Ван кыргыздары… же Түркияга көчүп барган 40 жылда эмнелер өзгөрдү?

Быйыл сентябрь айында Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздардын ал жакка көчүп барганына 40 жыл толду. 1982-жылы сентябрь айында Түркиянын өкмөтү миңден ашык боордошторду Пакистандын Гилгид аттуу жеринен көчүрүп кетип, үстүнө үй салып, астына ат тартып, жемегине тамак берген. Андан бери Ван кыргыздары ал жакта окуп билим алып, эч нерседен кем болбой жашаганын айтышат. 40 жылдыктын урматына 25-сентябрда Түркияга ыраазычылык айтуу иш-чарасын Стамбулда өткөргөнү турушат. Бул демилгени ишке ашырууну пландап жаткандардын башында «Кыргыз түрктөрү маданияты жана тилектештиги» ассоциациясынын жетекчиси Абдулметин Кескин турат. Аны менен маек курдук.

— Абдулметин аке, саламатсызбы? Быйыл Ванга көчүп барганыңыздарга 40 жыл болуптур да?..

— Ооба, 1982-жылы сентябрь айында көчүп келгенбиз. Менимче 20–25-сентябрь болсо керек.

— Сиз ошондо канча жашта элеңиз?

— Мен 6–7 жаштарда элем.

— Сиздер Пакистандан баргансыздарбы?

— Ооба. Биз, 1978-жылы Советтер бийлигинин кысымы күчөгөн маалда, Ооганстандан Пакистанга өткөнбүз. Ал жактын Гилгид деген жерине жайгаштык. Өкмөт бизге чатырларды берип, тамак-ашка көңүл бурду. Ошентип чатырларда 4 жылча жашадык. Акыры Рахманкул хан ажыбыз Пакистанда жашоо кыйын болгон үчүн Түркияга же Америкага кетиштин аракетин кылды.

Мурда Америка-Индия университетинде иштеген профессор Назиф Шахрани аттуу 26 жаштагы окумуштуу жигит Памирге барган экен. Аны менен Рахманкул хан жакшы байланышып калат. Ал адам окуусун бүтүрүп, профессор болуп, Пакистанга барган убактарда чоң киши болуп, университеттерде иштеп калат. Ошону менен каякка кетсем болот деп кеңешет. “Советтер бийлиги турганда бизди Памирде жашатпайт, мен баарыбир башка жерге кетишим керек”, — ​дейт. Анан ал Америкага кат жазалы дейт. Аны менен сүйлөшкөндө Түркия тууралуу сөз болбоптур, бирок Рахманкул хандын оюнда болгон экен.

1981-жылы Түркиянын ошондогу президенти Кенан Эврен Пакистанга бара турган болуп калат. Анан Пакистандын ошондогу президенти Мухаммед Зия Уль Хакка Рахманкул хан жолугуп, эгер мүмкүнчүлүк болсо, аны Түркиянын башчысы менен жолуктурууну суранат. Суранычы аткарылып, Кенан Эврен менен Рахманкул хан жолугат деп атайын протоколго киргизилет. Мындан улам Вахан Коридорунан түшкөн түркмөндөр, өзбектер, казактар да ортого кирип, бизди да көчүрүп кетсин деп кат жазып берет. Рахманкул хан менен Кенан Эврен жолукканда тигил элдердин да өтүнүчүн айтып, өзүнүн да катын берет. Кийин Кенан Эврен баарыбызды Түркияга көчүрүү сунушун колдогон. Ошентип бул жакка келип калганбыз. А түркмөндөр менен өзбектер да келген.

Бизди алгач Түркиянын Адана деген жылуу жерине жайгаштырышты. Анда бир жумадай турганыбыздан кийин, кээ бирибизди Вандын Кара-Гүндүз деген жерине, айрымдарыбызды Малатия деген жерге бөлүштүрүштү. Анткендеринин себеби үйлөр салынып, даяр болгуча, ошондо туруп турсун дешкен экен. Ошентип кыргыздар 3–4 жыл ошол жерлерде жашап калганбыз.

Анан Вандагы азыркы Улуу Памир айылыбызга үйлөр салынып, бизди 1987-жылы толук көчүрүп келишти. Ал жердин өзүнүн аты Алтын Дере Харасы деп аталган экен. Бирок губернатор, депутаттар келип, силер эми Улуу Памирден келдиңер, силердин айылыңардын аты “Улуу Памир” деп аталсын дешкен. Ошондон тартып биздин айылдын аты Улуу Памир болуп аталып жүрөт.

— Абдулметин аке, Түркияга баргандагы алгачкы күндөрүңүздөр кандай болгон? Элес калса керек?

— Биз келген 1982-жылга чейин тополоңдор болуп, өлкөдө кыйын кырдаал түзүлүп турган экен. Түркиянын экономикасы анда көп пас эле. Бирок биздин акчабызды Түркияда да берген, анан өлкө сыртында “Улуттар биримдиги” сыяктуу уюмдардан да берилген. Пакистандан учак менен келип, 2–3 жыл тамак-ашына каражат берилет деп чечилген. А кезде Түркиянын экономикасы күчтүү эмес эле. Мисалы: коомдук автоунаалары эски болчу, телевизор анча жок эле. Биз Пакистандан түстүү телевизорлорду алып келгенбиз, а Түркияда андайлар жок болчу. Бирок бизди жакшы карашты. 2–3 жыл иш кылдырбай карашты. Негизи булар эле эмес, дүйнөнүн шарттары деле ал кезде жакшы эмес болчу. Түркиянын экономикасы 1990-жылдан кийин оңолуп кетти. Жалпылап айтканда, баарыбыз ыраазы боло тургандай карады десем болот.

— Билим берүүнү кандай жолго койду?

— Алгач бизге түркчөнү үйрөтүштүн аракетин көрүштү. А биз түркчө билбейт элек, памир кыргызчасын билет болчубуз. Айрымдары Пакистанда жашаган үчүн урду тилин билишчү. Мында келгенибизде атайын мугалимдер бөлүнүп, бизге түркчө үйрөтө башташты. Кээ бирлерибизди алысыраак алып барып, үйлөрүнөн узагыраак болсун, ошондо жакшыраак үйрөнүп кетээр дешкен. 1–2-класстагы окууларыбыз бар эле. Ошондо мыкты мугалимдер жазышты үйрөтүп, жакшы билим беришти.

— Алгач көчүргөндө канча адам барган Түркияга?

— Жалпы бир миң жүз (ред. — 1100) киши барган. Анын 400–500 адамы окуган. Кечки саат 10го чейин чоң кишилерге да сабак берген. Аялдарды башка, эркектерди башка бөлүп окутуп, түркчө үйрөтүшкөн.

— Сиздер Түркияга көчүп барганыңыздарда Кыргызстан көңүл бурганбы? Ал кезде Советтер Союзунун курамында турса…

— Ал убакта биз Кыргызстанды анча билбейт элек. Чынын айтыш керек. Баарын Советтер бирлиги деп билет элек. Анын ичинде Манас атабыз болгонун, ата-бабаларыбыз кыргыз экенин, кыргыз улуту бар экенин гана билет элек. Бирок Кыргызстанды анча тааныбайт элек. Биздин эл Ош тараптан, Чоң-Алайдан, Нарындан кеткенин, андан ары Мургапта жашаганын, анан Памирге кеткенин билет элек. Ал кезде чек ара деген жок эле да. Жер которуп кете беришкен. Рахманкул хан баш болуп, биздин аталарыбыз, аксакалдарыбыз Алымбек датка, Курманжан даткаларды көп айтып беришчү.

— Кыргызстан алгач качан көңүл бура баштады анан?

— Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин көңүл бура баштады. Ошол жылдары Кыргызстан өз алдынча мамлекет болду, өзүнчө желеги бар деп биз көп сүйүндүк. Бизге илимпоз Кадыралы Коңкобаев биринчилерден болуп келген. Ал келгенден кийин биз Кыргызстанбызды дагы жакшы тааныдык. Анан ырчылар келип, концерт коюп кетишти. Түркияга элчилик ачылгандан кийин Медеткан Шеримкулов, Төлөмүш Океев сыяктуу агайлар келип, бизден кабар ала башташты. Алар Рахманкул хан жана биздин аксакалдар менен кеңешип, кандай жардам бере алабыз дешкен. Өзгөчө белгилеп кете турган инсан — ​бул, Сулайман Кайыпов. Ал биздин айылда көп жыл жашады. Алгач барганда 40 жаштарда болсо, 50–55 жаштарга чейин биздин айылда жашады. Ал Ван кыргыздары тууралуу 20 том китеп чыгарган.

Биз Кыргызстаныбыз бар деп көңүлүбүздүн эң түпкүрүнөн орун бердик. Айылыбызда 3 миңге жакын кыргыз жашаса, ошонун баарынын көңүлүнүн, жүрөгүнүн жартысы Кыргызстан болсо, жартысы Түркия десе болот. Аталарыбыз: “кыргыз тилин унутпагыла, бул эне тилиңер, Түркияда жашасаңар да, тилиңерди унутпагыла, кыргыз бир улутпуз, чоң улутпуз”, — ​деген осуяттарын айтышкан. Ошондуктан кыргызча окушпаса да, баары кыргызча билишет, кыргызча сүйлөшүшөт.

— Түркияга көчүп барган ушул 40 жылда боордоштордун жашоосунда эмне өзгөрүү болду?

— 40 жылдык жашоодо көп киши билим алды. Рахманкул хан ажынын осуяттарынын эң башында билим алгыла деген жери бар. Ошондуктан Түркия өкмөтүнө кызматыңар болсо, билим алып кызмат кылгыла, башка эч нерсенин кереги жок. Күчүңөр менен эмес, билим алып кызмат кылсаңар, анан булардын карызын төлөй аласыңар деп айткан. Ошондон бери билим алып, Түркиянын жакшы жерлеринде иштеп атабыз. Көчмөндөрдүн эң сапаттуусу болуп калганбыз бул жакта. Бизге мамлекет ишенет. Түркияда 82 улут жашаса, алардын баары бизди тааныйт азыр. Улуу Памир десе эле марка болуп калган, силер ишеничтүү инсансыңар, жакшы, жөнөкөй жашайсыңар, мамлекетке эң жакшы кызматты силер кыласыңар дешет.

Биз алгач көчүп келгенибизде Ван жакта террорист көп эле. Кыргыздар чек арадан аскерлер менен кошо чыгып барып, согушуп, мекен чегин кайтарышкан. Биздин 5–6 шейитибиз бар. Октон жараат алгандарыбыз бар. Көчмөндөр ичинде өзүбүздү эң жакшы жагыбыздан көрсөтүүгө аракет кылып келебиз. Биз ар дайым Түркияда жашасак да, көңүлүбүз Кыргызстаныбызда. Бүт тарыхыбыз менен маданиятыбызды жоготкон эмеспиз, айылыбызды “Кичинекей Кыргызстан” дейбиз.

— Кыргызстанга келип жашагандар барбы азыр? Анан келечекте бул жакка келип жашайбыз деген ой-максаттар барбы?

— Эми бул жактан Кыргызстаныбызга барып жумуш кыла тургандар көп эле. Бирок азыр анда баргандан кийин шарттар бир аз көйгөй жаратууда. Урматтуу Президент Садыр мырза Президенттик шайлоо болгондо: “этникалык кыргыздарга биз колубуздан келген жардам беребиз”, — ​деген эле. Бирок азыр ошол жерде жашап турган бир канча үйлүү барып, кайра кайткан. Ал убакта өкмөттө бир аз көйгөй болуп калгандыктан, Түркияга кайра кайтып баса беришкен. Бирок азыр Кыргызстанда биздин 4–5 кишибиз бар.

Анан мен деле балдарыма, туугандарыма айтып жүрөм: Кыргызстанга бизнес алып барыш керек, Түркиянын чоң фирмаларын Кыргызстанга алып барыш керек, оорукана болсун, текстил болсун Кыргызстаныбыз өнүгүш керек деп, көп эле айтып отурам. Кээ бирлери барган, ошол текстил жаатында иштеп жаткандар бар. Бирок Кыргызстанга барып жайгашып, ал жерде иш кылгандар анча көп эмес, аз. Эми илгерилеп, алдыда дагы жакшы нерселер болот деп ойлойм.

Мамлекет этникалык кыргыздарга жакшы шарттарды түзсө, жакшы болот эле. Өткөндө мага бир документ келди. “Сен этникалык кыргыз экениңди расмий түшүндүр”, — ​дешти. Бирок бул жакка алып келип, мындагы элчиликке биздин айыл өкмөт жазып берет, ал элчиликке барып, кыскасы ал документ ортодо жүрөт. Урматтуу Президент Садыр мырза мурдараак “Аалам кыргыздары” деген фонд түзөбүз, анын арты менен этникалык кыргыздарды топтоп, кандай маселелери бар экенин угабыз деди эле, Президент болгондон кийинки алгачкы сөздөрүндө. А бирок ал дагы эле боло элек.

Мен Кыргызстандан келген депутаттар болобу, башка кишилер болобу, ошолорго ар дайым эле айтам, “Аалам кыргыздары” деген фонд түзсөңөр, аны менен бүтүн көйгөйлөрдү кеңешсек жакшы болот эле дейм. Бир эле Түркиянын эмес, дүнүйөнүн бардык жерлеринде кыргыздар бар. Европада бар, Америкада бар, Өзбекстан, Казакстанда толтура, ошолорго бир “Аалам кыргыздары” деген фонд ачып, чоң деңгээлде тышкарыдагы жашаган кыргыздар үчүн атайын байланыш түзүш керек. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ушул маселени айтып калайын деп атам. Мисалы, Түркияда андай уюм бар, аны “Тышкы түрктөр” деп коюшат. Кыргызстан өкмөтүнөн атайын сураныч, тышкарыдагы кыргыздардан кабар алган атайын иш уюштурса, абдан сонун болмок. Ал фонд бир жылда бир жолу сыртта жашаган кыргыздардын көйгөйлөрүн көтөргөн форум өткөрүп турса эмнеге болбосун. Тышкарыда жашап жүрсөк да, Кыргызстаныбыз бар деп жашап жүрөбүз да.

Акырында жыйынтыктап айтайын, биздин Түркияга келгенибизге 40 жыл болду. Ушул айдын аягында 25-сентябрда Түркияга ыраазычылык иш-чарабызды өткөрөбүз. Азыр ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Иш-чарага сыйлуу конокторду чакырып атабыз. Мисалы, ошол эле профессор Кайыповго окшогон окумуштуулар, билим адамдары келет. 1982-жылы Түркиянын эшигинен бизди тосуп алган губернатор, ошол убактарда аким болуп же жөнөкөй кызматчы болуп иштеген адамдарды чакырдык. Алар биздин чакыруубузду туюп, ыйлашып, силерди абдан сагындык, чакырууңарды алганда, силерди тосуп алган күнүбүз, Рахманкул хан менен сүйлөшкөн күндөрүбүз жана ошондо аксакалдар менен сүйлөшкөндөй болуп, көз алдыбыздан өтүп атат деп, өткөндө бир-эки адам чалышты мага. Ошентип 25-сентябрда алардын баарын Стамбулда топтоп, Түркияга ыраазычылыгыбызды айтып, ушундай кылабыз деген пландарыбыз бар.

— Абдулметин аке, рахмат сизге. Алдыдагы пландаган бул иш-чараңыздарды ийгиликтүү өткөрүп алыңыздар. Алтындай убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

— Силерге да чоң рахмат, ушундай көңүл буруп, ара-чолодо бизден кабар алып, оюбузду, пикирибизди алып, кыргызстандык туугандарыбызга угузганыңарга чоң-чоң рахмат айтам. Кыргызстаныбыз ар дайым эгемен болуп, күлүп-ойноп, дүйнөлүк деңгээлде эң сапаттуу өлкөлөр арасына кирсин дейбиз. Кыргыз элибиз бар болсун!

— Рахмат сизге!

 

Маектешкен: Асанбек Пазыл

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *