Феликс Кулов: «Рахмон тарыхтан жыйынтык чыгарган жок, бул анын тактан кулашына алып келет»

— Феликс Шаршенбаевич, Тажикстандын диктатор жетекчиси Рахмон биздин өлкөгө карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия жасап, 60ка жакын мекендешибиздин өмүрүн кыйды. Бир канчасы майып болду. Үйлөр, мамлекеттик мекемелер өрттөлүп талкаланды. Социалдык баракчаңызда тарыхын унуткан Рахмондун такка отурушуна Кыргыз бийлиги эбегейсиз салым кошкондугунун чекесин чыгарыпсыз, ошону кененирээк айтып берсеңиз?

— Азыр Эмомали Рахмонду Кыргызстанга агрессия жасоого түрткөн ар кандай себептер айтылып жатат. Тактай кетсек, Рахмондордун үй-бүлөсү өлкөбүздүн түштүк аймактары аркылуу өткөн баңги аткезчилигин өз көзөмөлүнө алуу, Баткен облусунун аймагынын бир бөлүгүн басып алуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол тилкесин курууга кызыкдар болгон мамлекеттерди үркүтүү сындуу кызыкчылыктары тууралуу сөздөр болууда. Самаркандда темир жол боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийинки экинчи күнү эле Баткен облусунун чек ара аймактарына чабуул жасалгандыгы мындай болжолдун чындыкка жакын экенине негиз түзүүдө. Сырткы күчтөрдүн ролу тууралуу кутумдук теориялар да айтылып, кыргыз тарапты чыр-чатактын демилгечиси катары көрсөтүүгө шашкан орусиялык жеке “Коммерсант” гезитине шилтеме келтиришти. Мен өзүмдү мындай теориялар боюнча адис деп эсептебейм, ошондуктан алар бул маселелерди менден жакшыраак түшүнөт дегендер менен полемикага аралашуу идеясынан алысмын. Мен практикмин жана көбүнчө өзүмдүн тажрыйбамдан, байкоолорумдан жана анализимден чыгам. Ошондуктан, мен Эмомали Рахмондун режимин өлкөбүзгө каршы агрессияга түрткөн ачык себептердин бирин гана айта кетейин. Айтылгандарды негиздөө үчүн, өзүм байкабай катышууга аргасыз болгон айрым фактыларды кыстарайын.

— Ии, ошондон баштасаңыз…

— 1992-жылы бир күнү Бишкекте иш-чара болуп, ага КМШ өлкөлөрүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттары катышкан. Эмомали Рахмон ал кезде Тажикстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Куляб облусундагы колхоздун башкармасы эле. Ал мени менен жолугушууну суранып калды. Мен анда Кыргыз Республикасынын вице-президенти кызматын аркалачумун. Жеке жолугушууда ал мекенинде кандай трагедия болуп жатканын, эл согушуп жаткан тараптарга бөлүнүп кеткенин айтты. Көзүнө жаш алып, жардам сурады. Мен президентке барууну сунуштадым. Бардык. Аскар Акаевич кунт коюп уккандан кийин: “Макул, жардам беребиз. Мен вице-президентиме тапшырма берем, ал гуманитардык жардам алып келет» деди. Ошентип, А. Акаевдин сунушу менен бейформал түрдө тынчтык орнотуу миссиясынын жетекчиси жана координатору болуп шайланып, Тажикстанга учтум. Мен ал жакта жүргөндүктөн, кырдаалды, элди жакшы билчүмүн.

— Курамына кимдер кирди?

— Биздин тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына Өзбекстандын, Казакстандын жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, ал эми Орусиядан президент Ельциндин кеңешчиси Сергей Станкевич кирди. Тажикстанга барганда эл саясий көз карашы боюнча эле эмес, диндерге, кландарга бөлүнгөнүнө күбө болдум. Кландык жиктелүүсү негизги 4 этникалык топтон: ходжент, куляб, гарм жана памир тажиктеринен турган. Рахмон Куляб кланынан болчу. Аларга негизги атаандаш катары Тоолуу Бадахшандын исмаилиттери эле, алар азыр да бар. Жакында Бадахшандагы карапайым калктын массалык түрдөгү нааразылык акцияларын аскер күчтөрүнүн жардамы менен басты.

Мен Тажикстанга биринчи жолу барганда өлкөдө толук анархия өкүм сүрүп, президент Набиевди эл жазуу жүзүндө тактыдан баш тартууга аргасыз кылган кез эле. Жарандык согуш шартында жаңы мамлекет башчысын шайлоо реалдуу эмес болчу. Анын милдетин формалдуу түрдө Жогорку Кеңештин спикери, Тоолуу Бадахшандык Акборшо Искандаров аткарып жатты. Конституцияга ылайык, анын да президенттикти жетектөөгө убактылуу гана, 3 айлык укугу бар эле. Бирок, үч айдан ашык мөөнөт өтүп кетип, өлкөдө мыйзамдуу лидер болбой калды. Айтмакчы, Акаевге кайрылган Искандаровдун өтүнүчү боюнча биз тажик милициясына 150 Калашников автоматын саткан элек, алар ансыз деле жаңы үлгүдөгүлөргө алмаштырылмак. Кийин ошол ишти Акаев билбеген киши болуп, мени өзүм билемдикке айыптаганга аракет кылышты.

— Албетте, алар өзүнчө сөз, Тажикстандагы кырдаал кандай багытта өзгөрдү?

— 90-жылдары Тажикстанда, саясат таануучулар айткандай, конституциялык, саясий, экономикалык, социалдык, азык-түлүк, региондор аралык жана башка бардык чөйрөлөргө таасирин тийгизген системалык кризис болгон. Ошондо мен Конституцияны өзгөртүүнү, өлкөнүн Президентинин кызматын жоюуну, бардык бийликти Жогорку Кеңештин Президиумунун адамында турган коллегиалдуу органга берүүнү сунуштадым. Мындай схема ошол доордо жашагандардын баарына түшүнүктүү болчу, бирок аны ишке ашыруу үчүн тосмолордун эки тарабында болуп, өлкө боюнча чачырап кеткен азыркы депутаттарды чогултуу керек эле. Биз Тажикстандын көптөгөн аймактарын кыдырдык, жада калса мурдагы президенттин Улуттук гвардиясынын экс-командири Набиев казган Ооганстан менен болгон чек арага да барып, согушуп жаткан бардык жетекчилер, депутаттар менен жолугуштук. Биздин авантюраларыбызды майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөбөй эле коёюн, албетте, согуштук аракеттердин шартында туристтик сейилдөө болгон эмес, бирок акыры биздин планыбыз ишке ашып, депутаттар 1992-жылдын ноябрь айында Ходжент шаарында өткөн парламенттин сессиясына чогулушкан. Бизден ага “легендарлуу” парламенттин спикери Медет Шеримкулов катышты. Сессияда президенттик кызмат жоюлуп, ошол кездеги бардык чатакташкан тараптардын эң компромисстүү жана ылайыктуу фигурасы катары Эмомали Рахмон Тажикстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Кийин ар кандай ыкмаларды колдонуп, саясий оппоненттерин нейтралдаштыруу аркылуу президент болууга жетишти.

— Кыргыздардын жардамы менен бийликке келген Рахмон азыр “ичкен кудугуна түкүрүп аткан” экен да? Бул Кудай тарабынан деле көз жаздымда калбаса керек, анткени, биз жарандык согушта дагы кол сунуп, миңдеген качкындарды кабыл алганбыз. Кийин Кыргызстандын ортомчулугу менен Тажикстанда ынтымак орногон эмес беле?

— Жарандык согуш тажик элине сан жеткис кырсыктарды алып келди. Ар кандай эсептөөлөр боюнча 80 миңге жакын адам каза болуп, 250 миңден ашууну качкынга айланып, экономика талкаланды. Арийне, «Улуттун кызыкчылыгы исламдын кызыкчылыгынан жогору» деген ураан алдында прогрессивдүү-патриоттук күчтөрдүн чакырыгы партияларды жараштырып, элди консолидациялоодо ошол шарттарда чоң роль ойногону бекеринен эмес. Бирок, убакыттын өтүшү менен көп нерсе унутулуп, жаңы муундун өсүшү менен аймактык жана кландык көйгөйлөр эски таарынычтарды жандантып, элдин муктаждыгын чечүүдөн четтеп кеткен башкаруучу элитанын баш оорусуна айланды. Ушундай шартта Рахмон өзүнүн режимине нааразы болгон саясий оппоненттердин, тажик кландарынын, лидерлеринин көңүлүн башка жакка буруу үчүн Кыргызстан менен болгон чакан жеңиштүү согушту примитивдүү негизди түзсө дагы, жападан жалгыз эффективдүү ыкма болуп калгандай. Анткени, жаңжалдын демилгечилери болсун деген үмүт менен биздин чек арабызга көптөн бери ар кандай майда чагымчылдыктарды уюштуруп жатканы бекеринен эмес. Азыр Тажикстанда ички саясий кырдаал кадимкидей начарлап, анын үстүнө Рахмон ооган талиптери менен катуу тиреши башталган маалда биздин өлкөгө каршы масштабдуу агрессия жасаганы көп нерсени түшүндүрөт.

— Ооган фактору жөнүндө айта кетсеңиз?

— Ооганстанда жакында эле “Талибан кыймылы Тажикстан” (“Техрик-е Талибан Тажикстан” — ​ТТТ) түзүлдү. Анын негизги максаты — ​Рахмон режимин кулатып, ислам мамлекетин куруу. Кыргызстан менен согуш башталып кетсе, ТТТ жардам бербесе дагы, жок эле дегенде Тажикстанда жашаган уруулаштарына каршы экинчи фронт ачпайт деген эсеп-кысапты тутунган. Ушундай кытмыр ой менен Рахмон бир ок менен эки койонду атып, улутту бириктирүү жана ооган тажиктеринин чабуулунун алдын алууну көздөгөн. Демек, ал тажик элине биздин жардам бергенибизге жана анын бийликке келишине салым кошконубузга, ошондой эле тажик коомунун башкаруучу элитасын жана согушуп жаткан тараптардын лидерлеринин башын кошконубузга түкүрүп койду. Мындан улам анын айткан сөздөрү дал келбей, атышуулар, провокациялар токтобой жатат.

— Рахмон тарыхтан жыйынтык чыгарбаптыр да?

— Рахмон тарыхтын сабактарынан жыйынтык чыгарган жок жана жеке керт башынын кызыкчылыгын жетектеген чакан жеңиштүү согушту тутантуу менен тактыда калуу аракети жакынкы келечекте анын тактан кулашына алып келет. Бирок, анын кылмыштуу жоруктары миң жылдан бери жакын коңшу, бир тууган болуп жашап келген эки элдин ортосундагы достук мамилеге терс таасирин тийгизди. Атүгүл кээ бир тарыхчылар биздин Каныкей апаны Санирабига деген улуту тажик болгон деп айтышат.

— Согуш элге кереги жок болчу да…

— Согуш биздин эки элге керек эмес. Бирок, элдин жана алардын жетекчилеринин ойгонушу үчүн убакыт керек. Бүгүн аны токтотуу үчүн каалайбызбы-каалабайбызбы, кимдир-бирөө жактырабы-жактырбайбы, биз ЖККУга мүчө болгонубузду пайдаланууга милдеттүүбүз. Жамааттык коопсуздук уюмунун катышуучуларынын ортосунда чыгып кетүүчү чыр-чатактар келишимде көрсөтүлгөн эмес. Бирок, ошого карабастан, Келишимдин 2-беренеси бизге агрессияны токтотуу үчүн ЖККУнун механизмдерин колдонуу укугун берет. Бул беренеде “бир же бир нече катышуучу мамлекеттин коопсуздугуна, туруктуулугуна жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келип чыккан учурда биргелешкен консультацияларды өткөрүү механизми токтоосуз ишке киргизилет жана келип чыккан коркунучту жоюу үчүн мүчө-мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча ЧАРАЛАРДЫ көрүшсүн» деп жазылган.

Жогорудагы норма ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өздөрүнүн ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга тыюу салууну камтыбайт. Ошол себептен биздин ЖККУ боюнча өнөктөштөрүбүздөн ок атышууну токтотууга ЧАКЫРУУ гана эмес, коркунучту жоюу боюнча чараларды көрүү талап кылынат.

— Кантип?

— Биринчи кезекте Тажикстан, Кыргызстандын чек арачыларынын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин биринин өкүлдөрүнүн ичинен эң көйгөйлүү аймактарда биргелешип кызмат өтөө үчүн үч тараптуу биргелешкен күзөттөрдү түзүү керек.

Ошол эле учурда үчүнчү тарап ок атуучу куралдарды эле эмес, мисалы, минометторду колдонгон чагымчыларды жок кылууга укуктуу болушу керек. Буга чейин тажик тарапта куралданган жарандардын топтору бар экендиги белгилүү болгон. Алар кимге отчет берип жатканы белгисиз, бирок алар сүйлөшүү процесстерине катыша алышпайт. Демек, андайлар өз каалоосу менен иш алып барып, бизге жана тажиктерге реалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн экени айдан ачык. Мыйзамсыз куралданган мындай топторду жок кылуу ЖККУнун бардык тараптарынын жана мүчөлөрүнүн милдети. ЖККУдан үчүнчү тараптын катышуусу — ​тажик ММКлары тараткан жалган маалыматтарды басууга мүмкүндүк берет. Албетте, жакынкы күндөрдө Баткен багытында аскердик курамыбызды бекемдөө зарыл.

— Рахмондун кылыгы көз жаздымда калбашы керек го?

— Ооба, агрессорду жоопко тартуу үчүн эл аралык сотторго кайрылуу даярдоо зарыл. Тажикстан калкты топтоп, өз жарандарына курал тарата баштаганын эске алып, биз да калкыбызды коргоо чараларын кароого милдеттүүбүз. Мунун кандайча аткарылышы, СССР ички иштер министрлигиндеги системанын жогорку окуу жайларында окугандарга белгилүү. Аларды чабуулга үйрөтүшкөн эмес — ​бул армиянын прерогативи, душмандан бизди коргонууга, ДРГга (диверсиялык-чалгындоо топторго) каршы күрөшүүгө, чек арага чектеш райондордун тургундарынын ичинен өзүн-өзү коргоо бөлүктөрүн түзүүгө, жарандык коргонуунун ыкмаларын жана формаларын колдонууга ж. б. Бул жерде саясий жана дипломатиялык чечимдер, ошондой эле биздин атайын кызматтарга тиешелүү чаралар таасир этпейт.

Бүгүнкү күндө эң негизгиси ок атышууну токтотуу жана тажик тараптын жаңы чагымчылдыктарынын алдын алуу. Алар ок атышпоо келишимдерин аткарбай, бузуп жатышат. Ошол себептен жогоруда айтылгандай, үчүнчү тараптын кийлигишүүсү аргасыздан жасалган кадам. Чечим өлкөнүн жетекчилигине жана биздин союздаштарга байланыштуу.

— Үчүнчү тарап Россиябы?

— Башка коңшулар да бар, мисалы, КЭР да кызыкдар болушу мүмкүн. Бирок, биз ЖККУда союздаш болуп тургандыгыбызга байланыштуу маселенин юридикалык жагын айттым. Башкаларды, анын ичинде кошуналарды тартуу үчүн эки тараптын макулдугу талап кылынат, ага чейин узакка созулган юридикалык процедуралардан өтүшү керек. Баса, агрессия улана берсе, анда биз БУУнун мүчөсү катары көк каскачандарды тартуу маселесин көтөрсөк болот. Милдет — ​ок атышууну тез арада токтотуу, агрессия кайра башталбайт деген кепилдикке ээ болуу, үй-жайын таштап кеткен 130 миң жараныбызды мекенине кайтаруу.

 

Кылыч Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *