Кубан Мамбеталиев: «Марат Иманкулов Тажикстанга барып, өлгөн солдаттарын мүрзөлөрдөн санап келдиби?»

— Кубан ага, биздин өлкөгө жасалган агрессия боюнча кандай пикирдесиз?

— Булар агрессияны көптөн бери тутантып келатышат, мунун тарыхы бар. 2014-жылы тажик чек арачылары Көк-Таш деген жерде биз тарапка миномет менен атышкан. 2019-жылы Максат менен Сай деген чек ара күзөтүбүзгө ок чыгарышкан, миномет менен гранатометторду колдонуп. Биздин Р. Муминов деген жоокерибиз курман болуп, 7 чек арачыбыз жана 6 жараныбыз жараат алган. Бир нече үйлөр, мектеп талкаланган. Агрессия 2020-жылы дагы уланып, ошол жылы тирешүү беш жолу кайталанган. Тажиктин аскерлери бизге каршы ошондо да минометторду жана артиллериялык оор куралдарын колдонгон. Биздин жерибизге кирип келишип, эл аралык гуманитардык эрежелерди бузушкан. Берки, ШОС жана ОДКБ уюмдарынын келишимдерин бузушканын айтпай эле коелук, тажик тарапка бул көнүмүш эле нерсе болуп калды.

— Ошол уюмдар жыл сайын чогулуш өткөрүшөт, бул маселени караса болбойбу?

— Муну караш үчүн кыргыз тараптын жетекчиси күн тартибине койдуруш керек, андай болбоду, Манастын эли айкөл болот, чыгымдарды өзүбүз эле көтөрөбүз деп кең пейилдикти салышты.

— Айкөлдүк кереги жок беле?

— Массалык түрдөгү өлүмдөр болбогон учурда керек, ал эми 2021-жылы 59 киши курман болгондо маселени кескин түрдө жана эл аралык деңгээлде коюш керек эле. БУУда ушундай окуяларды териштирип, чечим чыгара турган күч бар, тажрыйба бар. Мындай жолго кыргыз бийлиги түшпөдү, тескери кадам жасап, Душанбеге барып Рахмондун “ачуусун басып” келишти. Биз аларга кол салдык беле, алар салды го бизге, анан өз жерибизди коргоп, октон өлгөн жарандарыбызга алардын борбор шаарына барып, “куран окутуш” керек беле? Ошондо эле Рахмонду эл аралык инстанциялардын колдоосу менен токтотуш керек эле, ООНдун алкагында ушул жетекчинин жеке маселесин козгосо болмок да.

— Эми азыр ушундай кылсак болобу?

— Болот. Себеби, чектен чыгып кетти, мындай нерсе “преступление против человечества” деп аталат. Фактылар менен далилдер даана болуп турбайбы, ушунун баарын эл аралык юристтердин жардамы менен дүйнөнүн астына чыгарыш керек. Чек араны бузуп келип, алтымыштай адамды өлтүргөн расмий түрдөгү мамлекеттин аскердик жетекчилиги жана ошол өлкөнүн башчысы жоопко тартылышы керек. Эми ушуну дагы “айкөлдүккө” салып, биз өзүбүз эле чыгымдарды көтөрөбүз, октон өлгөндөрдүн үй-бүлөсүнө “жардамды” өзүбүз беребиз деп дагы бир жолу Рахмондун астына барып берсек, анда кыргыз мамлекетин башкарган инсандарды “курман” болгон жоокерлердин арбагы урат.

— Жетекчилер азыр аракет кылып жатышат го?

— Президент “биз азыр мурункудай алсыз эмеспиз, күчтүүбүз, жерибизди коргой алабыз” деп элге дем салып жатат. Совбездин катчысы М. Иманкулов “тажик тарап 200 аскерин жоготту, 400 аскери жараат алды” деп эсептеп олтурат (тажик тараптын эсеби мунукунан он эсеге кем). Кыргыздын генералы Тажикстанга барып, ошол жерден мүрзөлөрдү санадыбы? Болбосо цифраларды кайдан алды? Анан тажик тараптын жоготууларын эсептөө мунун милдетине киреби? Апендиби. Премьер-министр “азыр биз чыгымдардын көлөмүн чыгарып атабыз, бүткөндө айтабыз” деди. Былтыр деле ушинтип иштеген. Башкага жарабайт.

— “Башкага” дегениңиз эмне?

— Бул премьер-министрдин деңгээлиндеги аракет. Ушундай аракетти мында көрбөдүк. Мисалы, 2019-жылы болгон тирешүүнү (кыргыз-тажик тирешүүсүн) Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери бири-бири менен сүйлөшүү өткөрүп, чатакты токтотушкан. Бул конкреттүү аракет, бул фольклордун сюжети эмес. Элибизге азыр бийлик тараптан эмоция менен жөө жомоктордун кереги жок. “Патриотизмдин” аныктамаларын да эл бийликтен күтпөйт, аны элдин балдары майданда окту тосуп көрсөтүшөт.

— Биздин бир генералыбыз Ворух анклавы боюнча оргу-баргы сөздөрдү сүйлөп, баатыр болгонго аракеттенди эле…

— Ал ансыз деле баатыр болду. Ворухту кайтарыш оңой эмес. Ошол оргу-баргы сөздөрдөн кийин ал анклавга президент Рахмон заматта келип, “ничего подобного” деп айтып кетти. Бул кенедей жер эмес. 96 чарчы чакырым. 30 миң киши жашайт, анын 95% — ​тажик, 5% — ​кыргыз. Тажикстандын жерине чейин 5 чакырым. Ушуну кантип кайтарат. Абсурд.

— Ошол Баткендеги чек арадагы мурун болгон окуяларда биздин бир эр жүрөк генералыбыз каармандык көрсөтүп, элибизге кеңири таанылып калган эле?

— Эми муну жашырбай эле айткын да, генерал Курсан Асанов деп. Мурунку тирешүүлөрдүн толкунун баскан ушул адам. Жашы боюнча дагы эле күчүндө, пенсионердин курагына жете элек. Бирок, муну үч жылдан бери бийлик кыйнап атат, бир туруп камерага олтургузат, анан чыгарат, дагы олтургузат, дагы чыгарат, иши кылып бир бүтпөгөн сериалга айлантышты. Үй камагы дейт, доолор далилденбейт. Бул дагы “Азаттык” радиосуна окшоп, бир гана экстремалдуу учурларга жаралган киши.

— Анда эмнеге азыр Асановду Баткенге жиберишпейт?

— Менин билишимче, ал азыр ошол жакта жүрсө керек, себеби генерал Ташиев муну жакшы билет, 2010-жылы так ушул экөө Ош менен Жалал-Абаддагы элди сактап калышкан. Ушул эки генерал азыр Баткенге барып, тандем катары аракет кылса, сөзсүз жемишин берет. Мындай учурда булар эч качан үйдө болушпайт. Эгерде Курсан Асановду үй камагына байлап, кыймылдаба деген команда беришсе, анда бул азыркы бийликтин макоочулугу болот. Былтыр эле ушул генералды Баткенге губернатор кылып жибериш керек эле. Азыр да кеч эмес.

— Баса, Мадумаров менен Ташиевдин тирешүүсү да ушул чек арага байланыштуу болгонун эл билет, бул меселеге кандай карайсыз?

— Адахандын “колун сындырам” деген, тигиниси “колуңан келген ишти жаса” деп жооп кайтарган. Мадумаровдун колу аман эле бойдон жүрөт. Бирок, ошол колу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон учурда тажик тарапка ыңгайланган бир келишимге кол коюптур, ошону алар “аргумент” кылып алышты. Мындай документке кол коюуга анын укугу жок эле, себеби Өкмөт башчысы болгон эмес. Мындай иш “превышение должностных полномочий” деп аныкталат. Ушундай кадам жасаган чиновник жоопко тартылат. Тартылбады. Ал кол койгон кагазды азыр президент расмий түрдө жокко чыгарыш керек. Чыгарбады. Ладно. Эми Адахан менен Камчыбек бири биринин “колун” аңдып олтурушсун. Мындай колдон өлкөгө пайда жок. Еще раз “ладно”.

— “Азаттык” радио Оштон иштегенге өз алдынча офис ачканга уруксат сурашты. Бербегиле дегендер чыгып, Фергана өрөөнүндө чатак болот деп чочулашат. Кандай кылыш керек дейсиз?

— “Азаттык” 2002-жылы (Аксы окуясында) үлгү көрсөтүп, сөз эркиндигине жана демократиянын өнүгүүсүнө салым кошту. Ошондон кийин биринчи ажонун диктатурасы урай баштаган. Экстремалдуу учур болчу, ошол учурдун накта жүзүн көрсөткөн (чындыкты бурмалаган мамлекеттин медиа каражаттарына каршы туруп). Мына азыр да экстремалдуу кырдаал түзүлдү, бул азыр да “үлгү” көрсөтүп атат. Баткенде болгон окуяны эл так ушул “Азаттыктын” репортаждарынан билип жатат. Бул журналисттердин ордосу, Фергананы бул оодарып салбайт, бул ыплас түрдө иштеген бийликти кылыч албаган сөз менен оодарат. Уруксат бериш керек.

— Баткен боюнча дагы айта турган сөзүңүз барбы?

— Бар. Интернеттен бир аскердин формасын кийген эркек “кекеткен” сөздөр менен кыйкырып жатат, “аскерди эмне сындайсыңар, биз окопто жатып, кырылып атабыз, силер Бишкектен акыл үйрөтөсүңөр” деген бир “истерика”. Мунун мааниси “сиздер-биздер” деген логикада, бөлүп атат, Баткенди жалаң өзүбүз коргоп атабыз дейт. Бул паника чыгарган калп. Ал жерде өлкөнүн бардык жеринен барган балдар курман болду. Нарын менен Таластан да бар. Буга бир эле мисал. Чыңгыз Акчалов ошол жерге Талас областынан барган. 23 жашында комбат болуп барды. Алдынкы катарда турду. Былтыр да ошол жерде болгон. Накта офицер. Өлкөнү коргоп, курман болду.

— Курман болгондор тууралуу маалыматтарды көрүп, жоокерлердин ата-энелеринин кайгы-муңун угуу баарыбыз үчүн өтө оор болуп жатат…

— Ооба, “Азаттыктын” видео репортаждарын “NEKST.TV” деген телеканал тынбай берип атат. Баласын жоготкон бир эненин сөзү менен бул маекти бүтүрөйүн. Мына ошол сөз. “Элиң үчүн курман болдуң, балам, ыраазымын сага”. Ыйык эненин ыйык сөзү. Мындайга комментарий берилбейт.

 

Кылыч Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *