Жоготууларга аскерлердин ок-дарысыз, куралсыз калышы менен ыкчам маалыматтын жоктугу себеп болдубу?

Жоготууларга аскерлердин ок-дарысыз, куралсыз калышы менен ыкчам маалыматтын жоктугу себеп болдубу?

Тажикке жалданган талаа согушкерлери тынч жаткан элге кол салуудан мурун, тагыраагы, түнкү саат 4 чамасында тажик ММКлары аркылуу «Биз тынч жаткан убакта Кыргыз армиясы кол салып, биз коргонууга чыктык» деп Кыргызстанды агрессор көрсөтүү максатында эларалык маалымат каражаттарына жар салган. Мунун өзү эле алардын алдын ала даярданганын тастыктап турат. Тажик ЖМКсы дүйнөгө жалган маалыматты таркаткандан көп өтпөй Россиянын «РИА новости» сайты маалыматты тактабай туруп сайтына жайгаштырган. Бул аралыкта Баткендин жашоочулары, кыргыз армиясы дагы маалыматтардан кабарсыз болуп, жыйынтыгында тажиктер саат 8дер чамасында Тажикстандын «Кех» бекетинин чек арачылары Булак-Башыда тактала элек аймакка кирип келишкен. Тажик чегарачылары Улуттук коопсуздук комитетине караштуу чек ара кызматкерлеринин чекарадан чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Тажиктердин атайын пландалган иш аракети ишке ашып, ошол замат ортодо ок атышуу башталган. Бул ок атышуудан көп өтпөй тажик аскерлери даяр турган оор артиллериялык БТР, БМП техникаларын колдонушуп, Ак-Сай, Самаркандек айылдарын курчоого алып, мөндүрдөй ок жаадырып, жай тургундар качып чыгууга аргасыз болушкан. Качып бараткан элди аткылоодон улам айыл тургундары жоготууларга дуушар болду. Ушул эле учурда Лейлек районунун чегарага жакын айылдарын камап, бутага алышкан. Мындан тышкары, Чоң-Алай тараптагы тоодон да түшүп, чегарачылар менен кармашуу болду. Былтыр күзүндө Максат айылына өкмөт тарабынан салынган үйлөр дагы талкаланган. Акыркы маалыматтарга караганда аталган айылдагы үйлөрдүн көпчүлүгү өрттөлүп, тонолуп жарактан чыккан. Жалпысынан 286 обьекти талкаланганы кабарланууда. Тажик баскынчылыгы менен кармашуудан улам биздеги жоготуу 59 адамдын өмүрүн алды. Мунун негизги себеби, ыкчам маалыматтын жоктугу жана аскерлердин ок-дарысыз, куралсыз калышы себеп болду деген сөздөр айтылууда. Коопсуздук комитетинин катчысы Марат Иманкулов «чабуул жасаларын билгенбиз» деди. Анда эмнеге чара көрүлгөн эмес? Бул шалаакылыкка жол берген жетекчилер тез арада кызматынан кетиши керек.

Бул каргашалуу кол салууга эл эмне дейт?

 

Туратбек Баймуратов, Самаркандек айылынын тургуну: «Колубузда курал жок, көп жоготууга учурадык»

— Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл-өкмөттөрү Тажикстан менен чектеш аймак болгондуктан, биринчи кол салуулар ушул аталган айыл өкмөттөргө болгон. Кол салуу 14-сентябрь таңкы саат 8дер чамасында  башталган. Азыркы учурда абал оор, кооптуу бойдон турат. Айылда жалаң ишке жарамдуу эркектер калган. Жаш балдар, аялдар эвакуацияланып коопсуз жайларга чыгарылып кеткен. Ар бир мечитте тамак уюштурулуп жатат. Айылдарда жергиликтүү эркектерден тышкары аскер кызматкерлери бар. Азыр биздин аймакка жол кооптуу болгондуктан, элден чогултулган гуманитардык жардамдар да убагында жетпей жатат.

Дагы бир баса айта кетүүчү маселе, биздин айылдын жаштары кырдаал канчалык оор болгонуна карабастан, кичи мекенибизди сактоо үчүн колунда курал болбогонуна карабай тикесинен тик турушат. Колубузда курал болбой көп жоготууга учурадык. Эгер колубузда курал болгондо, биз өзүбүздү өзүбүз коргоп алмакпыз!

Кунаш Асанов, Лейлек району: «Саитжан Эратовдун учурунда тажиктер баш көтөрө алган эмес»

— Баткендиктер чек ара башчылыгына Саитжан Эратовдун келишин талап кылып жатат. Саитжан Эратов чек ара кызматынын башында турган убакта тажиктер бир да баш көтөрө алган эмес. Колунан эч нерсе келбеген кадрларды көрүп жатабыз. Азыр кызмат талаша турган убак эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, татыктуу, чечкиндүү, иштин көзүн билген кадрларды керектүү жерге коюубуз керек! Коомчулук ушул сунушту катуу талап кылышыбыз керек. Саитжандай даяр кадрлар чанда кезигет. Мындай жигиттердин тажрыйбасынан пайдаланышыбыз керек. Бизге бийликтин талабы эмес, кан жутуп отурган элдин талабын угуу, аткаруу, орундатуу керек.

Асель Лабаева: «Биз тажиктер менен соцтармактан согуштук»

— Өлкө башчысынын сүйлөп жатканын угуп, кыйналып жатканы сезилди. Сүйлөп атып катуу дем алып токтоп калды. Катуу толкунданды. Мындай оор кырдаалда Президентке да аябагандай оор. Биз жалпылап жардам беришибиз керек. Жаат-жаат болуп фанат болуп бөлүнбөй, бир туунун астына биригишибиз керек. Биздин биригишибиз чоң жардам. Мен «дакансачы» да, «бүтүнчү» да эмесмин. Бирөөдөн кынтык издебейли. Эсептешчү күн келет, бирок азыр эмес. Бир бололу, мекендештер.

Биз Баткенге бара албасак да, колубузга курал албасак да тажиктер менен соцтармакта кырылып атып таңдын кандай атканын деле билбей калдык. Биз маалымат майданында согуштук.

Асен Нуралиев, Баткен тургуну: «Эламан тарыхта калды»

— Афганистандагы можахеддер менен салгылашуу учурунда бир кыргыз жоокер баатырларча курман болгон экен, окуя мындайча башталат. Душмандар менен салгылашууда жоокердин ок-дарысы бүтүп калат. Ошондо анын огу түгөнүп калганын билген можахеддер аны тирүү бойдон туткунга алууга ага карата ок чыгарбай бир тобу жакындап келишет. Ошондо советтик жоокер душмандарга колго түшүп, азап тартып өлгөндү ылайык көрбөсө керек, өзүндөгү лимонканы даярдап, качан душмандар ага жакын кирип келишкенде запалды тартып жиберет. Ошону менен өзү да курман болгон, можахеддер да жок болушкан. Ага өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген. Мен Союз мезгилде ушул макаланы бир гезиттен окуганымды бүгүн эстедим. Биздин Эламан Ураимовдун эрдиги да ошол кездеги советтик жоокердин эрдигин эске салды. Биз да улуттук баатыр Эламанга Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наам ыйгаруубуз керек. Бул жогорку наам башка жоокерлерди шыктандырып, аларга дем, күч берет. Алайдын баатыр уулу менен бүткүл кыргыз элибиз сыймыктанат. Эламан тарыхта калды…

Нарзикан Раджапова, Самаркандек айылынын тургуну: «Тажиктер бир-эки күн тыныгып кайра кол салышы мүмкүн»

— Азыркы убакта абал орто. Айылдарда электр энергиясы үзүлүп калган. Жергиликтүү тургундар чогулуп үзүлгөн зымдарды улап светти күйгүзгөнгө аракеттерди жасап жатат. Интернет байланыш кээ бир жерлерде жок. Эл экиге бөлүнүп, жарымы Баткен районунун Боз-Адыр, андан ары Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынан баштап айыл-айылдарга кеткен. Жарымы Лейлек районунун Сүлүктү, Раззаков шаарына жана ага жакын айылдарга жайгашып, эл экиге бөлүнүп калган. Тополоң учурда бир үй-бүлө бири-биринен адашып калган учурлар катталды. Бактыга жараша сурамжылоо аркылуу табышып алышты. Эркектер үй-жайдан, мал-жандыктардан кабар алып келип жатышат. Жалпы элге айылдарга кайта бергиле деген буйрук бериле элек. Себеби, тажиктер элге кокусунан кол салып жаткандыгына байланыштуу кайтканга да кооптуу болуп жатат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, биз бул тажиктер менен коңшу болуп жашаганга алардын тилин да түшүнөбүз. Кээ бир тажиктер азыр «Бир-эки күнгө тыныгуу жасап Ворух, Чаркуу, Лякан жана башка айылдардагы элди Исфарага эвакуциялып көчүрүп алалы. Кийин өкүнүп калбагандай иш кылалы» деп бири-бирине телефон аркылуу билдирүүлөрдү таркатып жатышат. Бул билдирүүнүн өзү өтө кооптуу. Муну расмий бийлик эске алышы керек.

 

Турдайым Кожомбердиева

Share