Турдакун Усубалиев 1966–67-жылдары Катаган, Жигдали, Ниязбек, Маатпари ж. б. айылдарды кайтарып албай, Баткенге чейинки 200 чакырым жерди тажикке өткөзүп берген экен

Абдижалил Пахридинов кыргыз сөздөрүн изилдөөдө эбегейсиз салым кошконун билебиз. Томдуктарды чыгарган. Ошол кишинин “Санжыралуу кыргыз сөздөрүнүн таржымалы” аттуу китебинин 2-томунда бизге баалуу болгон, абдан керектүү маалымат чагылдырылыптыр. Так азыркы жер аныктоо, тажик-кыргыз чегин тактоо темасына төп келет. Тагыраагы, оңбогондой чоң кыргыз жери, 11 орто мектеби бар айылдар кантип тажиктерге өтүп кеткени боюнча жазылыптыр.

Аталган китепте: “Саликазы Авааттын токмок уруусунан болот тайган ит агытып, анча-мынча куш салып авазкар адам болгон экен. Салыказынын ит агытуу боюнча төмөнкүдөй сөз калган. Бул жер шаар болуп чоң марказ болот экен деген көзү ачыктык сөзү, илгери Кыргызстанга караган Шорсуу шор булактуу жерди. Кийинчерээк 1902-жылдан баштап 3 шахта, ТЭС, аманал — ​жарылгыч заттар чыгаруучу воензавод, ГМЗ (гидро-металлургия заводу), акиташ-известка заводу көмүрдөн алынган «полугаз» менен иштеп турган жана Фрунзе Киркомстройунда известканы интергелпо адистери менен 1930-ж. акиташ бышырып келген жараян, алебастр заводу, нефтепромысел САНТО 1898-ж. Согуш учурунда уран элементи биринчи Могол тоонун Табашари деген жеринен Ленинабад шаарына жакын чыккандыктан, город спутник Чкаловский курулуп уранды байытуу багытында иштетишкен, ал иштин бардыгы аталган ишканалардын тапкан пайдасынын эсебинен жүргүзүлгөн. Киийнчэрээк Могол тоонун күнчыгышы Шакафтар менен Майлы-Сай, анан Каджисай, Миңкуштан кыргыздар да Кара-Балтада уранды тазалоо иштерин аткарып калышкан экен. Азыркы картада Могол тоо атын таппайсыңар, Аваттын могол уруусу отурукташкан тоону азыр Кураминские горы деген ат менен картадан тапса болот. Кошуп кетер жери 1925–26-жылдары Баткен, Лейлек кыргыздарын Ат-Башынын Аксай-Арпага, моголдорду Термез, Денау жакка көчүрмөк болушат. Биринчи Ахунбабаев өзү могол уруусунун элет уругунан болгондуктанбы, аксак Темирландын туулган жерине туугандарын Термезге — ​шахри Сиябка көчүрүү менен чет мамлекет менен өзбек чектешкенден улам Узбекистан атка конуп калат. Учурдан пайдаланган Салихов Дастан, Мурат аттуу ага инилердин биринчиден Ахунбабаевди жетишкен ийгили менен куттуктап, өтүнө суранычы менен Баткен, Лейлек кыргыздары көчпөй калышкан экен.

Ошентип, 25 жылдык мөөнөткө берилген ал мөөнөт 1966–67-жылы бүтүп, жалпысынан 13 ишкана жана 11 орто мектеп, анын ичинде 7 орто мектеп кыргыз тилинде Катаган, Жигдали, Ниязбек, Маатпари ж. б. айылын баш кылып Баткенге чейинки 150–200 км аянтты Тажикке өткөзүп беришти, Шорсуу рудниги тажикча Шураб болуп чыга келди. Мен төрөлгөндө бардыгы кыргызча экен, кыргызчылык кылып шашпай күбөлүк алганча бардыгы тажикче болуп, мен Тажикистанда төрөлгөн болуп калбадымбы. Ошол кездеги жетекчибиз Душанбеде бир жума конок болуп шилекейин чачыратып «биз Тажик менен кылымдарга достоштук» — ​деген маанайда сөзүн сүйлөп жатканда, мен Фрунзеден Ленинабадка Ан‑24 самолету менен учуп калам, жер титирөөнүн натыйжасында самолет аэропорт үстүнөн эки жолу круг жасап учуу менен конду, натыйжада Ленинабад-Исфара маршрутундагы акыркы автобуска жетишпей калам. Ошентип аргасыздан Чкаловский шаарчасынын гостиницасында 15ке жакын өңчөй кыргыздар түнөөгө туура келди. Так ошол гостиницадан Усубалиевдин сөзүн түз эфирден угууга туура келди. Ошол учурда жер титирөө кайталанып жатты.

Катаган айылында күчтүү жер титиреп бир кыргыз, бир өзбек мектеби бар айылда кыргыз мектепте окуган хан Кошойдун урпактары чоң чыгымга учураган. Ошондон 1966–67-ж. баштап Шураб-Исфара Тажикистандын промышленный борбору катары тааныла башталган эле.

Ошентип Саликазынын көсөм-көрөгөчтүк менен айтылган өндүрүш жайлар башка жакка өтүп, алар жакшы эле шарапатын көрүп калышты. Саликазы тайгантаазы итти агытып түлкү, коён тиштетип жүрсө ошол азыркы Шурабда чөп чыкпаган чополуу дөңсөөлөр бар. Анан ал киши итин атка байлап үйрөткөн экен, түлкүнү көрүп калып итин агытып бошоткончо куу түлкү бир ийинге кире качат. Итин кайра атына байлап түлкү кирген жерге селдесин коюп таш менен бастырып шыбак издеп кетет, түлкүнү түтүн менен ийинден кубалап чыкмак болуп. Бир аз шыбак, башка чөп-чар таап келсе ит да, ат да жок, ийинди барып карасы селде да жок, эмне кылсам деп ба- шын кашып турса жолдо бир атчан келе жаткан болот.

Тигил атчан өзү келген жактан келе жаткандыктан сурап калат экен «ит жетелеген ат көрдүңбү» — ​деп. Жакшы түшүнө албастан селейе карап калат, анда «селделүү түлкү кербөдүңбү» — ​деп сурайт экен. Зарбарак чапан кийген, башында селдеси жок Саликазыны тааныса да менин көзүмө көрүндү деген ой менен атын чапканча айылга жетип «Саликазы жинди болуптур же ал менин көзүмө кожой кыдыр болуп көрүндү» — ​деп жар салган экен” деп жазылыптыр. Тоюс, 25 жылдык мөөнөткө берилген жер 1966–67-жылы ошол кездеги 1-катчы Турдакун Усубалиев тарабынан кайтарылып алынбай, 13 ишкана жана 11 орто мектеп, анын ичинде 7 орто мектеп кыргыз тилинде – Катаган Жигдали, Ниязбек, Маатпари ж. б. айылын баш кылып Баткенге чейинки 150–200 км аянтты Тажикке өткөзүп беришиптир, Шорсуу рудниги тажикча Шураб болуп аталып калыптыр.

 

Кылычбек Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *