Валюталар таймашы
Өткөн жумада улуттук жана эл аралык валюталар арасындагы тиреште АКШ доллары көздөгөн максатына карай зуулдап, канчадан бери 10 сомдук айырмада көкөлөп келген евро менен бирдей туруп калды. Азыр экөөсү тең 84:00дөн сатылууда. Бул көрсөткүчтөн улам алып караганда, АКШ дүйнөлүк саясий агымда, экономикалык соода жүгүртүүдө да күчтүү мен деген державалар арасында моюн толгоп алдыңкы орундукту камсыз кылууга аракети күч экендигин далилдеп жатат. Саясий серепчилердин көзү менен караганда АКШ менен Россия Украина аркылуу тирешип, залакасы рублге тийген менен СССР доорундагы он беш республикалар эгемендүүлүк алып бөлүнүп чыгып кеткендигине карабай Россия да түрдүү санкцияларга туруштук берип, КМШ өлкөлөрү менен кошо бир катар мамлекеттер арасында таасирин жоготпоонун аракети менен рублдин кунун сактоого болгон аракетин жумшап, биздин сом менен алганда 1сом 27 тыйындан баштап, 1сом 30 тыйынга чейин курсун кармаганга аракеттенүүдө. Албетте, бул тиреш, таймашуулар биздин өнүгө элек өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй таасир берип, карапайым калктын шаштысын алып койгондугу оркоюп көрүнө баштады.
Мигранттар мекенге кайтууга мажбур
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “эмгек мигранттарын эшелон-эшелон кылып жөнөтүш керек” деген сөзү бар. Ал канчалык деңгээлде өзүн актай алды? 2020-жылы бийлик алмашканда “Кумтөрдү алсак кашыгыңар алтын болот” деген убадалар элге бекем берилген болчу. Алар аткарылдыбы? Деген менен экономикалык эсептөө жагынан Акылбек Жапаров алдына киши салдырбастыгы байкалууда. Тажрыйбасына таянып айткан сөзүнүн төркүнү башка жакта окшойт, дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоонун алдын алууда жылыштар болуп жатат. Маяналар көтөрүлгөнү ага далил. Бирок, миграция тарабы бир аз аксагандай. Акыркы эки ай аралыгында миграциялык көйгөйдүн эң орчундуу регистрация маселеси 16 адамдын өмүрүн алды. Мындан тышкары, Россия менен Казакстандын чек арасындагы такси кызматкерлеринин ортосундагы келишпестиктен улам биздин жарандын автоунаасынын терезелерин талкалап, дөңгөлөктөрүн жарып кеткен учур соцтармакка жарыяланып, бир топ чууну жаратты. Мындай көйгөйлүү трагедиялардын келип чыгышына Россиянын аймагына ар кайсы мамлекеттерден агылып кирген мигранттардын көптүгү жана мыйзамсыздыкты жөнгө салууда алардын документтерин татаалдаштыруудан келип чыккан.
Россия аймагында да соодада баалар бир топ көтөрүлгөнү, айлык маяналардын аздыгы, документ толтуруу татаалдашканы, Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын эмгек мигранттарын кысмакка алышы жана башка көйгөйлөр чогулуп отуруп, мигранттардын Кыргызстанга кайтышына мажбур кылууда. Ошентсе да миграциялык агым бир эле Россия менен чектелип калган жок. Кыргыз жаштары атайын тил үйрөнүү курстарынан өтүп, Англияга, Францияга, Германияга, Кореяга карай “эшелон” болуп кетпесе да Европа мамлекеттеринен убактылуу турак-жай издеп чыгып кетип жатышат. Бирок, орто муун тил көйгөйүнөн улам, Кыргызстанда калууга мажбур болууда.
Жумушсуздук күчөйбү?
Президент Садыр Жапаров соцтармактар аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып: “Менин тапшырмам менен өлкөнүн Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 20022-жылдын 1-октябрынан тартып 1700дөн, 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык” деп жарыялады. Албетте, өкмөт экономикалык жактан аксаганына карабай, күчүнүн жетишинче мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөлөк пулдарын, пенсия курагындагы жарандардын пенсияларынын суммасын көтөрүп элди бир аз канааттандырарлык абалда кармап турганга аракет кылып жатат. Бирок, салыштырмалуу алганда жети миллионго жетип калган элдин 10 пайызы пенсия курагындагылар болсо, калган ишке жарамдуу бөлүгүнүн дээрлик көпчүлүгү мигранттар экендиги талашсыз. Ооба, биздин мекендештердин дээрлик көпчүлүгү Россия аймагында эмгектенүүдө. Акыркы алынган маалыматтарга караганда Россия өз позициясына туруп мигранттарга массалык депортация баштаса, анда бизде жумушсуздук мурдагыдан дагы эки, үч эсе күчөшү толук мүмкүн. Анда, биздин өкмөт жарандарына жарытылуу жардам бере алаары күмөн…
Кымбатчылык күчөдү…
“Жетимге жөтөлдүн кереги жок” эле. Мигранттардын эсебинен жан баккан Кыргызстанда жеңил өнөр жай тигүү цехтеринен башка өзүнүн өндүрүштүк сырьелору жок. Инвесторлор саясий туруксуздуктан улам дээрлик жокко эсе. Келбей да калган. Айыл чарба министрлиги жарытылуу азык-түлүк чыгарбагандан улам, импорт менен жан багабыз. Ошондуктан, баалар асмандын башына чыкты. Күндөлүк турмушта керектелүүчү суу майдын бир литри — 185, 195 сом, 5 литри 800, 940 сомду түзүүдө. Кант кызылчасы деп кумшекер өзүбүздөн чыккан менен базарларда 1 килосу — 100 сом, Шекер, Фрунзе, Глобус супермаркеттерде — 79 сом, 85 сом. Нан азыктары — 25, 35, 50 сомдон сатылууда. Ал эми мал киндиктүү калкпыз деп мактанганыбыз менен уйдун этинин 1 килосу базарда 650, 714 сомго, койдун этинин баасы — 490 сом, 570 сомго чыкты.
Негизи, азык-түлүккө керектелүүчү бардык өнүмдөрдүн түрлөрү Кыргызстанда өндүрүлөт. Буудай, арпа, жүгөрү бышат. Картошка, пияз, сабиз, помидор эгилет. Кант кызылчасы алынат. Кургатылып алынуучу өрүк, жүзүмдүн мейизи, мисте жана башка мөмө-жемиштер кышка даярдалат. Күнкарама эгилип, суу май чыгарылат. Кала берсе жеке ишкерлер самындан бери чыгарып жатышат. Анан кантип жумушсуздук күчөп, элди кымбатчылык муунтуп жатат? Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бары-жогу билинбейт.
Турдайым Кожомбердиева