Шарабидин Токтосунов, Бишкек шаардык сотунун судьясы: «Чечим кабыл алуу өтө оор экен»

— Шарабидин мырза, сиз судьялык кызматка келдиңиз, сот тармагында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

— Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жакшы аракеттер болду десем жаңылышпаймын. Эң биринчи кадам, буга чейин судьялардын эмгек маянасы төмөн болгондуктан коррупциялык элементтер болуп жатат деген сөздөр болуп келген. Мына ушул көрүнүштү жок кылуу максатында судьялардын эмгек маянасын жогорулатты. Көпчүлүк судьялар өздөрүнүн туулуп өскөн жеринде же болбосо бир жерде көп убакыт судьялык кызматты аркалагандыктан тааныш-билиш, тууган-уруктарынын сөзүн угуп жатат деген пикирлерди эске алып, коррупциялык элементтерге бөгөт коюу максатында ушул категориядагы судьяларды ротация кылды.

— Маянаны көбөйтүү, судьяларды ротация кылуу коррупцияга бөгөт койдубу?

— Ооба, 100 пайыз коррупцияга бөгөт коюлбаса дагы, бир кыйла коррупциялык элементтер азайды. Акырындан өзүнүн түшүмүн бере баштады.

— Сотторго нааразылар азыр да болуп жатпайбы, буга эмне дейсиз?

— Ооба, сотторго нааразылар азыр деле бар. Анткени, сотко эки тарап катышат, сөзсүз бир тарабы ыраазы болот, экинчи тарабы нааразы болот. Бул мурда да болгон, азыр да болуп жатат, мындан кийин да болот. Кээ бир иштер боюнча мыйзамдагы мүчүлүштүктөр дагы бар. Жарандардын өз учурунда арызданбаган фактылары бар, далилдердин жоктугунан кээ бир иштер боюнча жабырлануучу каалагандай өкүм чыкпай жатат. Тергөөнүн сапаты өтө начар абалда, иш боюнча жагдайлар толук текшерилген эмес. Убакыт өтүп кеткендиктен эскирүү мөөнөтү боюнча жоопко тартылбай калган учурлар бар. Албетте, бизден дагы кээде мүчүлүштүктөр кетет. Ошондуктан, биринчи инстанциядагы соттордун чечимине, өкүмүнө апелляциялык тартипте, апелляциялык соттордун чечимине, өкүмүнө кассациялык тартипте даттанылат. Мыйзамдагы мүчүлүштүктөр боюнча өзүмүн аракетими айтсам, кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, сот өзүнүн көз карашы боюнча мүчүлүштүктөр болгон учурда ишти прокурорго кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кайра тергөөгө жиберүү жөнүндө сунуш киргиздим. Анткени, кээде бизге кандайдыр бир чечим кабыл алуу өтө кыйын болот. Иш толук текшерилген эмес болуп чыгат. Актайын десең, кылмыштын белгилери бар. Соттойун десең, кээ бир далилдер жетишпейт. Күбөлөр толук суралган эмес, кээ бир тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Ишти кайра тергөөгө жиберейин десең бизге андай укук берилген эмес. Эгер айыпталуучунун жоопкерчилигин оордото турган болсок гана кайра тергөөгө жөнөтүшүбүз мүмкүн. Ошондуктан, ушундай мүчүлүштүктөр болгон учурда ишти кайра тергөөгө жиберүүгө соттун укугу болуш керек деп эсептеймин. Бирок, азырынча мыйзамга мындай өзгөртүү киргизиле элек.

— Жарандар тарабынан соттор акчасын алып, ал тарапка чечип койду, тааныш экен, бул тарапка чечип койду деген сөздөр көп кездешет, бул жагы кандай болуп жатат?

— Ооба, андай сөздөр көп кездешет, бирок мен келгенден берки байкоом боюнча, судьялар ар кимиси өзүнүн чечимин негиздүү жана мыйзамдуу чыгышы үчүн аракет кылышат. Биз чечим чыгараарда ар кимибиз өзүбүздүн көз карашыбызды айтып, мыйзамда мындай каралган деп, мыйзамдын негизинде чечим кабыл алабыз. Мен дагы адвокат болгонмун, качан өзүң каалагандай чечим кабыл алынбаганда ар кандай ойлор кетет. Бирок, бул жакта чечим кабыл алуу өтө оор экен. Эки тарап өзүнүн сөзүн айтат. Ар кимиси өзүнүкүн туура дейт. Алар бир тараптын гана кызыкчылыгын көздөшөт. Ал эми судьялар эки тараптын сөзүн угуп, чогулган материалдарды изилдеп чыгып, мыйзамга шайкеш келген жерлерин карап чыгып, андан кийин гана чечим кабыл алышат. Бул чечим албетте баарына жага бербейт, бир тарапка жакса, экинчи тарапка жакпайт. Мурда актоо өкүмдөрүн өтө аз кездештирчүүбүз. Азыр актоо өкүмү бизде мурдагыга караганда бир кыйла көп.

— Акыркы учурларда жаш балдарды, кыздарды зордуктоо көбөйүп кетти, аларды өлүм жазасына тартуу керек деп жатат, ага эмне дейсиз?

— Ооба, мындай кылмыштарга эл кыжырдануу менен талап коюп жатат, эгер мыйзамдарга өзгөртүү кирсе анда биз аны аткарууга милдеттүү болобуз. Өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Азырынча мындай өзгөрүүлөр кире элек. Биз мыйзамда каралган гана жазаны чектөөгө укуктуубуз, мыйзамда каралбаган чектөөлөрдү жана жазаны кабыл ала албайбыз.

— Сот адилеттигинин кынтыксыз болушу үчүн дагы кандай аракеттерди жасаш керек деп эсептейсиз?

— Сот адилеттиги кынтыксыз болушу үчүн мыйзамдар жарандардын талаптарына ылайык, коомго карап өзгөрүп турушу керек деп эсептеймин. Мен мурда да айтканмын, азыр да айтамын, мыйзамдар кандай болгон чакта да, иштеп жаткан мыйзамга баш ийип, анын талаптарын так аткарганда гана кынтыксыз чечимдер болушу мүмкүн деп эсептеймин.

 

Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *