Самсалы Четинбаев: «Камчыбек Ташиев: «укпасаңар, мени атып салгыла да, Сузакка түшүп кете бергиле, бөөдө өлүм болбосун деп атам…»

Самсалы Четинбаев: «Камчыбек Ташиев: «укпасаңар, мени атып салгыла да, Сузакка түшүп кете бергиле, бөөдө өлүм болбосун деп атам…»

— Самсалы аке, Азике (А. Бекназаров): “Камчыбек Ташиев чогулган элге баралбай качып кеткен” деп айтты го. “Бульдозер” туура сүйлөдүбү?

— Сөз башынан болсун. Мен тек гана көргөнүмдү айтайын. Азике башында турган топ 13-июнь кечке жуук Бишкектен чыгып кетип, Жалал-Абадка 14-июнь күнү таң заарда кирип бардык. Баарыбыздын «Санпада» болуп аткан окуя боюнча кабарыбыз бар болчу. Топурак-Белге жетип токтодук да, колунда куралы бар балдар беш-алтыдан бөлүнүп, жолдун эки жагы менен тээ түзгө түшкөнгө чейинки жолду чалгындап, тазаладык. Жаңы чегилген тамекинин калдыктары калган экен, бизге чейин жашырынып олтургандар болгонун орундуктардан байкадык. Бирок эч ким жок. Таң жаңы атып бараткан. Билесиң да, ага чейин «Санпадан» ары-бери өткөн машиналарды жолго май төгүп тайгалак кылып алып, өйдөлүштө чыга албай токтоп калганда нары жактан аткылап, кыргыздардан он чакты адам каза тапкан. Жолдун эки жагын чалгындап келип эч ким жок экенин Азикеге айттык. Бизди көрүп качып кетишкенби же ага чейин кетип калышканбы билбей калдык. Азике “Байболовго чалчы” деп калды, мен Байболовго чалып, телефонду көтөргөндө трубканы Азикеге бердим. Азике кыйкырынып эле калды. Көрсө, бир күн мурун Жалал-Абадка комендант болуп жөнөтүлгөн Байболов Жалал-Абадка жетпей Базар-Коргондо Акман айылында Асылбек Текебаевдикинде жатыптыр. Аны күтүп бир аз туруп калдык. Ал киши келгенден кийин баарыбыз ээрчишип Жалал-Абад шаарына кирдик.

УВДга кирип баратып Азике мага кайрылып, “обладминистрациянын алдында канча эл бар экен байкап келчи деп калды. Мен биз менен чогуу барган Кафаны (өз аты Бакыт) кошуп алып обладминистрациянын алдына бардым. Өзбектерден өч алабыз деп ызырынган эл аянтта жык экен. Ага чейин «Ошто өзбектер кыргыздарды кырып атыптыр» деген маалымат тараган. Элдин чет жагында бир БТР токтоп турат. Анысы от албай калган экен бирөөсү свечасына бир нерсе чачып оңдоп атыптыр. Мен жанына барып сөз баштап, «от алдырып алып эмне кыласың» деп акырын чегип сурадым. «Камчы аке келсе Сузакка түшүп, биз да өзбектерди, кыргыздарды Ошто кыргандай кылып кырабыз» деди. Ызаданбы же уйкудан калганбы көздөрү кыпкызыл болуп кетиптир ал жигиттин. Улам-улам эл агылып келип көбөйүп атты. Кыйкырык, сүрөөн, ызы-чуу. Бир тобунун колунда автомат, төштөрүнө автоматтын огунун лентага тизилгенин илип алышыптыр. (Кийин билсем, ал балдар “Ошто өзбектер кыргыздарды кырып атыптыр” деген маалыматты угуп, Майли-Суудагы аскер бөлүгүндөгү курал-жаракты БТРи менен кошо тартып алып, башында Ошко аттанмакчы болуп, кийин Сузакка түшүп өч алабыз деген жигиттер экен). “Сузака кеттик, жөнөдүк, болгула” деп арасында кыйкырыктар чыгып атты. Улам-улам ар жактан “Камчыке келсин, Камчыке келсин” деп кээ бирлери элди токтотуп жатты. Мен топтошкон жигиттердин жанына басып барып “эки элди кагыштырган провокация болуп жатат” деп сүйлөнүп коюп аттым. Уккудай түрлөрү жок. Бир маалда бир кара УАЗ элдин арасына аралай келип токтоп, ичинен бир өзбек кишини машинадан сүйрөп түшүп обладминистрацияны көздөй алып жөнөштү. Бир-экөөсү аркасынан тээп уруп да калышты. “Бул кишиде не күнөө, урбагыла” деп үнүмдү бийик чыгардым. Жанатан бери мени карап коюп турган бала мага жакын басып келди да, “сен кимсиң брат, жанатан бери сөздөрүң ни то болуп жатат да” деп тигиле карады. Башкалары да мени тегеректей калышып, “бул ким?” деп үйүлө түштү. Мен сыр бербей, “Аксыдан гумжардам алып келдим” дедим. (Биз жолдо келатып Шамалды-Сайдан “Ошко гумжардам” деп портердин алдына жазып алып үстүнө аңчылык куралдарын салып бараткан биздин айылдыктарды кезиктирген элек. Азике алардын бир канчасын артка кайткыла деп урушкан).

«Гумпомощуңа рахмат, бирок өзүңчө эле акылдуу боло бербечи” деди кекете. Мен андай жерде ызырынган көпчүлүк эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билем. Баштан далай ызы-чуу өттү го. Унчукпай калдым. Кокус тилиңден жаңылып, каптап кетчү болсо, көпчүлүк бат эле таш-талканыңды чыгарып салат. Аңгыча нары жактагы БТР дүр-дүр деп от алып барып кайра өчүп калды. “От алды, от алды, кеттик, кеттик” дешип БТРге алаксып кетишти. Бул окуянын баары бир саат чамасында болду. Кайра эле элдин арасынан “Камчы аке келсе жөнөйбүз, даярдангыла” деген үндөр жаңырып атты. Мен ал жердеги ызырынган элди бир токтотсо Камчыке токтотушу мүмкүн экенин түшүндүм да, УВДны карай бет алдым. УВДга барсам Азике, К. Байболов жана башкалары чогулуп Мелис Турганбаевдин кабинетинде отурушкан экен. Азике четки столдо отуруптур. Жанына басып барып көргөнүмдү, байкаганымды айтып кирдим. Камчыкени таап, элди токтот деп айтпасаңыз эл башка эч кимди укчудай түрү жок дедим. Ал кезди Убактылуу өкмөттүн Жалал-Абадтагы өкүлү Бектур Асановду эл үч жолу кууп чыгып, Азике үч жолу барып кайра отургузган. Мен анын баарына күбөмүн. Азике мени “жүрчү” деп башка бөлмөгө ээрчитип кирди дагы баарын башынан угуп, дароо эле УВДнын бирөөсүнө “Камчыны тез таап чакыргылачы” деп тапшырма берди. Арадан 40–50 мунөт өтүп-өтпөй Камчыке 5–6 жигиттин коштоосунда кирип келди. Арасында Аксылык Каныбек да (Биз ал жигитти Кана дейбиз) бар болчу. Азике Камчыкеге карап, “обладминистрациянын алдындагы топтолгон элди сен токтото аласың уке, эл сени угат, эл сени сыйлайт, кадырың бар, мен эмне деп атканымды билем. Тополоңго жол берсек кыргын болгону турат уке” деди. Азике кайра сөзүн улай, “Роза Исаковна тиякта азыр ОДКБнын линясы менен сырттан миротво-рецтерди сурап атат. Азыр Псковтон эки самолёт десант учуп келет, алар кыргыз-өзбек дебей тартип бузгандын баарын атат. Бөөдө өлүм болот, элди токтот уке” деди. Аңгыча менин телефонума бирөө чалып калды, мен эшике чыгып сүйлөшүп кайра киргиче сөз бүтүп, Камчыке жигиттери менен чыгып баратыптыр. УВДнын экинчи этажы болчу, топурашып түшүп кетишти.

Анан эле эртең менен сопсоо турган шаарды бир заматта түтүн каптады. “Ошто кыргыздарды өзбектер кырып жатыптыр” деген маалыматты уккан кыргыз жаштары Сузакка качып кеткен өзбектердин үйлөрүн өрттөп жиберип жатты. Кадыржан Батыровдун университети эң биринчи күйүп баштады. Биз топ-топко бөлүнүп алып шаарды айланып, “койгула, койгула” деп айланып жүрдүк. К. Батыровдун күйүп түтөп жаткан университетинен буюм-тайым көтөрүп качып бараткандар да болду. Айланып бир маалда обладминистрациянын алдына бардык. Камчыке “Сузакка түшүп өзбектерден өч алабыз” деп ызырынган элдин алдын тосуп алып сүйлөп жатыптыр. Эл улам-улам толкуп, Камчыкенин сөзүн укпай жөөлөп жатты. Жанагы БТР да дүрүлдөп от алып улам-улам алдыга жылып айдап коёт. Аргасы кеткен Камчыке “мени укпасаңар атып салгыла да, Сузакка түшүп кете бергиле, бөөдө өлүм болбосун деп атам, керек болсо БТР менен тебелетип салгыла” деди. БТРдин алдына жатмакчы болду. Жанатан бери Сузакка түшүп өзбектерден өч алабыз деп жулкунуп жаткан жигиттер кайра Камчыкени кармап, элге өздөрү кыйкырып башташты. “Камчыкени угалы, таркайлы” деп. Элдин деми сууй түштү да, “кайттык-кайттык, эч ким эч жакка барбайт” деп токтоп калышты. Акырындап эл бирин-сериндеп таркай башташты. Мен кайра эле УВДны көздөй жөнөдүм.

УВДга келсем Азикелер Көлбек аке аркылуу өзбек аксакалдар менен жолугушалы деп сөз айттырып, ошол жакка чыгып кетишиптир. Ал жагын мен көргөн жокмун. Күн батайын дегенде Сузактан чыгып келишти. Баарыбыз Бишкекти көздөй чыгып кеттик. Таң эрте эле сопсоо турган Жалал-Абад шаары түтүн каптап, кээ бир үйлөр өрттөнүп калып калды. 15-июнда күн шашке болуп калганда Бишкекке жетип келдик.

— Самей ака, Азике кечээ “командам бар” деп күпүлдөдү. Сиз көп жылдар бою ошол кишинин жанында жүрдүңүз эле. Азыр да аны менен биргесизби?

— Жок! 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин биз саясатта үзөңгүлөш болбой калганбыз. Бирок, ага карабай эле кечээги Азикенин маалымат жыйынынан кийин Жогорку Кеңеште иштеп жүргөн кызымды мен аркылуу Азикеге байлап туруп жумуштан кетирип салышты. Чамасы мени дагы деле Бекназаровдун командасында деп ойлошту окшойт. “Бөрк ал десе баш алган” эргулдар бизде жетиштүү го.

 

Зулпукаар Сапанов

Share