турган учур болчу. Андан да, ал кезде КГБнын орду чоң болчу. Бийлик талашкандар да КГБда Никита Сергеевичтин эң ишенимдүү кадры Семичастный отурат деп коркушкан. Бирок, Хрущёвдун дагы бир жакын адамы болуп жүргөн Леонид Ильич Брежнев ыңгайын таап КГБнын башчысы Семичастныйга жолугууну ойлонот. Анткени, төңкөрүшкө даярданып жаткан топ, КГБ менен СССРдин коргоо министрисиз Хрущёвдун бийлигин алуу мүмкүн эместигин жакшы билишкен. Брежнев СССР КГБнын башчысы менен жолугуп анын тамырын кармап, Никита Сергеевич менен мамилесин таразалап көргүсү келет. Леонид Ильич Брежнев менен Владимир Ефимович Семичастный экөө жашыруун жолугушат. Бул жолугушуу, экөөнүн тең бийликтеги карьерасы үчүн өтө опурталдуу жолугушуу болчу. Леонид Ильич да КГБнын башчысынан сестенип, сөздү алыстан баштап, Хрущёв туурасында кеп салып, акыркы кездерде партиянын лидеринин совет элинин арасында кадыры кетип жатканы туурасында этияттана, сөздү алыстан баштайт. Брежневдин да өтө сак болуп, этияттанганында кеп бар эле, анткени, ал жолугуп жаткан өлкөнүн башкы чекисти Семичастный да Хрущёвдун көздөй көргөн кадры болчу. Ошол саатта, Владимир Ефимовичтин ким тарапта экени, мамлекеттик төңкөрүш болуп калса кимди колдой турганы Брежневдин өзүнө белгисиз эле. Бирок, кандай болгон күндө да КГБнын башчысы Семичастныйдын тамырын тартып, жан дүйнөсүн байкап көрүүгө аракет кылат. Алар Советтер Союзунун ички, тышкы саясатында Никита Сергеевичтин кетирген катачылыктары, кемчиликтери туурасында сөз кылышат. Хрущевдун айланасындагы жетекчилердин арасында да ага болгон ишеним жоголуп, аны КПСС БКнын биринчи катчылык, Министрлер Советинин төрагалык кызматынан алуу маселеси эбак бышып жетилгени туурасында ортодо кептер айтылат. Ошондон көп өтпөй аны КПСС БКнын, саясый бюронун башка мүчөлөрү менен да жолугушуулар башталат. Брежнев үчүн эми, Советтер Союзунун Коргоо министри Малиновский менен тыгыз сүйлөшүү гана калат. Брежнев, Подгорный башында турган топко акырындап Суслов, Шелепин, Демичевдер кошула баштайт. Ал эми Косыгин кийин гана кошулган дешет. Алгач, Малиновскийге өтө сак мамиле кылышат. Советтер Союзунун коргоо министри Малиновскийди эң акырында өздөрүнүн катарына тартышат. Күн өткөн сайын алар көпчүлүк болушуп, кубаттана баштаган эле. Акырында, Никита Сергеевич Хрущёвду жакын арада, кызматтан алуу сааты жетилип бүттү деген тыянакка келишет.

— КГБнын башчысы Семичастный Хрущёв өзү ушул кызматка койдурган, Украинадан чогуу алып келген сүймөнчүк кадрларынан деп айтышчу экен го…

— Ооба. Ал экөөнүн жеке, жакын мамилелери да бар эле, качан гана Семичастныйдын да Хрущёвго карата жакшы эмес көз карашын билген соң Брежнев да аны өзү тарапка тарта баштайт. Хрущёв убагында совет эли Сталиндин жеке керт башына сыйынып калды деп катуу сындап келген эле.

Өзү да ошол жылдары “Правда”, “Известия”, “Комсомольская правда” гезит беттеринен түшчү эмес. Андан да, Никита Сергеевичтин Аджубей деген күйөө баласы кайын атасын укмуштуудай кылып журналисттерге атайын мактатып, көкөлөтө жаздырып, гезит беттеринен түшүрбөй, аны укмуштуудай реформатор катары айга-күнгө теңей баштаган. — ​Никита Сергеевич Хрущёвдун күйөө баласы Аджубей Алексей Ивановичтин, “Комсомольская правда” (1957–1959-ж.ж.) “Извесстия” (1959–1964-ж.ж.) гезиттеринде башкы редактор болуп иштегени, журналисттерге маалым. Аджубей, Хрущёвдун кызы Рада Никитичнанын күйөөсү болгон. Кийин кайын атасынын күчү мененби, СССР Жогорку Советинин депутаты да болгон экен…

— Аджубей өзү биздин коңшубуз Өзбекстандын Самарканд шаарында туулганын укканым бар эле. Аджубей кайын атасын гезит беттеринде өзүнө караштуу журналисттер аркылуу өтө эле мактап, реформатор көрсөтүп көкөлөтүп жибергени элге жакпай бараткан. Акыркы жылдары Хрущёв чет өлкөгө көп чыга баштайт. Кийинки кездерде Никита Сергеевич чет мамлекеттерге чыкканда бүт үй-бүлөөсүн: аялын, балдарын, кыздарын, ал тургай күйөө баласын да кошо алып жүрүүнү көнүмүш адатка айлантып алды. Башка чет мамлекеттерде мындай нерсе, чоң ЧПга айланып кетмек эле. Бир жолугушууда, СССР КГБнын башчысы Владимир Ефимович Семичастный Брежневге карап: “Бул маселени кечеңдетпегиле!” деп эскертип айткан. Кийинки жолугушуулардын биринде Брежнев Семичастныйга кандай жол менен болсо да Хрушёвду уу бериппи же капысынан кол салыппы, айтор, физикалык жактан жок кылуу жолдорун айта баштаганда, Владимир Ефимович ага карап туруп, “Мен заговорщик же адам өлтүргүч эмесмин. Мен деген, Борбордук Комитеттин бюро мүчөсү болом…” деп айтканы чынбы?

— Семичастный, Леонид Брежневдин мындай авантюралык жол менен Хрущёвду физикалык жок кылуусуна каршы болгон. Ал тургай Хрущёвдун маселесин пленумда көтөрүп, ушул жылдар аралыгында кетирген кемчиликтерин мойнуна коюп, анан гана ээлеген кызматынан кетирүү жагын карагыла дейт.

— Семичастный,”менин айтканыма көнбөсөңөр, анда мени да бул оюндан чыгарып койгула!” деп айткан дешет го… Владимир Ефимович бул сөздү кандай максатта айтты экен?

— Керек болсо, Семичастный Брежневге, “Баштаган ишиңерди аягына тезирээк чыгаргыла!” деп айтат. Акыркы мезгилде Никита Сергеевичтин кадыры кетип, ал урушпаган, сөгүшпөгөн, ал тилдебеген адам калбай деле калат. Чындыгында, баарын кагып-силкип, уят-сыйыт сөздөрдү айтып, кемсинтип келүүдө Никита Хрущёвдун болгон натурасы ушундай болчу. Оозуна эмне келсе айта берчү экен. Ал эми Хрущёв өлкө башчысы катары колунан келгенди жасады.

— Жумабек байке, КГБнын чоңу Семичастныйдын айткан жүйөлүү сөзүнө таянсак, Леонид Ильич Брежнев, “Никита Сергеевич Хрущёвду физикалык жактан жок кылууну бир нече жолу айткан жайы бар экен… Ушул версиянын чындыгы барбы?

— Эми, бул версияларды мен Москвада иштеп жүргөн кезимде, СССР КГБда көп жылдар бою иштеген тааныш генералдарымдан уккам. Аттарын айтпай эле койгонум оң, ал генералдар Брежневдин айланасында жүргөн жакын адамдарынан болчу.

— Брежнев чынында Никита Сергеевичтин көзүн тазалоо боюнча ар кандай версияларды бир нече ирет айткан экен. Ал эми Семичастный, өлкөнүн башкы чекисти катары, Леонид Ильичтен кат жүзүндө жазып берүүсүн өтүнгөнүн окуган жайым бар. Ал тургай Хрущёв Египетке расмий сапарга барып, Москвага кайтып келе жатканда аба мейкиндигинде самолётту жардырып салуу туурасында да сөз кылган экен деген кептер да айтылып жүрөт го…

— Мен деле Брежневдин өз оозунан укпаган соң, тигиндей, мындай деп айта албайм… Ал эми, менин СССР КГБда иштеген генерал тааныштарым, Владимир Ефимович Семичастный Брежневдин өзү менен жашыруун жолукканда, “… мыйзамдуу жол менен Хрущёвду кызматтан кетиргиле!” деп айткан экен. Батыш мамлекеттеринде президенттик мөөнөткө эки жолу шайлануу мүмкүндүгү туура экен. Кызматта көп отурган сайын Хрущёв өзү да ошол жолго кандай түшүп бара жатканын, кетирген кемчиликтерин да билбей калды. Кечээ жакында эле, Сталин бийликти жеке керт башы үчүн басып алды, жеке адамдын керт башына сыйынуу болуп жатат деп сьездде Иосиф Виссарионовичти катуу сындап, ушунча жылдар ичиндеги анын “культ личностунун” чыгыш себептерине кенен токтолуп, бүткүл совет элине чечмелеп, сөөгүн мавзолейден алып-чыгарганга чейин барган ушул эле Хрущев Никита Сергеевич өзүнүн жасаган иштерине өзү сын көз менен караган эмес. Бир таң калыштуу нерсе, жакында Хрущёвду кызматтан алчу пленум боло турганы боюнча информация, Кремлден сыртка “утечка” болуп эч жерден чыккан эмес. Кремль ичинде боло турган төңкөрүштү уюштуруп жаткандар өтө жашыруун, кылдаттык менен мыкты иштеген эле.

— Ушул жолу, Леонид Ильич Брежнев Кремльдеги тобу менен тобокелчиликке барып, Никита Сергеевичти отурган тагынан биротоло алып салууга киришти. Хрущёв өзүнүн эң жакшы көргөн шакирти өзүнө каршы төңкөрүшкө даярданып жатканын шекшиген эмес бекен?

— Албетте… Ал Брежневди, өзүнүн эң ишенген, Украинадан бери үзөңгүлөш, бийлик бутактарында чогуу келе жаткан өз шакирти катары билген. Ар кандай майрамдык кечелерде Никита Сергеевич Хрущёв, Леонид Брежневдин ашыра макталган тостторунан түшчү эмес. Ал күндөрү Леонид Ильич өзүнүн адамдык чыныгы жүзүн ачып, Хрущёвго көрсөтө элек кези болчу. Брежнев, анын ушул даражага жетишине Никита Сергеевичтин салымы өтө чоң экенин тез эле унутту. Хрущёвдон кийин мамлекеттик төңкөрүш жолу менен Леонид Брежнев бийликке келди. Ошол мамлекеттик төңкөрүштүн башында Брежнев турганын ал эч качан күткөн эмес. Эс алууга кетээр алдында Хрущёв айланасындагы жетекчилердин көбүн кызматтан алам деген ниети болгон экен. Хрущёв өзүнө өтө эле ишенип алган болчу.

Бирок, ал оюн ишке ашыра алган эмес. Анын партиялык кызматтагы шакирттери өздөрүнүн чечкиндүүлүгүн, шамдагайлыгын көрсөтө алышты. Албетте, Брежневдин бийлик тепкичтеринен жогору карай өсүп келишине Никита Сергеевичтин эмгеги чоң болгонун эч ким төгүндөй да албайт эмеспи. 1964-жылдын 14-октябрындагы КПСС БКнын пленумунда, Сусловдун жасаган докладынан кийин Никита Хрущёв “өз калоом менен, ден-соолугума байланыштуу” деп арызын жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Бул 1964-жылы күз айында, жалпы коомчулукка ачык билинбегени менен, мамлекеттик, хан сарай төңкөрүшү болду. Политбюронун мүчөлөрү да ошону талап кылышкан. Хрущёвдун кызматтан кетүүсүнүн чындыгын, чыныгы сырын, карапайым совет эли ачык билген жок. Ошентип, советтик рамкага сыйбаган, дайыма бакылдап талаш-тартыштуу саясый фигурага айланган Никита Сергеевич Хрущёв бир күндө эле, СССР деген дүйнөдөгү ири державанын лидерлигинен ажырап, катардагы ”союздук маанидеги пенсионерге” айланып калды.

— Никита Сергеевич Хрущёв кызматтан кетеээри менен мамлекеттик дачадан чыгарылса керек? Ал кезде партиялык тартип, шарт ошондой эмес беле. Москвадагы жогорку кызматтарда иштеген адамдар турган совет учурундагы элиталык квартирасында эле жашап калдыбы?

— Менимче, Хрущёвдун өз каалоосу менен арызын жазып берип, кызматтан кетип жатканын эске алышып, аны үй камагына алмаштырышты окшойт. Никита Сергеевич Хрущёв 1964-жылдын 15-октябрына чейин Москвадагы өзүнүн үйүндө эле жашап турган экен. Аны камашкан жок, бир аз убакыт өтпөй өлкөнүн биринчи адамы болгонго чейин чоң кызматтагы жетекчилерге деп салынган элиталык квартирасында, КГБнын көзөмөлүндө туруп, жашады. Андан кийин гана Никита Хрущёвду үйүнөн Петрово-Дальнее деген мамлекеттик дачага которушкан. Кечээ эле КПСС БКнын биринчи катчысы, СССР Министрлер Советинин төрагасы болуп турган Никита Сергеевич Хрущёв мына ошол дачада, саясый сүргүндө, тышкы дүйнө менен байланышсыз, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жашап жүрүп өттү. Ал дача дайыма КГБнын көзөмөлүндө болуп, анын баскан-турганына чейин коопсуздук кызматынын кароосунда кайтарылып турду.

— Эгер Жуков болбогондо, Никита Хрущёв эч качан Советтер Союзунун бийлик башына келе алмак эмес деп айтканыңыз бар эле… Ошол оюңуздан кайта элексизби?

— Чындыгында, бул ишке Георгий Жуков аралашпаганда, Берия эч качан Хрущёвду өлкөнүн башкаруучу лидерине жеткирмек эмес. Анткени, Никита Сергеевичке караганда Берия бардык жагынан кубаттуу, саясый фигура болчу. Лаврентий Берия 1937-жылдардан бери карай өзү түзгөн “карателдик империясынан” улам бийликтин тепкичтеринен көтөрүлгөн сайын күч алып отурду. Акыры, өзү жараткан “империянын” курмандыгы өзү болду. Никита Хрущёв, кийин Леонид Брежнев да бүткүл совет элинин сүймөнчүгү, XX кылымдын атактуу полководеци, “Жеңиштин маршалы” аталган улуу Георгий Константинович Жуковдун эмгегин баалашкан жок. Болушунча, Георгий Константиновичти өздөрүнүн жанынан алыста кармоону каалашты.

— Согуш бүткөн соң, Жуковдун совет элинин ичинде баркы дагы өсүп баратканын көрүшүп, Сталин экөөнүн ортосун атайылап каралап, бузганга аракет жасагандар болду. Анын жыйынтыгында, Германиядан алып келинген өтө кымбат баалуу “трофеялык буюмдарын” Сталинге жеткиришип, ошону шылтоо кылышып, Жуковду Москвадан Одесса аскер округунун башкы командачысы кылып, кызмат абалын кыйла төмөндөтүүгө жетишти. Бул митайым иштердин артында Бериянын адамдары турган деген сөздөр айтылып келет…

— Иосиф Сталиндин өзүнө, маршал Жуковдун үстүнөн, согуш бүткөн кезде ташылып келген буюмдар туурасында арыздар түшөт. Сталин бул ишти териштирип, чындыгын аныктап чыгуу боюнча СССРдин ошол кездеги коопсуздук кызматынын башчысы В. С. Абакумовго тапшырма берет. Ошонун негизинде, маршал Георгий Константинович Жуков 1946-жылы 1-июнда, Военный Советке суракка да чакырылат. Бул иш чынында өтө ызы-чууну жараткан иш болот.

— Бул ишке Жуковдон башка дагы генерал-полковник Серов, генерал-лейтенанттар Терентьев, Телегин, Крюков, Минюк, Куликов, генерал-майор Рыбальченко, Клёпов, Бежанов ж. б. жалаң “генералитет” чакырылып, суракта алардын иштери далилденип, абакка отурушкан турбайбы?

— Териштирүүнүн жыйынтыгында, Ягодин бажы постунан Жуковдун атына деп алып өткөн, жети вагондогу кымбат баалуу картиналар, ар кандай бумдар, мебелдер катталганы белгилүү болот. Георгий Жуков ошол кездеги ЦК ВКП(б)нын жетекчиси А. А. Ждановго 1948-жылы 12-январда жазган өзүнүн катында “трофеялык буюм” делген нерселердин көбү белекке алганын, калганын өзүнүн акчасына сатып алганын жазып чыкканы ага тергөө иштеринде, аны текшерип жаткан тергөөчүлөргө далил болуп бере албады. Бул ишке ошол кездеги белгилүү аскер адамдары, генерал, маршалдар аралашканы далилденип, Константин Жуков СССРдин жөө аскерлер башкы командачылыгынан (Главком сухопутных войск) алынып, Одесса аскер округуна башкы командачы болуп барууга аргасыз болот. Жуковдун өзүнүн “трофеялык буюмдар” боюнча моюнга алган жайы бар экен. Легендарлуу маршалдын дачасын текшеришкенде, согуш аяктаган кезде талкаланган Германиядан ташылып келинген өтө кымбат баалуу буюмдар чыккан. Ал нерселер чекисттер тарабынан далилденген. Ал эми бул ишке тиешеси бар делген Рыбальченко, Гордов, Кулик 1950-жылы атууга кетишкени боюнча маалыматым бар. Терентьев, Крюков, Телегиндер болсо СССР Жогорку Сотунун чечимдери менен 10 жылдан 25 жылга соттолушуп, лагерге жөнөтүшкөн. Эми, чындыгында дүйнөлүк кадыр-баркы бар, маршал Жуковдун согуш учурундагы жасаган эрдиктерин эске алуу менен Одессага жөнөтүштү. Чындыгында, Москвага салыштырмалуу, түпкүрдөгү Одессага барып бир аскер округун башкара турган полководец эмес болчу. Бул, дүйнөлүк кадыр-баркы бар, өзүнчө эле легендага айланган Георгий Жуковдун Одесса аскер округуна кызмат өтөөгө баруусун, саясый сүргүнгө баруу менен тең салыштырып кароого туура келет эле.

— Жумабек Асанкулович, тымызын, бүткүл совет элинин сүймөнчүгүнө айланган Жуковду Сталиндин айланасынан, анын ишениминен сүрүп чыгарып, Москвадан кыйла алыс, Одессага кетирүү Лаврентий Бериянын тымызын иши эмеспи…

— Сенин бул версияң абдан туура, анткени жалгыз эле Берия эмес, жана башка Абакумовго окшогон чоң кызматтагы жетекчилердин Сталинден кийин эле корккон адамы Георгий Жуков болгон. Лаврентий Берия дайыма өз атаандаштарын бирөөлөрдүн колу менен жоготуп, жолун тазалап келгени маалым. Берия акыркы кездерде Сталиндин ден-соолугу жылдар өткөн сайын жакшы эмес экенин, Кремль ичиндегилерге караганда жеке өзү мыкты билчү. Сталиндин жеген тамагынан баштап, анын ашпозчуларын, айдоочусун, коопсуздугун кайтарган адамдардан бери баарысын Бериянын адамдары көзөмөлдөп турган. Лаврентий Берия бийлик башына эчактан эле эптеп жетүүнүн амалын гана ойлоп жашап келгени белгилүү болчу.

— Одессадан кийин Жуковду Урал аскердик округунун командачысы кылып жөнөтүшкөнү эмне себептен? 1948-жылдан баштап, 1953-жылдар аралыгында Свердловскийде кызмат өтөгөнү боюнча кабарым бар…

— Эми, Георгий Констанинович Жуков аскер адамы болгон соң, жогору жактагылар кай жакка аскердик кызмат өтөгөнү жөнөтсө, ошол жакта кызмат өтөп жүрдү. Ошол бойдон Сталин өлгөн соң гана Георгий Жуковго Москвага кайтып келүүгө уруксат беришет. Советтер Союзунун маршалы, Советтер Союзунун төрт жолку баатыры, “Жеңиш” орденинин эки жолку кавалери, ал эми Ленин орденин алты жолу, ж. б. чет өлкөлүк ордендерди алган Георгий Константинович Жуковдун кайрадан Москвага келиши өзүнчө эле чоң майрамга айланды. Алгач, СССР коргоо министринин орун басары болуп, жаңы кызматка орношот. Андан бир аз убакыт өткөн соң, 1955–1957-жылдары СССРдин коргоо министри болуп иштеди. Ал эми 1957-жылы КПСС БКнын катарынан чыгарылып, 1958-жылы отставкага кетиришкен.

— Жуков Кремль ичиндеги ар кандай топторго бөлүнгөн интригалардан тажап, “Эгер акылыңарга келбесеңер, анда мен элге кайрылууга мажбур болом!” деген сөзүнөн кийин бул атактуу полководецтин совет эли менен советтик армиядагы кадыр-баркынан коркуп кетишип, бул мамлекеттик төңкөрүшкө даярданып жатат окшойт деп да андан катуу сестенишкени чын беле?

— Эгер Георгий Жуковдун бийлик башына келем деген ою болсо, ал каалаган учурунда бийликти алып коймок. Бирок, Жуков бийликти алууну каалаган эмес, анткени ал турган турпаты менен аскер адамы болгон. Жуковдун совет эли менен советтик армиядагы кадыр-баркынан өзгөчө Никита Сергеевичтин корккону белгилүү эле. Хрущёв 1964-жылы КПСС БКнын генералдык катчылык кызматынан кетип, Петров-Дальнеедеги дачасында саясый сүргүндө жашап жүргөн кезинде гана Жуковдун баркын билип, аны кайрадан эстей баштайт. Кеч болсо да анын баркын билип, Георгий Константинович Жуковдун ага жасаган эмгектерин эстеп, ал тургай аны менен бир нече ирет жолугуп, сүйлөшүүнү да ойлонгон. Ар кандай себептер менен Жуков экөө жолугууга мүмкүнчүлүк таба алышкан эмес. Кимиси болсун кызматка жетип алган соң, дароо Жуковдун жасаган эмгектерин унутушканы өкүндүрөт. Берия, Хрущёв, Брежнев да Георгий Жуковдой аскер адамы, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган полководец болгулары келген. Мисалы, Георгий Жуков 1943-жылы Советтер Союзунун маршалы болсо, ал эми Брежнев согуштан кийин гана, өзү бийликте турган кезде,1976-жылы Советтер Союзунун маршалы болгону маалым. Брежнев дагы Жуковдой атактуу аскер адамы болгусу келген, ага тымызын атаандашып келген. Жуков атактуу полкодецтер гана алчу “Жеңиш” орденин 1944–1945-жылдары эки ирет алганы маалым болсо, ал эми Леонид Ильич Брежнев “Жеңиш” орденин тынчтык мезгилинде, өзү өлкө башчысы болуп турган кезде алып алганы менен белгилүү болгон жайы бар.

— Ал эми катардагы советтик пенсионер Никита Сергеевич Хрущёв ошол Петрово-Дальнее деген дачада саясый куугунтукта, үй камагында жүрүп өлдүбү?

— Ооба… Качан гана ден-соолугу начарлап кеткен учурда гана Москвадагы ооруканаларга барып, көрүнүүгө уруксат берилген. Ал эми КГБдан атайын бөлүнгөн кызматкерлер Хрущевдун жанында дайыма коопсуздугун сактап, ошону менен бирге анын кимдер менен телефондон сүйлөшкөндөрүнөн бери угуп турушкан. Никита Сергеевич Хрущёв өмүрүнүн аягында ошол дачасында жашап жүрүп, 1971-жылдын 11-сентябрында каза болду.

СССРдин бир кездеги жетекчиси Никита Сергеевич Хрущёвдун дүйнөдөн кайткандыгы боюнча жалпы совет элине жарыя кылынган жок. Болгону анын жакындарына, балдар-кыздарына барактын алакандай гана жерине супсак көңүл айтуу берилген. 1971-жылдын 13-мартында гана, Хрущёвдин сөөгү 13-сентябрда Москва шаарынын Новодевичье көрүстөнүнө коюла турганы жарыяланган эмес. Анын үй-бүлөөсүнө жакын гана аз сандагы адамдар акыркы сапарга узатууга келишти. Ал эми, Иосиф Виссарионович Сталин каза болгон кездеги Москванын көчөлөрүнө адамдар батпай калган, бирин-бири тебелеп кетишкен учурга салыштырып болбойт эле. Ушундан эле, Сталин менен Хрущёвдун Совет элинин арасындагы саясый салмагын билип алса болот. Акыркы коштошууга жакындарынын көңүл айтуу менен аза кайгысын бөлүшкөнү келгендерди да КГБ менен ИИМдин кызматкерлери жогор жактагылардын тапшырмасы менен тартип боюнча катуу көзөмөлдөн өткөрүп, катуу текшеришкенден кийин гана аларды көрүстөнгө топурак салууга киргизишкен. Кечээ эле партиялык чоң кызматтарда, Политбюродо чогуу иштеген соратниктеринин көбү топурак салууга келишпеди. Эми, бул чоң саясаттагы адамдардын табияты ушундай эмеспи. 1953-жылдан баштап, 1964-жылга чейин Советтер Союзун башкарып келген Никита Сергеевич Хрущёвдун бийлик жүргүзгөн мезгилиндеги эң жакын деген достору, анын жардамы менен ошол даражага жетишкен болчу. Эми, ошолор да анын бейит башына келип, акыркы жолу адамдык парыздарынан кутулуп, бир ууч топурак салып койгонго жарашпады. Ондогон жылдар СССР деген чоң державаны башкарып келген. Көптөр биле бербеген белгисиз бирөөнү акыркы сапарга узаткандай орой мамиле кылышып, Никита Хрущёвду акыркы сапарга узатуу, өтө эле жупуну болду. Бир кезде Советтер Союзун башкарып турган Никита Хрущёв, Мавзолейде Ленин менен катарлаш жаткан Сталиндин сөөгүн алып чыгышып, эч кимге көрсөтпөй Новодевичье көрүстөнүнө көмдүрүп салам деген эле. Эми, тагдырды карабайсыңбы, ошол көрүстөнгө Иосиф Виссарионович Сталин эмес, Никита Хрущёвдун өзүнүн сөөгү көмүлүп калды.

— Жумабек Асанкулович, Хрущёв саясый сүргүндө Петрово-Далнее дачасында жашап жүрүп, өмүрү өттү. Көзү өткөндөн кийин, ал жашаган дачаны музейге айландырабыз дегендер да чыккан дешет…

— Жок… Сөөгү жерге берилген соң, Никита Сергеевич Хрущёвдун өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин саясый сүргүндө жашаган ошол Петрово-Дальнеедеги тарыхый дачаны Брежневдин оозеки тапшырмасы менен жер менен жексен кылып тегиздеп, буздуруп салынган деген сөздөр айтылып жүрөт. Балким, бир кездеги Советтер Союзунун өлкө жетекчиси болгон Никита Хрущёвдун өмүрүнүн акыркы жылдары өткөн дача, карапайым адамдар зыярат кылып дайыма каттаган өзүнчө мемориалдык музейге айланып кетишин, адамдар келип-кетип турган өзүнчө культка айланып кетишин каалаган эмес го деген ойдомун.

— Бир кезде, Хрущёв ООНдун трибунасынан сүйлөп жатканда, аны эч ким укпай койгондо бут кийимин чечип алып трибунаны ургулаган бунтардыгы чынбы?

— АКШны коркутуп Кубага советтик ракеталарды жайгаштырып койгондогу ызы-чуусу, эч бир саясый рамкага сыйбаган авантюралык кадамдары менен белгилүү болчу. Петрово-Дальное дачасында үй камагында жашап, өмүрү өткөн персоналдык пенсионер Никита Сергеевич Хрущёвдун доору бүтүп, анын өмүрүнө ошентип чекит коюлду. Жаңыдан гана Советтер Союзунун башына келген Леонид Ильич Брежнев да колунан келишинче, Хрущёвдун атын чыгарбай, такыр эле аны тарых барактарынан чийип салууга аракет кылган. Бирок, Никита Сергеевич ал дачасында тынч жашабай, магнитофон алдырып, ага өзүнүн башынан өткөн тарыхый окуяларды, замандаштары туурасында жаздыра бериптир. Кийин ал маалыматтар чыгып аябай ызы-чууга айланган жайы бар… Өз учурунда, дайыма бийлик тепкичтери менен чоң кызматтарга көтөрүп келген соратниктери Хрущёвдун өмүрүнүн аягында адамча мамиле кылышкан да эсе… Никита Сергеевич ошол дачасында жөн жатпай үн жаздыруучу магнитофонго сүйлөп берип, жазылган эскерүүлөрү кийин чет өлкөдө жарык көрүп, Кремль ичинде бир топ ызы-чуу болгону маалым.

 

ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ МЕНИ КГБнын БАШЫНА АЛЫП КЕЛДИ

Ошол кезде менин жаш экениме карабай республиканын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев КГБны башкарууга менин талапкерлигимди көрсөттү. Ал кезде 40 жашта болчумун. Орто-Азия республикаларынын ичинен, өз улутунан, коопсуздук комитетинен биринчи төрагасы мен болдум. Бельгияда бүткүл дүйнөлүк ярмарка көргөзмө өткөн. Ошондо Казакбаев баштап, Мамбеталиев, Министрлер Советинин председателинин орун басары, Усубалиев ал кезде Фрунзе шааркомунун төрагасы, Голубин деген геология боюнча начальник, Искаков Турдукожо Айыл-чарба министри, Пиримов облисполком, Жалал-Абад областынын биринчи секретары Балтагуловдорго окшогон чоңдордун арасына мени да кошуп коюшту. Көрсө, биздин кызматтан тиги бараткан адамдарды кайтарып, көз кырын сала жүрүш үчүн кошуптур. Бирок алардын аман-эсен келишинен башка да мен атайын тапшырма алган болчумун. Советтик армияда кызмат өтөгөн Воякин деген лейтенант Берлинде кызматта жүрүп, америкалыктарга качып өтүп кеткен экен. Менимче, взводдун командири болгон. Алган тапшырмам боюнча мен аны табышым керек эле. Жаныма, Дородцев деген полковникти алып алдым. Ал тиги лейтенанттын колхозунан, мындайча айтканда жердеши болот. Лейтенанттын ата-энесинен кат алып алдым. Чет өлкөгө барарыбыз менен мен аны издеп чыктым. НТС деген (народно-трудовой союз) өтө антисоветтик борбор эле. Бул деген капиталисттик түзүлүштү колдоп, союздун кыйрашын үгүттөп жүргөн уюм болгон. Ошондогу эмигранттардын бүтүндөй чоңдору, экинчи мууну согуштан кийин чыккынчылык менен качып өткөн адамдар. Анан кийинкилер дисиденттер болгон. Алар бири-бири менен байланышта болуп турган. Автобустагы 29 адам менен чогуу жүрөм. Менин өзүмдүн котормочум бар. Тигилерге билгизбей биз дагы жашыруун иштеп жатабыз. Издегенибиз эле жанагы лейтенант. Усубалиевдер мени ошондо таанып калышкан экен да. Биз чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин ”… тиги бала кайда иштейт экен?” деп өзү жардамчыларынан сураптыр. Анан ар кимиси далысын куушуруп “билбей койдук, тааныбай калдык” дешиптир. Алардын арасында жалгыз гана Казакбаев менин кайда иштегенимди билет болчу. Абдулкайырдын бир буту жок, согуштан жулдуруп келген. Анан бала таанып калган экен. Мен билген нерселерди, 1938-жылкы окуяларды билсе керек дедим. Ал кезде кайын атасын, эл душманы деп жүрүшсө, өзү болсо Калыгулдун тукумунан экенин билип калышса, биографиям өлөт деп ичинен тынып жүргөн кези. Тигинтип кызматтан улам жогору көтөрүлүп бараткан чагында, ким эле өткөнүн билгизгиси келсин. Мен управлениянын начальниги болоордун алдында Москвадан Вадим Степанович келет. Ошол киргенде “силерде бир мыкты жигит бар экен” деп сөз болуптур. Михаил Григорьевич Ефимов зам. начконтрразведка экен. Ошону көтөрсөк болот, ал эми төраганын орун басары деп карап көрсөңөр деп Раззаковдон суранышат. Борбордук комитеттин административдик бөлүмү бар. Ошого Усубалиев шайланып калды. Баягы документтерди ал карайт да мени көрө коюп, “баягы жигит” дейт. Ага башкалар жетип барышып, «бул жигит профессионал, баарыбызды талкалайт» деп мен жөнүндө сөз кылышыптыр. Азыр отставкада жүргөн бир полковник бар. Аты-жөнүн айтпай эле коеюн. Мына ушул киши кайра-кайра телефон чалып, аябай каршылык кылыптыр. Болбосо кыргыз эле киши. Бул оңбогур жигит күндүр-түндүр иштейт десе, ал Усубалиевге аябай жагыптыр. Мен жөнүндө, «Күнү-түнү иштесе, анда ал кайраттуу жигит!» дептир Усубалиев. Ал киши мени канчалык жамандаганына карабай Усубалиев мени изилдетет. Ал эми мени сөз кылган полковник партиялык органдан коопсуздук кеңешине келген. Биздин иштин көп нерсесинин аки-чүкүсүн билбейт болчу. Мен жанталашып иштеп жүргөнүмдөн, бул орун басар болот деп чочуй берген экен. Бир чети, чоңдорго жагынайын деп кошомат кылып текшерип жүрө бериптир.

— Усубалиев сиздин ишиңизди байкатпай, көп мезгилге чейин текшерип жүрүп анан кызматка көтөргөн дешет го…

— Аны мен да билбейм. Көп өтпөй мени Ошко КГБга начальниктикке жөнөтүштү. Жашым болсо отуз төрттө эле. Аскердик чиним майор болчу. Чоң областты башкарыш оңой иш эмес экенин мен ошондо түшүндүм. Андан да республиканын жарымы болчу, азыркы үч областты кошуп туруп башкаруу дегендик да. Бул жакка келгенче чет өлкөдө бир ишти мыкты аткарып келдим. Ал эки жолу жашыруун келип кетти. Бул иш боюнча ошол кездеги Ош областынын жетекчилери да билген эмес. Ары сурады, бери сурады акыры эмне үчүн тигиндей болуп жатат. Мына бизде бөлүнүп алып эле мени кызматтан алабыз деп жатат окшойт. Гаврилов деген айланасына топтоп алып, атайын уюштуруп мен туурасында чоңдорго туура эмес маалыматтарды жеткирип турушкан. Алардын мындай тымызын ойлорун эч ким билбептир. Көрсө Усубалиев 1945-жылы Москвага кетип окууга баргандан кийин, аны Борбордук Комитетке алып калышат.

— Усубалиевдин Москвадагы көтөрмөлөп турган коргоочусу, колдоочусу Черненко болгон деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

— Ооба. Андан башка да тааныштары бар эле. Черненко экөө бир бөлүмдө чогуу иштешкен деп калышат. Андан да, ал адам менен мамиле кылганды дурус билет.

— Кайын атасынын айынан коркуп да жүргөн экен да.

— Ал кезде мындай өмүр баяны бар кызматкерлер үчүн кызматтан көтөрүлүүгө өтө коркунучтуу болчу. Жанагыдай мезгилден жашырынып Москва шаарында жүргөн тура. Бир чети бул жакка келсем өткөнүмдү козгойт деп экинчиден андан көрө Москвада эле иштей турайын десе керек. Мындайча айтканда КПСС БКда он жылдай иштеген. Анан баягы катты окуганым эсиме келе түштү. Анда Ташы кызы көрүнүктүү кызматчынын аялы, Москвада иштейт деп жазылган эле. Иштей берсин дегенде, анчейин көңүл бурганым деле жок. Көрсө, ошол калың “делодо” жазылгандай, партиялык кызматчы деген адам кийин Турдакун Усубалиевич экени маалым болуп отурат. Ошол бойдон Усубалиев аялынын атасы, өзүнүн кайын атасы акталгандан кийин гана Кыргызстанга келип отурбайбы. Каттар болсо мага келип түшөт. Кийин Турдакун Усубалиевич биринчи секретарь болуп келгенден кийин да, мага асылып эле жаман болуп жатышат деп жүргөнү эсимде. Москвадан келгенден кийин Усубалиев «Кызыл Кыргызстанга» редактор болуп да иштеди. Кийин Тургунбек Суванбердиев башкы редактор болду. Анан ал биринчи болуп келгенден кийин мен жумуш боюнча кирип калчумун. Так, кыска кылып өз жумушумду айтып чыгып кетчүмүн. Болгон нерсени жашыра албаймын. Ахматбек Сүйүнбаев бир күнү мага кирип калганда, “… эмне үчүндүр, Турдакун Усубалиевич сен жөнүндө көп сурайт!” деп калды. Капустян, Усубалиевдер өзүлөрүнчө отурганда «тың жигит, биз мукактанып айта албай, кыя албай турганда бул эч нерсесине карабай айтат!» деп мен жөнүндөгү сөздөр тамак ичкенде айтылат экен. Кийин командировкаларга чогуу чыкчу болдук. Бирге жүрсөң аны-мунуларда тез байкайт экенсиң. Усубалиев, “… жүр мени менен, республиканы чогуу кыдырып чыгалы!” деп көп айтчу болду. «Турдакун Усубалиевич, жумуштарым көп…” деп мен андан качам. Менин айтканыма көнбөй, «койчу жүр, беш бармак жеп көңүл ачып келелик!» дейт. Биринчи секретардын көңүлүн кыя албай кетем. Капустян ал кезде экинчи секретарь болуп калган. Майрамдарда митинг бүтөөрү менен эле машиналарга отуруп алып райондорго кетебиз. Дем алыш күн дегенди билбейбиз. Анда бюронун мүчөлөрү, ар бир районго бөлүнүп коюлган. Кыдырып жүрүп, үйгө кеч келебиз. Кашайып кеч келгенде түнү менен жумушта эки-үч саатка чейин иштеп турган жеримен жыгылып түшүптүрмүн. Жапжашмын… Доктур: “…мээге күч келип жатыптыр, жумуш деп өзүңүздү анча кыйнабаңыз?” деди. Мен ойлочумун, эч качан чарчабаймын го деп. Ошондо гана биринчи ирет мен да чарчайт экенмин го дедим өзүмчө. Баарын баалап, Усубалиев мени чакыртты. Мага салыштырмалуу, Турдакун Усубалиевич өзү да чарчаганды билбеген, аябай иштерман адам.

Бул мезгилде чет өлкөгө командировкага барып келдим. Ал жактан кыйналып калдым көрүнөт. Биздин тартип боюнча иштин жыйынтыгын айтайын десем «Жок! Эч качан айтпайсың, бизде да тартип ушундай, эгер айтсаң партиядан чыгасың!» дейт. “Анда болуптур!” дедим да кеттим. Эч нерсеге түшүнбөй калдым. 1966-жылы 12-июнда СССРдин Жогорку Советине шайлоо болду. Шайлоо болгондун эртеси угуп келесиң деп мени жөнөтүштү. Келдим. Бюро деген ушул турбайбы дейм ичимден. ”Оглянись» деген кино болуп жатат. Айтматовдун айланасында сөз жүрдү. Кудай ур. Бюро дегениң ушундай нерселерди карайт тура дедим. Өзүмчө капа болдум. Ошол кинонун айланасындагы эле сөздөр жүрүп жатты. Саясатка туура келбейт дешип, ушундайга кантип жол бердиңер деп эле сүйлөгөн адамдар. “Мындай жерде кантип, иштейм!” дедим өзүмчө. Ал айтты: “Ленинградга делегация менен барып келесиз” деп.

 

ХРУЩЁВ ТАКТАН КУЛАП, БРЕЖНЕВ ТАККА ОТУРДУ

Майлы-Сайда бир бөлүмүбүз, Шамалды-Сайда бир кызматкерибиз бар. Калган жыйырма чакты кызматкерлерибиз Ошто. Эртеси эртең менен Никита Сергеевич Хрущёв кызматынан алынып, анын ордуна Леонид Ильич Брежнев бийлик башына келди деген кабарды уктук. Ал дароо эле Генеральный секретарь болду. Ал эми, Алексей Николаевич Косыгин Советтер Союзунун Министрлер Советинин председатели болуп калды. Мурун бул кызматты да Хрущёв ээлеп жүргөн болчу, экиге бөлүштү. Эки кызматты ээлеп алып Хрущёв иштей албай койду окшойт. Өлкөнүн экономикасы талкаланып, элдин жашоосу жакырданып баратканына айтылган сын пикирлер көп болду. Эски тарыхты жок кылып актанышты. Партия деген тирүү организм деп айтышты.

Аны экиге бөлүп салышты, айыл-чарбасы менен өнөр-жайы кылып. Ошол пленумдан эки күн өтпөй, бизге Гаврилов учуп келди, анда ал секретарь болчу. Обкомдо пленум болду. Кыргызстан боюнча, бир эле Ош областы гана бар эле. Азыркы Ысык-Көл, Нарын, Талас баары Фрунзеге түз баш ийет. Хрущёв ушундай саясый чоң каталарды кетирди деп сындап кирди. Бизде кызматтан кетери менен артынан көө сүртүп, шыбап жатып калышат эмеспи. Эми сонун жашоо болот деп ооз көптүрүп сүйлөштү. Буга таң калыштын деле кереги жок, баштан келаткан бийликтин салты болуп калган да. Хрущёв кызматтан кеткенден кийин 14-декабрда Кремлде, кабыл алууга чакырып жатат дешти. Мага телеграмма келиптир. Ал телеграммада, “… сен да Москвага Кремлге барасың!” дешти. Сизди, “За доблестный труд,” деген медаль менен сыйлашыптыр деп мага кабарлашты. Анан Кыргызстандан, КГБнын председатели Чвертко, мен, дагы укук бөлүмүнүн начальниги көрсөтүлүптүрбүз. Андан да, мен күтпөгөн нерсе болду. Анткени мага генералдык чин берилиптир, мен үчүн жүрөк жылыткан, жакшы кабар болду. Көрсө, эмгектене берсең эле үзүрүн көрөт деген ушул экен деп койдум, ичимден ыраазы болуп.

— Кепер-Арык айылындагы өз маңдай тери менен тиричилик кылып жашаган бир жөнөкөй колхозчунун баласы болгон сиз, генералдыкка жетем деп кыялданчу белеңиз?

— Кайдан… Угуп алып, чынында кубандым, бирок күткөн эмес элем. Эми, мени колдогон эч кимим болбогон соң, генерал болом деп ойлочу деле эмесмин. Бул да болсо буйрук да. Угуп алып, абдан сүйүндүм. Менден башка генералдык чинди алып аткан адам болсо деле, мендей болуп сүйүнмөк го… “Атаң көрү, мен да генерал болдумбу?” деп, бир аз толкунданып, сүйүнүп калдым. Кат сабаты жок, катардагы бир карапайым колхозчунун баласы болгон менин түшүмө генералдык кирбеген нерсе болчу. Көп жылдар бою, дем алыш дегенди билбей, бут сунуп кенен бир жатып уктабай, элим үчүн жасаган эмгегимдин үзүрү акыры кайтты деп койдум ичимден.

14-декабрда Кремлде болушубуз керектигин, республиканын ошол кездеги КГБсын башкарган Пётр Владимиорвич Чвертков айтты. Анан Москвага учуп бардык. Бүткүл совет элине теледен белгилүү болгон, атактуу Георгиевский залында болдук. Кооздугуна карап көзүң тойбойт. Дубалдарынын беттерине алтын жалатылган Георгиевский залында үч жүздөн ашык киши чогулду. Мамлекеттик сыйлыктарды ала турган адамдардын баарысы толкунданып, тердеп-кургап, жүрөктөрүбүз дүкүлдөп турдук. Ошол залда сыйлыктарды тапшыруу болуп, алчу сыйлыктарды алгандан кийин Косыгин, Шелепин, Микоян, Семичастный жана башка өкмөт жетекчилери менен эстеликке сүрөткө түштүк. Он беш адамга генералдык жогорку чин берилди. Биздин урматыбызга сый тамак берүү аземи болду. Брежнев сөз сүйлөдү. “Коопсуздук комитетине акыркы убактарда анча көңүл бурулбай келди. Бул туура эмес мамиле. Биздин мекенибиздин коопсуздугун коргоп келген орган ушул. Эми колдон келишинче силерди колдойбуз. Коопсуздук комитетин элге жаман көрсөтпөш керек. Мекенибиздин кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланышыбыз керектигин айтып кетким келет” деп жазып алган сөздөрүн окуп берди. Эки-үч күндөн кийин атайын кошумча штат кошулуп берилди. Эми Ош, Фрунзе управление болуп калды. Фергана, Наманган, Андижан областтары өзүнчө бөлүм болду. Алардын калкы да көп эмеспи. Управленияны сактап калыш үчүн сегиз бөлүмдү кыскарттык. Ошондон кийин гана бизге башкача көңүл буруп калышты.

1961-жылы апрель айында Коопсуздук башкармалыгынын Ош областынын начальниги болдум. Октябрь пленумунда Брежнев баркылдап аябай сүйлөдү. Баарыбыз бир болуп жыргап эле калдык. Элдин көңүлү көтөрүлүп дегендей. Никита Сергеевич, карапайым элибизди дайыны жок, чектен чыга өтө эле кыйнап жиберген экен дешип. Хрущёв Кудай уруп, бүт баарын бузуп кетиптир. Химизация, аграрный, жүгөрү деп эле туруп алган. Жүгөрү айдабагандыгы үчүн деп канча башкармалар, райондун секретарлары жумуштан кетишти. Ошол кезде да кошоматчылыкка жол ачык эле. Украинада Иванешко деген секретарь аял болгон. Жүгөрүнүн жаңы сортуна “Никитичный” деп анын атын бергени гезиттерге чыккан. Хрущёвду — ​“кукурузник” деген сөздөр эл аралап, анекдоттор жайнап кеткен. Көбү саясий болчу. Азыр көбүн унутуп да калдым.

Брежнев бардык союздук республикаларды кыдырып чыкты. Хрущёвдун убагында кошуп жазуу (приписка) аябай күч алып кеткен болчу. Рязань областынын биринчи секретары Ларионов деген атылып өлдү. Брежнев бийликке келгенде кызматтан алышкан. Анткени, ал бир жылда эт боюнча үч жолу план берди. Кыскасы, малдын баарын союп, планга деп этке төгүп салыптыр. Андан да сорту аябай төмөндөрүн план үчүн деп коштуруп жиберген фактылар табылган. Ошондой кылмыштуу иштери үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Кызылча, пахта ж. б. өсүмдүктөр кыскарып, бардык эле жерлер жүгөрү болуп кеткен. Хрущёв Американын Айова штатына барып келгенден кийин, бизде да ошондой кылып жүгөрү эгем деп көгөрүп туруп алган. Айыл чарба министрин Брежнев кызматтан алып, Целиноград областына облисполком кылып айдап жиберди. Анан Ак-Моло дегенди Целиноград кылып салды. Жердин аттарын ыгы жок алмаштырып, чаң-тополоңун чыгарып жибериптир. Сталин, Каганович, Ворошилов, Калинин, Фрунзе ж. б. ысымдар бардык жерде бар эле. Тирүү кезинде белгилүү адамдардын аттары коюлбасын, анан дагы эстелик тургузулбасын деген чечим чыкты. Анын баарын токтотту. Кытай болсо Хрущёвду тынбай сындап, атайын орусча берүүлөрүн берип турду. Кытайдын берүүлөрүн угузбагыла, элге таасири тиет дешет. Алардын жыштыгын кантип бузасың, Кудай урбадыбы. Кытайдын советтик радио угуучуларга атайын берүүлөрүн кантип угузбай коёсуң. Ал кезде, кытайдын советтик радио угуучуларга багыштаган атайын уктурууларынын үнү өчүрүлчү, азыркыдай күчтүү техникалар жокко эсе болчу. Атайын күчтүү аппараттар менен үн толкундарын бузуп салсак болот эле. Ар бир үйгө кирип, “…кытайлыктардын радиосун укпагыла!” деп сөздү элге айта албайсың да. Үйлөрүнүн эшиктерин бекем жаап алышып, кытайлык журналисттер атайын даярдаган “Говорит Пекин…” деп кытайлык акцент менен Советтер Союзун, анын лидери Никита Сергеевич Хрущёвду тынбай жамандаган тааныш “радио толкунду” кармашып жашырынып уккандар да көбөйө баштаган. Ошентип кытайлар карапайым советтик угуучу үчүн — ​биздин советтик түзүлүшкө, коммунисттик системага каршы даярдалган идеологиялык жактан бүлүндүрүүчү пропагандалык, провокациялык берүүлөрдү тынбай берип жатышты.

— Хрущёв Кыргызстанга келип кеткенден кийин эле кызматтан кеткен дешет го…

— Ооба. Хрущев бизден кетери менен көп өтпөй ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна Леонид Ильич Брежнев өлкө башчысы болуп келди. Бир ирет, биз Москвага барганда Крючков бүткүл союздук чогулуш өткөрдү. Мен да катышып отурдум. Тартип деген кайда, баш-көз болгон кожоюн жок. Мен бир нерсени айткым келет да, тартип жок деген — ​бул кыйроонун башталышы деп. Анткени, биз советтик разведка аркылуу, жашыруун кагаздарды окуп алып төбө чачыбыз тик турду. Тиги жакта бизден барып түшкөн документти, ЦРУнун кагаздарынан окуп алып бизди кантип тоноп жатышканын көрдүк. Бул эмне дедик өзүбүзчө. Ошол “жашыруун” деген кагаздардын арасында менин көзүм, «Орто-Азияны ливандаштыруу!» деген кагазга кадала түштү. Тим эле төбө чачың тик туруп кеткен, укмуш документтерди окудук. Алардын ою боюнча, биздин Орто-Азиянын республикалары жашаган чоң мейкиндикти ээлеген территорияны, атайын пландары менен ар кандай арам жолдорун ишке ашырып, кандуу регионго айландыруу башкы пландары болгонун жанагы “жашыруун” кагаздардан окудум. Бүт денемди электр тогу уруп кеткендей, жүрөгүм “зырп!” этип кетти. Ошондон, батыш мамлекеттери биз жашаган Орто Азия республикаларынын жеринде, көп мезгилге чейин токтобогон кан төгүүнү уюштурууну пландаштырып жатышканын мен түшүндүм. “Кудай урду!” дедим ичимден коркуп кетип. Анан Горбачев өзүнүн атактуу союзду кыйратуучу «кайра куруусун» баштады. Кийин жанагы Горбачев да куду Хрущевдой көп сүйлөгөн неме болуп чыкты. Съездди тигиндей ачыш керек, мындай ачуу керек деп эле сүйлөйт. Съездди ачуу өзүнчө съездге айланып кетти. Мыкты делген депутаттарды тандап алып отургузуп, эртең момундай кылгыла, жакшылап добуш бергиле дейт. Бизди кайра-кайра иштеп чыкты. Мен аны карап туруп, ушунчалык да чарчабаган адам экен деп аябай таң калдым. Өзүмдү анча-мынча нерсеге чарчабаймын десем, ал менден өткөн адам көрүнөт. Бул каяктан чыккан неме деп кала бердик. Убакыт өткөн сайын элдин арасында Горбачевго болгон жек көрүү сезимдери күн сайын күч алып өсө баштады. Михаил Сергеевич туурасында тири шумдук анекдоттор айтыла баштады. Эсиме, Никита Сергеевич Хрущёв келди. Ал бийликтен кетээрде анекдоттор менен карикатуралар көп чыга баштаган. Хрущёв да Кыргызстанга келип кеткенден кийин түшүп отурат. Хрущёв менен Горбачевдун окшош жактары көп болчу. Экөө тең, беш-алты саат бою ооздору талыбай көп сүйлөгөн жагынан окшош экен. Горбачев да ошондой болду, ал туурасында өзүнчө сөз болот.

— Бул жашоодо, таң калыштуу нерселер көп болот эмеспи… Хрущёвдун мезгилинде партиялык эркин көз караштагы авангарддык темадагы сүрөт көргөзмөсү болуп, ага Хрущёв да катышкан. Анан ошол жаңыча көз караштагы сүрөтчүлөрдүн арасында Эрнст Неизвестный деген атактуу скульптор да болот…

— Ал скульпторду эмнеге айтып жатасың, анын Хрущёвго кандай тиешеси бар…

— Жумабек байке, тиешеси бар… Бир кезде ошол Хрущёв бийликте турган кезде советтик жаш сүрөтчүлөрдүн авангарддык көз караштагы эмгектерин “бульдозер менен сүрүп салгыла!” деген. Авангарддык көз караштагы сүрөтчүлөрдүн арасында Эрнст Неизвестный да болгон. Ошол кездеги Эрнст Неизвестныйдын көз карашын Хрущёв башында турган советтик партиялык чиновниктер жактырган эмес. Ага бут тосуп, өнөрканасына белгисиз бирөөлөр кирип, бардык эмгектерин талкалап кетишкенден кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Эми, Никита Сергеевич каза болгондон кийин анын мүрзө башындагы эстелигин ошол Эрнст Иосифович Неизвестный жасаган экен. Жакындары ага заказ беришкен экен…

— Анысын, чынында билбейт экенмин… Кызыкпаптырмын да…

— Менин укканым боюнча анын балдары, үй-бүлөөсү Никита Сергеевичтин эстелигин жасоону Эрнст Неизвестныйга жасоого беришкен. Ак, кара мрамор ташынын ортосунда Хрущёвдун башы турат. Эми, ак, кара мрамор ташы менен Хрущёвдун мүнөзүн, анын жашоодогу ордун толук көрсөтө алган. Ал советтик анан америкалык скульптор катары таанымал. Ошону айткым келди. Бирок, Хрущёвдин ошол эстелигин жакшы жасаган.

— Ошондой дечи… Чынымды айтсам бул скульпторуң туурасында дурустап эч нерсе деле билбейт экенмин.

— Бизге деле сүрөт окуу жайында, Неизвестный туурасында окутчу эмес. Ачыгын айтканда, бул атактуу скульптор туурасында, анын кандай эмгектери бар экенин билген эмеспиз. Ал тууралуу тияк-бияктан алган маалыматтар гана болгон бизде. Эрнст Неизвестный совет мезгилиндеги кадыр-барктуу делген Ленинграддагы Суриков атындагы көркөм институтту аяктаган. Сүрөт көргөзмөсүнө келген Хрущёв анын көргөзмөгө койгон эмгектерин жарабайт деп сындап чыгат. Кийин анын өнөрканасына белгисиз бирөөлөр кирип он жылдап жасаган эскиздерин, скульптураларынын макеттеринен бери талкалап кетишет.

Сүрөтчү адам мамлекеттик заказ менен жашашы керек. Антпесе эч ким иш бербейт деген. Советтер Союзунан өз келечегин көрбөгөн соң ал эмиграцияга кетүүгө аргасыз болот. Ал эмиграцияда АКШда жашап жүрүп, 92 жашында каза болгонун укканбыз.

— Мен анын мүрзө башындагы эстелигин көргөнүм менен аны кайсыл скульптор жасаганына кызыккан эмес экенмин. Анткени, алгач көргөнүмдө ал эстелик мага чынында жаккан эмес болчу. Эми, Хрущевдун мүрзөсүндөгү эстеликти ким жасаганын, сенин маалыматыңан кийин билип отурам.

 

ДИСИДЕНТТЕР ЖАНА ӨЛКӨНҮН ТАГДЫРЫ

— Жумабек байке, сиз КГБны башкарып турган кезиңизде Советтер Союзунун ар кайсы бурчунда, өзгөчө чоң шаарларда батышка карап ыктаган, эркин ой жүгүрткөн интеллигенциянын жаңы мууну, анын мүчөлөрү деп жүргөн топтор, жанагы дисиденттердин айланасында бир топ ызы-чуулар болгон эле. КГБнын системасында көп жылдар бою сиз менен чогуу иштеген чекисттер, “… генерал Асанкулов КГБны башкарган убакта, Кыргызстандан бир дагы дисидент чыгарган эмес!” деп калышат. Ушундайбы…

— Туура… Мына ушунун уландысы катары кийин «добрые времена Брежнева» дешип жанагы Даниэл Сияцкий, дисидент Быковский, Александр Галич дегендер азыр деле ырдап жүрүшпөйбү. Көбү ошолорду демократ экен деп жатышпайбы. Ал эми дисиденттер келип, «… ой, эмне кылып жатасыңар, биз ушул үчүн күрөштүкпү? Ушул да демократиябы?» деп Быковский өзү айтып отурбайбы. Кайра өздөрү таң калып, отурушат. “… силер өтө аша чаап кеттиңер, бул деген башка!” дешип чыгышты. Зиновьев деген жазуучу, тарыхчы 24 китеп жазыптыр. Англияда турат. Ооруканада жүрүп жазган. Кийин кайра келип СССРге депутат болуп алып Горбачевду коргоп, Ельцинге каршы сүйлөбөдү беле. Ошол мезгилде Советтер Союзу боюнча батыштын маданиятына сугарылган, эң чоң дисиденттердин агымы пайда болгон. Ал эми, эмгекчилердин социалдык партиясынын төрагасы Леонид Брежнев өлкөнү жетектеген 70-жылдары дисиденттер өлкөдө аябай күч алып кеткен. Мен ал кезде Республикалык КГБнын төрагасы болуп калгам. 1967-жылдын февралынан тартып Ленинград, Москва дисиденттердин чыныгы ордосу, анын кайнаган очогуна айланды. Новосибирск шаарынан Александр Галич деген чыкты. Аларды камай баштады. Анан ошондо начальник главразведка Сергей Григорьевич Банников деген бар эле. Ал бизге келгенде Усубалиевге кирип ага мактана «Даниэл Сияцкийди отургуздук. Жүргөн жеринде антисоветтик пропаганданы жүргүзөт экен. Мындай нерселер силерде жок экен. Абал жакшы окшойт…» деп койду. Муну мисал кылып айтып жаткан себебим, бизден бир да дисидент чыккан эмес. Анын өзүнчө себептери бар болчу. Мен баягы, 1937-жылдарды эстедим. Калптан, ак жеринен бирин-бири баса жыгылган мезгилдей болбосун дедим. Ошол нерсеге мен чындап катуу көңүл буруп карадым. Мен КГБнын төрагасы болуп турган кезде, биздин республикадан бир дагы дисидент чыгарбаганым чындык.

 

КПСС БКнын ГЕНЕРАЛДЫК КАТЧЫСЫ Л.И.БРЕЖНЕВдин КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ

— Леонид Брежнев Кыргызстанга келгенде сиз анын коопсуздугун көзөмөлдөп турган экенсиз. Леонид Ильич кандай адам экен? Хрущевдон эмне өзгөчөлүгү бар экенин байкадыңыз? Жакындан сүйлөшө алдыңызбы?

– 1970-жылы 2-сентябрда Л. И. Брежнев Кыргыз ССРинин борбор шаары Фрунзе шаарына учуп келди. Өлкөнүн биринчи жетекчисин кандай тосуп алганыбыз туурасында сөз кылсамбы деп чечтим. Анткени, аны азыркы муундун баары эле биле бербейт эмеспи. Ошол кездеги өкмөттүк гезиттерде да визиттин официалдуу жагы гана супсак тилде берилчү эмеспи. Азыр сага айтып бере тургандай кылып, майдалап эч ким да жазып бере алмак эмес. Система башка болчу. Леонид Ильич менен кошо жүргөн Александр Агентов, дагы бир жардамчы Самотолин, анан коопсуздугунун начальниги генерал-лейтенант Сергей Николаевич Антонов төртөөбүз болуп сүйлөштүк. Анткени, Леонид Ильич Брежнев башта кыргыз жергесине келген эмес экен. Эң башкысы, Леонид Ильич бизге келген кезде аны алып жүрө турган башкы маршрутту чогуу тактадык.

Коңур күз болуп калган кез. Ал келгенде, анын мүнөзүнө жараша күн да ачык болуп турду. Брежнев Тажик ССРине барган официалдуу иш сапарынан кийин, бизге түз учуп келди. Ага чейин Алма-Ата шаарында болгон. Бизден Ташкентке барып, өзбек жергесинде болуп, кийин Түркмөнстандан ары Москвага учуп кетмек. Анын биздин региондорго келиши эч кандай деле саясый окуяларга байланышкан эмес. Болгону Л. И. Брежнев Орто-Азия, Казакстан республикалары менен жакындан таанышып чыкмак болгон экен. Келген күнү эле Леонид Ильич Брежнев ВДНХда болду. Айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун продукцияларынын ичинен чөп таңгактагычтар (пресподборщиктер) Советтер Союзунун лидери Леонид Брежневге аябай жакты. Дүйнө жүзүндөгү бир катар мамлекеттер сатып алып турган биздин заводдон чыгарылган «Кыргызстан» деген эл аралык брендге айланган жазуусу бар эмеспи. Брежнев болсо, бизден чыккан чөп таңгактагычтын, союз боюнча бизден гана чыга тургандыгын ушул күнгө чейин билбептир. Биздин республикадан чыгарылган, чөп таңгактагыч машина аябай жагып калып, Брежнев жанында турган Турдакун Усубалиевге карап, “… ушул чөп таңгактагычтарды, сиз айткан Фрунзе заводуна барып көрөлү!” деп суроо салып калды. Экөө сүйлөшүп, эртеси саат ондон кийин бара турган болушту. Биздин милдет, түнү менен ал бара турган жерди карап кыдырып чыгыш керек. Заводдун территориясы чоң болгондон кийин туура эмес көрүнүштөр, анча-мынча “тартипсиз адамдар” кездешиши мүмкүн. Аларды Леонид Ильичтин көзүнө көрсөтпөй далдоого алып туруу, керек болсо жумушка чыгарбай туруу жагын биздин жетекчилер эскертти. Анткени, биздин заводдордо жумушчулар жетишпегендиктен кээде жумуш сурап келген адамдарды шашылыш ала беришет эмеспи. Кээ бир цехтерде иштөө чынында эле оор. Келип эле заводдун директоруна жолуктум. Брежнев заводго киргенде кайсы цехтен баштайбыз, КПСС БКнын Генералдык катчысы Леонид Ильич Брежневге эмнени көрсөтөбүз, ошолор туурасында сүйлөштүк. Ары-бери сүйлөшүп отуруп, айыл-чарба машинасын чогулта турган цехтен баштамак болдук. Кайсыл дарбаза менен кирет, жолдун уңкур-чуңкуру жокпу, ошолорду карап чыктым. Анткени Брежнев жүргөн кортеждин эң алдында жол баштап мен кетем. Колонна мен кайда бурулсам, ошол жакты көздөй ээрчишип бурулат эмеспи. Менден кийин Турдакун Усубалиевичтин, анан Брежневдин машинасы анын артынан ээрчип кетет да. Кыскасы түнү менен уктаган жокпуз, кемчиликтерди көрсөтпөө боюнча иштеп чыктык.

Эртеси, саат он чендерде Леонид Ильич Брежнев алдын-ала план боюнча Айыл-чарба машиналарын чыгаруучу заводго келди. Колонна келип, заводдун директору айткан цехтин тушуна келип токтоду. Брежнев машинадан чыгары менен цехтин алдында катар тизилген жумушчулар аны тосуп алышты. Ал эми, Леонид Ильич цехке кирери менен эле ошол жерде турган заводдун жумушчулары ары бурулуп кете баштады. Алар тоскоол болбойлу, чоңдор өзүлөрүнчө сүйлөшөт дештиби билбейм, же тартипти ушинтип көрсөтөбүз дешти го чамасы. Алардын кетип баратканын көрүп Леонид Ильич, «… жолдоштор, силер кайда карап кетип бара жатасыңар? Мен силер менен сүйлөшкөнү атайын келе жатсам. Менден коркпогула, жакындан сүйлөшөлү, келгиле! Мен силер менен жакындан сүйлөшөйүн деп мында келдим!» деди. Усубалиев да, «… ой, жолдоштор келгиле! Леонид Ильич силер менен сүйлөшөм деп жатат. Кандай иштеп жатканыңарды, кандай кыйынчылыктарыңар бар экенин билгиси келип жатат. Өзүңөр туурасында айтып бергиле?» деп калды. Ошондо гана тигилер бери бурулуп келишип, Брежневге болгонун айтып жатышты. Брежневге катуу эч нерсе деле айтышкан жок. Кулакка жагымдуу жакшы сөздөрдү айтышты. «Ырахмат, Леонид Ильич! Бизди эстеп келгениңизге, биз сизге ыраазыбыз. Сиздин биздин заводго келишиңиз, биздин дагы ишке болгон жоопкерчилигибизди арттырат!» деген эле кулакка жагымдуу сөздөр айтылып жатты.

Анда Леонид Ильич «анда, силерде баары жакшыбы?» деп тамашалады. Ал эми жумушчулар биз үйрөтүп койгондой “… баары жакшы Леонид Ильич!” деп баары айтышты. Брежнев бет маңдайында турган жумушчуларга карап, «… баарын айтпай жатасыңар!” деп кошумчалады. Турдакун Усубалиевич бир аз алдыга чыгып, «Леонид Ильич, эгер кемчиликтер болсо завддун жумушчулары айтышат, эмнеден коркушмак эле!» деп Брежневге жылмая карады. Элдер балекетти айтмак беле, “суроо бербейсиңер!” деп кечээ мен келип кеткенден кийин калганын заводдун жетекчилиги түнү менен кулактарына куйду да. Баштарын ийкешип баары эле бар, үй-пүйүбүз бар дешет. Өзүлөрү квартирада жашашса да, заводдун жетекчилиги ар бири менен сүйлөшүп “ушинтип айт!” дешсе, эмне дешмек. Заводдун чоңдору берген көрсөтмөлөрдү аткарып жатышат да.

Анан эки-үч “ыңгайсыз” адамдар бар дешти эле, аларды биздин коопсуздук кызматынын кызматкерлери заводдун башка бир жагында кармап, бул жакка чыгарбай кайтарып отурушту. Мен да цехтин начальнигине катуу айтып койгонмун. Тартиби жок немелер Брежневдин көзүнчө ашыкча сөздөрдү айтып койбосун деп сестендик. Леонид Ильич жумушчулар менен сүйлөшкөндөн кийин цехти аралап чыкты. Анан жакшы маанай менен, «… жумушчу күчүңөр көп экен, заводду дагы кеңейткиле, аянтыңар кандай?» деп сурады. Ар жагына бардык. Заводдун директору “мына бул жерге жаңы корпустарды куралы деген пландарыбыз бар” деп айтты. Брежневге жакпадыбы, «башка жерге салбайсыңарбы?» дегенде, тигилер “жок, ушул жер жетет” дешти. «Канча каражат, канча сумма акча керек?» деди ал. Заводдун чоңдору сумманы айтышты. Брежнев болсо, «анда эки эсеге көбөйткүлө! Ушул акчаны бөлдүртүп бергенче силерге жардам бердиртем. Бирок баланча мөөнөткө чейин бүтүрөсүңөр!» деп талапты да катуу койду.

Кийин мен уксам, чөп таңгактагычтарды чыгаруучу заводго 47 миллион рубль акча которуптур. Эми, ал кезде бул жөнөкөй акча эмес эле. Биздин рубль керек болсо доллардан күчтүү болчу. Брежнев заводду шашпай кыдырып чыкты. Төртүнчү күнү дегенде, Канттагы атайын өздөштүрүлгөн мал чарба комплексине бардык. Жогорку продукция берген өзгөчө чарба болгондуктан борбордон келген чоңдорго, конокторго дайыма ушул жакты көрсөтүшчү. Бир сааганда эле уйлары он литрден ашык сүт берет экен. Жанагы биздин кыргыздын уйларындай эмес. Мен андай сүттү көп берген уйларды, Россия менен Балтика боюндагы республикалардан гана көргөн жайым бар эле. Сентябрь айы болгондуктан, андан да көптөн бери жамгыр жаай элек болчу. Дөбөдө комбайн менен эгин оруп, эгин чапты. “Жакшы жер экен” деди Брежнев. Анын кабак-кашына карасак дурус, көңүлү куунак, ачык-айрым жүрдү. Биздин республика жөнүндө жакшы ойлорун айтты. Зубковдун чарбасы ага да жакты. Дөбө-дөбө болуп үйүлгөн кызылчаларды көрдү. Канча түшүм алат, кандайча рекорддук түшүм алып жаткандарына кызыкты. Алардын айткандарын эч шашпай аягына чейин угуп отурду. Чарбадагылар өздөрү чөп оруп анан айыл техникасын өргө чыгарып капталдан чөптү оруу менен алар техниканы сынап көрүшөт экен, ошолорду да Брежнев эрикпей көрдү.

Ал чарбаларды кыдырып бүткөндөн кийин кайрадан шаарга келдик. Леонид Ильичтин бош убактысына карап кино тасма көрсөттүк. Анда Кыргызстандын кооз жерлери Суусамыр, Сары-Челек, Соң-Көл, Арстанбап, Ысык-Көл жөнүндөгү тасмалар көрсөтүлдү. Брежневге кинотасманын өзгөчө бүркүт менен аң уулоого чыккан жери жагып, ошого абдан кызыкты.

Өзү да ошондон сөз баштап калды. Көрсө өзү аң уулоону абдан жакшы көрөт экен. “Ушуну мага көрсөткүлө?” деп суранды. Брежнев, « бул кайсы көл?» деп сураганда, бул кыргыз элинин касиеттүү Ысык-Көлү экенин айттык. «Ал жакка алыспы?» деп калды. Биз, өтө деле алыс эмес экенин айттык. Леонид Ильич Брежневдин касиеттүү көлүбүзгө кызыгып калганын байкап калган биз, өлкөбүздүн лидери Ысык-Көлдү бир көрүп кетсе экен деп Кудайдан тилеп отурдук.

 

ЛЕОНИД БРЕЖНЕВ КАСИЕТТҮҮ ЫСЫК-КӨЛГӨ КАНТИП БАРДЫ?

Л. И. Брежнев бир жумада үч республиканы кыдырып чыкты. Бизде болсо үч күн болду. Эми алтынчы, базар күндөрү Ысык-Көлдө салкын, таза абада эс алып кетсе деген оюбуз бар эле. Ыңгайы келип калганда “ушундай керемет көлүбүз бар, ошону көрүп, эс алып кетсеңиз” дедик. Эптеп ынандырып алсак, ошол жактан айта турган сөздөрүбүздү өзүбүзчө сүйлөшүп, айтууга даярданып турабыз. Көлдүн суусу жыл өткөн сайын тартылып баратканын байкап текшерип турган окмуштуулар, Сары-Жаздын суусун буруп келүү жөнүндө маселе көтөрүп жаткан кези эле. Суунун баарысы көлгө куят, бирок эмне үчүн суу тартылып жатат деп окумуштууларыбыздын баштары катып турган кез.

Мындан да, республикабыздын жетекчилиги дагы бир облусту сурасак деп, бул суроону айтсакпы, жокпу деп батына албай турган чагы болчу. Л. И. Брежнев макулдугун берген соң, биз республиканын жетекчилери ошол жерге барганда боз үйдүн ичинде анан кымыз ичип, отуруп анан сөз козгосокпу деп өзүбүзчө сүйлөшүп алганга үлгүрдүк. Сурай турган нерсе мындай эле, ал кезде жалгыз эле Ош областыбыз бар болчу. Каракол областынын борбору болбой калгандан бери шаар аты өчө баштады. Балыкчыны борбор кылып, эки областты бир област кылалы деген оюбуз гана бар болчу. Анан самолет менен бара калабыз дедик. Анан эле Брежнев бизге карап, «… силер айткан Ысык-Көлгө канча убакытта барабыз?» деп сурап калды. «… самолет менен отуз мүнөттөй, убакыт болот!» деди Турдакун Усубалиев.

Леонид Ильичти коштоп жүргөн жардамчысы менден «… сен, чынын айтчы, көлүңөрдү жөн эле мактап жатасыңарбы, же калп элеби?» десе болобу. Жанагы Агентов менен Антонов деген эң башкы жардамчылары мага суроолуу карады. Беш алты жардамчыларынын ичинен Антонов, Тышкы иштер министрлигинде иштеген, аябай дасыккан, өз ишин мыкты билген адис болчу. Өзүлөрү сөз баштап калган соң мен да айттым, « Ысык-Көл аябай кооз, силер да көрүп кеткениңерге өкүнбөйсүңөр. Кинодо көрсөткөндөн да аябай кооз көрүнөт. ЯК‑40 менен учуп барабыз. Эч кандай коркунучу жок. Келе жатканда балким машина менен келебиз!» дедим. « … жок. Ал опурталдуу, андан да алыс экен!» деди Агентов. Бирок мындай нерсени Брежнев өзү эле чечип, «… барып көрүп келгиле, мен макулмун!» деди. Леонид Ильич башка бирөөнүн сөзүн бөлбөй, какпай сүйлөгөн, өтө кичи пейил жөнөкөй өлкө башчысы экен. Эмнеси болсо да согушту, кыйын мезгилдерди көрүп калган адам эмеспи. Андан да мен байкагандан тамак ичкенде тигини ичем, муну ичем дебегени жакты. Андан да сөз арасында, «ну ладно, пару рюмку выпьем!» деп тамашалап коет экен. Кээде, биздин чоңдор эч кимди укпай эле сүйлөй берет эмеспи. Мисалы Полянский ошондой болчу. Леонид Ильичтин андай жактары жок экен. Кээде тамашалап, жанындагыларды күлдүрүп сүйлөп койгону мага жакты. Анын алдында эч ким калчылдап сүрдөгөн жок. Дагы бир жагы, ал өзү да биздин жетекчилерге өз ойлорун толуктап айтууга, эркин сүйлөшкөнгө шарт түзүп берип жатты. Жанындагы отурган биздин республиканын жетекчилеринин сөздөрүн башка жакка бурган да, бөлгөн да жок. Үч күн бою жанында жүрүп, Брежневдин бир да жолу кабак-кашын чытыганын көрбөдүм. Хрущёв кабагын бүркөгөндө, чоңдордун жүрөгү түшүп калчу. Брежнев макулдугун гана күтүп турушкансып Антонов менен Агентов таң атканда эле машинага отуруп алып, Ысык-Көлгө жөнөп кетишсе болобу. Бул бешинчи күнү болгон. Көрсө бизден мурун барып алып ал жак, бул жакты карап чыгышмай болушуптур. “Кыргыздар боз үй тигип алып, Брежневди тосуп жүрүшпөсүн!” деп да ойлошконун ачык айтышты. Ал жакка баргандан кийин Антонов телефон чалып, «о-о, Леонид Ильич, Ысык-Көл чынында укмуш керемет жер экен. Тезинен келгиле, качан келесиздер?!» деп айтты. Анда Брежнев, «менин балдарым, сиздердин Ысык-Көлүңөрдү аябай мактап жатышат. Анда баралы. Болгула!» деди, балдары мактаган соң, өзү да көлдү көргөнгө шашылып калды. Эртең менен иштерибизди бүтүрүп, көлгө жөнөп кеттик. Асманды карасам аба-ырайы бузулуп баратат. Мен дароо эле Усубалиевди карасам, анын да кабагы бүркөлүп калыптыр. Биздин чоңдор күйпөлөктөшүп эле, Брежневди айланып жүрүшөт. Асманды карабай эле Ысык-Көл тарапка багыт алып учтук. Балыкчынын үстүнө келгенде эле «ух» деп самолет катуу силкинип, калдактап кетсе болобу. Аябай бороон болуп жаткан экен. Мен ичимден, ”Атаңдын көрү!” деп чочуп кетим. Ушунча күндөн бери тынч жаткан, Балыкчыга таандык болгон, баягы кум учурган шамал болуп жатыптыр. Анан самолет дагы бир-эки силкинип алды. Ар кимибиз ичибизден дымып, “Кудай, Кудай!” деп унчукпай учуп бара жатабыз. Андан башка эмне кылабыз. Жаныбызда өлкөбүздүн, керек болсо дүйнө жүзүн титиретип кармап турган Советтер Союзу деген улуу державанын лидери чогуу учуп, самолетто биз менен бирге отуруп баратса, бизде жан жок. Ичибизден “Кудай сакта” деп келме келтиргенден башка аргабыз жок да. Асман алай-дүлөй, капкараңгы болуп калды. Усубалиевдин да кабак-кашы сырттагы аба-ырайындагыдай болуп бүркөлүп, ал да капа. Аман-эсен барып конгондон кийин гана баарыбыздын кабагыбыз ачылып, көңүлүбүз бир аз көтөрүлүп, жайдары болуп күлүп, эс ала түштүк. Брежнев болсо эч нерсе болбогондой үн деле катпады. Ал күнү, биздин республикабыздын улуу даражалуу коногу Леонид Ильич Брежнев биздин сыймыгыбыз болгон касиеттүү көлүбүздө калды. Брежнев менен чогуу келген коноктор түз эле көлдүн жээги жакка басып барышты.

— Менин жардамчыларым мактагандай эле, Ысык-Көлүңөр туптунук, таза, керемет көл экен… деди Леонид Ильич көл тарапты суктана карап туруп.

— Леонид Ильич, биздин көлүбүз сизге жакса эле болду… — ​деп Турдакун Усубалиевич аны коштоп сүйлөп койду.

Алар бир азга көлдүн жээгинде турушту да конок үйдү көздөй бери басышты. Касиеттүү Ысык-Көлүбүздү алгач көргөндө эле, Брежневге аябай жакты. Биз болсо жаныбыз калбай, башкы коноктун көзү менен тең айланып, жакшы тосуп алалы деп чуркап, жүрөбүз. Мен болсо коопсуздук кызматынын балдарын, Брежнев жайгашкан жайдын айланасына, анын коопсуздугу үчүн койуп чыктым. Башкы коноктун урматына деп, сый тамак берилип жатты. Бир аздан кийин жүз граммдан алышкан соң алар бака-шака болушуп, үндөрү катуу чыгып, шаңдуу отура башташты. Брежнев бир нерселерди айткан сайын, ал жерде жандуу каткырык-күлкү угулуп жатты. Мага Леонид Ильич Брежневдин өтө жөнөкөйлүгү, жупуну мүнөзү жакты. Ичимден ага ыраазы болдум, өзү ушундай көңүлдүү отурганга не жетсин. Кеч кире баштаганда мен ошол жердин коопсуздугун караган кызматкерлеримди карап жүрсөм, жанагы Антонов деген жардамчысы мага чуркап келип, «Леонид Ильич, сени чакырып жатат!» деп калды. Мен мындайды күткөн эмес элем, чынымды айтсам, кай жерден ката кетирдим деп жүрөгүм түшүп коркуп кеттим. Эмне керегим бар деп ойлодум өзүмчө. «Бол тезирээк, сени күтүп калышты!» деди ал. Анан Антоновду ээрчий басып, Брежнев отурган жерге жетип бардым. Чын эле күтүп отурушкан экен. Кирип барып эле мен какайып честь берип туруп калдым. Дароо эле Леонид Брежневди карадым. Ал да мага карап «отур» деди. Мен бош отургучка барып отурдум. Брежнев мен отургандан кийин эле, Турдакун Усубалиевге, жана ошол жерде отурган башка жетекчилерге карап, “ КГБнын ушул жаш жетекчиси үчүн ушул тостту алып коелук! Бул чекист мага жакты. Өз ишин мыкты билет экен. Бул тост, сен үчүн председатель!» деп күтүүсүздөн мага тост айтып, колундагы рюмка менен кагыштырып туруп, көтөрүп жиберди. Леонид Брежнев мен үчүн тост көтөрөт деп, чынында күткөн да эмесмин башыма да келген эмес. Мен чынында катуу сүрдөп, толкунданып кетип, мага куюлган арактан бир аз ууртап, “… ырахмат, Леонид Ильич!” дегенге араң жарадым. Брежневдин тостун, коштоп ТүркВОнун командачысы, армиянын генералы Лященко, Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Ахматбек Сүйүнбаев, Сакин Бегматова ж. б. тура калышып рюмкага куюлган ичимдиктерди алып жиберишти. Мен мындайды, чынында эч качан күткөн эмес элем. Брежневдин кайтаруучулары кийин тамашалап, «… сен Леонид Ильичке, абдан жагып калдың. Ал өзүнө өтө жаккан адамдарга гана ошондой мамиле кылып, тост көтөрөт!» дешти. Брежневдин бул мамилеси биздин чоңдорго анчейин жакпай калганын алардын көздөрүнөн байкадым. Бул ирет, Брежнев менен биздин жетекчилер абдан көңүлдүү отурушту. Менин ансыз да узун боюм, андан бетер узара түшкөндөй болду.

 

ДОМИНО, КАРТА, БИЛЬЯРД ОЙНОГОНДУ БИЛБЕГЕН УСУБАЛИЕВ

Кеч кирип, отургучта отурганда Брежнев күтүүсүздөн Усубалиевди бир карап алды да, «домино ойнобойлубу?» деп калды. Ал эми Усубалиев, доминону ойногонду билбей турганын да мен жакшы билет элем. Усубалиев өмүрү мындай нерсени көргөн да, андайга кызыкпаган да адам болчу. Бир убакта саатты карасам кеч болуп калыптыр. Эми, Брежневдин ойногусу келип жатса, мен ага каршы сөз айта алмак белем. Биздин жетекчилерди карап, үн катпай, алардын катарында турдум. Леонид Ильич доминону жакшы ойнойт экен. Сүйүнбаев да Брежневден кем калышпай жакшы ойноду. Ал эми Москва убактысы боюнча үч саат айырма бар. Брежнев ага көнүп алган да. Биздин жергиликтүү убакыт боюнча саат он экини көрсөтүп жатты. Эми, бизде саат мынча болуп калды деп Леонид Ильичке айтыш кайдан. Аны менен жүргөн биздин кишилердин уйкулары келип, баштары шылкылдай баштады. Брежневди коштоп жүргөндөр болсо шашылышпайт. Конок күткөн адамдар ары-бери чуркап, жүрүп, чарчап калат да. Брежнев Сүйүнбаевге карап:

— Дурус ойнойт экенсиң. Кээ-бир жүрүштөрүңдү сенден үйрөнсө болот экен. Сен өзүңдүн биринчи секретарыңа, мына бул жерде турган жолдош Турдакун Усубалиевичке да үйрөтпөйсүңбү, ал ойногонду билбейт көрүнөт, деди Брежнев жанында турган Сүйүнбаевге, анан Усубалиевге карап тамашалуу күлүп койду. Бул сөздү укканда Усубалиев жактырбагандай мурчуя түштү. Советтер Союзунун лидерине каршы сөз айткыдай Турдакун Усубалиевдин эки башы бар беле. Унчукпай, калп эле күлүп жылмайып кутулду. Ошол учурда, Брежневдин бул сөзүнөн Усубалиев ыңгайсыз абалда калды. Турдакун Усубалиев, тамашаны, сынды да көтөрө албайт эле. Брежневге каяша айтмак беле, унчукпады, жүрөгү түшүп өзү араң турса. Анын өзүн ыңгайсыз сезе баштаганын көздөрүнөн байкадым.

Бир аз убакыттан кийин Брежнев:

— Келгиле, карта ойнойбуз?” — ​деп анан бир аздан соң, — ​эртең эле ойнойлукчу, — ​деди. Биздин өкмөт жетекчилерибиз ушул эле сөздү күтүп отурушкан. Дароо макул болушуп, ушул учурдан пайдаланып, үй ээси, сыйлуу конокторду тосуп жаткан адам катары Турдакун Усубалиев, “… урматтуу Леонид Ильич, сиз дагы алыс жол жүрүп чарчадыңыз, эс алыңыз?” дей салды. Брежнев ал жерде, эки күн конуп калды. Эртеси, Леонид Ильич айткандай карта ойношту. Бул Брежнев дегениң картаны да кыйын ойнойт экен. Ал эми, биздин Акматбек Сүйүнбаев бул жерде да өзүн көрсөттү. Леонид Ильичтин көңүлү көтөрүлүп, жанагы “дурак” дегенди ойноп жатышты.

— Премьер укчу, сен картаны да дурус ойнойт экенсиң. Кайдан үйрөнүп алгансың? — ​деп Брежнев Сүйүнбаевди мактап койду.

Анткен сайын, азартка кирип алган Сүйүнбаев Брежневдин ким экенин унутуп калып, токтобой күчтөнүп ойноп кирет десең. Кулатов менен Усубалиев мени карап коет. “Брежневге утулуп берсин!” деген сөздү айтып жатышканын байкап эле жаттым, эми мындай учурда менин колумдан эмне келмек эле.

Бир убакта Брежнев:

— Проферанст ойногонду билесиңби? — ​деди.

— Билемин, — ​деди Сүйүнбаев, Брежневге жооп кылып.

Мен чынында Сүйүнбаевдин бул жообуна ыраазы болуп калдым. Чынында эле ал оюнду ойноо кыйын болот. Эң эле татаал оюн, бир нече саатка уланып кетиши мүмкүн. Акылды, амалкөйлүктү талап кылат. Дайыма ойноп жүргөндөр аны түнү менен ойношуп, таңды агартып ийишет эмеспи. Бир убакта, Брежнев обочолонуп турган Усубалиевди бир карап алды да, Акматбек Сүйүнбаевге карап:

— Жолдош премьер, сенин Биринчи секретарың домино ойногонду билбейт, карта ойногонду билбейт, аны убакыт таап, сөзсүз үйрөтүшүң керек. Карасаң, анын бийликте экенине карабай карта аны укпай жатат. Өзү Биринчи секретарь болсо, же өзү ойногонду билбейт экен… — ​деди тамашага салып. Брежнев бул сөздү айтып бүтөөрү менен мен Турдакун Усубалиевичти карадым. Усубалиевдин өңү заматта купкуу болуп бузула кетти. Биздин Турдакун Усубалиевичке эч ким мындай сын айтчу эмес да. Брежневдин тамаша иретинде айтылган бул сөздөрү Усубалиевдин жүрөгүнө барып сайылып калган ийнедей эле болду го. Леонид Ильичтин айтканы Турдакун Усубалиевге катуу тийди көрүнөт, ал Брежневге карап калды да:

— Леонид Ильич, мен көп жылдар бою окуп жүрүп, турмуш оор болуп, андан да партиялык жумуштарда жүрүп, мындай оюндарды ойноого чынында колум бошобой келет… Мен деле жаш курагымда “дуракты” балдар менен ойноочу элем. Ал эми мындай татаал оюнду ойногон эмесмин, — ​деди.

Турдакун Усубалиевич ушинтип актанып киргенде эле Брежнев ага карап:

— Сен өзүңдү, коомдук ишмер катары көрсөткөнүңдү токтот! Мен сага эмне, иш кылбай эле ойноп жүргөн бекерпоз белем. Жолдош Усубалиев, анда мен бул оюндарды бекерчиликтен үйрөнүптүрмүнбү? Кече домино ойногон жоксуң, бүгүн болсо карта ойной албай отурасың. Сен эмне, жетекчиликтен башка эч нерсе билбейсиңби? — ​деп күтүүсүздөн тамашага сала күлүп туруп, ушинтип айтса болобу.

— Эми, Леонид Ильич… — ​деп Усубалиев мукактана, сөз таппай туруп калды.

— Жолдош Усубалиев, сиз бильярд ойногонду билесизби? — ​деп калды Брежнев.

— Ооба, бирок анчейин эмес Леонид Ильич… — ​деди Турдакун Усубалиевич.

— Жакшы болот. Сени дагы бир жолу текшерип көрөйүн, — ​деди Леонид Ильич, анан кетип баратып Усубалиевге башын буруп: — ​Бул жерде бильярд барбы? — ​деп сурады.

— Бар, албетте… — ​деди Турдакун Усубалиев.

— Анда кеттик, ошондо барып ойнойлукчу, — ​деди Леонид Ильич ордунан туруп баратып.

Биз Брежневдин соңунан корпусту көздөй жөнөдүк. Ал жерде да Акматбек Сүйүнбаев дагы бир ирет, бильярдды мыкты ойнорун көрсөттү. Ал бул оюнду да, чындыгында мыкты ойнойт экен. Мен Акматбек Сүйүнбаевдин мынчалык жөндөмү бар экенин билген эмес экенмин. Көп жеринде, чынын айтсам Акматбек Сүттүбаевич, Леонид Ильичтен да мыкты ойноду.

— Премьер укчу, сен муну да кыйын ойнойт экенсиң. Сенден бильярддын таштары коркуп жок болуп жатат. Сени кара. Катуу ура бер, коркпо! — ​деди да Брежнев өзүнүн жанында турган Усубалиевге карай: — ​Сен бул оюнду ойногонду да билбейт экенсиң. Жаман ойнодуң. Бул убакка чейин бирөөсүн үйрөнүп албай эмне кылып жүрдүң? Айтчы… — ​деди тамашага салып.

Усубалиев анын тамаша сөздөрүнө чыны менен эле таарынып, мурчуюп калса болобу. Анан өзүбүзчө боло калганда, мага карап:

— Жумабек Асанкулович, мен чын эле эч нерсе ойногонду билбейт экенмин, мени Леонид Ильич чындап эле жаман көрүп калды го… Туурабы? — ​деди.

— Турдакун Усубалиевич, мен деле бильярд ойногонду билбеймин. Анын эмнеси бар экен… Элдин баары эле, Леонид Ильичтей кыйын, профессионал оюнчу боло албайбыз да. Ага анча көңүл бурбай эле коюңуз, Леонид Ильич тамаша иретинде гана айтып жатат го… — ​дедим анын кабагы ачылбай турганын көрүп.

— Эми эмне болот? — ​деди Усубалиев.

— Турдакун Усубалиевич, эмне болмок эле, эч нерсе болбойт. Ошо да кеппи? Мен деле Леонид Ильич менен ойносом, уттуруп коймокмун. Өзүңүз билесиз, картаны ойногонду деле жакшы билбеймин. Ал эми шахматты ойногонду жакшы үйрөнө албадым. Өзүмдүн да ойногум келбейт. Жөндөмүм да жок, андан да аны аягына ойногонго чыдамым жетпейт, жаман көрөм. Мен эми ошого капа болушум керекпи? Мындан эмне чыгат, майда нерсе да… Көңүл бурбаңыз, бирок Леонид Ильич бардык оюндарды мыкты ойнойт экен… — ​деп өзүбүздүн республикабыздын жетекчисинин көңүлүн көтөрүп койдум.

— Брежнев мен жөнүндө жаман ойдо калды го? — ​деп Усубалиев жанагы айткан сөзүн дагы кайталады.

— Менин оюмча тамаша иретинде гана айтып жатат го… — ​деген болдум.

Леонид Ильич тамаша иретинде айткан сөздөрү менен Усубалиевдин жүрөгүнүн сары суусун алып койгонун байкадым. Турдакун Усубалиевдин өңү заматтын ичинде дубалдай боппоз болуп, купкуу боло түштү. Турдакун Усубалиевич өзү мынчалык сөз козгоп отурган соң, мурда айта албаган менин да сөздөрүм бар эле, ошолорду айтып калууну туура көрдүм.

— Турдакун Усубалиевич! Эми, Леонид Ильич кандай ойлосо, ошондой ойлосун. Элдин баары эле Брежневдей бул оюндарды ойной албайт да, бул деген фронтовик. Леонид Ильич Советтер Союзунун лидери болсо да, ал эс алганды билген адам. Ал эми сиз болсоңуз жумуштан башканы билбейсиз, эс алганды да такыр ойлобойсуз. Отпускага чыксаңыз да ооруканага барып ден-соолугуңузду текшертип анализ кылдырасыз. Анан архивди кыдырасыз, колуңуз бошосо эле бирдемелерди чиймелеп жазып отура бересиз. Ушул да эс алуубу? Падыша деген Леонид Ильич Брежневдей эс алат, көрдүңүз го оюндун баарынын акесин таанытат экен…

— Туура айтасың… Ушуларды үйрөнүш керек го… — ​деди Турдакун Усубалиев терең ойго батып.

— Бирөөлөрдүкүнө конокко барбайсыз, бирөөнү өз үйүңүзгө конокко чакырбайсыз. Москвага барганда деле бирөөлөрдү ресторанга чакырып, келгиле чай-пай ичелик, республиканын кызыкчылыгы үчүн дебейсиз, Казакстандын жетекчиси Динмухамед Кунаев, Өзбекстандын биринчи секретары Шараф Рашидов менен Таджикстандын биринчи секретары Жабар

Расуловго окшоп. Анан сиз буларды кайдан көрмөксүз. Иштегенден башканы билбейсиз. Эгер Леонид Ильич бизге келбесе, муну да көрбөйт элеңиз. Сизде жолдошчулук, досчулук деген жок да. Ал эми Брежневди көрүп жатасыз го, кайдагы өмүрү көрбөгөн мени да дасторкон четине чакырып, көңүлүмдү көтөрүп тост айтып отурат. Бул жагынан аябай сезимтал экен. Леонид Ильичтин алдында мен ким элем? Өзүңүз көрдүңүз го. Андан эмне, Леонид Брежнев кичинерип кеттиби? Жок! Ойлонуп көрсөңүз, сиз дагы эс алганды үйрөнүңүз! Партиялык чоң кызматтагы жетекчи адамдардын көпчүлүгү мына ушинтип эс алышат… — ​дедим.

Турдакун Усубалиев ошондо менин айткандарымды туура көрдүбү, унчукпай калды. Менин айткандарымды туура көрбөй турса да ичинен туура көрдү окшойт.

— Жумабек байке, Брежневдин сизди кандайча байкап, көңүл буруп калганына токтоло кетсеңиз?

— Дагы бир айта кетчү нерсе, биз өкмөттүк дачага келгенде, мен баштагыдай эле эң башта барам да. Алар машинадан түшкөндө мен алыс турам. Кирип баргандан кийин Брежнев өзүнүн жардамчысынан:

— Тиги бойлуу жигит ким? — ​деп сураптыр.

— Ал республиканын КГБнын төрагасы болот, — ​дептир.

— А-а, ошондой, — ​дептир Брежнев.

Булардын баарын Агентов менен отурганда ал мага айтып берип жатпайбы.

— Келгенден бери байкап жүрөм, тың жигит экенсиң. Өкмөт жетекчилерин алып жүрүүнү кайдан үйрөнгөнсүң? Мен тиги жакка кеттим. Сен өзүң алып барасың. Леонид Ильич сага көңүл буруп калды. Кыраакы киши эмеспи. Сен дагы өз ишиңде дасыгып калыптырсың. Бул дурус, Леонид Ильич менен канча республикаларда болдук, эч кимисине мындай көңүл бурган эмес. Жата турган жерлерди да кудум биздегидей жасаптырсыңар. Андан дагы машина менен кетип баратканда да аралыкты туура алып жүрөт экенсиң. Эч ким бизге тоскоол болбой, тим эле учуп бараткандай көрүнөбүз.

— Москвадан КГБнын жогорку окуу жайында окуп, ошол жактан үйрөндүм. Мени ушуга окутушкан, — ​дедим.

— Ой, азамат. Мен азыр Леоинд Ильичке айтам, кеттик! — ​деди.

— Мен өзүмдүн жетекчимден сурап көрөйүн.

— Жок, мени менен кетесиң. Ал макулдугун берген, — ​дейт.

Анан карасам тигилердин машинелери даяр турат. От алгызып жөнөй бергенде мени радиодон “токтоңуз!” деп токтотту. Мен машинадан чыктым да Брежневдин машинасына чуркап келдим. Леонид Ильич мага карап:

— Сенин биринчи секретарың, Турдакун Усубалиевич, аксакал Кулатов, премьер, беркилер кайда? — ​деп сураса болобу.

— Сиз менен эмеспи? — ​дедим Леонид Ильичке карап.

— Жок… Мен сени менен деп ойлопмун, — ​деди Леонид Ильич Брежнев.

— Жок, мен азыр өзүм эле…

— Анда аларың кайда? — ​деди Брежнев далысын куушуруп.

Бул убакытта, биз жолго чыга турган маршурутту карап отуруп, Турдакун Усубалиев менен Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаевдердин кайда басып кетишкендерин байкабай калыптырмын.

— Кечиресиз? Азыр… — ​дедим да көлдүн жээгине чуркадым.

Биздин чоңдорго сөз тийип калбагай эле деп ичимден тызылдайм. Бычак менен жүрөгүмдү кесип салгандай ачышып кетти. Дүйнөлүк улуу державанын жетекчисин күттүрүп коёт деген эмне деп жаман болуп кеттим. Ошол жерде кичинекей жар сыяктуу жерден ылдый, мрамордон жасалган отургучтар бар эле, карасам үчөө бейкапар ошондо көл тарапты карап сүйлөшүп отурушуптур. Анан мен чуркап бардым да бармагымды оозума салып туруп, айлананы жаңырта катуу ышкырдым. Менин ышкырганымды угуштубу, үчөө тең арт жакка баштарын бурушуп, мен тарапты карап калышты.

— Тургула! Леонид Ильич сиздерди күтүп калды. Болгула… — ​дедим аларга карап.

— Кантип?! Ал өзү кайда… — ​деп Турдакун Усубалиевич чочуп кетти.

— Машинада күтүп отурат…

– Өлдүк, эми чоң конокту күттүрүп коёт деген эмне! Тезинен жетелик… — ​деди да Усубалиев шашыла чуркап жөнөдү.

Үчөө тең, чуркап келатышты. Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаевдердин жарыша чуркагандары өзүнчө эле тамашага айланып кетти. Алардын чуркап келатканын көрүп, Брежнев машинадан жай сыртка чыкты. Менимче, булардын кимиси мурун келет экен деп Брежнев да кызыкты көрүнөт. Биринен-бири калбай чуркап келатышат. Өргө чыгыш керек да. Сүйүнбаев тамашалап:

— Жүз метрлик мага көп эмес, — ​деп ичин чалкылдатып чуркап келатат.

Кулатов берки экөөнөн улуу болгонуна карабай, ал да катуу чуркады. Биринчиси кичинекей, экинчиси чал, ал эми үчүнчүсү чоңураак келген үчөөнүн чуркап келатканы Брежневге албетте кызыктуудай көрүндү. Андан да үчөө тең күлкү келчүдөй чуркап келе жаткан учур эле. Алардын мындай чуркап келаткандары Брежневдин да күлкүсүн келтирди көрүнөт. Леонид Ильич Брежнев үчөөнүн тең жарыша чуркап келатканын көрүп, карап турган экен.

— Силерге жарышканга шарт түзүп бердимби? — ​деп сурады да көзүнөн жаш чыкканча күлүп кирди.

Акырында, үчөө тең энтиге жетип келишти да Брежневдин бет маңдайына барып суз туруп калышты. Усубалиев, Кулатов, Сүйүнбаев да купкуу болушуп өңдөн кетишкен абалда турушту. Үчөөнүн жандалбастап, катуу чуркап келаткан учуру Леонид Ильичке катуу таасир эткен окшойт:

— Та-ак! Менин оюмча, бүгүн үчөөңөр тең ГТОнун нормативин дурус эле тапшырдыңар го! — ​деди да, Леонид Ильич каткырып күлүп жиберди.

Ошондой болгону жакшы болду окшойт, аларды күтүп турган Брежнев да тамашага кирип кетти.

— Укмуш болду го, мен силерге, республиканын жетекчилерине, жарышканга атайын шарт түзүп бердим! — ​деп Леонид Ильич бизден кеткенге чейин айтып жүрдү.

— Леонид Ильич, мен да чынында, көптөн бери мындай чуркай элек болчумун… — ​деп Кулатов да күлүп жиберди.

Брежневдин күлүп жатканын көрүшкөн тиги үчөө да кабактары ачылып, айласыздан күлүп калышты. Биздин жетекчилер түзгөн план боюнча, КПСС БКнын генералдык секретары Леонид Брежневди көл өрөөнүндөгү эң кооз делген Григорьевка капчыгайындагы корукка аң улоого алып бармак элек. Биздин жетекчилердин бул оюн, ТүркВОнун башкы командачысы, Советтер Союзунун Баатыры, армиянын генералы Николай Григорьевич Лященко колдоп чыкты. Генерал Лященконун сөзүнө караганда бул жакта башта болгон окшойт.

— Леонид Ильич, биз бара турган Григорьевка коругу аябай кооз жер…

— Генерал, сен аны кайдан билесиң? — ​деп Лященкону карап калды.

— Мен өзүм, жергиликтүү көлдүкмүн да… Бул жактарды коён жатагына чейин билемин…

— Анда дурус…

— Леонид Ильич, бул корук да сизге жагат деп ишенем…

— Калганын барганда көрөбүз да…

Алар келип өз машиналарына отурары менен аң уулоого бара турган корукту көздөй жөнөдүк. Биздин мактаган жерибиз Леонид Ильич Брежневге жагабы, жокпу деп ойлонуп баратам.

 

КӨЗГӨ АТАР БРЕЖНЕВ, БУТА АТКАН УСУБАЛИЕВ

— Брежневди аң уулоого алып чыкканга ал жерде шарт бар беле…

— Касиеттүү көлүбүзгө жакын, тоонун этегинде Григорьевка капчыгайынын ичинде ажайып, абдан керемет корук бар. Мен ага барчу жолду билчүмүн. Ал эми Кыргызстанды башкарган Турдакун Усубалиевич, ал корукту такыр көрбөптүр. Мына ошол жакка кеткен жолдо эски, жаман көпүрө бар эле. Ал көпүрөнү түнү менен оңдоттуруп чыктык. Эптеп-септеп бүтүрүп коюшпасын деп тез-тез барып, өзүм текшерип, кандай жасап жатышкандыктарын көзөмөлдөп турдум. Баары жайында, ойдогудай кылып көпүрөнү бүтүрүштү. Кетип баратканда жол чаңыбасын деп, машина таап жолго суу чачтырып койдум. Биздин бактыбызга жараша, күн да чайыттай сонун ачылып берди.

— Бир убакта, Леонид Ильич Брежнев кайрадан Усубалиевге тамашалап: — ​Турдакун Усубалиевич! Мен эмне, корукка аң уулоого «Чайка» менен барамбы? Мындай нерсе менин өмүрүмдө болгон эмес… Бүгүн күн да башкача… — ​деди.

— Эми бизде болгону ушул… — ​деп, андан ары Турдакун Усубалиев эмне деп айтарын билбей туруп калды.

Чынында, бизде “Чайкадан” башка кайсы кыйраткан машинабыз бар эле. Коруктун ичи да ага абдан жакты. Эми, Брежнев дүйнөлүк ири державанын лидери болгондуктан, ага караштуу абдан чоң автопарк бар эле. Андай машиналарды биздин жетекчилер али көрө да элек болсо керек. Леонид Ильич ууга чыкканга ылайыкташкан атайын машиналары бар экенин СССРдин КГБда иштеген офицерлер айтып калышчу. Брежнев айткандай, ошол күнү күн дагы чайыттай ачылып берди.

Биздин улуу даражалуу башкы коногубуз Леонид Ильич Брежневди ошол капчыгайдын ичин көздөй алып баратабыз. Таң ата электе туруп, мен КГБнын адамдарын ошол биз барчу жерге коюп, тапшырмасын берип келгенмин. Биз барчу корукка жакын чоочун эч кимди киргизбөө тапшырмасы берилген болчу. Советтер Союзунун, керек болсо дүйнөдөгү эң ири державанын лидери Брежневдин коопсуздугу менин жоопкерчилигиме коюлган эле. Анын баарын Леонид Ильичтин коопсуздугун караган адамдар менен тыгыз иштешип, корукка бара турган маршрутту кеңешип, анан чечкенбиз. Көл тарапка карасаң тыптынч, мемирейт, бир да толкун жок. Түнү менен түрмөктөлүп толкуп жаткан көл, мага чарчагандан уктап жаткандай туюлду.

Леонид Брежнев, табигаттын кооздугуна толкунданганын жашыра албай:

— Аябай, кооз жер экен… Мен деле дүйнөнүн бир топ жерлеринде болгонмун, чынында кыргыз элинин мекени ажайып, кооз жерлер экен… — ​деди айланага көз жүгүртө.

Бир аз убакыттан кийин ысып кеттиби, чечинди. Офицерлердин көйнөгүнөн кийип алган, погону жок. Өзү да армиянын генералы болсо. Брежневдин жети дүрмөттүү италиялык маркадагы мылтыгы бар экен. Кайда барса дагы өзү менен алып жүргөнүн, анын коопсуздугун кайтарып жүргөн балдарынан билдим. Аны мен байкабаптырмын.

— Чуркабай эле машинадан атсак, — ​деп Усубалиев сунуш киргизди.

— Эмне үчүн? — ​деди Леонид Ильич.

— Машинадан туруп аткан кыйла ыңгайлуу го … — ​деди Усубалиев кайрадан.

Андан да Брежнев, аң уулоо жөнүндө такыр түшүнүгү жок Усубалиевдин бул айткан сунушун жактыра бербеди. Брежнев жанында турган Усубалиевге карап:

— Ошол да аң уулоо болобу? Турдакун Усубалиевич, мындай болбойт, андан да сиз жыйынга барчудай галстук тагынып, костюмчан, туфличен экенсиз. Аң уулоого, мындай кийим менен барган да ыңгайсыз болот… Мен атайын өтүк кийип алдым, ууга чыкканга ушундай ыңгайлуу болот… — ​деди.

Өмүрү аң уулоого чыгып, колуна мылтык алып көрбөгөн Усубалиев, кошумча сөз айта албай туруп берди. Мен Брежневдин сөзүнөн кийин аны карасам, ал өзү айткандай жеңил кийинип, кара көз айнек тагынып алыптыр. Ал эми Усубалиев өзү баш болуп, Кулатов, Сүйүнбаев, мен дагы, баарыбыз эле партиялык жыйынга барчудай костюм- шым, галстук тагынып, жалтылдаган туфли кийип алыптырбыз. Дайыма ууга чыгып жүргөн Брежнев билет да деп койдум ичимден.

Брежнев армиянын генералы Лященко менен мага карап туруп:

— Анда аң уулоону баштадык! — ​деди мылтыгын колуна алып октоп жатып.

Николай Григорьевич Лященко да мылтыгын алып жатып:

— Леонид Ильич, бул жакта кыргоол менен кекиликтер абдан көп… — ​деди капчыгайдын ичин колу менен көрсөтүп.

Анан мен, армиянын генералы Н. Г. Лященко болуп аң уулоону баштадык. Кыргоолдор “пыр!” этип чөптөрдүн арасынан учуп чыкканда эле, мээлеп турган Брежнев кыргоолдорду жерге жеткирбей, жерге түшүрбөй атууга үлгүрүп жатты. Мен чынында, Брежневдин тубаса мергенчи экенине ошондо чындап таң калдым. Жанагы кыргоолдор көтөрүлүп туруп, бир аз учуп анан ылдый түшөт го, мына ошол учурда Леонид Ильич ата баштады. Биринин артынан, экинчиси учуп чыккан кыргоолдорду атып калууга үлгүрүп жатты. Көрсө, мен уккандай эле көзгө атар чоң мергенчи экен. Брежнев өзү 1906-жылкы болсо, 1973-жылы 64 жашта экен. Азыркы менин курагымда. Корук болсо аябай чоң. Бир топ убакыт, кыргоол менен кекиликке аң уулап коруктун ичинде жүрдүк. Леонид Ильич көз ачып жумганча убакыттын ичинде бир канча кыргоолду атып жибергенге үлгүрдү. Биз болсо чуркап жүрүп, бир-экиден араң аттык. Мен болсо учуп бараткан кыргоолго тийгизе да албадым. Өзүм деле ок атуучу куралдарды дайыма онго (десяткага) атып жүргөн адам элем. Ал эми Брежневдин мен байкагандай, мылтык атуу боюнча өз ыкмасы бар экен. Анын сырын билиш керек деп койдум ичимден. Кыргоол дегениң шарт чыгып «пыр-пыр» этип учуп баратканда эле Леонид Ильич атып калганга үлгүргөнүнө таң калып жаттым. Кыска убакыттын ичинде эле, Брежнев бир нече кыргоолду атканга жетишти. Ал дагы жөн өлбөй, улам барып алыстап түшкөнүн байкадым. Кырголдор жерге түшөөрү менен сойлоп кетет. Жаман өтүктү кийип алыптыр дебесин дегендей, кыйраткансып парадга гана кийчү офицердик булгаары өтүгүмдү кийип алганмын. Конучу да тикесинен турат. Кечинде карасам ал өтүгүм көкмөк болуп, боегунун баары жуулуп калыптыр. «Ай, атаңдын, оозун урайын!», деп өзүмдү-өзүм сөгүп алдым. Биринчиден, өзүм дурустап атпай эле Брежневдин аткандарын ташып отуруп, бутумдун кебетеси тиги. Мага эмне жок дейм да. Бир убакта, аң улоого чыккан жерден Турдакун Усубалиевди көрө албай:

— “Биринчи” көрүнбөйт да, — ​дедим.

Биз кыскартып, КГБнын кызматкерлери Турдакун Усубалиевичти ошентип коёт элек…

— Турдакун Усубалиевич, бул жакка негедир келбеди. Төмөн жакта калган… — ​деди Коопсуздук комитетинин бир кызматкери.

Чынында эле, Усубалиевдин аң-уулоого келбегенин билген соң, бул жакты КГБнын кызматкерлерине дайындап коюп,”… Биринчиден” кабар алып келейин деп капчыгайдын төмөн жагына жөнөдүм. Келсем, коопсуздук кызматынын балдары: “Жолдош генерал, сиз Турдакун Усубалиевичке келдиңизби, “биринчи” бута атып жатат!” дешти. Мен жай баса, бута атып жаткан Турдакун Усубалиевдин жанына үн салып коюп басып бардым. Ал мени көрүп:

— Ок барбы, тигини атып отуруп түгөнүп калды, — ​деди.

— Сиз эмне, бош калган консерваны бута кылып атып жатасызбы? — ​деп Усубалиевге карадым.

— Ооба. Бутага койгонго бул жактан эч нерсе табылган жок. Шайтандыкы десе, кашайып бир дагы ок, бутага тийбей койсо болобу, — ​деди Турдакун Усубалиевич нааразылана.

Карасам, кичине дөңчөгө бош консерваны коюп алып, мылтык менен ата бериптир. Чындыгында, Турдакун Усубалиевич өзү айткандай, аткан огунун бири да бута кылып атып жаткан калай консервага тийбептир. Анан милициянын райондук бөлүмүнө, өзүмдүн балдарымды жөнөттүм. Ошол жактан ок алып келишти.

— Ух-х, мен мылтык атканды такыр эле билбейт турбаймынбы, — ​деп Усубалиев кейиди да мага карап, — ​Жумабек Асанкулович, мындан кийин мен дагы сиз менен кошулуп аң уулоого да чыгып турушум керек окшойт…

— Турдакун Усубалиевич, бул керек нерсе! Өзгөчө сиздей болуп чоң кызматта иштеген адамдар үчүн. Биринчиден жумуштан алаксып эс аласыз, чарчаган нервдериңиз ордуна келет… — ​дедим.

— Аткан окторум тийбесе да, кыйла алаксып калдым…

Ууга чыгуу, Усубалиевге чоочун, чынында кереги жок нерсе болчу. Башынан ууга чыккан адамдарды жактырчу эмес. “Токтоналиев ууга кетиптир, ал иштебейт! Жумуш кылбай эле, ууда эле жүрөт!” деп эле жатчу.

— Турдакун Усубалиевич, СССРдин өкмөт башчысы, премьер Косыгин деле ууга көп чыгат. Бул деген чоңдор үчүн эс алуунун бир түрү. Илгери деле, совет мамлекетин түптөгөн көсөмүбүз Владимир Ильич Ленин да аң уулоого чыкчу экен. Сизден башка чоңдордун көпчүлүгү аң-уулоого чыгышат, оор жумуштан кийин кыйла эс алып калышат. Сиз, эртеден кечке отуруп, кагаз карап иштей бересиз. Аң уулоого, сиз такыр барбайсыз. Жетекчилик кызматта иштеген адамдарга, аңга чыгуу жакшы нерсе. Эки жакты көрүп дегендей, эс аласыз…

— Атаңдын көрү, чынында бул жакшы нерсе экен, — ​деп сүйлөп коюп, атып жатат.

Мен жанында карап турам, мылтыкты да дурустап кармай албайт экен. Анан ок бутага тиймек беле.

— Жумабек Асанкулович, сиз мени мындан кийин аң уулоого алып чыгып турасыз. Чакырасыз, болуптурбу? — ​деди.

— Турдакун Усубалиевич, мен, кайсыл учур болсо да даярмын, — ​дедим.

— Ууга чогуу чыгабыз. Антпесе, болбойт экен, уят болуп калат экенбиз. Көрсө, кызык нерсе турбайбы. Мен деген куурап эле иштеп отурган экенмин да, — ​деди Турдакун Усубалиевич бир аздан кийин.

«Кудай жалгагыр, жашоого эми түшүнө баштадыңыз» дедим ичимден Усубалиевге чын дилимден ыраазы болуп. Бул чынында Турдакун Усубалиев үчүн чоң жылыш эле. Усубалиев тартипти катуу талап кылган адам болгон. Бир да жетекчи анын уруксатысыз эч кайда чыга алчу эмес. Баарын текшерип, көзөмөлдөп турчу. Ар бир жумада эки-үч министрди кабыл алып, өзү бирден сүйлөшүп чыгат эле. Совминде кабыл алганына карабайт. Чогултуп чогулуш өткөрбөйт, ар бири менен жекеме-жеке отуруп, эмне жумуш кылганын сурайт. Көп жетекчилерден айырмасы, ким менен сүйлөшкөнүнүн баарын блокнотуна жазып алат. Мен билгенден, Турдакун Усубалиевичте миңден ашык блокноттору болсо керек. Колу шартылдап эле жазып турат. Жөн турбайт, орус тилинде да, кыргызча да эркин жазат. ЦК КПССте басма сөз секторунда, кийин республикалык гезитте баш редактор болуп иштегенде калыптанып калган го. Москвада он жылдай иштеп жүргөндө, Сталинге, өкмөт жетекчилерине өлкөдө болуп жаткан сырттан келген кабарларды өтө кыска кылып аннотация берип турушкан. Ошондойго Турдакун Усубалиевич аябай көнүп калган экен. Аппараттык кызматта укмуш. Өзү да текшерип, көзөмөлдөп турганды жакшы көрчү. Ушундай такмаза киши. Жумуштан башканы билчү эмес.

— Туура, Турдакун Усубалиевич… — ​дедим аны чын дилимден колдоп.

— Леонид Ильич кандай эс алып жатат? Көңүлү кандай, куунакпы…

— Бул жактагы коруктун ичинде кекилик деген калбай кала турган болду… — ​дедим тамашага салып.

— Кандайча? — ​деп Турдакун Усубалиевич мага таң кала карап калды.

— Турдакун Усубалиевич, мен аскер адамы болсом да Леонид Ильичтин мынчалык көзгө атар мергенчилигине суктандым. Таң калыштуу…

— Эмне, мыкты атат бекен?

— Биздеги “менмин” деген көзгө атар мергенчилерден калышпасын өз көзүм менен көрүп ынандым… Анын кекиликти ата турган өзүнүн ыкмасы бар экен. Четинен эле терип салды го…

— Жумабек Асанкулович, анда ошол жакка барып, Леонид Ильичтин мылтык аткандарын тамаша кылып карап туралы… — ​деди Турдакун Усубалиевич.

Анан биз машинага отуруп, Брежнев эс алып жаткан жерге бардык. Машинадан түшкөнүбүздөн эле, мылтыктын атылган ачуу үндөрүн угуп калдык. Брежневдин Кыргызстанга келгени Усубалиевдин көзүн ачты. Ал үчүн тигиндей жашоо бар экенин көргөндө, көзү ачыла түштү. Жогору жактагы жетекчилер ушунтип эс аларын, Турдакун Усубалиевдин биринчи жолу көрүшү болсо керек деп койдум өзүмчө. Усубалиев мени менен кошо ошол аң уулоо болуп жаткан жакка чогуу басып барып, көпкө чейин таң кала карап турду. Брежнев бул аң уулоодон көңүлдүү кайтты. Леонид Ильич өзү аткан кыргоол, кекиликтерин мактангандай көтөртүп, мылтыгын далысына илип алып төмөн түшүп келди. Брежневдин көңүлү абдан көтөрүңкү экенин мен дагы, биздин жетекчилердин да баарысы байкашты.

Турдакун Усубалиев көңүлү көтөрүлүп келаткан Брежневге карап:

— Леонид Ильич, сиз үчүн бүгүн олжолуу күн болду окшойт… — ​деди.

— Туура. Мен көбүнчө Москвадан кыйла алыс чытырман токойдун ичинде ууга чыгам. Ал эми мындай тоонун, кооз капчыгайдын арасында биринчи жолу чыгып жатам. Буга чейинки аң-ууга чыгууларга караганда өзгөчө болуп, ачык табиятта башкача экен. Мага кооз жаратылышыңар, керемет табиятыңар жакты. Жаратылыштын кооздугун көрүп, көңүлүм кыйла көтөрүлдү… — ​деди Брежнев.

— Коноктун көңүлү көтөрүлсө, үй ээсинин да көңүлү кошо көтөрүлөт деп коёт бизде… —деп Кулатов сөзгө аралашты.

Бир аз өтүп генерал Лященко да өзү аткан кыргоолдорун көтөрүп келип калды.

— Охо-о, Николай Григорьевич да мыкты мергенчи экен… — ​деп Акматбек Сүйүнбаев генерал Лященкону мактап койду.

Мен коопсуздук кызматынын балдарына айтып, Брежнев менен генерал Лященконун атып келген кыргоолдорду алдырттым. Алар бет маңдайда сууга жакын жердеги, конокторго деп атайын тигилген боз үй тарапка алып кетишти.

— Ашпозчуларга бергиле, жакшылап кууруп сыйлуу коногубуз Леонид Ильич Брежнев тамшанып жей тургандай кылып, тамак жасашсын… — ​дедим.

Капчыгайдын арасында, сыйлуу конокторго деп боз үй тигилип коюлган эле. Алар боз үйдүн алдындагы атайын коюлган отургучтарга келип катары менен отурушту. Алдыңкы катарда Усубалиев, Брежнев, Кулатов, Сүйүнбаев, Лященко, экинчи катарда Бегматова менен мен турдук. Мен мындай тарыхый көрүнүштү атайын ала келген фотографга тартырып калууну ойлодум.

— Леонид Ильич, сиз менен касиеттүү, керемет жерибиз болгон Григорьевка капчыгайында чогуу эс алып отурганыбыз биз үчүн тарыхый, унутулгус күн деп билебиз. Уруксат берсеңиз сиз менен чогуу тарыхый сүрөткө түшүп койсок… — ​дедим.

— Албетте… Эмне үчүн болбойт экен, келгиле… — ​деди көңүлү көтөрүңкү турган Брежнев.

— Уруксат берилди, жигит тарта бер… — ​дедим, боз үйдүн четинде даяр турган фотографга карап.

Ал эми, фотограф ушул эле буйрукту күтүп тургансып, ал өз ишин баштады. Бир нече кадрлар тартылган соң үй ээси катары Турдакун Усубалиевич ордунан туруп:

— Леонид Ильич, аң уулоодон кийин биздин сый тамагыбызды да көрүңүз. Боз үйгө кириңиздер. Жигиттер колго суу куюңуздар… — ​деди.

Боз үйдүн алдында, даяр турган жигиттер, Леонид Ильичтин колуна суу куюшту. Ал колун жууп сүлгү менен колун арчып, боз үйдүн ичине баш бакты. Брежнев ичкери кирери менен боз үйдүн ичин, анын жасалгасын бир сыйра суктана карап чыкты. Анын артынан кошо армиянын генералы Лященко, Усубалиев, аксакалыбыз Кулатов, дагы башкалар кирдик. Сыйлуу коногубуз боз үй ичине кирип, төргө отурган соң, даяр болуп калган тамак-аштар алып келине баштады. Сыйлуу коноктун урматына делген сый тамактын алдында ичимдиктер куюлуп, Турдакун Усубалиевич тост айтып, отургандардын баарысын алдырып жиберди. Андан кийин коноктор абдан көңүлдүү отурушту. Леонид Брежнев атып келген кыргоолдун этинен биздин ашпозчулар түрлүү тамактарды жасап алып келишти. Алардын жасаган тамактары Брежневге абдан жакты. Бул жолу Леонид Ильич өзү тост айтып, куюлган ичимдиктерди боз үй ичиндегилердин баарын ак алдырды. Мага ушундай чоң даражадагы адамдын дасторкон четиндеги, өтө жөнөкөйлүгү, мага жакты. Ал бир да жолу мен тиги тамакты жейт элем деп айткан жок. Биз даяр болгон тамактарды карап, киргизип жаттык. Ашпозчулардын жанында да КГБнын балдары карап турушат.

 

ЛЕОНИД ИЛЬИЧ БРЕЖНЕВДИН МАРТТЫГЫ

Өлкөбүздүн даражалуу коногу Брежневге касиеттүү көлүбүз абдан жакты. Леонид Ильич Брежнев бизге келип, иштегенди да, эс алууну да билиш керектигин өзгөчө Турдакун Усубалиевге көрсөтүп, мындайча айтканда көзүн ачып отурбайбы. Леонид Ильич Брежнев жанында турган Турдакун Усубалиевге тамашалап:

— Кана, арактан куйгула. Арак баарын бириктирет! — ​деп жылмайып койду.

— Албетте… Леонид Ильич, туура айтасыз. Жигиттер, арактан куйгула! — ​деди Турдакун Усубалиев

Кызмат кылып жүргөн жигит колундагы аракты шыпылдай куюп кирди. Бир убакта Леонид Ильич куюлган аракты колуна алып сүйлөп туруп, ак алып жиберди. Аны карап турган республиканын жетекчилери да куюлган арактарын ичип жиберишти. Тоонун арасында баарыбыз көңүлдүү отурдук. Күн уясына кирип баратканда Григорьевка капчыгайынан кайра көл жакка кайтып келдик. Биздин жетекчилердин көңүлдөрү көтөрүлүп, Леонид Ильичти, келген конокторду кошуп кайрадан дасторкон четине чакырдык. Бир аз ичкенден кийин генерал Лященко эч кимге сөз бербей, көбүрөөк сүйлөп кирди. Согушта болгонун айта баштады. Аны эч ким токтото албайт. Биздин чоңдор Брежневдин көңүлү көтөрүлүп турганда, жанагы облус маселесин айтып, ошону чечип калсак деп учурун күтүп отурушат. Брежнев менен мындай шарт дайыма эле боло бербесине, азыркыдай мүмкүнчүлүк, шарт да болбойт дешип биздин чоңдор ичтеринен тызылдайт. Ушул жерден башташ керек да. Эртең анын көңүлү кандай болот, белгисиз. Кымыз ичтик, анан бир убакта туруп генерал Лященко декломация айтып кирди. Эске тутуму дагы аябай күчтүү экен, мен да таң калдым. Брежневде андай мүнөздү байкабадым. Бир аз ичкенден кийин, Леонид Ильич Брежневдин өзүнө гана таандык мүнөзү бар экенин байкап, ал аябай ачылып сүйлөшө турган жактарын көрсөттү. Ал эми, армиянын генералы Николай Григорьевич Лященко согуш мезгилин айтып отуруп, канча миллиондогон адамдар өлдү деп, ыйлап да жиберди. Анын сөзүнө Леонид Ильич да жашып кетип жатты. Айла түгөндү. Лященко али-бери башкаларга сөз берер түрү жок. Усубалиев: «Лященкону кой дебейсиңерби? Токтосун…» деди да мени өзүнүн жанына чакырып, кулагыма шыбырай. Кулатов да: “ … сен кантсе да аскер адамысың го. Биздин көтөрө турган маселелерибиз бар! Николай Григорьевич сөзүн кыскартсын!” дешти. Мен алардын оюн түшүндүм. Эшикке чыгып, айлам жок. Лященкону сыртка чакырдым да: «Жолдош армиянын генералы, кечиресиз, республиканын кызыкчылыгы үчүн бир чоң маселени чечкенге сиз аксакалдарга тоскоолдук кылып жатасыз, аларга сүйлөшүүгө, өз ойлорун айтканга мүмкүндүк бериңизчи? Сизден сураныч…» дедим. Анын көп колдонгон «холера» деген сөзү болот эле:

— О, холера, туура айттың. Мен аны билбей эле сүйлөшө бериптирмин. Болду сүйлөбөйм, таарынба! Менин да, Леонид Ильич бул жерде көңүлдүү сүйлөп отурса деген оюм бар эле. Болду, бүттү! — ​деди мага карап, анан бир аз жылмайып койду.

Биз кайра киргенде Брежнев:

— Эмнеге чакырыптыр, Николай Григорьевич? — ​деди.

— Бир иштер боюнча сөзү бар экен, кийин келгиле сүйлөшөбүз деп койдум, — ​деди Лященко.

Тост айтылып, отургандар баарыбыз ичтик. Бир жакшы жери, Леонид Ильич канчалык көп ичсе да мас боло турган түрү жок. Эми, сөз, жок генсек ичимдикти укмуш көтөрөт экен.

— Леонид Ильич, ушундай дасторкондун үстүндө биз бир суроо менен кайрылалы деген оюбуз бар эле. Сизге кайрылалы деп жаттык эле. Уруксат берсеңиз, айтып калалы… —деди Кулатов.

— Айткыла, тартынбай… — ​деди Брежнев Кулатов тарапка башын буруп.

— Леонид Ильич, биз, сизден облус сурайлы дедик эле… — ​деди Усубалиев.

— Эмне, силерде облус жокпу? — ​деди Брежнев.

— Республикада жалгыз эле Ош областы бар… Өзүңүз билесиз, республикабыз чоң…

— Анда карайбыз. Мен көрүп, бул жерлер али өздөштүрүлө элек экенин байкадым. Бош жерлерди көп көрдүм. Жаратылышыңар аябай кооз экен. Азыркы айткан сурооңорду сөзсүз карайбыз. Чечип беребиз. Ал эми керемет Ысык-Көлүңөр мага абдан жакты, бул көлдү керек болсо, бүткүл союздук маанидеги, Советтер Союзунун эмгекчилери, заводдо иштеген жумушчулар, мугалим, врачтар эс ала турган курорттук зонага айландыруу керек экенин көрүп турам. Мындай, ажайып кооз жерлерде эс алуу совет адамдарына абдан жагат жана зарыл деген ойдомун. Менин жардамчыларым айткандай, силердин Ысык-Көлүңөр таза, керек болсо Кара деңизге караганда туптунук таза экен. Бул жагын да сөзсүз карайбыз. Бүтүндөй совет эли бул жакка келишип эс алышсын, элибиз ден-соолугун чыңдай турган бүткүл союздук эс алуучу зонага айландырабыз. Каражат табылат, советтик эмгекчилер келишип эс алып кетишсин. Мен ишенем, советтик адамдар силердин ажайып кооз жериңерди, өзгөчө Ысык-Көлүңөрдү тез эле абдан жактырып калышат деген ойдомун…

— Леонид Ильич, биздин Ысык-Көлүбүз бүткүл союздук маанидеги курорттук зонага айланса кана. Абдан жакшы, жемиштүү ойлорду айттыңыз. Биз, сиздин айткан идеяңызды кош колдоп колдойбуз. Ушул тостту сиздин айткан сөзүңүз үчүн алып жиберели… — ​деп ийди Усубалиев кубангандан.

Брежневдин айткан сөздөрү биздин жетекчилерибизге абдан жакты. Ал күнү баарысы көңүлдүү отурушту. Кеч кирип, жатарга убакыт келип калды. Ал эми Леонид Ильич, кызмат кылып жүргөн Таняны тиктеп калды да:

— Таня, бери келчи, — ​деп колунда тагынып жүргөн алтын саатын чечип официанткага белек кылып, колуна такты да Таняны өөп койду.

Биздин чоңдор ошондон кийин гана чогулушта отургандай болушпай, кыйла жеңилдеп калышты. Жаш кезинде аялдарга, келин-кыздарга бир топ эле жакын болсо керек деп ойлоп койдум. Леонид Ильич Брежневдин аял жандуу экенин мурун деле орустардын чекисттеринен угуп жүрчүмүн. Ошондо гана бул маалыматтын чын экенин сездим. Бир топ убакыттан кийин Брежнев эс алуу бөлмөсүнө кирип баратып, суу сурады окшойт. Мен дагы жардамчылары аркылуу коньяк менен арактарды, мөмө-жемиш, өзү аткан кыргоолдун этинен, колбаса, казы-карта, чучуктан жука кылып кызмат кылып жүргөн ашпозчуларга кестирип бөлмөсүнө киргизип жибердим. Кызмат кылып жүргөн Тамара деген келбеттүү аял стаканга суу алып артынан кирди. Андан башка эч ким деле кирген жок, Брежнев өзү да аялзатына жакын адам болгондуктанбы, анын аларга болгон мамилеси да өтө маданияттуу экен. Таня да ошол бойдон эртең менен чыкты, колунда Леонид Ильич берген алтын саатын тагынып жүрөт.

КПСС БКнын генералдык секретары Л. И. Брежневдин Кыргызстанга келиши, Турдакун Усубалиевге көп нерсени түшүндүрдү окшойт. Анан, мен, биздин республикага келген күндүн ичиндеги түшкөн сүрөттөрдү тунук кылып чыгартып өзүнчө альбомго салып, сыртына алтындын буусу менен жаздырып туруп Брежневге бердирттик. Биз жасап берген фото альбом Брежневдин өзүнө да аябай жакты.

— Бул фото альбом, мен үчүн күтпөгөн, укмуш белек болду… — ​деп чын дилден ыраазы болду.

— Биздин республиканын КГБсы ушундай оперативдүү иштейт… — ​деп Кулатов менен Усубалиев күлүп коюшту.

— Мен Ташкентке жеткенче көрүп чыгам, ырахмат, — ​деди Леонид Ильич.

Биз Турдакун Усубалиевич башында жетекчилер менен бирге Леонид Ильич Брежневди аэропортко чейин узатып бардык. Эң башкысы Брежнев биздин Кыргызстан боюнча жылуу маанайда учуп кетти. Ошол сүрөттөр Тарых музейинде баалуу экспонат катары, көрүнүктүү жерде турчу, кийин эле карасам ал жактан алып салышыптыр. Эми, анын баркы кээ бир жетекчилер үчүн жок болсо да, ал деле биздин тарыхтын бир барагы эле да. Музейде турган жеринде тим коюшса болмок экен. Биздин Брежнев менен барган жерибиздегилерди Брежневдин жардамчылары байкатпай эле жазып жүрүшүптүр. Ошолорду магнитофонго жазып алышыптыр. Айтылган сөздүн баарын. Бизден кетип Ташкентге барды, андан Москвага учту. Анан 20 күнгө жетпей эле бизге чоң пакет кагаз документтер келди. Карасак, баягы биз койгон маселелердин баары жүрөт. Чоңдор: “… ой, бул оңбогурлар баарын эле жазып жүрүшкөн экен да!” деп аябай таң калышты. Качан иш-кагаздарын сурайт деп биздин чоңдор күтүп жүрө беришкен да. Айыл чарба заводу, тиги Зубковдун чарбасы баары жазылыптыр, мен таң калдым чынында. Сүйлөшкөнүбүздүн баарын жаза беришкен го деп, чоңдор чочулашты. Орустар өздөрүнүн ишкердүү жагын көрсөтүштү. Карта, домино ойноп, аң уулоого чыгып жүрүп деле биздин көйгөй маселелерди да унутпай, ошол маселелерди чечишкени мени таң калтырды.

Ал кезде, КПСС БКнын Генеральный секретары Леонид Ильич Брежневдин Кыргызстанда үч күн болушу деген укмуш нерсе эле. Андай биздин тарыхта болгон эмес экен. Ошондон кийин мен 4-ноябрда Москвада элем. Анан эле эки областка кол коюлуптур. Баягы биздин жетекчилер Брежнев менен көл боюнда эс алып отурушуп, областтарды суранышканы жоопсуз калбай Брежнев Нарын, Ысык-Көл областтарын жаңыдан түзүүгө уруксат берди. Ал эми менин эсимде, Турдакун Усубалиев менен биздин өкмөттүн мүчөлөрү сый тамак үстүндө отурушканда, болгону бир гана областты сурашкан. Канткен күндө да, Леонид Ильич Брежнев колу ачык, берешен адам экенин дагы бир ирет көрсөттү.

— Леонид Ильич Брежнев Кыргызстанга келип кеткен соң, Борбордук бийликтин бизге болгон мамилеси өзгөрүлдүбү?

— Брежневдин Кыргызстандын эң бир кооз, ажайып кайталангыс кооздугу менен таң калтырган Ысык-Көлдө болушу жана Григорьевка капчыгайындагы аң уулоо республикабыздын жетекчилиги менен жакын мамилени түзүлүшүнө шарт түзгөн эле. Кийин деле Леонид Брежнев Кыргызстанга түз көз карашта мамиле кылып жүрдү. Колунан келген жакшылыгын республикабыздан аябады. Леонид Ильич Брежнев Советтер Союзунун бийлик башына 1964-жылы келген. Ал СССРди он сегиз жыл башкарды.

— Косыгин Советтик Армиянын Ооганстанга киришине каршы болгон дешет. Ошол чынбы…

— Косыгин көп жылдар бою СССРдин министрлер Советин башкарып тургандыктан Ооганстандагы согушууга миллиарддаган акчалар кетип, союздун экономикасына чоң зыяны тие турганын алдын ала билген да.

— Леонид Ильич Брежневдин дүйнөдөн өткөнүн кайдан уктуңуз?

– 1982-жылдын 11-ноябрьнда КПСС Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы Леонид Ильич Брежневдин жүрөгү токтоп, каза болгону боюнча суук кабарды, Советтер Союзунун Борбордук Телевидениесинин диктору окуп чыкты. Мен деле жалпы советтик адамдардай болуп телевидениеден, анан СССРдин КГБсында иштеген кесиптештеримден уктум. 15-ноябрда Брежневдин сөөгүн артиллериялык лафетке салып, ардактуу караулдун коштоосу менен Кызыл-Аянтка алып келишти. Беш мүнөткө бүткүл Советтер Союзу боюнча иш токтоп, Брежневди кайгыруу менен узатышты. Поезддер, теплоходдор, машиналар үч мүнөттүк гудок берүү менен Брежневди акыркы сапарга узатып жатышты. Брежнев СССРди он сегиз жыл башкарды. СССР КГБда иштеген тааныштарымдын айтымына караганда, Л. И. Брежнев 1982-жылы 7-ноябрдагы Кызыл-Аянтта өткөн парадга катышкан. Өзүң билесиң, Кызыл-Аянт бийик жерде эмеспи, күз, кыш, жазда да кара суук, шамал болуп турат. Брежнев Мавзолейдин үстүндө отуруп, суукка калган дешет. Ошол күндөн үч күн өткөндөн кийин дүйнө жүзү Брежневдин каза болгонун укту. Суук кабарды угуп, Леонид Ильич Брежневдин Кыргызстанга келген кезин, анын Ысык-Көлгө барганын, көл жээгинде сый тамак бергенибизден кийин биздин жетекчилик менен отуруп домино, карта, бильярд ойногону… Анын жөнөкөйлүгүн, эртеси капчыгайга аң уулоого чыгып, кекилик атканы. Сүрдөп кеткендиктенби, Сүйүнбаев “…Леонид Петрович!” деп жаңылып айтып алганда да Брежнев ага катуу айтпай, “… эмне дейт? Леонид Петрович дейби?” деп катуу айтпаганына, жемелебегенине таң калгам…

Ошондо кабинетинен чыкпаган Турдахун Усубалиевичти аң уулоого алып чыгып, стол кучактап отурган жетекчиликтен башка да табияттын кооздугунда эс алуу бар экенин көрсөтүп, көзүн ачып коюп кеткен эле. Усубалиев, Кулатов, Сүйүнбаевдер көл жээгин көздөй басып кетишип, Брежневди күттүрүп коюшканын айтканымда ал үчөө энтигип чуркап жетип келишкенде Леонид Ильич каткыра күлүп, “… силер ГТОнун нормативин жакшы тапшырдыңар окшойт!” деп кайра аларды да күлдүргөнүн… баарын-баарын эстедим. Ошондо касиеттүү көл жээгинде СССРдин лидери Леонид Брежнев менен чогуу эс алган унутулгус күндөр, биз үчүн бактылуу мезгил болгон экен. Жарыктык, жакшы адам эле…

 

САУД АРАВИЯСЫНДА

— Жумабек Асанкулович, сиздин Сауд Аравиясына атайын тапшырма менен барып келгениңизди көпчүлүк билбейт. Албетте, ал жакка барардын алдында алардын үрп-адатын, тарыхый басып өткөн жолдорун, падышаларынын өмүр таржымалдарынан бери өздөштүрсөңүз керек?

— Атайын тапшырма менен мен бул мамлекетке барардын алдында мага алардын тарыхы, маданияты, үрп-адаттары боюнча ар кандай керектүү материалдарды, жарыкка чыккан китептерди окуп чыгууга туура келди. Бул менин бул жактагы ишим үчүн абдан керектүү нерсе болчу. Барган мамлекеттин тарыхын дурустап билип албасаң уят болосуң. Сауд Аравиясы байыркы, ыйык жердеги жаш мамлекет. Алардын жеринин тарыхы биздин эранын жетинчи кылымында Исламды кабыл алгандан башталып, ал эми буга чейин болгондордун баарын жапайылык доору деп атап келишкен. Азыркы Сауд Аравиясынын королевствосу 1932-жылы гана король Абдель Азиз бен Абдель Рахман Аль Сауд тарабынан түзүлгөн. Ал батыш мамлекеттеринде Ибн Сауд деген ат менен белгилүү болгон. Мына ошондуктан Сауд Аравиясынын 200 жылдык тарыхын Аль Сауд королунун үй-бүлөлүк тарыхы десе да болот.

 

АЖЫЛЫК САПАРДЫН ТҮПКҮ МАКСАТЫ…

— Жумабек байке, сиз барган кезде ажылык сапардын негизги максаты эмнеде болчу? Андан бери канчалаган жылдар өтүп кетти, жашыруун сыр деле болбой калды го. Эми айтсаңыз боло берсе керек деп ойлойм…

— Эми, айта берсе болот го… Москвага мени шашылыш чакырышты. Тышкы чалгындоо кызматы аркылуу, АКШ жакынкы аралыктарда Ооганстанга кол салып кириши мүмкүн деген такталган маалымат түштү. Кандай болгон күндө да Американын деңиз флоту менен алардын аскерлери Ооганстанга киргени жатканы боюнча кабарды алышкан соң, Москва да өз варианттарын изилдей баштады. Ошол күндөн көп өтпөй, Москванын уруксаты менен ажылык сапар уюштурулду. Ажылык сапардын түпкү максатын, бара турган адамдардын арасынан саналуу гана адам билчүбүз. Алардын арасында мен да бармын. Ооган шахы менен өтө жакшы мамиледе болгон, улуту кыргыз Рахманкул ханга жол ачып, ага чыгуу, жакындашуу маселеси мага коюлду. Ал кезде, союздагы бир дагы мусулман баласы Москванын уруксаты жок Меккеге зыяратка бара алчу эмес. Ошо тапта, Рахманкул хан ажылык сапарга барат деген кабар СССРдин КГБна жетип, бул маалымат билинип калып, ажылык сапар өтө тез, кыска аралыкта уюштурулат. Чындыгында, бул арада улуту кыргыз, теги Алай менен Мургабдан болгон Рахманкул хандын Ооган шахы менен жакшы байланышта экени да маалым болот. АКШнын Ооганстанга кол салышы боюнча, Ооган Памиринде жашаган кыргыздардын кабары жок болчу. Ал жерде жашагандардын күнүмдүк түйшүгү эле мал багуу менен гана өтөт эмеспи. Карапайым элдин саясат менен иштери деле жок, андан да да саясат боюнча такыр түшүнүктөрү болгон эмес. Памир кыргыздарынын жашоолору, жалгыз гана мал багууга байланыштуу болчу. Мындайча айтканда, кыргыздардын жашаган жери, чоң колоттой элестейт. Кыргыздар байырлаган жердин айланасын, тегерете ошол чеп коргон сыяктуу тоолор курчап турат. Бийик тоолуу Памир жерин, Кудай Таала атайын кыргыздар жашаганга ылайыктап, жасап койгондой туюлуп кетет. Памирлик кыргыз туугандарыбыз, мына ошол жерге көчүп-конуп жүрүп, отурукташып калышкан экен. Түштүк жагынан, чыгыш жана түндүк жагынан да эч ким кире албай турган жер экенин билдим. Табыйгаты аябай катаал келет, мындай жерге кыргыздардан башка улуттар байлап койсо да жашай алышпайт деп айтып келишет. Оогандар деле дүйнөнүн чокусу аталган Памир тоолорунун арасында кыргыздар гана чыдап жашай алат дешет. Жайы, күзү да суук келет. Мына ошол жерде кыргыздар Октябрь революциясынан кийин чек ара тосулуп, айласы жоктон же андан ары ооган жерине тереңдеп кете албай туруп калышыптыр. Кыргыздар суукка чыдамкай келишкени менен күндүн ысыгына туруштук бере алышпайт дешет.

 

ПАЙГАМБАРЛАРДЫН МЕКЕНИНДЕ

— Жумабек Асанкулович, совет мезгилиндеги жетекчилердин көпчүлүгү, анын арасында сиз өзүңүз дагы табиятыңыздан атеист болсоңуз керек, анан кантип ажылыкка барып келгениңиз окурмандарга кызыктуу го. Советтер Союзунун убагында ажылыкка барууга КГБнын элегинен өткөн гана саналуу адам барышчу экен.

— Ооба ошондой катуу тартип бар болчу. Мусулман баласы катары ажылыкка барыш парз. Мен деле бардык мусулмандардай болуп бул динге ишенем. Күндөрдүн биринде, чет өлкөгө барып келиш боюнча сөз болду. Ал жакка барып келиш үчүн адам табыш керек эле. Экөө болбой коюшту. Азыр кайтыш болуп кетишти. Биринчиси Кадыров, экинчиси Укуев деген подполковниктер болчу. Мурун барып жүргөнсүң, андан да дени-кардың мыкты деп мен жөнүндө сөз болду. Сауд Аравиясына бара турган командировка экен. Сауд Аравия, ислам дини менен маданиятынын мекени эмеспи. Сауд Аравиясында 1934-жылы бир башкыр элчи болгон. Ошол кезде Советтер Союзу менен Сауд Аравиясы абдан жакшы мамиледе болуп, анан элчилик ачкан. Мен ошого таң калдым. Кийин эмне себептен экенин билбейм, ал байланыш үзүлүп калган. Ортодо силер коммунистсиңер, динге каршы саясат жүргүзүп жатасыңар деген сөздөр болуп, мамиле бузулган окшойт. Ошол үзүлгөн мамилени кайрадан улаш үчүн, ал жактын саясый климатын жакындан билип келиш керек эле. Москва Сауд Аравиясы менен үзүлгөн мамилени союздун мусулман республикасынын адамдары менен чечүүнү ойлоп турган кез. Ажыга бара турган адамдардын арасына профессионал чекисттерден бирөөнү кошуш керек экенин мени менен сүйлөшкөн адам айтты. Жөн эле барганга болбойт. Андан да мусулман баласы катары менин деле зыярат кылганым оң го деп чечтим. Атайын командировкага барып келүүгө макулдугумду бердим. 1965-жылы төрт жылдай начальник управление болуп иштеп калган кезим. Андан да парламентте, депутатмын.

— Анда Жумабек Асанкулов деген өз фамилияңыз менен баруу опурталдуу болсо керек?

— Ачык барууга да болбойт. Сауд Аравиясына жашыруун бараткан соң, башка фамилияда барышым керек эле. Мен ал жакка зыярат кылганы бараткан адам катары барганым оң болду. Меккеге ажылыкка үч республикадан адамдар барышмак. Союз боюнча бара турган зыяратчылардын саны болгону 17 киши. Менин башка адамдын атына жазылган паспортум бар экенин, менден башка бир гана адам билет. Ал дагы КГБнын адамы болгондуктан, ажылык сапарды уюштуруп жаткан коопсуздук кызматынын кишиси болчу. Иштеген жеримди да башкача жазып, өз фамилияма окшошурак фамилия, ат коюп алгам өзүмө. Анткени, жалган фамилияңды унутуп калышың да мүмкүн да. Бирөөнү көргөм, жашыруун фамилиясы боюнча чакырып жатса тиги ордунан козголуп да койбой, тунжурап ойго батып отурат. Көрсө жаңы атын унутуп калыптыр. Кыскасын айтканда, ал адам өзүнүн ким экендигин, коопсуздук кызматынын адамы экенин билгизип койгон жагы бар.

— Меккеге зыярат кылганы барган кезиңизде, жашаган жериңиз паспортуңузда Алайлык деп көрсөтүлгөнү чынбы?

— Аны мен эмес, Москва чечкен. Мен, жаңы паспортум боюнча Алайдан болом. Ата-энем колхозчу, өзүм болсо китеп саткан дүкөндө иштейм, эки балам бар деп кагаз толтурдум. Бизди ажылыкка жетектеп бара турган адамды Дагестандын муфтийи деп айтышты. Барганга чейин, Алай жакка барып ал жактын элин аралап дегендей, каада-салтын, үрп-адатын өз көзүм менен көрүп, кене-кесири таанышып келдим. Канткен күндө да, Алай жергесин өз көзүң менен көргөнгө жетеби.

— Бул ажылык сапарда сиздин Рахманкул ханга жакындоонун амалыўыз болгон экен да…

— Мен Меккеге зыяратка барганда жолуга турган адамдарымдын түбү, биздин Алайдан болот эле. Мен атайын барып Алайдын кыштактарын, жолдорун, ашууларын, жер, сууларын, керек экен булактарынын аталыштарына чейин жакындан билип, өздөштүрдүм. Санжыраларын угуп, ал жакта кайсыл уруулар бар экенин, алардын негизги жашаган жердигинен бери өздөштүрдүм. Ал тургай, бул өрөөндүн атагын чыгарган мыктылары туурасында китептерди, газеталарга чыккан макалалардан бери таап окуп чыктым. Өткөн-кеткенди мыкты билген куйма кулак, аксакалдарын издеп таап, алар менен канча ирет күнү-түнү чогуу баарлашып отурууга туура келди. Андан да стол кучактап отурган начальникке окшобой, айылдык кадимки карапайым китеп саткан адамга окшош болушум керек эле. Тоонун шамалына тотугуп, күндүн ысыгына бети-башым өзгөрүлдү. Тоонун беттен алган шамалы менен күндүн ысыгына бети-башым күйүп, анча-мынча тааныган адамдар алдыман чыкса тааныбай тургандай болуп, кыйла башка адам болуп чыга келдим. Ансыз күн көрбөй кабинетте отурган менден шекшинип калыштары мүмкүн. Бир көргөн адамга Алайлык деген ишеним пайда болгондой болуш керек. Сакал коюп көрсөм деп ойлодум. Өзүм жаш болсом, болбойт го деген ойго түштүм. Мурутту алганым жок, тим койдум. Андан да намаз окуп, арабча сүйлөшкөндү билбейм. Чачымды тасырайта шыпырып, алып салышка туура келди. Беш-он күндө кудум айылдагылардын чачындай болуп өсүп да калды. Сырттан бир караганда, күндөр өткөн сайын кызматкер адамга окшобой, айылдыктын өзү болуп калдым. Ал эми айылдын эли менден эч кандай деле шек санаган жок. Карапайым адамдардан айланса болот, алар ичинде кири жок болот эмеспи. Сен каяктан келген немесиң деп сурап деле коюшкан жок. Менден башка дагы, Оштон эки адам ажылыкка барышка макул деп даярдана башташты. Бирөөсүнүн чоң кадыр-баркы бар киши эле. Ал кадимки эле соодегер Ишматов, ажылыкка кийинки жылдарда дагы үч ирет барып келди.

— Жанагы, өмүр бою соода тармагында иштеген Ишматов деген өзбек кишиби?

— Ооба. Өзбек улутундагылардын ак сөөктөрүнөн болот. Мени тамашалап «кожаке» деп койчу. Меккеге барып келген адам өзбек элинин арасында аябай кадырлуу болот. Ыйык адамдай кадырлашып этегин өпкүлөшүп, сыйынып калышат экен. Үчөөбүз ажылыкка чогуу бардык. Бизден башка Ташкент, Андижандан бир врач, дагы облпотребсоюздан бирөө болду. Түндүк Кавказдын диний башкармасынын муфтийи башчы болуп дайындалды. Узун бойлуу, менимче улуту авар болсо керек. Тигинден-мындан кошулуп отуруп он жети адам Москвага бардык. Мусулмандардын башкы мечитинде таанышып, Кудайга жалынып-жалбарып сыйындык. Ошол мечитке жакын жердеги эл чарбасынын көргөзмөсүнүн жанындагы мейманканада жашадык. Кийин мен Москвада иштеп жүргөндө ошол үйдүн төртүнчү кабатында жыйналышка келип катышкан учурларым көп эле болду. Тагдырдын таң калыштуулугун айтсаң.

Менде окшоштуктар көп болот. 1961-жылы 2-июль күнү мен Ошко начальник болуп бардым. Андан кийин 1966-жылы 2-июлда Фрунзеге, Борбордук Комитетке бөлүм башчы болуп келдим. Ал эми 18-февралда комитетти кабыл алдым. Он бир жылдан кийин 14-февралда чечилип калды.

Мен, 15-май күнү Москвага учуп кеттим. 19-майда Москвадан мени бошотушту. Анан мен үч деген санды жакшы көрөм. Ошол сан болгондо менин ишим шыр кетет. Эки ирет, СССРдин Жогорку Советине, республикабыздын Жогорку Кеңешине үч жолу депутат болуп шайландым. Аксуу округуна барганым да ошо болчу. Өзүмдүн өздүк номерим Е‑2050013. Кызыл-Кыяда 333 болчу. Кайсы бир газетага, Ленин жети деген санды жакшы көргөнү чыккан эле. 1907-жылы камалган, жетисинде кайра чыккан. Чет өлкөгө да жетисинде качып кеткен экен. Ал эми Сталиндикин салыштырса көпчүлүгү эле «үч» деген сан болуп чыгыптыр. Биз билбеген ааламда мыйзам ченемдүү нерсе бар окшойт. Мен жалгыз бала болуп өскөндүктөнбү Кудайга жалынып турам. Органда иштегеним менен мен ушуну таштаганым жок. Аны эч ким укпайт, мен ичимден сыйынам. 1978-жылы Москвада дин боюнча сектордо иштеп жүргөнүмдө, молдолор менен жолугуп калчу болдум. Кудай жок деп көбү айтып жүрбөйбү. Мен антип айта элекмин. Кудай деген ишеним ар бир адамдын көкүрөгүндө, анан ишеним болот Такмаза кишиге өзүнчө эле жөрөлгө болуп калат экен. Ушуну сактап жүрдүм. Меккеге барып, мусулман баласы катары ыйык жерде зыярат кылып сыйынып келгеним жакшы болду. Бул да Кудайдын буйругу. Куран окуганды, мен Москва шаарында мейманканада үйрөндүм. Андан кийин эки-үч күндөн кийин «Ленинград» мейманканасынын 16-кабатына которушту.

Карасам аябай сонун номер экен. Ошол жерден биз анализ бердик. Сары безгекке, холерага, чечекке каршы укол сайышты. Сары безгекке каршы уколду, Сауд Аравиясына бара тургандарга гана жасашат экен. Мен башка чыгыш мамлекеттерге барган кезде андай болгон эмес. Ал абдан оор келип, уколду сайганда түнкүсүн температураң 40 градуска чейин чыгат. Ошол уколду да эртең менен Парижден алып келет экен. Саат 12ге чейин укол саят. Аны шейшемби жана бейшемби күндөрү алып келишет. Чоң уколду далынын түбүнө сайышты эле, уколду кыстарып койгондой болуп калды. Көзүм ала чакмак болуп, өңүм кызара, кулагым шуулдай баштап бир аздан соң температурам көтөрүлүп чыкты. Түнү менен ошондой болду. Жүрөгүм түшүп эле калды. Эртеси жатыш керек эле, шайым ооп калды. Холерага каршы уколдуку да кыйын оор болуп, температура анча көтөрүлбөйт экен. Мен аны мурун чет өлкөгө кетип баратканда алганмын. Ошондой эле чумага каршы сайылган укол да аябай оор келет экен.

Аны геологдор көп алышат экен. Чек арачыларга чумага каршы берип турушат. Анткени, чек арага жакын жерлерде арс чычкандар көп болот эмеспи. Чума, башка жугуштуу оорулар бизден барган адамдарга жугушу мүмкүн. Бул абдан коркунучтуу нерсе. Сактаныш үчүн чек арага барып жүргөндө алчумун. Намаз окуганга деп жайнамазды жаныма салып алдым. Эки-үч күн дегенде динге керектүү нерселердин баарына үйрөндүм. Ага чейин деле жанагы Алайга барып жүргөндө, элдин арасында аралашып жүрүп, көп нерселерди өздөштүрүп, билип алганга үлгүрүп алганмын. Даарат алган, бул динге өтө берилген кишинин иши тура. Азан чакырган, бул өзүнчө эле режим, муну дайыма кармай алган адам, жанагы спортсмендердей болуп чыгат экен. Спорт көнүгүүлөрүн куранга жазышканы да бекеринен болбосо керек. Даарат алып мойну-башыңды жуугандын өзү гигиена турбайбы. Эхрамга киргенде жыпжылаңач кирет экенсиң. Чач абдан кыска болуш керек. Өз учурунда Шараф Рашидов менен баарын кыдырып бирге жүргөн Бабаханов Зияудин кары Орто Азия диний башкармасынын муфтийи болгон. Абдан дипломат, салабаттуу киши эле. Ал бизди даярдап инструктаж өткөрүп, эки-үч ирет чай берди. Комнаталарынын ичтеринин аябай кенендигин айт, чоң алты комнаттан турат экен. Тияк-биягынын баары эшик. Керек болсо, министрлерден дурус турат. Сүйлөшө келсең ички дүйнөсү аябай бай киши, кобурашып отурганда тим эле жыргайсың, эч качан тажабайсың. Москвада апрель айында аба ырайы өтө салкын. Бизди узатып жүргөндөргө баш кийимибизди, пальтобузду траптан чечип бердик. Зияудин кары, мени кучактап жатканда жашып кеткенин байкап калдым. Оюмда сапардан аман-эсен келесиңби дегендей туюлду. Бул эмнеси деп, жүрөгүм «шуу!» дей түштү. Чынында эле ошондой сапарга баратканымды өзүм гана билем. Көрсө байкуш «… эми кыйноого баратасың, тагдырың кандай болот экен, өзүңдү Алла Таалага тапшырдым!» деген турбайбы. Сауд Аравиясына барганда ошол көз ирмемдеги окуя көзүмө тартыла берчү. Каир шаарына жеткенде, бизди ошол окуу жайында окуп жүргөн Зияудин карынын баласы тосуп алды. Аль-Аскар университетинде окуп жатыптыр. Бабаханов Шамсудин Зияуддинович атасынын жардамы менен чоң кадыр-баркка жетиптир. Аль-Аскарда жети жылдык теология факультетинде окуп, араб адабияты боюнча диссертация жактаганга үлгүрүптүр. Ал эми Ташкенден университеттин англис факультетин аяктаган. Аравияда диссертациясын арабча жазыптыр. Ал англис, араб тилдеринде мыкты сүйлөгөнү менен мага абдан жакты. Кезегинде советтик пропаганда бизге араб өлкөлөрү артта калган деп окутчу эмес беле. Эмне үчүн ошондой окутканына азыр да башым жетпеди. Самолеттон ылдый жакты карасам, кыпкызыл эле эшилген кумдуу чөл жатат. Ушундай жерге кантип самолет консун деп ойлоном өзүмчө. Туптуура 5 саат учтук. Чөлдүн ичиндеги аэропорт экен. Биздин «Манас» аэропортунун учуу жолу 3 чакырым 400 метр. Мен аэропорттун курулушуна катышкан адам катары жакшы билем. Тиги аэропорт эл аралык мааниде экен. Эки жагын чыгып карасам, биз аябай чоң деген Москванын аэропорту мунун алдында жепирейип эле калат экен. Самолеттор биринин артынан бири конуп, экинчи жагынан учуп жатышты. Көрүп алып таң калдым да «… артта калган деген мамлекеттин аэропорту ушул болсо!» дедим өзүмчө. Көрсө, бизди Советтер Союзу деген узун дубалдын ичине камап коюп, туура эмес маалымат берип жүрүшкөнүнө көзүм эми жетти. Аэропорттун ичи аппак келип, кудум күзгүдөй таптаза. «… эй, бизде акча жок!» дегенге болбой колуңан чемоданыңды жулуп жөнөйт. Жеткирген соң тигил киши төлөйсүң дейт. Тартиби ошондой экен көрсө. Акчаны да калтырап титирешип ченеп беришкендиктен, аябай уят болдук. Берген акчалары да эч нерсеге жетпейт. Өлсөк, тирилсек да бир айга жеткиришибиз керек. Опера-балет театрынын жанындагы «Континенталь» деген мейманканага жайгаштык. Артыбыздан түшүп аңдыйт го деп эки жагымды карасам, бул жакта биз менен эч кимдин деле иши жоктой туюлду. Жолдо чарчаган экенмин, уктадым. Кечкисин көчөгө чыктым. Элдин көптүгүн айтпа. Көчөгө адам батпай, суудай эле агылып жүрүшөт. Базар кызып, ар ким өзүнүн товарын өткөрүү менен убара. Жолдун ары жагында түнкү клубу бар экен. Жылаңач бийлеген кыздарды карап, аларга тамшанып суусундук ичип отура беришет экен. Мындайды мурун четтин кинолорунда гана көрчүбүз да. Анан бизге элчиликтин адамдары келди. Арасында Пакистанда мен көргөн жигит жүрөт. Ал мени көрүп жылмайып койду. Ал жакта да менин артымдан жүргөн, эми да аңдып жүрөбү деп ойлондум өзүмчө. Кийин билсем, өзүбүздүн киши болуп чыкты. Биздин кандай жайгашканыбызды сурап, кагаздарыбызды бир сыйра карап чыгышты. Анан бизди тамакка чакырышты. Биздин ресторандагыдай күтүп отурмай жок. Тамак ичип отурдук. Барсайып бышкан аппак күрүч экен. Үстүндө эч нерсе жок. Таттуулугун айтпа. Майга бышырыптыр, нанга тойбойбуз. Өзүлөрү да нанды аз жешет тура. Бизде, өзүң билесиң, нансыз тамак ичпейбиз да. Жалаң эле эркектер ары-бери чуркашып, тыным албай кызмат кылып иштеп жүрүшөт. Бир дагы кызмат кылган аял жок. Шамдагай жигиттер иштешет. Асуан плотинасы курулганда көбү шаарга көчүп кетишкен экен. Чымылдап эле чуркап жүргөнүн көрөсүң. Дүкөндөрүнө кирип баратсаң «кириңиз!» деп жылуу тосуп алышат. Товарды ала турган болсоң, баасын түшүрүп да беришет экен. «Капитализм деле жаман нерсе эмес окшойт!» деп коем өзүмчө. «Бизде эмне үчүн, мындай эмес?» деген сөздү ичимден күбүрөнө кайталадым. Өзүм КГБнын адамы болгон соң, өз мамлекетимди сындай албайм. Көрсө, мунун баары эле идеология окшойт

Нил дарыясынын жээгине чыктык. Дарыянын кенендигин айтпа. Боз чаңгыл болуп суу агып жатат. Өкүнүчтүү жери, сууга түшкөнгө болбойт экен. Жээкти бойлой бетон, таш тосмолор менен тосуп коюшуптур. Нил дарыясынын боюна кооз ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашыптыр. Түнкүсүн күйгөн кооз фонарлар шаарды абдан сулуу кылып көрсөтүп турду. Андан да ар кандай рекламалар өчүп-жанган сайын бир укмуш. Башта мындайды көрбөгөн жаныбыз, кудум жапайы адамдардай ооздорубуз ачылып, таң калабыз. Бизде түнкүсүн көчөнүн жарыгы күйбөйт. Кайсы көчө экенин, керек болсо үйлөрдүн номурун таппай кыйналасың. Салыштырып отура бер. Таксилер адам издеп чапкылап жүрүшөт. Алгач эле менде советтик жашоо менен бул жактагы жашоо чындыгы туурасында, ушундай салыштыруулар пайда болду. Кийин опера жана балет театрына бардык. Каирде бир эле ушундай театр бар болчу. Кийин өрттөнүп кеткенин уктум. Шаардын так ортосунда эле. Каирдин бул театрына эл көп келет экен. Жалаң эле аристократтар жүрөт. Күндүн ысыктыгына карабай кара костюм кийип алышкан. Эртеси киного кирдик. Элдин баары эле көзүмө сулуу көрүндү. «Тандап алып келишкенби?» деп коем. Кыздарынын бойлору узун, көкүрөктүү, көздөрү бакырайган, чачтары капкара келишет экен. Илгери Карфаген, Александр Македонский, кийин испандыктар, француздар менен аралашып татынакай болуп кетишкен го деген ой кетти. Шамсудин бизди аш жеп келгени чакырып келиптир. Өзү беш-алты бөлмөдөн турган үйдө жашайт экен. Үйдүн ээси аял киши, күйөөсү банкир, башка үйгө чыгып кетиптир. Жыйырма үч жаштагы өзүнүн секретаршасына үйлөнүп алыптыр. Күйөөсүнүн сүрөтү да илинип турат. Бир көргөндө эле татынакай аял экен. Күйөөсү каалаган убагында балдарына келип турганын айтты. Банкир деген өтө кадырлуу адамдардын бири дешти. Банк деген аябай көп, кадам сайын көзгө урунат. Булар түнү менен уктабайт го деп коем. Эртеси Аль-Аскар университетинин медициналык окуу жайына алып киришип, ушул жерде лекция өтөт дешти. Бут кийимибизди чечип ичкери кирсек полдун үстү палас экен. Кырк миң студент окуйт дегенде дагы таң калдым. Буларда бир университетте ар кандай факультеттери бар. Теология факультетине кирсек, анын ичинде мечити бар экен. Ошол эле жерден азан чакырып, намаз окуп жатышат. Арабдардын таасири мага катуу тийди. Менин уулум да кийин Каирде дивизиянын өзгөчө бөлүгүнүн командирине котормочу болуп иштеген. Өзү Фрунзедеги университеттин англис тил факультетинин биринчи курсун аяктаган соң, Москвага мен бүткөн окуу жайдын араб тили боюнча адистигине тапшырттырдым. Анткени, ал жерде араб тилин абдан жакшы окута турган базасы бар экенин билчүмүн. Ошол окуу жайды жакшы аяктап, кийин аларда болгон согушка да катышты. Биз Каирден виза алып, Сауд Аравиясына бармак болдук. Ошол эле жерден эки эхрам беришти. Жылаңач денеңе ошону кийгени берет. Дааратканага барсаң, көтөрүп анан отурасың. Бул нерсени ыйык дешет. Анын бир жерин да булгаганга болбойт. Туура он эки күн кийинип жүрүшүң керек. Арафат тоосуна барып, ыйык жерлерге зыярат кылганча, аның да капкара болуп бүтөт. Боинг самолету менен учтук. Аябай чоң, ичи кенен самолет экен. Биздин самолеттор болсо тар келип, андан да ичинде эч кандай комфорт деген жок. Үч жүз киши, мындайча айтканда бир кичинекей айылдын адамдары асманда учуп баратат. Стюардессалар чуркап жүрөт. Учуп бара жаткан жүргүнчүлөргө жасаган сылык, кичи пейил, маданияттуу мамилелеричи. Самолетто учуп бараткан ар бир адамга кичи пейил мамиле жасашат. Жыйырма жети жашка чейин гана кабыл алышат экен. Баарысы биринен бири өткөн келбеттүү, кичи пейил мамиле кылган татынакай кыздар. Туура үч саат учтук. Биз менен барган эки өзбектин, жүктөрүндө шектүү буюм бар деп кармап калышты. Аэропорттон баары чыгып, биз эле калдык. Чемодандарыбызды аңтарып-теңтерип эле жатышты. Жүрөгүм бир нерсени сезип турган. Кереги тийип калат деп ичиме өзбек бычагынан салып алганмын. Элчиликтеги балдарга фотоаппараттарымды таштап келгеним дурус болуптур. «Континенталь» мейманканасынан эле артыбыздан түшүп калган го. Тиги жерде чет өлкөдө жашаган өзбек, тажик, дагестандыктар, чечендер ж. б. келип кучакташып учурашып жатып калышты. Кыргыздардан жалгыз эле мен. Баягы элчиликте жүргөн жигит кайра пайда болуп калды. Мен аны көргөндө анчейин жактыра бербедим. Анткени жолу жаман эле, мен Пакистанга барганда да тополоңдуу окуяга туш болгонмун. Азыр да мындай болуп жатат дедим ичимден. Тигилердин чемоданында баңги зат бар экен деп калышты.

— Баңгизатты коркпой, чемоданына кандайча салып алышкан экен?

— Ошол жерде иштегендер «… силер менен бара жаткан группадагы адамдын бирөөсүндө баңги зат бар экен!» деп бизди да кармашты. Автобус да бербей коюшту. Биз анда тамак ичпей ачарчылык жарыяладык. Ошондон кийин гана алар бизге автобус беришти. Жанагы шекшиген нерсеси баңгизат эмес эле, нан жапканда үстүнө жабыштырып койгон сейдана экен. Жүз граммдай салып алышкан экен. Бирөөсү, мен билгенден өзбекстандык подполковник болчу. Анын чинин мен билем, аны камап салышты. Жолдо кетип бара жатып, ичимден Кудайга шүгүр дедим. Арабдар менен негрлердин мушташканын көрүп чыйрала түштүк. Полиция кызматындагылар заматта жетип келишти. Аларды башына кийген чалмасынан ажыратат экен. Улуттук гвардия менен атайын бөлүктүн жоокерлери, калгандары аппак көйнөк кийип алышат. Акыры мусулмандардын ыйык жери болгон Меккеге келдик. Биз келген үйдүн ээси полициянын начальниги болуп чыкты. Бизди алып барган жигиттин энеси араб, атасы өзбек, өзү араб болуп калыптыр. Анын эки аялы бар экен. Кызык жери, бир аялы биринчи, экинчи аялы жогорку кабатта жашайт экен. Кечкисин зыярат кылган жерге кирсек элдин көптүгүн айтпа. Адамдардын башы эле көрүнөт. Элге аралашып биз дагы чуркадык. Ар кайсы тилде Кудайга жалынып-жалбарган эле адамдар. Карасам көздөрүнөн кадимкидей жаш агып жатат. Кара таш турган жерди он бир жолу айланып чыгышың керек экен. Менимче сегиз жүз метр болсо керек. Ден соолугу чың адам болбосоң жөн эле тебелеп кете турган. Тебеленип өлгөндөрдү бейишке чыкты деп алып барып көмүп коет. Кайсы мамлекеттен экенин эч ким сурап да койбойт. Чоң мечитте намаз окуп жатсам, мага жакын жерде кыргызга окшогон адамдарды көрүп калдым. Мен аларга жакын басып бардым.

— Силер, кыргыз эмессиңерби? — ​дедим да алар менен акырын шыбырай сүйлөштүм.

— Ооба. Оогандын Памиринен болобуз… — ​деди мага жакын турган кыргыз киши.

Анын кыргыз экенин укканымда, чынында кубанып кеттим.

— Менин да улутум кыргыз болот… Анда, намаздан чыккан соң жолугушуп сүйлөшөлү… — ​дедим мен ага.

— Болуптур… — ​деп жооп кылды, тиги памирлик кыргыз.

Намаздан кийин, убадалашкандай тиги Ооганстандын Памиринен келген кыргыз менен жолуктум. Берки мени менен барган өзбек киши Ишматов эки жакты карап турду. Анткени, менин артымдан да бирөө-жарымды коюп, аңдытып коюшу мүмкүн болчу. Кандай болгон күндө да, мен өзүмө сак болушум керек.

— Силер, Ооганстандын Памиринен келген кыргыздар болосуңарбы?– дедим.

— Ооба. Өзүңүзчү…

— Мен Оштун Алайынан болом. Өзүм, китеп саткан дүкөндө сатуучу болуп иштейм. Менин атам да Памир кыргыздары туурасында көп айтып калат… Силердин Памириңерге качып, өтүп кеткен тууганы туурасында айта берет. Ал биздин Алай өрөөнүнө кызылдар келгенде алар менен согушуп, кийин айылды таштап кетип калган деп атам айта берет. Кийин чек ара жабылып, ал жактагы кыргыздар менен такыр катташ үзүлүп калганын айтып отуруп атам бир тууганынын атын айтып ыйлай берет. Бир боор деген кымбат экен. Ошол тууганы, азыр да оозунан түшө элек. Ооганстандын Памиринде туугандарыбыз бар деп калганы ошондон го. Ал тууганы бул жактан кеткен боюнча, кабарсыз экен. Ушул күнгө кабары жок. Балким, бул убакка, тирүүбү же өлгөнбү, анысын мен билбейм. Бирок, арадан ушунча жылдар өтсө да, атамын бир боорунан үмүтү үзүлө элек. Эми, карасаң, Кудайдын амири, буйругу экен, мына мен зыярат кылганы келип, памирлик кыргыздар болгон силер менен жүз көрүшүп, жолугуп жатам. Бул да болсо жараткан Кудайдын амири менен болуп жатса керек деп ойлойм…

— Тууганыңыздын аты ким? Балким анын атын айтсаңыз, биз таанып калып жүрбөйлү…

— Эми, атамдын тууганынын аты, менимче Рахманбы, Рахманбекпи же Рахманкулбу анык деле билбейм… Атам кээде чай ичип отурганда, көзүнө жаш алып, бир тууганын эстеп сүйлөп калганынан билбесем, ал тууралуу кабарым деле жок болчу. Маани деле берчү эмесмин. Кантсе да бир тууган деген кымбат болот эмеспи.

— Эгер, Рахман болсо анда тааныбайт экенмин… Эгер, ал Рахманкул болсо, анда ал биздин ханыбыз болот! — ​деди ал

— Ал эми Рахманкулду билбейт экенмин, атам эч качан аны хан деп айткан эмес… Тууганынын атын Рахманкул деп айтканын нечен ирет уккан жайым бар, эми эстедим… Бирок көргөн эмесмин… Атамдын оозунан, ошол Рахманкул тууганы азыр да түшпөйт…

— Рахманкул хан биздин кадырлуу, улуу даражалуу адамыбыз, Памир кыргыздарынын ханы, башкаруучусу болот!

— Атамдын тууганы, силердин ханыңар экенин мен чынында билбептирмин. Ал киши дагы Меккеге зыярат кылганы келдиби? Жакындан таанышып алсам болобу? Алайга барганда атама, «тууганыңыз менен жолуктум, ал тирүү экен” десем атам да жетине албай сүйүнсө керек…

— Рахманкул-ханыбыз дүйнө жүзүндөгү бардык момун мусулмандардын ыйык жери болгон Меккеге, катуу ооруп калгандыгына байланыштуу, бул ирет зыярат кылганга келе албай калды. Кудай буйруса кийинкиде келип калар деген жакшы ойдомун…

— Өкүнүчтүү… Жараткан шыпаасын берип, сакайып кетсин. Жолугуп кетсем, атамдын төбөсү көккө жеткендей сүйүнмөк экен. Кап, тууганы Рахманкулдун тирүү экенин, амандыгын угуп, сүйүнүчү тоодой болот эле… — ​деген болдум.

– Айла жок, жолугууга насип болбоптур…

— Кейип кеттим, тууганыма ыйык Меккеде жолукпай калганыма ичим ачышып турат. Эң башкысы атамдын тууганы тирүү экенин силерден уктум. Ушунусуна да шүгүр… — ​дедим, башка эмне демек элем.

Тааныбаган эле адамдар үчүн андан башка эмне деп айтмак элем. Алар сыр жашырбай эле мага Рахманкул хандын жакын адамдары экенин айтып салышты. Мага ушул эле керек болчу. Менин тегим да Алайдан болорун, Рахманкул хан керек болсо атамдын жакын тууганы экеними да айтып бердим. Ошентип ооган кыргыздары менен алгач жолугушуум ушундайча болду. Мен, Рахманкул хандын Меккеге зыярат кылганы келбей калганын угуп, чийки май жегендей болдум. Көңүлүм да түшүп, ичимден кыжаалат болуп, аябай өкүндүм. Ушул ажылык сапар, акыры Рахманкул менен мусулмандардын зыярат кылчу, Мекесинен жолукмак эле го. Ишибиз оңунан чыкпай калганына ичим ачышты… СССР КГБнын атайын тапшырмасы болгон Рахманкул менен жолугушуу ошентип оңунан чыкпай калды. Рахманкул менен жолукканыбызда ал аркылуу Ооганстандын эшиги бизге кенен болуп ачылмак эле. Канткен күндө да, мусулман баласы катары ыйык Меккеге келип зыярат кылганыма шүгүр дедим ичимден. Кандай болгон күндө да мен Памир кыргыздары менен жакындан жолугуп, сүйлөшүүгө шарт түзүлдү.

 

ООГАН-ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ

— Ак падышанын учурунда деле орус аскерлери Памир тоолору тарапка кызыгып, ал жактын географиялык абалын тыкыр изилдеп келишкенинин сыры эмнеде болгон?

— Ак падышанын белгилүү генералы Скоблев, Орто Азияны, баштагы Кокон хандыгын басып алгандан кийин, анын борбору кылып Фергана шаарын белгиледи. Бул жерде сонун-сонун чоң мунаралуу мечиттер бар болчу. Абасы таза, эң кооз шаарга айланды. Мына ушул жерде ал өзүнүн штабын, аскердик блокторун кармаган. Генерал Скоблевдин карателдик аскерлери аябай тандалган күчтөрдөн турган. Анын максаты Россиянын империялык чегин дагы кеңейтип, улам жаңы жерлерди багындыруу болгон. Кытайдын, бул жагынан Ооганстандын чек арасына чейин жеткенге аракет кылган. Падышанын аскердик стратегиялык пландарын ишке ашырып күч менен, кан менен болсо да жаңы жерлерди багындыруу, бул генералдын башкы милдети эле.

Ошол кездерде Кыргыз жеринин түштүгүндө, Алай тарапта Курманжан датканын, анын балдарынын кадыр-баркы өтө чоң болчу. Ак-Босого деген жерде Курманжан датканын азыркы тил менен айтканда резиденциясы болгон тура. Ар тарабы тоолор менен курчалып, келишкен, табигат берген кооз жер экенине көргөндө эле ынандым.

— Бул жерде Курманжан датканы неге эстеп кеттиңиз?

— Контрразведкада иштеп жүргөн кезимде, чек араны бойлоп көп кыдырып жүрүүгө туура келди. 1959–60-жылдары Москвадан келген жалаң генералдардан турган бир группаны өзүм баштап, жол көрсөтүп дегендей Ош, Хорог, Тоолуу-Бадахшан менен биздин чек аранын Кызыл-Арт, Мархашки деген жерлерине чейин бардык. Революциядан кийин Алайкууда, ошондой эле Кашка-Суу деген жеринде чек арачылар менен басмачылардын ортосунда чоң согуш болгон. Ошол кандуу окуя туурасында Москвадагы чек арачылардын музейинде чоң картина илинип турат. Музейде Сидоров жана Андрей Сесцений жетектеген чек арачы жоокерлердин колдонгон курал-жарактары, буюмдары экспонат катары коюлган. Ал кезде мен Москвада иштеп, чет өлкөлүк курсанттарга окуу жайда сабак берет элем. Мени командировкага Монголияга элчинин кеңешчиси болуп барасың деп калышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп баргым келбеди. КГБнын төрагасы ал кезде Андропов эмес беле. Ага кайрылууга туура келди.

— Ошол кездеги СССР КГБнын председатели Юрий Андроповдун сизди Москвада калтырганы чынбы?

— Ооба. Мени Москвага эле калтырышты. Мурун окуй албай, негедир убакыт таппай окубай жүргөн китептер бар болчу, ошолорду окуганга кенен убакыт табылды. Москвада жүрүп Касымбековдун «Сынган кылыч» романын кайрадан окуп чыктым. Бул өзү тарыхта болгон окуяны көркөмдөп жазган керемет чыгарма да. Алымбек датка менен Алымбек менен Курманжан датканын баласы Абдылдабек Алайдын эки тоонун ортосунда, Жаңырыктын бели деген жеринде, Гүлчө суусунун боюнда орустарды кысып андан ары өткөрбөй, кууш капчыгайдын ичинде орустарды каршы алган. Кыргыздардын арасынан чыккынчы чыгып, Жаңырыктын белин айланып өткөн жашыруун жолду акчага сатылып, көрсөтүп коёт. Ошондон кийин, орустар алардын үстүнөн ашып түшүп ийгиликке жетишкен экен. Абдылдабек согушуп отуруп, орустарга багынып бербей Ооганстанга качып кирип кетүүгө аргасыз болгон. Анан ал жактан оогандын падышасына кайрылып, «… мага жардам бергиле, Ата Мекенимен айрылдым, жеримди орустар басып алды. Курал-жарак, жигиттериңден бер, мен сага ак кызмат кылам” дейт. «Орустар деген каапырларга, ошолорго каршы күрөшүп берем!” деп кайрылат. Ооган шахынан эч жооп болбойт. Андан көп өтпөй, ошол эле өтүнүч менен дагы бир ирет кайрылат. Экинчи жолу да алардан жооп ала албайт. Ооганстандын ошол кездеги ханы, орус падышасынын баскынчылык саясатына каршы бел байлап чыккан Абдылдабекке курал-жарак, акчалай жардам берүүдөн сылык-сыпаа гана баш тартып коюшат. Анткени, ал кезде ооган ханы өзү орустардын жардамына муктаж болуп калуу коркунучу бар эле. Индияны басып алган Улуу Британия мамлекети Ооганстанга, анан азыркы Орто Азиянын жерлерине көзүн артып, басып алуу максаттары ачыкка чыгып калган учур болчу. Ооганстанды сактап кала турган, жападан жалгыз жардам сурап кайрыла турган мамлекет, бул Россия империясы болчу. Ошондуктан, ооган ханы Абдылдабекке ачык жардам бере алган эмес. Ооган ханынан жардам алып, өз жерин орустардан куткарам деген Абдылдабектин ой-тилеги ишке ашпай, бир аз убакыттай ошол жакта жашап калат. Кийин ооган жеринде ооруга чалдыгат. Качан гана, өлөрүнө аз калганда, «Мен өлүп баратам, жүрөгүмдү кесип алып, Алайга жеткиргиле, өзүмдүн сөөгүм ал жакка жетпесе да жок дегенде менин мекеним деп күйгөн жүрөгүм туулган жериме жетип, атамдын сөөгү жаткан мазарда топурак буйрусун!» деген керээз сөзүн айткан жери мага аябай катуу таасир этти. Мен Москвада ишке ээ боло албай, бир аз убакыт жумушсуз жүргөн кезим эле. Кийин КГБнын окуу жайында сабак бере баштадым. Эртең менен саат онго чейин жашыруун кол жазмалар сакталган китепканада болом. Бош убактым көп эле, керектүү кол жазмаларды бүтүн казып окуп чыктым. Бул кол жазмаларга көрүнгөн эле адамдын колу да, буту да жетпейт болчу. Коопсуздук кызматында кадыр-баркы бар адамдарга гана окууга, таанышууга уруксат берилчү. Менимче, үч-төрт айдай ошол жерден чыккан жокмун. Ошондо, мен өзүмө керектүү көптөгөн маалыматтарды алдым. Андай маалыматтарды бизден табууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Бизде жок, эч кимдин колу жетпеген тарыхый маалыматтардын баары КГБнын архивинде жаткан экен, убактым көптүгүнөн окуп калганга үлгүрдүм. Ошол күндөрү мен билбеген нерселер өтө көп экенине алгач ирет ынандым.

— Ал жерде эмне кызыктуу материалдарды таап окудуңуз?

— Бир документте кыргыздардын Ооган жерине ооп качып барганы, 1920-жылдан тартып кандай абалда жүрүшкөндөрү, Советтер Союзуна эмне алакалары, кандай көз караштары бар, биз менен болгон катнаштары туурасында керектүү, жашыруун кагаздарды окуп чыктым. Мен үчүн баары кызыктуу болгондуктан, бир да барагын калтырбадым. Биздин чыныгы тарыхыбыздын баары, Москванын архивдеринде жатканын өз көзүм менен көрдүм. Мен окуган чыныгы тарыхый булактар, кол жазмалар али-бери биздин тарыхчыларыбыздын колуна тийбейт го. Кокон хандыгы талкаланган кезден тартып, биздин жерлерге ат тезегин кургатпай келген орустардын чалгынчылары, саякатчылары бул жагынан жигердүү, катуу иштешкенин байкадым.

— Ооган согушу башталардын алдында ал жакты өздөштүрүү боюнча чоң эмгек жасаганыңызды көпчүлүк биле бербейт…

— Бизге белгилүү, «малый афганский коридор”, бар го бул өзү Оогандын эң бир четинде турган өзүнчө бир бөлөк мамлекет сыяктуу жер. Төрт тарабын тең асман тиреген бийик тоолор курчаган Памир деген жер, абдан бийик аймак туурасында экен. Эгин сээп, жер айдоо ысыктыгына туруштук бере албаган калк болобуз. Оогандар да аларды кабыл албай коюшат. Же Алайга кайтып кете албай айласы жоктон гана ошол жерди мекендешип, отурукташып жашап калууга аргасыз болушат. Кийин билсем, ал жерде майда уруулар көп экен. Ошол кездеги эсеп менен 20 миңдей адам барып туруп калат. Кийин 40 миңге жетти. Күн батыш жагы Ооган тарабы, ошол жактан чек ара ачык. Оң тараптан бир аз ылдыйлап келип жапыз болуп кетет. Мына ошол жактан гана оогандар кээде кишилерди жөнөтүп, чек ара боюнча кыргыздарга тапшырма беришип, көзөмөлдөп турушат.

Феодалдык замандагыдай кыргыздар өзүнчө хан көтөрүп жашай баштаган. Өзүнчө коом (община) ошол мурунку бойдон сакталып калган. Кийин да, ошол калыптанып калган салт бузулган эмес. Мындай өзгөчөлүктөрдү салыштырып отуруп Пакистанда, Кытайда жашаган кыргыздарга окшобогон, өзүнчө бир кыргыздын коому пайда болгонун түшүнөсүң. Ошону менен келаткан салт экен.

— Ошол кезде, Кытай менен СССРдин саясый мамилелери бузулган кез эмес беле… Союздун Кытай менен мамилеси бузулган кезде Памир кыргыздары менен байланыш кандай болду? Каттоо үзүлсө керек?

— Туура айтасың… 1968-жылы Ыраакы Чыгышта Кытай менен чектеш болгон жерде, Советтер Союзуна караштуу Даманский деген аралда алар биздин чек араны бузуп киришкен. Ортодо ок атылып, замбирек, танк, «Град» менен кадимкидей атышып катуу согуш болгон. Эки тараптан тең өлгөн адамдар көп болуп, Кытай менен Советтер Союзунун ортосундагы жаңжал, чоң согушка айланып кете жаздаган болчу. Эми, ал кезде согуштук курал жагынан Советтер Союзу кубаттуу мамлекет болгондуктан гана токтоп калган. Ошондой тополоң кезде, биз жакка жергиликтүү элден качып келгендер көбөйдү. Бизге да беш-алты адам качып келди. Эми ошолордун ар бирин текшерүүгө туура келгенин айтып кетишим керек. Текшергендеги себебибиз, биз алардын баарынын чындап эле качкын экенине ишене албадык. Айткандарынын баарына ишенүүгө болбоду. Кытайдан качып келген кыргыздар да, «… кытайлыктар менен мамилебиз мурунку мезгилдегидей болбой калды. Бизди куугунтуктай баштады, бизди камай турган болушту. Өзүн-өзү актап, жаныбызды аман алып калыш үчүн мында качып келдик!” дешти. Биз иштеп жатканда текшерүүгө көп мүмкүнчүлүк болбоду. Анализ кылып, аркы-беркисин териштирип көрсөк шектүү жери чыга баштады, ал эми алар качып келген жактан текшерүү кыйын болду. Андай мүмкүнчүлүк бизде жок болчу.

— Сиздерди ошол учурда ал тарапка Кытай өткөзбөсө керек?

— Биринчиден, официалдуу түрдө эч кимди киргизбейт. Чек ара зонасы, анан да чек аранын тилкеси дегендер бар. Мына ошол чек араны кытайлыктар өтө тереңдетип жиберишти. Аларга карата биз да ошенттик. Качып чыккандардан Ысык-Көл областына, Бедел ашуусунан Көк-Айгырга, Торугарттын жанында эки үч состав бар, ошол жерден жөө чыгып дагы бирөө качып келди. Ошол тоонун кыясы менен кеткен жалгыз аяк жол бар экен. Анан айлабыз кете баштады. Бул учурда мурун тигилер жакта тууган-уруктары бар кишилер тааныштарына жетиш керек эле. Бир убакта карасак Кытай бийлиги Эркеш-Там жакты, азыркы Памир аймагын биздин жерлер деп ачык эле айта башташты. Бир убакта Памирге дагы көздөрүнүн кырын салып карап калышты. Бул өзү Тажикстандын каршысындагы жерлер да.

— Памир тоолоруна кытайлардын көз арта башташканынын сыры эмнеден экен? Эмнеге таянып, ал жерлер биздики деп айтып жатышты деп ойлойсуз…

— Ооба, мен дароо эле Тажикстандын КГБнын төрагасы менен сүйлөшүп, жолун издеп, ошол жактан кыргыздар Кытай жакка түшүп, ал жактагылар менен катташы бар экенин билдим. Ооганстан болсо өзүнчө мамилеси болгон соң, алар Кытай менен катташы бар. Кыргыздар илгерки убакта эле ал жерлерге байырлап, ошол жерге отурукташып калышкан экен. Аларды кайсы уруудан экен деп изилдей баштадык. Биздин коопсуздук кызматынын иликтөөсү, Ооганстанда жашап келаткан кыргыздардын башчысы, Рахманкул ханга барып такалды. Памирде жашаган кыргыздардын баарын ошол башкара турганы бизге маалым болду.

 

РАХМАНКУЛ ХАН

— Ооган жериндеги согуш башталардан бир аз мурун, сиз өз адамдарыңыз менен Рахманкул ханга байланышты баштаган экенсиз. Рахманкул хандын сабаты жок болгону менен, Кудай берген дипломатиялык таланты болгон дешет, ошол чынбы? Анын мындай тубаса жөндөмдүүлүгүнө кандай далилдериңиз бар…

— Рахманкул хан өтө уникалдуу, тарыхый личность болгону чындыгында талашсыз. Бу кыргыздар жашабаган жер жокко эсе. Ооган жеринде тейит, найман, бука, кесек, кочкор, окчун, кызыл-аш, кыпчак, кыдырша ж. б. уруулар илгертеден бери байыр алышып жашап келишет. Кыргыздар Ооганстандын Чоң-Памир, Кичи-Памир деген шарты катаал жеринде жүздөгөн жылдар башта эле отурукташып, ал жерге тамырлашып, мекендеп келишет. Кыргыздар жашаган жерлерге оогандар өзүлөрү келип жашай алышпайт, тозоктун-тозогу деп айтып калышат. Чынын айтканда, кыргыздан башка адам баласы ал жерлерге бир күн да чыдап жашай албаган кунарсыз жер, эми ошол жерлерди мисир тутуп жашаган кыргыздардыкы деле эптеп эле жашоо экен. Алар андан башка жашоо бар экенин да билишпейт. Кар калың түшкөндө ашуудан өтө алышпай жазга чейин байланыш, каттоо үзүлүп кала турганын угуп, боорум ооруду. Кыргыздар кызык эл болобуз, өзүбүз жашаганга эмес, малга ылайыктуу тоют болсо эле, жаратылышы өтө катаал жерлерде болсо да жашай беребиз. Алардын арасында өтө бай жашаганы Рахманкул хан болуптур. Анын бир нече миңдеген малын баккандар эле 500 адамга жеткен дешет.

Эми алардын көбүнүн ата-теги Мургаб менен Оштун Алай тарабынан келишкен бул кыргыздар экен. Ал эми Рахманкул хан 1904-жылы, Алай жергесинде колунда бар, өз оокатына тың адамдын үйүндө туулган деген далилдер бар. Кээ бир маалыматтарда, анын жерлиги Мургаб болот деп да айтып калышат. Совет бийлиги акырындык менен Алай жергесине да келет. Тоо кушундай ээн-эркин жүргөн тоолук кыргыздарды советтик мыйзам советтик жашоого үндөдү. Рахманкул өзүнө караштуу жакын адамдарынын башын бириктирип кызыл аскерлер менен кармашат. Алгачкы согуштук беттешүүдө кызылдар көп жоготууга учурайт. Анткени, Алай тоосунун коен жатагына чейин билген Рахманкулдар аларга тынбай, күтүүсүз жерден сокку уруп турушкан. Рахманкулду жергиликтүү калк дагы колдоп тургандыктанбы, кызыл аскерлер көптөгөн жоготуу артынан жоготууга учурай беришет. Бирок убакыт өткөн сайын Алай жергесинде да Совет бийлиги орноп, тез эле кубаттанып, анын таасири орной баштайт. Ал эми НКВД менен чек арачылар да сан жагынан Рахманкулдун жоокерлеринен көбөйө баштайт. Убакыт өткөн сайын күч ким тарапка ооп бара жатканын Рахманкул да түшүнө баштайт да, түнү менен эч кимге байкатпай качууга аргасыз болот.

— Рахманкулдун колго түшүп бериштен же согушуп жатып Кытай тарапка өтүп кетиштен башка амалы жок калган экен да. Туурабы?

— Ооба. Ал өз учурунда, кызыл аскерлерге колго түшпөй Алайдан кетип калды. Антпесе, Рахманкул колго түшүрүлүп, аны элдин көзүнчө атып өлтүрүшмөк болушкан. Андан да Рахманкулдун жанына тыңчы катары кызылдарга иштеген адамды кошушкан. Ал тыңчы адам Рахманкул тараптагы маалыматтарды тымызын кызылдарга жеткирип турган. Өз убагында, Кытайга тоо таяна качып кетпегенде, анын жигиттеринин арасына атайын киргизилген тыңчынын колунан өлмөк. Бирок, Рахманкул өтө кыраакы, акылдуу, андан да табиятынан куу адам болгондуктан, ал түнү менен өзүнө караштуу өтө ишеничтүү адамдарын алып качып чыгат. Рахманкулдун чек араны бузуп өтө турганы боюнча маалымат НКВД менен чек арачыларга жетет. Чек ара заставасынын командири Рахманкулдар өтө турган жерге курал-жаракчан жоокерлерди жөнөтүп, ашууга алдын ала буктурма койдуртуп коюшат. Кызылдар менен бул убакытка чейин бир топ машыгып калган амалдуу Рахманкул, мына ошол чек арачылар тосуп турган жерди айланып өтүп кетишет. Ал эми алдынан чыккан анча-мынча кызыл аскерлерди атып өлтүрүп, Рахманкул өтө оор ашууларды ашып, Кытайдын Кашкар тарабына аман-эсен өтүп кетүүгө үлгүрөт.

1930-жылдары, андан кийин деле НКВД басмачылар менен согушууда өтө көп жоготууга учураган. Анткени, чек арачылардын көпчүлүгү тоо арасындагы согуш тактикасын жакшы билишкен эмес. Рахманкул өз адамдары менен ал жакта 1940-жылга чейин жашап турат. Ошол эле учурда Кытайдын ичинде деле тынч болгон эмес. Ич ара согуштар, андан да Япондор да Кытайды алсыратып турган. Бир күнү Рахманкул өзү менен бир уруулаштарын, жигиттерин алып Ооганстанды көздөй жөнөйт. Отурукташып калган жергиликтүү кыргыздардын Ооганда башын бириктирет. Ошентип Ооган Памириндеги кыргыздары да Рахманкулду өздөрүнө хан көтөрүп шайлап алышат. Ошол бойдон Рахманкул хан ооган кыргыздарын 1978-жылкы апрель революциясына чейин башкарат.

— Ошондо Рахманкул хан Ооган кыргыздарын канча жыл башкарган экен?

— Памир кыргыздарын Рахманкул хан туура 40 жыл башкарыптыр. 1973-жылы Ооган бийлиги кыргыздар көзөмөлдөй турган чек ара тилкесин көрсөтүшүп беришкен. Эң башкысы, кыргыздарга ооган бийлиги ишеним артканы ушунда жатат да. Бул аралыкта жалгыз Рахманкул хан өзүнүн жеке бийлигин жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар жашаган табияты татаал, Памир тоолорунда кышкысын 20–35 градуска чейин суук болуп, ал эми жаз айлары эки-үч ай гана болот. Ал жерди Вахан коридору деп коюшат. Бул жер түндүгүнөн Тажикстан, күн чыгыш жагынан Кытай, түштүгүнөн Пакистан менен чектешкен Ооганстандын жери. Падышалык Россия Орто-Азияны багындырып алган кезде, бул стратегиялык чокуларга Англия да көз арткан. Анткени, бул жерлер согуштук стратегиялык жагынан караганда аскердик багытта жогору бааланган. Азыркы күндө да ошол стратегиялык маанисин жогото элек. Памир тоолорун бекер жеринен дүйнөнүн чокусу деп аташпаса керек.

— Кабулдагы шахтын сарайын деле КГБнын жардамы менен алышкан дешет го?

— Албетте. Эми, айтып отурса СССР КГБнын колу бир топ жерге жеткен. Кабулда Москванын жардамы менен, КГБнын жардамы менен, мамлекеттик төңкөрүш иш жүзүнө ашкан. Рахманкул хан кайрадан союзга келе албайт болчу, бир гана жол, Пакистан тарапка качуу экенин ал жакшы билет эле. Советтер Союзунун куралдуу күчтөрүнүн контингентине каршы согуша албасын, Алайдан чыккан «карт жолборс” өз убагында түшүндү. Карый түшкөнүнө карабастан Рахманкул хан КГБ анын изине түшө электе, 1979-жылы чек арадан Пакистанга өтүп кетүүгө үлгүрөт.

Советтик аскерлердин контингенти Ооган жерине кирип барганда, Рахманкул хан өзүнө караштуу 300гө жакын үй-бүлөөнү алып, малдарын айдап эки жума дегенде Пакистандын чек арасына жетишет. Тынчтык издеп, баш калкалап барган кыргыздарга Пакистандын Кашмиринде деле тынч эмес болчу. Ансыз да Кашмирдин түндүгүндө инди-пакистандык кагылышуулар аягына чыга элек кез. Ооган кыргыздарынын номер биринчи душманы, Күндүн мээден өткөн ысыгы эле. Рахманкул хандын Памирден айдап барган малдары, бул жактагы Күндүн ысыгына чыдай албай кырылып жаткан учурга туш болду. Адамдар арасында да күндүн ысыгынан, ичкен шордуу суудан каза болгондор боло баштады. Кыргыздардын арасында ар кандай жугуштуу оорулар пайда болот. Жергиликтүү жакыр жашаган эл да ооган кыргыздарын кучагын жайып тосуп алышкан эмес. Эки тараптуу майда-барат кагылышуулар болуп турган. Рахманкул өз элин чыдамкайлыкка чакырган. Рахманкул хан 1980-жылы Исламабаддагы АКШнын элчилигине барып, АКШ менен Канаданын чегиндеги Аляскадагы тоолуу жерден ооган кыргыздары үчүн башпаанек сурайт. Кээ бир маалыматтарга таянсак АКШнын элчилиги макулдугун бербептир деген да маалыматтар айтылып жүрөт. Мен жетектеген КГБнын балдары менен да ошол күндөн баштап аны менен байланыш үзүлүп калат. Өзү менен болгон ооз эки маалыматтарга караганда, 4–5 миңдей адамы менен аргасыздан баш калкалап барышат. Ал жердин климаты өтө ысык келгендиктен, Памир тоолорунун бийик салкын абасында жашап, ошого көнүп калган адамдар, жаш балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар үчүн өтө эле оор болот. Пакистандын мээ кайнаткан ысыгына чыдай алышпай канчалаган Памир кыргыздары көз жумушат. Жашы бир топко барып калган Рахманкул хан үчүн да оңойго турган жок. Айласы кеткен хан өз эли менен табияты өтө татаал Пакистандын ысык жеринде жашоого көнө албай, аябай кыйналышат. Жаны тынбай өзү менен Памирдин бийик, таза абасын таштап качып келген эли үчүн башка ылайыктуу жер издей баштайт. Антпесе, эли менен кошо өзү да Пакистандын туздуу суусу менен Күндүн ысыгына чыдай алышпай, жаш балдар менен курагы өтүп калгандары өлө баштаган. Памирден келген кыргыздар четинен кырылып калуу коркунучун сезет. Дагы бирөөлөрдүн айтымында, АКШнын Пакистандагы элчилигинин кызматкерлери келип Рахманкулга атайын жолугушуп, ал тургай Алясканы көрүп келүүгө самолётко уулу экөөнө тең авиабилетинен бери даярдап коюшса да, эмне үчүндүр башында макул болгон Рахманкул хан, ал оюнан айнып кеткени эч кимге түшүнүксүз.

— Ошол оор учурда кыргыздарга дили, тили жакын болгон боордош Түркия мамлекети тарап да Рахманкул хан менен жолугууга ашыккан дешет го…

— Балким тили, дили, дини да бөтөн элдин жерине баргысы келбегендир. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп Рахманкул хан өтүнүчүн 1982-жылы Туркияга билдирип, маселе чечилиптир. Эми, шарты татаал АКШынын Аляскадагы жерлерине караганда кандай болгон күндө да, түрктөр да биздей бир динди тутунган мусулман калкы эмеспи, андан да памир кыргыздарынын теги да түрк тилдүү калк экени Рахманкул ханды ынандырды окшойт.

— Памир кыргыздарына түрк туугандарыбыз кай жеринен орун бермек болушат…

— Түркия мамлекети да кыргыздарга ылайыктуу деп Ван көлүнүн жанынан жер бөлүштүрүп беришет. Ар кандай эл аралык уюмдар, өзгөчө Түркия мамлекети ооган кыргыздары очор-бачар жашап кетүүсүнө бардык жагынан чоң жардам көрсөтүшөт. Мындайча айтканда, азыркы күндө Памирден көчүп келген кыргыздар үчүн Түркия алардын экинчи мекенине айланып калды десем жаңылышпайм. Убакыт өткөн сайын Пакистанга барган ооган кыргыздарынын арасынан да жарака кетип, ич ара тирешүү да болгон дешет. Эл арасында кадыр-баркы бар Абдурашид менен кошо келген 50дөй ооган кыргыздары Рахманкул хандын соңунан Түркияга кетүүдөн баш тартышып, өзүлөрү мурун жашаган Кичи-Памирине кайтып барышат. Рахманкул хандан бөлүнүп кеткен кыргыздар Абдурашидди өзүлөрүнө хан кылып шайлап алышат. Абдурашид орус аскерлеринин башчылары менен мамиле түзүүгө жетишет. Акыркы кездерде ооган кыргыздарынын арасында баңгиликке берилгендер көбөйүп, баңглик эл ичинде да көнүмүшкө айланганы өкүндүрөт.

— Жумабек Асанкулович, Рахманкул хан бир нече мамлекеттин коопсуздук кызматтарынын агентурасында жашыруун иштегени туурасында маалыматтар айтылып жүрөт, ушунун чындыгы барбы?

— Рахманкул хан өзүнүн бийлигин сакташ үчүн Кытай, Ооганстан, Германия, Пакистан, Советтер Союзу менен деле жашыруун мамиледе амалкөйлүк кылып, өзүнчө дипломатиялык тил таба билген кыйын адам экенин иш жүзүндө көрсөтө алган. Кээ бир учурда суроонун чындыгын айтып, кээде атайылап эмес эми. Болуп жаткан окуянын чындыгын дегеним. Көз карашын өзгөртүп. Кытай тараптагы чек арада аскер күчтөрү көбөйүп, окоптор казылып, мындайча айтканда жашыруун эмне болсо билип берүү. Кытай менен мамиле бузулду. Көрсө, Рахманкул хан туулган жерим ушул жакта деп чек арачыларга кээде жолугуп, эми өзү издеп келген эмес, мүмкүнчүлүк болсо жол издеп тиги Кабул тараптанбы, каяктан экенин мен билбейт экенмин, бул кишинин көп учурларда бизге чоң жардамы тийип тургандыгын кийин билдим. Бизге кандай керектүү нерсе болсо, ошону тууралап, ыңгайын таап айтып, адамдардан айттырып жиберип турганында болду. Көчмөн кыргыздар жайкысын Пакистандын жерине түшүп барышат экен. Аябай бийик жердеги жайлоо жерлерин алар анчейин жакшы карабайт дешти. Мал айдап, кыргыздардай болуп мынчалык бийик тоолордо алар жүрүшпөйт экен. Пакистандын түндүк провинциясынын эң бийик тоолорунда жайлоолору бар. Быягы Кашмир, Жализ деген жерлер, Пакистан менен Индиянын талашкан жерлери. Бир учу барып Кичи Памир кыргыздары мекендеп калган жерлер. Рахманкул ошол жерлердин төрт тарабын тең мыкты билет экен.

— Алар менен болгон байланышты кантип баштадыңар?

— Москвадан мага, алар менен тыгыз байланышууга уруксат беришти. Биз ушуларды билип алып анан алар менен сүйлөшүүлөргө чыктык. Агент болуп бизге кабар, же маалымат берип тургула деп чыкканыбыз жок. Жөн эле кыргыздарга ун, кант, кийим кече жагынан жардам берели дедик. Алар жашап турган жерлерде эч нерсе өспөйт. Биз аларга аттарга жүктөп керектүү нерселерди алып машина менен жеткирип, тигилерди чакырып жолугуп, эчен жолу коопсуздук кызматынын кызматкерлери Рахманкул хан менен жолугушту. Биздин балдар иштейт деп айтпаганым менен деле, хан баарын сезип турду. Булар деле жөн келген киши эмес деп ал деле сезип, билип турган. Биз болсо арканды алыс таштап, келечекке жол салып жатканыбызды кыраакы Рахманкул хан ким менен сүйлөшүп турганын билген үчүн, бизге керектүү маалыматтарды ирети менен айтып берчү. Бизден барган КГБнын кызматкер балдары ага берүүчү суроолорду алдын ала даярдап алышчу. Эми көчкү жүргөн жерлер бар, ар кандай кыйын кездерде жолугуша турган элек. Биз силерге өтүк, жакшы шапке жана башка керектүү нерселерди айтып, ошондо киши жөнөтөсүзбү, же өзүңүз келесизби десек эки, үч жолу биз менен жолукканы өзү түшүп келди.

— Памир кыргыздарын башын бириктирип башкарып келген Рахманкул хандын кандай касиеттери бар экен?

— Бир жолу келгенде биздин балдар отчет жасайт да, ырайына карасак Рахманкул хан кичине оорукчан экен. Сыркоолоп калгандай көрүндү. Мен балдарга айттым, бир доктур ала барсаңар деп. Алар өздөрү да айтышты, «… бизде доктур деген жок! Ошол жагынан каралашып турсаңар» деп. Кийин КГБнын балдары барышканда, Рахманкул хандын «хроническое воспаление легких» экенин айтып келишти. Ал кишинин кан басымы өтө жогору экен. Ошондой оорусу менен бийик жерде жашап жүргөнүнө таң калдым. Ага биздин врач балдарыбыз дарыларды өз убагында сааты менен ичип турушун эскертип айтышыптыр. Рахманкул хан да биздин балдарга ден-соолугун тыкыр текшерип чыккандарына ыраазычылыгын билдирет. Жанагы врач анын кан тамыры менен кошо боюн да өлчөп көрөт. Рахманкул хан деле өзүнүн оорусун билбейт көрүнөт, мындайча айтканда баатыр чалыш, балбан киши экен. Рахманкул хан жүрөктүү, акылдуу анан калыс, токтоо, жөнөкөй киши дешти.

Рахманкул хан өзүнүн жөндөмү, табигат берген турпаты, кадыр-баркы, касиети менен хан болуптур. Алгач, биздин балдар менен жолугушканда, «… силердин чоңуңар ким?” деп сураптыр. Алар да силердин сыртыңардан багып, карап жүрөт дешип менин атым менен фамилиямды айтышыптыр. Ал эми тиги жакка да бир нече ирет барып келген деп айтышканда Рахманкул хан ыраазы болуптур. Менин балдарыма Рахманкул хан «мага дайыма келип силерге кездешип турганга болбойт, сезип калышат. Оогандар да жаман ойго кетишип, бизге доомат кылып жүрбөсүн. Менин ишенимге кирген жигиттерим бар, ошолорду жөнөтүп турамын. Ошолор аркылуу бири-бирибиз менен байланышта бололу. Бере турган нерселерди да, ушуларга берип тургула!” деп кийин жөнөткөн КГБнын кызматкери менен коштошуп жатып айтыптыр. Биз ошентип ортодогу ишенимдүү адамдар аркылуу хан менен сүйлөшүп, кабарлашып, байланышып турдук.

— Рахманкул хан Ооган мамлекетинин чоңдору менен да жакшы мамиледе болгон дешет го… Өзгөчө кимиси менен жакшы мамиледе болгон экен?

— Ооба. Анан баланча маселе боюнча Кабулга барганда же качан, канча күнгө эмне маселе менен барат аны хан өзү айттырып жиберет. «Кабулга барганда бул маселе боюнча биле келсеңиз, эгер мүмкүнчүлүк болсо?” деп биздин балдар андан суранат. Ооган мамлекети ал жердеги кыргыздарга чек араны карап тургула деп курал-жарак, ок- дары, анча-мынча айлык да берип турушат.

Ошентип, биздин КГБнын кызматкерлери аркылуу Рахманкул хан менен тыгыз иштешип жүрдүк. Анан биз ошол суранган маселелер боюнча маалыматтарды өз убагында алып турдук. «Баланча деген кишиңер тигиндей, мындай экен!” деп биз кызыккан адамдар туурасында пикирин билгизди. Анан немецтер суранып жатышыптыр, ошого карап байкап көрөлүк дептир. Немиси, француз, англичаны болсун дурустап, текшерип, туруп анан өзүңөр жакшылап көзөмөлдөгүлө деп тапшырма беребиз. «Алардын көздөгөн максаттары эмнеде, балким Советтер Союзу боюнча уюштурганы жатышкан ой-пландары бар экенин билиш керек, аларды ал жерлер эмне үчүн кызыктырат, мурун келишкен беле?” деп сурайбыз. Жок дешип, анан бир топ жыл илгери немецтер келгенин айтышты. Ким менен жолугушканын, эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн билип алып жаттык. Болгон нерсенин баарын биздин балдар магнитафонго жазып жатканын тигилер билишпейт. Жөн эле сүйлөшүп жаткандай түр беребиз. Келген сайын биздикилер жазып кетип жатышты. Биз Кабулда канча кыргыз бар, чоң кызматта жүргөндөрү барбы? Ошо чоң кызматта жүргөн кыргызга биз суроо койсок, ал Ата Мекеним деп өзүнчө эч кимге билгизбей бизге жардам берсе дейбиз. Официалдуу түрдө эмес, акырын кылдаттык менен. Өзүнүн ошондой методдорун сак колдонуп көрсөк, бир тыянак болот деп жүрөбүз да. Анан Пакистандан жол издеп, кандай адам жөнөтсөк деп жүргөнбүз. Биз ошол жакка чыгуучу жолдун маршрутун издеп — ​мындай чыкса суу, тигиндей чыксаңар ашуу, тоо болот деп, андан да баланча саат, күнүнө чейин, ашуулардын бийиктиги татаалдашып, чек арачылар кай жеринде турушат, ошолордун баарын текшерип билүүгө бул кишинин жардамы аябай чоң болду. Бул жагын мен өзгөчө белгилеп кетким келет. Анткени ал өтө акылдуу, тубаса кыраакы, өзү албеттүү, узун бойлуу, сулууча келген киши болгон. Өзү шадылуу келген, элди башкарганга тубаса таланты бар экен. Чек араны Рахманкул хан өзү көзөмөлдөп, жигиттери менен кайтарган. Кимдин келген-кеткенинен бери билип турчу. Анан ич ара жаңжал чыкса да баарын өзү эле чечип койчу экен. Анткени, Рахманкулдун колунда чексиз бийлик болгон. Ал ошол учурда ооган кыргыздарынын ханы болуу менен, Рахманкул ажы Жапакул уулу Памир кыргыздарынын бийи, соту, прокурору, милициясы, чек ара кызматынын башчысы болуп турган деп түшүнсөк болот. Керек болсо, бизче айтканда КГБсы да өзү болгон…

(Уландысы кийинки санда)

Share