Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Т. Мамытовго,

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А. Б. Бейшеналиевге,

Урматтуу Президент!

Урматтуу Төрага!

Урматтуу Министр!

Тилсиз улут жок. Тил – улуттун улут экенин аныктап турган эң башкы касиет. Тил өнүкмөйүн, эл да өспөйт. Ар бир элдин жетишкендиги өз эне тилин жакшы билгени, көркөм, так, таза сүйлөгөнү менен аныкталат. Ошондуктан улуттук тилди коргоо – ал улуттун аң-сезимин, ар-намысын жана өмүрүн коргоо деген сөз!

Улуттук аң-сезимдин калыптанышы да тилге байланыштуу. К.Маркс айткандай: “Тил – иш жүзүндөгү аң-сезим”. Демек, ким тилин өстүрсө, ал ошол эле убакта аң-сезимин да өстүрөт. Ким аң-сезимин өстүрсө, ал өзүн да, Кудайды да тааныйт. Өзүн тааныган адам туура жашайт, Кудайды тааныган адамды Кудай колдойт.

Мамлекеттик тилдин эки түрү бар, мисалы:

Эркин эл түзгөн мамлекеттин Мамлекеттик тили ошол мамлекетти түзгөн элдин тили болуп саналат; мындай мамлекетте бир эле мамлекеттик тил болот.

Көз каранды эл түзгөн мамлекеттин “эки” мамлекеттик тили болот. Бири – ошол мамлекетти түзгөн элдин тили, экинчиси – аны баш ийдирип, башкарып турган Чоң элдин тили. Анын экөөсүнүн бири – “мамлекеттик”, экинчиси “расмий тил” деп аталат да, бирок, кандай деп аталбасын “башкарган” элдин тили артыкча укуктарга ээ болуп, ошону менен катар эл аралык катнаштын кызматын да  аткарат. Башкача айтканда, “өз тили” болгонуна карабай, баш ийген мамлекеттин тили “экинчи” орунга түшөт. Бул тажрыйба бизге Совет бийлигинин мезгилинен бери бүгүнкү күнгө чейин жакшы тааныш.

Баш Мыйзамдын 13-беренесинде Мамлекеттик жана Расмий тилдер тууралуу мындай деп жазылган:

  1. Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.
  2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
  3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

Жогорку статьяларды, биз өз убагында Конституциялык Кеңештин мүчөлөрүнө төмөнкүдөй редакцияда сунуш кылган элек:

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп, Кыргыз тили саналат.
  2. Зарылдыгына жараша эл аралык статуска ээ: англис, орус, кытай, арап, немис жана испан тилдери “расмий тил” катары мамлекеттер аралык катнаштын кызматын аткарат.
  3. Мамлекеттик тилди окутуу жана жайылтуу мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Бирок, тилекке каршы, биздин сунуш өтпөй, Мамлекеттик тил тууралуу текст мурункудай эле өзгөрбөгөн бойдон калды.

Акыркы маселе, 13-беренинин 3-статьясын чечмелөөдө турат. Биздин Республикада орус тилине расмий статус берилип, мурункудай эле мамлекеттин эсебинен каржыланып, окутулуп, көп учурда мамлекеттик тил менен кошо тең катар иш кагаздарын жүргүзүүдө, илимий-чыгармачыл конференцияларды өткөрүүдө жана эл аралык форумдарда ж.б. учурларда колдонулуп келатат. Андан улам, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бир гана биздин өлкөнүн мамлекеттик тили толук кандуу өсүп-өнүгө албай, тескерисинче, чет элдин ар кандай булганыч сөздөрү кирип, тил бузулуп, аны менен бирге улуттук аң-сезимге да доо кетүүдө. Ошондуктан расмий тил катары орус, англис, кытай ж.б. эл аралык тилдердин орду Баш Мыйзамда так жана туура көрсөтүлүшү керек болчу. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө мамлекет ичиндеги улуттар аралык катнаштын ролун Мамлекеттик тил аткарат. Бизде да, Мамлекеттик тил өзүнүн ошол функциясын аткарышы керек. Ансыз анын аталышы “мамлекеттик тил” деп айтылганы менен кылган кызматы боюнча Совет мезгилиндегидей эле орус тилинен кийинки ролдо ойноп, ал биздин эл аралык кадыр-баркыбызга жана эгемендигибизге шек туудурууда. Андан улам, кыргыз тили дүйнөдөгү жок болуп бараткан тилдердин катарына киргени тууралуу чоң кызмат адамдарынын докладдарында айтылып жүрөт.

Биз чечмелеп кеп кылалы деп жаткан 3-статьяда минтип жазылып турат: “Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет”.

Бирок, “шарттарды түзүү  укугу кепилденет” деген сөз Мамлекеттик тил менен катар “этникалык азчылыктардын тилдери да бала-бакчаларда жана мектептерде бюджеттин эсебинен окутулат” дегенди түшүндүрбөйт. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринде мамлекеттик тилден башка тилдерди окутуу – ошол этностордун өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Мамлекет аларга өз тилдерин окутууга шарт түзүп гана берет. А бизде, артта калган өлкө экенибизге карабай, Мамлекеттик тил менен катар бир нече тил мамлекеттин эсебинен каржыланып, окутулуп келатат. Эмне үчүн экенин эч ким так айта албайт. А негизи – биз да эгемен өлкө катарында “тилдерибизди” эл аралык эрежелерге ылайык окутушубуз керек. Мамлекеттик тилди окутууга жана жайылтууга канча каражат бөлүнөт жана дагы канча тил мамлекеттин эсебинен окутулат, төмөнкү сандарды карап көрөлү:

Республика боюнча бала-бакчалардын  жалпы саны                              — 4 586,

  • кыргыз тилинде — 2446,
  • орус тилинде — 2108,
  • өзбек тилинде — 155,
  • тажик тилинде — 2,
  • башка тилдерде — 15.

Жогоруда айтылгандай, дүйнө жүзүндө бир да мамлекет Мамлекеттик тилден башка тилдерди мамлекеттин эсебинен окутпайт. Бир гана биз – кыргыздар,  Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттер менен эки жактуу келишимдери жок эле бала-бакчаларда жана мектептерде ушул элдердин тилдерин окутууну мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылап келатабыз. Ушундай көрүнүш Орус-славян университети сыяктуу жогорку окуу жайларында да учурайт.

Эмне, биз, башка мамлекеттерге жумушчу-кадрларын даярдап берүүгө милдеттеме алган өлкөбүзбү!? Анткени, алардын көбү бизден билим алып, ошол өз улутташтары жашаган мамлекеттерге кетип, алардын жарандыгын алып, ошол жерде иштеп,  жашап жатышат. Демек, алардын Кыргызстанга зыяндан башка эч кандай пайдасы жок. Ал турсун алар аскерге да барып кызмат кылышпайт.  Ошондон улам: “чычкан ийинине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт” деген макал эске түшөт. Башка тилдерди окутууга королгон акчага (60-65 млрд сом) эски мектептерди ондоп, 30-35 жылдан бери салынбай жаткан имараттарды бүтүрүп, дагы жаңыларын куруп, мугалимдердин айлык-акыларын көтөрүп, өзүбүзгө жетерлик окуу куралдарын чыгарып, окуучуларыбызга жана студенттерибизге терең билим берүү камкордугун көрсөк болбойт беле? Эгер Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө толук шарт түзүлүп, кыргыз тилинде окуп жана иштөөгө муктаждык пайда болгондо гана башка улуттардын өкүлдөрү да: “жумушсуз калат” деп коркушпай, балдарын мамлекеттик тилде окуткан мектептерге беришет эле.

Тилдерди окутуу боюнча жалпы билим берүүчү мекемелердин саны:

Анын ичинен:

Жылдары          2013-14                2014-15                2015-16                2016-17                2017-18

Кыргыз тили     1043      1034      1039      1023      1027

Орус тили          603         603         698         616         626

Өзбек тили       65           58           52           43           33

Тажик тили       3             3             3             3             3

 

Эки же андан көп тилдерди окуткан мектептер:

Жылдары          2013-14                2014-15                2015-16                2016-17                2017-18

493         507         525         551         573

 

Анын ичинде:

Кыргыз-орус    346         360         369         397         409

Кыргыз-өзбек  60           54           54           49           52

Кыргыз-тажик 2             2             3             2             2

Кош тилде окуган көп мектептер кийинки мезгилдерде орус тилине өтүп кетишти.

Мамлекеттик тилдин ушундай абалынан улам, ал башка этникалык азчылыктардын тилдеринен эмнеси менен айырмаланат жана титулдук улуттун тили катары ал кандай артыкча укуктарга ээ болуш керек эле деген суроо туулат? Жогорку схемадагы фактылар Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жылдан жылга өнүккөндүн ордуна, кайра тескерисинче өз укуктарын жоготуп, расмий тилге ордун бошотуп берип жатканы көрүнүп турат. Мунун өзү, 33 жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, биздин өлкөдө Мамлекеттик тил саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатканын аныктайт. Андан улам:

  1. Мамлекеттик тилди мамлекеттин ар бир жараны билүүгө жана мамлекет ичинде башка улуттардын өкүлдөрү бири-бири менен ал тилде карым-катнаш жасоого милдеттүү экенин;
  2. Мамлекет ичиндеги бардык иш-кагаздар мамлекеттик тилде гана жазылып, зарыл болгон учурда гана башка эл аралык тилдерге которуларын;
  3. Эл аралык сүйлөшүүлөр жана келишимдер эки өлкөнүн тилдеринде гана жүргүзүлөрүн;
  4. Бала-бакчалардан баштап, жогорку окуу жайларына чейинки окутуу жана тарбия иштери мамлекеттик тилде болорун жана аны окутуу, жайылтуу иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланарын кыргыз коомчулугу улам унутуп бараткандай сезилет.

Эл аралык тилдердин кайсынысын үйрөнөм десе, ал – ар кимдин өз иши. Бирок, дүйнө бүгүн негизинен англис тилинде сүйлөп жатканын, эл аралык келишимдер англис тилинде жүргүзүлөрүн эстен чыгарбашыбыз керек.

Ошондуктан, кыргыз коомучулугу талап кылганына карабай, жаңы кабыл алынган Конституцияда да “расмий тил” статусу бир гана орус тилине таандык бойдон калышы туура эмес болду деп эсептейбиз. Эл аралык тилдер – баары биз жогоруда жазып көрсөткөндөй редакцияда “расмий тил” статусу менен Баш Мыйзамга киргизилиши керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Өкмөт канча токтом кабыл алды, алар кандай аткарылып жатат – бүгүнкү күнү аны менен да эч кимдин иши жоктой. Министрлер менен депутаттардын 90-95 пайызынан көбүнүн балдары орус тилдүү  мектептерде окуп, англис тилин үйрөнүп жатышканы басма сөз беттеринде көп эле жазылып жүрөт. Кийинки кездеги изилдөөлөр чоң чиновниктердин көбү “нигилизм” оорусу менен ооруган адамдар экени аныкталууда.

Дүйнөлүк тажрыйба боюнча, Республикада жашап жатышкан этникалык азчылыктардын тилдерин бюджеттин эсебинен окутууга мамлекет милдеттүү эмес. Билим жана илим министрлиги тарабынан тилдерди окутууга бөлүнгөн каражат бүт Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жумшалышы зарыл. Башкача айтканда, Мамлекеттик тилде окуткан окуу жайлары жана тарбия мекемелери гана каржыланып, калган этникалык азчылыктардын тилдерин окутууга мамлекет шарт түзүп гана бериш керек.

Акырында айтарыбыз: Мамлекеттик тил, мамлекет ичинде – “иш кагаздарын жүргүзүүнүн”, “улуттар аралык катнаштын”, мамлекеттер ортосундагы мамилелерди түзүүдө – “сүйлөшүүлөрдүн” жана “келишимдердин” тилине айланганда гана ал өзүнүн мамлекеттик кызматын аткарып жатат деп айтууга болот. Тилекке каршы, өз эркиндигин жарыялаган КМШ мамлекеттеринин ичинен бир гана биздин – Кыргыз тили иш жүзүндө андай укукка ээ боло элек. Мунун өзү биздин элдин жана мамлекеттин эркин  экендигинен шек туудурат?

Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери 33 жыл өттү. Ал өзүнүн мамлекеттик кызматын толук аткарган тилге айланыш үчүн дагы канча жыл керек? Өзүнүн тилин мамлекеттик тилге айланта албаган элди “эркин эл” деп айтууга болобу? Кошуна элдерден айырмаланып, Кыргыз Республикасында жашап жатышкан кыргыз эмес улуттардын өкүлдөрүнүн Мамлекеттик тилде сүйлөгүсү келбей жатканын кантип түшүнүүгө болот? Бул фактор, “мамлекет түзүүчү” улут экенине карабай, аралаш жашап жатышкан башка улуттардын өкүлдөрүнүн Кыргыз элинин эркиндигин “тааныгысы” келбей жатканын билдирбейби? Мунун өзү кыргыздардын кайдыгерлик, ал эми кыргыз эмес улуттардын өкүлдөрүнүн “шовинисттик” жана “сепаратисттик” сезимдеринин өсүп жатканын түшүндүрүп жүрбөсүн? Бул суроого Мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган Жогорку Кеўештин депутаттарынан башка дагы кимдер жооп берет? Жогорку Кеўештин депутаттары качан өздөрү кабыл алган мыйзамдарын көзөмөлдөп, анын так жана өз убагында аткарылышын талап кылат? Качан алар Кыргыз элинин жана мамлекетинин келечеги тууралуу ойлонуп, анын тагдырын аныктаган мыйзамдарды жазышат? Качан  элден түшкөн сунуштардын негизинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип,  Кыргыз тилин өз кызматын толук аткарган чыныгы мамлекеттик тилге айланышын камсыз кылат?

Сулайман Тургунов, эл аралык “Тосой” фирмасынын башкы деректири

Байас Турал, акын, публицист жана окумуштуу

Гүлзат Нусубалиева, филос.и.к., И. Арабаев ат. КМУнун окутуучусу

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *