Кыргызстан: төртүнчү дүйнөлүк согуш босогосунда

Кечээ Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Украинада жети айга жакын убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан Атайын аскердик операцияга байланыштуу, аскерге милдеттүү жарандарынын бир бөлүгүн аскердик кызматка кайра чакырууга чечим кабыл алды… Ошол замат мурда 12-13 миң рубль турган Москва-Бишкек авиарейсине сатылуучу билеттердин наркы жарым саатка жетпей 90 миң рубльга көтөрүлүп, дээрлик 800 проценттен ашуун өскөндүгү анык болду!..

Кош жарандуулукка ээ болушкан, же бир гана Россия Федерациясынын жарандары болушкан кыргыз улутундагы мигранттардын саны абдан көп экендиги маалым. Мурдараакта Миграция боюнча Мамлекеттик кызмат расмий таркаткан билдирөөгө караганда, Кыргыз Республикасынын ар бир онунчу жараны Россия жарандыгын аляшкан. Расмий маалыматтар боюнча, эгемендик жылдарында 570 миңден ашуун Кыргызстандык Россия Федерациясынын жарандары болуп калышкан.

Мындан сырткары, миграциялык агым боюнча катталбай, же жарандык албай, Кыргызстандын жарандары бойдон кала беришкен чоң топтун так санын аныктоо мүмкүн да эмес. Ар кандай расмий булактардын маалыматтарында Россияда 750 миңден ашуун Кыргызстандык жашап-иштеп жүрүшөт деп айтылса, бейрасмий билдирүүлөрдө бул цифра 1,5 млн деп эсептелет. Миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын расмий маалыматы боюнча, 2017-жылы эле Россияга 738,3 миң Кыргыз Республикасынын жарандары барышып, алардын 642 миңи миграциялык каттоого коюлушкан.

Аталган ведомствонун төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга киргенден тартып Россия жарандыгын алууга кызыккандардын саны кыйла азайган. Мурда жыл сайын Россия Федерациясынын жарандыгын 15-20 миң Кыргызстандыктар алып келишкен болсо, 2017-жылдан тартып бул цифра 8,7 миңге чейин азайган. 7,7 миң кыргызстандыктар убактылуу жашоого уруксат алышкан.

Россияда иммигранттары көп катталган мурдагы союздук республикалар арасында Кыргызстан үчүнчү орунда турат. 35 миллион калкы бар Өзбекстандан Россияда 1,9 млн жараны миграцияда жүрүшсө,  9 млн. 838,4 миң калкы бар Тажикстандын 1,1 млн. жарандары Россияда мигрант катары катталышкан. Калкы али 7 миллионго да жете элек Кыргызстан бул жагымсыз көрсөткүч боюнча үчүнчү орунда. Эгерде мигранттардын санын эмес, жалпы калктын миграциядагы проценттик катышын эсептей турган болсок, Кыргызстан биринчи орунду ээлей тургандыгы талашсыз факт!

…Бүткүл дүйнө глобалдуу өзгөрүүлөр алдында турганда, жогорудагы постсоветтик миграциялык агымдын башында турушкан үч эгемен өлкө планетардык маалымат каражаттарынын көңүл борборун өздөрүнө бурушту. Байыркы Самарканд шаары Шанхай кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитин кабыл алып жаткан кезде Тажикстан аскерлери Кыргызстандын аймагына кол салышып, үч күнчө созулган согушта, расмий билдирүү боюнча, Кыргызстан тараптан 59 адам өлүп, көптөгөн административдик имараттар жана жарандардын үйлөрү өрттөлүп, мал-мүлктөрү тонолду.

Бул масштабдуу кандуу кагылышуу президент Садыр Жапаровдун тушунда экинчи жолу кайталанган каргашалуу окуя болуп калды. 2021-жылдын 28-апрелинде 36 адам өлүп, 100дөн ашуун объект талкаланган болчу. Кыргызстан менен Тажикистандын  900 километрден ашуун аралыкка созулган мамлекеттик чек ара аймактарынын  30 %ке жакыны алиге чейин талаштуу аймактар катары эсептелип, ошондон улам жаралган ар түркүн деңгээлдеги конфликттер акыры ушундай өз ара душмандык деңгээлге жетти.

Жалпы дүйнө коомчулугу реакция жасашып, конфликтти тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө чакырууда. Москвадагы качкын-демагог президент Аскар Акаев дагы дароо билдирүү жасап, Эмомоли Рахмон өзүн жакшылыкты билбеген (неблагодарный) инсан катары көрсөткөндүгүн белгиледи. Тажиктер исламдык жана демократиялык делип, эки тарап болуп бөлүнүшүп, өз ара кырылышып жатышканда Бишкекте кыргыздар жараштырып, алардын элин жана өлкөсүн сактап калганын эске салыптыр.

Чындыгында Бишкектин ал кездеги ортомчулук ишмердиги формалдуу гана болуп, негизги маселелердин баары Москва менен Тегерандын ортосунда жетишилген өз ара макулдашуулар боюнча чечилген. Азыркы кыргыз-тажик конфликтисине да көшөгө артындагы – исламдык экстремистчил күчтөр, Россия жана АКШ сыяктуу

глобалдуу оюнчулардын өз ара тирешүүсү көбүрөөк таасир этип жаткандыгын байкоо анча кыйын деле эмес…

Өткөн жолку кагылышууда да, кечеги согушта да тажиктердин регулярдуу армиясы менен катар эле бейформал куралдуу уюмдар жана куралданышкан карапайым адамдар катышкандыгы көрүндү. Кечэги жолкусунда тажик жарандары гана эмес, Афганистан жарандары да катышышкандыгы расмий түрдө тастыкталды!

Ушунун өзү тажик жетекчилигинин жана бул геосаясий кызыкчылыктар чордонунда калган өлкөнүн канчалык деңгээлде өз алдынча боло алышарын тастыктап тургансыйт. Жай айында Эмомоли Рахмон ОДКБнын жыйынында Афганистан тараптан болгон коркунучтарды алдын алууга чакырды эле, афгандык радикалдык «Талибан» кыймылынын командири Мулла Джан, – этникалык пуштун, «эгерде Тажикстан Россияга артын такап алып, Афганистандын ички иштерине кийлигишкенин токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жумада басып алышарын» айтып, катуу эскерткен.

Тажиктердин жарымынан көбү Афганистан аймагында жашашып, бул өлкөдөгү эң таасирдүү пуштун жана өзбек этникаларынан кийинки үчүнчү орунду ээлеп турушат. Афганистан жарандарынын Тажикстанга ээн-эркин, каалагандай кирип-чыгышып, ал тургай, алардын башка бир үчүнчү өлкө менен болгон куралдуу кагылышууларына дагы катышып жатышканы эмнеден кабар берип турат?

Исламчыл экстремистчил уюмдар (жана дагы “Талибандарды” марионеткалардай пайдаланышкан АКШ!) аскердик чалгынчыл-зондаж иштерди жасашып, өлкөдөгү маанайды активдүү иликтешүүдө. Россиянын Тажикстандагы аскердик базасы чектелген гана контингент. Эгерде Россия Украинадагы атайын аскердик операциядан улам алсырай баштаганы байкалса, Тажикстандагы экстремистчил жана азырынча тымызын аракет кылып жатышкан күчтөр ачык эле аракеттерге өтүшүп, бул өлкө кайрадан жарандык согушка кабылышы да мүмкүн!

Кыргызстан Россия тарап Украинадагы атайын аскердик операцияны баштаганда өзүнүн нейтралдык позицияда экендигин расмий түрдө билдирген. Анын үстүнө, Кыргызстандагы айрым массалык маалымат каражаттары жана АКШчыл өкмөттүк эмес уюмдар ачык эле Украинага жан тартышып, колдошуп, орустардын саясатын сынга алышууда!..

…“Досум дос элек бозо сүзгөндө, ажырашып кеттик го, коон үзгөндө?!” – деген бир турмуштук негизден чыккан, белгилүү бир өлчөмдө гана тамашалуу болгон накыл кеп эске түшөт. Демек, чыныгы достор убактылуу гана майда бир кызыкчылыктарга жетеленбей, алыскы келечекти ойлошуп, кызыкчылыктардын баарын ортого коюшуп, жакшылыкты да, жамандыкты да тең бөлүшүүлөрү абзел. Ансыз баарынын ишеничинен чыгып, ара жолдо, эч жардамсыз, түрткүнчүлүк абалда калуу коркунучу жаралары шексиз.

Азыркы кризис тушундагы, экономикалык жана аскердик заманбап күчтөрү чектелүү Кыргызстанга да туруктуу аскердик союздаштар аба-менен суудай керек. Азыркы учурдагы согуш илгерки көчмөн заманындагы согуш эмес. Албетте, эгерде жекеме-жеке жана жалгыздап гана басып кирген жөө, же атчан аскерчен душманга каршы күрөшсөк, Манас атабыздын арбагына таянып, бир кезде өздөрү келип катылышкан калмактарды чилдей таратып, кырганын кырып, тирүү калгандарын экинчи эсинен кеткис кылып, дыргаяктата кууп чыккандай кылса болмок!

Арийне, душмандын артында көрүнбөй турган, көптөгөн көмүскө күчтөргө да каршы согушууга туура келерин Украина-Россия аскерлеринин согушу тастыктоодо. Чынында, Украина НАТОнун жардамы менен гана ушунчалык узак убакыттан бери каршылык көрсөтүүгө кудурети жетүүдө. Эбегейсиз чоң жоготууларга да карабастан, заманбап куралдар жана жанкечти наемниктер агымы Днепр дарыясындай эле токтолбой агылууда. Кечээ Владимир Путин 30 өлкөнүн 70 спутник-чалгынчылары Украина Куралдуу күчтөрүнө жардам берип жатышкандыгын билдирди…

Россиялык бир таанымал саясат таануучу “үчүнчү дүйнөлүк согуш СССР талкаланганда эле болгон. Эми Россияны талкалоо үчүн төртүнчү дүйнөлүк согушту чыгарууга аракет кылгандар бар” дегени эске түшөт. Кыргызстан дагы азыр дал ошол согуштун босогосунда турат.

“Тажиктер бизди өтө катуу капа кылууда” деп коюп, бул конфликттин келип чыгышына алып келген талаштуу маселени чечүүнү созуп жүрө бербей, мамлекеттик бүт бардык ресурстарды жана ишенимдүү, кубаттуу союздаштардын жардамдарын колдонуу аркылуу, каардуу душманга дал өзүнө  жоопту эч кечиктирбей, өз учурунда кайтаруу зарыл. Ансыз да Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликттин мындан ары да күчөшүнө, региондогу глобалдуу чыр-чатакка айланышына кызыкдар болушкан күчтөр өтө көп.

 

Ишенбек Муртазаев

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *