Эл Баатырлыгы эмгеги сиңген инсандарга берилиши керек!

Мамлекетти талкалаган, эгемендүүлүккө каршы чыккан же болбосо элге эмгеги сиңбеген адамга эң жогорку Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылгандан бери жумурай журтта мамлекеттик сыйлыктар боюнча кызуу талаш-тартыштар жүрүп, “Сыйлыкты татыктуу кишилер албай жатат” деген жүйөлүү сындар айтылууда. Биз калк арасында аты айтылган инсандарды көпчүлүктүн таразасына салалы деп чечтик. Анда эмесе бул жолкусунда белгилүү ишкер, айтылуу меценат Аскар Салымбековду эл назарына койобуз. Бул инсан баатырлык наамга татыктуубу?

 

Аскар Бакеев, «Манас Ата» коомунун президенти: «Аскар Салымбековго баатыр наамы берилиши керек»

— Элге эмгеги сиңген инсандарды унутта калтырбай сыйлап, алардын ишин жаштарга өрнөк кылыш үчүн сыйлык-наамдар уюштурулган. Бул жакшы жөрөлгө. Бирок, кээде татыксыз адамдарга берилип, коомдун нааразычылыгын жаратууда. Албетте, мен ага жеке Президент күнөөлүү дей албайм. Анткени, сыйлык-наамды бөлүштүрүүчүлөр бар. Тегерек-четиндегилердин кийлигишүүсү менен чечилет. Ошолордон кемчилик кетип жатат десем жаңылышпайм. Негизи, бизде эл баккан, журт баккан, мамлекеттин экономикасын, маданиятын, спортун көтөргөн мыкты меценат адамдар бар. Алардын сап башында Аскар Салымбеков турат. Бул кишинин ишине көп жылдан бери саресеп салып келе жатам. 30 жылдан бери тынбай маңдай терин төгүп, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салымын кошуп келе жатат. Өлкөнүн 30% экономикасын көтөрүүдө десем болот. Дордой эгемен элдин жөлөгү, экономиканын таянычы болуп, жүз миңдеген калктын социалдык муктаждыгын чечти. Далай мекендешибизди жумуш менен камсыздады. Футбол тармагын карасак, миллиондогон каражатты салып, болуп көрбөгөндөй өйдөгө көтөрдү. Биздин азыркы балбан балдар-кыздардын өсүп чыгышына да чоң көмөгү бар. Эл аралык карым-катнашка да маңдай терин төгүп, далай инвестицияларды тартты. Билим, медицина тармагында Салымбековдон тарбия алган улан-кыздар окуу жайларын ачып жатат. Бул киши деле кээ бирөөлөрдөй “карандай жанымды багам” деп жатып алса деле жарашмак. Эч ким кой-ай дей алмак эмес. Жүрбөйбү элге бир тыйын пайдасы тийбеген битиреген бизнесмендер. Алыс барбай Өмүрбек Бабановду эле айтсак, бизнесинин баары сыртта. Аскар Салымбековго деле далай кысым болду, бирок эли-жерин саткан жок. Кабагым-кашым дебей, «Кумтөрдөн» көп салымын кошуп жатат. Эл ичинде эмнеге Аскар Салымбековго баатырлык берилген жок деген суроо коюлуп жатат. Садырдын жанында чаңдатып аткан шумпайлар азыр абдан көбөйдү. Ошолордун ичитарлыгынан улам сыйлык-наамдар да калыс бөлүштүрүлбөй, Аскар Салымбеков сындуу азаматтар сыртта калып калды. Бул кемчилик ыкчам оңдолуп, тез арада Салымбековго баатыр наамы ыйгарылышы кажет.

Туратбек Мадылбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: «Аскар Салымбеков мамлекетибиздеги эң кыйын ишкер»

— Сыйлыкка кээ бир татыксыз адамдар кирип калгандыгынан улам эл ичинде нааразычылыктар жаралып жатат. Кыргыз Эл Баатырынын саны азыр бир топко жетти. Бул наам өтө ыйык болушу керек болчу. Аны татыктуулар гана алышы кажет эле. Ал кандай баатырлык кылганын эл билиши зарыл. Мамлекеттик кызматын аткарганы үчүн эле баатырлык берген болбойт. Ал эми Аскар Салымбеков мамлекетибиздеги эң кыйын ишкер. Мамлекеттик кызматтарды да аркалады. Элге да жардамы тийди. Абдан чоң салыкты төлөп жатат. Спорт жагына да эбегейсиз колдоолорду көрсөтүүдө. Эмгегин бааласа болот.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы:

— Салымбеков элдик генерал наамы сыяктуу эле, элдик ишкер наамына эчак татыган. Өз тармагынын, демөөрчүлүктүн нагыз баатыры. Мен үчүн ал азыркынын баатыры, бирок расмий даражага муктаж эмес деп санайм.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: «Баатырлардан артык иш бүтүрүп, зор баркка ээ болуп жүрүүнүн өзү бакыт!»

— Баатыр наамын мындан ары көзү өткөндөргө берүүнү токтотуу керек. Совет доорундагы даңазалуу үч лидерге бергенден кийин калган майда-чүйдө жетекчилерге Баатыр наамын берүү туура эмес! Эгемен доорундагы жетекчилерге берүү да туура эмес! Баатырлык наамды ыйык, суктанаарлык деңгээлден тепсендиге түшүрүп албоого аракет кылуу керек. Ал эми Аскар Салымбеков базар ачып, базар экономикасына өзгөчө салым кошту. Меценаттык көп иштерди жасап келет. Инсандык сапаттары да мыкты. Бирок, Баатыр наамын берүү туура эмес болуп калат го. Баатырлыкты сатып алды деген коомдо тескери түшүнүк жаралып, Аскар байкенин имиджине доо кетет. Баатыр наамын албай эле баатырлардан артык иш бүтүрүп, зор баркка ээ болуп жүрүүнүн өзү бакыт!

Адил Турдукулов, жарандык активист: «Баатырлыкты Аскар Салымбековго бермекмин»

— Эгерде менин эркиме койгондо, баатырлыкты Аскар Салымбековго бермекмин. Дегеним, ал инсандын аркасы менен Евразиядагы эң ири соода түйүнүнө айландык, Союз тарагандан кийин миңдеген үй-бүлөлөр баш көтөрүп, кыргыздар Борбор Азиядагы эң мыкты бизнесмендерге айланды. Бул чыныгы эрдик жана патриоттук!

Дүйшөн Керимов, Коомдук ишмер: «Жумагулов Кыргызстанды банкрот кылган киши»

— Эгемендик коом башка, социализмдик коом башка. Биз азыр рынок заманында жашайбыз. Капитализмде «эл баатыры» деген болбойт. Бул социализм доорунда Сталиндин идеологдору ойлоп чыккан — ​алдооч баштык. Акаев баарын талкалап, анан ушул элди оңой алдаган жөрөлгөнү алып калган. Ошондон бери эле кыргыздар “наам алабыз, баатыр болобуз, жазуучу болобуз” деп тапырап келе жатышат. Бирок бирөөсү да Айтматов боло албады. Эгемендүүлүктө баатыр чыкпады. Сыдыкбеков, Айтматов, азыркы Мамакеев ж. б. СССРдин убагындагы кишилер. Кечээ М. Шеримкулов, А. Жумагулов деген эки абышкага бериптир. Кудай урбадыбы, булар биздин эгемендикти банкрот кылган кишилер. Азыр биз карызга белчесинен баткан, банкрот мамлекетте жашап жатабыз. Анан ушул банкрот кылгандардын катарында жүрүп, эми баатырлыкты алган уят. Бийликте турган Ташиевдин алганы да туура эмес. Чын эле баатыр болсо эл өзү таразалап убагы келгенде берет эле. Көлдүн жети акесине наамды эл берген. Айкөл Манаска, Жаңыл Мырзага, Кыз Сайкалга, Наалы эжеге наамды эл берген. Курманжан даткага наамды Бухара берсе да, эл аны бекемдеген. Ал эми азыркы наамдар социализмден калган илдет. Алдамай. Бул — ​элдин нааразычылыгын калыңдата турган идеология. Элди трайбализмге бөлөт. Бийликти калыстыктан тайдырат.

Кайып Шер, Апрель элдик революциясынын баатыры: «Салымбековго баатырлык бербесек, анда эл эмеспиз, журт эмеспиз»

— Ысык-Көлдө жети аке болгон. Сегизинчи аке Аскар Салымбеков десек жаңылышпайбыз. Советтер союзу таркап, эл туш-туш жакка иштеп кете баштаганда эң чоң базар ачып 100 миңдеген жарандарыбызга жумуш орун түзүп берип, миллиондогон акча каражатты өлкөбүздүн бюджетине төктү. Бирок, а кишинин эмгеги баалана элек. Колдоп койолу дегендерди өзү тыйып, “койгула, уят” деп турат экен. Жөнөкөйлүктү, жупунулукту артык көрөрүн байкадым. Жасаган ишин башка миллионерлердей болуп мактанып, бир бөтөлкө май же жарты мүшөк ун бергенин колко кылбайт экен. Элдин баары эле билет, алтын агып жатса да кебелбеген асыл киши. Эгемендүүлүк тарыхта мамлекеттин өнүгүшү үчүн чоң салым кошту. Салымбековдун арты менен жүзмиңдеген адамдар байыды. Бюджетке салган салымы Кумтөрдөн ашып кетти. Жакында эле Баткендин Максат айылына өз чөнтөгүнөн заманбап бала бакча куруп берди. Эч ким барбаган саздак жерге базар куруп, ал шаарга айланды. Нечендеген маданият ишмерлердин, жазуучуларды колдоду. Аны элге айткан жок. Бир колу менен бергенди экинчи колу билбеген даана ата наркын карманган уул экен. Кайсы бийлик келбесин бул кишини баса калганды жакшы көрөт. Бирок, бороон-чапкынды өзү көтөрүп, элге өмгөгүн салбады. Ушундай кишиге кыргыз баатырлыгын бербесек, анда эл эмеспиз, журт эмеспиз.

Баса, кыргызга кыпындай эмгеги сиңбеген же маданиятка теменедей салым кошпогон, 7-апрелде бийликти кандуу төңкөрүш менен басып алууга катышкан Алиясбек Алымкуловду баатыр кылышты. Митингге чыкканы үчүн баатырбы? Кечээ Бекназаров чыга калып “Атамбаевден башка баатыр жок” деди. 5–6 жыл мурун ушул Азимбек: “Мен көрдүм, Атамбаев шымына чычып алып, Икрам аны жууду” деп жалпыбызды жийиркентпеди беле? Эми баатыр деп калганына жол болсун! Кыскасы, мына ушундай пайда-батасы жокторго бийлик баатырлык берип, анан биздин жаратман, эл багар, журт багар Аскар акебизди четке сүрүп салганы акылга сыйбаган жорук да ботом. Бул кишини баатыр кылбасак, элдүүлүгүбүз тыйынга арзыбай калат.

 

Кылычбек Кудайбергенов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *