Мекен үчүн жанын берген Манастын урпактарына таазим!

Тишине чейин куралданган агрессорлордун капилеттен кол салышы 59 мекендешибиздин өмүрүн жалмап кетти. 200дөй кандашыбыз жабыр тартып, жараат алып, майып болду. Ондогон үйлөр өрттөлүп, мүлктөр талкаланды. Орду толгус оор жоготууга учурадык. Жүлүнүбүз зыркырап, кабыргабыз кайышып, кан жуттук. Кыйын күндө Мекен үчүн жанын берген баатырларга миң алкыш! Чырактай уулунан, жакын адамынан айрылган мекендештерибизге көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыздар! Эми белди бекем бууп, ички биримдикти чыңдашыбыз керек. Кыргыз наркын күчөтүп, тез арада Манас ураанын даңазалаганга өтүү зарыл. Буга чейин боло келгендей диний агымдарга аң-сезимди булгатпай, улуттук тарбияны баштоо шарт. Президент Садыр Жапаров дагы башына күч келгенде, кыргыздын духу-руху кайда жатканын сезди окшойт, 19-сентябрдагы кайрылуусунда: “Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким буза албайт!” деди. Сөзүнүн аягын: “Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн!” деп бүтүрдү. Буга чейин ажонун озунан Манас деген сөз чыгалек болчу. Эми ойгонду. Кыргызга эми катыла албайт!

 

Агрессордун кол салуусуна коомчулук эмне деди:

Алмазбек Акматалиев, Президенттик башкаруу академиясынын ректору: «Тажик солдаттары кыргыз айылдарына баскынчылык менен кирип келди»

— Кыргыз-тажик чек арасында канча жолу чоң-кичине жаңжал болуп келди ушунча жылдан бери. Ар дайым кыргыз айылдары өрттөлөт, тонолот, ар качан тажик солдаттары кыргыз айылдарына баскынчылык менен кирип келип жүрөт го. Менимче, бир да жолу кыргыз аскери тажик айылына кирип барып, алардын мектептерин, бала-бакчаларын өрттөгөн эмес! Алардын көпүрөлөрүн кыргыз аскерлери жардырган эмес! Алардын дүкөндөрү, базарлары тонолуп, үйлөрү өрттөлгөн эмес! Ошондо ким баскынчы? Ким агрессор, террорист жана мародер?

Эмилбек Каптагаев, Коомдук ишмер: «Бул согуш Рахмондун жеке өзүнө жана Орустарга керек»

— Кабырга кайышып, кан кайнап турат. Эмне деп айтуу керек… мээге эч нерсе кирбейт… Кирип келген душманга татыктуу сокку урууга шайман жоктой… Кол салуунун масштабына, тартылган аскер техникасынын санына караганда ал тарап мурдатадан катуу даярданган… Тилекке каршы, бул жагы биздин чалгын кызматынын көз жаздымында калган окшойт… Аркы тараптагы ар бир кыймыл байкоодо болуусу зарыл эле… Баягы эле “кыргызча” баёолук болгондой, өзүнөн өзү эле жөнгө салынып кетчүдөй. Жок дегенде былтыр кирип келип өрттөлгөн жерлерде тосмолор коюлуп, аңгектер казылып, дзоттор даярдалса жакшы болмок го дейм.

Бул кырдаалда биз үчүн бийлик башындагылардын чечкиндүүлүгү, элдин биримдиги өтө маанилүү. Өз ара ыйкы-тыйкыны токтото туруп бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу абзел. Ар ким колдон келген жардамын берем деп жалпы коомдо мобилизация болуп жатканы кубандырат. Айрыкчы аскерлерибизди моралдык дагы, материалдык дагы жагынан колдоп туруубуз өтө маанилүү.

Бул согуш кимге керек, эмне эле тажиктер кайра-кайра кол салат? — ​деген суроо эртеден бери айтылып жатат… Албетте, тажик элине дагы, кыргыз элине дагы бул согуштун эч кереги жок. Бул согуш Рахмондун жеке өзүнө жана Орустарга керек… Эки жактын кызыкчылыгы дал келип калган. Рахмон болсо Алиев менен Түркмөнбашынын балдарын президент кылып салганын көрүп ичи өрттөнүп, кантип балама бийликти өткөрүп берем деп бушайман… Бул процесс түз өтүп кетиш үчүн сырткы душман, согуш керек… Ошондо ички биригүү болот, эл сестенип, эмне болуп кетет деп кооптонуп туруп калат… Мына ошондой шартта бийликти баласына кармата коюу оңой болот. Анын кызыкчылыгы ушул. Ал эми Путинге болсо Орусиянын айрандай төгүлгөн аброюн бир аз болсо дагы көтөрүү керек болуп турат. Алы жеткени эле биз… Ортого от жагып, согуш чыгарып, анан өзү ортомчу болуп эл аралык аренада көрүнүп калуу амалы… Тажикстан менен Кыргызстан бир уюм — ​ОДКБнын мүчөсү, сырттан бирөө кол салса бирге коргонуп, бирге согушабыз деген шерт бар. Бирок бир уюмдун мүчөлөрү өз ара согушуп жатканда эмне үчүн ОДКБ үн катпайт деген суроо табигый эле. Менин оюмча бул уюмдун Кыргызстан үчүн бир тыйын пайдасы жок. Өз ара тытышып жатып анан сырткы душманга кантип бирге аттанмак элек? Ошондуктан, чукулунан ОДКБдан чыгуу жөнүндө жарыя кылуу зарыл. Ошондой эле Түрк биримдигине расмий кайрылып, жардам сураш керек, айрыкча Түркия менен Азербайжандан. Эгемендикти сактап калуунун келечеги Түрк биримдигинде болуп калды окшойт. Путин болсо тажик менен жараштырам демиш болуп биротоло колу-бутту тушайт.

Каныбек Осмоналиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы: «Алардын көздөгөн максаты такыр башка, өлкөнүн тынчтыгы бир тыйын»

— Мекенибиздин чеги мертинип, чек ара чечилбей турганда, ар бирибиз мындай кырдаалга кайдыгер карабай, ошол жерде өмүр бою жашоо кечирип, чек арага каккан казыктай жылбай кармашып жаткан кандаш мекендештерибизге кол сунуп, колубуздан келгендин баарын жасап, жардам берели. Биздин эң алгачкы жардамыбыз — ​такталбаган, “чийки” маалыматтарды таратпоо, анткени интернеттин арааны ачылып турган заманда шыбырап койгонуң дагы өлкөбүздүн чеги тургай, дүйнөнүн булуң-бурчуна желдей тарап турган учур. Мындай абалдан пайдаланып, чарк айланып чагым салчулардан сак бололу. Алардын көздөгөн максаты такыр башка, өлкөнүн келечеги, бүтүндүгү, тынчтыгы алар үчүн бир тыйын. Демек, болуп жаткан мүшкүлдү эске алып, баарыбыз бир муштумдай түйүлүп, маалымат саясатын туура жүргүзгөнгө жана жалган маалыматтардын жайылуусуна бөгөт коюуга болгон аракетибизди жумшоого тийишпиз.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы:

— Кыргыздын аккан каны, энелердин көз жашы ак падыша Николайды да оңдурган эмес. Тактан кулатылып, үй-бүлөсү менен атылган. Кезек эми Рахмон менен анын үй-бүлөсүндө!

Айданбек Акматов, саясий аналитик: «Тажик тарап бейформал күчтөргө курал-жарак бергени соцтүйүндөрдө ырасталды»

— Тажикстандын агрессиясы — ​анын куралдуу топторунун кыргыз айылдарына кирип, адамдарды өлтүрүп, үйлөрдү өрттөп, мал-мүлктү талап-тоноп кетүүсү менен далилденип турат. Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Арка массивиндеги айылдардын аянычтуу абалын карап көрүңүз… Ошондуктан, “Кыргызстан агрессия жасады” деп тажик тарап ооз ачпай эле койсун. Ооба, тажик тарап мындай кагылышууларга даярданып келатат. Биз дагы абдан даяр турушубуз керек. Анткени чек ара маселеси чечилбеген. Кичинекей эле чырдан чоң өрт чыгып кете турган абалда турабыз. Бирок да, эки тарап курал эмес, дипломатияга басым жасаш керек. Ошондой убакыт келди. Анткени, эки тарап тең 16-сентябрда колунда болгон арсеналы менен согушуп көрдү. Мындан жеңүүчү болбоду. Калктын азабы, жоокерлердин ажалы жан дүйнөнү эңшерип кала берди. Албетте, мекенин коргоп ажалга тик турган баатыр жоокерлерибиздин эрдиги ченемсиз…

Тажик тарап бейформал күчтөргө курал-жарак берип чыгарганы социалдык түйүндөрдөгү видеолор менен ырасталып турат. Ак-Сай айылынын тургундары да ырастап айтып жатат. Алар “биз тааныган эле адамдар (тажиктер) курал менен бастырып кирди. Бизде курал жок, коргоно албай калдык. Жаш аскерлерибиз жер шартын билбей тажрыйбасыздык кылды, аздык кылды, ошондуктан тажиктер айылдарыбызга кирип келип, баарын өрттөп, талап-тоноп чыгып кетти”, — ​деп боздоп жатышат. Ак-Сай айылы абдан стратегиялык маанилүү жерде турат. Ак-Сай айылы тажиктин Ворух анклавы менен Кожоалоо айылынын ортосунда турат. Ал Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү шаарынын анклав болушунан сактай турган өтө күчтүү стратегиялык мааниси бар. Эмне үчүн ошол жерлер бекем корголгон эмес. Эмне үчүн тажиктер ал жерлерге каалагандай басып кирип, элге бүлгүн салып, стратегиялык маанилүү көпүрөнү жардырып кетип жатат? Маселе, суроо көп. Булардын баары талдоого алынып, тийиштүү чаралар көрүлүш керек.

Кылычбек Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *