Өктөм Мамаева: «Балама Атамбаевдин огу тийген»

УКМКнын атайын “Альфа” кызматынын офицери Үсөн Ниязбеков мыйзам талаптарына баш ийбеген Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурунда сабалып, андан кийин атылган октон улам каза болгон. Эртеси күнү Атамбаев жалпы дүйнө жүзүнүн алдында “Курал менде гана болгон, мен аттым” деген. Кийин соттук-баллистикалык экспертизалар дагы Ниязбековго тийген ок Атамбаевдин колундагы куралдан чыкканын. Башкы прокуратура: “спецназ жоокери Атамбаевдин куралынан өлгөнү аныкталды” деп билдирген. Адвокат Замир Жоошев өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына “айрым ЖМКлардагы Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин куралынан көз жумгандыгы тууралуу маалымат калп” деп жазганда Прокуратура кайра билдирүү таратып, “Ниязбековго тийип, өмүрүн алган ок СВД куралынан атылган 7.62 миллиметр калибрлүү патрон экени аныкталды. Бул курал Атамбаевге тиешелүү болгон” — ​деп маселеге чекит койгон. Тилекке каршы, сот эмнегедир создуктурулуп, чечими бүгүнкү күнгө чейин чыкпай келет. Убакыттын өтүшү менен алар жоопкерчиликтен кутулуунун амалын көздөшүп, түрдүү шылтоону айтышып, эми “Ниязбековду УКМК өздөрү өлтүргөн” деген дооматын арта башташыптыр. Бул эмне деген бетсиздик. Ал эми жабырланануучу катары катышкан Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева эже ошол күндөн бери тынымсыз соттон сотко сүйрөлүп, “атамбаевчилердин” басынткан, кемсинткен, табалаган сөздөрүн укса да мөгдүрөп калбай, адилет чечимди күтүп келе жатат. Кызыгы, кыргыздын калпагына чейин шылдыңдаган дили бузук баягы журт бузар Ирина Карамушкина уулунан ажыраган Өктөм Мамаеваны жабырлануучу эмес, күбө катары кароону сураныптыр. Буга күйбөгөн жериң күл болот да. Не деген кемсинтүү. Атамбаевдин аткан огунун кесепетинен чырактай уулунан ажыраган Өктөм Мамаева эжени кепке тарттык.

— Өктөм эже, жакшысызбы? Кой-Таш айылында мурдагы Президент Атамбаев аткан октон каза болгон уулуңуз Үсөн Ниязбековдун соттук иши жыйынтыктала элекпи?

— Соттук иштин али-бери бүтчүдөй түрү жок, уланып жатат. Азыр атайын кызматтын “Альфанын” жоокерлерин сурап жатышат. Ортодо бир ай соттук териштирүүгө катышпай калдым, ден соолуктан улам. Жоокерлер доомат сөздөрдү мойнуна алышкан жок. Кала берсе адам өлдү эле дебей, “Атамбаев өлтүрдү” деп жатышат. Алар Советтер союзунан бери мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон улуттук коопсуздук комитети да. Мамлекеттин кызыкчылыгындагы тапшырманы аткарат. Мыйзам талаптарын аткарбай жаткан Атамбаевди алып келүүгө буйрук берилген, барышкан. Эмне үчүн барбаш керек? Атамбаевдин атасына аш өткөргөндөй күндө букаларды союп жатты. Силер той кылганга чогулган жоксуңар, силер террористсиңер, Кундуз Жолдубаева Гитлердин Евасына окшоп отурду го деп ачык айттым. Анткени, алар алдын ала акчага таш түшүрүп, кап-кабы менен цемент, кумдарды алып келип, ар бири тишине чейин куралданышкан. Азыр “УКМКнын адамдары аткан болушу керек” деген версиянын башын айтып башташты. УКМКнын адамдары антип атпайт. Экспертиза аныктаган, балама Атамбаевдин огу тийген. Себеби дегенде, ошол группадагы жоокерлердин колуна, көзүнө ок тийди. Менин балам коштоп барган да. Медициналык жана баллистикалык экспертиза турат, чекесине, өпкөсүнө ок тийген. Кан токтобой, ичине толуп кеткен деген жыйынтыктары турат. Баламды атканга чейин тепкилеп урушкан, анда кабыргасы сынган. Атамбаев өзүнө окшогон бандиттерди, террористтерди чогултуп алганы үчүн ошондой адам чыдагыс мыкаачылык жасалган. Жөнөкөй эл, Кой-Таштын же Арашандын жашоочулары андайга бара албайт. Атайын даярдыктан өткөн “Альфанын” балдары ошол күнү жөнөкөй элге кол көтөрбөй, өзүбүздүн элибиз деп гумандуулукту сактап, күч колдонгон эмес. Ошондон пайдаланып, Атамбаев даярдаган террористтик топ “Альфанын” кызматкерлерине каршы кол салышкан.

— “Үсөн Ниязбековду өз куралы менен аткам” деп Атамбаев өзү айткан. Бүгүнкү күндө кайра танып жатабы?

— Атамбаевдин тегерегиндеги жан сакчысы Канат Сагынбаев сыяктуулар “Альфанын кызматкерлери аткан” деген версияны чыгарып жатышат. Ага эч кандай негиз да, себеп да жок. Баары билет, “Мен аткам” деп Атамбаев өзү күнөөсүн моюнуна алганын бүткүл дүйнөнүн алдында жар салган. Башка да далилдер турат. Бирок, соттук иш созулуп жатат. Жумасына үч жолудан болуп жатат.

— Айтсаңыз, сизди күбө катары сурайлы дедиби?

— Муну жанагы Карамушкина айтып жатпайбы. Мурун Сыдыков деген судья карап жаткан, аны Кармушкинанын адвокаты: “Коркок, трус” деп опузалап жатып четтетти. Ошол күндүн эртеси: “Мамаева жабырлануучу эмес, күбө катары суралсын” дейт. Ошол жерден дароо кыйкырдым, күбө болгудай мен Кой-Ташка бардым беле деп. Мен барганда такыр башкача болмок. Баламдын ал жакка барганын билген жокмун да. Билгенимде кошулуп эле бармакмын. Курсан Асанов Атамбаевди кандай кылып чыгарган болсо, ак жоолукту алып эне катары кирмекмин. Үнүм жетет эле. Билбей калдым. Эртеси балам өлгөндөн кийин угузуп отурушпайбы.

— Соттук отурумдарда сизге карата абдан жаман, караниет сөздөрүн агызып жатышты. Аны кантип көтөрдүңүз?

— Атамбаевдин тегерегиндегилерде адамдык сапат деген калбаптар да. Жанагы Равшан Жээнбеков “сенин балаң адам өлтүргүч!” деди. Эй, менин балам адам өлтүргүч болгудай, Атамбевдин байлык же бийлигин талашып бардыбы? Мамлекеттик милдетин аткарып барып курман болду деп жооп берип, сотко бердим. Адамдык беделиме шек келтирди, моралдык чыгымды төлөп берсин деп райондук сотко кайрылсам, Равшан Жээнбековду күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып чегерди. Шаардык сотко даттанды эле күчүндө калтырды. “Ушунча саясатта жүрүп Президенттик жарышта болгону 0,5 пайыз добуш алыпсың го. Жок дегенде 1 пайыздык кадырың жок экен” десем ошого чычалап жанагы сөздү айтты да. Мен ушул жерден айта кетейин, азыркы оппозициямын дегендердин максаты бийликке жетүү, байлык талашуу. Ошондой кара ниеттегилерди Атамбаев тегерегине топтоп, Кыргызстанды коркунучтуу абалга кептегени турат. Азыр менин жүрөгүмдү ооруткан маселе ушул. Биздин балдардын, неберелердин келечеги кандай болот. Мамлекетти кайра чайпалтып, мына ушулар башыбызга келсе, келечегибиз кандай болот? Мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетпейби? Мисалы, күрд, уйгур жана башка элдердин мамлекети жок. Биз Кудай берген дөөлөтүбүзгө шүгүр келтирбейлиби. Фейзбукту карасаң атамбаевчилер, жээнбековчулар болуп жиктелип алып урушуп жатат. Мындай болбойт да. Баса, Венера Апенова деген фейзбуктан: “Апасы кошо өлүп калса болчу экен” деп жазыптыр. Эми ушинтип Кыргызстандын жөнөкөй жарандары да бири-биринин өлүп калышын тилеп, караниеттик менен отурса Кыргызстандын эртеңи эмне болот?

— Сотто атамбаевчилер эле кыйкырып жатышат го?

— Алар каткырып күлүп жүрүшөт. Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова үчүн адам баласынын өлүмү бир тыйын экен. Эч бир өкүнүч жок. Алар менин баламды Атамбевдин буюмун талашып баргандай көрүшөт. Албетте, соттогу 14 адамдын баарын күнөөлүү деп айта албайм. Бирок, ар кимиси өзүнүн жазасын алыш керек. Кыргыздын макалы бар, “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген. Ошондой болуп жатат. Алар өздөрүнүн күнөөсүнө өкүнүп, аттиң дегенин байкабадым. Атамбаев айланасына жалаң өзүнө окшогон мерез, байлык менен бийликти жакшы көргөн адамдарды топтоптур. Адамгерчилик, ыйман деген жок экен. Алар менен эки жылдан бери бет келип, көргөн сайын жүрөгүм “зырп” этет.

— Чындыкка жетчүдөйсүзбү?

— Чындыкка, акыйкатка жетем деген ишенич бар.

— Атылган ок Атамбаевдин өзүнө таандык мылтык менен Үсөн Ниязбековду атып өлтүргөнү боюнча иши тастыкталган да?

— Ооба, баллистикалык экспертиза тастыктаган. Ал жерде урганы боюнча да медициналык корутунду чыккан. Кабыргасы сынганда чыдап турган. Ок тийген менен эле калып калса өлбөй калышы мүмкүн эле да. Бандиттерди чогултуп алгандын айынан болду. Ал жерде айылдыктарды эмес, атайын топту чакырган. Ким аткан, кантип аткан билбейм. Негизи уюштуруучу Атамбаев. Анын үйүндө болуп жатпайбы. Өзү бийлигин өткөрүп бергенден кийин тынч отурушу керек эле. Мигранттардын 54%ы Жээнбековду шайлаган. Чыдап турса, Кой-Ташты республика кылбай отурса, үч жылда балким кайра өткөрүп берет эле. Менин балам өлбөй калат беле…

— Атасынан калган неберелериңиздин абалы кандай, аман-эсен чоңоюп жатышабы?

— Өлгөн өзүнүн эле шору деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Аркасында калган балдар эптеп күн көрүп жатат. Мамлекет тиешелүү материалдык жактан кам көрүп жатат. Бул жерде энеге кыйын экен. Күндө эстейсиң. Айла жок. Сотто жүрөбүз. Атамбаев ал соттогу торго киргенден кийин тепкилеп кетип жатпайбы. Оорукчан экен да. Өзүнүн мамлекетинин мыйзамын сыйлабаган адамды 6 жыл президент кылып жүрүптүрбүз да. Атамбаев кандай болгон күндө да менин уулумду атып өлтүргөн адам өлтүргүч бойдон тарыхта калды. Мен ушуга катуу өкүнөм.

 

Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *