Чегара чыры көкөйгө көк таштай тийди

14-сентябрда таңкы саат 8дер чамасында Тажикстан тараптагы кара маска киийген сакалчандар тарабынан кайрадан чагым уюштурулуп, биздин жарандар жараат алды. Расмий булактарга таянсак, Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы Булак-Башыдагы тактала элек аймакка Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталып, тажик чек арачылары миномет колдонгон.

Ал эми жергиликтүү тургундардын берген маалыматына караганда БТР, БМП менен атышкан. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Эки тараптын чек ара башчылары ок атышууну токтотуу, жаңжалга байланыштуу жолугууну макулдашкан менен абал курч бойдон калып, Булак-Башыдагы 20 гектардай жайыт күйүп кеткени кабарланды. Жайлоодогу чыккан өрттү койчулардын жана эки чек арачы аскердин жардамы менен өчүрүүгө аракет кылышкан. Аларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү техникасы жардамга барган менен өрттү суу чачып өчүрүү оңой болбой, тик учакты жардамга чакырышып абалды турукташтырууга аракет көрүлгөн. Ошол эле күнү саат 14.00дө Көк-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары Кыргызстандын “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарып, кыргыз тарап ага жооп берген.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Баткенге барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү. Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айтты. Ташиев тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алды: «Бул жолку атышуунун өзгөчөлүгү – Тажикстан тараптан биздеги жарандык обьектилерге, үйлөргө минемоттон ок атылганы болду. Негизинен беш жерге чабуул коюлган болсо, анын төртөөндө аскердик обьектилер жабыркаса, бирөө – эл жашаган айылды бутага алган. Бул өтө кооптуу жана эч кандай эрежеге жана эч бир мыйзамга жатпайт»-деди Ташиев.

Ага улай Ташиев бул жолку ок атышууда атайын чагым болгонун, ушундан улам аймакта чыңалуу курч боюнча калып жатканын да эскертти. «Дагы бир нерсе – тажик тараптан атайын чагым даярдалганын көрдүк. Биздин Чек ара кызматы алар жакта кара кийимчен, башка формадагы адамдар ок чыгарганын көрүп, каттоого алышкан. Алар азыр деле бир жерлерде өңүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз буга байланыштуу керектүү чечимдерди карап жатабыз. Биз мамлекетибиздин чек арасына бир метрге да эч кимди киргизбейбиз жана коопсуздугубузду сактайбыз. Биз ал шектүү адамдар тууралуу маалыматыбызды Тажикстан жана башка тараптарга айтып, кабарладык» – деди.

“Байрактар” Баткенге качан кызмат кылат?

Апта башында Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппаратынын базасын ачып: “Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз. Мен ар дайым айтып келем. Кыргызстан — ​тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин” деди.

Бирок, өткөн жылдагы 36 кыргыз жарандарынын өмүрүн алган тажиктердин кокустан кол салуусунан бери чегарадагы чыр-чатактар басылып калган жок. Тескерисинче, жалгыз-жарым калган малчылардан, эгин-тигинге суу койгон чарбадар жай тургундардан баштап, Чегара коопсуздугунун башкы бекеттерине чейин кол салып, элге куралчан сес көрсөтүп, жыйынтыгында чет элдик маалымат каражаттарына кыргыз тарапты жек көрсөтүп, өздөрүн жабырлануучу катары көрсөтүп келе жатат. Баткендин чегарадагы эли чыр чыккан сайын райондун борбор тарабына эвакуцияланып жатат. Эвакуацияланган элдин дээрлик көпчүлүк катмарын жаш балдар менен өмгөктөгөн кары-картаңдар түзүп, жаштар, келин-кыздар, жигиттер чегарада “таш кармаган” бойдон турат. Албетте, бул мекенчилдик, патриоттуулук. Деген менен куралга таш менен жооп берген логикага сыябы? Расмий бийлик маалыматты канчалык бир деңгээлде жашырган менен элдин абалы даана көрсөтүп турат. Ок тийип жараат алган 11 жаштагы баладан тартып, 21, 31 жаштардагы жарандарга ок тийип ооруканага түштү. Булак-Башынын жайлоосу 20 гектардан ашыгы күйүп кетти. Жеңил унаалар ок тийип талкаланган. Бул кимге зыян, кимге пайда? Эл качанга чейин жабыр тартат? Эгер алынган куралдар Баткендин чек арасын коргоого, элин сактоого колдонулбаса “Байрактардын” эмне кереги бар? Расмий бийлик Баткенди коргой албаса, “өзүңдү өзүң коргоп ал” деп жергиликтүү элге уруксат берсин. Өзүн коргоого алган элди “провокация” деп кармабасын. Эгер расмий бийлик эл аралык мыйзамдардын негизинде иш жүргүзүүгө кызыкдар болсо, эл аралык сотко эмне үчүн кайрылбайт?

Турдайым Кожомбердиева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *