— Кайып Шер ага, элди аралап жүрөсүз, өлкөдөгү саясий абал кандай?
— Саясий кырдаалды опурталдуу десек, кесир сүйлөп калышыбыз мүмкүн, бирок ошол эле маалда жакшы дегенибиз дагы чындыкка коошпой калат. Анткени, элди кымбатчылык абдан жүдөтүп жатат. Ага бийликти гана күнөөлөй коюу туура эмес, сырткы басым-кысымдар, кризистер жана пандемия залакасын тийгизип жатат. Албетте, былтыркы бийлик алмашуудан кийинки айрым кызматкерлердин шалаакылыгы да кымбатчылыкка кедергисин тийгизди. Бул жагдай элибизге оор болуп жатканын ачуу болсо да айтып коюшубуз керек. Саясий жааттагы эң орчундуу окуя Аскар Акаевдин өлкөгө келиши болду. Көптөгөн нааразычылык менен өзүбүз куудук эле, кайра өзүбүз тосуп алдык. Ооба, анын келишин сындагандар көп болду, бирок калыс пикир айтылбады. Мен деле 60ка таяп калдым, андыктан салмактап сүйлөсөм, бийликтегилер да элди ынтымакка алып келсек, баарын таза барактан баштасак деген ниет менен Акаевдин келишине шарт түзүштү окшойт. Аны туура түшүнүп, туура кабыл алышыбыз керек. Бирок, ошол ыңгайлуу шартты Аскар Акаев актаган жок. Жылмаңдап келип, жылмаңдаган бойдон кетип калды. Келгенге жараша бир жакшылыктын жышаанын баштап, Ф. Киркоровго 1 млрд рубльге саткан үйдүн үлүшүнөн мамлекетке болгон жардамым деп таштап кетсе болмок. Албетте, “Болору болду, боёсу канды” дегендей, Акаев келди, кетти, бирок анын артында абдан чоң нааразычылык жаралууда. Дегеним, түштүк тарапта эмне үчүн Аскар Акаевге шарт түзүп, Бакиевдин келишине бөгөт коюшат деген нааразычылык күч алууда. Экономика оор болуп жатканда, шайлоонун босогосунда турганда, мындай ажырымдын күчөшү стабилдүүлүккө таасирин тийгизиши ыктымал. Андыктан, тез арада Бакиевдин келишине да шарт түзүлүшү керек.
— Сиз Апрель революциясынын баатырысыз, “Бакиев келбеши керек” деп жүргөндөрдүн бири элеңиз, эмнеге мынчалык пикириңиз өзгөрдү?
— Ооба, мен дагы туу көтөргөм, революцияга катышкам. 90 киши өлдү, эми Бакиев келбесин деп жүргөм. Июнь коогалаңында дагы 500гө жакын жараныбыз шейит кетти. Андан кийин конфликтолог болуп иштедим. Мамлекетибиз оңолот деген үмүт менен Убактылуу өкмөттүн далай жаман иштерин жашырдык. Тилекке каршы, ал мээнетибизди актаган жок. Бир фактыны айта кетсем, 2010-жылы 10-июнда УӨнүн мүчөлөрү Ош окуясынын алдын албай, И. Исаковдун туулган күнүн белгилеген. Ошонун акчасы бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй турат. Табакташтары деле төлөп койсо болмок, бул уят көрүнүш да. Иши кылса ушундай иштери көңүлдү абдан суутуп койду. Жакында И. Исаковго жолугуп, Исмаил аке, сиздер үмүттү актабадыңыздар, мен буга чейин Бакиев келсе согушам, аягына чейин турам деп келгем, мындан ары оюмду 180%га өзгөртүп, эли-журттун ынтымагы үчүн келсин деп жатам дедим.
— Бакиев келсе камалат да?
— Ооба, 20 жылга соттолгон, ал камалат. Бирок, 7-апрелдеги окуянын ак-карасын так аныкташ үчүн тергөө кайра башталат. Бакиев пайгамбар жашынан өттү, ага азыр эл алдында жүзүн ачып, түрмөдө болсо өз жеринде болуу баарынан артык, өзү билген чындыктын баарын чыгарат. Ошондо гана кимдин ким экенин так билсек болот. Биз Бакиевге шарт түзүп, кандуу окуянын аныгына жетишибиз керек. Байболов ж. б. көрсөтмөсүндө 16 гана бала эле, калганы кайдан келди деген суроо коюлган. Морадерлук маалында өлгөндөрдү, моргдо жаткандарды кошту деген фактылар китептерге чейин жазылды. Өлүп калды дегендердин бирөөсү тирүү табылды. Мен деле 7-апрелде эртеден кечке чейин Акүйдүн алдында туу көтөрүп турдум. Калыстык үчүн айтып коюшум керек, жанагынча киши өлгөн эмес. Мени да ушул маселе абдан кыйнайт, түйшөлтөт. Бакиев келсе, маселенин аныгына жетмекпиз. Анан Акаев келди, Бакиев да келди деп, элдин ынтымагын камсыздамакпыз, баарын ак барактан баштамакпыз.
— “Убактылуу өкмөттүн далай иштерин жашырдык” деп жатпайсызбы, былыктарын ачык айта турган кез келди го, жарылбайсызбы?
— Мен айткан менен иш жүрбөйт, өздөрү башташы керек болчу. Тилекке каршы, азыр булар бирин-бири “шантаждоо” менен иш арасатта калып калды. Маселен, июнь окуясын кайра иликтөө боюнча С. Жапаровдун буйругу чыккан эле, тергөө органдары Убактылуу өкмөттүн күнөөлөрүн аныктап чыгышы керек болчу, бирок Отунбаева биз да материалдарды көтөрөбүз дегенден кийин токтоп калды. Мен кыргызчылыкты, теңирчиликти туу туткан киши катары, булардын тирешинин айынан арбактар көккө көтөрүлүп кете албай жатканын эскертип койгум келет. Эми минтип, бирин- бири аяп, кемчиликтерин жаап-жашырып отура беришсе, биз эки тараптын тең айыбын айтып чыгып, чындыкты элге ачыктайбыз. Булар мародерлук кылып жүргөндө дагы биз көп маалыматтарды топтоп алганбыз.
— “Кумтөр” боюнча тергөө жүрүп жатат, экс-президенттер камалышы мүмкүнбү?
— Азыр камалгандар аксымданып жатат, алардын эч кимиси таза эмес, баары ууру. “Кумтөр” өзү башынан чыла болгон. Сырткы күчтөрдүн иши да. Көптөгөн топтордун кызыкчылыгы турат. Эми шайлоого да кесепети тийиши мүмкүн. Албетте, баарын президенттер чечип келген, бирок мыйзам негизинде аны далилдеш кыйын. Аткаруучулар гана кол койгон, ошолор гана илинет. Мисалы, Акаевди чакырып тергеди, кармай албады. Демек, Бакиевди да, Атамбаевди да, Жээнбековду да кармай албайт. Менин күйгөнүм, бүгүн Атамбаевдин балдары депутат болгусу келип чуркап жүрөт. Аларда атасы жеп кеткен миллиарддаган акча бар, аны сураган жан жок. Кой-Таш ж. б. иштерди гана тергеп жатат. Акырында айтарым, шайлоо президенттерди буттан чалып келди. С. Жапаров менен К. Ташиев партияга дагы, бир мандаттуу округга дагы бир туугандарын жана балдарын аралаштырбасын. Эгер аралашса, анда аягы кейиштүү бүтөт.
Кылыч Кудайбергенов
Мародёрлук учурунда окко учуп, түшүнүксүз себептер менен “революционер” аталып калгандар бар…
…2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапты карап көрсөк, окко учкан, жаракат алган чыныгы ыңкылапчы, Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жанын берген мекенчил жаштар, кээ бир кылмыш дүйнөсүнүн жасоолдорунун, бейдарек адамдардын (БОМЖдордун), көр оокаттын артынан түшүп бирөөнүн жеке менчигине кол салган (мародёрлордун) талоончулардын, жөн эле максатсыз, жолулаш келип тепсендиде калган көр пенделердин фонунда коомчулукка жек көрүнүп, убакыт өткөн сайын унуткарылып, өз абройлорун жоготуп баратканы байкалат. “Ата-Бейитке” сөөгү коюлган “7-апрель баатырларынын” арасынан Максымбеков Маралбек сыяктуу тирүү адамдар чыга баштаганы, коомчулукту аргасыз ирээнжүүгө алып келип, төңкөрүштүн каармандарына ишенбөөчүлүк жаралууда. Кумдан алтын чайкап бөлгөндөй, чыныгы баатырларды кылмыш дүйнөсүнүн жасоолдорунан, бейдарек адамдардан (БОМЖдордон), жөн эле максатсыз келген жолоочу пенделерден, көр оокаттын артынан түшүп, бирөөнүн жеке менчигине кол салып жатып окко учкан же жаракат алган (мародёрлордон) талоончулардан айырмалай албасак, Максымбеков Маралбек сыяктуу тирүү арбактардын көлөкөсү, тарыхыбызга кара так түшүрөөрү бышык. Ошондуктан, өткөн бийликти каралап же актабай, азыркы бийликке ийилип же какайбай, бизге чейин “7-апрель баатырлары” жөнүндө жарыкка чыккан китептердей окуяга бир беткей баа бербей, документалдуу фактылар менен иликтеп чыгууну туура көрдүк. Окуяга назар салып, жыйынтыктуу калыс баа берүүгө эл аралык уюмдардын же бийликтин көзүн караган соттордун эмес, бир гана сиздердин эркиңиздер жетет, урматтуу Кыргызстандын карапайым калкы!
Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон бейкүнөө адамдар, ошол кездеги бийлик төбөлдөрү менен оппозициянын көч башындагы “патриоттордун” абийиринде турсун. Мезгили келгенде нагыз чындык баары бир айтылат. Апрель айындагы төңкөрүштө Ала-Тоо аянтына ыңкылапчылар менен кошо куралдуу топ келгени коомчулукка маалым. Ал эми окко учуп каза болгондордун, жаракат алгандардын арасында бир тобу катуу мас абалында болгонун, соттук-медициналык экспертиза далилдеп берди. Дагы башкалары арматура, союл жана туюк предметтерден алган жаракаттан, мылтыктын чачма огунан каза болгону ачыкка чыгып жатат. Менчик авто унаасынын ичинде, арткы отургучта отурган жеринде атылып өлтүрүлгөндөр, авто кырсыктан каза тапкандар, жаракат алгандар да кездешет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Юстиция министрлигинин алдындагы эксперттик-криминалдык борбордун соттук-баллистикалык-трассологиялык экспертизасы жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы далилдегендей, Ак үйдү коргогон мамлекеттик күч органдарынын кызматкерлери эч качан арматура, союл, туюк темир, чачма ок атуучу мылтык, гранатомет, граната колдонгон эмес. Артынан кууп жүрүп авто унаасында отурган жеринен да эч кимди аткан эмес. “КАМАЗ” менен революционерлерди теоелетип өлтүргөн фактылар да кездешпейт. Ошол кезде Убактылуу Өкмөттөгүлөргө өлгөн адамдардын саны канчалык көп болсо, эски бииликти ошончолук элге жек көрсөтүүгө, ынанымдуу жагдай түзүлгөн эмеспи? – деген күмөндүү суроо жаралат. Билип туруп, элди өлүмгө алып барган атайын топ, ушул учурду абдан ыңгайлуу пайдалангандай таасир калтырат.
Жетинчи апрель каармандарынын арасында, башка себептер менен, башка жерлерде каза болуп, “Ата-Бейитке” сөөгү коюлгандары да, тирүүлөрү да, бейдаректери (БОМЖдары) да чыгууда. Аларды “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде кыргыз элинин мекенчил уулдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов ж.б. кыргыздын дүйнөгө төбөсү көрүнгөн залкарлары менен катарлаш коюу маселеси да ойлонулбай кабыл алынган, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн шашылыш чечими болгон десек жаңылышпайбыз. Баарына мезгил өзү тараза, өткөн кылымдагы кыргыз мамлекетинин алгачкы пайдубалын түптөгөн, кыргыз эли үчүн өлүмгө да даяр турган, мекенчил аталарыбыз “улутчул”-деген жарлык менен сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан. Биз “7-апрель баатырлары” деп Ата-Бейитке сөөгүн жашырган азаматтарыбыздын арасынан тирүү адамдардын, бейдарек пенделердин чыгып жатканы, мамлекетибиздин келечегине, өткөн тарыхына биздин кайдыгер мамиле жасаганыбыздын далили эмеспи?
Ошол кандуу 1930-жылдары, кыргыз эли өзүнүн эң мыкты, илим-билимдүү, келечекти алдын-ала көрө билген, акылгөй бир муунунан ажыраган. Ал Кыргыз элинин тарыхындагы абдан кайгылуу мезгил. Ал күндөрдү унутууга же чаташтырып талдоого биздин да, бизден кийинки муундардын да акысы жок. “Апрель ыңкылабынын каармандары” аталган жигиттердин кимиси “Ала-Тоо” аянтына өлкөдөгү саясый системаны өзгөртөм, элдин турмушун жакшыртам деген чыныгы аруу ниети менен келип, ал эми кимиси жөн гана кокусунан тийген дейди октун курмандыгы болгонун, дагы канчасы башка жакта, жеке менчик үйлөрдү, дүкөндөрдү, кафелерди, соода борборлорун талап-тоноо (мародёрлук) учурунда окко учуп, түшүнүксүз себептер менен “революционер” аталып калганын да ачык айтууга тийишпиз.
(Ырысбек Өмүрзаковдун
«7-апрель жана түштүк коогалаңы – 2010» китебинен үзүндү)
№27 (710), 24-сентябрь, 2021-жыл